24 Ocak 2019 Perşembe

2-БӨЛҮМ: КОЛОНИАЛДЫК ИМПЕРИЯДАН БРИТАНИЯ ШЕРИКТЕШТИГИНЕ


Атлантика хартиясы жана Бириккен улуттар уюму

Дүйнөлүк согуш жүрүп жатканда, АКШ президенти Рузвельт менен Британиянын премьер-министри Черчилль дүйнөдөгү окуяларды сүйлөшүү үчүн, Атлантикада, Ньюфаундленд аралынын Плацентия булуңунда Prince of Wales (Уэльстин принци) аттуу бир согуш кемесинде жолугушуу өткөрүшкөн. Бул жолугушуунун жыйынтыгында 1941-жылы 14-августта «Атлантика хартиясы (декларациясы)» жарыяланган. Бул декларация аркылуу АКШ менен Британия ээлеген жерлерин кеңейтүүнү көздөбөй тургандыгын, ар бир улут башкаруу формасын өзү аныктай тургандыгын жана дүйнөлүк масштабдагы экономикалык кызматташтыкты колдой тургандыгын жарыялашкан. Экөөнүн ортосундагы келишим боюнча, бүт мамлекеттер океандарда эч тоскоолдуксуз жүрө алмак.
Атлантика хартиясы Бириккен улуттар уюмунун башталгыч чекити болгон. Эсиңиздерде болсо, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин да, Британиянын АКШны өз көзөмөлүнө алып, жаңы колониализм системасын түптөө планынын негизинде, Бириккен улуттар уюмуна окшош бир уюм, т.а. Улуттар Лигасы курулган эле.
Улуттар Лигасы бир тегерек стол (Round Table) планы болгон, бирок Британия терең мамлекетине ийгилик алып келген эмес. Ал кездеги АКШ президенти Вудро Вильсондун Британияны абдан жакшы көргөнүнө жана «бүт конституциялык тартип Британиянын моделиндей болушу керек» дегенине карабастан, АКШ Улуттар Лигасына кирген эмес. Көп өтпөй башталган Экинчи дүйнөлүк согуш да Улуттар Лигасынын түптөлүү максатын толук жокко чыгарган жана бул уюм Британия терең мамлекетинин ийгиликсиз бир планына айланып, тарыхта кала берген. Бул жөнүндө тереңирээк маалыматты бул китептин 1-томунан таба аласыз.

Атлантика хартиясына кол коюлушу.

Британия терең мамлекети Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин да, ушул сыяктуу аракеттерди көрүп, кайра эле АКШ менен тыгыз кызматташуунун жолдорун издеген. Анткени, Британия терең мамлекети ар дайым англосаксондор тарабынан башкарылган бир дүйнөлүк системаны орнотууну көздөгөн. Бул мүдөөсүнө, өзгөчө 20-кылымда, АКШ аркылуу оңойураак жете алаарына ишенген.
Британия терең мамлекети Улуттар Лигасын куруу аркылуу колониалдык системанын атын өзгөртүп, дүйнөгө мандаттык системаны орнотууну көздөгөн. Өлүк төрөлгөн Улуттар Лигасы аркылуу ишке ашпай калган бул планды башка бир уюм аркылуу оңой эле ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар эле. Болгондо да, Экинчи дүйнөлүк согуш Британия менен АКШны табигый союздашка айланткан.
Мындан тышкары, АКШ Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда атом бомбаларын таштаган тарап болгон. Кандайдыр бир жол менен «кайра согуш каалабастыгын» далилдеп, өзүн тынчтыкты каалаган бир өлкө катары көрсөтүү муктаждыгын сезип турган. Ошондуктан «дүйнөнүн тынчтыгын» каалаган бир уюмдан АКШнын кайрадан баш тартышы мүмкүн эмес болчу.
Чалгындоо кызматынын мурдакы кызматкери доктор Джон Коулман Чатем Хауста (Chatham House) негизделген Улуттар Лигасын кайрадан активдештирүү буйругунун 1941-жылы кайра эле Чатем Хаус тарабынан берилгенин документтер менен далилдеп көрсөткөн. Коулмандын иликтөөлөрү боюнча, бул буйрук АКШнын Тышкы иштер министри Корделл Халлга түздөн-түз Чатем Хаус тарабынан берилген.90 Ушул себептен, АКШнын мурдакы депутаты Джон Рарик (John Rarick) Бириккен улуттар уюмун «жашыруун өкмөт» деп атаган.91 Ошондуктан Бириккен улуттар уюмунун түптөлүү этаптары көптөгөн ызы-чуулар жана күмөндүү жагдайлар менен коштолгон. Бириккен улуттар уюмунда Британия жана АКШ баш болгон, чоң мамлекеттерге абдан кеңири ыйгарым укуктар берилген. Бул башка мүчөлөрдү абдан тынчсыздандырып, пикир келишпестиктерге алып келген.
Бир нерсени баса белгилөө керек: Бириккен улуттар уюму азыркы учурда көптөгөн өлкөлөргө жана аймактарга ар кандай жардамдарды берип, көптөгөн маселелерди чечүү аракеттерин жүргүзүүдө. Бул жагынан, Бириккен улуттар уюмунун жана бул уюмдун астына чогулган кайрымдуу топтордун иш-аракеттерине ыраазычылык билдирүү керек. Ошондой эле, дүйнөдө элдерди бир чатырдын астына топтогон мындай биримдиктердин болушу жакшы көрүнүш жана жакшы адамдардын биригишин ар дайым колдоо керек. Өлкөлөр жана элдер ар дайым ынтымактуу болушу зарыл жана эч бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, бир чатырдын астына чогула алышы шарт. Бириккен улуттар уюмунун миссиясы дүйнөлүк согуштарга бөгөт коюу болгондуктан, бул жагынан да маанилүү бир уюм. Маселелерди согуш аркылуу эмес, дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деген пикирге таянат. Бул багытта ар дайым ийгиликтүү боло албаса да, өлкөлөрдүн «тынчтыктын» атынан бир уюмга биригиши кубандырбай койбойт.
Биз бул жерде Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Британия терең мамлекетинин каалоосуна ылайык түптөлүшүн жана «жаңы колониализм» түшүнүгүнүн ушул уюмдун артына жашынуу аркылуу жайылтылышын сындап жатабыз.
Бул уюмдун азыркы учурдагы иштөө системасына да көптөгөн сын-пикирлер айтылууда. Белгилүү болгондой, БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүнкү күндө көп ийгиликтүү чечимдерди ала албай жатат жана тез арада чечүүнү талап кылган маселелер көбүнчө чечилбеген бойдон калууда. Тараптардын бирдиктүү чечимге келе албашы бул уюмду барган сайын маселелерди чечүүдөн алыстатууда. Эч күмөнсүз, буга негизинен Британия терең мамлекетинин жеке кызыкчылыктарын ар дайым биринчи кезекке коюшу жана ага көз-каранды мамлекеттердин терең мамлекетти колдоодон башка аргасынын калбашы себеп болууда.
Бириккен улуттар уюму – Британия терең мамлекети үчүн жумшагыраак ысымдарды колдонуу аркылуу «колониялаштыруу» механизмин улантуунун бир ыкмасы. Британия терең мамлекети Британия империясын заманга ылайык бир версияда улантууну каалаган. Ал үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштан көп өтпөстөн, «Британия шериктештиги» түзүлгөн. Бирок ага чейинки Британия терең мамлекетинин көп жылдык колониялаштыруу тарыхын унутпаш керек. Бул колониялаштыруу тарыхын эстеп өтөлү.

Тарыхта БУУнун Тынчтык күчү аркылуу көптөгөн кыргындар жасалды. Сребреница кыргыны алардын бири.



Булактар:

90. Dr. John Coleman, Diplomacy By Deception: An Account of the Treasonous Conduct by the Governments of Britain and the United States, Bridger House Publishers, 1993, s. 19
91. Coleman, a.g.e., s. 19

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...