24 Ocak 2019 Perşembe

БРИТАНИЯ ТЕРЕҢ МАМЛЕКЕТИ ЖАНА КОЛОНИЯЛАШТЫРУУ ЗУЛУМДУГУ


Жалпысынан караганда «башкаларга тиешелүү байлыктарды адилетсиз пайдалануу» деген маанини билдирген колониялаштыруунун тарыхы байыркы замандарга чейин созулат. Бирок колониялаштыруу өзгөчө суу транспорту өнүккөн соң, Британия жана кээ бир башка Европа өлкөлөрү тарабынан дүйнөнүн дээрлик бүт жагына жүргүзүлгөн. Британиянын жана башка колонизаторлордун дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы байлыктарды жана жумушчу күчүн байкап, аларды өздөрүнө каратып алышы колониализмдин жаңы этабын пайда кылган.
Испандар менен португалиялыктар көбүнчө алтын, күмүштөрдү тоноо максатында колониализмге барышкан. Өзүнө каратып алуу жолун болсо британиялыктар чыгарган.
Британиялыктардын колониализм аракеттери оңой жол менен, адилетсиз байлык топтоо максатында башталган. Бул аракет Британия терең мамлекетинин дүйнөнү башкаруу каалоосунун башталгыч чекити болгон. Табигый ресурстарды жана жумушчу күчүн өзүнө каратуу, элдерди, мамлекеттерди кул кылуу Британия терең мамлекетинин кыялындагы жалгыз дүйнө империясына жетүүнүн маанилүү бир жолу катары көрүлгөн. 16-кылымдын британиялык матрос, жазуучуларынын бири Уолтер Роли (Walter Raleigh) Британия терең мамлекетинин түпкү максатын «океанды ээлеген сооданы да башкарат, сооданы башкарган болсо дүйнөнүн байлыктарын башкарат, б.а. дүйнөнү башкарат...»92 деп сүрөттөгөн.
1486-жылы Лондондо Авантюралуу соодагерлер биримдигинин (Fellowship of Merchant Adventurers) түзүлүүсү ушул максатты көздөгөн алгачкы аракеттердин бири болгон. Бул биримдик Британиянын сыртка сата ала турган бирден-бир продукциясы болгон текстильдин экспортун көбөйтүү максатында түзүлгөн. Британия Королдугу бул биримдикке «белгисиз жана көнүмүш деңиз жолдорунун сыртындагы кургактыктарды, аралдарды, байлыктарды жана сарайларды» ачууга уруксат берген. Бул биримдик «Москва фирмасы» деген ат менен Россияда жана Россияга кошуна өлкөлөрдө монополия болууга жетишкен.93 Бул ыкма андан соң Британия терең мамлекетинин дүйнөнү өзүнө каратуу аракетинин негизги ыкмаларынын бирине айланган.
Британия терең мамлекети «Москва фирмасы» аркылуу жетишкен ийгилигин көргөн соң, соода мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана ала турган башка аймактарды издөөнү тездеткен. Британия терең мамлекети эл жашаган аймактарды өзүнө каратууну каалаган. Өз оюнда «төмөн раса» катары көргөн элдерди басып алууну көздөгөн. Британия терең мамлекети мындай аймактарга өкүмдар «ак адам» катары келип, элди кул кылып, жер байлыктарын бүт ээлеп алчу. Ал жердеги элдерди болсо Британия терең мамлекети англосаксон тегине кызмат кылуу үчүн жаралган «кадыр-барксыз» кишилер деп эсептеген. (Колониялаштырылган бардык элдерди аруулайбыз.)

Авантюралуу соодагерлер биримдигин чагылдырган бир сүрөт жана анын логотиби

Британия терең мамлекетинин негизги колониялаштыруу стратегиясы төмөнкүдөй болгон: колонияга айландырыла турган ылайыктуу жерлер аныкталган соң, ал жерге туруктуу жашай турган британдыктар жайгаштырылган.94 Алар жайгашкан жерлер колония деп аталып, океандын тигил башында болсо да, ал аймактардын Британия менен саясий жана экономикалык байланыштары улантылган.95 Бара бара Британия терең мамлекети Британиянын тилин, динин, маданиятын ал аймактарга жайылтып, кандайдыр бир мааниде ал жерлерди өзүнүн кызматкерине айландырган. Британия терең мамлекетинин ою боюнча, ал аймактар эч качан британдыктарга теңеле алмак эмес, ошондуктан аларга «төмөн раса» экени жана британдыктарга кызмат кылышы керек экени ар дайым эстетилип турган. Бир бөлүгүнө Британия терең мамлекетине кошоматчылык кылуу милдети тапшырылса, бир бөлүгү кулга айландырылган.
Британия терең мамлекетинин мындай басып алуу саясаты учурда колониализм (колониялаштыруу) деп аталат. Бул стратегия сооданын атын жамынып жүргүзүлгөндүктөн, аскердик ыкмаларга салыштырмалуу алда канча оңой, чыгымсыз, рисксиз жана артыкчылыктуу болгон. Ошондуктан Британия терең мамлекети эл аралык саясат боюнча стратегиясын ушул ыкманын негизинде иштеп чыккан.
Колониализмди депутат жана аскер Хэмфри Гилберт ойлоп чыгарган. Француз тарыхчы Марк Ферро «Колониализм тарыхы» аттуу китебинде Гилбертти төмөнкүчө сүрөттөйт:
Гилберт доктринасын иштеп чыккан соң, Ньюфаундлендде алгачкы айылды курдурган: Британия ал жерге жумушсуз, бош жүргөндөрдү жайгаштырып, ал жакка продукцияларын сатып, ал жерден тамак-аш азыктарын алган.96
Бул алгачкы кадам болгон. 16-кылымдын аягынан баштап Британия терең мамлекети дүйнөгө жайылуу үчүн тездик менен жаңы колонияларды ээлеп, ал жерлерде, бир жагынан, деңиз аскердик базаларын, экинчи жагынан, соода аймактарын куруп баштаган.
Британдыктардын 17-18-кылымдардагы Америка жана Азиядагы колониялаштыруу иш-аракеттери негизинен соода-экономикалык жактан болгон жана соода мекемелери аркылуу жүргүзүлгөн. Бул доордо колониялар, бир жагынан, Британияны керектүү чийки зат, татымал, тамеки, кант сыяктуу керектөө товарлары менен камсыз кылса, экинчи жагынан, Британияда өндүрүлгөн продукциялардын рыногуна айланган. Бул саясаттын эң негизги максаты Британияга акча жана ресурстарды мүмкүн болушунча көп киргизип, Британиянын сыртына болсо мүмкүн болушунча аз чыгаруу болгон.

Хэмфри Гилберт жана колониализм максатында чийген картасы


Башында экономикалык себептерге негизделген колониализм кийинчерээк өтө чоң коомдук жана, ал тургай, биологиялык маселелерди пайда кылган. Мисалы, Британия терең мамлекетинин Индияда пахта өстүрүүгө бөгөт коюп, көбүрөөк киреше алып келгени үчүн адамдарга апийим эктирип, аны Кытайга сатышы мунун эң белгилүү мисалдарынын бири. Баңгизат жасоодо колдонулган апийимдин өстүрүлүшү Индиянын айдоо жерлерине зыян алып келген жана Кытай элине болсо психологиялык жана руханий жактан оор сокку болгон. Ушул сыяктуу иш-аракеттер колониализм тарыхы боюнча студенттер үчүн даярдалган бир окуу китебинде төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Башында дээрлик толугу менен соода жана акча табуу каалоосу сыяктуу экономикалык факторлордон келип чыккан бул процесс жалпысынан башка өлкөнүн чийки зат булактарын жана кирешелүү түшүмдөрүн ал өлкөдөн чыгарып кетүү принцибине таянган бир экономикалык системаны орноткон. Ошондуктан колониялык өлкөлөрдөгү жер иштетүү айдоо жерлердин табигый түзүлүшүнө жана трансформациясына таянбастан, көбүрөөк киреше бере турган кант камышы, кофе, какао сыяктуу өсүмдүктөр үзгүлтүксүз өстүрүлүп, узун мөөнөттө Азиядагы жана Африкадагы көптөгөн айдоо жерлеринин түшүмсүз болуп калышына шарт түзгөн.97
Британия терең мамлекети өзүнө каратып алган өлкөлөрдө айдоо жерлеринин түшүмдүүлүгүн азайта турган ыкмаларды колдонууга мажбурлаган жана, ал тургай, жергиликтүү калкка зулумдук кылып, чоң кыргындарды жасаган. Бул кыргындар кээде ок атуучу курал-жарактар аркылуу, кээде болсо элдин жашоо шарттарын аябай начарлатуу аркылуу жасалган.
Айыл-чарбасын жана адамдарды кыйратуу жана ошол аркылуу коомду бузуу дажжалдын бир ыкмасы. Бул дажжалдык ыкманы Куранда Улуу Раббибиз төмөнкүчө кабар берген:

Ал иш башына келээри менен (же тескери бурулуп кетээри менен) жер бетинде бузукулук чыгарууга, эгинди жана урпактарды кыйратууга аракет кылат. Аллах болсо бузукулукту сүйбөйт. (Бакара Сүрөсү, 205)

Курани Каримде «бузукулук» деп аталган жана толук тыюу салынган мындай ыпылас ыкмаларды Британия терең мамлекети системалаштырып, дүйнөнүн бүт тарабына жайылткан.
Британияда колониялардан келген кирешелер атайын мыйзамдар менен коргоого алынган. Британия менен колонияларынын ортосунда жүк ташуу бир гана Британиянын кемелери менен жүргүзүлөт деген шарт киргизилген, б.а. өндүрүштөн тышкары, транспорттун кирешелери да Британиянын чөнтөгүнө түшкөн. Колониялык өлкөлөр өздөрүнө керектүү бүт нерселерди Британиядан сатып алууга мажбурланып, ал өлкөлөрдө бир гана Британиянын товарларын импорттоого уруксат берилген. Индиялык профессор Аниа Ломба (Ania Loomba) колониялардын соода-сатык мамилелерин төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Заманбап колониализм басып алынган өлкөлөрдөн акча, мал-мүлк жана байлык алуу менен эле чектелген эмес. Ал өлкөлөрдүн экономикалык түзүлүшүн өзгөртүп, аны колонизатор өлкө менен колониялык өлкөнүн ортосунда адамдардын жана табигый ресурстардын агымын камсыз кыла тургандай комплекстүү бир мамилеге айланткан... бирок адамдар менен продукциялар кайсы тарапты көздөй кыймылдабасын, киреше ар дайым «ата мекенди» көздөй аккан.98

Британия терең мамлекетинин колониялаштыруу саясаты көп элдерге азаптарды алып келген.

«Ата мекен», албетте, Британия болгон.
Каратылып алынган аймактар бир канча этап менен Британия терең мамлекетинин карамагына киргизилген. Ал аймактардын айдоо жерлери Британия терең мамлекетинин муктаждыгына жараша пайдаланылган жана колониялык аймактар, өнөр-жайынын өнүгүшүнө бөгөт коюу аркылуу, Британиядан товар алууга мажбурланган.


19-кылым Британия колониализминин абдан тамырлаган доору болгон. 19-кылымдын башында Улуу Британия Австралия, Канада, Индия, Африкадагы кээ бир мамлекеттер, Кариб аралдары жана Гонконг сыяктуу дүйнөнүн көп аймагын ээлеген ири колониялык империяны башкарган. Кулчулукка жана табигый ресурстарга бай аймактарды ээлеп алганынан улам Британия жөнүндө «күн баптаган империя» деп айтылган. Бул колониялардын кээ бирлери 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын баштарында сөз жүзүндө «көз-карандысыздыкка» ээ болушкан.


Бирок ал этапка келгенге чейин Британиянын колониялаштыруу тарыхына, астына Британия терең мамлекетинин мөөрү басылган жана Британия терең мамлекетинин дажжалдык ыкмаларын далилдеп көрсөткөн, көптөгөн кара тактар басылган.
Британия империясынын аянты Биринчи дүйнөлүк согуштун аягында эң жогорку чегине жеткен. 1929-1930-жылдардагы Улуу экономикалык депрессия Британияга да олуттуу таасир тийгизген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болсо тең салмактуулуктар толугу менен өзгөрүп, Британия көптөгөн колонияларын сөз жүзүндө «таштаган». Иш жүзүндө болсо бул колониялар жана дагы көптөгөн өлкөлөр «жаңы колониализм» аркылуу дагы эле Британия тарабынан башкарылып келе жатат.

Англосаксон расизми жана анын жасалма илимий тону

Расизм – илгертен бери болуп келген жана көбүнчө өлкөлөргө же элдерге үстөмдүк кылууну көздөгөн белгилүү топтор тарабынан бир инструмент катары колдонулган, негизсиз бир ишеним.
Анын булагы болсо – кайра эле негизсиз жана өтө байыркы бир ишеним болгон эволюция теориясы. Шумерлер доорунан бери уланып келе жаткан бул негизсиз илим «адамдар айбандардан келип чыккан жана кээ бирлери көп, кээ бирлери болсо аз өнүккөн» деген жөнөкөй, жалган бир көз-карашка таянат.
Эволюция көз-карашынан келип чыккан «адам – бул, өнүгүп жаткан айбан» деген түшүнүк жайылганда, адамдын жашоосу баркталбай калган. «Кээ бир адамдар башкалардан көбүрөөк өнүккөн» деген түшүнүк болсо бир катар кара мүртөз кишилердин башка расаларга үстөмдүк кылуу каалоосун күчөткөн.
Шумерлерден бери келе жаткан эволюция ишеними Байыркы Египетте да болгон. Аз. Муса (ас) менен күрөшкөн Фараон (Рамсес II) ушул себептен өзүн кудай сезип, Израил урпактарынан өзүн жогору койгон. Фараондун бул түшүнүгү Куранда төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

Фараон коомунун ичинде кыйкырды; “Эй коомум, Египеттин мүлкү жана мобул астымдан агып жаткан дарыялар меники эмеспи? Дагы эле көрбөйсүңөрбү?” деди. “Же мен мындан жакшыраак эмесминби, ал төмөн (класстан) бир байкуш жана дээрлик (ойун) түшүндүрө албаган (бир адам).” (Зухруф Сүрөсү, 51-52)

Ошентип өз коомун басмырлады, алар болсо ага моюн сунушту. Чындыгында алар бузуку бир коом эле. (Зухруф Сүрөсү, 54)

Эч бир илимий далили жок «эволюция» көз-карашын чыгарып, аны тарых бою үзгүлтүксүз өзүнүн үстөмдүгү үчүн колдонуп келген, албетте, Британия терең мамлекети болгон.
Эволюция теориясы чындыгында толугу менен калп, тарыхтагы эң чоң илим көз бойомочулугу. Жандыктар эволюция болгон эмес, Жаратуучу тарабынан жаратылган. Бардык илим тармактары организмдердин бир заматта, кемчиликсиз бойдон жаратылганын далилдеп көрсөтүүдө. Микробиология менен генетика бир даана белоктун да өзүнөн-өзү пайда боло албастыгын далилдесе, 700 миллиондон ашуун фоссилдер (организмдердин калдыктары) жандыктардын эч качан эволюция болбогонун тастыктоодо. 700 миллион фоссилдин арасында бир даана дагы өткөөл форманын (бир жандыктын башка бир жандыкка айланып бара жатканын көрсөткөн) фоссили жок. Бул фоссилдердин баары организмдердин миллиондогон жыл мурунку көрүнүшү менен бүгүнкү көрүнүшүнүн бипбирдей экендигин далилдеди.
Ошондуктан адам – айбандан келип чыккан, ээнбаш, максатсыз, аң-сезимсиз жана жоопкерчиликсиз бир жандык эмес. Адам Аллахтын руху менен жаратылып, бул дүйнөгө сыноо үчүн келген жана жасаган ар бир ишине жооп берет. Адамдын Аллахтын рухун алып жүрөөрү аяттарда төмөнкүчө айтылган:

Раббиң периштелерге айткан эле: «Мен кургак бир ылайдан, калыпка салынган бир балчыктан бир адам жаратамын. Ага бир калып бергенимде жана ага рухумдан үйлөгөнүмдө ылдам ага сажда кылып (жерге) жыгылгыла.» (Хижр Сүрөсү, 28-29)

Эволюция көз-карашы байыркы Египеттен бери келе жаткан бир туура эмес ишеним. Фараон да өзүн кудай
сезип, Израил урпактарынан өзүн жогору коюп, аларды кул кылган.
Биринчи инсан Аз. Адам (ас)дан баштап бүт адамзат коомдору аларга акыйкатты алып келген пайгамбарлары жана маданияты менен бирге жаратылган. «Жапайы адам» эч качан болгон эмес, бул бир алдамчылык. Бүт расалар Аз. Адам (ас)дын урпактары. Ошондуктан бир расанын өзүн башка расадан жогору коюшу логикага да, абийирге да туура келбейт. Эң негизгиси, мындай көз-караштар Аллахтын Кабатында толугу менен жараксыз.
Британия терең мамлекети ушул чындыкка согуш ачкандыгы үчүн эволюция теориясын, илим тарабынан толук четке кагылганына карабастан, тарыхтын эң байыркы доорлорунан бери өзүнүн ыпылас стратегиясына бир көзүр катары колдонуп келди.
Байыркы шумер жана египеттиктерден бери уланып келе жаткан дажжалдын бул калпы өзгөчө 19-кылымда Британия терең мамлекети тарабынан бир топ уюшкандык менен жайылтылды.
Бул доор Британия терең мамлекетинин колониялары аркылуу дүйнөдөгү үстөмдүгүн абдан бекемдеген доору болгон. Британия терең мамлекетинин колонияларда жасаган кыргындарына, кыйноолоруна жана ушуга окшогон адамгерчиликсиз иштерине 1800-жылдардын биринчи жарымында Британия эли абдан каршы чыга баштаган. Абийирдүү британдыктар бул жырткычтыктарды сындап, каршылык сөздөрү барган сайын көбөйгөн.
Бирок Британиянын экономикалык жана аскердик күчүн бүт дүйнөгө жайылтуунун негизги ыкмасы болгон колониялаштыруу системасын сактап калуу Британия терең мамлекети үчүн өтө маанилүү болгондуктан, британдыктардын коомдук пикирин тынчтандыруу жолдорун издеп табуу керек болгон.
Британиянын колонияларындагы таш боор кыргындардын абийирсиздик эмес экенин «далилдөө» үчүн, Британия терең мамлекети алгач Мальтуска «Калк теориясын» чыгарткан. Бул теориянын «адамдардын саны геометриялык прогрессия менен, тамак-аш азыктары болсо арифметикалык прогрессия менен көбөйөт, ошондуктан ачарчылыктын алдын алуу үчүн калктын санын чектөө керек» деген гипотезасына таянып, колониялардагы кыргындарды актаганга аракет кылган. Бул британдыктардын коомдук пикирин тынчтандыра албаган соң, «эволюция» калпы колдонулган. Британия терең мамлекети бул чоң жалганды «илимий чындык» катары көрсөтүү аркылуу, «колониялардагы адамдар жапайы (примитивдүү) түрлөр, аларды өлтүрүү менен башка бир айбанды өлтүрүүнүн ортосунда эч кандай айырма жок» деген пикирди айтып чыккан. Гладстон, Черчилль сыяктуу терең мамлекеттин бүт «ооздору» бул калпты бир добуштан жактаган.


Азыркы учурда дүйнөнүн бүт мамлекеттеринин мектеп жана университеттеринде окутулуп жаткан «эволюция теориясы» калпы мына ушул стратегиядан келип чыккан. Бул жөнүндө тереңирээк маалыматты китептин 1-томунан таба аласыз.
Чарльз Дарвин «Адамдын келип чыгышы» аттуу китебинде «адам расалары эволюциянын ар кайсы «этаптарын» чагылдырат жана кээ бир расалар башкаларга караганда көбүрөөк эволюциядан өтүп, көбүрөөк өнүккөн» деген ойду айткан. Ал тургай, Дарвин кээ бир расаларды дээрлик маймылдар менен бирдей деңгээлде деген. Анын ою боюнча, расалардын ортосундагы бул айырмачылык анын белгилүү, чындыкка сыйбаган бир ишеними болгон «жашоо үчүн күрөш» аркылуу жоюлмак. Дарвин «өнүккөн» адам расалары «өнүкпөгөн» расаларга үстөмдүк кылышы керек деген. Ошентип «күчтүүлөр» калып, «алсыздар» жок болот.
Дарвиндин бузуку көз-карашы боюнча, «артыкчылыктуу», күчтүү расалар – бул, европалык актар эле. Азиялык жана африкалык расалардын болсо жашоо үчүн күрөштө «артта калгандыгын» айткан. Дарвин муну менен эле чектелбестен, бул расалар дүйнөдөгү «жашоо үчүн күрөштө» жакында толугу менен жеңилип, жок болушат деген:
Балким бир канча кылымга да жетпеген жакынкы бир келечекте маданий адам расалары жапайы расаларды толугу менен жер бетинен жок кылып, алардын ордун ээлешет. Ошондой эле, адам сымал маймылдар да ... албетте, жок кылынат. Натыйжада адам менен анын эң жакын туугандарынын ортосундагы айырмачылык ансайын чоңойот. Ошентип дүйнөдө азыркы европалык расалардан да маданий деңгээли жогорураак расалар менен азыркы негрлерден, австралиялык аборигендерден жана гориллалардан да артта калган, бабуинге окшогон маймылдар калат.99
Эч бир илимий далилге таянбаган жана толугу менен колониализм системасын жактоо үчүн ойлоп чыгарылган Дарвиндин теориясына жана анын расисттик көз-караштарына 19-кылымдын экинчи жарымында ыңгайлуу шарттар түзүлүп, Британияда таасирдүү боло баштаган.
Бул таасирдин бир мисалын Лондон этнология бирикмесинин мүчөсү, доктор Джеймс Ханттын Ньюкаслдагы бир сөзүнөн көрүүгө болот. Хант 1863-жылы Британиянын илимди өнүктүрүү бирикмесинин бир жыйынында «негрлер» маймыл менен «Европа адамдарынын» ортосунда калган өзүнчө бир адам түрү деген, жана каралар «европалыктарга баш ийүү аркылуу гана адамга окшошураак боло алат» деп айткан. Бул сөздөрүнөн «Европа цивилизациясы негрдин мүнөзүнө туура келбейт» деген жыйынтык чыгарган.100
Бул түшүнүк боюнча, негрлердин маданияттуу адамга айлануу үчүн Европага келиши туура болмок эмес, ошондуктан Британия Африкага барып, аларды маданият менен тааныштыра алмак. Бул нерсе бардык «жапайы» расаларга тиешелүү эле. Ошондуктан бул түшүнүк Британия терең мамлекетине Австралиядан Индияга, Африкадан Түштүк Америкага чейин дүйнөнүн төрт бурчуна кийлигишүү укугун берген. Ошентип мафия системасы мүдөөсүндөгү жасалма «илимий» пайдубалды тапкан. (Бүт негрлерди жана аты аталган бардык расаларды аруулайбыз.)


Британия терең мамлекетине толук пайдубал боло турган расисттик көз-караш Дарвинден кийин, 1883-жылы Дарвиндин жээни Фрэнсис Гальтондон келген.101 Гальтондун ойлору Дарвиндин эволюция теориясынын жана табигый тандалуу көз-карашынын негизинде келип чыккан.102
1869-жылы Hereditary Genius (Тукум куума гений) аттуу китебинде Гальтон «адамдын табигый жөндөмдөрү тукум куучулук аркылуу берилет», «жашоо үчүн күрөштө бирдей күчтөгү эки жаныбардын эң мээлүүсү сөзсүз жеңип чыгат» деген. Андан соң, 16 баллдык бир расалык интеллект шкаласында «бир негр бир англиялыктан эки баскыч төмөндө» деген жалган жалааны чыгарган.103
Ошол тушта бир топ философтор да салым кошуп, Герберт Спенсер жана Джон Стюарт Милль сыяктуу материалисттер «коом – бул, өзүнө тиешелүү табигый мыйзамдардын иштеши аркылуу эволюция болуучу бир организм» деп аныктама беришкен. Негизи алар социал-дарвинисттик бир коом үлгүсүн сунушташкан. Адам Смит, жана Маркс булак катары алган Давид Рикардо, Томас Мальтус, Чарльз Дарвин жана Герберт Спенсер сыяктуу материалисттер Британия терең мамлекетинин зулумдуктарына эл алдында «илимий-пикирдик» фундамент түзүп беришкен. Бул жасалма «илимий диндин» пайдубалы болсо Британияда Королдук академияда (Royal Society) түптөлгөн.

Дарвиндин жээни Фрэнсис Гальтон жана анын ойдон чыгарган сүрөттөрү.
Бул расисттик көз-караштын жыйынтыктары, албетте, коркунучтуу болгон. Британия терең мамлекети өлкөлөрдү бир жагынан колониялаштырса, экинчи жагынан аларга карата айоосуз зулумдуктарды жасаган.

Британия терең мамлекети жана колониялаштыруу стратегиясы

Австралияда аборигендер, Африкада жергиликтүү элдер, АКШда индеецтер, Азияда индустар, Жакынкы Чыгышта арабдар, Британия терең мамлекети тарабынан иштелип чыгып, адамзаттын аң-сезимине сиңирилген дарвинисттик түшүнүктөн улам, айоосуз кыргындарга туш болушту.
Кыргындар жана согуштар, «англосаксон расасы жогору турат» деген көз бойомочулукту ойлоп тапкан, Британия терең мамлекети тарабынан тынымсыз сүрөөнгө алынып, кадыресе нерседей көрсөтүүгө аракет кылынган. 1911-жылы Лондон университетинин колледжинде «Гальтон евгеника бөлүмүнө» жетекчи болуп дайындалган профессор Карл Пирсон, башка көптөгөн социал-дарвинисттер сыяктуу, «жашоо – бул, күрөш; ошондуктан, согуш – табигый тандалуунун бир формасы» деген. Пирсон согушту «мамлекеттин колу менен» жүргүзүүнүн туура болоорун, анткени ошондо «жогорку расанын» жеңишке жетип, көбөйөөрүн айткан:
Улуттун өнүгүшү расанын күч-кубатынан көз-каранды жана күч-кубаттын эң негизги көрсөткүчү – бул, согуш. Согуштар токтогондо, адамзат өнүгө албай калат, себеби төмөнкү урпактардан келгендердин көбөйүүсүнө бөгөт боло турган бир дагы жол калбайт.»104
Пирсон 1912-жылы жасаган «Darwinism, Medical Progress and Parentage» (Дарвинизм, медициналык прогресс жана ата-энелик) деген темадагы докладында «жашоо укугу ар бир адамдын өз урпагын улантуу укугу деген мааниге келбейт» деп, алсыз, «төмөнкү расадан» келген бир адамдын өмүр сүрүшүнө жол бербөө керек деген ойду жактаган.105
Дарвинизм калпынын негизинде иштелип чыккан бул түшүнүк Британия терең мамлекетинин баштагысы келген согуштарына жана жасагысы келген айоосуз кыргындарына толук жетиштүү шылтоо болуп берген. Британия терең мамлекети бүт бузукулуктарына жана бүт балээлерине ар дайым алгач идеологиялык пайдубал даярдаганга аракет кылган. Британия терең мамлекети жасалма идеологиялар менен алгач мээлерди сокур кылып, андан соң ал идеологияны ишке ашырып баштайт. Британия терең мамлекети тутантып, бүгүнкү күндө да уланып жаткан террор жана согуштар мына ушул бузуку пайдубалдан келип чыгууда.

Америкада индеецтер кыргыны.
Британия терең мамлекетинин «жапайы» же «маданиятты билбеген» деген сыпаттоолорундагы сөз оюндарына да көңүл буруу керек. Тарыхтын бүт доорлорунда маданияттуу жашоону тандагандар да, табигый жашоону тандагандар да болуп келген. Бирок мунун себеби кээ бир адамдардын башкалардан «жапайы» болушу эмес. Кээ бир элдерди «жапайы» деп сыпаттоо Британия терең мамлекети ойлоп тапкан бир сценарий. Бул сценарий ар кандай тасмалар, сүрөттөр жана аңгемелер аркылуу жакшылап аң-сезимдерге сиңирилген. Бул атайын пландалган бир стратегия. Анткени, Британия терең мамлекети «маданиятты билбеген, жапайы элдерге маданиятты үйрөтөбүз» деген шылтоо менен колониялаштыруу саясатын каалагандай жүргүзгөн. Алгач элдин аң-сезимине бул бузуку көз-караштын идеологиялык пайдубалы сиңирилгендиктен, айоосуз зомбулуктарга эч ким каршы чыкпай калган.
Африканы «жапайы» көрсөткөн бардык пропагандалардын өтө чоң бир көз бойомочулук экендигин англиялык тарыхчы Ниалл Фергюсон төмөнкүчө билдирген:
Африка негизи алар ойлогон жапайылыктан алда канча алыс болгон. Сахаранын түштүк жагындагы Африка аймагы, алгачкы британиялык саякатчылардын бирөөсү айткандай, «айоосуз башаламандык» мындай турсун, көптөгөн мамлекеттерден жана өлкөлөрдөн турган бир аймак болгон. Алардын кээ бирлери ошол кездеги Түндүк Америкадагы же Австралиядагы колониядан мурдакы элдерге караганда, экономикалык жактан бир топ алдыда болгон. Азыркы Малидеги Тимбукту же Нигериядагы Ибадан сыяктуу өтө бай шаарларда алтын жана жез кендери, ал тургай, текстиль өнөр-жайы да болгон.106
Фергюсон китебинде шотландиялык миссионер жана саякатчы Давид Ливингстондун байкоолорун төмөнкүчө баяндаган:
(Ливингстон) мындай деген: (африкалыктар) ак кошуналарынан көбүнчө акылдуураак болушат ... Бир канча өзгөчө учурдан тышкары, мага ар дайым сылык мамиле көрсөтүштү; ал тургай, борбор тараптагы уруулар абдан маданияттуу мамиле кылышты ... ошондуктан катардагы акылман жана сылык бир миссионердин алардан сый-урмат көрөөрүнөн эч күмөн санабайм.» Ошондой эле, «африкалыктардын акыл-эс же жан дүйнө жагынан кемирээк экендигине» ишенбестигин жана африкалыктар эң маданияттуу адамдардан «башка бир түргө кирет» деген гипотезаны колдой турган эч бир себеп көрбөгөндүгүн да айткан.107
Бирок, Британия терең мамлекети «маданиятты үйрөтөбүз» деген шылтоо менен Африканы жана дүйнөнүн башка көптөгөн аймактарын басып алган. Дүйнөнүн төрт тарабын жырткычтык менен басып алып, жергиликтүү калктарга карата айоосуз согуш жүргүзгөн.
1878-жылы Австралияга саякатка барган британиялык жазуучу Энтони Троллоптун төмөнкү сөздөрү колонизаторлордун жергиликтүү элге болгон көз-карашын таамай сүрөттөйт:
[Бир соттон] чөйрөнүн басымы менен, бадалдардын арасында кара бир кишини атууга мажбур болуп калсам ... мага кандай кеңеш бересиз деп сурадым. Жакын жердеги полиция бөлүмүнө барышым керек болобу?... Же уулуу жыланды өлтүргөндөй ... кубанып жолумду улантышым керекпи? Анын кеңеши ачык жана үрөй учурарлык болду: «келесоодон башка эч ким сага бул үчүн эч нерсе дебейт.»108

Британия терең мамлекети коомчулукка "дүйнөнү биз маданияттуу кылабыз" деген имидж берүүгө
аракет кылган. Иш жүзүндө болсо жергиликтүү элди басмырлап, эзген.

Колониялардагы Британиянын тарапкерлери


Колония кылынган өлкөлөрдүн элдери, албетте, Британия терең мамлекетине көп маселелерди пайда кылган. Ал өлкөлөрдө улутчул маанайлар курчуп, тынымсыз Британия терең мамлекетине көйгөйлөрдү пайда кылган жана «ак адамдардын» зомбулугунан кутулууну каалаган абийирдүү адамдар колония системасына баш көтөрүшкөн. Ошондой эле, элдер алардын өлкөсүн колониялаштырууга келген адамдарды абдан жек көрүшкөн. Ошондуктан колония империясы узун өмүрлүү болушу үчүн, элдерди кыска убакытта Британиянын тарапкерлерине айландыруу жана «ак адамдарды» кожоюн катары кабыл алдыруу керек болгон.
Ал үчүн Британия терең мамлекети негизинен кайра эле провокация жана зомбулук ыкмаларын колдонгон. Мээлерди жалган маалыматтар менен провокациялоо үчүн атайын таалим талап кылынган.
Алгач улутчул көз-караштарды жок кылуу керек болгон. Китептин биринчи бөлүмүндөгү британиялык тыңчы Олдос Хакслинин Brave New World (Эр жүрөк жаңы дүйнө) аттуу романын эстейли. Ал романда Хаксли бүтүндөй жаңы бир жашоо формасын сүрөттөгөн. Анда элди роботко айландырып, эч кыйынчылыксыз башкаруу үчүн алгач тарых жок кылынган. Тарыхта эмнелер болгонун эч билбеген адамдар өздөрүнүн мамлекетин жана улутун да билбегени үчүн, дүйнөдөгү жашоо ар дайым ушундай болгон деп ойлоп, ал системага сый мамиле кылышкан.


Британия терең мамлекети чалгындоо кызматынын бул «кеңешин» колонияларда ишке ашырып, элдерди дээрлик тарыхсыз же өз тарыхын жек көргөн, бир гана өзүнө баш ийген адамдарга айланткан. Элдердин өз маданиятын калыптандыруу аракеттерине да бөгөт коюлган. Ошентип элдердин колониядан мурдакы жашоого кайтуу каалоосу жок кылынган.109
Илимпоз, доктор Вели Сырым бул ассимиляция (өзүнө сиңирүү) стратегиясын төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Индиядагы бул система (колониялаштыруу системасы) иштелип чыгып жатканда негизги бир максат аныкталган: Индиянын тарыхы. Британдыктардын Индиядагы жергиликтүү маданиятты каалагандай өзгөртүү аракети биринчи кезекте тарыхты унуттурууга багытталган. Билим берүү баш болуп, көптөгөн пропагандалар аркылуу тарых жамандалган. Тынымсыз, кайра кайра кайталанган пропагандалар натыйжа берип, адамдар өз тарыхынан уялып, өз тарыхын жек көрүп башташкан.110


Колониялаштырылган элдерге улуттук тарыхы унуттурулганда, анын ордуна англис тили, Британиянын маданияты жана жашоо философиясы орнотулган. Британия терең мамлекети муну «Маколейизм» деп аталган билим берүү системасы аркылуу ишке ашырган.
Томас Бабингтон Маколей
Маколейизм же Маколей формуласы деген аталыш Индияны «билим деңгээлин көтөрүү» үчүн англис тили менен тааныштырган барон Томас Бабингтон Маколейден келип чыккан. Бул план колониялаштырылган элдердин улуттук баалуулуктарын жок кылып, анын ордуна англис тилин, жашоо философиясын жана маданиятын жайылтууну көздөгөн; жана бир тарабынан «британдыктар жогору турат» деген түшүнүктү сиңирүү максат кылынган. Бул планга ылайык, колония өлкөлөр өздөрүн «бизден жогору турган бир раса тарабынан башкарылып жатабыз» деп ойлоп, алардын маданиятына суктанып, аларга моюн сунушмак.
Бул бир багыттуу билим берүү системасы аларды оңой эле Британия терең мамлекети каалагандай башкарган пешка элдерге айлантмак. Британия терең мамлекети колония өлкөлөрдү ушул жол менен башкарууну пландаган. «Sömürgecilik Tarihi» (Колониялаштыруу тарыхы) аттуу китепте бул стратегия төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
...Колониялаштырылган өлкөлөрдө туруктуу жайгашуу жана жергиликтүү бюрократия муктаждыгын камсыздоо үчүн салттык билим берүү мекемелери талкаланып, чектүү сандагы кишиге европалык билим берүүнүн натыйжасында ассимиляцияланган интеллектуалдар (маколейизм) келип чыккан. Ошентип көпкө созулган бир процесс аркылуу англис тилинин орнотулушу жаңы экономикалык, социалдык, маданий жана саясий пайдубалды толугу менен Британиядан көз-каранды кылып койгон.111
Бир нерсени белгилей кетүү керек: англис тили сылык жана кооз бир тил. Дүйнөлүк масштабда адамдарды бул тилди үйрөнүүгө үндөө жана англисче булактардан пайдалануу абдан маанилүү. Британдыктар болсо жалпысынан сый-урматты жакшы билген, сапатты жана искусствону жактырган, аялдарды, сулуулукту жана илимди барктаган адептүү адамдар. Алардын адептүү жана үлгүлүү маданиятынын башка элдерге да жайылышы негизи жакшы көрүнүш. Муну ар дайым колдойбуз.
Бирок бул жерде биз айтып, сындап жаткан ассимиляция же, тагыраак айтканда, «англистештирүү» башка нерсе. Мында элдер өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүгүн жоготуп, «Британиянын жогорку» маданиятына суктанышууда. Анын максаты элдерге өздөрүн «төмөнкү раса» катары көрсөтүп, Британия терең мамлекетине кул кылуу болуп саналат.
Маколейизм идеясынын атасы, тарыхчы Томас Бабингтон Маколей 1835-жылы жазган «Индиядагы билим берүү жөнүндө баяндама» аттуу белгилүү экспериментинде бул ыкма аркылуу англистешкен индустардын аткара турган кызматын төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Англис тилин окутуу «каны жана терисинин өңү жагынан индиялык» болгон жергиликтүүлөрдү «жактырган нерселери, көз-карашы, адеп-ахлагы жана акыл-эси жагынан англиялыкка» айландыра тургандай таалим берет.112
Колониялардагы Британиянын билим берүү системасы жергиликтүү элди жана алардын маданиятын теңине алган эмес, ал тургай, басмырлаган. Колониализм темасынын адиси, индиялык профессор Аниа Ломба (Ania Loomba) бир китебинде бул маданий басмырлоону төмөнкүчө баяндаган:
...жергиликтүү ой-пикирлер же толугу менен теңине алынган эмес (Африкадагы сыяктуу), же болбосо бир кылым мурдакы, эски түшүнүктөрдөй кабыл алынган (Индиядагы сыяктуу). Колониялаштырылган элдердин өздөрүнө тиешелүү маданий мурасынын бар экендиги кабыл алынсын же алынбасын, баары бир алар өз алдынча өнүгө ала турган бир эл катары кабыл алынган эмес.113
Көздөгөн максат орундалып, Британия терең мамлекетинин ассимиляция саясаттары аркылуу англистештирилген бир катар кишилер Британиянын кызыкчылыктары үчүн өз маданиятына жана өз өлкөсүнө кыянат кылган адамдарга айланган. Бул маселе колония доорунда да болгон жана бүгүнкү күндө да уланууда. Британия терең мамлекети илгери ойлоп тапкан бул ыкмасын колдонуп, тарых бою көптөгөн өлкөлөрдөн өзүнө кошоматчыларды таба алган. Ал кошоматчылар кээде өз өлкөлөрүнүн бузулуп талкаланышында, кандуу төңкөрүштөрдө, кээде болсо өз өлкөсүнүн экономикалык кризиске киргизилишинде башкы рольду ойношкон. Буларга алдыда тереңирээк токтолобуз.

Колонияларда дарвинизмдин окутулушу

Элдерди мурда билбеген таптык күрөш, расизм жана жогорку раса сыяктуу ойдон чыгарылган түшүнүктөргө көндүрүү үчүн тездик менен дарвинизм калпы окутулуп баштайт. Дарвинизм көз бойомочулугу «четке кагылгыс илимий чындык» катары көрсөтүлүп, адамдардын аң-сезимдерине сиңирилгенде жана бул көз бойомочулук Британия терең мамлекетинин мекемелери тарабынан мажбурлоо жолу менен коргоого алынганда, бул уу бат эле коомдорго өз таасирин тийгизип баштайт.
Британия терең мамлекетинин стратегиясы белгилүү: бир тараптуу билим берүү. Адамдарга «илим» деп бир гана дарвинизм көрсөтүлөт. Дарвинизмди четке кагуу кылмыш катары саналат. Дарвинисттик таалим-тарбия алган коомдор «социал дарвинизм – бир жашоо формасы» деген түшүнүккө сугарылганда, өздөрүн «толук жетилбеген бир раса» катары көрүүнү кадыресе нерседей кабыл ала башташат. Бир коомго эң көп зыянды мына ушул түшүнүк алып келет. Өзүн башкалардан төмөн көргөн бир коом колониялашууга толук ыңгайлуу болуп калат жана Британия терең мамлекетинин карамагына өтөт.

Жасалма сүрөт. Мындай процесс эч качан болгон эмес.

Колонияларда дарвинизм көз-карашын кабыл алдырууда британиялык этнологдор (байыркы жана учурда жашап жаткан маданияттарды изилдөөчү илимпоздор) менен антропологдор өтө маанилүү рольду ойношкон. Алар аркылуу колониялардын башчылары, колонияга келип отурукташкан ак адамдар жана Британия эли «расалык жогорулук» көз-карашын эч кыйынчылыксыз кабыл алышкан. Өзгөчө, 1863-жылы Лондон этнология бирикмесинен чыгып, Лондон антропология бирикмесин негиздегендер негрлердин тубаса төмөнкү расага кирээрин жана башка бир тамырдан келип чыккандыгын айтып чыгышкан.114 Бирикменин мүчөлөрү түрлөрдү физикалык жактан (адамдардын башынын көлөмүн) өлчөп, классификациялаган изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Бул изилдөөлөр колониялардын башчыларынын расисттик саясаттарды колдошуна себеп болгон.115

1871-жылы эки антропология тобу Улуу Британия жана Ирландия антропология институту деген ат менен бир мекемеге биригишкен. Бул мекеменин учурдагы аты: Royal Anthropological Institute – RAI (Королдук антропология институту).116 Институт учурда, дагы эле түрлөрдүн келип чыгышын эволюция теориясы менен түшүндүрүп, дарвинисттик көз-карашты жактагандарга сыйлык берүүдө. 2006-жылы сыйлык алган профессор Лесли Аильонун (Leslie Aeillo) «Диета, энергия жана адамдын эволюциясы» деген темадагы изилдөөсү булардын бирөөсү гана.

Орангутангдын, негрдин жана европалыктын баш сөөгүн салыштырган
мындай жасалма сүрөттөр англосаксондордун "жогорулугун" далилдөө
максатында колдонулган.
Бул британиялык этнолог жана антропологдор колонияларга барып, ал жерде изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Изилдөө учурунда алар жергиликтүү калктын байлыктарын жана коомдук түзүлүшүн каттап чыгышкан. Антропологдор барган жерлеринде изилдөөлөрдөн тышкары, мамлекеттик кызматты да аткарышкан. Тагыраак айтканда, колония жетекчилерине жергиликтүү калк тууралуу алган маалыматтарын айтып берип, аларга «таалим беришкен».117 Ал таалим дарвинизмге таянган. Бул максатта жергиликтүү жетекчилерге да, Лондондогу борбордук өкмөткө да көптөгөн баяндамалар даярдалган. Социолог жана экономист, Гананын президенти Кваме Нкрума бул баяндамалардын максатын төмөнкүдөй сүрөттөгөн:
Африкада изилдөөлөрдү жүргүзгөн адистер жазган тексттеринин мазмуну менен багытын өзгөртүшкөн; Африка коому жөнүндө колониялаштырууну цивилизациянын милдети катары көрсөтүп, актоо үчүн колдонулган баяндамаларды даярдап башташкан. Алардын жазгандарынын эң макталгандары да объективдүүлүккө жана чындыкка жакындаган эмес.118
Антрополог колонизаторлор Британия терең мамлекети үчүн маанилүү болгон эки милдетти аткарышкан. Биринчиси, колониялаштырууну англосаксондордун цивилизацияны жайылтуу аракети катары көрсөтүп акташкан жана натыйжада жергиликтүүлөрдүн Британия терең мамлекетине моюн сунушуна шарт түзүшкөн. Экинчиси болсо, баяндамаларын эволюционисттик түшүнүктүн негизинде даярдашкандыктан, ал документтер «англосаксон расасы жогору турат» деген ишенимди тастыктоочу материалдарга айланган. Ошентип Британия терең мамлекети тарабынан ойлоп чыгарылган «жогору турган, цивилизациялуу англосаксон эли төмөн-жапайы адамдарды башкарууга укуктуу» деген жалаага жасалма «илимий» пайдубал иштелип чыккан. Андан соң Британия терең мамлекети үчүн колония өлкөлөрдү башкаруу бир топ жеңил болуп калган.

Британия терең мамлекети караларды кул катары саткан кезде Осмон империясында мындай
расизм түшүнүгү болгон эмес. Осмон империясында дүйнөнүн биринчи кара түстөгү учкучу
Ахмет Али мырза (төмөндө).


Билим берүү аркылуу алынган ишенимдүү кызматкерлер

«Таптык күрөш» көз-карашы дарвинисттик билим берүүнүн эң негизги социалдык апааттарынын бири. Британия терең мамлекети колония өлкөлөрдө дарвинисттик идеологияны күчтөндүрүү үчүн, «жогорулук» түшүнүгү бир эле британдыктар менен колониялаштырылган өлкөлөрдүн ортосунда эмес, колонияга айланган өлкөлөрдүн өз ичинде да бар деген көз-карашты жайылткан. Бул эки натыйжа берген. Биринчиси, адамдар дарвинисттик идеологияга көбүрөөк жакындап, мунун жашоо менен байланышы бар экенине ишенген. Экинчиси болсо, элдер бөлүнүп, бири-бири менен салгылашып баштаган жана таптык күрөш коомдордун өзүн-өзү, ичинен кулатышына негиз түзгөн. Бул – дажжал системасынын, б.а. Британия терең мамлекетинин эң белгилүү оюну.
Британия терең мамлекети колония өлкөлөрдөгү билим берүү системасы аркылуу жергиликтүү калктын арасында бай, элиталык бир топту пайда кылган. Элиталык топ колундагы байлыгы жана элдин арасындагы элиталык орду үчүн, өздөрүн британдыктарга карыздар сезишкен жана бул абалын сактап калуу үчүн, аларга берилип кызмат кылышкан. Ал тургай, алар өздөрүнүн өлкөлөрүндө Британия терең мамлекетинин өкүмдарлыгына залакасы тийе турган иш-аракеттерге каршы өз каалоолору менен тосмо болуп беришкен.
Британиялык тарыхчы Ниалл Фергюсон колонияларда билим берүү системасы аркылуу элиталык бир катмарды түзүүнүн Британия империясына кандай пайдаларды алып келээрин төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Индияда Британияны колдогон бир элиталык катмардын пайда болушунун ачкычы билим берүү системасы болгон. Британдыктар индустарды башында күмөндүү караганы менен, көптөгөн индустар, өзгөчө жогорку кастага таандык бенгалиялыктар, жаңы кожоюндарынын тилинде сүйлөөнүн жана алардын маданиятын түшүнүүнүн пайдаларын бат эле байкашкан. Тээ 1817-жылы Калькуттада батыштык билим алууну эңсеген бенгалиялыктар тарабынан бир Индус колледжи ачылган. Европа тарыхы, адабият жана табигый илимдер сыяктуу сабактарды окуткан бул колледж ушуга окшогон көптөгөн мекемелердин ачылышына түрткү болгон.119
Британиялык тарыхчы Альфред Комин Льялл (Alfred Comyn Lyall) Индияда кызматта жүргөндө Британиянын ички иштер министрлигине жазган бир катында бул билим берүү аракеттеринен күтүлгөн натыйжаларды төмөнкүчө баяндаган:
...ар дайым Империябыздын ыктымалдуу келечегин ойлоном жана аны учурдагы механикалык процесс аркылуу окуу жайларын жана миссионер топторду негиздеп, эбегейсиз элди цивилизация боло тургандай добоорлоого аракет кылып жатам. Ошондой эле, аларды (колония элдерди) цивилизацияга жеткирип эркиндиктин жана Европа илимдерин колдонуунун пайдаларын аларга үйрөткөн соң, аларды тизгиндеп кармоонун жана бийликтин бүт жогорку баскычтарын өзүбүздүн колубузда тутуунун алардын пайдасына болооруна аларды ишендирүүнүн жолун тапканга аракет кылып жатам.120


Лондондогу Чыгыш жана Африка изилдөөлөрү колледжинде (SOAS – School of Oriental and African Studies) мугалим болуп иштеген профессор Стефан Фейхтванг (Stephan Feuchtwang) «The Colonial Formation of British Social Anthropology» (Британиянын социалдык антропологиясынын колониалдык калыптануусу) аттуу эмгегинде «максат жергиликтүү бийликтин ичинде аларга баш ийген, бирок күчтүү, бай жана абалынан ыраазы, көз-каранды бир союздаш пайда кылуу болгон»121 деп Британия терең мамлекетинин колониялардагы билим берүү стратегиясынын максатын сүрөттөп берген.

Колониялардагы байыган элита катмары Британия терең мамлекетинин
бардык каалоолорун аткарганга даяр болгон.

Сьерра-Леонеде Британия тарабынан дайындалган жергиликтүү жетекчилер
Британия терең мамлекетин колдоп, кубаттаган.

Негизи колониялардагы бул ыкма Британия терең мамлекети үчүн кандайдыр бир мааниде келечекке жасалган бир инвестиция болгон. Британия терең мамлекетинин ар дайым максаттарын кийинки он жылдарды камтыган бир долбоордун негизинде аныктаарын айткан элек. Мына ушул түшүнүк колония өлкөлөрдүн кийин дагы Британияга жана өзгөчө Британия терең мамлекетине кызмат кылышына шарт түзгөн. «Sömürgecilik Tarihi» (Колониялаштыруунун тарыхы) аттуу китепте бул төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Бул жагдай колония өлкөлөрдү эгемендүүлүктү алгандан кийин да, экономикалык, саясий жана маданий жашоосун Британияга ыктап улантууга мажбурлоодо. Британия колониализми эгемендүүлүктү алган өлкөлөрдөн чыгып баратып аларга калтырган саясий жана идеологиялык мурасы менен, ал өлкөлөрдүн улуттук биримдикке жетүү потенциалын дээрлик толук жок кылган жана, мисалы, Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгыштагы сыяктуу узун мөөнөттө чечилбей турган көптөгөн саясий, диний, этникалык маселелерди калтырып, үстөмдүгүн улантууну көздөгөн.122
Бул анализ абдан таамай жасалган. Көп адамдар Британия колонияларынан кеткен соң, колониализм бүткөн деп ойлоп жаңылышат. Анткени, Британия терең мамлекетинин колонияларынан чыгып кетиши жана ал өлкөлөрдүн «көз-карандысыздыкка» ээ болушу болгону бир көз бойомочулук. Британия терең мамлекети көз-карандысыздыкка ээ болгон өлкөлөрдү ар кандай ыкмалар менен башкарууну уланткан. Жаңы колониализм – мурдакысынан да көп зулумдуктарга себеп болгон, укмуш абийирсиз жана адилетсиз бир система.

Британия терең мамлекетинин колониалдык империясы

Ирландия

Англиялыктар менен ирландиялыктардын этникалык тамыры бир эмес. Англиялыктардын тамыры англосаксондор болсо, ирландиялыктар кельттерден келип чыккан. Кельттер Британия аралдарынын тарыхындагы эң байыркы жергиликтүү калк. Англосаксондор болсо германдар менен байланыштуу бир эл жана Британия аралына 5-кылымдан кийин көчүп башташкан.123 Көчүп барган соң англосаксондор кельттерге бийлик жүргүзө башташкан. Башкача айтканда, ирландиялыктар аралдын эң байыркы тургундары болгону менен, англиялыктардын биринчи колониясына айланышкан. Бирок, Ирландия башка колониялар 1880-жылдары ээ болгон укуктарга эң акыркы болуп жеткен.124
Англиялыктар аралга келгенде Британиянын жергиликтүү тили болгон гэль тилин кабыл албай, анын ордуна кийинчерээк ангисчеге айланган англосаксон тилин колдонушкан.125 Ирландиялыктар болсо тилин жана иденттүүлүгүн жакшы сактаган. Ошондуктан Британия терең мамлекети ирландиялыктарды эң башынан бери душман катары көргөн.
Англиялыктардын көпчүлүгү протестант болсо, ирландиялыктардын көпчүлүгү католик. Ошондуктан бул эки улуттун ата-бабалары жана тилдери эле эмес, диний агымдары (конфессиялары) да эки башка.126
Британия терең мамлекети ирландиялыктарды өзүнүн дининин өкүмдарлыгына киргизе албаганы үчүн муну ар дайым бир маселе катары көргөн. Албетте, Британия терең мамлекети буга өз динин ыйык көргөнү үчүн эмес, бир элди бүт жагынан башкаруу үчүн маани берген. Британия терең мамлекети үчүн «протестант агымы» динге караганда көбүрөөк «жогорку расаны» чагылдырат.
Эволюция теориясынын жайылышы менен расизм абдан күчөгөн бир доордо бул басмырлоо саясаты да өтө күч алган. Натыйжада Британия терең мамлекетинин пропагандасы менен ирландиялыктар «ак маймылдар» деп сыпатталган. (Ирландия элин аруулайбыз)
Өзгөчө 16- жана 17-кылымдарда Британия королдугу Ирландиянын плантацияларын тартып алып, ал аймактарга англиялыктарды жайгаштырган. (Плантациялар – бул, бир аймакта фермердин карамагына кирген жана ал фермер тарабынан башкарылган, кул жумушчулар иштетилген экономикалык жана саясий мекемелер.) Андан соң Ирландиянын плантацияларында ирландиялыктар крепостной болуп, б.а. кандайдыр бир мааниде кул болуп иштеп башташкан. Башкача айтканда, ирландиялыктар өз мекенинде кулга айландырылган.
Плантациялар 18-кылымда жоюлганы менен, ирландиялыктар кулчулук доорунан бери уланган жакырчылыктан чыга алышкан эмес. Британия терең мамлекети плантация доору бүтүп баратканда, 17-кылымдан баштап, ал аймакта протестанттардан турган бир башкаруучу тапты түзгөн. Кылымдар бою кул болуп жашаган католик ирландиялыктар болсо Британия терең мамлекетинин бул иш-аракеттеринин натыйжасында коомдун эң төмөнкү классына айланган.
1829-жылы чектөөлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн жойгон «Emancipation Act» аттуу эркиндик мыйзамы күчүнө киргенге чейин, Улуу Британияда ирландиялыктарга төмөнкү класстагы адамдардай мамиле кылынган. Жерге ээлик кылуу, окуу жайын ачуу жана парламентке кирүү укуктары болгон эмес. Кыскасы, ирландиялыктар өздөрүнүн мекенинде жашап жатканына карабастан, Улуу Британия аларга колониялардай мамиле кылган. Мыйзам кабыл алынаары менен эле экономикалык таптар өзгөрүп кеткен эмес. Ирландия калкы бай англиялык жер ээлеринин колунда жумушчу катары, жакыр бойдон жашоолорун уланткан.

Ирландия эли өз жеринде жакырчылыкка туш болгон.

Ирландиялыктардын ачарчылыкка ташталышы

Мурдакы бөлүмдө айтылгандай, Томас Мальтустун «калктын санын көзөмөлдөө керек» деген, эч кандай илимий негизсиз гипотезасын иштеп чыгышына Британия терең мамлекетинин колониялардагы кыргындарына жана согуштарда карапайым калкты өлтүрүшүнө шылтоо табуу аракети себеп болгон.
Мальтустун түшүнүгү боюнча, белгилүү убакыттан соң жер жүзүндөгү азык булактары адамдарга жетпей калат. Бул илимге сыйбаган гипотезага таянып Мальтус адамдар ар дайым жашоо үчүн айоосуз күрөшүшү керек деген ойду жактаган.
Мальтус ушул көз-караштын негизинде жер жүзүндө сөзсүз күрөш болушу керек, бул адамдардын санын азайтат жана натыйжада тамак-аштар менен адамдардын саны теңделет деген. Дарвинист Мальтустун түшүнүгү боюнча, согуш – табияттын бир механизми. Британия терең мамлекетинин колонияларындагы жана согуштарындагы жоготуулар адамдардын саны менен тамак-аштардын ортосундагы тең салмактуулукка салым кошкондугу үчүн, «пайдалуу жана мыйзамдуу» деген ойду айтканга аракет кылган.

Ирландиядагы жакырчылык

Чындыгында болсо, согуш табияттын мажбурлуу бир механизми эмес жана дүйнөдөгү азыктар менен адамдардын санынын ортосунда тең салмаксыздык жок. Мальтустун калктын саны менен азык булактары жөнүндөгү сандырак теориясынын илимий негизсиздиги бүгүнкү күндө толук далилденди.
Эч бир эл каттоо жүргүзүлө элек бир коомдо калктын санынын өсүү ылдамдыгын эсептөөгө болбойт. Муну эсептөө үчүн бир канча жыл аралык менен жок дегенде эки жолу эл каттоо жүргүзүлүшү керек. Ошондо гана экөөсүн бири-бирине салыштырып, өсүү ылдамдыгын аныктоого болот. (Анализ чындыкка жакын болушу үчүн эки жылды эле салыштырып коюу жетиштүү болбойт.) Ошондуктан Мальтус жашаган доордо мындай илимий анализ жасаганга эч кандай шарт болгон эмес. «Адамдардын көбөйүшү менен тамак-аштардын көбөйүшү тең салмактуу эмес» деген көз-караш, көрүнүп тургандай, бир гана Британия терең мамлекетинин ыпылас кыргындарын «мыйзамдуу» көрсөтүү үчүн ойлоп чыгарылган бир жалган. Анткени, учурдагы эсептөөлөр жер жүзүндөгү азыктардын дүйнөнүн азыркы калкынан дээрлик эки эсе көп адамга жетээрин көрсөтүүдө.127
Мындан тышкары, ушундай маселе келип чыккан күндө дагы, анын айоосуз кыргындар аркылуу эмес, бири-бирине көмөктөшүү аркылуу чечилээри анык. Жокчулук жана жакырчылык өзүмчүлдүктөн келип чыгат. Адамдар колдорундагы акчалары менен мал-мүлктөрүн иштетпей кулптап койгондо, экономика кыймылдабай калат жана натыйжада экономикалык кризис келип чыгат. Тескерисинче, адамдар акчасын сактап койбостон башкалар менен бөлүшүп, таратканда жана бүт мүмкүнчүлүктөрүн башкаларга да ачып, Аллахка шүгүр кылганда, экономика жанданат, өндүрүш менен керектөө өсөт жана жокчулук менен жакырчылыктын экономикалык пайдубалы жоюлат. Улуу Аллах бул дүйнөнү ушул мыйзам менен жараткан.

Мал-мүлктөрүн Аллах жолунда сарптагандардын (кайыр-садака кылгандардын) мисалы жети башак байлаган, ар бир башагы жүздөн уруктуу жалгыз бир уруктун мисалындай. Аллах каалаганына эсе эсе көбөйтөт. Аллахтын (берешендиги) мол, (Ал баарын) билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 261)

Раббиңер мындай деген эле: «Ант болсун, эгер шүгүр кылсаңар, чындыгында силерге көбөйтөм жана ант болсун, эгер шүгүрсүздүк кылсаңар, күмөнсүз, Менин азабым абдан оор. (Ибрахим Сүрөсү, 7)

Улуу Раббибиз сараңдык кылгандарга молчулук эмес, кыйынчылык келээрин билдирген:

Аллах мол берешендиги менен берген нерселеринде сараңдык кылгандар муну өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун. Жок; бул алар үчүн жамандык. (Али Имран Сүрөсү, 180)

Муну билбеген адамдарды ар кандай материалисттик сөздөр менен оңой эле алдап коюшкан.
Ошентип 19-кылымда Ирландияда жокчулук өкүм сүрүп жатканда, Мальтустун ойлорун Британия терең мамлекетине моюн сунган саясатчылар баш болуп, адамдардын көпчүлүгү кабыл алышкан. 19-кылымдын биринчи жарымында Европадагы башкаруучу таптын мүчөлөрү жалган жерден ойлоп чыгарылган бул «калктын көбөйүү маселесин» талкуулап, жакырлардын өлүм коэффициентин көбөйтүү үчүн, Мальтустун көз-караштарын ишке ашыруунун жолдорун иштеп чыгуу максатында чогулуш уюштурушкан. Алар кыскача төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен:
Жакырларды тазалыкка чакыруунун ордуна, тескери адаттарга түртүшүбүз керек. Шаарларыбыздын көчөлөрүн мындан да тар жасап, бир үйдө жашагандардын санын мындан да көбөйтүүгө жана чума оорусун алып келүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Өлкөбүздө айылдарыбызды акпай, ордунда турган сууларга жакын куруп, аларды саздак жерлерде жашоого үндөшүбүз керек...128
Томас Мальтус (жогоруда) жана
Чарльз Тревельян (төмөндө)
Британияда 19-кылымда ишке ашырылган «жакырларды эзүү» программасы аркылуу «жашоо үчүн күрөштө» күчтүүлөр алсыздарды эзген жана бул калктын санынын «ылдам өсүшүн» токтотот деп шылтоо кылынган. Мальтус теориялык жактан бир зарылчылык катары көргөн «жашоо үчүн күрөшүү» Ирландияда жок жерден миллиондогон жакырлардын өлүмүнө жана абдан кыйналып жашашына себеп болгон.
Лондон тарабынан кызматка дайындалган Ирландия колониясынын башчысы Чарльз Тревельян да Мальтустун таш боор пикирлерин ээрчиген. Тревельян «мамлекет эч качан эркин рынок экономикасына кийлигишпеши керек» деген ишенимде болгон. Ошондуктан ачарчылык менен алпурушкан ирландиялыктарга азык-түлүк таратууга да каршы чыккан. Анын ордуна, өздөрү акча таап, дан азыктарын сатып алышы үчүн, адамдарды керексиз жолдордун курулушунда өлөрчө иштеткен бир мамлекеттик программаны жүргүзгөн. Дан азыктарынын бааларына кийлигишпей койгону үчүн, баалар абдан жогорулап, жол курулушунда иштеген жумушчулардын акчасы жетпей калган жана натыйжада бир миллион адам көз жумган.129
Британия терең мамлекети элдер бул таш боор түшүнүктү кабыл алышы үчүн максаттуу пропаганда жүргүзгөн. Тревельян ирландиялыктар «ушундай абалга татыктуу, жалкоо адамдар» деген калпты жайылтып баштаган. Бул пропагандалардын натыйжасында Британияда жумуш издеген ирландиялык көчмөндөр жумушка алынбай, ал тургай, зомбулукка кабылып башташкан. Мекенинде үй-бүлөлөрү менен жакындары оор ачарчылыкта калганына карабастан...130
Чындыгында болсо, ирландиялыктар Британия терең мамлекети айткандай жалкоолуктан улам жокчулукка туш болушкан эмес. Алардын азык булактарына козу карын микробу жукканы үчүн ушундай абалга келишкен. Ирландия вирус менен алпурушуп жатканда, Британия терең мамлекети ирландиялыктарга жардам жиберилишине бөгөт койгон.


Мальтустун «жашоо үчүн күрөш» жалганы кийинчерээк Дарвиндин илимге туура келбеген ой-пикирлери менен ансайын күчөгөн. Ирландиялыктарга карата таш боор, адамгерчиликсиз мамилелер да өскөн. Дарвиндин фанаты, британиялык тарыхчы жана Ханышанын архиепископунун жардамчысы Чарльз Кингслинин ирландиялыктар жөнүндөгү төмөнкү сөздөрү мунун таамай мисалдарынын бири:

Ирландияда көч

Жүздөгөн миляга созулган, үрөй учурарлык бир өлкөдө алдымдан чыккан адам келбетиндеги шимпанзелер дагы деле көз алдымда турат ... Бирок ак шимпанзелерди көрүү абдан коркунучтуу экен. Терилеринин өңү кара болсо көп маселе жаратмак эмес. Бирок күндүн астында көп турганы үчүн бир аз кызарып калганы болбосо, бул жандыктардын терилери жок дегенде биздикиндей ак.131

Ирландияда "Gorta Mor" (Чоң ачарчылык) айкели.

Дарвинизм Британия терең мамлекетинин таасири менен аң-сезимдерге абдан терең сиңгендиктен, бир «илимпоз» төмөнкү сөздөрдү айтканга чейин барган:
...Бир илимпоз картофель дефицитинен кийин Ирландия элинин жаагы «көбүрөөк негрлердин жаагына окшошуп баштады» дейт.132
Бул таш боор иш-аракеттер Британия терең мамлекетинин дажжалдык түшүнүгүн апачык көрсөтүп турат. Жер жүзүндө өзүн күчтүү сезген Британия терең мамлекети менен ага кызмат кылган адамдар тарых бою ар кандай адилетсиздикти каалагандай жасай алабыз деп ойлошкон. Бирок бир күнү өздөрүнүн алсыз экенин түшүнүшөт. Улуу Аллах жер жүзүндө өзүн бай жана күчтүү сезип, текеберленген адамдарды «сүйбөй турганын» бир аятта төмөнкүчө кабар берген:

Күмөнсүз, Аллах алардын жашыргандарын да, ачык айткандарын да билет; чындыгында Ал текеберлерди (бой көтөргөндөрдү) сүйбөйт. (Нахл Сүрөсү, 23)


Ирландияда жокчулук жана Осмон империясынын падышасы Абдулмажид

Фитофтороз (Phytophthora infestans) аттуу бир козу карын түрү Ирландияда 1845-жылы башталып, 1852-жылга чейин созулган массалык жокчулукка себеп болгон.  Ирландия тилинде «Gorta Mór», б.а. Улуу ачарчылык деп эскерилген бул жокчулуктан улам бир миллионго жакын ирландиялык көз жумуп, 2 миллион ирландиялык мекенинен көчүүгө мажбур болгон.1
Жокчулук абдан күч алган 1847-жылы Осмон империясынын падышасы Абдулмажид хан оор абалдагы Ирландияга жардам берүүнү чечкен. Падышанын Ирландия элине 5 миң фунт стерлинг өлчөмүндө жардам бергиси келгени Британия өкмөтүнө кабар берилген, бирок бул сунуш Британия өкмөтү тарабынан четке кагылган. Анын себеби катары «Британия ханышасы берген жардамдын өлчөмү 2000 фунт стерлинг болсо, Осмон падышасынын Ирландия элине мындан көбүрөөк жардам берүүнү каалашынын ылайыктуу эместиги» айтылган. Мындан улам Осмон империясынын башчылары акчалай жардамды 1000 фунт стерлингге түшүрүп, ага кошумча 4 миң фунт стерлинг өлчөмүндө азык-түлүк жүктөлгөн кемелерди даярдаган.
Дублин портуна жакындаган Осмон империясынын кемелери ал жерге жүк түшүрүү уруксатын ала албаган соң, анын түндүк тарабында жайгашкан Дроэда портуна токтоп, азык-түлүктөр ошол жерге түшүрүлгөн.
Бул сооптуу жардам көптөгөн ирландиялыкка көмөк болуп, өлүмдөн куткарган.

Ирландияга Осмон империясынын жардам

Ирландиянын президенти Мэри Макэлис 2010-жылы Түркияга келгенде бул окуяны эске салган жана «султан Абдулмажид үч азык-түлүк жүктөлгөн кемени Ирландияга жиберген. Ошол кездеги көптөгөн ирландиялык лидерлер менен дин кызматкерлери кол койгон ыраазычылык каты сиздердин мамлекеттик архивиңиздерде турат. Ал кемелердин жүктөрү Дроэда портуна түшүрүлгөн жана ошол кезден бери жарандарыбыздын талабы менен, сиздердин өлкөңүздөрдүн ай жылдызы бул шаарчанын герби катары колдонулуп келе жатат. Түрк адамгерчилигинин бул символдору бүгүнкү күндө да Дроэда футбол командасынын гербинде колдонулууда» деп, ыраазычылыгын билдирген.2
Бул жардам жөнүндө Ирландия президентинин ыраазычылык сөздөрүнөн тышкары, ал кездеги Ирландия ак сөөктөрү тарабынан Осмон империясынын падышасы Абдулмажидге жиберилген жана Стамбулдагы Топкапы сарайынын музей архивинде сакталган бир ыраазычылык каты да бар. Бирок Британиянын архивдеринде бул жардам жөнүндө бир дагы документ жок. Дроэда мэриясынын мурдакы башчысы Фрэнк Годфри буга таң калбаганын айтып, мындай деген: «англиялыктар мындай жардамдын осмондуктар тарабынан ирландиялыктарга жиберилгенин далилдей турган документтердин болушун каалашпайт.»3
Бир нерсени айта кетүү керек: жардам көрсөтүлгөн жылдары Осмон империясы Британия терең мамлекетинин тымызын пландарынан улам, материалдык жактан мурдакыдай күчтүү мамлекет эмес болгон, ал тургай, карызга баткан бир империя эле. Британия империясы болсо тарыхынын эң күчтүү жана эң бай доорун башынан өткөрүп жаткан. Ошондуктан Британиянын жардам бербешинин себеби жокчулук эмес, Британия терең мамлекетинин бөгөт коюшу болгон. Мында Британия терең мамлекети өзүнөн төмөн раса катары көргөн ирландиялыктарды өлүмгө түртүүнү көздөгөн.

Ирландиядагы футболдук клубда ай-жылдыз символу жана султан Абдудмажидге жиберилген
ыраазычылык каты.

1. Joseph R O'Neill, The Irish Potato Famine, ABDO Pub. Co., 2009, s. 1. ISBN 978-1-60453-514-3.
2. İrlanda'da Patates Kıtlığı ve Sultan Abdülmecid, Akademik Perspektif, 27 Haziran 2015, http://akademikperspektif.com/2015/06/27/irlandada-patates-kitligi-ve-sultan-abdulmecid/
3. A.g.m


Австралия

Британия терең мамлекетинин Австралияны колониялаштыруу иш-аракеттери 1788-жылы башталган. 1803-жылы Австралиянын түштүгүндө жайгашкан Тасмания аралына алгачкы англиялык келгиндер (байыр алуучулар) келген. Жаңы келген келгиндер материкте айыл-чарба иштерин жүргүзө турган жаза колониясын ачууну көздөгөн аскерлерден жана туткундардан турган.133
Британиядан жиберилген кишилер аралга келээр замат, ал жердеги жергиликтүү калктын байлыктарын тартып ала башташкан. Аборигендердин айдоо жерлери менен бирге азык-түлүк булактары да жок кылынган. Андан соң аборигендердин өздөрүнө карата геноцид жүргүзүлө баштаган.
Көпчүлүгү түрмөлөрдөн алып келинген, киши өлтүрүү да кошо, ар кандай кылмыштардан соттолгон британиялык келгиндер алгач түшүмдүү деңиз жээктерине жана суулуу аймактарга жайгашышкан. Австралия материгинин көпчүлүк бөлүгү чөл болгондуктан, бир гана байлар эмес, бүт адамдар жээктерде жашашы керек болгон. Жергиликтүү элдин жээктерден материктин ичин көздөй айдалышы аларды өлүмгө түртүүгө тете болгон.

Австралияга келген келгиндер жергиликтүү элди көпчүлүк бөлүгү чөлдөн турган ички аймакты көздөй сүргөн.

Жашоого ыңгайлуу аймактардын үзгүлтүксүз жок кылынышы жергиликтүүлөр менен келгиндердин ортосунда көптөгөн карама-каршылыктарга себеп болгон. Келгиндердин санынын тездик менен өсүшү аралдын талкаланышын ылдамдаткан жана бул жергиликтүүлөрдү оор абалга салган.

Австралияда кен байлыктардын казылышы.

Аралдан кен байлыктар казылып башталганда, басып алуу ансайын күчөгөн. Айдоо жерлерин тартып алып, турак жайларын талап-тоноп, өздөрүн болсо кул кылып иштетүүнү каалашканда, аборигендер бул адилетсиздиктерге каршы чыгышкан. Бул болсо Британия терең мамлекетинин аборигендерге карата геноцид жүргүзүп башташына себеп болгон. Британия терең мамлекети тарабынан аралга жиберилген талап-тоноочулар аборигендерди айоосуз кырып баштаган.
1800-жылдардын башында геноцид менен террор барган сайын күчөгөн. Колония башчыларынын 1826-жылы чыгарган бир мыйзамынын негизинде, жаңы келген ак түстүү колонизаторлорго бир жергиликтүүнүн жакындашы дагы аны өлтүрүүгө шылтоо боло алган.134
Социалдык антрополог жана этнолог Сефа М. Йүрүкел бир эмгегинде Британия терең мамлекетинин Австралиянын жергиликтүү тургундарына карата жүргүзгөн саясатын төмөнкүчө баалаган:
Британиянын башчылары ... Австралиянын жергиликтүүлөрүн да кара, алсыз жана эң төмөнкү расанын өкүлдөрү деп эсептеген. Ал тургай, колонизаторлор жергиликтүүлөрдү айбан сымал бир раса деп эсептегени үчүн, жергиликтүүлөрдү басмырлоо жана кыруу иш-аракеттерин өз ойлорунда керектүү деп ойлошкон. Анткени, Австралияны британиялык колонизаторлор «терра нуллиус» (кожоюнсуз өлкө) катары көрүшкөн. Башкача айтканда, англиялыктар алардан мурда миңдеген жыл жашаган элдин акылары менен укуктарын тебелеп, жаңы Британиянын колониясына эч кандай укугу жок деп эсептешкен жана жергиликтүүлөрдү адам катары көрүшкөн эмес. Негизи колонизатордук түшүнүк менен, англиялыктар өздөрү ойлоп таап, өздөрүнө ыңгайлаштырган «терра нуллиус» доктринасы аркылуу өздөрүн адеп-ахлактык жактан туура көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бул түшүнүк британдыктардын жергиликтүүлөрдү адам катары көргүсү келбешинен жана жергиликтүүлөргө ар кандай азаптарды жасоого шылтоо табуу каалоосунан келип чыккан. Британиялык колонизаторлор «терра нуллиус» доктринасына таянгандыктан, кандайдыр бир мааниде өздөрүнүн логикасы боюнча, өздөрүн адилеттүү көрүшкөн. Мындан эч тынчсызданышкан эмес. Британиянын колонизатордук доктринасы боюнча, жаныбарлардын кылымдар бою жашаган жерлерине бир акысы болбогону сыяктуу, англиялыктар тарабынан бир айбан расасы катары көрүлгөн австралиялык жергиликтүүлөрдүн да, албетте, жашаган жерлерине эч кандай акысы жок эле.135
Британия терең мамлекети Австралияда ыкма катары көбүнчө материктеги жергиликтүү башкаруу аркылуу атайын шылтоо уюштуруп, андан соң калп эле коопсуздукка шылтап жергиликтүү адамдарга аңчылыкка чыгуу ыкмасын колдонгон. Аңчылыкта кармалган жергиликтүүлөрдүн башып кесип, баштыктарга салышкан. Аңчылыктын ийгиликтүү өткөнүн далилдеп көрсөтүү үчүн кесилген баштар бүт элге көрүнүктүү жерде аңчылыкка катышкандар тарабынан көргөзмөгө коюлган. Мындай окуялар 1883-жылы Британия өкмөтүнүн жогорку комиссары Гамильтон Гордондун жакын досу, ошол кездеги премьер-министр Уильям Гладстонго жазган баяндамаларында да сүрөттөлгөн.136
Британиялык келгиндер менен аларды колдогон аскерлерде заманбап ок атуучу куралдар, мылтыктар жана тапанчалар болгон. Жана алар «таап, жок кыл тактикасы» аркылуу кадимкидей согуш жүргүзүшкөн. Келгиндер 1829-жылы май айында жергиликтүүлөргө карата «аңчылык» да уюштурушкан.137

Австралиядагы аборигендерге айбандардай мамиле жасалган. Мунун себеби дарвинизм болгон.

«The Queenslander» гезитинин 1880-жылдын 4-сентябрындагы санынын башкы бетинде британдык колонизаторлордун үрөй учурарлык кыргындарына төмөнкүдөй шылтоо айтылган:
Ак адамдын жер шарындагы өнүгүшүндө Австралиядагы жергиликтүүлөрдүн азап тартышына жана алардын кыйноого алынышына эч ким бөгөт койо албайт. Биз бул кара адамдарды (жергиликтүүлөрдү) коркутуп басышыбыз керек жана аларга жаңы кожоюндарга каршы чыгуунун пайдасыз болоорун үйрөтүшүбүз зарыл.


Австралиянын жергиликтүү калкына карата расисттик көз-караштарды «The Normanton Herald» гезитинин 1883-жылкы санынан да көрүүгө болот. Гезиттеги бир макалада «...Жарым маданияттуу негрлер санда жок байкуштар жана аларды жер жүзүнөн жок кылуу бир кылмыш эмес, негизи мээримдүүлүктүн бир көрсөткүчү»138 деп айтылган. Бул колонизатор башчылардын жергиликтүү калктын бул дүйнөдөгү жашоо укугун жокко чыгарууну көздөгөндүгүн жана алар тарабынан иштелип чыккан таш боор геноцид ыкмаларынын кандай максатта жүргүзүлгөнүн даана айгинелеп турат.
Австралияга саякатка барган белгилүү англиялык адабиятчы Энтони Троллоп британиялык колонизаторлордун жергиликтүү калкка жасаган жырткыч мамилесин төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Биз алардын (жергиликтүү элдин) жерлерин (мекенин) тартып алдык, азык-түлүктөрүн жок кылдык, аларды үрп-адат жана каада-салттарына карама-каршы келген мыйзамдарга баш ийүүгө мажбурладык. Жек көрсө да, биздин ырахаттарыбызга чыдаганга мажбурладык. Өздөрүн жана мал-мүлктөрүн коргогондо аларды өлтүрдүк жана алардын кожоюну экендигибизди оор согуш тактикалары аркылуу мажбурлап кабыл алдырдык.139
Австралиядагы жергиликтүү калктын мындай кыргындарга жана адилетсиздиктерге баш көтөрүүсү болсо өтө катуу жазаланган. Британиялык колонизатор жетекчилер мындай баш көтөрүүлөрдө өлгөн ар бир ак адам үчүн жаза катары жергиликтүү калктан 50 адамды өлтүргөн.140
Тарыхчы Марк Ферро «Колониализм тарыхы» аттуу китебинде британдыктардын Австралиядагы мамилелери жөнүндө мындай деп жазган:
Колонизатор келгиндер караларды жапайы айбандар катары көрүшкөн. Аларга мылтык менен аңчылык кылып өлтүрүшкөн. Австралиялыктын табият мыйзамдарына туура келбей тургандыгын далилдөө үчүн юристтердин чечимдерин колдонушкан. Ал тургай, Сидней гезиттеринде алардан кутулуунун натыйжалуу бир ыкмасы сунушталган: аларды массалык түрдө ууландыруу. «(...) Масссалык кыргындар уюштурулуп, көптөгөн уруулар толугу менен жок кылынган эле.» Жюль Верн Брэникан айым Тасмания жана Австралия жөнүндө (1891) мындай деп кошумчалаган: «Колонизатордук өнүгүүнүн акыркы баскычы бир расаны жок кылуу болсо, анда англиялыктар бул жумушту эң мыкты жасадык деп мактана алышат.»141
Австралиянын Британиядан дайындалган губернатору Артур Филлип 1797-жылы материкке келгенде аборигендердин саны болжол менен 300 миңден 400 миңге чейин болгон. 1900-жылдарга келгенде болсо абориген калкынын 90%ы каза болгон.142
Британия терең мамлекети Тасмания аралына алгачкы келгиндерди 1803-жылы жайгаштырган. Ал кезде аралда 15 миңдей жергиликтүү тургун болгон деп божомолдонот.143 75 жылга созулган жырткыч саясаттардын натыйжасында Тасманиянын миңдеген жергиликтүү тургуну өлтүрүлгөн.144
Австралияда аборигендердин балдарын уурдап кул кылуу окуялары да көп болгон. Келгиндер кандайдыр бир жумуштарды жасатуу үчүн эле эмес, кээде өз ойлорунда «үй жаныбары» кылып багып алуу максатында да аборигендердин балдарын уурдашкан.

Австралия кыргынынын артындагы ыпылас идеология: дарвинизм

Дарвиндин Австралиянын жергиликтүү тургундарын өз оюнда бабуин маймылдарына теңеген түшүнүгү Австралиядагы үрөй учурарлык геноциддин негизги себеби болгон. Дарвинисттик идеологиянын 1859-жылы жайылтылып башташынан көп өтпөстөн, төмөнкүдөй залимдиктер көбөйгөн:
  • 1866-жылы Квинсленддеги Боуэндин мэри Корах Уиллс илимий «үлгү» алуу максатында 1865-жылы бир жергиликтүү тургунду кантип өлтүрүп мүчөлөгөнүн ачык, сүрөттөр менен баяндап берген.
  • Сиднейдеги Австралия музейинин жетекчиси Эдвард Рэмси аборигендерди «Австралия айбандары» деп атаган бир музей китепчесин чыгарган. Китепчеде, ошондой эле, жаңы өлтүрүлгөн жергиликтүүлөрдүн денелерин кантип «Австралиядан эстелик катары» сатып алууга болоору жана алардын үстүлөрүндөгү октордун жарааттарын кантип жабуу керектиги жөнүндөгү көрсөтмөлөр да камтылган. Баш сөөктөрүн чогулткан көптөгөн коллекционерлер анын көрсөтмөлөрүнөн пайдаланышкан. Банджи негрлердин баш сөөктөрүн сурагандан төрт жумадан соң бир жаш илимпоз ага эки баш сөөк жиберген жана ал баш сөөктөрдүн бир уруунун акыркы эки мүчөсү экендигин жана жаңы атып өлтүрүлгөнүн айткан.145
  • Немец эволюционист Амалия Дитрих Австралияга келип, аборигендерди өлтүрүп терилеринин ичин толтуруп, сактоо үчүн уруксат сураган. Эң коркунучтуусу, ага уруксат берилип, кыска убакыттан соң үйүнө бир канча үлгүлөрдү чогултуп кайткан.
  •  Түштүк Уэльстен келген бир миссионер абориген эркек, аял жана жаш балдардан турган бир топтун атчан полициялар тарабынан өлтүрүлүшүнө күбө болуп, үрөйү учкан. Бул окуядан соң алардын денелерине тиешелүү 45 баш сөөгү кайнатылып, арасынан «эң мыкты» деп тандалып алынган 10 баш сөөгү башка өлкөлөргө жиберилген.146

Автралияны басып алган дарвинисттер элдин баш сөөгүн өлчөп, фашисттик көз-караштарына
жасалма шылтоолорду ойлоп чыгарышкан.

Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китеби жарык көргөн соң, буга кубанган кээ бир дарвинисттер адамдын эволюциясындагы «жетишпеген ортоңку формаларды» издеп башташкан. Расист эволюционисттер австралиялык жергиликтүү аборигендерди адамдын эволюциясынын алгачкы этаптарынын бири деп чыгышкан. Ал тургай, муну далилдөө үчүн өлгөн аборигендерди мазарлардан уурдап, Америкадагы жана Европадагы музейлерге сатып башташса, кийинчерээк тирүү аборигендерди клеткада багып, изилдөө жана лабораторияларда өлтүрүү сыяктуу жырткыч иштерди жасашкан.
1991-жылы Австралияда жума сайын чыккан «The Bulletin» журналында Дэвид Монагандын кол тамгасы менен шок кылуучу маалыматтар жарыяланды.147 Монаган 18 ай бул теманын үстүндө иштеп, Лондондо изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана 1990-жылы 8-октябрьда Англияда жарык көргөн «Darwin's Body-Snatchers» (Дарвиндин мазар уурулары) аттуу бир документалдуу эмгекти даярдаган. Журналист Монагандын «The Bulletin» журналында жарыяланган макаласында берилген маалыматтардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
  • Британиялык жана америкалык эволюционисттер «төмөн адам» үлгүлөрүн чогултуу иш-аракеттерин кеңири масштабда жүргүзүшкөн. Вашингтондогу Смитсон институтунда ар кайсы расалардан 15 миң адамдын калдыктары чогултулган. Албетте, ал үлгүлөр эч кандай алар айткандай төмөн расага тиешелүү адамдар эмес эле. Алар физиологиялык түзүлүшү жагынан айырмаланган, ар кайсы этникалык тамырга жана ар кайсы расага тиешелүү адамдар болгон.
  • Музей жетекчилеринен тышкары, Британиянын алдыңкы илимпоздору да денелерди мазарлардан уурдап сатуу иштерине аралашкан.148 Алардын арасында анатомист Ричард Оуэн, антрополог сэр Артур Кейт жана Дарвиндин өзү да болгон. Дарвин бир катында эгер бул каалоосу аларды ачуулантпаса, төрт таза кандуу тасманиялык аборигендин баш сөөгүн каалаарын айткан. Музейлер бир гана скелеттерге эмес, терилерге да кызыгышкан. Аларды көргөзмөгө коюла турган кызыктуу материалдар катары көрүшкөн.
  • Аборигендердин туздалган мээлерине да кызыгуу көп болгон, ал мээлерди өз ойлорунда аборигендердин төмөн раса экендигин далилдөө максатында колдонууну каалашкан.
  • Аборигендерге тиешелүү баш сөөктөрдүн аларды атайылап өлтүрүү аркылуу алынгандыгында эч кандай күмөн жок.

Бир нерсени унутпаш керек: бул жерде клеткаларга камалып, лабораторияларда ар кандай эксперименттер жасалган, мээлери туздалып көргөзмөгө коюлган, баш сөөктөрү коллекцияга айланган аборигендер жөнүндө айтылып жатканда, үй-бүлөсү жана белгилүү бир жашоо таржымалы бар, Аллах Өзүнүн рухунан үйлөгөн, кадимки инсандар жөнүндө сөз болуп жатат. Бул Британия терең мамлекетинин колониялаштырууну кадыресе көрүнүштөй көрсөтүү үчүн иштеп чыккан саясат жана идеологияларынын канчалык зыяндуу жана үрөй учурарлык экендигин далилдөөдө.
Аборигендерге жасалган кыргындарды жана таш боор мамилени далилдеп көрсөткөн дагы бир изилдөө болсо – бул, Австралиянын Айлана-чөйрө жана маданий мурастар боюнча мурдакы министри Шарман Стоун тарабынан жазылган «Aborigines in White Australia: A Documentary History of the Attitudes Affecting Official Policy and the Australian Aborigine 1697–1973» (Австралиялык аборигендерге карата расмий саясатка таасир тийгизген иш-аракеттердин документалдуу тарыхы, 1697-1973) аттуу китеп. Китеп, автордун бир канча жоромолунан тышкары, жалаң гана парламенттик протоколдор, соттук документтер, редакторлорго келген каттар, антропологиялык баяндамалар сыяктуу расмий документтерден турат.

Дэвид Монаган "Darwin’s Body-Snatchers" (Дарвиндин мазар уурулары) аттуу даректүү тасмада
аборигендердин баш сөөгүн жана терисин алуу үчүн атайылап өлтүрүлгөнүн далилдеп көрсөткөн.

Шарман Стоун бул китепте Дарвиндин теориясы менен аборигендердин өлтүрүлүшүн төмөнкүдөй байланыштырган:
1859-жылы Чарльз Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китеби менен бирге, биологиялык (жана натыйжада социалдык) эволюция адамдар түшүнө ала турган тил менен түшүндүрүлүп баштаган. Билимдүү кишилер маданияттын бир калыптуу, түз сызыктуу процесс экендигин жана расалардын бул түз сызыкта төмөн же жогору көздөй кыймылдаарын өз ара талкуулап башташкан. Европалыктар «жашап кетүүгө эң ылайыктуу деп эсептелген...» (Аборигендер болсо) табияттын мыйзамына ылайык, динозаврлар жана додо (дронт) канаттуусу сыяктуу бир күнү жок болушмак. Өз колдору менен колдоого алынган бул теория 20-кылымдын белгилүү бөлүгүндө кара расанын көбөйгөнү байкалганга чейин кабыл алынып, эскерилип келди. Ошол кезге чейин кайдыгерликти жана киши өлтүрүүнү кадыресе көрсөтүү үчүн колдонулду.149
Стоун да айткандай, кээ бир европалык дарвинисттер аборигендердин тынымсыз өлүп азайышын бул расанын «табият мыйзамдарына ылайык» сөзсүз жок болооруна «далил» катары көрсөтүшкөн. Бирок бул илимге да, логикага да карама-каршы келген. Анткени, аборигендердин өлүмүнө табият мыйзамдары эмес, адам колу менен жасалган кыргындар себеп болгон.


1861-жылы бир тергөө учурунда бир полиция кызматкеринин берген жооптору аборигендерге жасалган начар мамиленин дарвинисттик жана расисттик пайдубалдарын жана ал кезде мунун толук кадыресе кабыл алынганын таамай көрсөтөт. Ал кызматкер мындай деген:
«Эгер караларды жазалабасак, бул бир алсыздык катары кабыл алынабы?» «Ооба, толугу менен ошондой деп ойлойм. Бул кайсы расанын эң күчтүү экендигине байланыштуу бир суроо: эгер аларга моюн сунсак, мындан улам бизди алсыз көрүшөбү?»150
Лондондон чыккан «Anthropological Review» аттуу журналдан эволюционист антрополог Фридрих Макс Мюллер 1870-жылы адам расаларын жети категорияга бөлгөн: аборигендер эң төмөндө жайгашса, европалык актардын ата-бабалары болгон арий расасы эң үстүнөн орун алган. Белгилүү социал-дарвинист Х.К. Русден (H.K. Rusden) болсо 1876-жылы аборигендер жөнүндө мындай деген:
Эң ылайыктуулардын жашашы «чындык күчтүүлөр тарапта» деген мааниге келет. Ошондуктан австралиялыктар жана маори расасы сыяктуу төмөн расаларды жок кылганда, таш боор жана өзгөрүлбөс табигый тандалуу мыйзамдарын орундатабыз ... жана мурасын оор басырыктуулук менен кабыл алабыз.151


Тасманиядагы «Royal Society» коомунун жетекчисинин орун басары Джеймс Барнард болсо 1890-жылы «жок кылуу эволюциянын жана «эң ылайыктуулар жашайт» мыйзамынын бир иш-чарасы» деген жана сөзүн «ошондуктан австралиялык аборигендерди өлтүрүүнү айыптоого эч кандай себеп жок» деп уланткан.152
1880-жылы чыккан бир гезит кабарында мындай деп айтылган:
Бул дүйнөдөгү өнүгүүбүздү башкарган табышмактуу жана өзгөрүлбөс мыйзамдарды өзгөрткөнгө биздин колубуздан эч нерсе келбейт. Австралиянын жергиликтүү расасы ушул мыйзамдардын негизинде ак адамдар ал жерге барган соң өлүмгө дуушар болду. Биздин бир гана милдетибиз жана кызматыбыз бар: бул окуяларга мүмкүн болушунча эң аз жырткычтыкты колдонуп көмөкчү болуу. Караларды коркутуп башкарышыбыз керек...153
Бул саптар социал-дарвинисттик көз-караштын пайдубалындагы таш боордукту дагы бир жолу айгинелеп турат. Терисинин өңү жана дене түзүлүшүнүн кээ бир өзгөчөлүктөрү башкача болгону үчүн гана бул адамдарды өз ойлорунда бир жаныбардын түрүндөй көрүшү жана аларга айбандардан да начар мамиле кылышы социал-дарвинисттердин залимдигинин бир эле далили. 1880-жылы гезитке жазылган бир катта болсо социал-дарвинисттердин аборигендерге жасаган зулумдуктары төмөнкүчө баяндалган:
Ачыгын айтсак, бул биздин аборигендер менен кантип күрөшкөнүбүздү көрсөтөт: жергиликтүү аборигендердин жашаган жерлерин басып алган соң, аларга ал аймактагы жапайы айбандар же канаттуулардай мамиле кылдык. Жашоолору менен мал-мүлктөрү, торлору менен кайыктары европалыктар тарабынан өздөрү каалагандай колдонуу максатында тартып алынды. Азык-түлүктөрү алынды, балдары мажбурлап уурдалды, аялдары ак адамдардын капризи үчүн гана алып кетилди. Кичине каршы чыккандарга да курал менен жооп берилди... Көңүл ачууну каалагандар жергиликтүү караларды эч тоскоолдуксуз өлтүрүштү, аларды зордукташты жана талап-тоношту. Булар көзөмөлдөн чыгып кеткен эле жана колониянын башчылары аларды жасаган кылмыштарынын жыйынтыгынан куткаруу үчүн ар дайым алардын жанында болушту.154


Көрүнүп тургандай, адамгерчиликсиз мамилелердин, таш боордуктардын, зомбулук жана геноциддердин баары дарвинизмдин «табигый тандалуу», «жашоо үчүн күрөш», «алсыздар жок болот» деген сыяктуу гипотезалары аркылуу мыйзамдаштырууга аракет кылынган. Адамзатка жасалган кылмыштардын баарын Британия терең мамлекети ар дайым жаап-жашырып келген. Британия терең мамлекетинин колониализм планы башынан ушундай түзүлгөн.

Британия терең мамлекети аборигендерди ушинтип басмырлаган. Чындыгында болсо, бардык расалар
Аз. Адам (ас)дын урпактары.

Британия терең мамлекетинин Австралиядагы расист мамилеси колония жылдарынан кийин да өз таасирин уланткан. Ал тургай, ак эместердин Австралияга көчүп барышына бөгөт койгон «Ак Австралия» саясаты 1973-жылга чейин улантылган. Австралиялык аборигендерге 1960-жылдарга чейин саясий тең укуктуулук берилген эмес жана көпчүлүгү жарандыкка ылайыктуу көрүлбөгөнү үчүн шайлоолордо добуш бере алган эмес.155

Британия терең мамлекетинин "ак Австралия" саясаты 1973-жылга чейин уланган.

Жер жүзүндө алсыз кылынып, адилетсиздикке кабылгандар Аллахтын сөзсүз адилеттүүлүктү орнотооруна ишениши керек. Улуу Аллах фараон окуясын буга мисал катары келтирген:

Чындыгында фараон жер бетинде (Египетте) бой көтөрүп, ал жердин элин бир катар бөлүктөргө ажыратып бөлгөн эле; алардын бир бөлүгүн алсыз кылып, эркек балдарын союп, аялдарын тирүү калтырган. Себеби ал бузукулардан болчу. Биз болсо жер жүзүндө алсыз кылынгандарга жакшылык кылып, аларды алдыңкылар (жол башчылар) жана мураскорлор кылууну каалайбыз. Жана аларга жер жүзүндө бийлик берип жайгаштырууну, фараонго, Хаманга жана аскерлерине корккон нерселерин көрсөтүүнү (каалайбыз). (Касас Сүрөсү, 4-6)

Аборигендер 1960-жылдарга чейин саясий укуктарын колдоно алышкан эмес. Абориген эли үчүн
өткөрүлгөн митингдердин мисалдар.

"Ак Австралия" саясатына маалымат каражаттары колдоо көрсөткөн.
  

Абориген үй-бүлөлөр уурдоолор үчүн жооп берүүнү талап кылууда

Австралиянын унутулган түндүк-батыш чөлдөрүндө жашаган аборигендер ачык түстүү балдарын медицина кызматкерлери алып кетпеши үчүн көмүр менен бойошкон.
Уурдалган балдардын бири көп жылдардан кийин мындай деген: «Тиешелүү кызматкерлер бизди табаар замат алып кетишчү, элибиз бизди жашырып, көмүр менен терилерибизди бойошчу.»
Бала кезинде уурдалган бир жумушчу: «Муула Булла станциясына (Moola Bulla) алып барылганымда болгону 5 же 6 жашта болчумун.»
Анын баяны «уурдалган муун» жөнүндө иликтөө иштерин баштаткан Австралиянын Адам укуктары жана бирдей мүмкүнчүлүктөр комиссиясы тарабынан тыңдалган миңдеген баяндын бирөөсү гана эле. 1910-жылдан 1970-жылдарга чейин абориген үй-бүлөлөрдөн 100 миңдей жаш бала уурдалган. Аборигендердин ачык (агыраак) түстүү балдары үй-бүлөлөрүнөн уурдалып, ак адамдардын үй-бүлөлөрүнө асыранды бала кылып берилген. Кара түстүүлөр болсо жетимдер үйүнө жайгаштырылган.1
Жергиликтүүлөргө жасалган кысымчылык жана зомбулуктар кыргын менен эле чектелбестен, маданий геноцид да жүргүзүлгөн. Тасманиядагы жергиликтүү тургундардын эне тилиндеги аттары алгач мүмкүн болушунча англис тилине которулган же жергиликтүүлөргө кыскартылган, популярдуу британиялык ысымдар ыйгарылган. Аягында жергиликтүү адам аттары толугу менен британиялык аттарга алмаштырылган.2
Мындан тышкары, кул катары иштетилген жергиликтүүлөр британдыктардын кийимдерин кийүүгө жана алардын маданиятындай жашоого мажбурланган. Алар бир гана кызматчы же жумушчу катары пайдаланылып, дээрлик толугу менен кара жумуштарды жасашкан.

5-6 жаштарында кулчулукка уурдалган Муула Булла

1. Philadelphia Daily News, 1 Nisan 28
2. Angela Melville, Cultural Genocide in Tasmania, http://www.slideshare.net/iisl/cultural-genocide-in-tasmania


Индия

Англиялыктардын колунда иштеген индус жумушчулар.
Британия терең мамлекетинин Индияга байланыштуу планы жана ошонун негизинде индустарга жасалган зулумдуктар бул китептин 1-томунда терең каралган. Бул китептин бул бөлүмүнүн темасы Британия терең мамлекетинин колониализм тарыхы болгондуктан, Индия жөнүндө мурда айтылбаган кээ бир жагдайларга токтолобуз. Бул маалыматтар Британия терең мамлекетинин расисттик фашист түшүнүгүн жана башка расаларга карата жүргүзгөн зомбулукчу басмырлоо саясатын жакшыраак түшүнүүгө салым кошот.
Британия терең мамлекети Индияга алгачкы казатын 1600-жылы Чыгыш Индия (Ост-Индия) компаниясы (East India Company) аркылуу жасаган. Индияда Британия терең мамлекети биринчи кезекте Индиянын чоң киреше булагы болгон кездеме токуу (текстиль) тармагын колго киргизген. Индия иштетилбеген пахтасын сатып, андан кездеме токулган соң аны кайра сатып алууга мажбур болгон. Натыйжада өзү саткан продукцияны кымбат алып, андан зыян тартып баштаган. Мындан тышкары, Британиядагы өнөр-жайда машина жабдыктар колдонулганы үчүн анын кездемеси арзаныраак болуп, Индиянын кездемеси жакшы сатылбай калган. Бул өндүрүштүн токтошуна себеп болгон.
Индиялык жазуучу профессор Аниа Ломба (Ania Loomba) Британия терең мамлекетинин Индиянын кездеме токуу тармагын кантип жок кылганын төмөнкүчө баяндаган:
Индияда өндүрүлгөн чийки пахта кийим өндүрүшүндө колдонуу үчүн Британияга жиберилген, андан тигилген кийимдер кайрадан Индияга сатылып, натыйжада өлкөнүн кийим өндүрүшү зыян тарткан. Адамдар менен продукциялар кайсы тарапка акса да, кирешелер дайыма «негизги мекенге» (Британияга) аккан.156
Чыгыш Индия компаниясы кыска убакытта Индиянын көпчүлүк бөлүгүн башкарып баштап, аты Британдык Чыгыш Индия компаниясы деп өзгөртүлгөн. Ошентип Индия дээрлик толугу менен Британия терең мамлекетинин карамагына өткөн.
Компаниянын Индиядагы генерал-губернатору, Далхаузи шаарынын лорду Джеймс Брун-Рамсей тарабынан иштелип чыккан «Doctrine of Lapse» (Акысынан ажыроо доктринасы) буга бир мисал боло алат. Бул токтом аркылуу өлкөдөгү мураскорлук эрежелери өзгөртүлгөн. Компания «жогорку өкүмдар» катары кабыл алынган аймактарда индиялыктардын мураскорлук салттары жокко чыгарылып, мураскорлук укугу Британдык Чыгыш Индия компаниясына өткөн.

Британия тарабынан эзилген индус жумушчулар

Компания бул жаңы доктринаны колдонуп князьдык мамлекеттер болгон Сатара, Джайпур жана Самбалпур, Нагпур жана Джханси, Танджавур Маратха князьдыгы, Аркот, жана Удайпур мамлекеттерин басып алган.157 Мындан тышкары, «өкүмдары бийлигин жаман иштерге колдонду» деген айыптоо менен Авадх мамлекетин «Акысынан ажыроо доктринасынын» негизинде 1856-жылы басып алып, өз карамагына киргизген.158


Тарыхчы, колониализм адиси Марк Ферро Индиянын Британия терең мамлекетинин карамагына өтүшүн төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Афган жана монгол императорлор жок дегенде чогулткан оор салыктарын кайра эле Индияда сарпташкан, сарайларын оңдоо жана аскерлерин багуу муктаждыгы болгон жана бул индиялык кол өнөрчүлөргө киреше алып келген. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр өкүмдарлардын пайдасыз иштерди жасаганын көрсөткөнү менен, салык кирешелери өлкөнүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулаткан. Чыгыш Индия компаниясы бийликти колго алган соң бул система бузулган... Өлкөнүн кирешелерин Британия соруп баштаган... Индия эмес.159
1857-жылы Индияда британдыктарга каршы «сипаи (индиялык аскер биримдиги) көтөрүлүшү» аттуу чоң бир көтөрүлүш башталган. Индиянын армиясынын ичинен башталып, Түндүк Индияга чейин тараган бул көтөрүлүш кийинки улутчул муундарга үлгү болгон жана учурда «Индиянын алгачкы көз-карандысыздык согушу» деп кабыл алынат.160
Бирок Британия терең мамлекети бул көтөрүлүшкө өтө катуу жооп көрсөткөн.


UCLA университетинин профессору Дженни Шарп 1857-жылы башталган британдыктарга каршы көтөрүлүш темасындагы анализинде көтөрүлүшчүлөргө колдонулган жазалоо жана көзөмөлдөө механизмдеринин абдан тымызын жүргүзүлгөнүн айтат. Ал тургай, тиешелүү кызматкерлердин көтөрүлүшкө чыккан индустарды айоосуз, ритуалдаштырылган, майрамдоо формасында жазалаганын айткан.161 Ошол тушта «The Times» гезитинде чыккан кабарлар жана кээ бир британиялык аскерлердин сөздөрү Дженни Шарптын бул кыргындар жөнүндөгү жыйынтыктарын төмөнкүчө тастыктайт:
«The Times» гезити «ал жердеги ар бир дарактын жана ар бир калкан дубалынын үстүнө бир көтөрүлүшчүнүн өлгөн денесин» асууну талап кылган. Британдыктардын жазалоо маршрутун чындап эле жолдун боюндагы дарактарга асылган сансыз денелер аркылуу аныктоого болот эле. Лейтенант Кендал Когхилл мындай деген: «Алдыбыздан чыккан бүт айылдарды өрттөдүк жана ар бир дарактын бүт бутактары асылып турган жүзү караларга толгонго чейин, туткундарыбызга жаман мамиле кылган бүт айылдыктарды астык.» Жазалоолор эң жогорку чегине жеткенде, Канпурда дагы деле жашаган чоң баньян дарагында 150 адамдын денеси гүл чынжырларына окшоп асылып турган. Көтөрүлүштүн мөмөлөрү, эч күмөнсүз, ачуу болгон.162

Ханыша индус кызматкерлери менен

Көтөрүлүштөн соң Индия элине жасалган таш боор кыргындардан тышкары, дагы бир чоң өзгөрүү болгон, т.а. Индиянын башкаруу формасы да өзгөргөн. Козголоң басылаар замат Британия королдугу Индияны түздөн-түз башкарып баштаган. Ханыша Виктория Индиянын императору болуп кабыл алынган.163

Амритсар кыргыны

Махатма Ганди

20-кылымдын баштарында индустардын Индиядагы британдык колонизаторлорго болгон нааразылыгы кайрадан күчөп, коомдо ар кандай нааразычылык акциялары келип чыккан.
1919-жылы Пенджаб штатындагы британдыктар индустардын Британиянын башкаруусун кулатышынан коркуп башташкан. Анткени, Махатма Гандинин бойкот жана тымызын каршылык көрсөтүү чакырыктары кээ бир аймактарда демонстрацияларга айланган. Британиялык жетекчилерди тынчсыздандырган дагы бир жагдай болсо демонстрациялардагы мусулмандар менен индустардын ынтымагы болгон.164
Демонстрациялар көбөйүп баштаганда демонстранттарга ок атылган жана бул чыр-чатактарды ырбаткан. Чыр-чатак ырбаганда, эки англиялык, Пенджаб губернаторунун орун басары сэр Майкл Фрэнсис О'Двайер менен Джаландхардагы жөө аскерлер бригадасынын командири Реджинальд Эдвард Гарри Дайер 11-апрельде гарнизондук аскерлерге элге карата курал колдонууга буйрук берген.165
Индустар 1919-жылы 13-апрельде Пенджаб тургундарынын диний жана маданий фестивалы болгон жылдык Вайсакхи майрамына катышуу үчүн Джаллианваланын бакчаларына чогулушкан. Адамдардын көпчүлүгү майрамдоо үчүн башка жактардан келген. Эл чогулган 60-70 сотых аянттын айланасы бийик дубалдар менен курчалып, 5 эшиги болгон. Эшиктердин бирөөсүнөн башкасы өтө тар болгон. Кененирээк бешинчи эшик болсо куралдуу аскерлер жана автоматтары бар эки сооттуу машина менен тосуп коюлган. Дайер эл аянтка чогулган соң гарнизондорго «аткыла» деп буйрук берген. Гарнизон бардык огу түгөнгөнгө чейин ок атууну токтоткон эмес.166 Ок атуу болжол менен 10 мүнөт бою эч тынымсыз улантылган.167
Англиялык полковник Дайер маал-маалы менен куралынын мээлөөсүн текшерип, эл эң көп чогулган жерлерди мээлеген. Анткени, чогулган элди таратууну эмес, тескерисинче «ал жерге чогулганы үчүн» индустарды жазалоону көздөгөн.168
Окуянын дагы бир үрөй учурарлык тарабы ок атуу адамдар качкан эшиктер тарапка мээленген. Октор дубалдагы төрт кичинекей эшикке чогулган адамдардын үстүнө жааган жана коргонуу үчүн жерге жата калгандар да октон кутула алган эмес. Октон өлбөгөндөр тыгылыштан улам көпчүлүктүн астында, тепсендиде калып көз жумган.169
Бул окуя жөнүндөгү коомдук иликтөөдө өлгөндөрдүн санынын 1000ден ашкандыгы айтылган.170 Амритсарда кызмат кылган англиялык доктор Смит болсо жоготуулардын санын 1800дөн ашат деп билдирген.171

Амритсар кыргыны

Кыргынды баштаган англиялык полковник Дайердин бул окуядан бир күндөн соң, 1919-жылдын 14-апрелинде Амритсардагы элге болгон кайрылуусу төмөнкүдөй болгон:

Бенгалия ачарчылыгы учурунда балдардын поездден төгүлгөн дандарды чогултуу аракеттери

Силер менин бир сипаи (Индиялык аскердик гарнизонго тиешелүү) жана аскер экендигимди жакшы билесиңер. Согуш каалайсыңарбы же тынчтыкпы? Эгер согушууну кааласаңар, өкмөт буга даяр жана эгер тынчтыкты кааласаңар, анда буйруктарымды аткаргыла жана бүт дүкөндөрүңөрдү ачкыла; болбосо ок чыгарам... Болбосо, дүкөндөр мажбурлуу түрдө, аскердик гарнизондор тарабынан ачылат. Бадмашты (айылдык согушчандарды) мага кабарлашыңар керек. Аларды атам. Буйруктарымды аткарып, дүкөндөрүңөрдү ачкыла. Согушууну кааласаңар, ачык айткыла? Англиялыктарды өлтүрүп, жаман иш кылдыңар. Силерден жана балдарыңардан өч алынат.172
Окуядан соң элге тарагыла деп бир дагы эскертүү берилбегенин мойнуна алган173 Дайер гарнизонуна ок атуу буйругун бергенине эч бушайман болгон эмес.174 Дайер өмүр бою бул кыргындын адеп-ахлактык себептери болгонун жактап өткөнү менен, бул окуя Британия терең мамлекетинин дажжалдык жырткыч түшүнүгүн ачык айгинелеген факттардын бири катары тарыхка жазылган.175

Пландалган Бенгалия ачарчылыгы

Британия терең мамлекети Британия башкаруусуна каршы чыккан Индия элин жазалап, тизе бүктүрүү максатында атайлап ачарчылыкты пайда кылган. Андан миллиондогон индус көз жумган.
Жокчулук климаттык шарттар начар болуп, түшүм жакшы болбогондо келип чыгат. Бирок Индиядагы жокчулукка табигый шарттар себеп болгон эмес. Ал жокчулукка негизинен Британдык Чыгыш Индия компаниясы себепчи болгон. Нобель сыйлыгынын ээси, индиялык экономист Амартия Сен 18-кылымдан мурда Индияда эч бир жокчулук болбогонун жана Индияда «жасалма жокчулук» болгондугун белгилеген.176
Индиянын аймагында айдоо жерлер Чыгыш Индия компаниясынын көзөмөлүнө өткөн соң, айыл-чарбадан алынган салык 10%дан 50%га чыгарылган.177 Салыктын акчалай түрдө эмес, түшүм түрүндө да чогултулушу айылдыктардын азык-түлүктү жетиштүү өлчөмдө чогулта албашына себеп болгон. Мындан тышкары, күрүчтү кампага сактоого тыюу салынгандыктан, түшүмсүз мезгилдерде элдердин азык запасы жетишсиз болуп, миллиондогон адамдын өлүмүнө себеп болгон ачарчылык келип чыккан.178
Британдыктар келээрден мурда ички керектөөгө арналган өндүрүш мажбурлуу түрдө экспорттук өндүрүшкө айланып, Индия калкы дүйнөлүк рынок үчүн продукция өндүрүүгө мажбурланган. Андан соң өндүрүш Британия терең мамлекетинин планына ылайык жүргүзүлүп баштаган.
Британдык Чыгыш Индия компаниясы аймакта күрүчтүн ордуна апийимди жана кездеме бойогун жасоодо колдонулган «индиго» аттуу өсүмдүктөрдү өстүрүүнү каалаган. Ал үчүн Бенгалиядагы күрүч өстүрүлгөн айдоо жерлер толугу менен жок кылынган. Бул индустардын азык-түлүк запастарын жок кылып, ачарчылыкка себеп болгон.179
Кытайга баңгизат сатуу Британия терең мамлекетине өтө чоң киреше алып келгени үчүн, англиялык соодагерлер Индияда өстүрүлгөн кара куурайдан жана башка өсүмдүктөрдөн алынган баңгизаттарды Кытайга экспорттошкон.
Бул 1769-1773-жылдары болуп өткөн жана болжол менен он миллион адамдын, б.а. аймактагы калктын үчтөн биринин өлүмүнө себеп болгон Бенгалия ачарчылыгын пайда кылган.180 Миллиондогон адамга өз таасирин тийгизген буга окшогон ачарчылыктар кийин дагы кайталанган.

Британия терең мамлекети Индияда апийим өндүрүшүнө басым жасаган.
Түрк илимпоз Йүжел Булут бул балээнин Британия терең мамлекетинин колу менен жасалганын төмөнкүчө билдирген.
Британдыктардын кандай гана болбосун, мүмкүн болушунча эң кыска убакытта эң көп байлык чогултуу максатын көздөгөн жырткыч колониализм инстинкти менен Индиянын бүт өндүрүш, соода жана бөлүшүү системасын талкалаган саясаттары 1769-1770-жылдардагы белгилүү Бенгалия ачарчылыгын пайда кылган.181

Бенгалия ачарчылыгынын натыйжалары

Компания бул ачарчылык жөнүндө терең баяндамаларды алганына карабастан, муну оңдоого эч аракет кылган эмес. Ачарчылык жөнүндө Британиянын жетекчилигине келген баяндамалар абалдын үрөй учурарлык экендигин ачык айгинелеген:
Бүгүн эрте менен «Lapwing Packet»тин жетекчиси, капитан Гарднер аталган пакет Бенгалиядан Фолмаутка коопсуз жетти деген кабар менен Чыгыш Индиянын парламентине келди. Бенгалиянын жергиликтүү тургундарында коркунучтуу кыйроолорго себеп болгон чоң ачарчылык жөнүндө бир баяндама алып келди; болжол менен эки миллион адам өлүптүр; ошондуктан адамдардын саны өлгөндөрдү көмгөнгө жетпей калыптыр.182
Бул баяндама келгенден жана эки миллион адам өлгөндөн кийинки жылдары ачарчылык андан да күчөп, өлгөндөрдүн саны он миллионго жеткен.
Бирок ачарчылыктан кабардар болгонуна карабастан, Британдык Чыгыш Индия компаниясы өз кирешесин көбөйтүүдөн башка эч нерсени ойлонгон эмес. Ачарчылык болгон жылы айыл-чарбадан алынган киреше 14%га азайганы менен, кийинки жылдары салыктар андан да жогорулатылып, киреше көбөйтүлгөн. Ачарчылыкка карабастан, компаниянын кирешеси 1771-жылы 1768-жылга караганда жогорураак болгон.183 Жалпысынан компаниянын кирешеси 1765-жылы 15 миллион рупий болсо, 1777-жылы 30 миллионго жеткен.184

Британия терең мамлекети уюштурган Бенгалия ачарчылыгынын үрөй учурарлык натыйжалары.

1900-жылдардан кийин да Индияда ачарчылыктар уланган. 19-кылымдын аягында Индияда дагы бир түшүмсүз период болуп, болжол менен 15 миллион адам көз жумган кеңири масштабдуу ачарчылыктар келип чыккан. 1873-1874-жылдары Бихардагы жокчулук 21,5 миллион адамга өз таасирин тийгизсе,185 1876-1878-жылдардагы Мадрастагы ачарчылыктан 5,5 миллион адам көз жумган.186
Мадрас ачарчылыгында теги британиялык, Индия губернатору лорд Литтондун буйругу менен рекорддук өлчөмдө буудайдын экспорттолушу (320 миң тонна) өлгөндөрдүн көп болушунун эң негизги себеби болгон.187 Индияда ар жылы түшүмдүн бирдей болбошун билген калк буудай менен күрүчтү запастоо аркылуу жокчулуктан коргонгон. Бирок көбүрөөк экспорттоо үчүн айдоо жерлеринин туура эмес колдонулушу жана элге азыкты запастоого уруксат берилбеши сөзсүз түрдө ачарчылыктарга алып келген.
Бир гана пайданы көздөгөн ушул сыяктуу экономика жана айыл-чарба саясаттары аркылуу Британия терең мамлекети атайылап индустарды ачарчылыкка жана өлүмгө түрткөн. Анткени, Британия терең мамлекети Индия калкын эч барктаган эмес. Бул мафиялашкан уюм экспорттон түшкөн кирешени ал жердеги адамдардан жогору койгон.
1943-жылы Британия терең мамлекетинин таасири менен Бенгалияда дагы бир чоң ачарчылык келип чыккан. Ал ачарчылыкта 1,5 миллиондон 4 миллионго чейин адам жакшы тамактанбаганы үчүн көз жумган.188 Бул ачарчылык, ошондой эле, чоң экономикалык жана социалдык бузулууга да себеп болуп, миллиондогон үй-бүлөнү азапка салган.189
Тышкы жардамдар аркылуу жокчулукту токтотуп, адамдарды куткаруу мүмкүнчүлүгү турганына карабастан, Британия терең мамлекети муну жасаган эмес. Тескерисинче, жардамдарга тоскоол болгон. Ал кездеги Британиянын премьер-министри Черчилль 1943-жылы Индияга кемелер менен азык-түлүк жиберүүгө уруксат берген эмес.190 Ошондой эле, Черчилль 1943-жылы январьда Британияга азык-түлүк жана чийки зат запастоо үчүн Инд океанында кызмат кылган соода кемелеринин көпчүлүгүн Атлантика океанына жылдырган; ошондуктан Индияга жүк ташуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес.191 Америка жана Канада өкмөттөрүнүн азык-түлүк менен жардам берели деген сунуштарын да Британия өкмөтү четке каккан.192
2010-жылы «Scientific American» журналынын мурдакы редактору Мадхусри Мукерджи «Churchill's Secret War» (Черчилльдин тымызын согушу) аттуу китебинде ачарчылыктын пландуу уюштурулганын жана миллиондогон адамдын өлүмүн Черчилльдин атайын пландаганын көптөгөн документтер менен далилдеп көрсөткөн. Мукерджинин китебинде Черчилльдин ачарчылыктагы ролу «10 Evil Crimes of British Empire» (Британия империясынын 10 бузуку кылмышы) аттуу макалада төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Черчилль согуш шарттарынын буга мүмкүнчүлүк бербестигин айтып, материалы мол Британия гарнизондорунан материал жиберүүдөн баш тарткан. Ушуну менен эле чектелсе көп деле зыяндуу болмок эмес; мындан тышкары, айтылышы боюнча, Канада менен Американын Индияга жардам кемелерине да бөгөт койгон. Индиялыктардын өз маселесин өздөрүнүн чечишине да мүмкүнчүлүк берген эмес: колонизатор өкмөт ачарчылык менен алпурушкан элдерге жардам берүү максатында өлкөнүн өзүнүн кемелерин же валюта резервдерин колдонушуна да тыюу салган. Ал ортодо Лондон өтө оор салыктары менен дан азыктарынын бааларын муктаж жана ачка адамдардын күчү жетпей турганчалык кымбаттатып жиберген. Эң үрөй учурарлык нерсе: Дели өкмөтү телеграф аркылуу адамдардын каза болуп жатканын кабар бергенде, айтылышы боюнча, Черчилль болгону Гандинин эмне үчүн дагы эле өлбөгөнүн сураган.
Эгер булардын баары чын болсо, негизи баары документтер менен тастыкталган, анда «фашисттерге каршы күрөшкөн англиялык баатыр» Уинстон Черчилль Сталиндин Украинадагы геноциди сыяктуу көптөгөн күнөөсүз адамдын ачарчылыктан көз жумушуна себеп болгон.193
Бул таш боордуктар Британия терең мамлекетинин кол алдындагы өлкөлөргө карата канчалык адамгерчиликсиз мамилелерге барышы мүмкүн экенин ачык айгинелеп турат. Колониясындагы өлкөлөрдүн калкын барктабаган, экономикалык пайдасын гана ойлогон жана, ал тургай, жырткыч иштерди жасоодон ырахат алган Британия терең мамлекети кылымдар бою дүйнөнүн төрт тарабында көптөгөн кордуктарга себеп болду.

Бенгалия ачарчылыгында адамдар, ал тургай, айбандар да көчөдө тамак таппай көз жумган.

Британия терең мамлекетинин таасириндеги жазуучулардын бири, түрк душманы Чарльз Диккенс 1857-жылы 4-октябрьда Баронесса Бердетт Куттска жазган катында Британия терең мамлекетинин фашисттик түшүнүгүн төмөнкүчө мойнуна алган:
Индиядагы жооптуу кызматкер мен болгонумда кана ... Бул расаны жок кылуу үчүн колумдан келгендин баарын жасамакмын.194
Британия терең мамлекетине баш ийген саясатчылардын бири, Индиянын алгачкы премьер-министри Джавахарлал Нерунун төмөнкү сөздөрү терең мамлекеттин пландуу стратегия жүргүзгөнүн жана башкарууну өзүнүн колдоочуларына калтырганын ачык далилдейт:
«...жеке инсан катары британдыктарга карата эч бир жаман сезимим болгон эмес. Ал тургай, ичимден бул расага суктанчумун ... Британиянын улуу урматтууларына толук берилүү сезими менен, анын бут кийиминин боосун чечүүгө да өзүбүздү ылайык көрчү эмеспиз.»195
Индустар британдыктар тарабынан бир эле Индияда эмес, Африкада да кул катары иштетилген. Тарыхчы Эрик Уильямстын айтуусу боюнча, 1833-жылдан 1917-жылга чейин британдыктар Тринидадга 145 миң, Гвианага 238 миң, Гваделупага 39 миң индусту иштетүү үчүн алып барышкан.196

Британия терең мамлекети индустарды кул катары көрүп, Африканын ар кайсы аймактарына жумушка айдаган.

Британия терең мамлекетинин Индияны бөлүү планы

Индиянын Британия терең мамлекети каалагандай абалга келип, бөлүктөргө бөлүнүшү жана бир тарапта колдонула турган индустардын, экинчи тарапта болсо эзиле турган мусулмандардын калышы абдан эски бир план. Англиялык тарыхчы Марк Кертис бул акыйкатты «Secret Affairs: Britain's Collusion with Radical Islam» (Тымызын мамилелер: Британиянын радикалдуу Ислам менен жашыруун келишими) аттуу китебинде мындайча сүрөттөгөн:
Британдыктар тарабынан Индия жөнүндө түптөлгөн маалыматтардын, анын ичинде илимий изилдөөлөр да бар, атайылап мазхаб айырмачылыктарына негизделгенин, мусулмандар менен индустардын ортосундагы айырмачылыктардын атайылап алдыңкы планга чыгарылганын көптөн бери көп кишилер айтып келе жатат. Мисалы, 1895-1904-жылдары генерал-губернатор кызматын аткарган лорд Керзонго Индиядан жооптуу министр Джордж Френсис Гамильтон кат жазып, ага төмөнкүдөй сунуштарды берген: «окуу китептерин элдердин ортосундагы айырмачылыктар ансайын өсө тургандай кылып даярдашыңар керек ... Эгер билимдүү индустарды көз-карашы толук карама-каршы эки бөлүккө ажырата алсак, аны кылышыбыз керек. Бул айырмачылык билим берүүнүн өкмөт системабызга жасай турган чабуулуна каршы колубузду күчтөндүрөт.» Бомбейдин 19-кылымдагы губернатору Уильям Элфинстоун болсо «бөл жана башкар» римдиктердин урааны эле, биздики да ошондой болушу керек» деген. Бул көз-караш Британиянын Индияны башкаруусунун маанилүү бөлүгүн түзгөн. Министр Вуд 1862-1863-жылдары Индиянын генерал-губернатору болгон лорд Элгинге жазган бир катында мындай деген: «Индиядагы күчүбүздү бир топту экинчи топко көкүтүү аркылуу коргоп келдик. Муну улантышыбыз керек. Ошондуктан адамдардын бир көз-карашка келишине бөгөт коюу үчүн колуңдан келгендин баарын жаса.» Индиянын башка бир штатынын катчысы Виконт Кросс болсо губернатор лорд Дафферинге мындай деген: «Бул диний айырмачылык биз үчүн абдан пайдалуу.»197
Британия терең мамлекети Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Индияны бөлүү планын айтып чыгып, бирок Экинчи дүйнөлүк согуш башталганы үчүн кечиктирүүгө мажбур болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөн соң муну кайрадан айтып баштаган. Индустар менен мусулмандардын ортосунда олуттуу карама-каршылыктарды чыгарып, эки элдин эки башка мамлекет түзүшү «баарына пайдалуу» болот деп пропаганда жүргүзгөн. Ал үчүн керектүү кишилерди дайындап, аларга өз элдерин көкүттүргөн. План төмөнкүдөй болгон: Британия Индиясында индустар көп жашаган аймакта индустарга тиешелүү Индия мамлекетин, мусулмандар көп жашаган аймакта болсо мусулмандарга тиешелүү Пакистан мамлекетин куруу.
Британия терең мамлекети Индияга келээрден мурда, бул эки элдин ортосунда эч кандай пикир келишпестик болгон эмес.198 Ал тургай, ал кезде мусулмандар көз-карандысыз жана бай жашашкан. Бирок Британия терең мамлекетинин таасири менен кийинчерээк мусулмандар индустардан бир топ көз-каранды жана жакыр болуп башташкан. Француз тарыхчы Марк Ферро бул өзгөрүүнү төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Британдыктардын таасири менен мусулмандар алгач өкүмдарлыгынан, андан соң эгемендүүлүгүнөн ажырап, бийликтеги орундарын жоготушкан. Кийинчерээк каада-салттын кайрадан каралышы менен, бүт алдыңкы нерселерден кол жуушкан. Аягында, бизнес чөйрөсүнүн чоң иш-чараларына катышкандар жана башында алсыз болсо, эми чыныгы экономикалык жана саясий күчкө айланып, байлыгы менен жергиликтүү капиталист буржуазиянын ичинен орун алгандар бир гана индустар болуп калган.199
Британия терең мамлекети индустарды тездик менен саясатка жана Индиянын башкаруусуна киргизип, алардын статусун мусулмандардан жогорураак кылууга аракеттенген.200 Британия терең мамлекети Аллахабад шаарында мусулмандар үчүн өзүнчө, индустар үчүн өзүнчө шайлоо өткөрүп, расмий түрдө бөлүнүүчүлүккө үгүттөгөн.201 Бул саясаттардын натыйжасында индустар менен мусулмандардын ортосундагы карама-каршылыктар күчтүү кагылышууларга айланган.
Экинчи дүйнөлүк согуштун да таасири менен Британия үчүн Индияда калуунун чыгымы абдан жогорулап, Индия өлкөсү жүккө айланып, мурдакыдай жагымдуу болбой калган. Бул шарттар Британиянын, физикалык жактан гана, Индияны таштап кетишине себеп болгон.
1947-жылы 15-июльда Улуу Британиянын парламенти Индиянын көз-карандысыздык мыйзамын кабыл алып, Британия башкаруусун бир айдан соң токтотуу чечимин чыгарган. Индиянын акыркы генерал-губернатору лорд Маунтбэттен 1947-жылдын 14-августунан баштап Индиянын эгемендүүлүктү алаарын, бирок Индия жана Пакистан болуп экиге бөлүнгөндүгүн жарыялаган.

Гезиттер Индиянын эгемендүүлүгүн сүйүнчүлөгөн. Бирок иш жүзүндө эч качан эгемендүүлүк болгон жок.
1947-жылы 5-августта эгемендүүлүк кайрылуусун жасаган Джавахарлал Неру Британия терең мамлекетинин
көзөмөлүнөн чыга алган эмес.

Бул чечимдин негизинде Индиянын ичиндеги аймактар жарыяланган эки мамлекеттин бирине кошулуу же өзүнчө эгемендүү мамлекет болуу тандоосуна туш болгон. Бирок Британия өкмөтү да, индустардын өкүлү болгон Конгресс партиясы да аларды Индияга кошулууга үгүттөгөн.202 Албетте, мында Индиядагы Конгресс партиясынын түпкүрүндө британдыктар тарабынан негизделишинин ролу чоң болгон.203
Коомчулукка Пакистан мусулмандардын өлкөсү, Индия болсо индустардын (индуисттердин) өлкөсү болот деп жарыяланган. Бирок Британия Индиясында мусулмандар менен индустардын жашаган аймактарын бири-биринен ажыратуу оңой болгон эмес. Анткени, эки эл кылымдардан бери бири-бири менен аралашып жашап келген.
1947-жылы июньда кайсы өлкөгө кайсы аймактардын кошулаарын аныктоо максатында сэр Кирилл Рэдклиффтин жетекчилигинде Бенгалия жана Пенджаб үчүн эки башка комиссия түзүлгөн.
Рэдклифф бул кызматка дайындалаардан мурда Индияны эч көргөн эмес. Индия жөнүндө маалыматы жана тажрыйбасы өтө аз болгон. Рэдклиффте жана комиссия мүчөлөрүндө бул жумушка керектүү адистиктер болгон эмес. Аймактар жөнүндө статистикалык маалыматтарды чогултканга да убактылары жеткен эмес. Ал тургай, чек ара чийүүдө керектүү процедураларды үйрөтүп, терең маалымат бере турган кеңешчилери да болгон эмес. Бирок, ошого карабастан, бул кишилерге жумушту тез арада бүтүрүү тапшырмасы берилген. Ал Индияны бөлүп, өлкөдө башаламандык чыгаруу тапшырмасы болгон.204
Комиссиялар 5 жумалык кыска убакыт ичинде жүз миллиондогон адамдын тагдырын чече турган, өтө чоң бир жумушту аткарышы керек болгон. Бирок Индиянын географиялык жана этникалык шарттарында бул өтө оор болгон. Мындан тышкары, мусулмандар менен индустардан тышкары, сикхтер да бар эле. Ошондуктан Пенджабда чек араны белгилөөдө мусулмандар менен индустардан тышкары, сикхтерди да эске алуу керек болгон.
Генерал Гастингс Лайонел Исмей сикхтерге келгенде кийлигишип, Индиянын армиясына миңдеген аскер жиберип, Британия королдугуна кызмат кылганы үчүн, сикхтерге артыкчылык берүүнү талап кылган. Британия терең мамлекетинин көкүтүшүнүн натыйжасында сикхтер да бир тарапка кошулууну каалабастан, «өзүбүзчө мамлекет курабыз» деп көшөрүшкөн.205

Британия терең мамлекети Индия-Пакистан чыңалуусун тутантып, анан өлкөдөн чыккан.

Өлкө Индия жана Пакистан болуп экиге бөлүнгөн соң, Бангладеш да «Чыгыш Пакистан» деген ат менен өзүнчө бөлүнүп чыккан. Индиянын карамагында калган аймактар бул эки Пакистанды бири-биринен бөлүп, байланышын үзгөн. Мындан тышкары, Чыгыш Пакистан деп аталган жерлердин англис баскынчылар атайылап көз жаздымда калтырган аймактардан турушу кийинчерээк ар кандай маселелерди пайда кылган. Бул аймактар Британия терең мамлекетин өзүнө тарткан эмес. Ошондуктан бул аймактын анда жашаган адамдар менен бирге изоляцияда калышына эч маани берген эмес. (Бангладештик бир туугандарыбызды аруулайбыз.) Чыгыш Пакистан мамлекетинин расмий тили боюнча да бир пикир келишпестик келип чыккан. Анткени, Чыгыш Пакистан элинин басымдуу бөлүгү бенгаль тилинде, Батыш Пакистандын эли болсо урду тилинде сүйлөчү. Ушул сыяктуу маселелер Британия терең мамлекетинин үгүттөөсү менен 1971-жылы эки Пакистанды жарандык согушка алып барган. Көптөгөн индустар өлкөгө качып кирди деген шылтоо менен согушка Индия да кийлигишкен. Индиянын кийлигишүүсү Пакистандын жетекчилерин оор абалга салган. Ошондуктан Пакистан күчтөрү көпкө туруштук бере албастан, 1971-жылы 16-ноябрьда Чыгыш Пакистандан чыгып кеткен. Андан соң эки Пакистандын ортосундагы согушка кийлигишкен Индия күчтөрү Батыш Пакистандан бөлүнүп чыккан Бангладешти 1973-жылдын март айына чейин басып алган.
Британия терең мамлекети көкүткөн бул кагылышуулар ушул күнгө чейин уланган Индия-Пакистан чыңалуусун, Пакистан-Бангладеш урушун жана Бангладештеги аянычтуу өлүм жазаларына себеп болгон жарандык согушту пайда кылган. Ошентип Британия терең мамлекети дагы бир аймакка анархия, террор, согуш, кан, жырткычтык, жокчулук жана ачарчылык алып келген.
Британия терең мамлекетинин колонияларында жасаган кылмыштарын колго алган бир эмгекте «Рэдклиффтин сызыгы» деп аталган чек араны аныктоо процесси төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
1947-жылы Британия империясынын бир кызматкери Рэдклифф тарыхка бир калемди кыймылдатуу менен эң көп адамды өлтүргөн киши катары жазылган. Өзүн даярдаганга дээрлик эч убактысы болбогон Рэдклиффке Индия менен жаңы курулган Пакистандын ортосунда, бул аймакта түбөлүккө созула турган диний бөлүнүүчүлүктү аныктай турган чек араларды чийүү милдети тапшырылган. Бул кылдаттык менен жасалса да, көптөгөн миграцияга жана этникалык кагылышууларга себеп болуу ыктымалдыгы бар, оор бир тапшырма болгон. Рэдклифф, болгондо да, эң маанилүү чечимдерди бир түшкү тамак учурунда чыгарышы керек болгон.

Бөлүнүү Индия, Пакистан жана Бангладешке оор азаптарды алып келди.

Аягында этникалык жактан да, географиялык жактан да такыр логикасыз бир чек ара келип чыккан. Туура эмес тарапта калганына үрөйү учкан азыркы Пакистандагы индустар менен азыркы Индиядагы мусулмандар колдоруна таяк алып чуркап башташкан. Натыйжада чарасыздык менен бир өлкөдөн экинчи өлкөгө качууга аракет кылган 30 миллион адам жана ызы-чуулуу бир башаламандык спиралы келип чыккан.206
Рэдклифф жумушун бүтүрүп, Индиядан кетээрден мурда бөлүштүрүүгө тиешелүү бүт документтерди жок кылган.207 Ошентип 500 миң адамдын өлүмүнө жана он миллиондогон адамдын башка өлкөгө көчүшүнө себеп боло турган чек араларды калтырып Британияга кайткан. Бул «кызматы» үчүн сыйлык катары Британия терең мамлекетинин эң негизги уюму болгон Жашыруун кеңешке (Privy Council) мүчөлүккө кабыл алынган.208
Өлкөлөрдү бөлүп, жергиликтүү калкты бири-бири менен уруштуруу Британия терең мамлекетинин эң белгилүү тактикаларынын бири. Мунун эң азаптуу мисалдарынын бири Индияга жасалган. Дагы эле уланып жаткан кагылышууларга, бир тууган эки элдин, б.а. мусулмандар менен индустардын ортосундагы пикир келишпестиктерге, баарына Британия терең мамлекетине жооптуу. Британия терең мамлекети, белгилүү болгондой, өзүнүн кошоматчыларын активдештирип, башаламандыктарды чыгарган соң, ал өлкөдөн чыгып кетет. Мындай тактикалык жүрүш эч качан чыныгы абалды чагылдырбайт. Анткени, Британия терең мамлекетинин колу аскердик, укуктук, саясий жактан да, кошоматчылар жагынан да, бөлүнүп талкаланган өлкөлөрдүн үстүндө калып, ал өлкөлөрдү башкара берет.

Йемен

Жер ортолук деңиз менен Инд океанынын ортосундагы каттамда Йемендин эң маанилүү булуң шаары Аден жайгашкан. Анын соода жана стратегиялык мааниси абдан чоң. Анткени, Аденди башкарган Баб-эль-Мандеб кысыгын жана натыйжада Инд океаны менен Жер ортолук деңиздин ортосундагы бүт деңиз транспортун башкара алат. Ушул себептен 18-кылымдын аягынан баштап күчтүү деңиз флоту бар Британия терең мамлекети Аден шаарына кызыгып баштаган.
Британия терең мамлекети Аденди башкарууда Британдык Чыгыш Индия компаниясын колдонгон. Бул компаниянын кемелерин бул аймакка алып келип, алып кетип башташы бара бара британдыктардын бул жерге кызыгуусунун өсөөрүн көрсөткөн.209

Аден булуңу

Британия терең мамлекети ар кандай интригалар жана паракордук аркылуу көп жылдар бою Аденди колго киргизүүгө аракет кылган. Британия терең мамлекетинин бул аракеттеринен майнап чыкпаган соң, араб каракчылар Британиянын соода кемелерине жолтоо болуп жатат деген шылтоо менен шаар британдыктар тарабынан басып алынган. Англиялык капитан Стаффорд Бетсворт Хейнс 1839-жылы 19-январьда султан менен анын үй-бүлөсүн шаардан чыгып кетүүгө мажбурлап, басып алуу процессин аягына чыгарган.210
Британдыктар Аденди ээлеген соң, Адендин айланасындагы көз-карандысыз султандар менен байланыш түзүшкөн. Йемен Имамы каршы чыкканына карабастан, аймактагы султандар менен достук жана коргонуу келишимдерине кол коюшкан. Бул келишимдердин негизинде Йеменди 1840-жылы экиге бөлүп, Түштүк Йеменди башкарып башташкан.211
Британия терең мамлекети Йеменди каратууда негизинен паракордук ыкмасын колдонгон. Британия терең мамлекети Йеменде кеңири аймактарды башкарган шейхтерге «аренда акы» демиш болуп пара берүү аркылуу аларды өзүнө баш ийдирген. Кээ бир шейхтер ачкөздүк менен ошол парага алданып, Британия терең мамлекетинин кошоматчыларына айланган жана Осмон империясына согуш ачкан.212


Йемендеги соода-сатык иштери Британия терең мамлекетинин күчүнө күч кошкон жана ханыша Виктория тактыга отурган соң, Аден Британия империясынын карамагына өткөн.213 Аден 1937-жылга чейин Аден колониясы деп аталып, Британия терең мамлекетинин Индиядагы жооптуулары тарабынан башкарылып келген.
1960-жылы Адендин башкаруусун талашып, Британия терең мамлекетине баш ийген күчтөр менен йемендиктердин ортосунда чоң кагылышуу болгон. Британдыктар көтөрүлүштү басуу үчүн кыйноо борборлорун ачышкан. Британия терең мамлекетинин колонияларында жасаган айоосуз кылмыштарын сүрөттөгөн бир интернет баракчасында Йеменде болуп өткөн окуялар төмөнкүчө баяндалган:
Катуу жана таш боор бул борборлордо Ким Чен Ын да көргөндө эстен тана турганчалык коркунучтуу жырткычтыктар жасалган. Туткундар жыпжылаңач чечиндирилип, тоңдура турган жана пневмония кыла турган муздаткыч камераларга камалган. Күзөтчүлөр тамекилерин туткундардын терилерине басып өчүрүшкөн жана тынымсыз уруп-сабашкан. Бирок балким эң жаманы жыныстык кыйноолор болсо керек. Кээде жергиликтүү туткундардын жыныстык органдары күчөтчүлөр тарабынан эзилген же металл чыбыкка жылаңач отурганга мажбурланган.
1966-жылы бул кыйноолорго байланыштуу Амнистия уюмунун бир баяндамасы глобалдык масштабда жек көрүүлөргө себеп болду. Эл аралык сынга кабылган Британия кечирим сурады. Бирок кыйноо борборлорун ошол бойдон дагы бир жыл колдонду.214
Йемендин тарыхы Британия терең мамлекетинин колдонгон ыкмаларын түшүнүүгө таамай үлгү боло алат. Коркутуу, шантаж, паракордук, басмырлоо, көкүтүү, жыйым чогултуу, колониялаштыруу, талап-тоноо Британия терең мамлекетинин эң көп колдонгон ыкмаларынан болуп саналат. Мындан эң көп жабыркагандардын бири Йемен болгон. Анткени, Йемендин бөлүнүп, Осмон империясына каршы чыгышы, бир жагынан, Осмон империясын алсыздатса, экинчи жагынан, Британия терең мамлекетин эң көп коркуткан Ислам биримдигине да тоскоол болот деп пландалган.
Йеменде жана Кызыл деңиздин жээктеринде кызмат өтөгөн британиялык офицер Г. Вайман Бери өзүнүн эскерүүлөрүнө арналган бир китебинде мусулмандардын биригишинен канчалык коркушаарын төмөнкүчө жазган:
Биз англиялыктар панислам кыймылын тымызын жана өтө коркунучтуу деп эсептечүбүз жана анын тамырын изилдеп, жайылышына бөгөт коюуга аракет кылчубуз.
... биз англиялыктардын зомбулуктарына каршы чыныгы панислам кыймылынын пайда болушу башыбызга өтө чоң көйгөй алып келиши мүмкүн.215
Ислам биримдигинен Британия терең мамлекети ар дайым аябай коркуп келген. Анткени, Ислам биримдиги Британия терең мамлекетинин таш боор иш-аракеттерин токтотуп, дүйнөгө тынчтык жана бейпилдик алып келет. Ислам биримдиги Британия терең мамлекетинин зомбулуктарын жана башаламандыктарын түп-тамырынан токтотот. Ошондуктан терең мамлекеттин өкүлдөрү ошол кезде дагы, бүгүнкү күндө дагы бул биримдикке согуш жарыялаган.

1960-жылы Британия терең мамлекетинин зулумдугуна каршы Йеменде көтөрүлүш келип чыгып,
натыйжада эл айоосуз жазаланган.


Ислам биримдиги сөзсүз курулат. Мусулмандар өз ара эле эмес, дүйнөдөгү бүт жакшылар менен биригип, жамандыкты токтотушат. Буга Аз. Мехди (ас) себепчи болуп, жол башчылык кылат. Британия терең мамлекети бул акыйкатты илгертен бери билгендиктен, тарых бою мусулмандардын биримдигине жолтоо болууга аракет кылууда. Бирок бул аракеттеринен, Аллахтын каалоосу менен, эч майнап чыкпайт.
Аллахтын убадасы сөзсүз орундалат:

Аллах араңардан ыйман келтиргендерге жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада кылган: Эч күмөнсүз, алардан мурдакыларды «күч жана бийлик ээси» кылган сыяктуу аларды да жер жүзүндө «күч жана бийлик ээси» кылат, алар үчүн тандап жактырган динин аларга бекемдеп, жайгаштырат жана аларды коркууларынан кийин бейпилдикке айландырат... (Нур Сүрөсү, 55)

Британия терең мамлекетинин Йеменге мурасы: кат балээси

Британия терең мамлекетинин Йемендеги кылмыштары басып алуу жана кыргындар менен эле чектелген эмес. Өлкөдө кеңири колдонулган жана баңгизаттардын катарына кирген «кат» өсүмдүгү Ислам тарыхчысы жана Йемен боюнча адис, профессор, доктор Ихсан Сүреййанын тыянагы боюнча, Британия терең мамлекети тарабынан Британиянын башка бир колониясы болгон Эфиопиядан алып келинген.216

Аденге кат баңгизатын ташыган бир кербен.

Кат – колдонгондорго да, Йемен өлкөсүнө да чоң зыян алып келген бир баңгизат. Калкынын 45%ы жакырчылыкта жашаган Йеменде ар бир үч эркектин экөөсүнүн күнүнө 5 долларлык кат колдоноорун эске алганда, бул өсүмдүктүн өлкөгө алып келген чыгымын оңой эле элестетүүгө болот. Ал тургай, кээ бир изилдөөчүлөр Йеменде катка коротулган каражаттын тамак-ашка коротулган каражаттан да көбүрөөк экенин айтышкан.
Кат колдонгон йемендиктерде мээнин иштеши жайлап, жалкоолук келип чыгат. Ошондуктан йемендиктердин жумуш сааттары кыскартылган. Бул оор абалдагы Йемен экономикасына дагы бир сокку болууда.
Каттын дагы бир зыяны айыл-чарбасына тийген. Йеменде элеттиктер кирешелүү болгону үчүн, айдоо жерлерине мөмө-чөмө, жашылча-жемиш же дан азыктарынын ордуна, кат өсүмдүгүн өстүрүшүүдө. Кат айдоо жерлердин көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, өлкөдө ансыз да жетишсиз болгон суу ресурстарынын натыйжасыз пайдаланылышына себеп болууда. Йеменде айыл-чарба сугатынын 40%ы, ал тургай, кээ бир булактарда айтылышы боюнча 60%га жакыны кат өсүмдүгүнө жумшалууда. Кат өндүрүшүнүн жыл сайын 10%дан көбүрөөккө өсүп жаткандыгын эске алганда, сугат маселесинин канчалык кылдат бир маселе экендигин түшүнүүгө болот. Кат өсүмдүгү сугат муктаждыгы абдан жогору болгон, кургак климаттуу Йемен өлкөсүндө суу жетишсиздиги маселесин жыл өткөн сайын татаалдаштырууда.
Британия терең мамлекетинин колониясында турганда Йеменге кат баңгизатын жайылтышынын негизги себеби, Америкадан Европага тамеки алып келиши же Индиядан Кытайга апийим сатышы сыяктуу, оңой жол менен көп киреше табуу каалоосу жана жергиликтүү калкты пассивдештирүү стратегиясы болгон.

Африка

Британия терең мамлекетинин колониялаштыруу зулумдуктары жөнүндө сөз кылганда, Африка материгиндеги зомбулуктарына да сөзсүз кайрылуу керек. Анткени, Африка материгинин 90%ы колониялаштырылган жана анын эң көп бөлүгү Британияга тийген. 16-кылымда колониялаштырылып башталган бул материк 1884-1885-жылдардагы Берлин конференциясында европалык күчтөр тарабынан бөлүштүрүлүп алынган.217

Африка 1884-85-жылдары Берлин конференциясында европалык күчтөр тарабынан бөлүп алынып,
эң чоң үлүш Британияга тийген.

Европадагы 1756-1763-жылдардагы Жети жылдык согуш Европа материгиндеги колонияларды бөлүштүрүүдөгү пикир келишпестиктерден улам келип чыккан жана өзгөчө Франция менен Британиянын ортосунда абдан айоосуз өткөн. Британиянын жеңиши менен аяктаган согуштан соң, Британия Франция менен Голландиянын Африкадагы жерлерин да тартып алган.
Британия 1843-1899-жылдардын ортосунда Гамбия, Сьерра-Леоне, Кот-д'Ивуар, Чад жана мунайзат экспорту боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турган Нигерияны басып алган.218 Суэц каналынан улам геосаясий мааниси абдан жогору болгон Египетти 1882-жылы өзүнө караткан. Андан соң, көпкө созулган бир күрөштүн жыйынтыгында 1899-жылы Суданды басып алган. Британия тарабынан басып алынган Африка өлкөлөрүнүн катарына Гана сыяктуу дагы көптөгөн өлкөлөр кошулган.
Британия терең мамлекети Зимбабве, Замбия жана Малавиде башка бир ыкманы колдонуп, ал жерлерди «эркин соода аймагы» деп жарыялаган; андан соң бул өлкөлөрдү Британия терең мамлекетинин жеке фирмалары башкарып баштаган.
Аягында Түштүк Африка согушунда да Британия терең мамлекети жеңишке жеткен. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин болсо Британия Осмон империясына жана Германияга караштуу кээ бир аймактарды да өзүнө каратып, Камерундун бир бөлүгү менен Тогону жана Танганьиканы басып алган.219

1756-1763-жж. болгон жети жылдык согушту чагылдырган сүрөт.

Сомали Британия Сомалиси жана Италия Сомалиси болуп экиге бөлүнгөн.220 1941-жылы болсо Британия Италияга караштуу аймактарды да өзүнө караткан. Уганда, Кения жана Бечуаналенд (Ботсвана) да Британиянын карамагындагы Африка өлкөлөрүнө айланган.221
Британия терең мамлекетинин Африканы басып алуусу учурундагы окуялар Ниалл Фергюсондун «Empire: How Britain Made the Modern World» (Империя: Британия заманбап дүйнөнү кантип калыптандырган) аттуу китебинде төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Уруу башчылары алданып, уруулар мекендеринен айдалган, мурастар бир манжанын мөөрү менен же ичке бир крест белгиси менен адамдардан тартып алынган жана каршы чыккандардын баары Максим пулемету менен кырылган. Африка элдерине кезеги менен, бир-бирден моюнтурук салынган. Зулустар, матабелелер, машоналар, Нигер падышалыктары, Кано Ислам эмираты, динкалар жана масаилер, судандык мусулмандар, Бенин жана Бехуана. Жаңы кылымдын босогосунда бөлүштүрүү аягына чыккан.222
Британия терең мамлекети көнгөн адатын улантып, Африкадагы колониялаштыруу саясатын да жырткычтык менен баштаган. Британия терең мамлекети тарабынан Африканы таанып билүү жумушу тапшырылган алгачкы ысымдардын бири Генри Мортон Стэнли кайыгынан түшө элек жатып африкалыктарды аткылаган жана ал жөнүндө күндөлүгүнө мындай деп жазган: «ызы-чууну басуу үчүн алты ок менен төрт адамды өлтүрүү жетиштүү болду».223

Сүрөттөрдө Британия терең мамлекетинин башкаруусу астында Британия баш болгон Европа
өлкөлөрүнүн Африканы эзүүсү чагылдырылган: "Ойлонбо Африка. Жумушубуз бүткөндө кетебиз."

Маданий түзүлүшү негизинен айыл-чарбага таянган Африка өлкөлөрүндө айдоо жерлеринин элдерден тартып алынышы, адамдардын жашаган аймактарынан сүрүп чыгарылып, кул кылып иштетилиши бүт коомдук жашоону астын-үстүн кылган. Колониядан кийинки доорду изилдеген, белгилүү антрополог Талал Асад ал доорду кыскача мындай деп сүрөттөгөн:
Коомдук жана саясий теңчилик мындай турсун, диний теңчиликке да мүмкүнчүлүк берген жокпуз.224
Тарыхчы Марк Кертис Британия терең мамлекетине баш ийген бир катар Британия лидерлеринин Африка жөнүндөгү көз-караштарын төмөнкүчө баяндаган:
Лейбористтер (Жумушчулар) партиясынын мүчөсү, тышкы иштер министри Эрнест Бевин 1948-жылы «Африка материгинин... ресурстарын бүт баарына ачуунун» негизги зарылчылык экендигин айткан. 1947-жылы фельдмаршал Монтгомери «Британия Африкасында чексиз өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү бар жана бул өнүгүүнү Улуу Британиянын жашоо стандарттарын коргоо жана мамлекеттүүлүгүн сактап калуу багытында колдонуу зарыл» деген жана «ал жерлерде бизге керектүү бүт нерсе бар» деп айткан. Ошондой эле, «Британия материкти өнүктүрүшү зарыл, ал үчүн «ири бир долбоор» болушу керек, анткени африкалыктар толугу менен жапайы жана өздөрүн өздөрү өнүктүрө алышпайт» деп айткан.225 (Бардык африкалыктарды аруулайбыз)
Британия терең мамлекети мына ушул көз-караштардын негизинде Африкадагы колония саясатын кеңейтип, аймакта бир жагынан өзүнүн жырткыч ыкмаларын колдонсо, экинчи жагынан элдерди бири-бирине касташтыруу саясатын жүргүзгөн. Натыйжада Африкада миңдеген жылдар бою чогуу жашаган уруулар бири-бирине касташып, бүгүнкү күнгө чейин уланган жарандык согуштар башталган. Бул Британия терең мамлекетинин «бөлүп, майдалап, эз» стратегиясын бул аймакта эч кыйынчылыксыз ишке ашырышына шарт түзгөн. Мындай жасалма касташуудан келип чыккан трагедия Африкада дагы деле токтой элек.
Британия терең мамлекетинин Африкадагы өкүмдарлыгын бир канча өлкөлөрдөн мисал келтирип карайлы.

Африкада баланын өлүмүн күткөн жорунун сүрөтү аймактагы абалды таамай чагылдырган
сүрөттөрдүн бири.

Египет

Египеттин тарыхый мурастарынын үстүндөгү Британия аскерлери

1870-жылдары Индиянын импортунун 80%ы Британиядан жасалчу. Ушул себептен ал кездеги белгилүү британиялык дипломат лорд Кромер Индияга барчу деңиз жолу өткөн Суэц каналын жана ошондуктан Египетти эч качан Британиянын карамагынан чыгарбоо керек деген ойду жактаган. 1883-жылы Британия Египеттин үстүнөн өзүнүн башкармалыгын түзгөн жана Кромерди башкы консул кылып дайындап, бул өлкөнү туруктуу башкарып калган.226
Египет расмий түрдө Британиянын колониясы деп жарыяланбаганы менен, теорияда Осмон империясынын карамагына кирип, хедивдер (пашалар) тарабынан башкарылган бул аймактын экономикалык жана саясий түзүлүшү толугу менен Британия терең мамлекетинин контролунда болгон.227 Башкаруучулар ар дайым британиялык губернаторлор же жогорку комиссарлар тарабынан толук көзөмөлгө алынган.228 Жакынкы Чыгышта «Саясат» аттуу илимий бир эмгекте Египеттеги абал төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Египет Британиянын карамагында турган кезде Британиянын өнөр-жайына пахта өстүрүүчү бир өлкөгө айландырылган. Египеттин саясий, аскердик жана маданий (билим берүү) түзүлүшү да, ошол сыяктуу, толугу менен Британиянын кызыкчылыктарына ылайык калыптандырылган. Сыртынан караганда египеттик бюрократтар тарабынан башкарылгандай көрүнгөн бул өлкөдө «кеңешчи» деген сыпат менен миңдеген британиялык кызматкерлер иштеген.229
Бул жерде Британиянын Осмон империясына караштуу Египетке соода-сатык шылтоосу менен кирип, акырындап башкаруу чечимдерине кийлигишип баштаганын жана аягында аймакты өзүнө кошуп алганын эске салуу керек. Бул кошуп алуу процесси Британия терең мамлекетинин аң-сезимин жана Египетке байланыштуу пландарын жакшыраак түшүнүүгө көмөкчү болот. Муну колуңуздагы китептин 1-томунда терең караганбыз.
Британия 1914-жылы декабрьда Египетте протекторат курганын жарыялаган.230 (Британдыктар бир тараптуу чечим менен коргоого жана көзөмөлгө алган мамлекеттериндеги укуктук режимди «протекторат» деп атап коюшкан.) Мунун негизинде Египеттеги жүздөгөн гектар түшүмдүү жерлер, заводдор, кен байлыктар, темир жолдору жана ирригациялык (сугат) объекттердин көпчүлүгү Британия терең мамлекетинин көзөмөлүнө өткөн.
Бул аймактагы стратегиялык жактан эң маанилүү чекиттердин бири болгон Суэц каналы фирмасынын 45% акциясы Британия өкмөтүнүн колуна өткөн. Британия банктарынын Египетке берген карыздарынын бир жылдык пайыздары эле 4 миллион фунтка жеткен. Британия терең мамлекетине кошоматчылык кылган бир катар феодал жер ээлери менен Египеттин кээ бир аттуу-баштууларынан тышкары, бүт калк мындан запкы тарткан.231
Британия 1922-жылы Египетке эгемендүүлүк бергенин жарыялаганы менен, иш жүзүндө Британиянын басып алуучу күчтөрү, кеңешчилери жана өкүлдөрү ошол бойдон кала берген. 1923-жылы Египеттин конституциясын Британия түзгөн. Өкмөттөр ар дайым Британия терең мамлекетинин тастыктоосу менен гана курулган. Эрежеге баш ийбегендер болсо Британия терең мамлекети тарабынан төңкөрүш аркылуу бийликтен түшүрүлгөн.232
1936-жылы Италия Эфиопияны басып алып, аймакта тең салмактуулуктар критикалык абалга келгенде, Британия Египет менен «Биримдик келишимине» кол коюп, порттор жана аба майдандары да кошо, бардык транспорт каражаттарын түздөн-түз өзүнүн буйругуна киргизген. Келишимде 1882-жылдан бери ансыз деле Британия терең мамлекети тарабынан башкарылып келген Суэц каналы да юридикалык жактан Британиянын башкаруусуна берилген. Суэц каналында 10 миң британиялык кургактыктагы аскерлер, 400 учкуч жана 4000 жарандык кызматкерлер болгон жана кандайдыр бир коркунуч болсо бул күчтөрдү көбөйтүүгө болоору да келишимде жазылган.233
«Жакынкы Чыгыштагы саясат» аттуу бир эмгекте Египеттеги бул абал төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Египеттин эзилишинин аягына чыккандыгын көрсөткөн 1936-жылкы Келишим түпкүрүндө Британиянын бул өлкөдө болушун мыйзамдаштырган. Египет 1922-жылы эле көз-карандысыз, эгемендүү мамлекет деп жарыяланган эле. Бирок Британиянын бул көз-карандысыздыкты олуттуу деңгээлде чектеген төрт шарты, Британиянын чет өлкөлүктөрдү Египеттин ички иштерине кийлигишүүсүнө бөгөт коюшу жана капитуляциялардын улантылышы «эгемендүүлүк» сөзүн чыныгы маанисинен алыстатып, Египет протектораттын бир түрү бойдон кала берген жана Египеттин де-юре (укуктук) статусу менен де-факто (иш жүзүндөгү) абалынын ортосунда маанилүү айырмачылыктар улана берген.234
Египеттеги бул окуялар Британия терең мамлекетинин өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн бир өлкөнүн ички түзүлүшүнө канчалык тымызын жайгаша алаарын көрсөтүүдө. Британия терең мамлекетинин бүгүнкү күндө да Египетке таасири күчтүү. Британиянын мурдакы премьер-министри Тони Блэрдин Египетте бир төңкөрүш аркылуу бийликке келген генерал Сисинин кеңешчиси болуп дайындалышы мунун бир белгиси.235

Суэц каналы саякаттарды 45 сааттан 15 саатка кыскарткан. Ошондуктан Британия Суэц каналынын
көзөмөлүн өз колуна алган.

Нигерия

Британия терең мамлекети 1905-жылы Нигерияны басып алып, түндүк жана түштүк кылып экиге бөлгөн соң, түштүк тарабын эзүүдө «билим берүү» тактикасын колдонгон. Түштүк Нигерияда ачылган көп сандагы христиан миссионер окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү башкаруучу кызматтарга дайындалган. Толугу менен Британия терең мамлекетине баш ийе тургандай кылып тарбияланган бул адамдар колундагы мүмкүнчүлүктөрдөн ажырап калбоо үчүн, өз элине каршы колониалдык башкарууну колдогон, «интеллектуал» бир топко айланган.
Азыркы учурда Нигерияны канга бөлөгөн «Боко Харам» террордук уюму, атынын «Батыштык билим берүү арам» деген мааниге келишинен да көрүнүп тургандай, ушул билим берүү системасына каршы чыккан бир кыймыл катары пайда болгон. Бирок колония өлкөлөрдө пайда болгон бардык башка террордук уюмдар сыяктуу, бул уюмду да түптөгөн жана ага колдоо көрсөткөн Британия терең мамлекети болгон. Бул тема террордук уюмдарга арналган китептин кийинки томунда терең каралат.
Британиянын колонияларынын башкаруучусу Фредерик Лугард тарабынан басып алынган Түндүк Нигерияда болсо Британия терең мамлекети такыр башка бир тактиканы колдонуп, «кыйыр башкаруу» деп аталган бир колония системасын орноткон. Бул аймактагы жергиликтүү башкаруучулар аларга жиберилген «Дайындоо каттарында» жазылган көрсөтмөлөрдү аткарууга мажбур болушкан.236 Ал каттар түздөн-түз Британия терең мамлекети тарабынан жиберилген.

Фредерик Лугард

Нигерия ачарчылык тартып жатканда, мунайзаттары тонолууда.

Мурдакы колония саясаттарынын таасири менен Нигериянын Биафра аймагында сепаратисттик бир кыймыл пайда болгон. Британия терең мамлекети бул кыймылдын пайда болушунда да, борбордук өкмөттүн бул козголоңду басышында да чоң роль ойногон. Мындай эки жүздүү рольдорду ойноо, белгилүү болгондой, Британия терең мамлекетинин көп колдонгон тактикаларынын бири.
Бул оюнда Британия терең мамлекетин кызыктырган негизги жагдай аймактагы мунайзат резервдери болгон. Нигерия мунайзатынын көпчүлүк бөлүгү Биафра аймагында жайгашкан. Аймактагы эң чоң өндүрүүчү фирма болсо Британия өкмөтүнө тиешелүү.
Британия терең мамлекети Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин расмий түрдө Африкадагы өкүмдарлыгын токтоткону менен, иш жүзүндө уланта берген. Африка колониясы бир жагынан жасалма жол менен чыгарылган ички кагылышуулар аркылуу, экинчи жагынан финансылык көз-карандылыкка алуу ыкмалары аркылуу дагы деле улантылууда. Африка өлкөлөрү бүгүнкү күндө да Британия терең мамлекети тарабынан эзилүүдө жана табигый ресурстарга бай Африка дагы деле ачарчылык менен алпурушууда.

Түштүк Африка Республикасы

Британия терең мамлекети Индия менен Австралияга барчу деңиз жолунун маанилүү жеринде жайгашканы жана айыл-чарба мүмкүнчүлүктөрүнө жана баалуу металлдарга бай болгону үчүн, Түштүк Африка Республикасына өзгөчө маани берген. Ошондой эле, Египеттен Түштүк Африка Республикасына чейин созулган тилкени өзүнө каратуу Британия терең мамлекетинин эң чоң максаттарынын бири болгон. Бирок «африканерлер» же кээде «бурлар» деп аталган, түпкү теги Голландиядан келген этникалык топтордун Түштүк Африкада өздөрүнүн мамлекетин курушу Британия терең мамлекетинин бул максатына жолтоо болгон.

Африканын картада көрсөтүлгөн байлыктары терең мамлекеттин көңүлүн ээлеген. Ошондуктан
дажжал комитети бул материкти эч колдон чыгарбай келүүдө.

Лорд Китченер жана британиялык аскер башчылары


19-кылымдын аягында Түштүк Африкада жаңы курулган Бур мамлекеттеринде алтын жана алмаз табылган соң, бир жагынан британиялык кен изилдөөчүлөр бул аймакка ага баштаса, экинчи жагынан өлкөдө Британиянын басып алуусуна каршы күчтүү бир тирешүү келип чыккан. Бурдун жетекчилери британиялык чоочундарга (аларды «uitlander» деп аташкан) саясий укуктарды берүүдөн баш тарткан соң, «De Beers» кен иштетүү компаниясынын негиздөөчүсү Сесиль Родс менен бир катар англиялык ишкерлер жаңы англиялык келгиндерди куралдандырып, Англия-Бур согушуна даярдашкан.237
Жаңы англиялык келгиндер менен бурлардын ортосундагы кагылышуулар партизандык согушка айланып бир канча жылга созулган. Аягында бурлар аймактагы Англия күчтөрүнүн командири лорд Китченердин айоосуз ыкмаларына туруктук бере албастан, англиялыктарга моюн сунууга мажбур болушкан. Ал ыкмалардын бири англиялыктардын бурлар үчүн курган концлагерьлери болгон. Преторияда жана Блумфонтейнде алгачкы эки концлагерь курулган соң, дагы бир катар лагерьлер ачылып, ал жерлер «англиялык эместерди топтоочу борборго» айланган. Бул өзгөрүүгө лорд Китченер тарабынан 1900-жылы 21-декабрьда кол коюлган «түшүнүшүү меморандуму» мүмкүнчүлүк түзгөн.
Ал лагерьлерде кармалгандар кыйноо жана сотсуз өлүм жазасына тартылуу сыяктуу көптөгөн адамгерчиликсиз мамилелерге туш болушкан. Мындай мамилелердин кээ бирлери жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар берилген:
Баарыбыз концлагерьлердин канчалык үрөй учурарлык экендигин билебиз, бирок Англия-Бур согушу учурунда он миңдеген күнөөсүз адамдын чогултулуп, лагерьлерге камалышы (Англия тарабы үчүн) гениалдуу бир ыкма катары кабыл алынган. Англия Түштүк Африканын элин контроль астында кармагысы келген жана адамдары менен мүмкүнчүлүктөрү аларды камаганга жетиштүү болгон. Буга кандай каршылык болушу мүмкүн?
Бирок дээрлик бүт шарттар начар болгон. Африканын куйкалаган күнүнүн астына курулган, чымын толо лагерьлер ашыкча жыш толтурулуп, курчоо астына алынган; ошондуктан өлүмгө себеп болчу жугуштуу оорулардын тарашына өтө ыңгайлуу болгон. Тамак-аш менен камсыз кылуу жокко эсе болгон жана айоосуз күзөтчүлөр болор-болбос айыптар үчүн адамдардын ансыз да жетишсиз болгон азыгын ансайын кыскартып коюшкан. Жыйынтыгында оорулар менен өлүмдөр токойдогу өрттөй жайылып, миңдеген аял жана он миңдеген жаш бала көз жумган. Бир жылдын ичинде Бур элинин 10%ы Англиянын лагерьлеринде каза болгон. Анын арасында 22 миң жаш бала болгонун укканыңызда, абалдын канчалык начар экенин жакшыраак түшүнөсүз.
Бирок жырткычтык муну менен эле чектелген эмес. Англиялыктар Бурларга кысымчылык кылып, өздөрүнө баш ийдирген соң, кара африкалыктардын бүт баарын камакка алууну чечишкен; 20 миңи кул кылынып, лагерьлерде өлөрчө иштетилген. Натыйжада согуш учурундагы Англиянын саясаттары 48 миң карапайым жарандын өлүмүнө себеп болгон. Бул эки тараптын жалпы аскердик жоготууларынан 18 миңге көбүрөөк болгон.238
Эмили Хобхаус
1900-жылы 18-июньга чейин бир канча лагерьлерди кыдырган Эмили Хобхаус бул адамгерчиликсиз шарттар жана андагы окуялар жөнүндө бир баяндама даярдап, аны Түштүк Африка апааттар фондуна (South Africa Distress Fund) тапшырган. Ошого карабастан, лорд Китченер 26-июньда Кейптин губернатору Альфред Милнерге жиберген телеграфында лагерьлерге аялдар менен жаш балдарды да камоо керек деген.
Ден-соолугунун начарлаганына карабастан, лагерьлерди кыдырып андагы иштердин бетин ачууну уланткан Эмили Хобхаус 1900-жылы 31-октябрьда согуштук абал жобосунун негизинде сүргүнгө айдалуу үчүн Рослин сепилине алып барылган. Ал жерде болуп өткөндөргө Китченер менен Милнерди айыптап, кат жазган.239 Ошого карабастан, лагерьлер жабылган эмес жана ал жерлерде өлгөндөрдүн саны барган сайын өсө берген.
Аягында англиялыктар менен бурлардын ортосунда 1902-жылы 31-майда тынчтык келишимине кол коюлган соң гана, концлагерьлердеги бурлар акырындап эркиндикке чыгарылып баштаган. Албетте, келишим боюнча бул аймак Британиянын карамагына өткөн. 1909-жылы болсо Трансвааль Түштүк Африка союзуна кирип, расмий түрдө Британиянын курамына кошулган.

Эмили Хобхаус Бур бир бала менен

Британиянын Германиядагы элчиси сэр Невилл Хендерсон көп жылдардан кийин Герингге фашисттердин концлагерьлери жөнүндө сын-пикирин айтканда, Геринг китепканадагы бир немец энциклопедиясынан концлагерьлер жөнүндөгү бөлүктү окуп, «Konzentrationslager (топтоо лагерьлери)... Алгач англиялыктар тарабынан Түштүк Африка согушунда бурларга каршы колдонулган» деген.240 Көрүнүп тургандай, Гитлер менен анын башкаруусундагы фашисттик Германия өзүнүн жырткычтыгын кадыресе көрсөтүү үчүн Британия терең мамлекетинин иш-аракеттерин мисал келтирген.
Британия терең мамлекети Түштүк Африкада түздөн-түз өзүнүн башкаруусун орнотууга караганда, эл арасында азчылыкты түзгөн ак келгиндерге өкмөт түздүрүүнүн бир топ пайдалуу болоорун түшүнгөн.241 «Ички колониализм» деп аталган бул колония ыкмасында Британия терең мамлекети Түштүк Африкада апартеид (экстремалдуу расизм) режиминин келип чыгышына шарт түзгөн. Бул жетекчилик аркылуу жергиликтүү элди тынымсыз басым астында кармаган.242
Сесиль Родс
«De Beers» тоо-кен компаниясынын негиздөөчүсү Сесиль Родсту жакшылап изилдегенибизде, апартеид режими менен Британия терең мамлекетинин ортосундагы тыгыз байланышты жакшыраак түшүнөбүз. Сесиль Родс 1870-жылы Түштүк Африкадагы Натальга көчкөн бир англиялык болгон. Фашисттик көз-караштары, таш боор иш-аракеттери жана, ошондой эле, гомосексуалдыгы менен Британия терең мамлекетинин мүчөлөрүнө тиешелүү бардык өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Мындан тышкары, Ротшильд үй-бүлөсү тарабынан каржыланган.243 Агрессивдүү түрдө Британиянын колония аймагын кеңейтүүгө аракет кылган Родс кыска убакытта Британия империализминин эң күчтүү символуна айланган.244 Сесиль Родс менен анын Түштүк Африкадагы үрөй учурарлык иш-аракеттери жөнүндөгү маалыматтарды китептин 1-томунан окуй аласыз.
Родс «De Beers» тоо-кен компаниясы курулгандан болгону эки жыл өткөн соң, 1890-жылы Кейптаунда премьер-министр болгон жана өзүнүн атын коюп, Родезия деген мамлекетти курган. Ошондой эле, аймактагы элди колониялаштыруу системасында негизги рольду ойногон Британиялык Түштүк Африка компаниясын негиздеген.

"Африкада Британиянын куралдарын каалабайбыз" митингдери.

Родс Африкадагы бул фирмасын ачкан кезден баштап, Британдык Чыгыш Индия компаниясы Британиянын Индияны каратышына кандай салым кошсо, анын да дал ошондой салым кошушун көздөгөн. Ротшильдге жазган каттарында бул компаниясын «жаңы Чыгыш Индия компаниясы» деп атаган. Болгондо да, бул компания Индиядагыдан алда канча ылдам өнүгүп, элди ылдамыраак колониялаштырган.245
Коомдук илимдер боюнча адис Марк Ферро Сесиль Родстун жумушчуларга болгон көз-карашын китебинде төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Сесиль Родстун максаты жерин көбөйтүү болгон ... жергиликтүүлөрдү эмес. (Родс): «Жогорку раса көбөйүп жатканда Африканы эргежээлдерге (карлик) бербейбиз ... Бечуаналендден Манкоаранеге (Mankoarane) чейинки аймактын баарын өзүбүзгө каратууга менимче эч кандай тоскоолдук жок ... бул жергиликтүүлөр бизге моюн сунууга мажбур ... Жергиликтүүлөргө жаш баладай мамиле кылышыбыз керек жана аларга алкогольдук ичимдиктерди тыюу салган сыяктуу, шайлоо жана шайлануу укугун да тыюу салышыбыз керек.» Родс ушул себептен улам, Строп Биллдин расмий кызматкерлерге жергиликтүүлөрдү сабоо укугун берүүчү мыйзам долбооруна колдоо көрсөткөн.246


1913-жылы «Native Land Act» (Жергиликтүү жерлер мыйзамы) аттуу келимимге кол коюлуп, караларга жана актарга тиешелүү жерлер аныкталган. Британиянын көптөгөн маалымат каражаттарында Түштүк Африкада караларга да жер берилиши «демократия» катары чагылдырылганы менен, чындык такыр башкача болгон. Өлкө калкынын басымдуу бөлүгү жергиликтүү каралардан турганы менен, жерлердин 82%ы ак келгиндерге ыйгарылган. Ошондой эле, караларга толугу менен түшүмсүз жерлер берилген. Каралардын айдоо жерлери тартып алынып, башка жактарга көчкөнгө мажбурланган. Бир миллиондон ашуун адам өзүнүн жеринен, мекенинен жана үй-жайынан ажырап, көпчүлүгү актардын кызматчыларына айланган. Жерсиз калган жумушчулар өз жанын тобокелге салып, кендерде иштөөгө мажбур болушкан.247

Түштүк Африкада апартеиддин таш боордугу жөнүндөгү эскертүүлөр

Кения

Британия терең мамлекети Кенияда да ушул сыяктуу ыкмалар менен африкалыктардын жерлерин тартып алган. Бул өлкөнүн тартып алынган жерлеринде адамдарды жумушчу кылып иштетүү жана жумушчу болууну каалабагандарды айоосуз жазалоо үчүн эл арасынан адамдар тандалып алынып, «шеф» деп аталып коюлган.248
Африкалык топтордун жана уруулардын арасынан өзүнө бай ийген жетекчилерди дайындоо Британия терең мамлекетинин негизги ыкмаларынын бири. Ошентип Британия терең мамлекети бир жагынан ал жерлерди башкаруу кыйынчылыгынан кутулса, экинчи жагынан элди класстарга бөлүп, бири-бири менен жаңжалдаштырууга жетишкен.
Англиялык жетекчилер бүт колонияларындагы сыяктуу, Кенияда да басым жана зулумдук аркылуу өлкөдөгү кадыр-баркын жана кирешесин көбөйтүүгө аракет кылган. Мындай иш-аракеттер кениялыктардын каршы чыгышына себеп болгон. 1950-жылы Кения элинин Британия терең мамлекетинин зомбулуктарына болгон кыжыры эң жогорку чегине жеткен. Андан кийинки окуялар Британия терең мамлекети тарабынан жасалган кылмыштарды изилдеген бир булакта төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Англиялыктар өлкө масштабындагы көтөрүлүштөн тынчсызданып, 1,5 миллион адамды топтоп, концлагерьлерге жайгаштырышкан. Ал лагерьлердеги окуялар жүрөгүңүздү айландырат.
Туткундар «жумуш жана эркиндик» деген сыяктуу ураандардын коштоосунда, массалык мүрзөлөрдү көмүү жумушунда кулдардай, өлөрчө иштетилген. Туш келди өлтүрүүлөр көп эле болуп турган жана кыйноолор абдан кеңири колдонулган. Эркектер бычак менен аналдык жактан зордуктоого кабылган. Аялдардын көкүрөгүн кесип, жулуп салышкан. Көздөр оюлуп, кулактар кесилген жана терилерге тикендүү зым оролуп, айрылган. Адамдар күзөтчүлөр тарабынан зордуктоого кабылган соң кычкач менен бычылган. Сурактарда эсин жоготконго же өлгөнгө чейин туткундун кекиртегин кысуу жана оозун ылай менен толтуруу ыкмалары да колдонулган. Кутулгандар кээде тирүүлөй өрттөлгөн.
Өлгөндөрдүн саны расмий эсептөөлөр боюнча 2 миңден аз, бирок ишенимдүүрөөк божомолдор боюнча, он миңдеген же жүз миңдеген адамга жеткен. Көптөгөн карапайым адамдар же жаш балдар «козголоңчуларга көмөк көрсөттү» деген күңүрт жана ойдон чыгарылган шылтоолор менен камакка алынган. Баары жок жерден айыпталган.249

Кениядагы топтоо лагерьлери

АКШнын 44-президенти Барак Обаманын атасы да Кениядагы ушул лагерьлерде кыйноого алынган адамдардын бири болгон. Ошого карабастан, Обама көп жылдардан кийин АКШнын президенти болуп туруп, Британия терең мамлекетинин жетегинен кутула алган жок.
Кения 1963-жылы көз-карандысыздыгын жарыялаган соң, англиялыктар өлкөдөн расмий түрдө чыгып кетишкен. Бирок Кенияда колония учурунда болуп өткөн окуялар Британиянын колониялаштыруу тарыхынын эң үрөй учурарлык иш-аракеттеринин бири катары тарыхка жазылды.
Анткен менен, англиялыктардын чыгып кетиши, албетте, Британия терең мамлекети Кенияга жана башка Африка өлкөлөрүнө кийлигишпей калган деген мааниге келбейт. Көптөгөн колониялардын жетекчилери сыяктуу, Кениянын башкаруусунда түз же кыйыр түрдө маанилүү рольду ойногондор да Британия терең мамлекети менен болгон мамилелерин үзгөн эмес.
Ал кишилер Кенияны «соода-сатык жана социалдык жактан өнүктүрөбүз» деген калп максатты жамынып, Британиядан чоң өлчөмдө карыз алганы үчүн, өлкө Британиядан көз-каранды болуп калган. Ал карыздарды кайтаруу ыктымалдыгы дээрлик жокко эсе болгону үчүн, кандайдыр бир мааниде өлкөнүн эгемендүүлүгү күрөөгө коюлган.250
Алынган карыздар коомдук жана экономикалык өнүгүүгө эч кандай салым кошкон эмес. Африка өлкөлөрүнүн өнөр-жайы өнүккөн жок жана билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу негизги тармактарга да инвестиция жасалган жок. Алынган карыздар зыяндан башка эч нерсе алып келген жок жана материктеги табигый ресурстар менен кен байлыктар башкалар тарабынан иштетилгени үчүн, аймактагы элге мунун эч бир пайдасы тийген жок.

Судан

Суданды өзүнө караткан соң, Британия терең мамлекети өлкөдөгү мусулмандардын ишенимине эң көп чабуул жасаган. Африкада басып алуу эң оорго турган өлкөлөрдүн бири болгон Суданда Исламга жолтоо болуу жана ички башаламандыктарды уюштуруу аракеттери өзгөчө күчтүү болгон.


Судандын ортоңку жана түндүк бөлүгүндө араб-ислам маданиятынын таасири күчтүү болсо, түштүк бөлүгүндө салттык Африка диндери менен христиан дини кеңири тараган. Суданда андан мурда бул диний ар түрдүүлүккө кысымчылык көрсөткөн борбордук бийлик болгон эмес. Британия терең мамлекетинин кийлигишүүсү менен «араб» жана «африкалык» деген бөлүнүү пайда болуп, бул барган сайын күчөтүлгөн. Өлкөнүн өзүнө пайдалуу жактарына көзүн арткан Британия терең мамлекети Судандын түштүк аймактарын бөлүп алуу үчүн өлкөдөгү этникалык бөлүнүүчүлүктү көкүткөн.251
Британия терең мамлекети түштүк аймакты түндүктөгү мусулмандардан толук бөлүп алуу үчүн, Түштүк Суданды 1922-жылы «жабык аймак» деп жарыялап, бул аймакка кирип-чыгууга паспорт жана виза талабын киргизген.
Ошентип Суданда коомдук бейпилдик атайын жана пландуу түрдө бузулган жана колония доору бүтүп, эгемендүүлүккө ээ болгон соң дагы, улуттук биримдик толук камсыздала алган жок. Суданда дагы деле ички башаламандыктар уланууда.
Мисалы, Британиянын колониясы кезинде Судандагы колонизаторлордун зомбулукчу түшүнүгү бир китепте төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
«Негр – жалкоо бир айбан»- деди Судандан сэр Рудольф Слатин, «мажбурлап иштетүү керек, өкмөт мажбурлашы керек». Кандай ыкма менен деген суроого мындай деп жооп берди: «таяк менен».252 (Судандык бир туугандарыбызды аруулайбыз)

Булактар:

92.    Marc Ferro, Sömürgecilik Tarihi, Çev: Muna Cedden, İmge Kitabevi, 1. Baskı, Ankara, 2002, s. 89-90
93.    Ferro, a.g.e, s. 90
94. Kolonyalizm ve Emperyalizm tanımları için bkz. Stanford Encyclopedia of Philosophy, http://plato.stanford.edu/entries/colonialism/
95.    http://www.oxforddictionaries.com/definition/english/colonialism, (06.04.2015)
96.    Marc Ferro, Sömürgecilik Tarihi, Çev: Muna Cedden, İmge Kitabevi, 1. Baskı, Ankara, 2002 s.90
97.    Sömürgecilik Tarihi (Afrika-Asya), T.C. Anadolu Üniversitesi Yayını No:3120, Editör: Prof. Dr. Azmi Özcan, 1. Baskı, Eskişehir Ağustos 2014, s. 66
98.    Ania Loomba, Colonialism/Post Colonialism, New York, Routledge, 1998, s. 43-57
99.    Charles Darwin, The Descent of Man, 2. Baskı, New York, A L. Burt Co., 1874, s. 178
100. Niall Ferguson, İmparatorluk, Britanya’nın Modern Dünyası Biçimlendirişi, Çeviren: Nurettin Elhüseyini, Yapı Kredi Yayınları, İstanbul, 2011, s. 253
101. Francis Galton, (1883), Inquiries into Human Faculty and its Development,. London: Macmillan Publishers. s. 199.
102. Peter J Bowler, Evolution: The History of an Idea, 3. Baskı, University of California Press, 2003, s. 308–310
103. Niall Ferguson, İmparatorluk, Britanya’nın Modern Dünyası Biçimlendirişi, Çeviren: Nurettin Elhüseyini, Yapı Kredi Yayınları, İstanbul, 2011, s. 254
104. Ferguson, a.g.e., s. 254
105. Karl Pearson, “Darwinism, medical progress and eugnics; the Cavendish Lecture, 1912, an address to the medical profession”, https://archive.org/details/darwinismmedical1912pear
106. Niall Ferguson, İmparatorluk, Britanya’nın Modern Dünyası Biçimlendirişi, Çeviren: Nurettin Elhüseyini, Yapı Kredi Yayınları, İstanbul, 2011, s. 123-124
107. Ferguson, a.g.e., s. 129
108. Ferguson, a.g.e., s. 119
109. Ania Loomba, Kolonyalizm Postkolonyalizm, çev. Mehmet Küçük, Ayrıntı Yayınları, 1. Basım, 2000, ISBN 975-539-252-1 s. 208
110. Yardımcı Doç. Dr. Veli Sırım, Bir Sömürge Aracı Olarak Eğitim, Çerçeve Dergisi, Sayı: 37, 2005
111. Sömürgecilik Tarihi (Afrika-Asya), T.C. Anadolu Üniversitesi Yayını, No: 3120, Editör: Prof. Dr. Azmi Özcan, 1. Baskı, Eskişehir, Ağustos 2014, s. 67
112. T.B. Macaulay, Minute on lndian Education, J. Clive (der.), Selected Writings, Chicago, IL: University of Chicago Press, 1972, s. 249
113. Ania Loomba, Kolonyalizm Postkolonyalizm, çev. Mehmet Küçük, Ayrıntı Yayınları, 1. Basım, 2000, ISBN 975-539-252-1 s. 110
114. Michael Banton, Race Relations, Tavistock Publications, 1967, s. 34
115. Talal Asad, Antropoloji ve Sömürgecilik, Ütopya Yayınları, 1. Baskı, Ankara 2008, ISBN 978-975-6361-67-2, s.90
116. https://www.therai.org.uk/
117. Asad, a.g.e., s. 91
118. Kwame Nkrumah, D. Brokensha, Applied Anthropology in English-Speaking Africa, Society for Applied Anthropology, 1966, s. 15
119. Niall Ferguson, İmparatorluk, Britanya’nın Modern Dünyası Biçimlendirişi, Çeviren: Nurettin Elhüseyini, Yapı Kredi Yayınları, İstanbul, 2009, s. 190
120. Sir H. M. Durand, Life Sir A. C. Lyall, Londra, 1913, s. 89
121. Talal Asad, Antropoloji ve Sömürgecilik, Ütopya Yayınları, 1. Baskı, Ankara 2008, ISBN 978-975-6361-67-2, s.106
122. Sömürgecilik Tarihi (Afrika-Asya), T.C. Anadolu Üniversitesi Yayını No:3120, Editör: Prof. Dr. Azmi Özcan, 1. Baskı, Eskişehir Ağustos 2014, s. 67
123. Mîna Urgan, Bir Dinozorun Gezileri, Yapı Kredi Yayınları, 5. Baskı: İstanbul, Ekim 1999, ISBN 975-08-0138-5, s. 176
124. Niall Ferguson, İmparatorluk, Britanya’nın Modern Dünyası Biçimlendirişi, Çeviren: Nurettin Elhüseyini, Yapı Kredi Yayınları, İstanbul, 2011, s. 244
125. https://tr.wikipedia.org/wiki/İngilizce
126. Mîna Urgan, Bir Dinozorun Gezileri, Yapı Kredi Yayınları, 5. Baskı: İstanbul, Ekim 1999, ISBN 975-08-0138-5, s. 176
127. Eric Holt Gimenez, “We Already Grow Enough Food For 10 Billion People — and Still Can’t End Hunger”, Huffington Post, 18 aralık 2014, http://www.huffingtonpost.com/eric-holt-gimenez/world-hunger_ b_1463429.html
128. Thomas Robert Malthus, An Essay on the Principle of Population, 4. Kitap, 5, Bölüm, http://www.econlib. org/library/Malthus/malPlong30.html
129. Morris M, 10 Evil Crimes Of The British Empire, 4 Şubat 2014, http://listverse.com/2014/02/04/10-evil-cri mes-of-the-british-empire/
130. Morris M, a.g.m.
131. Gibbons, L. (1991) ‘Race Against Time, Racial Discourse and lrish History’, Oxford Literary Review, 13 (1-2) s. 96
132. Ania Loomba, Kolonyalizm Postkolonyalizm, çev. Mehmet Küçük, Ayrıntı Yayınları, 1. Basım, 2000, ISBN 975-539-252-1, s. 186
133. Madley, Benjamin, “Patterns of frontier genocide 1803–1910: The Aboriginal Tasmanians, the Yuki of California, and the Herero of Namibia.”, Journal of Genocide Research, 2004, 6(2), Haziran, s. 170
134. Ferguson Robinson and Barry York, The Black Resistance, Widescope, 1977, Ch. 2 & 3
135. Sefa M. Yürükel, Batı Tarihinde İnsanlık Suçları, Frida Yayınları, 2004, s. 93
136. David S. Trigger, Whitefella Comin, Wild Time, Aboriginal responses to colonialism in northern Australia, Department of Anthropology, The University of Western Australia, 1992, Cambridge University Press, Cambridge, 1992 s. 20
137. C. Turnbull, Black War: The Extermination of the Tasmanian Aborigines. Melbourne: Lansdowne Press, 1948, s. 98
138. Saunders Evans, Exclusion, Exploitation and Extermination, Race relations in colonial Queensland, ANZ, 1975, Ch. 5
139. E. H. Dow (ed.), Trollope’s Australia, 1966, s. 134-142.
140. Saunders Evans, Exclusion, Exploitation and Extermination, Race relations in colonial Queensland, ANZ, 1975, s. 51
141. Marc Ferro, Sömürgecilik Tarihi, Çev: Muna Cedden, İmge Kitabevi, 1. Baskı, Ankara, 2002, s. 276
142. “Avustralya Aborijinleri”, http://www.tarihiolaylar.com /tarihi-olaylar/avustralya-Aborijinleri-74
143. R. M. Jones, “Tasmanian Tribes”, Appendix in N. Tindale, Aboriginal Tribes of Australia, Australian National University Press, Canberra, 1974, s. 325
144. Reynolds, H., Fate of a Free People: A Radical Re-examination of the Tasmanian Wars. Ringwood: Penguin Australia, 1995, s. 4
145. David Monaghan, “The Body-snatchers”, The Bulletin, 12 Kasım 1991, s. 34.
146. Creation Ex Nihilo, Vol 14, No. 2, Mart-Mayıs 1992, s. 17
147. David Monaghan, “The Body-snatchers”, The Bulletin, 12 Kasım 1991, s. 30-38
148. Monaghan, a.g.m., s. 34
149. Sharman Stone, Aborigines in White Australia: A Documentary History of the Attitudes Affecting Official Policy and the Australian Aborigine 1697–1973, Heinemann Educational Books, Melbourne, 1974
150. Stone, a.g.e., s. 83
151. Jani Roberts, How New-Darwinism Justified Taking Land From Aborigines and Murdering Them in Australia, http://www.witch.plus.com/ausrace.html
152. Roberts, a.g.m.
153. Sharman Stone, Aborigines in White Australia: A Documentary History of the Attitudes Affecting Official Policy and the Australian Aborigine 1697–1973, Heinemann Educational Books, Melbourne, 1974, s.96
154. Stone, a.g.e., s. 93
155. Yuval Noah Harari, Dinin Kanunu, http://liberteryen.org/2016/03/dinin-kanunu/
156. Ania Loomba, Kolonyalizm Post Kolonyalizm, Çev: Mehmet Küçük, Ayrıntı Yayınları, Birinci Basım, İstanbul 2000, ISBN 975-539-252-1, s. 21
157. Stanley Wolpert, A New History of India; 3. Baskı, Oxford University Press, 1989, s. 226-28
158. 158. Henry Crossly Irwin, (1880). The Garden of India, (or Chapters on Oudh History and Affairs),London: W. H. Allen Co., s. 107
159. Marc Ferro, Sömürgecilik Tarihi, Çev: Muna Cedden, İmge Kitabevi, 1. Baskı, Ankara, 2002 s. 345
160. Herman Kulke ve Dietmer Rothermund, Hindistan Tarihi, Çev. Müfit Güney, Ankara, İmge, 2001, s. 333
161. Ania Loomba, Kolonyalizm Post Kolonyalizm, Çev: Mehmet Küçük, Ayrıntı Yayınları, Birinci Basım, İstanbul 2000, ISBN 975-539-252-1 s. 74
162. Niall Ferguson, İmparatorluk, Britanya’nın Modern Dünyası Biçimlendirişi, Çeviren: Nurettin Elhüseyini, Yapı Kredi Yayınları, İstanbul, 2011, s. 156
163. Simon Smith, (1998), British Imperialism 1750–1970, Cambridge University Press. ISBN 0-521-59930-X, s. 50-57
164. Yogesh Chadha, Gandhi: A Life,John Wiley & Sons Inc., 1997, ISBN 9780471350620 s. 237
165. Colonet Anil Athale, “What will be history’s verdict on the Ramlila maidan eviction?“, 8 Haziran 2011, http:// www.rediff.com/news/column/what-will-be-historys-verdict-on-the-ramlila-maidan-eviction/20110608.htm
166. Report of Commissioners, Vol I, II, Bombay, 1920, Yeni Delhi, 1976, s. 56
167. Disorder Inquiry Committee Report, Vol II, p 191
168. Report of Commissioners, Vol I, II, Bombay, 1920, Yeni Delhi, 1976, s. 56
169. Report of Commissioners, Vol I, II, Bombay, 1920, Yeni Delhi, 1976, s. 10-11
170. Home Political, Eylül 1920, No 23, National Archive of India, Yeni Delhi
171. Report of Commissioners, Vol I, Yeni Delhi, s. 105
172. Report of Commissioners, Vol I, II, Bombay, 1920, Yeni Delhi, 1976, s. 11
173. 173. Report of Commissioners, Vol I, II, Bombay, 1920, Yeni Delhi, 1976, s. 55-56
174. 174. Report of Commissioners, Vol I, II, Bombay, 1920, Yeni Delhi, 1976, s. 55-56
175. Ania Loomba, Kolonyalizm Post Kolonyalizm, Çev: Mehmet Küçük, Ayrıntı Yayınları, Birinci Basım, İstanbul 2000, ISBN 975-539-252-1 s. 103
176. Amartya Sen, Imperai Illusion, New Republic, 31 Aralık 2007, https://newrepublic.com/article/61784/imperial-illusions
177. Romesh Chunder Dutt, The Economic History of India Under Early British Rule: From the Rise of the British Power in 1757, to the Accession of Queen Victoria in 1837, Kegan Paul, Trench, Trübner, 1906
178. Roy Tirthankar, “The Economic History of India1857-1947,” Oxford Texbooks, 2006, s. 240
179. Rakhi Chakrabotrty, “The Bengal Famine: How the British engineered the worst genocide in human history for profit”, Yous Story, 15 Ağustos 2014, https://your story.com/2014/08/bengal-famine-genocide/
180. Dr Ramtanu Maitra, “Genocide, The British Don’t Want You To Know About – They Systematically Starved To Death Over 60 Millions Of Eastern Indians!”, The Millenium Report, 14 February 2017, http://themillenniumreport.com/2017/02/genocide-the-british-dont -want-you-to-know-about-they-systematically-starved-to-death-over-60-millions-of-eastern-indians/
181. Yücel Bulut, “Hindistan’da İngiliz Sömürgeciliği, Oryantalizm ve William Jones”, Sosyoloji Dergisi, 3. Dizi, Sayı 6, 2003, s. 88
182. “London March 22” Oxford Journal, British Newspaper Archive, 23 Mart 1771, Retrieved 29 August 2014
183. Rakhi Chakrabotrty (15 Ağustos 2014) “The Bengal Famine: How the British engineered the worst genocide in human history for profit”, Your Story, https://yourstory.com/2014/08/bengal-famine-genocide/
184. Vineet Menon, “Forgotten Genocide”, Politircks, https:// politricks.quora.com/Forgotten-Genocide
185  Imperial Gazetteer of India 1907, s. 488
186. David Fieldhouse, “For Richer, for Poorer?”, in Marshall, P. J., The Cambridge Illustrated History of the British Empire, Cambridge: Cambridge University Press., 1996, ISBN 0-521-00254-0, s. 132
187. Sumit Guha, Environment and Ethnicity in India, 1200-1991, Cambridge Studies in Indian History& Society, 2006, ISBN 0 521 64078, s.116
188. Prasanta Chandra Mahalanobis, R. K. Mukherjea, A. Ghosh (1946) “A sample survey of after effects of Bengal famine of 1943” Sankhya 7 (4) s. 337-400
189. Mark B. Tauger, The Indian Famine Crises of World War II, British Scholar Edinburgh University Press, Mart 2009, 1 (2): 2009, s. 187
190. Herman, Arthur, Gandhi & Churchill: The Epic Rivalry that Destroyed an Empire and Forged Our Age, Bantam, 2009, s. 513
191. Scott Horton, “Churchill’s Dark Side: Six Questions for Madhusree Mukerjee”, Harpers, 4 Kasım 2010, http://harpers.org/blog/2010/11/churchills-dark-side-six-questions-for-madhusree-mukerjee/
192. Shashi Tharoor, “The Ugly Briton”, Time, 19 Kasım 2010, http://content.time.com/time/magazine/article/ 0,9171,2031992,00.html
193. M. Morris, “10 Evil Crimes of the British Empire”, 4 Şubat 2014, http://listverse.com/2014/02/04/10-evil-crimes-of-the-british-empire/
194. Peter Scheckner, An Anthology of Chartist Poetry: Poetry of the British Working Class, 1830s–1850s, Fairleigh Dickinson Univ Press, s. 53
195. Marc Ferro, Sömürgecilik Tarihi, Çev: Muna Cedden, İmge Kitabevi, 1. Baskı, Ankara, 2002 s. 440
196. Eric Williams, Kapitalizm ve Kölelik, Dipnot Yayınları, Ankara 1. Baskı, 2013, s. 51
197. Mark Curtis, Secret Affairs: Britain’s Collusion with Radical Islam, Serpent’s Tail, 2011, e-book
198. The Tribune, Line of Division, Real and İmagined, 24 Eylül 2006 http://www.tribuneindia.com/2006/2006 0924/spectrum/main1.htm
199. Marc Ferro, Sömürgecilik Tarihi, Çev: Muna Cedden, İmge Kitabevi, 1. Baskı, Ankara, 2002 s. 441 – 442
200. Ferro, a.g.e., s. 442
201. Ferro, a.g.e., s. 444
202. Ishtiaq Ahmed, State, Nation and Ethnicity in Contemporary South Asia, Cassel Pub., London & New York, 1998, ISBN – 978-1855675780, s. 99
203. Marc Ferro, Sömürgecilik Tarihi, Çev: Muna Cedden, İmge Kitabevi, 1. Baskı, Ankara, 2002 s. 404
204. Anthony Read, David Fisher, The Proudest Day: India’s Long Road to Independence, New York: W. W. Norton & Company, 1998, ISBN 9780393045949 s. 487
205. Read, a.g.e., s. 484-485
206. M. Morris, 10 Evil Crimes of the British Empire, 4 Şubat 2014 http://listverse.com/2014/02/04/10-evil-crimes-of-the-british-empire/
207. Edmund Heward, The Great and the Good: A Life of Lord Radcliffe, Barry Rose Publishers, 1994, ISBN 978-1872328911, para. 1
208. The London Gazette: no. 38627, s. 2748. 3 Haziran 1949
209. Osmanlı Arşiv Belgesi, HAT 955/4097/B.
210. Darkot (1997), s.136
211. A. S. Bujra, “Urban Elitesand Colonialism: The Nationalist Elites of Aden and South Arabia”,MiddleEasternStudies, Vol. 6, No. 2, Taylor&Francis, 1970 s. 190
212. Serpil Açıkalın, Gamze Coşkun, Sedat Laçiner, Yemen Dosyası, Fakirlik ve terör kıskacında bir ülke,USAK Yayınları, Ankara-Haziran 2010, ISBN 978-605-4030-34-7, s. 58-59
213. Robert R. Robbins, “The Legal Status of Aden Colonyandthe Aden Protectorate”, The American Journal of International Law, Vol. 33, No. 4, 1939, s. 701.
214. M. Morris, 10 Evil Crimes of the British Empire, 4 Şubat 2014 http://listverse.com/2014/02/04/10-evil-crimes-of-the-british-empire/
215. G. Wyman Bury, Pan-İslam veya İslam İmparatorluğu, Destek Yayınevi, Ağustos 2011, ISBN 978- 605-4455-61-4, s. 26, 49, 65
216. Aynur Erdoğan, Yemen hala Osmanlı’ya bağlı…, Dünya Bülteni, 20 Haziran 2011, http://www.dunyabulteni.net/tarih-ve-toplum-konusmalari/164059/yemen-hala-osmanliya-bagli
217. Ahmet Asan (Karadeniz Teknik Üniversitesi, Tarih Bölümü), Avrupa Sömürgeciliğinin Afrika Üzerindeki Etkileri, http://akademikperspektif.com/2014/07/27/avrupa-somurgeciliginin-afrika-uzerindeki-etkileri/
218. Okt. Mürsel Bayram, Enerjeopolitik Müdahaleler Ve Afrika’daki İç Savaşlar: Nijerya, Angola ve Sudan Örnekleri, Kırıkkale Üniversitesi Sosyal Bilimler Dergisi, Ocak 2017, Cilt: 7, Sayı: 1, s. 220
219. Prof. Dr. Azmi Özcan, Sömürgecilik Tarihi (Afrika-Asya), T.C. Anadolu Üniversitesi Yayını, No:3120, 1. Baskı, Eskişehir, Ağustos 2014, s. 65
220. Mariam Arif Gassemi, Somalia: Clan vs. Nation, Michigan Üniversitesi, 2002, s. 4
221. Oral Sander, Siyasi Tarih İlkçağlardan 1918’e, 18. Baskı, İmge kitabevi, s. 230
222. Niall Ferguson, İmparatorluk, Britanya’nın Modern Dünyayı Biçimlendirişi, Çeviren: Nurettin Elhüseyini, Yapı Kredi Yayınları, İstanbul, 2011, s. 233
223. Ferguson, a.g.e., s. 165
224. Talal Asad, Antropoloji ve Sömürgecilik, Ütopya Yayınları, 1. Baskı, Ankara 2008, ISBN 978-975-6361-67-2, s.74
225. Mark Curtis, The Great Deception: Anglo-American Power and World Order, Pluto Press, 1998, e-book
226. P. J. Cain ve A. G. Hopkins, British Imperialism-Innovation and Expression (1688-1914), Longman (1. Baskı), 1993, ISBN: 978-0582491762, New York, s. 362-63, 407
227. Prof. Dr. Davut Dursun ve Prof. Dr. Tayyar Arı, Orta Doğuda Siyaset, T.C. Anadolu Üniversitesi Yayını No: 3035, 1. Baskı, Eskişehir Ocak 2013, ISBN 978-975-06-1693-8, s. 37
228. Dursun, a.g.e., s. 38
229. Dursun, a.g.e., s. 38
230. Dursun, a.g.e., s. 38
231. Türkkaya Ataöv, Afrika Ulusal Kurtuluş Mücadeleleri, Ankara: AÜSBF Yayınları, 1973, s. 33-50
232. Prof. Dr. Davut Dursun ve Prof. Dr. Tayyar Arı, Orta Doğuda Siyaset, T.C. Anadolu Üniversitesi Yayını No: 3035, 1. Baskı, Eskişehir Ocak 2013, ISBN 978-975-06-1693-8, s. 39
233. Dursun, a.g.e, s. 40
234. Dursun, a.g.e, s. 40-41
235. “Blair, Darbeci Sisi’ye Danışman Oldu”, Sabah, 3.7.2014 http://www.sabah.com.tr/dunya/2014/07/03/blair-darbeci-sisiye-danisman-oldu
236. Talal Asad, Antropoloji ve Sömürgecilik, Ütopya Yayınları, 1. Baskı, Ankara 2008, ISBN 978-975-6361-67-2, s. 148
237. Thomas Pakenham, The Boer War, Weidenfield and Nicolson, Londra, 1997
238. M. Morris, 10 Evil Crimes of the British Empire, 4 Şubat 2014 http://listverse.com/2014/02/04/10-evil-crimes-of-the-british-empire/
239. South African History online, Second Anglo-Boer War 1899 – 1902, http://www.sahistory.org.za/topic/women -children-white-concentration-camps-during-anglo-boer-war-1900-1902
240. The Birth of the Concentration Camp? British Imperialism and the Origins of Modern Detention, Council of European Studies, Autumn 2013, volume 43, sayı 2, https://councilforeuropeanstudies.org/files/Perspectives/Autumn2013/s10_Forth.pdf
241. David Birmingham, The Decolonization of Africa, Taylor & Francis e-Library, 2009, s. 1-6
242. Walter, Rodney (1973), How Europe Underdeveloped Africa, Dar-Es-Salaam ve London, 6. Baskı, Bogle-L’Ouverture Publications, s. 232-233
243. Niall Ferguson, İmparatorluk, Britanya’nın Modern Dünyayı Biçimlendirişi, Çeviren: Nurettin Elhüseyini, Yapı Kredi Yayınları, İstanbul, 2011, s. 220
244. Seval Çolak, Özel Bir Kolonyalizm Türü Apartheid, Ankara Üni. Sosyal Bilimler Ens. Afrika Çalışmaları Anabilim dalı Yüksek Lisans Tezi, Ankara- 2015, s. 47
245. Niall Ferguson, İmparatorluk, Britanya’nın Modern Dünyası Biçimlendirişi, Çeviren: Nurettin Elhüseyini, Yapı Kredi Yayınları, İstanbul, 2011, s. 223-224
246. Marc Ferro (2002), Sömürgecilik Tarihi, Çev: Muna Cedden, İmge Kitabevi, 1. Baskı, Ankara, s.146
247. Ferro, a.g.e., s. 241-242
248. Ania Loomba, Kolonyalizm Postkolonyalizm, çev. Mehmet Küçük, Ayrıntı Yayınları, 1. Basım, 2000, ISBN 975-539-252-1, s. 151-152
249. M. Morris, “10 Evil Crimes of the British Empire”, 4 Şubat 2014, http://listverse.com/2014/02/04/10-evil-crimes-of-the-british-empire/
250. Editör: Prof. Dr. Azmi Özcan, Sömürgecilik Tarihi (Afrika-Asya), T.C. Anadolu Üniversitesi Yayını No:3120, 1. Baskı, Eskişehir Ağustos 2014, s. 55
251. Mürsel Bayram, Sudan’ın Etnopolitik Sorunlarını Besleyen Faktörlerin Tarihsel Bir Analizi, Tarihin Peşinde Uluslararası Tarih ve Sosyal Araştırmalar Dergisi, Yıl: 2016, Sayı: 16, s. 201 http://www.tarihinpesinde.com/dergimiz/sayi16/M16_11.pdf
252. V. G. Kiernan (1969), The Lords of Human Kind, Peli can Book, Londra, s. 242-243

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...