23 Ocak 2019 Çarşamba

БРИТАНИЯ ТЕРЕҢ МАМЛЕКЕТИ ЖАНА ЖАҢЫ КОЛОНИАЛИЗМ


Экинчи дүйнөлүк согуш дүйнөдөгү тең салмактуулуктарды абдан өзгөрткөн. Британия Экинчи дүйнөлүк согуштан жеңиш менен чыкканы менен, экономикалык жана аскердик жактан чоң жоготууларга дуушар болгон. Мындан тышкары, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин колонияларда эркиндик күрөштөрүнүн тынымсыз уланышы Британия империясына көптөгөн кыйынчылыктарды туудурган. Британия терең мамлекети колонияларды түздөн-түз башкаруунун материалдык жана моралдык мүшкүлдөрүнөн кутулууну көздөгөн, бирок башкаруусунан толук чыгарып жиберүүнү каалаган эмес. Согуштан кийин кризистик абалга келген колониялардын экономикасы өзүнө келиши үчүн өлкөлөрдүн экономикаларын түздөн-түз Британия терең мамлекетинин пайдасына колдонуу планы иштелип чыккан.
Мындан тышкары, Британия эки дүйнөлүк согушка катышкандыктан, дүйнөгө өзүн «тынчтыкты каалаган» бир өлкө катары көрсөтүүнү көздөгөн. Адамзатка каршы жасалган кылмыштар жана Черчилльдин өкмөтү жабык эшиктердин артында катуу сынга алынган. Британия терең мамлекети зулумдук системасын жашыра албай калган. Байланыш ыкмалары өнүгүп, дүйнө кичирейген жана «адам укуктары» жөнүндө суроолор көбөйгөн. Ошондуктан башка стратегияга өтүү муктаждыгы келип чыккан.
Британия терең мамлекети 20-кылымдын ортолорунан баштап, көмүскөгө жашынып баштаган. Мыйзамсыз иш-аракеттерин ар кандай пешкалар аркылуу ишке ашыруу стратегиясына өткөн. Согуштарда жана ички кагылышууларда АКШны алдыңкы планга чыгарып, колония системаларында болсо тыңчылары менен кошоматчыларын колдонгон. Өлкөлөрдүн финансы системаларын «легалдуу» көрүнгөн, пайыз менен иштеген мекемелерди колдонуу аркылуу өзүнө караткан жана генетикалык жактан өзгөртүлгөн, гибрид продукцияларга басым жасап, айыл-чарбасын бузган. Билим берүү системасына кийлигишип, колониялаштырууну көздөгөн өлкөлөрдө «расизм», «таптык бөлүнүү» сыяктуу жасалма түшүнүктөргө «илимий» тон кийгизген жана социал-дарвинизмди жайылткан. Мындай билим берүү системасы аркылуу улуттук аң-сезимди жок кылган. Адеп-ахлактык бузулууну күчөтүп, барган сайын адамдарды дин, руханият, үй-бүлө сыяктуу руханий баалуулуктардан алыстаткан. Британия терең мамлекетинин жаңы колониялаштыруу стратегиясы коомдорду негизги баалуулуктарынан алыстатып, кыйроого дуушар кылууга жана андан соң өзүнө каратууга негизделген. Бул стратегия пландалгандай ийгиликтүү болгон.
Бул жаңы системанын аты «жаңы колониализм». Жаңы колониализм «эркиндик», «демократия» деген сыяктуу кээ бир көз бойомо түшүнүктөр менен бирге пайда болгон, бирок иш жүзүндө бул сөздөрдү өзүнүн тымызын максатына пайдаланган. Эркиндик жана демократия, албетте, ар бир коом үчүн абдан маанилүү жана коомдун чың болушунун негизги шарттарынын бири. Бул түшүнүктөрдү ар дайым жактоо, өнүктүрүү жана күчтөндүрүү зарыл. Бирок Британия терең мамлекети жаңы колониализм стратегиясында бул түшүнүктөрдү башка максатта колдонууда. Британия терең мамлекети бул сөздөрдүн артына жашынып, өлкөлөрдү тымызын эзген жана эркиндик убада кылып, коомдорго ансайын көбүрөөк кишен салган.
Аскердик төңкөрүш менен бийликтен түшүрүлгөнгө чейин, Гананын алгачкы эгемендүүлүк жылдарында 10 жыл президент болгон Кваме Нкрума да бул жагдайга көңүл бурган. Нкрума жаңы доордогу колониализмди улантуу аракеттеринин «эркиндик» сөздөрү менен коштолушун «жаңы колониализм» деп эсептеген.257 Бул ыкма менен эзилген өлкөлөр эркиндик жана көз-карандысыздык түшүнүктөрү аркылуу эзилип жатышканын байкабай да калышкан. Британиянын гезити «The Guardian» бул акыйкатты «Британия Африканын байлыктарын тоноодо негизги ролду ойноп жатат» деп ачык жарыялаган.258
Гезит тарабынан жарыяланган баяндамада айтылышынча, Африкага кирген жана Африкадан чыккан жалпы ресурстардын көлөмү эсептелип чыгып, төмөнкүдөй жыйынтык алынган: Африкадан жыл сайын 192 миллиард фунт стерлинг чыгып, болгону 134 миллиард фунт стерлинг кирет. Мындан «Африка материги жыл сайын 58 миллиард фунт стерлинг жоготуп жатат» деген жыйынтык келип чыгат.259
Гананын алгачкы президенти Кваме Нкрума
"жаңы колониализм" терминин биринчи
жолу колдонгондордон.
Кызыгы, Африка материги өзгөчө кен байлыктар жана кээ бир аймактардагы айдоо жерлери жагынан дүйнөнүн эң бай материги болуп саналат. Африка, ошончо байлыгына карабастан, дагы деле жакырчылык, ал тургай, ачарчылык азабын тартууда. Бай материкти соруп жаткан Британия терең мамлекети бул колониализм системасын ар кандай ыкмалар менен жаап-жашырууга аракет кылууда.
Эл көзүнө жасалган жардамдар жана андагы аты чыккан кишилер көбүнчө сценарийдин бир бөлүгүн түзөт. The Guardian 2014-жылы 15-июльда чыккан «Aid to Africa: Donations From West Mask 60bn Looting' of Continent» (Африкага жардам: Батыштын гранттары материктин 60 миллиард долларга тонолушун жаап-жашырууда) деген темадагы макаласында мунун себебин төмөнкүчө түшүндүргөн:
Жарандык коомдордун (бейөкмөт уюмдардын) маалыматы боюнча, Британия жана башка бай мамлекеттер фирмаларына Африканын ресурстарын талап-тоношуна мүмкүнчүлүк берип, экинчи жагынан жардам көрсөтүп жоомарттык кылганына корстон болушууда.260
The Guardian гезитиндеги макалада булардын баарын Британиянын компаниялары жасап жатат деп айтылса, «Health Poverty Action» уюмунун жетекчиси Мартин Дрюри Британия терең мамлекети жасаган «талап-тоноолордун» борборунун Лондон экендигин төмөнкүчө билдирген:
Көпчүлүктүн түшүнүгү боюнча, Британия Африкага жардам көрсөтүп, «көмөкчү болууда». Бирок чындыгында ал жардамдар чыгарылып кеткен миллиарддарды жазгырып туруучу тумандын милдетин аткарууда. Мындан да тагыраак айта турган болсок, бул бир мародерчулук (талоончулук); берешендиктин карама-каршысы. Дагы бир нерсени кабыл алышыбыз керек: эл аралык деңгээлдеги бул финансылык системанын жүрөгү – Лондон.
The Guardian гезитиндеги башка бир макалада болсо Британиянын өзүн «жакырлардын баатыр коргоочусу» катары көрсөтүүгө аракеттенээри айтылып, чыныгы абалдын такыр башкача экендиги төмөнкүчө белгиленген: «Чындыгында Британия Африкага берген жардамынан алда канча көбүн кайра алууда. Биз Африкага эмес, алар бизге инвестиция кылууда».261
Британиянын "The Guardian" гезити "Биз Африкага эмес, алар бизге акчалай инвестиция
жасап жатышат" деп акыйкатты айткан.

"Жыл сайын Африкадан 192 миллиард доллар чыгууда."
Африкага Европадан жиберилген мамлекеттик жардамдар чындыгында бир көз бойомочулук.
Андан алда канча көп сумма колониализм аркылуу кайра алынууда.

Британиялык жазуучу Марк Кертис «The Great Deception: Anglo-American Power and World Order» (Улуу алдамчылык: Англия-Америка күчү жана дүйнөлүк түзүлүш) аттуу китебинде Британия терең мамлекетинин «берешен» болуп көрүнүп, Африка өлкөлөрүн кантип эзип жаткандыгын төмөнкүчө сүрөттөгөн:
1967-1969-жылдары Британиянын Тышкы иштер министри кызматын аткарган Рег Прентис мындай деген: «Жардам көрсөтүү программабызды өзүбүздүн сырткы рынокторубузга жасаган бир инвестициябыз деп эсептесек болот. Бул бардык донор өлкөлөргө тиешелүү ... Учурда глобалдык жардамдардын 7,5%ын биз берип жатабыз, бирок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн импорттолгон товарлар үчүн өнүккөн өлкөлөрдөн келген заказдардын 12%ын биз алып жатабыз. Жардам көрсөтүү программабыз төлөмдөр балансыбызга пайдалуу болууда ... Кыйыр таасирлерин (жардамдан кийинки сооданы) жана башка өлкөлөрдүн жардам көрсөтүү программаларынан алган заказдарыбызды эске алганда, азыркы абал биздин пайдабызга болууда. 1978-1984-жылдары 1 миллион фунт стерлингдик жардам 3,2 миллион фунт стерлингдик экспортко себеп болду. 1982-1991-жылдары Британия берген ар бир 1 фунт стерлингдик жардамдан британиялык компаниялар орточо 1,20 фунт стерлинг алышты. Оксфамдын бир баяндамасы боюнча, Африка 1987-жылдан бери 100 миллиард доллардан ашуун карыз төлөгөнүнө карабастан, карызынын өлчөмү 1/4ге көбөйгөн. 1995-жылы бир эле Британия өкмөтү (банктар эмес) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн карыздарды тейлөө катары 262 миллион фунт стерлинг алды.262


Расмий маалыматтарга караганда, Британия бул өлкөлөрдүн баарына грант же жардам деген ат менен көптөгөн каражаттарды бөлүп жаткан бир өлкөдөй көрүнөт. Албетте, Британия өкмөтүндө да, Британиядагы жарандык коом уюмдарында да адамгерчилик абийири менен жардам көрсөткөн жана чындап Африканын жана кыйынчылык көрүп жаткан башка өлкөлөрдүн өнүгүшүн каалаган адамдар көп. Бирок учурдагы системанын иштеши, ак ниеттүү адамдардын канчалаган аракеттерине карабастан, Британия терең мамлекетинен көз-каранды. Бул системадан Британия өкмөтүнүн өзү да чыга албай келүүдө. Британия терең мамлекети тымызын саясатын мында да жүргүзүп, түздөн-түз эзүүчү тарап болуп көрүнбөстөн, Африкага жардам көрсөткөн бир «дос» болуп көрүнүүдө. Тиешелүү эсептөөлөр жүргүзүлгөндө болсо чыныгы абалдын такыр башкача экендиги аныкталууда.
Албетте, жакшы адамдардын аракеттери өз жемишин берет. Жакшы адамдар абийиринин добушун угуп, шарттар кандай гана болбосун, күч кимдин колунда тургандай көрүнбөсүн, ар дайым туура иштерди жасаганга милдеттүү. Бирок ошол эле учурда ак ниеттүү адамдар жакшы иштер көбөйүшү үчүн, Британия терең мамлекети сыяктуу тымызын түзүмдөрдү да ашкере кылууга милдеттүү. Анткени, Британия терең мамлекетинин тымызын стратегиялары дүйнө жүзүндө дагы деле зомбулуктарды улантууда жана бул механизмдин тымызын бойдон калышы зыяндарды көбөйтүүдө. Чыныгы жүзү ашкереленип, дүйнөнү башкарып жаткан дажжал түзүмүнүн Британия терең мамлекети экендиги айтылган сайын, бул системанын күчү азайат жана дажжал комитети адамдарды оңойчулук менен алдай албашын түшүнөт.
Дүйнөдө кыйынчылыкка кабылып, жакырчылык азабын тартып жаткан ар бир адамга жардам берүү зарыл. Абийирдүү адамдар оор абалга кабылган ар бир адамдан жана ар бир элден жооптуу. Ал адамдар эгер дажжалдын (тажаалдын) жөнөкөй алдамчылыктарынан улам ошондой абалга түшкөн болсо, анда аны тезинен токтотуу аракеттерин көрүү зарыл. Аллах жакшылардын аракетин, албетте, көрөт жана дажжалдык системаны жок кылып, оор абалга туш болгондорго бакубаттык берет. Ал үчүн биз аракет жана дуба кылышыбыз керек.

Силерге эмне болду, Аллах жолунда жана: «Раббибиз, бизди калкы залим бул өлкөдөн чыгар, бизге Кабатыңдан бир вели (коргой турган башчы) жөнөт, бизге Кабатыңдан бир жардам берүүчү жибер» деген эркектерден, аялдардан жана жаш балдардан кыйынчылыкта калгандар үчүн күрөшпөй жатасыңар? (Ниса Сүрөсү, 75)

Булактар:

257. Kwame Nkrumah, “The mechanisms of neo-coloni lism”, https://www.marxists.org/subject/africa/nkru mah/neo-colonialism/ch01.htm
258. Martin Drewry, “It’s time NGOs admit aid isn’t going to ‘save’ Africa”, The Guardian, 22 Temmuz 2014, https://www.theguardian.com/global-development-professionals-network/2014/jul/22/africa-rescue-aid-stealing-resources
259.  Drewry, a.g.m
260. Mark Anderson, “Aid to Africa: donations from West mask 60bn looting’ of continent”, The Guardian, 15 Temmuz 2014, https://www.theguardian.com/global-development/2014/jul/15/aid-africa-west-looting-continent
261. Martin Drewry, “It’s time NGOs admit aid isn’t going to ‘save’ Africa”, The Guardian, 22 Temmuz 2014, https://www.theguardian.com/global-development-professionals-network/2014/jul/22/africa-rescue-aid-stealing-resources
262.  Mark Curtis, The Great Deception: Anglo-American Power and World Order, Pluto Press, 1998, e-book

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...