23 Ocak 2019 Çarşamba

КӨЗ-КАРАНДЫСЫЗДЫК АТЫН ЖАМЫНЫП КОЛОНИЯЛАШТЫРУУ


Дүйнөнүн жаңы түзүлүшү «жаңы колониализм» системасын ишке ашырууга абдан ыңгайлуу болуп калган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин негизделген Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) бир канча декларациялар аркылуу колониализм доорундагы кээ бир иш-аракеттерди «адамзатка каршы жасалган кылмыштар» деп жарыялаган. Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутунун согуш кылмыштарын баяндаган 8-беренеси менен адамзатка каршы жасалган кылмыштарга аныктама берген 7-беренеси колониализмди «адамзатка каршы жасалган кылмыш» деп кабыл алган.
Колония өлкөлөргө эгемендүүлүк берилээр замат, БУУ көз-карандысыздыкка ээ болгон колония өлкөлөрдү мүчөлүккө кабыл ала баштаган жана бул Британия терең мамлекетин абдан тынчсыздандырган.
Британиялык тарыхчы Марк Кертис «The Great Deception: Anglo-American Power and World Order» (Улуу алдамчылык: Англия-Америка күчү жана дүйнөлүк түзүлүш) аттуу китебинде муну төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Тышкы иштер министрлигинин 1950-жылдын июнь айындагы бир нотасында мындай деп айтылган: ««Бир мамлекет – бир добуш» системасынан улам кичинекей өлкөлөрдүн керексиз бир күчкө ээ болушу Британиянын жана Британия шериктештигинин негизги кызыкчылыктарын БУУнун кийлигишүүсүнөн коргоо мүмкүнчүлүгүн чектеши ыктымал.» Премьер-министр Гарольд Макмиллан да ушундай ойдо болгон жана «кансыз согуштун бир маселеси – Африка-Азия лагерьлеринде эч маанисиз өлкөлөрдүн колуна олуттуу опуза көзүрүнүн берилиши» деп айткан. Британиянын Британия шериктештигине байланыштуу демократия көз-караштары да ушул сыяктуу болгон. Мисалы, 1953-жылкы бир меморандумда мындай деп айтылган: «Примитивдүү адамдар жашаган бул кичинекей өлкөлөр азыркы учурда «бойго жеткен өлкөгө» айлануу үчүн керектүү аң-сезимге жете элек.» Британиянын Британия шериктештиги министри да жаңы эгемендүүлүккө ээ болгон аймактарга БУУнда толук мүчө статусун берүүнүн «жагымсыз» болоорун айткан, ... жана «эң башынан баштап ... биздин таасирибиздин астында калтыруу керек» деген ... Британия «БУУнун Британиянын колонияларына болгон таасирин азайтуусуна бөгөт коюуну» көздөгөн жана бул аракеттерин согуштан кийинки жылдарда эле эмес, «деколонизация» процессинде да уланткан. Мисалы, БУУнун Башкы ассамблеясынын 1960-жылкы чечиминде «бүт ыйгарым укуктардын тезинен жана эч кандай шарт коюлбастан [колониянын] элдерине өткөрүлүп берилиши» каралган. Британия бул чечимге добуш берген эмес жана бул декларацияны эч качан расмий түрдө кабыл алган жок. Мындан тышкары, көп жылдар бою бул чечимдин ишке ашырылышын текшерүү үчүн комитет тарабынан милдеттендирилген делегаттардын аймактарды кыдырышына да уруксат берген жок. Башкы ассамблеянын 1970-жылкы чечими 1960-жылкы чечимдин ишке ашырылышына кайрадан үндөгөндө, Британия нааразылыгын билдирүү үчүн бул чечимди даярдаган комитеттен баш тарткан.263
Британия терең мамлекети колониализм системасында эми көптөгөн иш-аракеттердин кылмыш категориясына кирээрин билген. Ошондуктан бул аймактарды эзүүнү улантуу үчүн, жаңы мыйзамдардын негизинде кылмыш болуп саналбай турган тымызын бир колониализм саясатын издей баштаган. «Жаңы колониализм» буга эң ылайыктуу болгон. Жаңы колониализм системасында өлкөлөр Британия терең мамлекетинин колониясынын астында кала берет, бирок иш-аракеттер ушунчалык кылдат жүргүзүлгөндүктөн, жасалган кылмыштарга күнөөлөө мындай турсун, айыптоого да мүмкүнчүлүк берилбейт.264 Ал тургай, толугу менен адамзатка каршы кылмыш болуп саналган кул сатуу да башка бир формада улантылат жана башка формага айланганы үчүн эч бир кылмыш категориясына кирбей калат.
Өзгөчө финансылык көмөк деген аталыштагы экономикалык жазалар колония өлкөлөрдө улуттук саясий күчтү экинчи планга түртүп, укук системасын жок кылат жана аскердик күч болсо толугу менен колонизатор өлкөгө баш ийет. Сыртынан караганда өлкөлөр басып алынбаган, эркин болуп көрүнөт, бирок иш жүзүндө саясий, коомдук, маданий, аскердик жана финансылык жактан толугу менен колонизаторлорго баш ийет. Мыйзам чыгаруу органдары колонизатор өлкөлөрдүн колунда болгондуктан, бул колония системасы мыйзамдарда каралбайт.
Колониялар Британиянын карамагынан чыгып, эгемендүүлүккө ээ болгон соң материалдык жактан чоң кыйынчылыктарга туш болушкан. Ошол кезге чейин бүт өндүрүшүн Британия терең мамлекети тартып алгандыктан, өндүрүш тармактары өнүккөн эмес. Британия терең мамлекетинин оюндарынан улам айыл-чарбасынын көпчүлүк бөлүгүн жоготуп, өнөр-жайын да өнүктүрө алышкан эмес. Ошондуктан кагаз жүзүндөгү «эгемендүүлүк» менен бирге оор жакырчылыкка туш болушкан. Ансыз да план ошондой болгон. Британия терең мамлекети колонияларды легалдуу жолдор менен Британияга баш ийдирүүнүн пайдубалын мурдатан, алдын ала даярдап койгон. Ошентип бул жакыр өлкөлөр мажбурлуу түрдө Британиянын жардамына муктаж болушат. Британия терең мамлекетинин «жардам» деген аталыштагы экономикалык кадамдары болсо иш жүзүндө ал өлкөнү толугу менен Британия терең мамлекетинен көз-каранды кылып койот.
Дүйнөлүк Банк, Эл аралык валюта фонду (IMF) жана Дүйнөлүк соода уюму (WTO) – кээ бир муктаж өлкөлөргө финансылык көмөк көрсөтүүчү уюмдар. Бул уюмдардын жардамдары өлкөгө «пайдалуудай» көрүнгөнү менен, чындык такыр башка. Өлкө бул фонддор аркылуу укуктук, экономикалык жана саясий милдеттерди мойнуна алганы үчүн, андан соң толугу менен Британия терең мамлекетинин карамагындагы уюмдарга баш ийип калат.
Бул көрүнүш негизи бир эле мурдакы колония өлкөлөргө тиешелүү эмес. Түркия да кошо, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Азия өлкөлөрү жана көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр да бул системанын коркунучуна туш болушкан.
Аллахка шүгүр, урматтуу президент Режеп Таййип Эрдогандын акылдуу экономикалык саясаттарынын натыйжасында Түркия мамлекети Эл аралык валюта фондунун моюнтуругунан кутулду. Бирок учурда көптөгөн өлкөлөр дагы деге бул моюнтуруктан чыга элек.
Бул уюмдар аркылуу «жардам алган» мурдакы колонияларга ал жардамдар үчүн ар кандай талаптар коюлат. «Либералдашуу» деген аталыш менен, өлкөнүн капитал рыногун чет өлкөлүк фирмаларга ачуу багытында керектүү иш-чараларды жүргүзүшү талап кылынат. Өлкөнүн табигый ресурстарын жана кен байлыктарын башкарган механизмдерге чет өлкөлүк фирмалар таасир тийгизип баштаган соң, жаңы колония системасы башталат.
Бир нерсени унутпаш керек: Британия терең мамлекети чындыгында эч бир өлкөдө демократиянын өнүгүшүн же анын либералдашуусун каалабайт. Анткени, демократиянын өнүгүшү Британия терең мамлекетине чоң рискти пайда кылат. Терең мамлекет элдин аң-сезимин керектүү багытка бура алат, бирок элдин добушун ар дайым башкара албашы мүмкүн. Британия терең мамлекети толугу менен башкара ала турган бир системаны каалайт. Ошондуктан өлкөлөрдө «демократияны өнүктүрүү» сөздөрүнүн мынчалык көп айтылышы терең мамлекет демократияны эңсеп жатат деген мааниге келбейт. Тескерисинче, мындай сөздөр өлкөгө карата колдонула турган чаралардын «жашыруун тону» болуп саналат.
Британия терең мамлекети көбүнчө «демократиялашуу» деген сыйкырдуу сөздү колдонуп, бул талапка туура келген жана өзүнө баш ийген бир лидерди өлкө башчылыгына алып келет. Бул калп «демократия системасы» негизи Британия терең мамлекетинин өзүнө жакпаган кишилердин оозун жабуу саясаты болуп саналат. Башкача айтканда, муну кандайдыр бир мааниде Британия терең мамлекети лидерлик кылган диктатура системасы десек болот.
Антрополог Бронислав Малиновский Британия терең мамлекетинин Африканы «цивилизациялаштырдык» деген сөздөрү жөнүндө мындай деген:
«Биз» аларга саясий бийликтин инструменттерин берген жокпуз, экономикалык байлыктарды жана артыкчылыктарынын маңызын да алар менен бөлүшкөн жокпуз.265
Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндөгү эч бир уюмдун акысыз материалдык «жардам» көрсөтпөй тургандыгын эч качан унутпаш керек. Бир жагынан, мындай жардамдар аркылуу өлкөлөр бүт тараптан көз-карандылыкка алынса, экинчи жагынан, ал жардамдар жогорку пайыздуу кредит катары берилет. Карыздардын пайыздары гана араң төлөнүүдө жана өлкөлөр карыз сазынан чыга албастан, Британия терең мамлекетине көз-каранды бойдон калууда.
Канадалык саясий илимдердин адиси Роберт Кокс «гегемондук мамлекет» болуу үчүн бир өлкө глобалдык дүйнө түзүлүшүн орнотушу зарыл дейт. Кокс бул дүйнө түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн болсо «үстөм мамлекет башкаларды эзип жатканда, эзилип жаткан өлкөлөр бул абалды өздөрүнүн пайдасына деп ойлошот» деп сүрөттөгөн.266 Учурдагы абал дал ушундай.
Постколониалдык (колониядан кийинки абал) изилдөөлөр боюнча белгилүү адис, индиялык илимпоз Парта Чаттерджи «Nationalist Thought and the Colonial World» (Улутчул аң-сезим жана колониалдык дүйнө) аттуу китебинде бул чындыкка төмөнкүчө токтолгон:
...биздин атыбыздан колониалдык агартуу жана колониялаштыруу сценарийин эле пландабастан, ошол эле учурда биздин антиколониалдык (колонияга каршы) тирешүүбүздү жана постколониалдык (колониядан кийинки) жакырчылыгыбызды да пландаган. Кыялдарыбыз дагы түбөлүккө чейин колония бойдон калууга мажбур.267
1960-жылдары колониализм кагаз жүзүндө токтогон соң, Британия терең мамлекети колония өлкөлөрдөгү чек араларды башынан белгилеген. Африкадагы чек аралардын сызгыч менен чийгендей түптүз болушунун себеби, саясий максатты көздөп чындап эле сызгыч менен чийилген. Башкача айтканда, Британия терең мамлекети колония өлкөлөрдү ушул саясат аркылуу эзүүнү уланткан.
Кээ бир серепчилер жаңы колониализм доорун четке какпаганы менен, «жаңы системада жок дегенде адамдар өлтүрүлгөн жок» дешип, жаңы системаны жакташат.

"Жаңы колониализмде жок дегенде адамдар өлтүрүлүп жаткан жок" деген сөздөр чындыкка жатпайт.
Сыртынан караганда бир гана ыкма өзгөрдү, зулумдук ошол бойдон уланууда.

Бирок бул сөздөр чындыкка жатпайт. Анткени, Британия терең мамлекети өлкөнүн бийлигин жактырбаган учурларда ар кандай көтөрүлүштөрдү уюштуруп, жарандык согуштарды чыгарып, керек учурда аскердик кийлигишүү жасап, бүгүнкү күндө да бул өлкөлөрдө кандуу окуяларга себеп болууда.
Ошондой эле, жумушчу күчүнүн иштетилбешинин колониализмге карама-каршы келээрин унутпаш керек. Анткени, адамдарды эзип иштетүү Британия терең мамлекети үчүн абдан маанилүү. Британия терең мамлекети алгач колония өлкөлөрдүн жашоочуларын өзү каалагандай абалга алып келип, андан соң аларды өтө аз эмгек акы менен иштетет. Британия терең мамлекетинин адамдарга болгон көз-карашы жана тымызын стратегиясы мына ушундай.
Кээ бирлер «21-кылымда кулчулук системасы калган жок» дегени менен, чындык андай эмес. Бүгүнкү күндөгү адам сатуу, мыйзамсыз жумушчуларды иштетүү, жаш балдарды сатуу сыяктуу иш-аракеттер кулчулуктун жашыруун түрлөрүнө кирет. Кулчулукка тыюу салынганы менен, учурда миллиондогон кулдар бар. «Кул» деген сөздүн ачык түрдө колдонулбашы адамдарды жаңылтпашы керек. Кулчулук «акысын төлөбөстөн мажбурлап иштетүү же жумушчуларды эзүү» деген мааниге келсе, анда бүгүнкү күндө дүйнөдө бул аныктамага туура келген миллиондогон адам бар. Өзгөчө акыркы жылдары Британия терең мамлекети башаламандыктарды жана көтөрүлүштөрдү уюштурган аймактардан качкан көчмөндөр абалды ансайын оордоштурду.

Кулчулукка расмий түрдө тыюу салынганы менен, учурда дүйнөдө бул аныктамага туура келген
миллиондогон адамдар бар.



Булактар:

263.        Curtis, a.g.e.
264.        Yrd. Doç. Dr. Deniz Altınbaş, “İnsanlığa Karşı Suçlar ve Yeni Sömürgecilik”, Uluslararası Suçlar ve Tarih, 2011, Sayı: 11/12, s. 35
265.        Talal Asad, Antropoloji ve Sömürgecilik, Ütopya Yayınları, 1. Baskı, Ankara 2008, ISBN 978-975-6361-67-2, s.74
266.        Yrd. Doç. Dr. Deniz Altınbaş, “İnsanlığa Karşı Suçlar ve Yeni Sömürgecilik”, Uluslararası Suçlar ve Tarih, 2011, Sayı: 11/12, s. 37
267.        Partha Chatterjee, (1993) The Nations and its Fragments: Colonial and Postcolonial Histories,Princeton, NJ: Princeton University Press s. 5

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...