23 Ocak 2019 Çarşamba

3-БӨЛҮМ: БРИТАНИЯ ТЕРЕҢ МАМЛЕКЕТИНИН ДҮЙНӨНҮ БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ


Мекемелердин, адамдардын, улуттардын үстүндөгү жогорку акыл

Адамдар көп жылдардан бери жогорку акылды ар кандай атап келишкен. Кээ бирөөлөр кээ бир өлкөлөрдү айыптаса, кээ бирөөлөр чалгындоо кызматтарын күнөөлөшкөн, кээ бирөөлөр болсо эл аралык финансылык мекемелерден шектенишкен. Бирок Британия терең мамлекетин анализ кылганда, аны конкреттүү бир мекеме катары элестетүү туура эмес болот. Британия терең мамлекети – сүрөттүн баары көрүнгөндө гана байкала турган бир дажжал комитети. Бул комитет өлкөлөрдүн, өлкө башчыларынын, мекемелердин жана идеологиялардын үстүндө турат. Терең мамлекет Британиянын жана ага көз-каранды өлкөлөрдүн ири аскердик, экономикалык, саясий, дипломатиялык жана чалгындоо потенциалын колдонуп, дүйнөдөгү күч борборлорунун жетекчилерине таасир тийгизе турган бүт механизмдерди башкарат жана каалаган тарапка багыттайт. Дайыма узун мөөнөттүү пландарды түзөт. Бүт пландардын убактысы, күчү жана таасири алдын ала эсептелет. Колунда Британия шериктештигинин 2,5 миллиарддык адам ресурсу, миллиарддаган долларлык экономикалык күчү, укмуш чоң армиясы, бүт дүйнөнү каптаган медиа (массалык маалымат каражат) империясы жана университеттери бар. Терең мамлекеттин мүчөлөрү «түпкү максатты сезбирбөө керек» деген негизги принципти карманышат.
Бул дажжал комитети шарттардын өзгөрүшүнө жараша заматта кубула алат. Узун мөөнөттүү пландарына керектүү бардык пайдубалдарды даярдайт. Дажжал комитети ушунчалык масштабдуу инициативаны колдонуп, баарын координациялоо үчүн белгилүү бир «баш ийүү тартибин» иштеп чыккан. Дажжал пирамиданын эң үстүндө жайгашкан. Кээ бирөөлөр өз каалоосу менен ага жоокерлик кылат, кээ бирөөлөр билбей бул агымга кошулуп калган, ал эми кээ бирөөлөр болсо майда-чүйдө жеке кызыкчылыктарын көздөп дажжалдын жоокерине айланган. Пирамиданын башындагы киши Ислам дининде «дажжал» (тажаал) деп айтылса, христиан дининде «антихрист» деп айтылат, кээ бирөөлөр болсо аны дүйнөнүн терең мамлекетинин лидери катары көрүшөт. Кандай ат менен аталса да, калың көшөгөлөрдүн артына жашынып, жамандыктарды уюштурган, бирок эл көзүнө көрүнбөгөн бул жогорку акыл жакшылардын илимий күрөшүнүн негизги бутасы болушу керек.


Бул дажжал комитетин биз «Британия терең мамлекети» деп атадык. Аны изилдегенде көптөгөн мекемелерди, уюмдарды жана чалгындоо кызматтарын көрөбүз. Бул мекемелердин бир бөлүгү түздөн-түз Британия терең мамлекетине баш ийгени менен, ал мекемелерде терең мамлекеттин максаттарына «билбегени» же «мажбур болгону» үчүн кызмат кылган адамдар да, албетте, бар. Бул жерде ашкереленген окуяларда ушул сыяктуу күнөөсүз кишилерди айыптоодон алыс экенибизди белгилеп кетүү керек. Албетте, көп адамдар Британия терең мамлекетинин жашыруун долбоорлорунан кабарсыз. Бул мекемелердин чыныгы максатынын кандай экендигин да байкабашы мүмкүн. Кээ бирлер болсо байкабастан Британия терең мамлекетинин тузагына түшүп калган болушу ыктымал. Бул китептин максаты – чындыктарды көз алдыга тартуулоо аркылуу бул зомбулук жана зулумдук системасын жок кылуу жана адамдарды бул балээден куткаруу. Максат адамдар же мекемелер эмес. Максат бир гана Британия терең мамлекетин ашкере кылуу.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...