24 Ocak 2019 Perşembe

SOE'ДЕН ГЛАДИОГО


«Россия коркунучуна жана Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн ыктымалдуу чабуулуна каршы, тылда каршылык күчтөрүн уюштуруу максатында Италияда курулган» деп айтылган Гладио контр-партизандык кыймыл катары уюшканы менен, чындыгында партизан даярдыгынан өткөн согушчандардан түзүлгөн, мафия сымал бир уюм болгон.
Гладио негизи Экинчи дүйнөлүк согушта пайда болгон. Черчилль согуш учурунда курган жашыруун армиясын, тагыраак айтканда, Британиянын атайын операциялар башкармалыгын (SOE) улантууну каалап, аны башка бир уюмга айланткан. Көрүнүп тургандай, Черчилльдин бир эле согуш учурунда эмес, согуштан кийин да жашыруун армиясы болгон. «Бул армия кансыз согушту токтотуу үчүн курулганбы же аны күчөтүү үчүнбү?» деген суроонун жообу болсо белгисиз. Россиянын күчүн тынымсыз жок кылууну көздөгөн жана ушул себептен эки ири күчтүн ортосунда кансыз согушту жасалма жол менен тутанткан Черчилльдин бул кооптуу чыңалууну улантууну каалашы таң калыштуу эмес. Жана ал өз максатына жеткен.
Көп адамдар Гладиону НАТОнун долбоору деп эсептейт. Гладио чындап эле НАТО тарабынан иштелип чыккан, бирок толугу менен Британия терең мамлекетинин долбоору, анын архитектору болсо Черчилль. Гладионун Британия терең мамлекети тарабынан НАТОнун ичинде иштелип чыгышы китептин кийинки бөлүмдөрүндө тереңирээк каралат. Гладио аркылуу Британия терең мамлекети сыртынан караганда Батыш Европадагы коммунисттик кыймылдар менен күрөшкөн. «Коммунизмге каршыдай» көрүнүү Британия терең мамлекетине көп жагынан пайда алып келген жана бул АКШнын бул күрөшкө кошулушуна шарт түзгөн. АКШ кошулган соң иштер төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: Франция, Бельгия, Голландия, Португалия жана Норвегиядагы операциялардан Британия; Финляндия, Швеция жана Түркия сыяктуу башка өлкөлөрдөн болсо АКШ жооптуу болгон.
Бул көз бойомочулук коммунизмге ар дайым каршы чыккан АКШга, албетте, жагымдуу көрүнгөн. Бирок Британия терең мамлекетинин максаты эч качан коммунизм болгон эмес. Ал тургай, тескерисинче, дүйнөгө орнотууну каалаган системасы түпкүрүндө коммуна системасына таянат. Британия терең мамлекети «антикоммунизмди» АКШны пайдаланып, Россия коркунучунан кутулуу максатында гана колдонууда. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Черчилльдин жашыруун армиясы SOE Гитлерге каршы, Грециянын коммунисттик партиясына логистикалык колдоо көрсөтүп, курал-жарак менен камсыздаган. Бирок согуштан соң Черчилль бул колдоону токтотуп эле тим болбостон, Грецияда коммунисттерге карата кандуу аңчылыкты баштаткан. Бул экинчи жүрүш, бир жагынан, Британия терең мамлекетинин АКШга өзүн мыкты бир союздаш катары көрсөтүшүнө салым кошсо, экинчи жагынан, Грецияда пландалган көтөрүлүштүн пайдубалын түзгөн.
Грециянын да, Түркия сыяктуу, Британия терең мамлекетинин күчтөнүшүн каалабаган өлкөлөрдүн катарына кирээрин унутпаш керек. Бул окуялардан соң, 1944-жылы 3-декабрьда Афинадагы Синтагма аянтында парламент имаратынын алдында арасында аялдар менен жаш балдар да болгон бир «тынчтык» митинги Британия терең мамлекети уюштурган бир кыргындан улам канга бөлөнүп, элге автоматтардан ок атылган.

Грециянын Синтагма аянтындагы башаламандыктар.

Ошентип күчүн демонстрация кылган соң, Британия терең мамлекети мүдөөсүнө жетип, өзүнүн контролундагы бир лидерди бийликке алып келген. Грециядагы андан кийинки лидерлер да толугу менен Британия терең мамлекетинен көз-каранды лидерлер болушу керек эле. Британия терең мамлекети Грециядагы окуяларга күчүнүн жетпей баратканын түшүнгөндө, 1947-жылы АКШны жардамга чакырган жана ошол жылдары Греция менен Түркияны Британия терең мамлекетинен финансылык жактан көз-каранды кыла турган Трумэн доктрини турмушка ашырылган. Греция 1952-жылы НАТОго кабыл алынганда, Гладиосу даяр эле.
1949-жылы 27-январьда ал кездеги MI6 жетекчиси Стюарт Мензис ал кездеги Бельгиянын премьер-министри Поль-Анри Спаакка бир кат жиберип, «согуш учурунда башталган жашыруун кызматтардын өз ара кызматташтыгын мындан ары да улантуу чечимине келүүнүн эки өлкөгө да пайда алып келээрин» айткан жана «бул катты АКШ да кошо, эч кимге билдирбөөнү» суранган. Бул кат кыйытма мааниде ошол кызматташтыктын негизинде түптөлгөн Гладиону улантуу өтүнүчүн билдирген. Бул талап, ошондой эле, Британия терең мамлекетинин бир тараптан АКШны коргоочу калкан катары колдонуп, экинчи жагынан болсо тымызын иштеринде аны четке түртүп коюуну көздөөрүн айгинелеп турат. Спаак бул сунушка «АКШ болмоюнча болбойт, антпесе Бельгиянын чалгындоо кызматы абдан кооптуу болуп калат» деген.87
Бул келишимден соң, Британиянын, АКШнын жана Бельгиянын чалгындоо кызматтары, эң жогорку деңгээлдеги жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, Гладионун алгачкы пайдубалы болгон «Stay-Behind» жашыруун армиясынын координациясын түзүшкөн. Бул сүйлөшүүлөр «Tripartite Meeting Brussel» (Брюссельде жолуккан үчтүктөр) деп аталган жана бул үчтүктүн алган чечимдери дагы деле жашыруун.
Бельгияда түздөн-түз Британия терең мамлекети түзгөн «Glaive» аттуу Бельгия Гладиосу өзгөчө сексенинчи жылдары эч ким жоопкерчилик албаган теракттардын жана төңкөрүштөрдүн жасалышына себеп болгон.
Швейцарияда болсо көмүскө, провокациялык уюм катары иш алып барган жана Швейцариянын Федералдык парламенти да билбеген, тымызын террордук «P-26» уюму жана ага баш ийген «P-27» жашыруун чалгындоо мекемеси кандуу иш-аракеттерди жасашкан. Кийинчерээк бул уюмдардын Гладионун бутактары экендиги жана бул уюмдар тарабынан белги коюлган кишилер жөнүндө Швейцариянын Федералдык парламентине караганда Британиянын көбүрөөк нерсе билээри аныкталган. Андан кийин алынган маалыматтар болсо андан да кызыктуу болгон: бул көмүскө уюмдардын мүчөлөрү үзгүлтүксүз Британияда даярдыктан өтүп турушкан.88 Уюмдун лидерлерине болсо Британия тарабынан жыл сайын 100 миң фунт стерлинг төлөнгөн.89

Де Голль ага каршы уюштурулган төңкөрүш аракетинин булагын билген соң НАТОну өлкөдөн кубалаган (солдо),
Альдо Моронун уурдалып өлтүрүлүшү (оңдо).

Гладио бара бара «душмандарын» болушунча кеңейтип, «демократияга коркунуч туудурду» деп ойлогондорунун баарын душман көрө баштаган. Ушул себептен кеңири масштабдуу мамлекеттик террорлор жана кандуу төңкөрүштөр сыяктуу дээрлик бардык ыпылас иштерге аралашкан. Британия терең мамлекети менен Гладионун биргелешип, Франция президенти Шарль де Голльго каршы уюштурган төңкөрүш аракети да бул ыпылас иштердин бири болгон. Төңкөрүш аракети ийгиликсиз аяктаган соң, де Голль НАТОну Франциядан кубалаган. Италиянын премьер-министри Альдо Моронун уурдалып өлтүрүлүшү да Британия терең мамлекетине баш ийген Гладио тарабынан жасалган.

Чоң согуштардан жашыруун уюмдарга

Көрүнүп тургандай, Британия терең мамлекетинин чоң согуштарды чыгаруу жана ошол аркылуу дүйнө жүзүн көзөмөлдөө саясаты Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин формасын өзгөрткөн. Британия терең мамлекети көп жагынан дүйнөлүк согуштардын кандуу жана чыгымдуу натыйжаларын көтөрө албай калган. Барган сайын күчтөнгөн мамлекеттер да буга аябай тоскоол болушкан.
Ошондуктан Британия терең мамлекети стратегиясын өзгөрткөн. Черчилль тарабынан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда түзүлгөн Атайын операциялар башкармалыгы (SOE) согуштан кийин тыңчыларды даярдоо менен эле чектелбестен, пропаганда аркылуу өлкөлөргө таасир берүү стратегиясына айланган. Жаңы стратегия боюнча, дүйнөдө башаламандык чыгарып, өлкөлөрдү Британия терең мамлекетинин көзөмөлүнө киргизүү үчүн, өлкөлөр ичинен басып алынат. Ураандар иштелип чыгып, каралоо пропагандалары жүргүзүлөт, белгилүү иденттүүлүктөр (улут, идеология, дин, саясий көз-караш, кесип сыяктуу адамдарды бириктирген өзгөчөлүктөр) алдыңкы планга чыгарылып, жаштардын аң-сезими пропаганда аркылуу башкарылат жана «демократия», «эркиндик» сыяктуу сөздөр мүмкүн болушунча көп колдонулат. Митингдер уюштурулуп, илгерки ыкма боюнча өзгөчө өлкөдөгү аз улуттарга басым жасалат, провокация күчөп, кандуу нааразычылыктар, көтөрүлүштөр жана граждандык согуштар аркылуу өлкөлөрдө бийликтер алмаштырылат же өлкөлөр туруксуздукка түртүлөт. Бул максатка жетүүдө ар кандай аналитикалык борборлор, фонддор, бирикмелер сахнанын артында кызмат кылышып, керектүү пропаганданы, акчаны жана шарттарды ошолор камсыз кылышат. Бир катар массалык маалымат каражаттары, тыңчылар жана кошоматчылар аркылуу керектүү натыйжа кыска убакытта алынат. Өлкөлөр экономикалык кризистерге түртүлүп, барган сайын алсыздайт жана Британия терең мамлекетинин карамагындагы финансылык борборлордон олчойгон кредиттерди алып, карызга батат. Экономикалык жана саясий кризистер өлкөлөрдү кыска убакытта ойрон кылат.
Британия терең мамлекетине бул стратегиядан соң, кеңири масштабдуу жана өтө чыгымдуу согуштар керек эмес болуп калган. Өлкөлөрдө өзүн-өзү, ичинен кулаткан системаларды уюштуруу бир жагынан жеңил, экинчи жагынан чыгымсыз болот. Мындан тышкары, сахнанын артына жашынып, абал айгинеленип баштаганда АКШны алдыга түртүп коюу Британия терең мамлекетине өтө көп мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Булардын баары алдыдагы бөлүмдөрдө терең каралат.


Дүйнө саясий, финансылык жана жашыруун күчтөрдүн кожоюндары тарабынан башкарылып жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Кээде бул күчтөр ушунчалык чектен чыгып, миллиондогон адамдардын канын төгө турган айоосуз согуштарга түрткү болсо, кээде тымызын пропаганда жана геноциддер аркылуу тарыхка жазылышат. Мамлекеттердин, элдердин жана мекемелердин көпчүлүгү бул күчтөрдүн каардуулугун, тымызындыгын жана жеңилбестигин шылтоо кылып, бул күчтөргө баш ийип жатышы мүмкүн. Бирок, эч качан унутпаш керек: бүт күч-кудурет бир гана Улуу Аллахка тиешелүү. Раббибиз кааламайынча, тымызын күчтөрдүн колунан эч нерсе келбейт. Алар дажжал менен Мехдинин (Махди) тарапкерлери бири-биринен айырмаланышы үчүн, бул дүйнөдө атайын жаратылган. Аткара турган милдеттери да, бийликте канча тураары да Аллах Кабатында белгилүү.

Мына ушинтип, Биз ар бир өлкөнүн алдыңкыларын ал жерде жашыруун тузактар курсун деп ал жердин кылмышкер-күнөөкөрлөрү кылдык. Чындыгында болсо алар жашыруун тузактарын жалаң гана өздөрүнө курушат да муну байкай алышпайт. (Энъам Сүрөсү, 123)

Мунаранын (аьрафтын) үстүндөгү кишилер жүзүнөн тааныган (эл арасында аты чыккан бир катар) кишилерге кайрылып мындай дешет: «чогулткан (күчүңөр менен байлыгыңар) да, бой көтөрүшүңөр (текебердигиңер) да силерге эч кандай пайда алып келген жок.» (Аьраф Сүрөсү, 48)



Булактар:

87.   Hugh O’Shaughnessy, Observer, 7 June 1992, pages 53-54; “GLADIO Europe’s best kept secret”,Cambridge Clarion, http://www.cambridgeclarion.org/press_cuttings/gladio_obs_7jun1992.html
88.    Norton-Taylor, Richard, UK trained secret Swiss force”, The Guardian, 20 Eylül 1991, s. 7
89.   Richard Norton-Taylor, “The Gladio File: did fear of communism throw West into the arms of terrorists?”, The Guardian, 5 Aralık 1990

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...