Британия терең
мамлекетинин сөзүн эки кылбаган аймак өтө кенен. Мисалы, чет жердеги
Британиянын аймактары 2002-жылы «Британиянын чет жердеги аймактары жөнүндөгү»
мыйзам аркылуу Британия парламентинде кабыл алынган. Бул мыйзамдын негизинде
Улуу Британияга түздөн-түз баш ийген өлкөлөр «чет жердеги аймактар» деп
кайрадан классификацияланган.
Бул аймактар
жана алардын жайгашкан жерлери төмөнкүдөй:
Кайман аралдары,
Виргин аралдары, Монтсеррат, Теркс жана Кайкос аралдары (Кариб деңизи), Бермуд
аралдары (Атлантика океанынын түндүк тарабы), Фолкленд аралдары, Түштүк Георгия
жана Түштүк Сэндвич аралдары (Атлантика океанынын түштүк тарабы), Гибралтар
(Европа), Инд океанындагы Британиянын аймагы (Инд океаны), Британия
Антарктикасы, Питкэрн аралы (Тынч океан), Сент Елена (Атлантика океанынын ортоңку
бөлүгү), Акротири жана Декелия (Кипр).
Бул аймактардын
калкынын саны жана табигый байлыктары Британия шериктештигине салыштырмалуу өтө
аз. Бирок ошого карабастан бул аймактар Британия терең мамлекети үчүн абдан зор
мааниге ээ. Анткени, дүйнөнүн төрт бурчундагы бул аймактарда Британиянын
аскердик базалары жайгашкан. Бул Британия терең мамлекетине каалаган жерде, эч
кечикпей аскердик операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Мисалы,
2016-жылы 15-июльда Түркиядагы төңкөрүш аракетинде бул базалардын маанилүүлүгү
байкалган. Британиядагы «Daily Express» гезити Британия
өкмөтүнүн 15-июльдагы төңкөрүш аракетинен улам Түркияда бир аскердик операция
жүргүзүүнү пландаганын, ал тургай, бул операцияны жүргүзө турган аскерлерди
Британиянын Түштүк Кипрдеги базасына жибергенин жазган. «SAS Troops Poised to EVACUATE Britons From Turkey
Amid Fear of SECOND Military Coup» (Дагы бир аскердик төңкөрүш коркунучунан улам британиялыктарды Түркиядан
чыгарып кетүү үчүн SAS аскердик топтору даяр турган) деген
кабарда мындай деп айтылган:
Өзгөчө
кырдаал үчүн пландарды даярдаган коргонуу кызматкерлери менен куралдуу
аскерлер, Атайын күчтөрдү колдоо командасы менен бирге маанилүү аймактарга учуп
барып, туристтердин жана үй-бүлөлөрдүн коопсуздугун үйлөрүндө камсыз кылууга
даяр турушат.279
Кабарда Британия
аскерлеринин Түркияга «британиялык туристтерди куткаруу үчүн» кирээри жазылган.
Бул – Британия терең мамлекетинин башка өлкөлөрдү басып алууда колдонгон эң
байыркы шылтоолорунун бири. Британия мурда да аскерлерин Египетке дал ушундай
шылтоо менен киргизген жана андан соң Египетти толугу менен басып алып, ошол
бойдон чыкпай койгон. Кипрде да ушундай болгон. Албетте, бул белгилүү план
Британия өкмөтүнө эмес, Британия терең мамлекетине тиешелүү. Британия терең
мамлекетинин кабары менен жана анын жетекчилиги астында аракет жасаган
төңкөрүшчүлөр эгер ийгиликке жеткенде, бул күчтөр сөзсүз Түркияга кирмек жана
төңкөрүш басып алууга айланмак. Буга китептин 3-томунда терең токтолобуз.
Мунун бир басып
алуу аракети экендигин айтаарыбыз менен, Түркиянын маалымат каражаттары бул
чындыкка көңүл буруп, Британиянын эмне үчүн басып алуу планын иштеп чыкканын
иликтей баштады. Британия терең мамлекети бул стратегияны Түркияга колдонуудан
эч тартынган жок жана каратып туруп аркы жээкке аскерлерин топтоду.
Бир эле ушул
окуя дагы Британия терең мамлекетинин Түркияны басып алуу планынан эч качан баш
тартпаганын далилдеп турат. Британия терең мамлекети дүйнөнүн ар тарабында ушул
сыяктуу басып алуу аракеттерин жүргүзүү үчүн Кипрдеги жана башка аймактардагы
базаларын сактоодо.
Британия терең
мамлекетинин дүйнөлүк үстөмдүгүн изилдөөдө мунун материалдык, аскердик жана
саясий тараптарын да карап чыгуу зарыл. Британия терең мамлекетине негизи
дүйнөдөгү чоң-кичине көптөгөн өлкөлөр баш ийет. Түркия сыяктуу күчү
жетпегендерди болсо ар кандай тымызын пландар аркылуу баш ийдирүүнү көздөйт.
Дажжал комитети дүйнө жүзүн дажжалга баш ийген, башаламан, күнөөкөр майдандарга
айландырууну каалайт. Түркияга кадам таштоо планынын ар дайым ийгиликсиз
аякташы аны таң калтырууда. Британия терең мамлекетинин Түркияга байланыштуу
пландарынын баары мындан ары да ийгиликсиз аяктайт. Анткени, Түркия – Мехди
(ас) чыга турган, коргоого алынган өлкө. Британия терең мамлекети Түркияга зыян
тийгизе албаганын көргөн сайын, Аллахтын алдындагы алсыздыгын да түшүнөт.
Дажжал комитети чыныгы жеңилүү ызасын Мехди (ас) чыкканда татат.
Дажжал
комитетинин азыркы учурдагы ийгилиги жана дүйнөлүк масштабдагы үстөмдүгү эч
кимди жаңылтпашы керек. Жалганчы, тымызын жана шайтандык система эч качан көпкө
жашай албайт.
Булак:
279. “SAS Troops Poised to EVACUATE Britons
From Turkey Amid Fear of SECOND Military Coup”, Daily Express, 26 Temmuz 2016,
http://www.express.co.uk/
news/uk/692730/SAS-troops-poised-to-EVACUATE-Britons-from-Turkey-amid-fear-of-SECOND-military-coup
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder