23 Ocak 2019 Çarşamba

ЕВРОПА БИРИМДИГИНДЕ ЖАНА НАТОДО БРИТАНИЯ ТЕРЕҢ МАМЛЕКЕТИ

Европа Биримдигин (ЕБ) Британия терең мамлекети долбоорлогон

Британия «брексит» аттуу процесс аркылуу таштап кетүүгө даярданып жаткан Европа Биримдигин негизи өзү ойлоп тапкан.
Европа Биримдиги Рим келишиминен башталган. Рим келишиминин теориясын болсо Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарда активдүү роль ойногон, Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндөгү эң белгилүү ысым Уинстон Черчилль иштеп чыккан.
Черчилль Европа Кошмо Штаттарын курууну кыялданган. Бул бир караганда өлкөлөрдүн ортосундагы чек аралардын жоюлушу жана элдердин биригиши жагынан мыкты идеядай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул идеянын Черчилль менен Британия терең мамлекетине таандык экенине карап, мунун артында тымызын пландар бар экенин түшүнүүгө болот.
Черчилль 1946-жылы Цюрихте сүйлөгөн сөзүндө Европа Кошмо Штаттары деген терминди биринчи жолу колдонуп, «бул биримдикти курушубуз керек» деген.280 Черчилльдин ошол жылы, Цюрихтеги сөзүнөн бир канча ай мурда, АКШдагы Вестминстер колледжде сүйлөгөн сөзүндө «кансыз согуш» жана «темир көшөгө» терминдерин да биринчи жолу колдонгонун эске салуу керек.281 Анткени, китептин 1-бөлүмүндө да айтылгандай, «кансыз согуш» термини – Черчилль тарабынан чыгарылган, жасалма бир термин. Бүт ири күчтөрдүн жарышып куралданып башташына себеп болгон бул жасалма күрөштү Черчилль тутанткан. Мында АКШ жана Россия деген эки дөөнү бири-бирине душман кылып, Британияны Россия коркунучунан коргоо жана АКШны Британия терең мамлекетинин пешкасына айландыруу максат кылынган.

Черчилль Цюрихтеги кайрылуусу учурунда Европа Кошмо Штаттары деген сөздү биринчи жолу колдонгон.

Эки термин, албетте, бири-бири менен байланыштуу. Черчилль Россия коркунучуна толук бөгөт коюлган жана Британия борбордон орун алган бир дүйнөлүк системаны курууну кыялданган. Ушул максатта «Европа Кошмо Штаттары», «Британия шериктештиги» жана «англис тилдүү дүйнө» сөзсүз бири-бирин толуктайт деп ойлогон. Европа Кошмо Штаттарынын лидери, Черчилльдин ою боюнча, дайыма Британия болмок. Черчилль экинчи этапта бул федерация Британия лидерлик кылган бир дүйнөлүк мамлекетке айланат деп элестеткен.

Вавилон мунарасы да Британия терең мамлекетинин негизги символдорунун бири.

Черчилль 1946-жылы 16-сентябрьда Цюрихте сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүдөй ойлорун айткан:
- Европа Батыш дүйнөсүнүн бардык чоң, негизги расаларынын үйү болгон, кадыр-барктуу материк.
- Европа Кошмо Штаттары курулушу керек.
- Атом бомбасы бүгүнкү күндө бир гана досубузда (АКШда) бар. Бирок жакынкы келечекте көбөйөт жана атаандаш элдер тарабынан маданиятты эле жок кылбастан, дүйнөнү да жок кылат. (Бул сөздөр Россия коркунучуна карата айтылды деп кабыл алынган)

Черчилльдин Вестминстер колледждеги учуру.
Черчилль мындан мурда Вестминстер колледждеги сөзүндө болсо максатталган Европа Кошмо Штаттарынын «Вавилондогу бир кабина бойдон калбастан, бекем таштын үстүнө курулган» бир биримдик болушу керек экенин айткан.282 (Вавилон мунарасы – Британия терең мамлекетинин негизги символдорунун бири.)
Бир нерсени баса белгилөө керек: тынчтык максатында курулган биримдиктер ар дайым абдан баалуу жана маанилүү, ошондуктан мындай биримдиктерди ар дайым колдойбуз. Өзгөчө коркунучтуу эки дүйнөлүк согуштан соң, Европанын ынтымакка келип, бири-бирин кордогон эмес, бири-бирин колдогон бир биримдикке айланышы кубандырбай койбойт. Ошондой эле, Европа – маданияты, кадыр-баркы, искусствого жана сулуулукка маани бериши жагынан өзгөчө орду бар бир материк. Бул материктин аны түзгөн бардык өлкөлөр менен бирге өнүгүшү, маданияттарын бирге өнүктүрүшү жана өзгөчө эркиндик, демократия жана адам укуктары багытында күчтүү кадамдарды ташташы абдан баалуу жетишкендиктер.


Бул жерде Европа Биримдигине токтолуп, бул темада өзгөчө Черчилльдин атын эскеришибиздин себеби – бул биримдиктин терең мамлекеттин планынын негизинде пайда болгонун айгинелеп, бул багыттагы Британия терең мамлекетинин ыктымалдуу тузактарына көңүл буруу. Чындыгында бүгүнкү күндө Европадагы бул баалуу биримдик ар кандай себептерден улам алсыздап, ар түрдүү туруксуздуктарга кабылууда. Мунун негизги себеби – төмөндө терең каралгандай, Британия терең мамлекети.
Тилегибиз Европа ар дайым биримдик бойдон калсын, мындан да күчтөнүп, кеңейсин жана өнүксүн. Биримдиктердин же элдердин кыйрашынын эсебинен башка өлкөлөрдүн өнүгүшүн эч качан каалабайбыз. Дүйнөнүн эбегейсиз байлыктары бүт өлкөлөрдүн өнүгүп, байышына жетиштүү. Кыйрашы керек болгон жана сөзсүз кыйрап жок боло турган – бул, дажжал системасы. Биздин илимий күрөшүбүз дал ушул системага багытталган.

Британиянын ЕБдеги абалы


Черчилль Европа Кошмо Штаттары жөнүндө сөз кылганда, эч качан бул биримдикке Британиянын кирээрин айткан эмес. План боюнча, Британиянын демилгеси менен биримдик курулмак, бирок ага Британия кирмек эмес. Бирок Черчилль биримдиктин курулушу жөнүндөгү белгилүү кайрылуусунда көп жолу «биз» сөзүн колдонгон. Черчилльдин «Европа Кошмо Штаттарын курушубуз керек», «Европа элдеринин эртеби-кечпи биримдикке киришин максат кылышыбыз зарыл», «өлкөлөрдү Европа Биримдигине киргизүү үчүн чогултуп, аралаштырышыбыз керек», «Европа армиясын курушубуз керек»283 деген сыяктуу сөздөрү курула турган биримдиктин Британиядан көз-карандысыз болбой тургандыгынын белгиси. Бирок Черчилль келечектеги биримдиктин идеясын ойлоп чыгарганына жана көп жолу «биз» сөзүн колдонгонуна карабастан, көптөгөн макалаларында Британиянын бул биримдикке кирбей тургандыгын да эскерткен. Бир макаласында мындай деген:
Европа менен биргебиз, бирок алардан эмеспиз. Алар менен байланыштабыз, бирок алардын тулку боюна кирбейбиз. Көңүл бөлөбүз, мамиле курабыз, бирок аралашып кетпейбиз.284
Бул тактика Британия терең мамлекетине абдан пайдалуу болгон. Европа Биримдигине кирген өлкөлөр Черчилль түзгөн пайдубалдын негизинде бир биримдик түзүшөт, бирок көп өтпөстөн мунун Британиясыз чыныгы биримдикке айлана албастыгын түшүнүшөт. Мунун негизинде Британия Биримдикке кирүүдө башка эч бир өлкөгө берилбеген көптөгөн жеңилдиктерди алат. Ал жеңилдиктер болсо Британияны дүйнөнүн эң бай өлкөлөрүнүн бирине айлантат.
Европа Биримдигинин пайдубалын 1957-жылы 25-мартта Франция, Батыш Германия (Германия Федеративдүү Республикасы), Италия жана кыскача Бенелюкс деп айтылган үч өлкөнүн (Бельгия, Голландия жана Люксембург) ортосунда кол коюлган Рим келишими түзгөн. Бул келишим аркылуу алты өлкө Европа экономикалык коомдоштугун түзүшкөн. Британия бул биримдиктин саясий эмес, эркин соода аймагы катары түзүлүшүн каалаган. Биримдиктин башында Европа экономикалык коомдоштугу деп аталышынын негизги себеби ушунда. Биримдик курулгандан эки жыл өткөн соң, Стокгольм келишимине кол коюлган жана ал келишимдин негизинде Европа эркин соода аймагы (EFTA) түзүлгөн. Британия терең мамлекетинин аракеттери аркылуу түзүлгөн бул биримдиктер Британия өкмөтүнө Европа Биримдигинен келе турган пайдалардан тышкары, Британия шериктештигинин мүчөлөрү менен да соода мамилелерин улантуу кепилдигин берген. Ошонун негизинде 1973-жылы 1-январьда Британиянын Европа Биримдигине мүчө болуу процесси башталган.

1957-жылы 25-мартта кол коюлган Рим келишиминин негизинде Европа экономикалык коомдоштугу түзүлгөн.

Берилген жеңилдиктердин негизинде Британия Европа Биримдигинин орток акчасы болгон еврого өтпөстөн, фунт стерлингин сактап калган. Британия, мындан тышкары, Шенген визасына кирбестен, өзүнүн визасын калтырган. Европа Биримдигинде Британия кол койбогон көптөгөн келишимдер бар. Кыскасы, Британия ар дайым Европа Биримдигинин «тескери» өлкөсү болуп келген.

Британия эң чоң кирешесин Британия шериктештигинен алчу. Черчилль куу дипломатияны
колдонуп, бул байланышты үзбөстөн ЕБне мүчө болуунун жолун издеп тапкан. Британия ЕБнин
жалгыз өзгөчө мүчөсү.

Албетте, Британиянын Британия шериктештигиндеги соода кызыкчылыктары абдан чоң, анткени шериктештиктин мүчөлөрү түздөн-түз Британия ханышасына баш ийет жана бардык соода мамилелери Британия аркылуу жүрөт. Мындан тышкары, Британия экономикасы жагынан бул өлкөлөрдүн эң чоңу. Британия шериктештигинин калкынын 2,5 миллиард, Европа Биримдигинин болсо 500 миллиондун тегерегинде экенин да унутпаш керек.285 Ошондуктан Британия ЕБ шарттарына жана өзгөчө евро аймагына көз-каранды болбостон, Европа Биримдигинен пайдаланып келди. Учурдагы «брекситтин» себеби болсо, ЕБ Британияга эми пайда эмес, зыян алып келе баштады. Эсиңизде болсо, Британия терең мамлекетинин кызматташтыгы дайыма кызыкчылыгына зыян келгенге чейин уланат. Британия терең мамлекетинин 19-кылымдагы таасирдүү ысымдарынын бири лорд Пальмерстондун сөзүн бул жерде кайрадан эске сала кетүү керек: «Британиянын түбөлүктүү дос, душмандары жок, өзгөрүлбөс кызыкчылыктары бар.»286

ЕБ үчүн максатталган башкаруу формасы: коммунизм

Британия терең мамлекети негизи Европа Биримдигин өзү башкарган бир дүйнөлүк өкмөт модели катары долбоорлогон. Ошондуктан өлкөлөрдөн жогору турган бир башкаруу системасын сунуштаган. Мындай башкаруу формасын Советтер Союзунан, Кытайдан, Кубадан жана Түндүк Кореядан көрүүгө болот. Бул системада туюк айлампадагы (кезектешкен) элиталык бир топ өкүмдарлык кылат. Ошондуктан ЕБ үчүн тандалган идеология да негизи коммунизм болгон. ЕБнин борбордук башкаруусундагы элиталар көбүнчө социалист, социал-демократ же либералдардан турат. Бирок түпкү идеология коммунизм.
Коммунисттик идеологиянын пайдубалы Европада түптөлгөн. Коммунисттик идеологияны Франция чыгарып, Британия терең мамлекети жетилткен. Маркс, Ленин сыяктуу коммунисттик идеологдор Англияда таалим алышкан. Бул жөнүндө тереңирээк маалыматты кийинки бөлүмдөн таба аласыз.


Маркс менен Энгельс көз-караштарын Британияда иштеп чыгып, Коммунисттик манифестти
Британияда жарыялаган. Маркс, Энгельс жана Маркстын кыздарынын жогорудагы сүрөтү
Британияда тартылган.

Коммунисттик манифесттин даярдалып, басылып чыккан жери Англия болгон. Маркс менен Энгельс Франция революциясынын радикалдуу лидерлеринин бири Максимилиан Робеспьерден, англиялык экономист Дэвид Рикардодон жана немец философ Гегельден абдан таасирленишкен. Ленин менен Сталиндин дыйкандардын революциясы, Маонун маданий революциясы, Пол Поттун Камбоджадагы төңкөрүшү, Кубадагы партизандык кыймылдар, булардын баары Европадан чыккан «таптык күрөш» теориясына таянган. Коммунизм аракеттери дүйнөнүн төрт бурчуна жайылганы менен, идеологиялык пайдубалы Европада түптөлүп, Европада жетилген жана керек учурда заманга жараша өзгөртүлүп ыңгайлаштырылган. Массаларды жетелеген манифесттердин баары Европада жазылган. Коммунизмдин алгачкы теоретиктеринен Роза Люксембург, Отто Бауэр, Рудольф Гильфердинг, Карл Каутский да европалык идеологдор.

Отто Бауэр

Европа Биримдиги идеясы негизи эң алгач Отто Бауэрдин планы болгон. Бауэр Европа капитализми сөзсүз түрдө социалисттик Европа Кошмо Штаттарына алып барат деп ишенген. Коммунисттик жол башчылардын бири Лев Троцкий «Европа өлкөлөрүнүн биригиши коммунисттик Европанын алгачкы баскычы болот» деп көп жолу айткан.287

Энгельс жана Маркстын Британиядагы үйлөрү, Маркстын Британиядагы мүрзөсү жана Маркстын
мемориалдык китепканасы (Marx Memorial Library)

1968-жылкы Париж көтөрүлүшү да негизи Европа материгиндеги толук кандуу коммунисттик революция аракети болгон. Бул көтөрүлүштүн коммунист кадрлары ондогон жылдар бою Европанын саясатына жол көрсөткөн. Даниэль Кон-Бендит же Франциядагы Троцкий тарапташтарынын лидери Ален Кривин сыяктуу бул көтөрүлүштүн жол башчылары дагы деле Европа Биримдигинин таасирдүү саясий фигуралары катары саясат менен алектенүүнү улантышууда.288

Британиядагы социалисттик партия делегаттарынын биринчи чогулушу (1905-жыл) жана
коммунисттик топтордун митингдери (1942-ж., 1951-ж.)
1936-жылы Лондондо коммунизм митинги, 1942-жылы Коммунисттик партия уюштурган
чогулуш.

1962-жылкы Париж көтөрүлүшү толук кандуу коммунисттик революция аракети болгон.

Эрнесто Росси
Европанын саясатынан марксисттик идеологиядан таасирленген көптөгөн саясатчыларды көрүүгө болот. Мисалы, Европа Биримдигин түптөгөн Маастрихт келишиминин эки архитекторунун бири Франсуа Миттеран жана Италиянын 10 жыл президенти болгон Джорджо Наполитано мурда марксист болушкан. ЕБнин негиздөөчүлөрүнөн деп кабыл алынган Сикко Маншольт, Пол-Анри Спаак жана Альтиеро Спинелли марксисттик идеологияны карманган технократтардан. Спинеллинин камакта жатып Эрнесто Росси менен жазган Вентотен манифести ЕБнин негиздөөчү документи катары кабыл алынат. Бүгүнкү күндө Европанын федералдашуусун каалаган «Spinelli Group» кыймылы Кон-Бендит жана Йошка Фишер аттуу коммунисттер тарабынан башкарылууда.289
Учурда көптөгөн чөйрөлөр тарабынан «ЕБнин саясий түзүлүшү жана башкаруу эрежелери барган сайын Советтер Союзуна окшошуп баратат» деп айтылууда. Советтер Союзунун концлагерьлеринде жана психиатриялык ооруканаларында 12 жылдан ашуун кармалган Владимир Буковскийдин лидерлигиндеги бир топ Европа Биримдигин коммунизмге жакындап баратат деп айыпташууда. Ал тургай, Буковский Европа Биримдиги менен Советтер Союзунун бири-биринен аталышы менен гана айырмалаарын айтууда. Европа Биримдигин СССР сыяктуу социалисттик башкаруунун астында биргелешкен жана белгилүү тандалма бюрократиялык элита тарабынан башкарылган федералдык бир түзүлүш деп сыпаттоодо.290

Сүрөттө Владимир Буковский жана Спинелли, Спаак сыяктуу белгилүү коммунист
саясатчылардын атынан коюлган Европа парламентинин имараттары.

Британия эгемендүүлүк партиясынын жетекчилеринин бири Питер Рив да Британиянын ЕБнен чыгуусун колдогондо, «чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз бар кезде чыгып кетели, анткени ЕБнин тоталитардык бир режимге айланганына жана марксисттик революциянын жүрүп жатканына толук ишеничим бар» деген.291
Европа комиссиясы – Европа парламентинин жана Европа кеңешинин тескерисинче, шайлангандардан эмес, дайындалгандардан түзүлгөн бир мекеме. Комиссияда эң узун башчылык кылган Жозе Мануэл Баррозу мурда маоист болгон.292 Ошондой эле, мурдакы башчылардан Жак Делор, Романо Проди293 жана Мануэль Марин294 баары солчул саясатчылар.

Европада марксисттик уюмдар жана студенттик бирикмелер абдан таасирдүү.

Европадагы коммунисттик митингдер жана таратылган афишалар коммунисттик Европа Биримдигин
куруу максатын көздөйт. "Каерлик экениң маанилүү эмес. Максатыбыз бир. Биригүүгө ООБА!
Империалисттердин диктатурасына ЖОК!"

Апачык көрүнүп тургандай, Британия терең мамлекетинин тымызын планы болгон Европа Биримдиги түпкүрүндө Европадан эч алыстабаган коммунизмди күчтөндүрүү максатында курулган. Коммунизм эч качан Европаны таштап кеткен эмес, болгону дүйнөдөгү тажрыйбалардын таасири астында, идеологдору тарабынан жаңыланып, формасын өзгөрткөн.
Азыркы учурда Европада оңчул идеология күчтөнүп жаткандай көрүнүүдө. Консервативдүү партиялар биринин артынан бири бийликке келүүдө жана натыйжада Европада сыртынан караганда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болууда. Мунун көптөгөн себептери бар. Европага Африкадан жана Жакынкы Чыгыштан адамдардын көчүшү Британия терең мамлекетинин пландарына такыр туура келбейт. Ошондуктан Европадагы миграцияга бөгөт коюу, ал аймактагы чет өлкөлүктөрдү жана өзгөчө мусулмандарды коркутуп, чоочундаштыруу үчүн жаңы саясат керек болду. Радикалдуу оңчул жана, ал тургай, расисттик партияларды күчтөндүрүү аркылуу бул топторду коркутуу саясаты башталды. Коммунист, социалист жана солчул топтор өздөрүн «эң адамгерчиликтүү» көрсөтүшүп, бул саясатка каршы чыккандай көрүнүшүүдө. Бирок расисттик жана фашисттик көз-караштардын булагы да кайра эле Британия терең мамлекети.

Мигранттарга каршы катуу чараларды иштеп чыккан оңчул партиялардын алдыңкы планга чыгышы
терең мамлекеттин чырагына май тамызууда. План боюнча, элдер зулумдук кылган оңчул партиялардан
алыстап солчулдарга жакындайт.



Бир нерсени унутпаш керек: Британия терең мамлекети дүйнө жүзүнө жайылткан жана кайрадан күчтөнүшүн каалаган коммунизмдин маанилүү бир принциби бар. Ленин китебине ысым кылып ыйгарган бул тактика «бир кадам алдыга, эки кадам артка» деп айтылат. Бул тактика боюнча, коммунисттик идеология маал-маалы менен артка кадам таштап, диалектикалык материализмдин талабына ылайык кагылышуулар келип чыгышы керек жана башаламандыктар капиталисттер менен либералдардын күчү жетпей турганчалык күчөшү зарыл. Коммунизм мына ошондо эң чоң кадамын таштайт. Учурда Европада мына ушул ыкма колдонулууда. Майдан оңчул көрүнгөн расисттерге бошотулуп, Европа көп жагынан туруксуздуктарга кабылууда. Плюралисттик демократиясы менен мактанган Европанын көпчүлүк бөлүгүндө учурда мусулмандарга жана чет өлкөлүктөргө катуу кысымчылык көрсөтүлүүдө. Ошондой эле, Британия терең мамлекети тарабынан уюштурулган радикалдуу чабуулдар да европалыктардын үшүн алууда. Бул дагы радикалдуу расист топторду көкүтүп, жек көрүүнү болушунча күчөтүүдө. Саясаттагы бул терс көрүнүштөр жалпы элге да өз таасирин тийгизди. Ошондуктан азыркы учурда Европа элинин маанайы суз, евронун куну кетип, Европанын соодасы начарлап баратат.
Греция жана Түштүк Кипр баш болгон, көптөгөн Европа өлкөлөрү кризистин босогосунда турат. Британия «брексит» темасын дал ушул доорго туштап, Европа Биримдигинин кризистик абалдагы өлкөлөргө финансылык жардам берүү жоопкерчилигинен кутулуп кетүүнү көздөөдө. Муну унутпаш керек: Британия терең мамлекети эч качан кыйналып жаткан өлкөлөргө жардам бербейт; өлкөлөрдү эзип, тоногонду гана билет.

Брексит жөнүндөгү сөздөр экономикалык кризис Европа Биримдигине таасир тийгизээр замат башталган.
Британия өзүнүн карамагындагы Түштүк Кипр сыяктуу өлкөлөргө ЕБ аркылуу акча бөлүүнү каалаган жок.

Евронун кризиси Греция сыяктуу кээ бир Европа өлкөлөрүн кризиске түрттү. Евродон көз-карандысыз
Британия болсо, жардам берүүнүн ордуна, тескерисинче Европа Биримдигин таштап кетти.

Европа Биримдигинин учурдагы абалы биримдиктин көптөгөн аймактарында туруксуздуктарга себеп болууда. Алгач Шотландия Британиядан бөлүнүү үчүн референдум өткөрсө, андан соң Испанияда каталондуктар, Бельгияда фламандыктар, Британияда уэльстиктер, Францияда Корсика, Италияда Сицилия жана Сардиния сыяктуу аймактар өз өлкөлөрүнөн бөлүнүүнү каалашты. Эсиңизде болсо, бөлүнүп майдалануу Британия терең мамлекетинин мамлекеттерди жана системаларды жок кылуу планынын биринчи кадамы болуп саналат. Бөлүнүү бар болсо, анда жек көрүүчүлүк да бар. Жек көрүүчүлүк болсо Британия терең мамлекетинин дажжалдык пландарын ишке ашыруусуна эң мыкты шарт түзөт.
Европанын «The Economist» журналында «абдан оорулуу» деп сыпатталышы – Британия терең мамлекетинин долбоору. Британия терең мамлекети Европанын оңчул-фашист кыймылдары жана капиталисттик түзүлүшү Европа Биримдигин кризиске алып баратат деген шылтоо менен, күтүүсүз коммунисттик чабуулга өтүүнү пландоодо.
"The Economist" журналы Европанын
экономикасын "абдан оорулуу"
деп сыпаттаган. Бул стратегия Британия
терең мамлекетине тиешелүү.
Советтер Союзунун оппозициячыл активисттеринин бири Владимир Буковский бир маегинде: «Европа Биримдигинин Советтер Союзуна айланып бара жаткандыгынан тынчсызданаарын» билдирген. Буковский Европа парламентине конок катары барганда, Россияда 1992-жылы окууга уруксат берилген купуя документтерге таянып, Европа Биримдигин социалисттик уюмга айландыруу кутуму (заговор) бар экендигин айткан.
Буковский сөзүн төмөнкүчө уланткан:
Башында солчул партиялар менен Советтер Союзу Европанын биригишине абдан каршы болушкан, анткени муну алардын социалисттик максаттарына бөгөт коюу аракети катары көрүшкөн. Бирок 1985-жылдан кийин бул көз-караштары толугу менен өзгөргөн. Советтер Союзу ал жердеги солчул партиялар менен келишим түзүүнү чечкен. Эгер алар менен иштешсе, Европа долбоорун толук колго киргизип, аны тескериге буруу мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал жерди ачык рыноктон көрө, бир федералдык штаттарга айландыра алышмак.295
Буковский Советтер Союзу кулаган соң Коммунисттик партиянын жасаган кылмыштарын тастыктап көрсөтүү үчүн, окуганга уруксат берилген жашыруун документтерге кайрылып сөздөрүн төмөнкүчө уланткан:
Мисалы, 1989-жылы январь айында Үчтүктөр комиссиясынан (Trilateral Commission) бир делегат Горбачевго жолугушууга келишкен. Алардын арасында Япониянын мурдакы премьер-министри Ясухиро Накасонэ, Франциянын мурдакы президенти Валери Жискар д'Эстен, америкалык банкир Дэвид Рокфеллер жана АКШнын мурдакы тышкы иштер министри Генри Киссинджер болгон. Жылуу маек курушкан жана ал маекте Горбачевго Советтик Россиянын ГАТТ, ЭВФ жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу дүйнөлүк финансылык уюмдарга кошулушу керектигин түшүндүргөнгө аракет кылышкан.
Маектин ортолорунда Жискар д'Эстен күтүүсүздөн сөз алып, мындай деген: «Урматтуу Башчы, сизге убактысын так айта албайм, балким 15 жылдын ичиндедир, бирок Европа бир күнү федералдык штаттарга айланат; буга өзүңөрдү даярдашыңар керек. Биз менен жана европалык лидерлер менен чогуу чечүү жолдорун иштеп чыгышыңар керек: буга жообуңар кандай болот, башка Батыш Европа өлкөлөрүнүн аны менен болгон мамилелерин кандай кабыл аласыңар же анын кайсы бөлүгүн түзөсүңөр? Буга даяр болушуңар керек.»
Бул сөз 1989-жылы январьда айтылган; ал кезде Маастрихт келишиминин долбоору да баштала элек болчу. Жискар д'Эстен 15 жылдын ичинде кандай өзгөрүүлөр болоорун кайдан билген? Жана дагы бир күтүлбөгөн окуя: кантип бул киши 2002-2003-жылдары Европанын Конституциясынын авторуна айланды? Эң жакшы суроо. Аябай кутумга (заговорго) окшошот, туурабы?
Тилекке жараша, бул кутумдун Советтер тарабы эрте эле кулады жана Москва бул окуяларга таасир тийгизе алган жок. Бирок план боюнча, Советтер Союзу өзүн жумшартып, көбүрөөк социал-демократ болмок жана Батыш Европа да социал-демократ жана социалист абалга келмек, андан соң «жакындашуу» ишке ашмак. Андан соң бири-бирине жакындашмак. Экөөнүн түзүлүшү бири-бирине туура келиши керек эле. Мына ушул максатта Европа Биримдигинин системасы башында Советтер Союзунун системасына окшоштурулуп түзүлдү. Ушул себептен абдан окшош функция жана түзүлүштөр бар.296

Үчтүктөр комиссиясы Горбачев менен жолугушуп, "Советтерге окшош көрүнүштөгү Европа Биримдигине
даяр болгоула" деп айткан (1989-ж. январь).
Алардын арасында Генри Киссинджер жана Дэвид Рокфеллер да болгон.

Көрүнүп тургандай, Европа Биримдиги курула электе эле Британия терең мамлекети тарабынан башкарылган мекемелердин биринин, т.а. Үчтүктөр комиссиясынын бир долбоору болгон. (Үчтүктөр комиссиясы жөнүндө тереңирээк маалымат китептин 1-томунда берилген.) Максат жаңы Советтер Союзун куруп, коммунизмди тирүү сактап калуу болгон. Бүт өлкөлөр биригип, бир федерацияны түзүшмөк жана капитализмдин Европага алып келген ийгиликсиздиги бул кооз материкти коммунизмге түртмөк. План ушундай болгон.


Британия болсо Биримдиктен өзүнө керектүү пайданы алган соң, андан чыгып кетип, бүт жүктү башка мүчөлөргө таштап салмак. Бүгүнкү күндөгү «брексит» чечими да негизи Европа Биримдиги курулган кезде эле алынган бир чечим болгон. Британия Европа кризиске жакындаган кезде бул долбоорду ишке ашырмак. Экономикалык кризис, расизм, чет өлкөлүктөрдү жаман көрүү, мусулмандарды жактырбоо жана Жакынкы Чыгышта атайылап чыгарылган согуштардан качкан мигранттар Биримдиктин калган мүчөлөрүнүн башын оорутмак. План ишке ашты.

Европа Биримдигинде эмне өзгөрүшү керек?

Жакшылардын биригиши биздин бир идеалыбыз. Жакшылык максатында курулган бардык биримдиктер ар дайым колдоого татыктуу жана сөзсүз күчтөндүрүлүшү керек. Бул жагынан караганда, Европа Биримдигинин да сакталып калышын, андагы ынтымактын бекемделишин жана башка өлкөлөрдүн да ага кошулушун тилейбиз. Максатыбыз – адамдардын, элдердин, мамлекеттердин бөлүнүп-жарылышына бөгөт коюу жана адамдардын, элдердин, мамлекеттердин алдындагы тоскоолдуктарды жоюп, аларды бириктирүү.
Европа Биримдигинин эмне максатта курулгандыгы жөнүндөгү кээ бир акыйкаттарды ашкере кылуубуздун себеби – ыпылас пландарды ачып көрсөтүү. Бул пландардын ашкерелениши Биримдиктин арткы пландагы кутумдарды байкашына шарт түзүп, бекем жана бейпил бир биримдиктин түзүлүшүнө себеп болот.
Биримдикте демократиянын сакталышын каалагандар Европа Биримдигин «коммунисттештирүү» аракеттерин байкашы зарыл. Биримдикти кризиске түрткөн бүт элементтердин ушул пландын бир бөлүгү экенин унутпашы керек. Касташуу саясатынын элдерди жана биримдиктерди сөзсүз кризиске алып бараарын жана ушул себептен Британия терең мамлекети тарабынан колдонулган ыпылас бир план экендигин билиши шарт. Эгер бүгүнкү күндө Европа Биримдиги «расист», «чет өлкөлүктөрдүн касы», «Исламдын душманы», «мигранттардын касы» деп сыпатталып жатса, анда буга Британия терең мамлекети тарабынан атайын колдоого алынган саясатчылардын жана тымызын жүргүзүлгөн саясаттардын себеп болгондугун байкашы керек.

Европа Биримдигинин учурда расист, чет өлкөлүктөргө каршы, Ислам душманы сыяктуу
сыпаттар менен эскерилишинин жалгыз себеби Британия терең мамлекети. Бул оңчул тараптын
күчүн кетирип, солчулдарды күчтөндүрөт.

Европа Биримдиги бүт кыйынчылыктардан кутулуп, күчтөнүшү зарыл. Ал үчүн өзүмчүл финансы биримдигине айлануу амбицияларын таштап, бүт элдерге демократия жана эркиндик тартуулай турган бир куткаруучунун милдетин аркалашы керек. Ага жетүү үчүн конституциясында эң көп басым жасалган түшүнүктү, б.а. «адам укуктарын» алдыңкы планга чыгарышы шарт. Адам укуктары бир эле европалыктарга эмес, дүйнөдөгү бардык адамдарга тиешелүү экенин унутпашы керек. Ар бир адамга жүрөгүн ачып, ар бир адамды кабыл алып, чогуу өнүгүүнү каалаган бир Европа Биримдиги кыска убакыт ичинде бардык балээлерден кутулат. Ал үчүн Биримдик, эң алгач, Британия терең мамлекетинин ыпылас пландарына бөгөт коюшу шарт. Ошондой эле, Британия терең мамлекетинин бир долбоору болгон дарвинизмдин тырмагынан кутулушу зарыл. Дарвинизм европалыктарды туура эмес багыттап, бир катар европалыктардын башка элдерди барктабай калышына себеп болууда.
Британия терең мамлекетинин колониализм доорунан бери өлкөлөрдү жана элдерди колдонуп келгенин жана дүйнө жүзүн өзүнө каратууну көздөөрүн унутпоо керек. Британия терең мамлекети бардык өлкөлөрдү жана бардык расаларды колдонууну каалайт. Мунун ичинде Европа эли да бар. Учурдагы абал Европа Биримдигинин түптөлүү этабынан баштап эле Британия терең мамлекети тарабынан колдонулуп келе жаткандыгын көрсөтүүдө. Ошондуктан, Британия өкмөтү баш болуп, бүт Европа өлкөлөрү бул ыпылас планды көрүшү зарыл жана аны тескериге буруп, адамдар чындап эңсеген сүйүү биримдигинин пайдубалын түптөөлөрү шарт.
Улуу Раббибиз Курандын бир аятында мындай деп билдирет:

Балким, Аллах алардын арасындагы касташкан адамдарыңар менен силердин ортоңордо сүйүү-байланышын жаратаар. Аллах кудуреттүү. Аллах өтө кечиримдүү, абдан боорукер. (Мүмтехине Сүрөсү, 7)

Европа Биримдиги бакубаттыкка жетүү үчүн биринчи кезекте Британия терең мамлекети таңуулаган дарвинизм
балээсинен кутулушу керек.

Британия терең мамлекети жана НАТО

Британия терең мамлекетинин Британияны дүйнөнүн кожоюнуна айландыруу долбоорунун алдында үч маанилүү тоскоолдук бар эле: Германия империясы, Осмон империясы жана Россия. Алардын экөөсүн эки дүйнөлүк согуш аркылуу жок кылды. Бирок Россия дүйнөлүк согуштардан кийин да Британия терең мамлекетине бута бойдон кала берди.
«Кансыз согуш» доктринасы жана андан келип чыккан НАТО ушул изденүүнүн бир натыйжасы болгон. Британия терең мамлекети жалгыз күчү жетпеген жумушту Атлантиканын эки жээгиндеги союздаштарын бириктирүү аркылуу орундатууну чечти.
Европа Биримдиги жөнүндө айткандарыбызды бул жерде кайталай кетели. НАТО – Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, дүйнөдөгү өлкөлөрдүн кайрадан мындай акылсыздыкка барышына бөгөт коюу жана дүйнө жүзүндө тынчтыкты орнотуу максатында курулган, маанилүү бир союз. Расмий түрдө 1959-жылы курулган НАТОнун Келишиминин биринчи сүйлөмдөрү төмөнкүдөй:
Бул Келишимдин тараптары Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясынын максаттарына жана принциптерине болгон ишенимин жана бүт элдер менен жана бардык өкмөттөр менен тынчтык ичинде, бирге жашоо каалоолорун тастыкташат.


НАТО расмий түрдө 1959-жылы негизделген. Мындай биримдиктер албетте пайдалуу.
Маселе Британия терең мамлекетинин ыпылас пландарында.

Демократия, жеке эркиндик жана мыйзамдын үстөмдүгү принциптеринин негизинде, бардык элдердин эркиндиктерин, жалпы мурастарын жана цивилизацияларын коргоону көздөшөт.
Түндүк Атлантика аймагында туруктуулукту жана бакубаттыкты өнүктүрүүнү максат кылышат.
Жамааттык коргонуу жана тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо үчүн аракеттерин бириктирүүнү  көздөшөт.
Ушул максатта бул Түндүк Атлантика Келишимин кабыл алышты.
Келишимдин 1-беренеси болсо тынчтыкты кепилдикке алган, маанилүү бир берене:
Тараптар, БУУнун Конвенциясында белгиленгендей, кандайдыр бир эл аралык пикир келишпестикке аралашып калса, эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка жана адилеттүүлүккө коркунуч туудурбастан, тынчтык жолу менен чечүүгө жана эл аралык мамилелерде БУУнун максаттарына карама-каршы келе тургандай күч колдонуудан же коркутуудан алыс болууга кепилдик беришет.
Көрүнүп тургандай, НАТОнун кагаз жүзүндөгү курулуш максаты абдан мактоого татыктуу. Өлкөлөрдүн ортосундагы маселелерди тынчтык жолу менен чечүү максатын койгон. Бир жагынан өлкөлөрдүн биригиши жана экинчи жагынан тынчтыкты орнотуу максатын көздөгөнү үчүн НАТОнун болушу абдан жакшы; бул союздун тынчтыкчыл максатын сөзсүз колдоо керек.
НАТО жөнүндөгү биздин сын-пикирибиз, Европа Биримдигиндеги сыяктуу, бул союзда да түптөлүү максаттарынын Британия терең мамлекети тарабынан бурмаланышы менен байланыштуу. Тынчтыкты орнотуу максаты менен курулганына карабастан, бүгүнкү күндө эң көп аскердик базаларды курган жана эң көп куралданган уюм – бул, НАТО. Черчилль иштеп чыккан кансыз согуш стратегиясын учурда кансыз согуш болбосо да, ар кандай шылтоолор менен жүргүзүп жаткан уюм дагы кайра эле НАТО. Океандарда дагы куралдануу күрөшү күн өткөн сайын күчөгөндөн күчөп баратат. Кансыз согуш бүттү деген НАТО Россиянын чек араларына тынымсыз аскерлерди топтоп, мурдакы темир көшөгөнүн артындагы өлкөлөрдү Россиядан алыстатуу саясатын жүргүзүүдө. Сириядагы Россиянын базасына жооп берүү максатынын Сириядагы согуштун бир себеби экендигин унутпаш керек. Ошентип НАТОнун тынчтыкты орнотуу максаты куралдануу жарышына айланды. Мунун баарына НАТОну колдонуу аркылуу Россияны пассивдештирүүнү көздөгөн Британия терең мамлекети жооптуу.
Британия терең мамлекетинин НАТОнун жана Пентагондун саясаттарын башкарууда колдонгон аспаптарынын башында Atlantic Council (Атлантика кеңеши) турат. Операция пландары ушул кеңеште кабыл алынып, андан соң НАТО тарабынан ишке ашырылууда.
Ариэль Коэн
Атлантика кеңешинен жана Британия терең мамлекетинин карамагындагы башка топтор менен уюмдардан Россияга каршы көбүрөөк куралданууга жана бул өлкөгө кысымчылык көрсөтүүгө үгүттөгөн сунуштар үзгүлтүксүз келүүдө. Атлантик кеңешинен Ариэль Коэндин сөздөрү муну ачык айгинелеп турат:
НАТО Россиянын барган сайын күчөп жаткан кол салууларына каршы өзүнүн мүчөлөрүн коргой турган керектүү чараларды көрүшү керек. Кара деңиз аймагында аба, жер жана деңиз күчтөрүн көбөйтүү, космостон байкоо системаларын күчтөндүрүү жана чалгындоо системаларын орнотуу зарыл.297
Чындыгында болсо, Россия Украина менен Сириядан башка аймактарга кийлигишкен жок. «Кол салуу» жөнүндө сөз козгоп, бирок дүйнөдөгү 212 өлкөнүн 193үн басып алган Британия жөнүндө эч сөз кылбаган Атлантика кеңешинин баяндамасындагы «Россиянын барган сайын күчөп жаткан кол салуулары» деген сөздөрү Британия терең мамлекетинин белгилүү пропагандасы экендиги ачык көрүнүп турат.
Бул провокация НАТОдогу кээ бир адамдардын чырагына май тамызып, НАТОну куралдандыруу жана Кара деңизди согуш деңизине айландыруу планы ишке ашырылууда.

Кансыз согуш бүткөнүнө карабастан, НАТОнун Россияга каршы Кара деңизди согуш деңизине
айландырышы таң калтырбай койбойт.

Бул долбоорду айтып чыккан Атлантика кеңешин тереңирээк изилдегенде, кызыктуу байланыштарды байкайбыз. Обама 2009-жылы бийликке келгенде, Атлантика кеңешинин жетекчиси Джеймс Джонс Обаманын Улуттук коопсуздук кеңешине алынып келинген. Атлантика кеңешинен Сьюзан Райс БУУдагы элчи, Ричард Холбрук болсо Афганистан жана Пакистандагы атайын элчи болуп дайындалган. Кеңештин мүчөсү Анн-Мари Слотер АКШнын Тышкы иштер министрлигинде стратегиялык пландоонун жетекчиси болуп дайындалган. Джонстун ордуна Кеңештин жетекчилигине дайындалган сенатор Хейгл болсо 4 жылдан кийин Коргонуу министринин креслосуна отурган.

Барак Обама жана Джеймс Джонс

Атлантика кеңешинин саясаттары АКШнын мамлекеттик мекемелеринин саясатына айланган соң Сирияда, Йеменде жана Украинада жарандык согуштар келип чыкты. Ирак, Ливия жана Афганистандагы согуш эң жогорку чегине жетип, ДАИШ (Ирак жана Левант Ислам мамлекети) пайда болду. Түркиядагы төңкөрүш аракетин да унутпаш керек. Көрүнүп тургандай, Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндөгү топтор АКШнын жетекчилигине жана, ал тургай, НАТОго да оңой эле өз таасирин тийгизе алышууда. Британия терең мамлекети башкарган системалар мындай балээлерден кутула албай келүүдө. Жаңы иштелип чыккан кансыз согуш стратегиясынын да ушул сыяктуу бир оюн экендигин ар дайым эсте тутуу керек.

Атлантика кеңешинин саясаттарынын натыйжасында Жакынкы Чыгышта эч токтобогон согуштар
жана ИГИЛ сыяктуу террордук уюмдар келип чыкты.

Путиндин НАТОнун куралдануусуна карата эскертүүсү

Россиянын президенти Владимир Путин 2016-жылы Санкт-Петербург Эл аралык экономикалык форумунда батыштык журналисттерге маанилүү бир кайрылуу жасады. Ал кайрылуусунда НАТОнун эч кандай коркунуч жана конкреттүү эч бир себеп болбогонуна карабастан, ар кандай шылтоолорду айтып, куралданып жаткандыгын төмөнкүчө билдирди:
Ракетадан коргонуу (ПРО) системасына келсек. Караңыздар, бул столдо баарыбыз бойго жеткен кишилербиз. Баарыбыз тажрыйбалуубуз (профессионалбыз). Бирок айткан сөздөрүмдү эч өзгөртүүсүз жеткиришиңерге такыр үмүтүм жок...
[Курал өндүрүшүн чектөө үчүн] Америкалык шериктерибизге эмнени гана айтпайлы, биз менен кызматташууга көндүрө алган жокпуз жана дагы эле өздөрү каалаган багытта бара жатышат. Силерге айта албай турган нерселер бар, айтсам оройлук болот. Бирок кааласаңар ишенгиле, кааласаңар ишенбегиле, [куралдануу жарышын] токтотуу үчүн реалдуу чечүү жолдорун сунуштадык. Бардык сунуштарыбызды четке кагышты. Ошондуктан бүгүн ушул жердебиз, жана эми болсо ракетадан коргонуу системаларын Румынияга орнотушту. Бир эле сөздү кайталап жатышат: «өзүбүздү Ирандын ядролук коркунучунан коргошубуз керек». Кайда бул коркунуч? Ирандын ядролук коркунучу деген нерсе жок. Алар менен келишимиңер да бар жана ал келишимди АКШ каалады; биз болсо көмөкчү болдук. Аны колдодук...


Башкача айтканда, Ирандан коркунуч жок. Бирок ракетадан коргонуу системаларын орнотуу улантылып жатат. Бул «бизге калп айтып жатышат» деген сөзүбүздүн тууралыгын тастыктайт. Ирандын ядролук коркунучу жөнүндөгү айткандары чындык эмес болчу. Бизге дагы бир жолу калп айтышты. Бул системаны куруп, эми ага ракеталарды орнотуп жатышат. Силер журналисттер ал ракеталардын капсулаларга жүктөлөөрүн жана деңиз аркылуу, орто алыстыкка багытталган томагавк рокета орнотмолору аркылуу башкарылаарын билсеңер керек. Аларга 500 км аралыкка жете ала турган «анти-ракеталар» жүктөлөт. Бирок бул технологиялардын өнүккөнүн билебиз. Кайсы жылы америкалыктардын жаңы бир ракета жасаарын жана ал ракеталардын 1000 км, ал тургай, андан да алыс аралыкка жете алаарын билебиз. Ошол күндөн баштап Россиянын ядролук потенциалына түздөн-түз коркунуч туудура башташат. Ар жылы кандай өзгөрүү болоорун билебиз жана алар да биздин билээрибизди билишет. Силерге жомок айтып жатышат жана силер болсо ага ишенип, аны өлкөңөрдүн жарандарына айтып жатасыңар. Элиңер болсо бул чоң коркунучту түшүнбөй жатат, бул мени тынчсыздандырат. Дүйнөнүн артка кайткыс бир жолго киргенин кантип түшүнбөйсүңөр? Эч нерсе болбогондой жүрүшөт. Силерге эми кантип түшүндүрө алаарымды билбейм. Жана муну «коргонуу» системасы деп жатышат, башкача айтканда, кол салуу максатында эмес экен. «Кол салууга бөгөт коюучу системалар» дешүүдө. Бул эч чындыкка жатпайт. Ракетадан коргонуу системасы жалпы кол салуучу аскердик потенциалдын бир бөлүгү...
Румыния өкмөтү да эмнелер болуп жатканын билбейт. Силердин оюңарча, румыниялыктардын пикирин сураштыбы? Эмнелер болуп жатканынан эч кимдин кабары болбойт, румыниялыктар да, польшалыктар да билишпейт. Бул стратегияларды мени билбейт деп ойлойсуңарбы? Менин байкашымча чоң коркунучтун астында турабыз...
Булардын баарынын дүйнөнү кайсы жакка алып бараарын билбейм. Мен бир билген нерсе өзүбүздү коргошубуз керек. Муну кайра эле «орустардын агрессиясы» дешет, билем. Бирок бул болгону силердин кылгандарыңарга биздин берген жообубуз. Адамдардын коопсуздугун камсыз кылууну каалашымдын эмнеси туура эмес? Бир эле ал эмес, керектүү стратегиялык тең салмактуулукту сактаганга аракет кылышыбыз керек. Бул тең салмактуулук акыркы 70 жылда олуттуу глобалдык кагылышуунун чыгышына бөгөт койду жана дүйнөнүн коопсуздугун сактады. ... Муну кантип мынчалык оңой бузуп жатышат, түшүнбөйм. Муну абдан кооптуу деп ойлойм. Ал тургай, кесе айта алам.1

1. Putin's Warning: Full Speech 2016, https://www.youtube.com/watch?v=kqD8lIdIMRo

 НАТОдогу жашыруун армия

Швейцариялык тарыхчы Даниель Гансер «НАТОнун жашыруун армиялары» аттуу китебинде өзгөчө Британиянын чалгындоо кызматы MI6 тарабынан Европанын 6 өлкөсүндө НАТОнун алкагында курулган жана өлкөлөрдүн ичинде Гладионун операцияларынан тышкары, башка жашыруун операцияларды жүргүзгөн, кооптуу бир армиянын бар экендигине токтолгон. Гансер бул атайын армиянын Черчилль тарабынан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда негизделген «Атайын операциялар башкармалыгынын (SOE) түздөн-түз бир копиясы» экендигин белгилеген.298 Бул жерден да көрүнүп тургандай, НАТОнун жашыруун армиясы Британия терең мамлекетинин планы болгон.
Бул жашыруун армия Советтер тарабынан кандайдыр бир кол салуу болсо, «душман саптарынын арт жагында иш-аракет жүргүзүп, басып алган күчтөрдү тамак-аш каналдары аркылуу өндүрүш борборлорун жарылуучу заттар менен саботаж кылуу» максатында түзүлгөн. Бирок Советтер тарабынан эч качан мындай кол салуу болгон эмес. Ансыз да чыныгы максат башка болгон.
Европадагы тымызын операцияларды ушул жашыруун армия жүргүзгөн. Операцияларга «мыкты» бир шылтоо бар болгон: коммунизм. Бирок, жогоруда да айтылгандай, Британия терең мамлекети коммунизмди жок кылууну эмес, бул шылтоону колдонуп ар кайсы өлкөлөрдө кагылышууларды чыгарууну көздөгөн. Ошентип, дүйнөдөгү көптөгөн төңкөрүштөр ушул жашыруун армия тарабынан ишке ашырылган.

Даниель Гансер жана анын китеби.

Франциянын президенти де Голль MI6 операциясын байкаганда, НАТОнун аскерлерин Франциядан чыгарган.

Муну байкап калган лидерлердин бири, Франциянын президенти Шарль де Голль НАТОнун бирдиктүү команда түзүмүнөн чыгууну чечип, улуттук эгемендүүлүктү жана көз-карандысыздыкты коргоо максатында, НАТОнун аскерлерин Франциядан чыгарган. НАТОнун Европадагы штаб-квартирасы шашылыш түрдө Парижден Брюссельге көчүрүлгөн. Ал тургай, Францияда учурда НАТОдон толугу менен чыгып кетүү маселеси талкууланууда. Марин Ле Пендин партиясы эгер Улуттук фронт бийликке келсе, Францияны НАТОдон чыгараарын жана француз генералдарына башкалардын буйрук беришин токтотоорун расмий интернет баракчасында ачык жарыялоодо.
НАТОдо жашыруун армиянын бар экендигинин ашкерелениши менен аскердик союздун сырлары биринчи жолу ачыкка чыкты. Тымызын иш-аракеттердин изилдөөчүсү Филип Виллан бул жөнүндө мындай деген:
Астында колу бар өлкөлөрдүн жашыруун кызматтарынан коммунисттик партиялардын бийликке келишине бөгөт коюу багытында керектүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү талап кылган жашыруун НАТО протоколдорунун бар экендиги биринчи жолу 1966-жылы белгилүү болду. Президент де Голльдун Францияны НАТОнун бирдиктүү команда түзүмүнөн чыгарууну чечип, улуттук эгемендүүлүктү коргоо максатында, протоколдордун четке кагылаарын жарыялашы муну ашкереледи.299
Ошол тушта Консервативдүү партиянын мүчөсү Руперт Алласон «Associated Press» маалымат агенттигине телефон аркылуу берген бир интервьюсунда «британиялыктар ар кайсы түйүндөргө күмөнсүз финансылык колдоо көрсөткөн жана аларды башкарган жана MI6 аркылуу CIA (АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы) менен бирге түздөн-түз бул иштерге аралашкан» деп айткан. Алласон 1949-жылдан кийин көмүскө армиялардын НАТОнун Атайын күчтөр командалыгы жана башкаруу түзүмү тарабынан координацияланганын, Британиянын Атайын аба күчтөрүнүн (SAS) бул түзүмдүн ичинде стратегиялык бир роль ойногонун белгилеген.300
Британиянын BBC телеканалы 1991-жылдын 4-апрелиндеги «Newsnight» (Түнкү жаңылыктар) программасында «Европа масштабында көмүскө армияларды түзүүдө Британия эч күмөнсүз негизги рольду ойноду» деп айткан. «Newsnight» программасынын алпаруучусу Джон Симпсон бул жөнүндөгү бүт маалыматтарды жашырганы үчүн MI6 кызматын жана Британиянын Коргонуу министрлигин сындап, мындай деген:
Гладионун бар экендиги моюнга алынгандан кийин, башка Европа өлкөлөрүндө көмүскө армиялардын бар экендиги аныкталды. Ал тургай, бул тема бейтарап (нейтралдуу) өлкөлөр болгон Швеция менен Швейцарияда да ачык талкууланып жатат. Кээ бир өлкөлөрдө болсо бул жөнүндө иликтөөлөр башталды. Бирок Британияда эч бир кыймыл байкалбайт; Коргонуу министрлигинин «улуттук коопсуздук маселелерин талкуулоого болбойт» деген, көнүмүш билдирүүсүнөн тышкары.301
Симпсон Гладио маселесинин кандайча НАТО долбоору экендигин төмөнкүчө түшүндүргөн:
НАТОнун эң жашыруун кызматтарынын биргелешкен кылмыштары жөнүндөгү маалыматтар эми гана ачыкка чыга баштады. Италияда ыктымалдуу Советтик кол салуу учурунда, ага каршы тирешүүнү уюштуруу үчүн мамлекеттин колу менен түзүлгөн жашыруун бир армиянын иш-аракеттери депутаттык комиссия тарабынан иликтенүүдө. Бул иликтөө Европа масштабында ушул сыяктуу тымызын күчтөрдүн ачыкка чыгышына себеп болду. Гладио деп аталган Италия тобу болсо бир катар террористтик бомбалоолорго аралашкан деп айыпталууда.302
Швейцариялык тарыхчы Даниель Гансер MI6 кызматынын бул маселеге аралашкандыгынын көп жылдардан кийин гана бир музей аркылуу тастыкталганын белгилейт. Гансердин айтуусу боюнча, 1995-жылы июль айында Лондондогу Империя согуш музейинде (Imperial War Museum) ачылган «Тымызын согуштар» аттуу көргөзмөнүн эшигинде «көргөзмөгө коюлган нерселер көп жылдар бою өлкөнүн эң бекем сакталган сырларынын бир бөлүгү. Булар бул жерде биринчи жолу элге тартууланууда. Эң негизгиси, бул чындык... Чындык элестетилгенден да таң калыштуу жана жүрөк толкутарлык» деп жазылган. MI6 кызматына арналган терезелердин бирөөсүндө болсо төмөнкүдөй моюнга алуу орун алган:
MI6 кызматынын ыктымалдуу Үчүнчү дүйнөлүк согуш даярдыктарынын арасында, эгер Советтер Союзу Батыш Европада алдын көздөй жыла турган болсо, душман саптарынын арт жагында иш-аракет жүргүзө турган «Stay Behind» (Гладио) топторун түзүү да болгон.303

Британиядагы Imperial War Museum

Гансер көргөзмө ачылгандан бир канча айдан соң, эки мурдакы MI6 кызматкерлери менен Королдук деңиз күчтөрүнүн аскерлери Джайлс жана Престондун жазуучу Майкл Смитке кээ бир нерселерди моюнга алганын айткан. Джайлс жана Престон 1940-жылдардын аягы менен 1950-жылдардын башында британдыктар менен америкалыктардын Советтердин ыктымалдуу басып алуусуна даярдык максатында Батыш Европада көмүскө бөлүктөрдү түзгөндүгүн тастыктады. Бул периоддо Джайлс менен Престон MI6 кызматы SAS (Special Air Service – Атайын аба күчтөрү) менен бирге гладиаторлорду даярдоочу Британиянын Портсмут шаарына жакын жердеги Форт-Монктонго жиберилген. Алар сыр сөздөр, курал колдонуу жана жашыруун операциялар боюнча даярдыктардан өтүшкөн. Престон бул даярдык жөнүндө «түндүн бир оокумунда сыртка чыгарылып, станциянын башчысына жана жүк ташуучуларга көрүнбөстөн, темир жол станцияларында поезддерди жардырып жаткан сыяктуу кыймыл-аракеттерди жасачубуз» деп айтып берген.304

Британиянын SAS жоокерлери: тарыхта жана учурда.

Британиялык тарыхчы Джон М. Маккензи бүт бул окуялардын борборунан орун алган Британия терең мамлекетин төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Азыркы замандын Британиясы ар дайым жагымсыз бузукулуктардын борборунан орун алды; башкалар муну ушундай деп билишти, бирок өзү муну кабыл алган жок.305
BBC каналы 1980-жылдары Британия менен Американын Атайын күчтөрүнүн ортосундагы тымызын кызматташтыкты ашкерелеген «Unleashing of Evil» (Жамандыктын азаттыкка чыгышы) аттуу бир даректүү тасма жарыялаган. Тасмада SAS Атайын аба күчтөрү менен АКШнын Атайын күчтөрүнүн (Жашыл береттүүлөрдүн) акыркы отуз жылда Кения, Түндүк Ирландия, Оман, Вьетнам, Йемен, Кипр жана башка көптөгөн өлкөлөрдөгү ири операцияларда туткундарга кандай кыйноолорду көрсөткөнү чагылдырылган. Бул тасманын британиялык продюсери жана эки жылдан кийинки Гладио скандалдарынын белгилүү кабарчыларынын бири, журналист Ричард Нортон Тейлор тасманы төмөнкү сөздөрү менен жыйынтыктаган: «кыйноолор бизге биз элестеткенден жакыныраак жана масштабы да чоң.»306
1983-жылы Британиянын мурдакы премьер-министри Маргарет Тэтчер Британиянын SAS Атайын күчтөрүн (Special Air Service – Атайын аба күчтөрү) Пол Пот күчтөрүн даярдыктан өткөрүүгө жиберген. Атайын аба күчтөрүнүн жогорку даражалуу аскерлери башынан өткөргөндөрүн кийин төмөнкүчө айтып беришкен:
Алгач 1984-жылы Тайландга бардык. ... Кызыл кхмерлерди көптөгөн багыттарда окутуп, үйрөттүк. Башында түз эле айылдарга түшүп, адамдарды кырып салабыз деген ойдо болушчу. ... Көпчүлүгүбүз бир аз эле мүмкүнчүлүк берилсе, башка тарапка өтүүгө даяр болуп калдык. Абдан кыжырлуу болуп калдык. Пол Пот менен иштешкенибизди жек көрчүбүз.307
Көрүнүп тургандай, бул тымызын армия Пол Пот сыяктуу кандуу коммунисттердин армияларын да даярдыктан өткөрүү милдетин аткарышкан. Бул Британия терең мамлекетинин коммунизм менен канчалык тыгыз байланышта экендигин жана «коммунизм менен күрөшүү» ураанынын негизи бир гана көз бойомочулуктан тураарын толук далилдейт.

1983-жылы Британиянын премьер-министри Маргарет Тэтчер SAS аттуу Британиянын атайын бөлүгүн
Пол Пот күчтөрүнө таалим берүүгө жиберген.

Гансер НАТОнун жашыруун жана мыйзамсыз (легалдуу эмес) армияларынын 1990-жылдардын аягында пайда болушу жана бул армияларды түздөн-түз Британия терең мамлекети негиздеп, анын иш-аракеттеринде башкы рольду ойношу жөнүндө терең бир жымжырттык бар экенин белгилеген. Ал кезде Британияда бийликте турган Джон Мейджордун өкмөтүнүн бул багытта кандайдыр бир кадам жасоодон жана айтылгандарды моюнга алуудан баш тарткандыгын билдирген. Премьер-министрдин маалымат катчылары болсо Британиянын маалымат каражаттарына бир канча күн бою «корком коопсуздук маселелерин талкуулабайбыз» деп билдирүү жасаган. Британиянын парламенти буга байланыштуу бир басма сөз жыйынын өткөрүүгө же депутаттык иликтөө жүргүзүүгө дарамети жеткен эмес. 1992-жылы ирландиялык журналист Хью О'Шонесси «Британия борборунан орун алган бир маселеде Ак коридордо жымжырттыктын өкүм сүрүшү абдан эле кызыктуу» деген. BBC каналы 1991-жылы 4-апрельде «Newsnight» телеберүүсүндө жашыруун армияларга шилтеме берүү менен, «маска чечилди, үрөй учурарлык окуялар ашкере болду» деген. Италиялык депутат Серхио де Хулио (Sergio de Julio) камералардын алдында «колубузда Гладионун башталышынан баштап, жоокерлердин даярдыктан өтүү үчүн Британияга жиберилип турганын далилдеген документтер бар. Аларга Гладио уюмунун негизги ядросун түзүү милдети жүктөлгөн» деген.308
Генерал Джерардо Серравалле
BBC каналынын журналисти Питер Маршалл 1971-1974-жылдары Италиянын Гладиосун башкарган генерал Джерардо Серравалле менен болгон маегинде генералдан британиялыктардын ролун сураган. Италиялык генерал британиялыктар менен тыгыз кызматташтыкта болушканын тастыктаган: «мен аларды (британиялыктарды) чакырдым; биз алардын Британиядагы базалары менен –жашыруун базалары менен- таанышкан элек жана жооп катары мен да аларды чакырдым.» Журналист Маршалл «Британиянын жашыруун базасы каерде?» деп сураганда генерал күлүп баштайт жана суроого минтип жооп берет: «тилекке каршы, сизге каерделигин айта албайм, анткени бул өлкөңүздүн жашыруун маалыматтарына кирет». Андан соң Маршалл так жооп ала турган бир суроону узатат: «бирок британиялыктардан таасирлендиңиз?» Серравалленин жообу мындай болгон: «ооба, ошондой. Себеби абдан натыйжалуу, жакшы уюшулган бир түзүлүш болчу жана мүчөлөрү кынтыксыз эле.»309
Булардын баары Черчилль тарабынан негизделген Британиянын Атайын операциялар башкармалыгынын бир көчүрмөсү болгон НАТОдогу жашыруун армиянын бар экендигин, анын Гладио аттуу тымызын уюмдун пайдубалын түзөөрүн жана бүт баарынын негизги борборунун Британия, түпкү уюштуруучусунун болсо Британия терең мамлекети экендигин далилдеген. Бул жашыруун армия, Европа өлкөлөрү да кошо, көптөгөн өлкөлөрдө террордук актыларды жана сансыз өлкөдө аскердик төңкөрүштөрдү жасаган. Алардын негизгилеринин бири Түркия өлкөсү.


Россиянын чек араларына НАТОнун куралдарын жайгаштыруу кимдин планы?


Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөнүн кайрадан ушундай абалга түшүшүнө бөгөт коюу максатында курулган НАТО өзгөчө акыркы жылдары ар кандай шылтоолорду айтуу менен, туура эмес кадамдарга барууда. Мындай иш-аракеттер Европанын чыгыш жагынан башталып, барган сайын кеңейип баратат. Россия менен чектешкен өлкөлөргө дээрлик күн сайын НАТОнун жаңы аскердик бөлүктөрү жайгаштырылууда. Бул кансыз согуштун жарааттарынан жакында эле айыккан Россияны гана эмес, аймактагы өлкөлөрдү, ал тургай, дүйнө жүзүн тынчсыздандырууда.
Учурда түндүк-түштүк линиясын бойлой, Эстонияда жана Балтика өлкөлөрүндө, Польшада, Словакияда жана Румынияда Россияны тынчсыздандырган аскердик базалар курулду. Ал базаларда аскердик бөлүктөрдөн тышкары, кургактагы согушка багытталган А-10 Тандерболт (Thunderbolt) сыяктуу танкадан коргонуу учактары да жайгаштырылган. НАТО бул иш-аракеттердин Кара деңизде үстөмдүктү колго алуу стратегиясы экендигин жашырган жок. Бул тарыхта болуп өткөн жана эки дүйнөлүк согуштун чыгышына себеп болгон күчтөрдүн таймашы кайрадан кайталанып жаткандай бир таасир калтырат.
АКШ менен бул аймакка аскер жана курал-жарак жиберген башка НАТО өлкөлөрү буга себеп катары Россиянын потенциалдуу агрессордук мамилелерин көрсөтүшүүдө. Бирок Экинчи дүйнөлүк согушта учурдагы Польшаны, Украинаны, Чехияны, Словакияны, Румынияны, Болгарияны жана Кавказды орустар бүлдүрүп талкалаган эмес. Бүгүнкү күндө да Россиянын жалпысынан согуштун ордуна, дипломатиялык жолду көздөп жаткандыгы ачык көрүнүп турат. Ошондуктан «Россияга каршы чара көрүп жатабыз» деген шылтоо менен дүйнөнү аскердик объектке айландыруу көптөгөн стратегия адистери тарабынан сын-пикирге кабылууда.
Күтүүсүздөн пайда болгон бул аскердик коргонуу стратегиясынын чыныгы себеби эмне?


Аймактагы чыңалуунун арткы планында Британия терең мамлекетинин карамагындагы кээ бир аналитикалык борборлор турат. НАТОнун Россияны аскердик курчоого алуу саясатынын түпкү идеясы Атлантика кеңеши (Atlantic Council) аттуу аналитикалык борборго тиешелүү. 1961-жылы негизделген бул кеңешти саясий серепчилер НАТОнун идеологияларын аныктоочу бир мекеме деп эсептешет. Аймактагы өлкөлөрдүн экономикалык кризистеринде болсо кайра эле Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндөгү ысымдардын бири, дүйнөгө белгилүү финансылык спекулянт жана «Ачык коом фонддорунун» (Open Society Foundations) негиздөөчүсү Джордж Соростун белгилүү хедж-фонду «Квантум фонд» (Quantum Fund) башкы рольду ойноодо. Ошондой эле, Соростун кол алдындагы Ачык коом фонддорунун көптөгөн өлкөлөрдөгү түстүү төңкөрүштөр, Араб жазы жана Түркиядагы 2013-жылкы нааразычылык акциялары сыяктуу бир топ окуяларда провокациялык иш-аракеттерди жасагандыгы айтылууда. Бул жөнүндө тереңирээк маалыматты кийинки бөлүмдөн ала аласыз.
Бул аналитикалык борборлор интернационалист же глобалист деп аталган идеологиялардын өкүлдөрү. Мындай саясаттар он жылга жетпеген убакыт аралыгында дүйнөнү кансыз согуш учурундагы уюлдашууга (поляризация) жеткирди. Бул саясаттардын натыйжасында, чоң күчтөрдүн ортосунда кансыз да, кандуу да, эч кандай согуш болбогонуна карабастан, Жер ортолук деңиз менен Кара деңиз согуш кемелерине толуп калды. Албетте, бул фонддор уюлдашууга түздөн-түз жооптуу эмес. Бирок дүйнө жүзүндөгү согуш, финансы, табигый ресурстар жана колониализм саясаттары элдерди кагылышууга алып баруучу жек көрүү сезимдерин күчөтүүдө. Мунун булагы болсо, албетте, Британия терең мамлекети жана анын карамагындагы мекемелердин саясаттары.

Джордж Сорос

Албетте, бул жерде Британия терең мамлекетинин өз кызыкчылыгы үчүн дүйнөдө ар дайым уюлдашууну жана кандуу согушту колдоорун унутпаш керек. Ошондуктан дүйнөдөгү согуштарды же кризистерди карап жатканда, Британия терең мамлекетинин кызыкчылык саясаттарын да жакшы билүү зарыл. Британия терең мамлекетинин Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки саясаттарын караганыбызда, Россиянын бир коркунуч катары көрүлүшүнүн терең мамлекетке ар дайым пайдалуу болгонун көрөбүз. Жасалма жол менен чыгарылган кансыз согуштун аягына чыгышы Британия терең мамлекетинин пландарына туура келген эмес жана терең мамлекет өзүнүн жана анын коргоочу калканы болгон АКШнын андан да көбүрөөк куралданышына шарт түзө турган шылтоолорго муктаж болгон. Болор-болбос бир сөз да көтөрүлүштөргө себеп болгон азыркы дүйнөдө болсо «Россия коркунучун» ылайыктуу жана тарапташ таба ала турган бир шылтоо катары көргөн.

НАТО өлкөлөрү жана Россия. НАТОнун өзгөчө кырдаал күчү: учурда 13 миң, пландалганы 30 миң.

Учурда АКШ да, Россия да, башка НАТО өлкөлөрү да согуш чакырыктарын ээрчий турган акылсыз түшүнүктө эмес. Анткени, бүгүнкү күндө согуштун ядролук бомбалар менен коштолуу ыктымалдыгы бар. Бул азезилди көрүүгө же башкаларга көрсөтүүгө, албетте, эч ким кызыкдар эмес. Ошондуктан согуш даярдыктары жөнүндөгү күбүр-шыбырлар жана чек арадагы коркунучтар анчалык реалдуу көрүнбөсө да, Британия терең мамлекети мындан пайдаланууда. Британия терең мамлекети кожоюндук кылган азыркы дүйнөдө терең мамлекеттин бийлигин бекемдөө, өзүнүн көзөмөлүндөгү курал-жарак рыногун күчтөндүрүү, өзүнүн көзөмөлүндөгү финансы рыногун жандандыруу жана көбүрөөк өлкөнү колониялаштыруу, АКШны жана НАТОну аны коргой турган жалданма жоокердей кармап туруу үчүн ушундай жасалма коркунучтар керек болууда. Британия терең мамлекети аягында дүйнөнүн кагылышуулардын мекенине айланышын жана дажжалдын бийлигинин бүт тарапка орношун көздөөдө. Кызыгы, жасалма коркунучтардан коркуп, тынымсыз куралданып жаткан дүйнө мамлекеттери Британия терең мамлекетине алданып калышканын дагы деле байкашкан жок.

Эч кандай себепсиз Румынияга НАТО ракеталарынын жайгаштырылышына Россия олуттуу
 реакция көрсөттү.



НАТОдогу жашыруун армия жана революциялар

Төңкөрүш аркылуу кулатылган Ирандын лидери Мосаддык

НАТОнун жашыруун армиясына максатталган өлкөлөрдөгү жакпаган башчыларды бийликтен төңкөрүү миссиясы да жүктөлгөн. Британия терең мамлекетине баш ийген бул жашыруун армия 1953-жылы Иранда мунайзат кирешелеринин бир бөлүгүн элге таратууну пландаган Мосаддыктын өкмөтүн бийликтен кулаткан.310 Андан соң 1954-жылкы Гватемала революциясы менен уланган төңкөрүштөр тизмеги Түштүк Америка, Африка жана Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн революциялар менен коштолгон.
Түркия төңкөрүш «молчулугуна» кабылган өлкөлөрдүн баш саптарынан орун алган. Британия терең мамлекетинен буйрук алган кошоматчылар менен тыңчылар бул багытта да иш-аракет жүргүзүп, өлкөнү ар кандай жолдор менен төңкөрүштөргө даярдаган. 27-май төңкөрүшүнөн эки күн өтпөстөн, 1960-жылы 29-майда Британиянын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы аскердик башкарууну таануу жөнүндө бир көрсөтмө жиберген. Көрсөтмө боюнча, «Британия өкмөтү жаңы режимди АКШ менен бир учурда таанууну абдан каалаган». Бул жерде негизи Британия терең мамлекети белгилүү тактикасын колдонгон: бүт баарын өзү пландап, аягында эч нерсе билмексен болуп көрүнгөн. Ал учурда Анкарадагы Канаданын, Пакистандын жана Индиянын элчилери да Британиянын элчиси менен тыгыз байланышта болушкан жана алардын өкмөттөрүнүн да Түркиядагы төңкөрүш аркылуу бийликке келген өкмөттү көп кечиктирбестен тааный тургандыгын белгилешкен.
Ал кездеги Британиянын өкмөтү төңкөрүштөн соң Түркия менен болгон мамилелердин «кубантарлык деңгээлде өнүгүшүнөн» абдан ыраазы экенин белгилеп, мамилелерди улантуу каалоосун билдирген.

Түркиянын президенти Мендерестин учак кырсыгына кабылышын да, андан соң кулатылып өлүм жазасына
тартылышын да Британия терең мамлекети ишке ашырган.

Мухсин Батур
Албетте, Британия өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн мамилелери тынымсыз өнүгүп бекемделиши керек. Бул жерде биз Британия өкмөтүнүн тарых бою өзүнө пайдалуу болгону үчүн гана, Түркиядагы төңкөрүш аркылуу бийликти ээлеген өкмөттөрдү колдоп келгендигин сындап жатабыз. Мунун себеби Британия өкмөтү ар дайым Британия терең мамлекетине баш ийип келүүдө. Ошондуктан чыныгы жоопкер – Британиянын өкмөттөрү эмес, Британия терең мамлекети.
1971-жылы 12-марттагы төңкөрүштө да ушул сыяктуу процесстер болгон. Түркиянын экономикасынын өнүгүшү, ири долбоорлордун ишке ашырылышы жана бардык долбоорлорго керектүү инвестициялык жардамдардын СССРден келиши Түркияны кайрадан Британия терең мамлекетинин бутасына айланткан. Белгилүү сценарий кайрадан ойнолуп, Демирельдин өкмөтү 12-март меморандуму менен кызматтан кетирилген.
12-март меморандумуна кол койгон генерал Мухсин Батур «Anılar ve Görüşler» (Эскерүүлөр жана көз-караштар) аттуу китебинде 12-мартта түзүлгөн кырдаалда бир катар «сырткы факторлордун» роль ойногонун төмөнкүчө айтып берген:
Сулейман Демирель
12-марттан кийин кээ бир саясатчыларыбыз жана ойчулдарыбыз окуянын келип чыгышында сырткы факторлордун жана, ал тургай, CIA (АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы) сыяктуу сырткы уюмдардын, апийим сыяктуу жагдайлардын ролу бар дешти. ... Багыттоодо тыңчылар, тыңчы провокаторлор жана эң негизгиси маалымат каражаттары жана пропаганда аркылуу керектүү шарттарды түзүүгө болот. 12-марттагы кырдаалды түзүүдө бул элементтер колдонулган болушу мүмкүн.311
Демирель өкмөтүнүн Тышкы иштер министри Ихсан Сабри Чаглаянгил ал учур жөнүндө «CIA (ЦРУ) астыбызды казып койгон экен, кабарыбыз болбоптур» деген. Бирок мында негизги рольду түздөн-түз ЦРУ да, НАТО да ойногон эмес. Бул төңкөрүштү жасаган кол көшөгөнүн артындагы жашыруун армиялары аркылуу баарын коркуткан Британия терең мамлекетине тиешелүү. Бирок ал доордо да эч ким бул жашыруун колдун атын атай алган эмес.
Ихсан Сабри Чаглаянгил
1974-жылдан соң абал бир аз болсо да өзгөрүп, «Республикалык-элдик» партия (Cumhuriyet Halk Partisi) менен «Улуттук саламаттык» партиясынын (Millî Selamet Partisi) ортосунда жаңы курулган коалиция өкмөтү 1971-жылкы меморандумдун жоготууларын кайрадан калыбына келтире баштаган жана көп өтпөстөн Кипрге кийлигишүү жасалган. Булар Британия терең мамлекетине жаккан эмес. Ошондуктан ошол замат Британия терең мамлекетинин буйругу менен АКШ тарабынан Түркияга эмбарго коюлуп, ал үч жылга созулган. Түркия болсо АКШнын аскердик базаларын жаап, Чыгыш менен жана Советтер Союзу менен кайрадан мамилелерин күчтөндүргөн. Муну жактырбаган Британия терең мамлекети ошол замат кийлигишип баштаган.
1980-жылы 12-сентябрьда Түркияда үчүнчү жолу төңкөрүш болду. Төңкөрүш болгон кезде үч миң Америка жоокери «Anvil Express» машыгуулары үчүн Түркияда жүрүшкөн. Ал жоокерлер иш жүзүндө НАТОнун жашыруун армиялары тарабынан колдонулган пешкалар экендигин билишпесе керек. Британия терең мамлекети башаламан өлкөдө керектүү төңкөрүштү сөзсүз ийгиликтүү орундатуу үчүн өз оюнда бардык чараларды көргөн. 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетиндеги сыяктуу, бул төңкөрүштө да аскерлерди жайгаштыруу негизги чаралардын бири болгон.

1971-жылкы төңкөрүштөн соң ханыша Елизаветтанын Түркия зыяраты

Британия тыңчыларынын аракеттери менен ишке ашкан Түркиядагы 1980-жылкы төңкөрүштөн соң
 көптөгөн кыйынчылыктар орун алган.

ЦРУнун (CIA) Анкарадагы башчысы Пол Хенценин ал кездеги АКШнын президенти Джимми Картерге төңкөрүштү «биздин балдар жасашты» деп кабар бериши абдан талкуу жараткан. Төңкөрүштөн соң НАТО Түркиянын абдан көп аймагында аскердик базаларды куруу артыкчылыгына ээ болгон.
ЦРУнун Анкарадагы
жетекчиси Пол Хенце
Түркиянын сырткы саясатта жаңы багыттарды белгилеп, көз-карандысыз саясат жүргүзүп баштаган кездеринин баары төңкөрүштөр менен коштолгон. Алардын бири мурдакы үч төңкөрүш сыяктуу ийгиликтүү аяктаган 1997-жылдын 28-февралындагы пост-модерн төңкөрүшү; экинчиси ийгиликсиз аяктаган 2007-жылдын 27-апрелиндеги е-меморандум болсо, акыркысы жана эң маанилүүсү 2016-жылдын 15-июлундагы түрк элинин чечкиндүүлүгүнүн натыйжасында ийгиликке жете албаган чыккынчы, төңкөрүш аракети болгон. Түркиядагы төңкөрүштөрдө Британия терең мамлекетинин түздөн-түз ойногон ролу китептин 3-томунда абдан терең каралат. Бул мафия сымал уюшкан топ НАТОнун негизги принцибин эле тебелебестен, башка өлкөлөрдүн ички иштерине да аралашып, аларды өзүнүн пешкасына айланткан.
Түркиянын мурдакы премьер-министри Бүлент Эжевит 1990-жылы 28-ноябрьда Түркиянын Миллиет  (Milliyet Gazetesi) гезитине берген бир маегинде өлкөлөрдүн ички иштеринде НАТОнун жашыруун армиясынын кантип аралашып жүргөндүгүн төмөнкүчө белгилеген:
1974-жылы премьер-министр кезимде ошол кездеги башкы штабдын жетекчиси генерал Семих Санжар премьер-министрликтин жашыруун фондунан зарыл бир муктаждык үчүн бир канча миллион сурады. Менден суралган каражат жашыруун фонддогу акчанын дээрлик баарына тең эле. Штаб жетекчисинен бул каражаттын кандай максатта колдонулаарын сураганга мажбур болдум. «Атайын аскердик бөлүк» үчүн сурап жатабыз деп жооп берди; ошол кезге чейин мындай расмий бөлүктүн атын да уккан эмес элем. «Буга чейин бул бөлүктүн чыгымдары кайдан каржыланчу?» деп сурадым. Ошол кезге чейин бул бөлүктүн бардык чыгымдарын АКШнын жашыруун каражат бөлүп каржылап келгенин, бирок мындан ары АКШнын бул акчалай салымды токтотуп койгонун, ошондуктан премьер-министрликтин жашыруун фондунан акча сураганга мажбур болуп калышканын айтып берди. Атайын аскердик бөлүктүн кайда жайгашканын сурадым. «Американын аскердик жардам комитети менен бир имаратта...» деген жооп алдым.312
Жашыруун армиялар, тымызын уюмдар канчалык көшөгөнүн артына жашынбасын, аларды ар дайым карап, көрүп турган, тымызын пландарынан кабардар, жогорку бир Күч бар. Ал Күч – ааламдардын Рабби Аллах. Алар жашырындык деп ойлогондо, Аллах аларды көрүп турат; алар тымызын план түздүк деп ойлогондо, Аллах ал пландарды угуп турат. Алардын Аллахтан көз-карандысыз дем алганга да күчтөрү жок. Бүт күч өзүбүздө деп ойлоп, Аллахтын бүт нерсени башкарып тураарын түшүнө албай жаңылышышат.

Алар билишпейби, албетте, Аллах алардын жашыргандарын да, шыбырашкандарын да билет. Чындыгында Аллах кайыпты билүүчү. (Тообо Сүрөсү, 78)

Сөздү ачык айтсаң да, (жашырсаң да айырмасы жок). Анткени, күмөнсүз Ал жашыруунду да, жашыруундун жашыруунун да билет. (Таха Сүрөсү, 7)

Британия терең мамлекетинин тыңчылары аркылуу ишке ашырылган 1980-жылкы төңкөрүштөн соң
НАТО Түркиянын көптөгөн аймактарында аскердик базаларды курган (15 база).


Булактар:

280.     “From the Second World War to the Treaty of Rome”, Parliament, http://www.parliament.uk/about/living-heritage/evolutionofparliament/legislativescrutiny/parliament-and-europe/overview/post-ww2-to-treaty-of-rome/
281.     “Winston Churchill coined what Cold War phrase in 1946?”, The Epoch Times, 5 Mart 2012, https://www.nationalchurchillmuseum.org/03-05-12-churchill-cold-war-phrase.html
282.     James W. Muller, Churchill’s “Iron Curtain” Speech Fifty Years Later, University of Missouri, 1999, s. 95
283.     Jon Danzing, “Winston Churchill: A founder of the European Union”, EU-ROPE, 10 Kasım 2013, http://eu-rope.ideasoneurope.eu/2013/11/10/winston-churchill-a-founder-of-the-european-union/
284.     Quentin Peel, “Historic misunderstanding underlies UK-EU relationship on Churchill anniversary”,Financial Times, 19 Eylül 2016, https://www.ft.com/content/3d6bbabc-7122-11e6-a0c9-1365ce54b926
285.     Hakan Karagöz, İngiliz Milletler Topluluğu ve İngiltere’nin AB Üyeliği, Konya Ticaret Odası, http://www.kto. org.tr/d/file/ingiliz-milletler-toplulugu-ve-ingilterenin-ab-uyeligi.pdf
286.     Onur Öymen, Silahsız Savaş: Bir Mücadele Sanatı Olarak Diplomasi, 8. Baskı, İstanbul: Remzi Kitabevi, 2015, s. 68
287.     Elif Çağlı, “Marxist Attitude On the Question of European Union”, Marksist Tutum, 12 Nisan 2003, http://en. marksist.net/elif_cagli/united_states_europe.htm
288.     “May 1968 events in France”, https://en.wikipedia.org/ wiki/May_1968_events_in_France
289.     Spinelli Group, https://en.wikipedia.org/wiki/Spinelli_Group
290.     Paul Belien, “Former Soviet Dissident Warns For EU Dictatorship”, The Brussels Journal, 27 Şubat, 2006, https://www.brusselsjournal.com/node/865
291.     Erika Ritz, “I Genuinely Believe This is a Marxist Revolution”: British Lawmakers Revolt Against E.U. (And How It Relates to Us), The Blaze, 26 Kasım 2012, http://www.theblaze.com/stories/2012/11/26/i-genuinely-believe-this-is-a-marxist-revolution-british-lawmakers-revolt-against-e-u-and-how-it-relates-to-us/
292.     Maria Alcaparra ve Adriano Fa, “When Barroso Was a Communist”, Cafe Babel, 5 Ekim 2007, http://www. cafebabel.co.uk/politics/article/when-barroso-was-a-communist.html
293.     William F Jasper, “Italy on Financial Brink as ‘Former’ Communist Tries to Lead”, New American, 28 Şubat 2013,https://www.thenewamerican.com/world-news/ europe/item/14641-italy-on-financial-brink-as-%E2% 80%9Cformer%E2%80%9D-communist-tries-to-lead
294.     Manuel Marín, Wikipedia, https://en.wikipedia.org/wiki/Manuel_Marín
295.     Paul Belien, “Former Soviet Dissident Warns For EU Dictatorship”, The Brussels Journal,https://www.brusselsjournal.com/node/865
296.     Belien, a.g.m.
297.     Dr. Ariel Cohen, “NATO Should Stand Up Black Sea Command Before It’s Too Late”, Huffington Post,http://www.huffingtonpost.com/dr-ariel-cohen/nato-should-stand-up-blac_b_10831440.html
298.     Daniele Ganser, NATO’nun Gizli Orduları: Gladio Operasyonları ve Avrupa Devlet Terörü”, Grifin Kitap, 2012, s. 24
299.     Ganser, a.g.e., s. 71
300.     Ganser, a.g.e., s. 83
301.     Ganser, a.g.e., s. 83-84
302.     Ganser, a.g.e., s. 84
303.     Ganser, a.g.e., s. 84
304.     Ganser, a.g.e., s. 85
305.     Ganser, a.g.e., s. 89
306.     Ganser, a.g.e., s. 97
307.     Ganser, a.g.e., s. 97-98
308.     Ganser, a.g.e., s. 105-106
309.     Ganser, a.g.e., s. 106
310.     Ganser, a.g.e., s. 278
311.     “Darbeler ve ABD”, Aljazeera Turk, 24 Ağustos 2016, http://www.aljazeera.com.tr/haber/darbeler-ve-abd
312.     “Ecevit, Özel Harp’i 1974’te Duydu”, Evrensel, 3 Ocak 2006, https://www.evrensel.net/haber/168403/ecevit-ozel-harp-i-1974-te-duydu

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...