23 Ocak 2019 Çarşamba

ЗУЛУМДУК БҮТКӨН ЖОК


Жогоруда каралган кээ бир Африка өлкөлөрүндөгү окуялар Британия терең мамлекетинин Африкадагы зулумдуктарынын кичинекей бир бөлүгү гана. Британия терең мамлекети Африкада бул аталган өлкөлөрдөн тышкары, дагы көптөгөн өлкөдө зомбулуктарды жасаган.
Колонизатор Британия терең мамлекети байып жатканда, Африка материги жерлеринен, табигый ресурстарынан, маданиятынан жана жашоо укугунан ажыраган. Азыркы күндө дагы эле Африка материгинде көптөгөн массалардын ачарчылык чегинен төмөн жашап жатышы Британия терең мамлекетинин бул материкке кандай чоң зыян алып келгенин ачык айгинелеп турат. Европа материги бай, бардар жашап жатса, Африкада жакырчылык, жугуштуу оорулар, жарандык согуштар жана ачарчылык өкүм сүрүүдө.

Африкадагы колония системасында кулчулук

Африкалык кулдарды сатуу деген ат менен миллиондогон күнөөсүз адамдар Британия терең мамлекети тарабынан Африкадагы мекенинен Америкага алып барылган. Дагы ошончо адам оор шарттардан улам жолго чыгаардан мурда же жолдо баратканда көз жумган. «Колониализм тарыхы» аттуу китепте бул чындыкка төмөнкүчө көңүл бурулган:
Бир эле 1486-1641-жылдардын ортосунда жылына орточо тогуз миңден деп эсептегенде, Анголадан эле 1 389 000 кул алынып келген. 1580-жылдан 1680-жылга чейинки жүз жылдын ичинде караларды ташыган Ливерпуль портунун кемелери Жаңы дүйнөгө үч жүз миңден ашуун кул алып келген. Үч жарым кылымда Африкадан миллиондогон, миллиондогон каралар алынып келген. Буга жолго чыгаардан мурда каза болгондорду да кошсок, өтө чоң бир сан келип чыгат.253
Африкалыктардын алдында өлүм же кулчулук деген эки гана тандоо калган. Ал адамдардын эптеп жанын баккан айдоо жерлери менен мал-жандары да таланып-тонолгон. Британия терең мамлекетинин кошоматчылары кул кылууга ылайыксыз адамдарды болсо айоосуздук менен өлтүрүшкөн.


Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, Африкада кул сатуу иштеринин натыйжасында жок дегенде жүз миллион адам көз жумган. Көптөгөн тарыхчылардын жана илимпоздордун ою боюнча, бул абдан оптимисттик бир божомол болуп саналат. Өлгөндөрдүн чыныгы саны мындан алда канча көп болушу ыктымал. Анткени, бул геноцид бир канча кылымга созулуп, бир жарым миллиард адамга жүргүзүлгөн.254 Бул жырткычтыкты социолог Верена Розенке төмөнкүчө сүрөттөгөн:
15 жаштан 25 жашка чейинки эркектер менен кыздарды сатуу эң көп киреше алып келген. Бул курактагыларды кармоо үчүн көбүнчө айылдардын башка тургундары айоосуздук менен өлтүрүлгөн. Он миңдеген адам ички аймактардан жээктерди көздөй мажбурлап айдалып баратканда, жолдо каза болушкан.255

Бул сыяктуу көрүнүштөр Британия колониализми учурунда көп кездешкен.

Африкадан алынып келген кулдардын тарткан азаптары муну менен эле чектелген эмес. Чала тоюу, начар шарттарда жашоо жана ашыкча иштөө кулдардын көпчүлүгүнүн Америкада кыска өмүр сүрүшүнө себеп болгон. Аз иштеди деп эсептелген же моюн сунбаган кулдар оор жазага тартылып, таяк менен сабалган. Качканга аракет кылгандардын же буту кесилген же өлтүрүлгөн. Француз жазуучу Марк Ферро кулдардын башынан өткөргөндөрүн төмөнкүчө баяндаган:
Бул негрлерди Гвинеянын жээктеринен сатып алабыз (...). Мындан отуз жыл мурда мыкты бир негр үчүн элүү лира төлөчүбүз, семиз өгүздүн бештен бир баасын ... Аларды адам дейбиз ... бирок аларды айбандардай иштетебиз. Аларды айбандардан да начар багабыз. Качкысы келсе, бир бутун кесип ордуна жыгач бут тагабыз да, кант камышын эзүүчү тегирменди колдору менен айландыруу жумушун жасатабыз. Жана ушунча кылгылыктан кийин, тартынбастан адам укуктары жөнүндө сөз кылабыз!256


Дарвинисттик жырткычтыктын чыныгы мисалы:«адам зоопаркы» жана Ота Бенга

Британия терең мамлекети тарабынан чыгарылып, дүйнө жүзүнө жайылтылган дарвинисттик философия Британия терең мамлекетинин Африканы, Австралияны жана Азияны колониялаштыруу саясаты менен эле чектелбестен, акылга, адамгерчиликке жана абийирге туура келбеген көптөгөн зулумдуктарга да себеп болгон.
Британия баш болуп, көптөгөн өлкөлөрдө катар катар ачылган жана абийирсиздик менен «Human Zoo» (адам зоопаркы) деп аталган жерлер бул зулумдуктун жеткен чегинин бирөөсү болгон. Бул адам зоопарктарында Африкадан жана Австралиядан алынып келген, мурда маданий жашоодо жашаган, үйү, үй-бүлөсү жана жумушу бар ар кайсы уруулардан адамдар айбандардай мамиле кылынып, көргөзмөгө коюлган жана адамдар бул зоопарктарга акча төлөп аларды көргөнү келишкен. Африкалык жана австралиялык кадимки адамдар Британия терең мамлекетинин «британиялыктар жогорку раса» деген жалганын пропагандалоо үчүн зым торлордун артында көргөзмөгө коюлган жана ал кездеги көптөгөн аристократтар бул көз бойомочулукка алданып, бул зулумдукка курал болушкан.
Бул адам зоопарктарынын икаясы төмөнкүчө:
1800-жылдардын аягында жана 1900-жылдардын башында Британияда жана кээ бир Европа өлкөлөрүндө дүйнөнүн төрт тарабынан алынып келген жергиликтүүлөр «адам зоопаркы» деп аталган атайын жайларда көргөзмөгө коюлган. Африкалыктардан, индеецтерден жана аборигендерден туткунга алынган адамдарды европалыктар айбандай көрүп, торго камап, көргөзмөгө коюшкан. 1889-жылы Парижде жарым жылаңач абалда көргөзмөгө коюлган көпчүлүгү африкалыктардан турган 400 туткунду көргөнгө 18 миллион адам келген. Көп өтпөстөн Түндүк Америка да Европаны туурап, бул кербенге кошулган. Адамзат шерменделиги ал жерде да уланган.
Ал туткундардын арасынан балким эң көп басмырланып, ыза кылынганы Ота Бенга аттуу африкалык пигмей болсо керек. Ота Бенга 1904-жылы Сэмюэл Вернер аттуу бир эволюционист изилдөөчү тарабынан Конгодон алынып келген. Аты өзүнүн тилинде «дос» деген мааниге келген жергиликтүү тургун үй-бүлөлүү жана эки баланын атасы болгон. Бир күнү аңчылыктан кайтып келгенде аялы менен эки баласынын жана уруусунун көпчүлүк мүчөлөрүнүн өлтүрүлгөнүн көрөт. Кийинчерээк өзүн да кармап, айбандай көрүп чынжырга байлашат жана капаска салып, АКШга алып барышат. Ал жердеги эволюционисттер Сент-Луистеги дүйнөлүк жарманкеде аны ар кайсы маймыл түрлөрү менен бирге бир капаска салып, «адамга эң жакын ортоңку өткөөл форма» деп көргөзмөгө коюшат. Зыяратчылар Африканын таза кандуу киши жегичтеринин бири деп жарнамаланган Ота Бенганын өзүн көрүү үчүн 25 цент, тиштерин көрүү үчүн болсо кошумча дагы 5 цент төлөшкөн.
Эки жылдан соң Бенга Нью-Йорктогу «Бронкс зоопаркына» алып барылган. Ал жердеги зулумдук мурдакыдан да оор болгон. Анткени, бир адам айбандардын зоопаркында көргөзмөгө коюлган. Аны бир канча шимпанзеге, Дина аттуу бир гориллага жана Дохунг аттуу бир орангутангга кошуп, бир капаска камашкан жана бүт баарын «адамдын мурдакы ата-бабалары» деп көргөзмөгө коюшкан.

Капастын алдындагы тактайга айбанды сүрөттөгөнсүп мындай деп жазылган:

Африка пигмейи, «Ота Бенга»
Жашы: 23
Бою: 1,49 метр
Салмагы: 46 кг
Касаи дарыясы, Конго эгемендүү мамлекети, Түштүк Орто Африкадан
Доктор Сэмюэл П. Вернер тарабынан алынып келген.
Сентябрь айы бою күн сайын түштөн кийин көргөзмөгө чыгарылат.

Ота Бенганы ал жерде маймылдар менен кучакташып ойногонго жана орангутангдар менен күрөшкөнгө мажбурлашкан. Зоопарктын жетекчиси, эволюционист доктор Уильям Т. Хорнадей «бул кымбат баалуу ортоңку өткөөл форманын анын колунда болгонуна абдан сыймыктанаарын» айткан. Зыяратчылар болсо капаска камалган Ота Бенгага айбандай мамиле кылышкан.
 «New York Times» гезитинин ошол кезде чыккан бир нускасында зыяратчылардын мамилелери төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Зоопаркта 40 миң зыяратчы бар эле. Бул жоон топтун арасындагы эркектердин, аялдардын жана жаш балдардын дээрлик бүт баары парктагы африкалык жапайы адамды көрүү үчүн маймыл капасына келип жатты. Улуп, шылдыңдап, кыйкырып-өкүрүп пигмейдин тынчын алып жатышты...1
«New York Journal» гезитинин 1906-жылдын 17-сентябрындагы нускасында болсо мунун эволюцияны далилдөө үчүн жасалганы, бирок чоң адилетсиздик жана зулумдук экендиги төмөнкүчө айтылган:
Бул адамдар аңкоолук жана акылсыздык менен маймыл капасынын ичине Африкадан алынып келген кыска бойлуу бир адамды көргөзмөгө коюшкан.
Алар сыягы эволюциянын кээ бир терең сабактарын адамдарга окутууну көздөсө керек. Негизи мындан бир гана нерсе келип чыкты: жок дегенде боорукердикке жана сылыктыкка арзыган Африка расасы бул өлкөнүн актарынан жапайылык көрүп, андан соң басмырланды.
Бир кудурет тарабынан жаратылган, баарыбызды бир жерге жайгаштырган, бирдей сезимдерди жана бирдей рухту тартуулаган Аллахтын алдында ... бир адамды маймылдарга кошуп бир капаска камап коюу жана аны шылдыңга алуу абдан уят жана ыпылас көрүнүш...2
Зоопаркка келген зыяратчылардын саны кыска убакытта кескин көбөйгөн, бирок анын жетекчилиги адам укугун коргоочулардын басымына туруштук бере албастан, Ота Бенганы белгилүү убакыттан соң эркиндикке чыгарган. Эркиндикке чыккан соң англисче үйрөнүп, бир тамеки фабрикасында жумуш тапкан Ота Бенга физикалык жактан эркин болгону менен, башынан өткөргөндөрүн унута алган эмес. Ошентип 1916-жылы жүрөгүнө атып, өзүн-өзү өлтүргөн.
Ота Бенга Конгодо жашаган кезде өтө адамгерчиликтүү бир киши катары белгилүү болгон. Албетте, өзүн-өзү өлтүрүшү Британия терең мамлекетинин жырткыч системасына каршы туура кадам болгон эмес. Бирок бул мисал дарвинисттик системанын жырткычтыгын жана коркунучтуу натыйжаларын таамай айгинелейт.
Кызыгы, бул трагедия Британия терең мамлекетине эч кандай кысымчылык алып келген эмес жана зулумдук бул окуядан кийин да көп жылдар бою уланган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европада адам зоопарктары азайды. Бельгияда акыркы адам зоопаркы 1958-жылы жабылды. Бирок түшүнүк өзгөргөн жок. Британия терең мамлекети коркунучтуу дарвинисттик калпты системалык түрдө жайылтып, бүт элдердин аң-сезимине сиңирүүнү улантты.
Бүгүнкү күндө адамдар адам зоопарктарындагы капастарга камалбаганы менен, адамдардын бир бөлүгүн «жакшы өрчүбөгөн» деп ойлогон бузуку түшүнүк кээ бир чөйрөлөрдө кеңири тараган. Эволюция теориясынын бир көз бойомочулук экендигин далилдеген сөздөрүбүз жана көрсөткөн илимий далилдерибиз көп адамдардын көзүн ачканы менен, бул багытта жасала турган дагы көп жумуш бар. Бүт адамдарга «баарыбызды Жаратуучубуз Аллах жараткан, «эволюция» деген ойдон чыгарылган бир процесс эч качан болгон эмес жана бүт баарыбыз Аз. Адам (ас)дын балдарыбыз» деп илимий далилдери менен айтып берүүдөн эч качан чарчабашыбыз керек. Бардык расалар Раббибиз жараткан көп түрдүүлүктүн бир бөлүгү жана өзүнчө бир кооздук. Аллах бул акыйкатты Курандын бир аятында төмөнкүчө билдирген:

Асмандардын жана жердин жаратылуусу менен тилдериңердин жана түстөрүңөрдүн ар түрдүү болушу Анын аяттарынан (далилдеринен). Күмөнсүз, мында аалымдар (илимдүүлөр) үчүн чындыгында аяттар бар. (Рум Сүрөсү, 22)

Башка бир аятта болсо Раббибиз бүт адамдардын Аз. Адам (ас) менен анын жубайынан келгендигин жана адамдарды бири-бири менен таанышуусу үчүн ар түрдүү кылып жараткандыгын билдирген. Ошондой эле, бул аятта Аллах жогорулуктун улут же санжырада эмес, такыбалыкта (Аллахтан канчалык корккондугунда) экендигин кабар берген:

Эй адамдар, чындыгында Биз силерди бир эркек менен бир аялдан жараттык жана бири-бириңер менен таанышышыңар үчүн силерди элдерге жана урууларга айланттык. Күмөнсүз, Аллах Кабатында эң жогоркуңар – бул (улут же ата-бабасы жагынан эмес) такыбалык жагынан эң алдыңкыңар. Күмөнсүз, Аллах билүүчү, кабар алуучу. (Хужурат Сүрөсү, 13)

Адамзат тарыхынын эң үрөй учурарлык окуяларынын бири болгон "адам зоопарктары" дарвинисттик
пропаганданын таш боор натыйжаларынын бири.


1. Philips Verner Bradford, Harvey Blume, Oto Benga: The Pygmy in the Zoo, Canada, Ekim 1993, s. 269
2. Philips Verner Bradford, Harvey Blume, Oto Benga: The Pygmy in the Zoo, Canada, Ekim 1993, s. 267


Булактар:

253.  Raimondo Luraghi, Sömürgecilik Tarihi, Çev: H. İnal, E Yayınları, İstanbul 2000, s.213
254.  Frantz FANON, Yeryüzünün Lanetlileri, (Çev. B. DOKTOR), İst., 1984, s. 262
255. Werena Rosenke, Sefaletin Mimarı Avrupa, Niçin Aztekler Avrupa’yı Keşfetmedi?, Derleyen: P. Wahl, Çeviren: Levet Kafadar, İletişim Yayınları, İstanbul, 1993, ISBN: 9789754703054, s. 60-61
256.  Marc Ferro, Sömürgecilik Tarihi, Çev: Muna Cedden, İmge Kitabevi, 1. Baskı, Ankara, 2002, s. 290-291

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...