23 Ocak 2019 Çarşamba

БРИТАНИЯ ШЕРИКТЕШТИГИ


Британия терең мамлекетинин эл аралык саясатты башкарууда колдонгон негизги рычагдарынын бири – бул, Британия шериктештиги.
Бул шериктештик, атынан да көрүнүп тургандай, борборунда Британия жайгашкан эл аралык уюм. Бул уюмга көпчүлүгү Британиянын мурдакы колонияларынан, басып алган өлкөлөрүнөн жана өнөктөштөрүнөн турган 49 өлкө жана 29 аймак кирет, жана чалгындоо кызматы, экономика, соода, коргонуу сыяктуу көптөгөн багыттарда Британиянын координациясынын астында, биргелешип иш алып барышат.
Дүйнөнүн төрт тарабында жайгашкан жана калкы 2,4 миллиардды, ички дүң продукциясы 14 триллион долларды түзгөн бул алп күч Британияга дипломатия, коргонуу сыяктуу көптөгөн багыттарда зор колдоо көрсөтөт. Британия терең мамлекети дүйнөнүн бардык аймактарындагы өзүнүн кызыкчылыгына байланыштуу окуяларды Британия шериктештигинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, каалагандай башкара алууда.
Мисалы, Британия терең мамлекети Жакынкы Чыгыштын байланыш тармактарына кийлигишүү максатында Шериктештиктин мүчөлөрүнөн буга ылайыктуу болгон Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия өлкөлөрүн бириктирип, «Беш көз» деп аталган чалгындоо системасын курган. Бул өлкөлөрдө техникалык инфраструктураны калыптандырып, тыңшоо борборун болсо Кипрдеги базага жайгаштырган. Ошентип бүт Жакынкы Чыгышты жана аймактагы өлкөлөрдү тыңшоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бул темага алдыда тереңирээк токтолобуз.

Шериктештиктин пайда болушу

Өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согуштан соң, колониялар кагаз жүзүндө эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, Британия бул колонияларды мыйзамдуураак көрүнгөн, бирок түпкүрүндө кайра эле коркутуу, басым көрсөтүү, мажбурлоо сыяктуу мафия ыкмаларына таянган бир жол менен башкарууну уланткан. Эми Британия өкүмдарлыгынын аты «Британия империясы» эмес, «Британия шериктештиги» болуп калган.
Мисалы, Британия казынасынын 1945-жылкы бир баяндамасында өлкөлөрдүн экономикалык кысымчылыктар аркылуу Британия каалагандай чечимдерди алууга мажбурланаары апачык айтылган:
Башка өлкөлөрдүн ички чечимдерине таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүк бере турган ыкмаларды иштеп чыгышыбыз керек. Бул багытта өлкөлөрдү «жалпы өнүгүү жолуна байланыштуу кеңештерибизди угууга» мажбурлай турган экономикалык чараларды да ойлонуу зарыл.268
Бул сөздөрдүн негизинде даярдалган Лондон декларациясына 1949-жылы кол коюлган. Лондон декларациясы учурдагы Британия шериктештигинин алгачкы баскычы болгон. Лондон декларациясы боюнча, мурдакы империянын карамагына кирген өлкөлөр кайра эле Британияга караштуу «элдердин биримдигин» түзүшкөн жана мүчө өлкөлөр кагаз жүзүндө «эркин жана тең укуктуу» деп саналган.

Ханыша Елизаветанын 1953-жылы Тонгодо тосуп алынышы.

Бирок чындыгында эч кандай эркиндик жана тең укуктуулук жок. Анткени, Британия шериктештигинин 31 мүчөсү республика аркылуу башкарылса, 5 мүчөсү ар кайсы падышалыктарга баш ийген монархия аркылуу башкарылат. Бирок алардын баары, алдыда терең каралгандай, укуктук жактан же иш жүзүндө Британия ханышасына баш ийет.

1975-жылы Британия ханышасынын жетекчилиги астында Ямайкада өткөрүлгөн
Британия шериктештигинин президенттеринин жолугушуусу (жогоруда),
1957-жылы Британия шериктештигинин мүчөлөрүнүн саны болгону 10ду түзгөн, учурда 53 (төмөндө).

Британия шериктештигинин идеясы негизи Британиянын кандай жол менен болсо да, бүт дүйнөнү башкарышы керек экенине ишенген Уинстон Черчилльге тиешелүү. Черчилль мурдакы колонияларды пайдалануу максатында бир стратегия иштеп чыккан жана аны «үч айлана» принциби деп атаган. Бири-бирин кесип өткөн бул айланалар үч категорияны камтыйт: 1. Британия шериктештиги; 2. Америка Кошмо Штаттары менен стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде мамиле түзүүнү көздөгөн англосаксон вектору, жана 3. Британия негизги рольду ойногон Европа.269

Британия шериктештигинин картасы

Дүйнөнүн төрт тарабын камтыган Британия шериктештигинин аймактар боюнча жайгашышы төмөнкүдөй:
Африка: Ботсвана, Камерун, Гана, Кения, Лесото, Малави, Маврикий, Мозамбик, Намибия, Нигерия, Руанда, Сейшел аралдары, Сьерра-Леоне, Түштүк Африка Республикасы, Свазиленд, Уганда, Танзания, Замбия.
Азия: Бангладеш, Бруней, Индия, Малайзия, Мальдив аралдары, Пакистан, Сингапур, Шри-Ланка.
Америка жана Кариб аралдары: Антигуа жана Барбуда, Багама аралдары, Барбадос, Белиз, Канада, Доминика Республикасы, Гренада, Гайана, Ямайка, Сент-Люсия, Сент-Китс жана Невис, Сент-Винсент жана Гренадин аралдары, Тринидад жана Тобаго.
Европа: Кипр (Түштүк Кипр), Мальта, Улуу Британия.
Океания: Австралия, Фиджи Республикасы, Кирибати, Науру, Жаңы Зеландия, Папуа-Жаңы Гвинея, Самоа, Соломон аралдары, Тонга, Тувалу, Вануату.
Британияга Европа Биримдигинде (ЕБ) да артыкчылыктар (жеңилдиктер) каралган. Башка мүчө өлкөлөргө берилбеген артыкчылыктарга ээ. Мисалы, Биримдиктин эрежелери боюнча, ЕБнин бардык мүчөлөрү Биримдикке кирбеген өлкөлөр менен ЕБ белгилеген чекте гана экономикалык байланыш жүргүзө алат. Бирок бул эрежеге Британия баш ийбейт; ал Британия шериктештигине кирген бардык өлкөлөр менен өзүнчө соода кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Британия ханышасы Британия шериктештигинин лидери деп кабыл алынат. Ханыша, мындан тышкары, Канада, Жаңы Зеландия жана Австралия сыяктуу, шериктештикке кирген 16 өлкөнүн мамлекет башчысы. Британия шериктештигине мүчө өлкөлөрдө «мамлекет башчысы» статусундагы «генерал-губернаторлор» ханыша тарабынан кызматка дайындалат.270
Генерал-губернаторлор көбүнчө пенсияга чыккан мурдакы саясатчылар. Общиналар палатасы жана Сенат тарабынан чыгарылган токтомдорду падышалыктын (королдуктун) тастыктоосунан өткөрүү, мамлекеттик документтерге кол коюу, парламенттин жыйындарын расмий түрдө ачып жабуу жана шайлоолордон мурда парламентти таркатуу сыяктуу милдеттерди аткарат.
Башкача айтканда, генерал-губернаторлордун чечимдерин падышалык, падышалыктын чечимдерин болсо Британия терең мамлекети аныктайт. Натыйжада бүт Британия шериктештиги терең мамлекеттин чечимдери аркылуу башкарылат.
Канада, Австралия, Жаңы Зеландия жана АКШ да кошо, бардык өлкөлөрдө Британияга тиешелүү «англосаксон модели» деп аталган укук системасы колдонулат.271 Бул система акыркы сөздү жана акыркы чечимди Британиянын мекемелери чыгара тургандай кылып түзүлгөн. Ал тургай, 1980-жылдардын аягына чейин Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөр дагы конституцияларын өзгөртүү үчүн Британиядан уруксат алууга мажбур болушкан.272 Падышалыктын консультативдик кеңешинин Сот жыйыны дагы деле Кариб аралдары жана Тынч океандагы кээ бир мурдакы колониялардын эң жогорку даттануу соту.273
Бул өлкөлөрдөгү диний ишеним (англиканизм) да Британиядагы менен бирдей.
Америкалык социолог Иммануил Валлерстайн Британия шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн саясий жана экономикалык көз-карандылыгы дагы деле уланып жатат жана көз-карандылык колониялардагы «жергиликтүү элита» тарабынан улантылып жатат дейт.274
Башкача айтканда, Британия терең мамлекети колония доорундагы сыяктуу, бүгүнкү күндө да карамагына алгысы келген өлкөлөрдө Британиянын кызыкчылыгын коргоп, ага маалымат жеткирип тура турган көптөгөн тыңчы жана кошоматчыларды чогултууда. Ал кишилер көбүнчө мамлекет башчысы, министр сыяктуу маанилүү кызматтарга да келишүүдө. Жергиликтүү кошоматчылар Британия терең мамлекетинин бүт тармактарга кийлигишүүсүнө шарт түзүүдө.

Коомдук жашоодон укукка чейин бүт тарапта Британиянын үстөмдүгү

Британия шериктештигине мүчө өлкөлөрдү картадан карасак, алардын жер жүзүндө өтө чоң аймакты ээлеп тургандыгын көрөбүз. Бул эбегейсиз чоң адам ресурсу, сансыз табигый байлыктар жана ири рынок деген мааниге келет.
Британия шериктештиги менен соода мамилелери Британиянын экономикасында өтө маанилүү орунду ээлейт. Ал тургай, бул уюм толук калыптана электе жана уюмдун мүчөлөрү абдан аз болгон 1950-жылдары деле Британиянын экспортунун 54%ы жана импортунун 49%ы Британия шериктештигине туура келген.275
Канада жана Австралия сыяктуу бир канча өлкөдөн тышкары, шериктештиктин көпчүлүк бөлүгү начар өнүккөн өлкөлөрдөн турат. Британиянын экономикасы бул өлкөлөргө салыштырмалуу ири бир экономика болуп саналат. Ошондуктан Британия менен соода жүргүзгөндө, мындан Британиянын пайда табаары анык. Британия бажы сыяктуу ар кандай соода чектөөлөрүнөн бошотулуп, бул өлкөлөрдөн каалагандай пайдаланууда. Аскер же согуш кемесин колдонбостон эле, ар кандай жеңилдиктерден пайдаланып, эркин соода жүргүзүүдө.

Британия шериктештигин чагылдырган бир афиша.

 Шериктештиктин жалпы калкынын саны жана жалпы рыногу 2,4 миллиард адамды түзөт. Жалпы ички дүң продукциясы (ИДП) 14 триллион долларды, адам башына кирешеси болсо 6500 долларды түзөт жана ошондуктан Британия үчүн Европа Биримдигине альтернативдүү бир биримдик болуп саналат. Европа Биримдигинде «эң көп жеңилдиктерге ээ болгон» Британия бул рынокту Европа Биримдигинин мүчөлөрү менен бөлүшүүнү каалабайт. Өзгөчө акыркы учурларда Европа Биримдигинин Австралия жана Индия сыяктуу өлкөлөр менен эки тараптуу келишимдерди түзүүнү көздөшү өзгөчө Индиядагы британиялык фирмаларга эч жаккан жок.276
Көрүнүп тургандай, Британия терең мамлекети мурдакы колонияларынан эч колун тарткан эмес. Саясий жана аскердик жактан башкара албагандарына болсо Британия шериктештиги деген ат менен экономикалык жана маданий жактан өз таасирин сактап калган. Британия империясы кагаз жүзүндө жоголгону менен, Британия терең мамлекетинин аракеттери аркылуу көшөгөнүн артынан өкүмдарлыгын уланткан.
Кызыгы, бул чындык эл аралык коомчулуктан жашырылып коюлган. Илимпоз Гөктүрк Түйсүзоглу айткандай, «британиялыктар бул чындыкты эл аралык күн тартибинен жашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.»277
Британия терең мамлекети учурда «брексит» (Brexit) аркылуу Европа Биримдигинен эч ойлонбостон баш тартууда. Мармара университетинде эмгектенген, доктор Нури Севген мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрөт:
Британиянын доминиондору (Британия шериктештигинин мүчөлөрү) менен жүргүзгөн соода мамилелери Европа Биримдигинин стандарттарынан улам начарлай баштаган. «Биз Империя эмес белек. Эмнеге кичинекей өлкөлөр менен биримдик түздүк?» деген жемелөөлөр көбөйүп баштаган. Анткени, доминиондор менен соода мамилелери Европа Биримдигине караганда маанилүүрөөк. 2011-жылдын маалыматтары боюнча, Британия шериктештиги деп аталган доминиондордун жалпы калкы 2,2 миллиард болсо, Европа Биримдигинин калкы 500 миллион болгон. Европа Биримдиги 15 триллион долларлык ички дүң продукциясы менен шериктештиктен эки эсе чоң болсо да, ал жакта (шериктештикте) жалгыз башчы – Британия. Европа Биримдигиндеги Германия менен Франциянын башчылыгын Британия эч жактыра бербейт.278

Булактар:

268.        Mark Curtis, The Great Deception: Anglo-American Power and World Order, Pluto Press, 1998, e-book
269.        Ortadoğu’da Siyaset, TC Anadolu Üniversitesi Yayını No.3035 s. 232
270.        Aziz Doğan, Avrupa Birliği ve İngiliz Uluslar Topluğu İlişkileri, Hazine Dergisi, Ekim 1996 Sayı: 4
271.        http://www.cs.mcgill.ca/~rwest/link-suggestion/wpcd _2008-09_augmented/wp/c/Common_law.htm
272.        Brown, Judith (1998). The Twentieth Century, The Oxford History of the British Empire Volume IV. Oxford University Press. ISBN 0-19-924679-3. Erişim tarihi: 22 Temmuz 2009.
273.        Marshall, PJ (1998). The Eighteenth Century, The Oxford History of the British Empire Volume II. Oxford University Press. ISBN 0-19-924677-7. S.238-240
274.        Gogstad, C., “Contemporary Trends Within the Commonwealth“,www.plu.edu/~dmc/gallery/MDP/gogstad/pdf/commonwealth.pdf
275.        Göktürk Tüysüzoğlu, “İkinci Dünya Savaşı Sonrası İngiliz Dış Politikası: İmparatorluk Yaşıyor Mu?”,Akademik Bakış Dergisi, Eylül -Ekim 2011 s. 20
276.        Prof Dr. Sedat Aybar, Brexit Sonrası İngiltere, AB ve Ötesi, TASAM, 27 Temmuz 2016,http://www.tasam.org/tr-TR/Icerik/31892/brexit_sonrasi_ingiltere_ab_ve_otesi
277.        Göktürk Tüysüzoğlu, “İkinci Dünya Savaşı Sonrası İngiliz Dış Politikası: İmparatorluk Yaşıyor Mu?”,Akademik Bakış Dergisi, Eylül -Ekim 2011 s. 21
278.        Nuri Sevgen, “İngiltere Brexit’i Neden İster?”, Yatırım Finansman, 1 Haziran 2016, https://www.yf.com.tr/ piyasa-analizi/piyasa-yorumlari/yorum/ingiltere-brexiti-neden-ister-01-06-2016-14-33

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...