Чалгындоо –
коргонуунун негизги шарты. Өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтары күчтүү болушу керек;
антпесе оңой эле эзилип, башкарылып калышы же көтөрүлүштөргө жана кол
салууларга туш болушу мүмкүн.
Бүгүнкү
шарттарда болсо өлкөлөрдүн улуттук чалгындоо мекемелеринин башка күчтөрдүн
колуна өтүп кетиши чоң рисктерди пайда кылууда. Өлкөлөр өздөрүнүн улуттук
чалгындоо кызматтарына ишене албаганда жана улуттук чалгындоо кызматтары башка
күчтөргө иштеп баштаганда, өлкөлөрдө төңкөрүштөр, коогалаңдар жана согуштар токтобой
калууда.
Учурдагы абал
негизинен ушундай. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн чалгындоо мекемелери Британия
терең мамлекетине баш ийүүгө мажбурланууда. Кээ бирлерин болсо түздөн-түз
Британия терең мамлекети түптөгөн. Ошондуктан чалгындоо мекемелеринин көпчүлүгү
Британия терең мамлекетинин карамагында. Дүйнөдөгү көптөгөн коогалаңдарга бир
катар чалгындоо мекемелеринин аралашып жатышынын негизги себеби ушунда.
Чалгындоо
мекемелеринин негизги ыкмаларын тереңирээк караганыбызда бул чындыкты жакшыраак
түшүнөбүз.
Британиянын ички
жана тышкы чалгындоо кызматтары: MI5-MI6
Британиянын
жашыруун чалгындоо кызматы MI6 дүйнөнүн биринчи чалгындоо уюму катары
белгилүү болгон Британиянын Аскердик маалымат топтоо уюмунун 6-бөлүгүн
түшүндүрөт. Бир гана Британия ханышасынын алдында жооптуу. Ханыша Елизавета MI6 кызматынын «М» бөлүгүнөн маалымат алат жана бул маалыматтар аны АКШнын
президенттеринен да көбүрөөк нерсе билишине мүмкүнчүлүк берет.313 MI5 ички чалгындоодон
жооптуу болсо, MI6 бир гана тышкы чалгындоого багытталган.
Түндүк Ирландия
гана өзгөчө статуста. Түндүк Ирландия Британиянын курамына киргенине
карабастан, Британиянын тышкы чалгындоо кызматы MI6 тарабынан байкоого алынат.
MI6 Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Черчилль
тарабынан негизделген Атайын операциялар башкармалыгынын (SOE) уландысы катары түзүлгөн. Албетте, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда SOE мекемесинде өлкөсүн коргоо үчүн өз жанын сайган мекенчилдер болгон жана
бүгүнкү күндө да MI6 кызматында мекени үчүн кызмат кылган
патриоттор бар. Бирок бул жагдай эки уюмдун тең Британия терең мамлекетинин
долбоору экендигин жана негизинен Британия терең мамлекетине баш ийээрин
өзгөртпөйт. Анткен менен, бул жердеги айыптоолор мындай ак ниеттүү мекенчилдерге
тиешелүү эмес.
![]() |
| Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Черчилль тарабынан негизделген Атайын операциялар башкармалыгы (SOE) |
MI6 мекемесинин алгачкы пайда болуу процесси
Осмон империясынын учуруна туш келет. Дүйнөнүн алгачкы чалгындоо уюму катары
белгилүү болгон MI6 уюму, Россия менен Британиянын
ортосундагы Ревель сүйлөшүүлөрүнөн соң, Осмон империясындагы окуялардан толук
кабардар болуу максатында түзүлгөн. Башкача айтканда, пайда болгондон баштап
эле эң негизги көздөгөнү түрктөр жана түрктөрдүн жерлери болгон. Британия
тарыхчысы Кит Джеффери (Keith
Jeffery) 800 беттик «The History of the Secret Intelligence Service
1909-1949» (Жашыруун чалгындоо кызматынын тарыхы, 1909-1949) аттуу китебинде MI6 уюмунун Осмон империясындагы окуялардан кабардар болуу максатында
курулганын жана бул периоддо MI6 тыңчыларынын Осмон
империясынын башкаруу органдарын аңдыганын апачык жазган.
![]() |
| MI5 имараты |
![]() |
| Кит Джеффери |
Анкара
университетинен Бүлент Гөкай «Spying in the Ottoman Empire» (Осмон империясында тыңчылык) аттуу макаласында алгачкы британиялык
тыңчылардын 1878-жылы Абдүлхамид падышанын доорунда Осмон империясында
иш-аракетин баштаганын белгилеген. Ошондуктан MI6 курулаардан мурда эле, Британия терең мамлекети Осмон империясынын
аймагында тыңчылык иш-аракеттерин баштаган. Бул жөнүндө тереңирээк маалыматты
китептин 1-томунан алууга болот.
Согуш тарыхы
боюнча адистердин бири Джон Феррис MI6 кызматы аркылуу Осмон
империясынын жетекчилеринин катуу аңдууга алынып, жасаган кадамдарынын алдын
ала белгилүү болгонун айткан жана «Британия
жеңүүчүсү белгилүү шахмат оюнун ойногон» деген.314
![]() |
| Түркия Республикасы жаңы курулган кезде Британиядан Түркияга жиберилген эки тыңчы Гарольд Гибсон (солдо) жана Уилфред Дандердейл (оңдо). |
Феррис «The British Army and Signals Intelligence During
the First World War» (Биринчи дүйнөлүк согушта Британиянын армиясы
жана сигнал чалгындоо) аттуу эмгегинде араб, армян жана грек көтөрүлүштөрүнүн MI6 тыңчыларынын көзөмөлүнүн астында келип чыккандыгын апачык жазган. MI6 тыңчыларынын Энвер жана Талат пашалар баш болгон, көптөгөн Осмон империясынын
офицерлери жана мамлекеттик кызматкерлери менен тыгыз мамиледе болгонун жана MI6 уюмунун бул мамлекеттик кызматкерлерди да колдонгонун белгилеген.
Британиялык
тарыхчы Кит Джефферинин ою боюнча, Британия бир эле Осмон империясында эмес,
жаңы курулган Түркия Республикасында да чалгындоо иш-аракеттерин эрте баштаган.
MI6 ушул себептен эң негизги тыңчыларын Түркияга
жиберген. Өзгөчө Стамбулга келген тыңчылар кийинчерээк эң жогорку кызматтарга
көтөрүлгөн. Ошол жылдары Түркияга жиберилген Гарольд Гибсон жана Уилфред Дандердейл
аттуу эки тыңчыга атайын милдеттер жүктөлгөн.315
Британиянын чалгындоо кызматынын милдеттери
Мурдакы MI5 уюмунун тыңчысы Энни Махон «Британиянын чалгындоо кызматтарынын максаты
мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо» деп белгилеген. Махон аныктамасы так
белгисиз болгон «улуттук коопсуздук» түшүнүгүн да өтө ийкемдүү бир түшүнүк деп
атаган. Махондун ою боюнча, бул максаттагы иш-аракеттер кээ бир мыйзамсыз
иштерди камтышы мүмкүн же мыйзамсыз иштерди жабуу максатында колдонулушу мүмкүн.
Махон MI6 мекемесинин чет өлкөдөгү иш-аракеттерин көбүнчө элчиликтер аркылуу
жүргүзөөрүн белгилеп, анын ою боюнча, Британия чалгындоо кызматынын көңүл
борборунда Түркиянын тураарын айткан. Махондун айтуусу боюнча, Түркияда ушул
себептен Британиянын чалгындоо иштери абдан күчтүү. Махон Британиянын
санариптик чалгындоо кызматынын (GCHQ) Кипрде Жер ортолук
деңиздин чыгыш тарабындагы бардык байланыштарды тыңшоо жана анализдөө үчүн өтө
чоң бир тыңшоо станциясын кургандыгын айткан. Британиянын санариптик чалгындоо
кызматынын негизги милдети саясатчы, журналист, адвокат ж.б. бүт баарын
тыңшоо. Махондун ою боюнча, алар үчүн
аймакта тыңшоого алынбаган эч ким жок.
![]() |
| Мурдакы MI5 тыңчысы Энни Махон |
Махон
Британиянын чалгындоо кызматынын, мисалы Түркиядан бир тыңчы же кошоматчы табуу
керек болгондо, кандай стратегия колдоноорун төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Потенциалдуу
бир тыңчыга жакындоодо үч жолду колдонушат. Биринчиси, акча жана идеология,
экинчиси болсо компромисс жана эго. Акча, идеология жана эго жумшак күчтөр.
Сени менен иштешүүнү каалашса, сага көбүрөөк кызматташтык сунушташат. Ал кишини
колуна бир сумка акча карматып, эс алууга жибересиң. Экинчи бир жол болсо –
идеология. Сени менен иштешүүнү каалашса, ал дагы пайдалуу бир ишмердүүлүк
болот. Албетте, мындан тышкары, эго да бар.316
Махон Британия
терең мамлекетинин карамагындагы чалгындоо мекемелеринин абройлуу массалык
маалымат каражаттарын да өзүнө баш ийдирип алганын апачык айткан:
Мисалы,
редакторлордун арасында да тыңчылардын иерархиясы бар. Эмне кошулат, эмне
кошулбайт, ошолорду аныкташат. Кээ бирлери кабарчы. Саясатчылар менен
журналисттердин ортосунда да кызматташтык болот. Мисалы, журналисттер
атактуулардын телефондорун чукулап, алардын маалыматтарын алышат. Кийин
саясатчылар мыйзам бузууларды жаап-жашырып коюшат. Албетте, Британия чалгындоо
кызматынын (MI6) да компьютердик операциялары бар.317
MI5 уюмунун мурдакы тыңчысы Энни Махон
абройлуу массалык маалымат каражаттарынын түздөн-түз Британия терең
мамлекетинин көзөмөлүндө экендигин жана мунун дүйнөлүк саясатка түздөн-түз
таасир тийгизээрин айткан. Бул багытта эң чоң талкуу жараткан ысым – өзгөчө
Британия жана АКШда эң чоң медиа күчүн кармаган Руперт Мердок. Махон бул
жөнүндө мындай деген:
Мердок
Британияда көп жылдар бою «Kingmaker» (Хан жасоочу) деген ылакап ат менен
таанылган. Ал жана анын гезити колдогон премьер-министр талапкери көбүнчө
шайлоодо жеңишке жетет. ... 1997-жылкы шайлоодо чоң айырма менен жеңишке
жетүүдөн мурда, Тони Блэрдин Мердок тарабынан дүйнөнүн аркы бурчуна
чакырылганын билебиз. Менимче, бул премьер-министрликти каалап-каалабашы
чечилген бир жолугушуу болгон. Жолугушуудан соң Мердок менен анын гезити Тони
Блэрди колдоду жана ал шайлоодо жеңишке жетти. Бул Дэвид Кэмеронго да тиешелүү.
Кыскасы, бардык саясатчылар Мердокко жагынууга аракет кылышат. ... Мердок
«секиргиле» дей турган болсо, саясатчылар «канчалык бийиктиктен» деп сурашат.
Абройлуу
массалык маалымат каражаттарынын жогорку деңгээлдеги жетекчилеринин түздөн-түз
Британия терең мамлекетине баш ийээри, албетте, сыр эмес. Мердок алардын
арасында эң көп аты чыккан киши катары белгилүү.
Махон өзгөчө
Британия чалгындоо кызматынын булак катары көбүнчө журналисттерди колдоноорун
жана бир катар журналисттердин жеке чалгындоо фирмаларына маалымат берип,
кошумча киреше табаарын белгилеген. Алар Stratfor, Diligence, Crawl, Blackwater сыяктуу жеке чалгындоо булактары, жана көбүнчө MI6 же ЦРУ (CIA) тарабынан түз жасаганга болбой турган
иштерди аткарышат.318
«MI6: Fifty Years of Special Operations» (MI6: Атайын
операциялардын элүү жылы) китебинин автору Стивен Доррилдин ойлору камтылган «Playing Dirty - MI6 Documentary» (Ыпылас ойноо - MI6) аттуу даректүү
тасмада MI6 (МИ-6) операциялары жана анда колдонулган
кызматчы (аткаруучу) фирмалар жөнүндө мындай деп айтылат:
![]() |
| Махондун айтуусу боюнча, Руперд Мердоктун "хан жасоочу" деген ылакап аты бар. Премьер-министрликке көбүнчө анын гезиттери колдогон кишилер келет. |
MI6 дүйнөдөгү саясий абалды өзгөртүү үчүн «black ops» (кара операцияларды) жүргүзүүдө. (Стивен
Доррил): «Ага өкмөттөрдү кулатуу, психологиялык операциялар, каралоочу
үгүттөрдү жүргүзүү сыяктуу иштер кирет.» Мындай операциялардын чалгындоо
борборлору менен байланышын жаап-жашыруу үчүн көбүнчө кызматчылар
(аткаруучулар) колдонулат.319
Апачык көрүнүп
тургандай, MI6 сыяктуу түздөн-түз Британия ханышасына
баш ийген бир катар негизги чалгындоо уюмдары көбүнчө жумуштарын жеке чалгындоо
мекемелери, ар кайсы өлкөлөрдөн тартылган тыңчы жана кошоматчылар, жана өзгөчө
абройлуу массалык маалымат каражаттарында иштеген бир катар журналисттер
аркылуу бүтүрүшүүдө. Британия терең мамлекети дүйнөгө өкүмдарлык кылуу
максатына жетүүдө чалгындоо иштеринин абдан маанилүү экендигин эң жакшы
билгендиктен, чалгындоо мекемелеринин жана массалык маалымат каражаттарынын
көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алган.
MI6 мекемесинин британиялык жоокерлерге жасаган мыйзамсыз эксперименттери
Британиянын MI6 тышкы чалгындоо кызматынын
1950-жылдардагы жашыруун эксперименттеринде британиялык жоокерлерге кабар
бербей туруп ЛСД бергендиги аныкталган. Жоокерлерге сасык тумоо вирусунан
дарылануу ыкмасы изделип жатат деген шылтоону айтышкан. Ошондуктан жоокерлер
экспериментке катышууну кабыл алышкан. Бирок чындыгында жашыруун ЛСД берилип,
ичиндеги сырларын бул заттын таасири астында мойнуна алып-албашы текшерилген.1
Мындан тышкары,
британиялык кызматкерлердин нервдерге таасир тийгизүүчү газдардын
экспериментинде да өздөрүнүн жоокерлерин колдонгондугу аныкталган. Мындан улам
Британия өкмөтү компенсация төлөгөнгө мажбур болгон. Британиянын аскердик
лабораториясында химиялык жана биологиялык курал-жарактарга байланыштуу
эксперименттерде ондогон жылдар бою миңдеген жаштар колдонулган.2
Бул эксперименттер
кансыз согуш жылдарынын эң курч учурларына туш келет. Ал жылдары Британия терең
мамлекети душмандан керектүү маалыматты оңой гана алууга боло турган, сыйкырдуу
бир затты издеген. Ошондуктан өзүнүн жоокерлерине эксперимент жасап көрүүдөн да
эч тартынган эмес.
![]() |
| MI6 кызматы кансыз согуш жылдарында өзүнүн аскерлерине да мыйзамсыз эксперименттерди жасоодон тартынган эмес. |
1. Rob Evans, "MI6 pays out over secret
LSD mind control tests", The Guardian, 24 Şubat 2006,
https://www.theguardian.com/uk/2006/feb/24/military.past
2.
İngiltere'de kobay asker skandalı, Evrensel, 20 Ağustos 1999,
https://www.evrensel.net/haber/117388/ingiltere-de-kobay-asker-skandali
MI5 тыңчысынын моюнга алуусу: «принцесса Диананы мен өлтүрдүм!»
2017-жылдын июнь
айында өлүм төшөгүндө жаткан, мурдакы MI5 тыңчысы Джон Хопкинс
бир топ нерселерди мойнуна алды. 80 жаштагы пенсионер, MI5 тыңчысы 1973-1999-жылдардын ортосунда 23 адам өмүрүнө кол салуу
уюштурганын жана алардын арасында канбийке (принцесса) Диана да бар экендигин
мойнуна алды.
Хопкинс уюм
тарабынан аткыч (мерген) катары колдонулганын жана көбүнчө өлкөнүн ичинде
Британияга кооптуулук туудурган адамдарды жок кылуу милдетин аткарганын апачык
белгиледи. Хопкинстин айтуусу боюнча, өлтүрүлгөндөрдүн көпчүлүгү саясатчы,
активист, журналист жана бирикмелердин лидерлери болгон.
Хопкинс
өлтүрүлгөндөрдүн арасында аял жана королдуктун үй-бүлө мүчөсү болгону үчүн, леди
Диананын өзгөчө болгондугун жана өлтүрүү буйругунун королдук үй-бүлөсү тарабынан
берилгендигин айткан. Британияда королдук үй-бүлөсүнүн түздөн-түз Британия
терең мамлекетинин басым жана көзөмөлү астында экендигин унутпоо керек. Леди
Диана Британия терең мамлекетинин ыпылас иштери жөнүндө көп нерсе билгени үчүн,
Британия терең мамлекети тарабынан өлтүрүлгөн жана бул милдет Хопкинс сыяктуу
жалданма киши өлтүргүчтөргө берилген.
Хопкинс мындай деп
айткан:
Леди Диана
королдукка байланыштуу көптөгөн сырларды билчү. Ичинде күчтүү бир кекенүү бар
эле жана алардын баарын элге жарыялап салмак. Жетекчим мага ал өлүшү керек деди
жана биз муну кырсык болгондой кылып көрсөттүк. Мурда аял кишини, болгондо да
принцессаны эч өлтүргөн эмес элем. Бирок эрежелерге баш ийдим. Муну Ханыша жана
өлкө үчүн жасадым.
Хопкинс бул
жөнүндө кандайдыр бир иликтөө башталса, эч аягына чыкпай тургандыгын жана өтө
татаал болоорун, анткени MI5 мекемесинин иш-аракеттери жөнүндө жазылуу
документтердин өтө аз экендигин белгилеген.
![]() |
| Леди Диананы өлтүрүү буйругун түздөн-түз Британия терең мамлекети берген. Хопкинстин айтуусу боюнча, буга анын өтө көп сырларды билиши себеп болгон. |
Бул тапшырмадан
эмне үчүн баш тарткан жоксуң же бул интриганы эмне үчүн элге жарыялап салган
жоксуң деп суралганда болсо, «MI5 тыңчылары королдукка моюн сунууга ант ичишет,
королдук үй-бүлөсү менен байланыштуу маселелерде бейтарап боло албайбыз» деп
жооп берген.1 Негизи бул жерде Хопкинс белгилеген, өлүм
төшөгүндө жатса да ачык айта албастан, бир сырсөзүн гана берген жагдай
төмөнкүдөй: мындай адам өлүмүнө кол салуулардын баары Британия терең
мамлекетинин көзөмөлүндө жасалат жана королдук үй-бүлөсү Британия терең
мамлекетинин нускамаларын ишке ашырууга мажбурланган бир системасын лидерлигин аркалайт.
Алдамчы дипломатияны ар дайым чеберчилик менен колдонгон Британия терең
мамлекети бул жерде да алдыңкы планга королдук үй-бүлөсүн чыгарып, бардык
ыпылас иштерди алардын мойнуна жүктөп коюуда жана бардык буйруктар ошолордон
чыккандай көрсөтүүгө аракет кылууда. Ошентип Британия терең мамлекети кайра эле
көшөгөнүн артына жашынып, тымызын иштерин эч кынтыксыз улантууда. Леди Диананын
дүйнө жүзүнүн көз алдында өлтүрүлүшү мунун эң чоң мисалдарынын бири.
1. Baxter Dmitry, "Retired MI5 Agent
Confesses On Deathbed: 'I Killed Princess Diana'", Your News Wire, 19
Haziran 2017, http://yournewswire.com/mi5-agent-killed-princess-diana/
Булактар:
313. Dr. John Coleman, Diplomacy By Deceptio: An
Account Of The Treasonous Conduct By The Governments Of Britain and The United
States, Bridger House Publishers, 1993, s. 198
314. “MI6 Osmanlı’yı izlemek için kurulmuş!”,
Dünya Bülteni, 6 Ekim 2010, http://www.dunyabulteni.net/?a Type=haber&ArticleID=131483
315. “Milli Mücadele’de James Bond”, Habertürk,
4 Kasım 2012,
http://www.haberturk.com/yasam/haber/791020-milli-mucadelede-james-bond
316. “Annie MACHON (İngiliz Ajan)’dan Yaz-Boz’a
Özel Olay Açıklamalar!”, 14 Aralık 2014, http://www.yolcumisali.com/2014/12/annie-machon-ingiliz-ajan-dan-yaz-boza-ozel-olay-aciklamalar.html
317. “Annie MACHON (İngiliz Ajan)’dan İngiliz
İstihbaratı ve Sosyal Medya”, 14 Aralık 2014,
http://www.yolcumisali.com/2014/12/annie-machon-ingiliz-ajan-dan-ingilz-istihbarati-ve-sosyal-medya.html
318. “Annie MACHON (İngiliz Ajan)’dan Yaz-Boz’a
Özel Olay Açıklamalar!”, 14 Aralık 2014,
http://www.yolcumisali.com/2014/12/annie-machon-ingiliz-ajan-dan-yaz-boza-ozel-olay-aciklamalar.html
319. Playing Dirty – MI6 Documentary, Youtube,









Hiç yorum yok:
Yorum Gönder