23 Ocak 2019 Çarşamba

ДҮЙНӨЛҮК ЧАЛГЫНДОО ЖЕЛЕСИНИН БОРБОРУ: БРИТАНИЯ ТЕРЕҢ МАМЛЕКЕТИ


Көп билинбеген маанилүү бир чындык бар. Дүйнөдөгү аты көп аталган, эң чоң чалгындоо мекемелери негизи Британия терең мамлекети тарабынан түптөлгөн. Бул чалгындоо мекемелеринин келип чыгуу тарыхын изилдегенде, алардын пайдубалын даярдап, түптөгөндөрдүн көбүнчө же MI6 тыңчыларынан, же болбосо Британия терең мамлекетинин ар кайсы мекемелериндеги кызматкерлеринен тургандыгын көрөбүз.
Алардын арасында эң маанилүүсү, албетте, АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы, кыскача айтканда, ЦРУ же CIA.
Британиянын Борбордук банкында 1928-1963-жылдары жетекчилик кызматты аркалаган, Лондон Финансы борборунун мүчөсү сэр Чарльз Джоселин Хамбро ЦРУнун андан мурда курулган бир прототиби болуп саналган жана АКШнын Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы чалгындоо уюму болгон Office of Strategic Services (OSS) мекемесин даярдыктан өткөрүү милдетин аткарган. Согуштан кийин болсо ЦРУнун бардык лидерлерин даярдыктан өткөргөн, Британиянын Атайын операциялар башкармалыгы аттуу чалгындоо борборун жетектеген.320 Ошондуктан ЦРУ, адамдар ойлогондой, АКШ элинин коопсуздугун көздөгөн бир чалгындоо борбору катары эмес, Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндө иштей турган бир чалгындоо мекемеси катары пайда болгон.

Чарльз Джоселин Хамбро (солдо) жана Аллен У. Даллес

Генерал Уильям Донован (солдо) жана Стюарт Мензис (оңдо)

ЦРУнун жетекчиси Аллен У. Даллес тарабынан «ЦРУнун атасы» деп аталган генерал Уильям Донован 1941-жылы MI6 мекемеси менен таанышып чыгуу максатында Британияга барган. Экинчи дүйнөлүк согуштан соң АКШнын президенти Рузвельт ЦРУ мекемесин ачуу буйругун берип, Британиянын MI6 чалгындоо кызматын үлгү алууну талап кылган. Генерал Донованга ЦРУнун түзүлүшүнүн кандай болоорун Черчилль менен MI6 уюмунун ошол кездеги жетекчиси Стюарт Мензис айтып беришкен. Донован кийин «тыңчылык чеберчилигин Мензистен үйрөнгөндүгүн» айткан.321
ЦРУнун алгачкы жетекчиси Аллен Даллес 1921-жылы АКШнын Стамбулдагы элчилигинде иштеген. Ал кезде Стамбул Британиянын оккупациясында болгон. ЦРУга жетекчилик кылган кезде «Аякс» (Ajax) операциясында MI6 менен бирге Ирандын премьер-министри Мосаддыкты кулатып, шахты бийликке алып келген төңкөрүштү уюштурган. Мосаддыкты кулатуунун негизги себеби, Мосаддык бийликке келээр замат британиялыктарга берилген мунайзат менчиктерин улутташтырган. Мосаддык төңкөрүштү билип калып, Британиянын Тегерандагы элчилигин жаап салуу аркылуу төңкөрүш аракетин токтоткон. Ошондо Британия терең мамлекети АКШны колдонууну чечкен.

Иран лидери Мусаддык 1952-жылы "Жылдын инсаны" деп тандалып, 1953-жылы Британия терең мамлекети
уюштурган бир төңкөрүш аркылуу кулатылган.
Джон Коулмандын "300дөр комитети" атту китеби (оңдо)

Аллен Даллестин бир тууганы Джон Даллес Иран төңкөрүшү учурунда тышкы иштер министри болгон. Даллес бир туугандардын британиялыктардын басымы менен төңкөрүштү уюштурганына бардык тарыхчы жана саясатчылар бир добуштан кошулушат.322
Аллен Даллес Кеннеди тарабынан кызматтан алынганына карабастан, Кеннедиге кол салууну иликтеген 7 кишилик комиссияга кирген.
АКШдагы 17 чалгындоо мекемесинин бири АКШнын Улуттук чалгындоо офиси (National Reconnaissance Office - NRO) да Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндөгү эң негизги мекемелердин бири «Committee of 300» (300дөр комитети) аркылуу түптөлгөн. Бул мекеменин бюджети дагы АКШнын Конгрессиндеги Британия терең мамлекетине баш ийген бир канча киши тарабынан көзөмөлгө алынган.
Мурдакы чалгындоо кызматкери, америкалык д-р Джон Коулман Биринчи дүйнөлүк согуштан соң, «Skull and Bones» (Баш сөөгү жана сөөктөр жамааты) мүчөлөрүнүн Американын чалгындоо системасын Британия моделинин негизинде долбоорлоп, өздөрүнө баш ийдирип алганын айткан.323
Сириядагы 1949-жылкы төңкөрүштү ЦРУ (CIA) менен MI6 биргелешип уюштурган. Бул төңкөрүштү жасаган генерал Адиб аш-Шишаклинин террорго мүмкүнчүлүк түзүшүнүн натыйжасында Баас партиясы бийликке келген. MI6 жетекчиси сэр Джеймс Блэк АКШнын Абу-Грейб түрмөсүндө жасаган кыйноолорунан кабардар экендигин моюнга алууга мажбур болгон. Мындан көп өтпөстөн, Ирак менен Афганистанды басып алуу учурунда суракка алуу жана кыйноо иштерине MI6 тыңчыларынын да катышкандыгы аныкталган.324 Булардын баары Американын чалгындоо кызматтарынын MI6 мекемесинен көз-карандылыгын далилдейт.
Адиб аш-Шикакли
Кыйноочу жайларды ачып, системалык түрдө кыйноолорду жасаган мекеме чындыгында MI6тин өзү. Бирок кыйноолордо эч Британиянын аты чыкпастан, бир гана ЦРУнун жана АКШнын аты чыккан. «Black Site» деп аталган эл аралык кыйноо борборлорунда ЦРУ менен MI6 биргелешип сурак жүргүзгөн. Кыйноого алына турган туткундарды ташууда Британиянын төрт аба майданы колдонулган. Ошол кездеги Британиянын коргоо министри лорд Джордж Робертсон НАТОго кирген өлкөлөрдө жашыруун кыйноочу жайларды ачтырткан. Кийинчерээк НАТОнун башкы катчысы болуп дайындалган. Бул кыйноочу жайларда эң көп пайдаланылган «waterboarding» аттуу адамдын оозун нымдуу кездеме менен жаап, муунтуп кыйноо ыкмасы биринчи жолу 1970-жылдары англиялыктар тарабынан ирландиялык улутчулдарга каршы колдонулган.
Иракты басып алуунун себеби катары көрсөтүлгөн массалык кыргындоо куралдары жөнүндөгү жасалма баяндамалардын MI6 менен байланышы бар тыңчылар тарабынан даярдалгандыгы аныкталган. Ал баяндамаларды даярдоодо өзгөчө Британия шериктештигиндеги тыңчылар колдонулган жана ошентип ал документтер эл аралык баяндамалардай көрсөтүлгөн.325

Джордж Робертсон. Ал жашыруун кыйноочу жайлардын НАТО мүчөлөрүндө ачылышына шарт түзгөн.

Афганистан жана Иракта колдонулган "waterboarding" кыйноо ыкмасы. Адамдын тумчугушуна
себеп болгон үрөй учурарлык бир ыкма. Биринчи жолу 1970-жылдары англиялыктар тарабынан
Ирландиянын улутчулдарына карата колдонулган.

Бул жөнүндө Австралиянын чалгындоосуна кызмат кылган, микробиолог Род Бартондун сөздөрү кызыктуу. Бартон андан массалык кыргындоо куралдары жөнүндөгү жасалма баяндамага куралдын бар экендигине жакшыраак ынандыра турган маалыматтарды кошуу талабы коюлгандыгын айткан. Баяндаманы даярдагандардын бири Дэвид Келли болсо баяндамага жасалма документтердин кошулганын BBC каналына айтып берген соң, эки күндөн кийин өлүгү табылган жана анын өзүн-өзү өлтүргөндүгү жарыяланган.326

Дэвид Келли Ирак боюнча документтердин жасалма экендигин айтып берген соң, эки күндөн
кийин өлүгү табылган.

Британиянын санариптик чалгындоо кызматы (GCHQ)


Британияда MI5 менен MI6 мекемелеринен тышкары, дагы бир чалгындоо мекемеси бар. Government Communications Headquarters (Мамлекеттик байланыш борбору) деп аталган бул мекеме өлкөнүн кибер байланыштарынын жана анын пайдубалынын коопсуздугунан жооптуу. GCHQ өзгөчө АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин (NSA) мурдакы система аналитиги Эдвард Сноуден тарабынан 2013-жылы ашкереленген документтердин негизинде дүйнөгө таанылды. Документтер АКШнын чалгындоо кызматынын GCHQ менен кызматташып, дүйнө жүзүндө тыңшоо иш-аракеттерин жүргүзөөрүн ашкереледи. Британиядагы «The Guardian» гезитинин макаласында АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин (NSA) дүйнөнүн интернет алптарынын системаларына «Prism» (призма) аттуу бир программа аркылуу кире алаары, Британиянын GCHQ мекемесинин да 2010-жылдын июнь айынан баштап бул системага кире алаары жана муну колдонуу аркылуу өткөн жылдары чалгындоо кызматтарынын 197 баяндамасынын уурдалгандыгы айтылган.327 Анда айтылышынча, GCHQ «призма» аркылуу адамдар жөнүндөгү маалыматтарды, жеке электрондук почта, сүрөт жана видео сыяктуу материалдарды мыйзамдык тоскоолдуктарга туш болбостон чогулта алууда.
GCHQ сыяктуу чалгындоо мекемелеринде мындай коддорду оңой эле сындыра ала турган суперкомпьютерлер жана дүйнөнүн эң күчтүү математиктери бар. Ошондуктан шифрлөө өзгөчөлүгү бар колдонмолордогу (приложение) билдирүүлөрдү да чечмелей алышууда. Бул мисалдар Британия терең мамлекетинин чалгындоо мекемелерин колдонуу аркылуу адамдардын жеке жашоосу жөнүндө канчалык оңой маалымат топтой алаарын далилдейт.
Жалпысынан GCHQ мекемесинин бул өзгөчөлүгү адамдарда көптөгөн суроолорду пайда кылууда. Кээ бирлер бул чечмелөө системасынын дүйнөдөгү бардык ресурстарга кирүү мүмкүнчүлүгү бар, демек террордук уюмдардын байланыш системаларына да оңой эле кире алат дешүүдө. Ошондуктан мындай системада GCHQ мекемесинин террордук чабуулдарды алдын ала биле албашы эч мүмкүн эмес. Бул Британия терең мамлекети менен террордук топтордун жана теракттардын ортосундагы байланышты да ашкерелеп турат.
GCHQ мекемесин Британия терең мамлекети өзү көзөмөлдөп, өзү коргойт. Ошондуктан бул мекеменин чогулткан маалыматтары биринчи кезекте Британия терең мамлекетинин дүйнө жүзүн өзүнө каратуу иш-аракеттеринде колдонулууда. Дүйнө жүзүн өзүнө баш ийдирүү аракетинде террордук уюмдарды да колдонуп жаткандыгын унутпоо керек. Муну алдыда тереңирээк карайбыз.

GCHQ кызматынын борборунун мурдакы жана азыркы абалы.
Бул мекеменин Жакынкы Чыгыштагы бардык электрондук почталарды, сүйлөшүүлөрдү, интернет
кыймылдарын жашыруун байкоого алаары аныкталган.

Кипрдин GCHQ кызматындагы орду кандай?

Дүйнөлүк саясаттагы Кипрдин мааниси бул аралдын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык орду менен байланыштуу. Британиянын 1878-жылдан 1960-жылга чейин бул аралды карамагынан чыгарбашы, андан бери болсо аскердик базалары аркылуу аралды көзөмөлдөп келиши ушул себептен. Эсиңиздерде болсо, Түркиядагы 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетин басып алуу аракетине айландыруу милдети тапшырылган Британия аскерлери да ушул базаларга жайгашкан. Бул базалар Британияга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө аба чабуулун уюштуруу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары дагы бир мүмкүнчүлүк берет: чалгындоо.
Кипрдеги Акротири жана Декелия аскердик базалары Түштүк Кипрге да, Түндүк Кипрге да карабайт. Толугу менен Британияга тиешелүү аймактар. Аралдын 3%дык бөлүгүн ээлейт. Бирок бул кичинекей аймактын дүйнөлүк масштабдагы окуялардын борборунда экендиги 2013-жылдан кийин белгилүү болду. Британия терең мамлекети бул аскердик базалардан Түркиянын жана бүт Жакынкы Чыгыштын байланыш каражаттарын мыйзамсыз жол менен тыңшап, бул аймактарды аңдып келүүдө.

Көк түстөр менен Британиянын Кипрдеги базалары көрсөтүлгөн.

GCHQ мекемесинин эң негизги үч борборунун бири дагы деле Кипрде жайгашкан. Ал аралдын чыгыш тарабындагы базанын ичинде жайгашкан Айос-Николаос чалгындоо станциясы. Ал станциянын өзгөчөлүгү, ал жерде Түркиянын жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн башкалар менен болгон бардык байланыштары тыңшалып, жаздырылат. Эдвард Сноуден жарыялаган Викиликс (Wikileaks) документтеринде британиялыктарга тиешелүү бул станциянын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн бардык электрондук почталарын, телефондук сүйлөшүүлөрүн, SMS билдирүүлөрүн, социалдык тармактагы баракчаларын, интернет трафигин жана сырсөздөрүн, кыскасы бүт байланыштарын колдонуучуларга билдирбестен, жашыруун түрдө чогултканы бардык майда-бараттарына чейин айтылган.

Британиянын Кипрдеги аскердик базалары.

Эдвард Сноуден
Компьютер адиси, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (CIA) жана Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдакы кызматкери Эдвард Сноуден тарабынан массалык маалымат каражаттарына тапшырылган документтер чалгындоо тарыхында бир бурулуш чекити болду. Ушул маалыматтардын негизинде дүйнө жүзү Кипрдеги Британия базаларынын жабык эшигинин артында эмнелер болуп жатканын биринчи жолу билди. Жогорку деңгээлдеги бир чалгынчы BBC каналына берген маегинде Кипр жөнүндөгү чындыктардын ашкереленишин «Британиянын чалгындоо тарыхынын эң чоң балакети» деп атаган.328
Жер ортолук деңиздин чыгышындагы жана Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн байланышы негизинен Жер ортолук деңиздин астынан өткөн була-оптикалык кабельдер аркылуу камсыз кылынат. Алынган маалыматтар боюнча, GCHQнун Кипрдеги станциясы ушул кабельдерден өткөн бардык маалыматтарды тыңшап, жаздырып алууда. Мындан тышкары, маалыматтар боюнча, спутниктик байланышты да аралдагы атайын антеналарды колдонуп тыңшап келүүдө. Бул тыңшоо иш-аракеттери аркылуу чогултулган эбегейсиз көлөмдөгү маалыматтар атайын компьютердик программалардын жардамы менен анализ кылынып, Британия терең мамлекетине керектүү чалгындоо маалыматтарына айландырылууда.
Ачыкка чыккан документтерден байкалышынча, бул кадимки бир чалгындоо иш-аракети эмес. Анткени GCHQ террор менен күрөшүүнү шылтоолоп, аймактагы президенттерди, башкаруучуларды, ишкерлерди, жөнөкөй жарандарды, кыскасы, элдин баарын тымызын тыңшап, маалыматтарын чогултууда. Аскердик, саясий, административдик, соода-экономикалык жана коомдук бардык маалыматтарды топтоодо.
Британия терең мамлекетинин бул мыйзамсыз тыңшоо жана аңдуу иш-аракеттерин соттук көзөмөлдөрдү эске алып пландаганы көрүнүп турат. Анткени, бул мыйзамсыз иш-аракеттердин борбору болгон Кипрдеги Британия базаларынын укуктук статусу аларды соттук көзөмөлдөн бошотот. «Эгемендүү Британия базалары» деп аталган бул аймактар Европа Биримдигинин карамагына кирбейт; Британиянын чет жердеги аймактарынын бир бөлүгү болуп саналат. Булар Британиянын Коргоо министрлигине караштуу, бирок башкаруу системасы жана мыйзамдары өз алдынча болгон аймактар. Бул станциялар жайгашкан аймактын Британиянын карамагына киришинен жана мындай кылмыштарды тергей турган эл аралык бир механизмдин жоктугунан улам, GCHQ мекемесинин кылмыштары жазасыз калууда.
Аныкталган маалыматтар боюнча, Кипрдеги тыңшоо скандалы негизи жашыруун аты «темпора» (Tempora) деп аталган, бюджети 1,25 миллиард долларды түзгөн, өтө жашыруун программанын бир бөлүгү. Сноуден ашкерелеген документтер боюнча, «темпора» GCHQ тарабынан 2008-жылы иштелип чыккан бир компьютер программасы. Эки негизги максаты бар: «интернетти башкаруу» (Mastering the Internet) жана «глобалдык телекомду колдонуу» (Global Telecoms Exploitation). Башкача айтканда, бардык интернет жана телефон байланыштарын жашыруун тыңшоо.
Британия Кипрдеги базалары аркылуу чогулткан жашыруун маалыматтарды АКШга да берүүдө. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы чалгындоо кызматташтыгы тараптарга бирдей пайда бербейт. Бул система АКШга караганда көбүрөөк Британиянын кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн долбоорлонгон. GCHQ мекемесинин мурдакы жетекчиси Дэвид Оманддын сөздөрү эки өлкөнүн ортосундагы чалгындоо кызматташтыгынын чыныгы жүзүн айгинелеп турат: «бизде мээ, аларда акча бар. Бул мыкты иштеген бир кызматташык.»329
GCHQ мекемесинин бүт нерсени жашыруун тыңшап, жаздырып алышы «террор менен күрөшүү» максатына эч туура келбейт. Бул маалыматтарды Британия терең мамлекетинин же ниети бузук тыңчылардын туура эмес багытта колдонуу ыктымалдыгы өтө жогору. Провокация, пропаганда, чагымчылык, төңкөрүштөр, революциялар, согуштар, киши өлтүрүүлөр, мыйзамсыз жашыруун операциялар мындай ыктымалдыктардын кээ бирлери. Булардын баары өтө чоң коркунучтар, өзгөчө Жакынкы Чыгышта.
Өлкөсүн жана жарандарын террор коркунучунан коргоо, албетте, ар бир өлкөнүн табигый укугу. Мыйзамдуу жолдор менен чалгындоо жана байкоо иштерин жүргүзүү мунун маанилүү бир бөлүгү. Бирок колдонулган ыкмалар демократия принциптерине, адам укуктарына, адамдын эркиндигине, негизги баалуулуктарга жана мыйзамдарга карама-каршы келбеши керек жана, эң негизгиси, жаңжалдарды күчөтүү багытында эмес, тынчтыкты орнотуу жана сактоо багытында колдонулушу шарт. Чалгындоо кара ниеттүү адамдар тарабынан кайгы-муңдарды көбөйтүү үчүн эмес, ак ниеттүү, чынчыл адамдар тарабынан жамандык менен күрөшүү үчүн колдонулган бир күч болушу керек.
Бирок чалгындоо кызматтарынын учурда Британия терең мамлекетинин монополиясында экендигин эске алганда, мунун кооптуу оюндарга колдонулуп кетишинен көп деле күмөн жок.
Британия терең мамлекетинин көшөгөнүн артындагы кызматкерлери тымызын иштерди жүргүзүп жатканда, «бизди эч ким көрбөйт» деп ойлошууда. Бирок бул чоң жаңылыштык. Алардын жанында сөзсүз ааламдардын Өкүмдары Аллах бар:

Аллахтын асмандардагы жана жердегилердин баарын чындыгында билип тураарын көрбөй жатасыңбы? (Өз араларында жашыруун чогулуштарды уюштуруп) Шыбырашып жаткан үч кишинин төртүнчүсү сөзсүз Ал (Аллах); бештин алтынчысы да сөзсүз Ал. Мындан аз же көп болсун, каерде болушпасын, сөзсүз Ал алар менен бирге. Кийин кылгандарын кыямат күнү аларга кабар берет. Күмөнсүз, Аллах баарын билүүчү. (Мүжаделе Сүрөсү, 7)

GCHQ мекемесинин мурдакы жетекчиси Чатем Хауста (жогоруда),
Кипрдеги GCHQ борбору (төмөндө).

Беш көз (Five Eyes)

Британиянын жетекчилигинде Австралия, Канада, Жаңы Зеландия жана АКШ мамлекеттерин камтыган, чалгындоо кызматтарынын биримдиги F.V.E.Y. деп аталат. Бул «Five Eyes» (Беш көз) деген мааниге келет.
Булардын баарынын англис тилдүү, Британияга баш ийген өлкөлөр экендигин эске алганда, Беш көз системасынын чыныгы башчысынын Британия экендигин оңой эле түшүнүүгө болот.
Бул өлкөлөр UKUSA келишиминин негизинде «сигналдык чалгындоодо» бири-бири менен байланышта. Башкача айтканда, электромагниттик толкундарды же сигналдарды кармоо ыкмасы аркылуу башка өлкөлөр жөнүндө алынган маалыматтарды бири-бири менен бөлүшүшөт. (Сигналдык чалгындоо – бул, максатталган өлкөнүн электрондук байланыш системалары тарабынан чыгарылган электромагниттик энергияны алуу, жаздыруу, анализдөө жана чечмелөө аркылуу маалымат чогултуу ыкмасы.)
Бул улуттук байкоо жүргүзүү системасына АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги (NSA), Британиянын санариптик чалгындоо кызматы (GCHQ), Канаданын Байланыш коопсуздугу мекемеси (CSEC), Австралиянын сигнал башкармалыгы (ASD) жана Жаңы Зеландиянын Мамлекеттик байланыш коопсуздугу башкармалыгы (GCSB) кирет.

Беш көз өлкөлөрү.
Беш көз офисинин жаңы курулган кездеги көрүнүштөрү.

Бул чалгындоо мекемелери UKUSA келишимине ылайык, өзгөчө сигналдык чалгындоодон алынган бардык маалыматтарды бири-бири менен бөлүшүшөт. Ошентип бардык материктердеги байланыш трафиги англосаксон тектүү 5 англис тилдүү мамлекет тарабынан аңдууга алынып, маалыматтар бир жерге, б.а. Британия шериктештигин башкарган Британия терең мамлекетинин колуна чогулууда.330 Бул союздагы өлкөлөр бири-бирине каршы тыңчылык кылбоого жана бири-бирине өзгөчө «SIGNIT» деп аталган байланыштык сигнал маалыматтарын берип турууга макулдашышкан. 70 жылдык бул жашыруун биримдик глобалдык инфраструктурасы аркылуу дүйнө жүзүндөгү бардык байланыштарды аңдып, анализ кылууда жана чогулган маалыматтарды сактап коюуда.
Алардын арасында, мисалы, Британиядагы «RAF» (Royal Air Force) дүйнөнүн эң ири электрондук байкоо жүргүзүү борбору катары белгилүү. Ал жерде дүйнөдөгү бардык байланыштарга кийлигишилип, Британия менен АКШга маалыматтар топтолууда. NSA жана RAF мекемелеринин бул системага киришинин өзү эле «Беш көздүн» чалгындоо мүмкүнчүлүгүнүн канчалык эбегейсиз экендигин даана айгинелеп турат.
2013-жылы мурда CIA (ЦРУ) жана NSA мекемелеринде иштеген, компьютер адиси Эдвард Сноуден тарабынан «Беш көз» өлкөлөрүнүн ортосундагы тымызын байланыштардын жана алар тарабынан жүргүзүлгөн глобалдык чалгындоо операцияларынын далилдери ашкереленди. The Guardian, Washington Post, Der Spiegel, New York Times гезиттерине жарыяланган документтер «Беш көздүн» мыйзамсыз аңдуу жана маалымат чогултуу операцияларын ачып көрсөттү. Эдвард Сноуден «Беш көздү» «өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарына баш ийбеген, өлкөлөрдөн жогору турган чалгындоо уюму» деп сүрөттөгөн. Чалгындоо кызматтарынын кээ бир адистери Сноудендин «Беш көз» жөнүндө ашкерелеген бул маалыматтарын алар тоготуп да коюшпайт жана тарыхтагы бул эң ири «тыңчылык биримдиги» ишин мурдакыдай уланта берет дешүүдө. Чындап эле болуп жаткан окуялар жүзү ачылганына карабастан, жашыруун биримдиктин мурдакыдай эле ишин улантып жаткандыгын далилдөөдө.331

Беш көз өлкөлөрүнүн Улуттук коопсуздук өкүлдөрү Калифорнияда чогулуш учурунда.

Беш көз чалгындоо желесинин Британиядагы бир офиси.

Далилдерге таянсак, Британиянын чалгындоо кызматы NSA менен кызматташып, G20 саммитиндеги дипломаттарды, Германия, Бразилия жана Мексика сыяктуу 35 өлкөнүн президенттерин, саясатчыларды, БУУнун кабинеттерин, элчиликтерди жана медиа уюмдарын тыңшоого алган. Мындан тышкары, Ирак согушунун алдында Кофи Аннандын кабинетинин чымын-чиркей аркылуу тыңшалышы да ушул топтун иштеринен.332
Дүйнө жүзүндө Британиянын жана Американын элчиликтеринде, аскердик базаларында, өкүлчүлүктөрүндө NSA жана Британиянын GCHQ мекемесинин спутниктик антенналары, тыңшоо жана аңдуу станциялары жайгашкан. Булар дээрлик бардык өлкөлөрдүн коопсуздук камераларына байланыша алышат. Кытайдын жээктерине жакын жерлердеги Британиянын жана АКШнын кемелери аймактагы зымсыз байланыштарды тыңшайт. Мэриленддеги Форт-Мид базасында жайгашкан спутниктик антенналар болсо бүт дүйнөдөгү банктык операцияларды көрүп турат.333
The Guardian гезитиндеги бир кабарда айтылышынча, Британиянын чалгындоо кызматы дүйнө жүзүндөгү байланыш маалыматтарын уурдоо үчүн телефондук сүйлөшүүлөрдү, билдирүүлөрдү жана интернет трафигин өткөрүүчү материктердин ортосундагы 200 була-оптикалык кабельге жашыруун туташып, жеке адамдарга тиешелүү бардык маалыматтарды топтогон. Британиянын жашыруун чалгындоо агенттиги GCHQ бир учурда булардын 46сынан маалымат топтой алат.

Wikileaks документтери Британия тыңчыларынын G20 саммитине катышкан лидерлерди
тыңшап, электрондук почталарын колго киргизгенин көрсөткөн. Бул жөнүндөгү гезит кабарлары.

Бул кабар чыккан кезде «темпора» аттуу жашыруун программа 18 айдан бери колдонулуп жаткан жана ошондо эле чогултулган маалыматтардын (телефондук сүйлөшүүлөр, SMS билдирүүлөр, электрондук почталар, фейсбук ж.б. сыяктуу социалдык тармактардын маалыматтары, интернет колдонуу жана сайттарга кирүү боюнча маалыматтар) көлөмү өтө ири өлчөмгө жеткен. Мисалы, бир күндүн ичинде 600 миллион телефондук сүйлөшүү жаздырылып алынган. Бир күндө чогултулган маалыматтын көлөмү Британиянын улуттук китепканасындагы маалыматтан 192 эсе чоң болгон.
Сноуден бул тыңчылык желесин бир эле АКШга жүктөгөнгө болбойт, негизги рольду Британия ойнойт деп айткан жана Британиянын чалгындоо кызматынын көпкөндүгүн белгилөө үчүн «Британия АКШдан да жаман» деген.334
«Темпора» жана «призма» сыяктуу ашкере кылынган XKeyscore да – «Беш көз» тарабынан маалымат чогултуу, анализдөө, фильтрлөө максатында колдонулган жогорку технологиялуу чалгындоо программаларынын бири. Булар көптөгөн өлкөлөрдүн аскердик жана дипломатиялык мекемелериндеги компьютердик серверлерге жана спутниктерге байланыша алышат. Бир кездерде тыңчылар жөнүндөгү тасмаларда көп айтылган жана кансыз согуш доорунда Советтер Союзу менен Чыгыш блогун аңдуу үчүн «Беш көз» тарабынан иштелип чыккан «ECHELON» булардын эң эски жана жөнөкөй бир версиясы болгон.
Жаңы Зеландиянын электрондук байкоо агенттиги GCSB да башкалардан кем калбайт. Азия-Тынч океан линиясындагы байланыш маалыматтарын NSA мекемесинин XKeyscore программасы аркылуу чогултуп, ири маалымат (big data) пакеттерине айландырып, Британиянын жана АКШнын чалгындоо кызматтарына жиберет. Сноудендеги документтер боюнча, GCSB тарабынан чогултулган бул маалыматтардын коопсуздук менен эч кандай байланышы жок. Тескерисинче, GCSB мекемесинин тыңчылык иш-аракеттери Жаңы Зеландиянын достору, соода өнөктөштөрү жана Тынч океандагы жакын кошуналары сыяктуу көптөгөн өлкөлөргө багытталган.
Апачык көрүнүп тургандай, көбүнчө бардык балээлердин булагы катары көрсөтүлгөн АКШ болгону «Беш көздүн» бир мүчөсү. Бүт көздөрдүн борбордук мээси болсо Британия терең мамлекети. Бул мээ шартка жана планга жараша кээде сахнадан көрүнсө, кээде көшөгөнүн артына жашынат.
«Беш көз» эч бир мыйзам жана чекти тааныбастан, жеке жашоону жана купуялыкты тебелеп, иш-аракетин каалагандай улантууда. Бул уюмдун «террор коркунучу», «коопсуздук маселеси» деген сыяктуу калп шылтоолорду колдонуп, көптөгөн мыйзамсыз операцияларды жүргүзгөндүгү белгилүү.
Британия терең мамлекетинин ушул сыяктуу чалгындоо мекемелерин дүйнө жүзүндө саясий, аскердик жана экономикалык үстөмдүккө ээ болуу максатында колдоноорун унутпаш керек. Британия терең мамлекети ар дайым алсыз жана байкуш элдерди эзе турган эң жогорку колония системасын жана өзүмчүл өкүмдарлыгын орнотуу аракеттерин көрүүдө.

Беш көз желеси тарабынан колдонулган X-KEYSCORE программасы аркылуу
интернеттеги бардык маалыматтарды топтоого болот.

Бүгүнкү күндө дээрлик 70 жашка чыккан «Беш көз» уюму жана аны түптөгөн келишимдер жөнүндө маалыматтар өтө аз. Бул уюмдун максатын жана келишимдеринин курамын кээде бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү да билбейт. Мисалы, Австралиянын премьер-министри 1973-жылга чейин мындай мекеменин бар экенин да билген эмес. 1999-жылга чейин эч бир өкмөт бул мекеменин бар экенин расмий түрдө кабыл алган эмес.335
Британиянын чалгындоо мекемесинин тажрыйбалуу мүчөлөрүнүн бири «Беш көздөгү» Британиянын чалгындоо кызматынын таасирин төмөнкүчө белгилеген:
GCHQ мекемесине кирүү уруксатын алганыңызда бул сизге NSA мекемесине кирүү уруксатын да берет. NSA мекемесине эч тоскоолдуксуз кирип, ал жерде GCHQ кызматкерлеринин жетекчилик кызматтарда отурганын көрө аласыз. NSA кандайдыр бир чалгындоо маалыматын алаар замат, көбүнчө GCHQ мекемесинин ойун сурайт. Албетте, жылдардын аралыгында өйдө-төмөндөр болду. Бирок көбүнчө NSA менен GHCQ өтө жакын союздаштар. Бири-бирине ишенишет.336
Британиянын мурдакы бир тыңчысы бул уюмдун ичинде өлкөлөрдүн союзунун абдан күчтүү экендигин мындайча белгилеген:
Өзгөчө SIGINT (сигналдык чалгындоо) багытында эки өлкөнүн кызматташтыгы ушунчалык күчтүү болгондуктан, кимдин эмнени кылганын билүү абдан кыйын.337
«Беш көздөн» тышкары, Дания, Франция, Голландия жана Норвегиянын кошулушунан түзүлгөн «Тогуз көз» (Nine Eyes); буларга Германия, Бельгия, Италия, Испания жана Швециянын кошулушу менен «14 көз» (14 Eyes); булардын баарына Афганистандагы союздаштардын коалициясынын кошулушу менен «41 көз» (41 Eyes); Европанын алдыңкы 17 өлкөсүн камтыган Берн клубу (Club of Berne); Берн клубуна АКШнын кошулушунан келип чыккан Террор менен күрөшүү тобу (The Counterterrorist Group) жана НАТО мүчөлөрүнүн коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилеринен турган НАТОнун Атайын комитети (NATO Special Committee) сыяктуу биримдиктер да бар.

Британиядагы Королдук аба күчтөрү көптөгөн спутниктерден турган бир станция.

Бельгияда GCHQ мекемесине каршы бир афиша: "GCHQ! Менин маалыматтарымды өчүр!
Европа Союзу! Британияны сотко бер!"

Бул биримдиктердин баары кандайдыр бир жол менен Британия терең мамлекетинин максаттарына салым кошуучу саясаттарды жүргүзүшөт. Анткени, башкаруу системалары Британия терең мамлекетинин колунда.
«Беш көздүн» калыптанышы да Уинстон Черчилльдин дооруна туура келет. Бул биримдик Британия терең мамлекетинин мүчөсү Уинстон Черчилль менен Британия терең мамлекетинин колдоосун алган АКШнын президенти Франклин Рузвельт тарабынан иштелип чыккан. Британия терең мамлекетинин эл аралык аренада жолун ачкан Атлантика хартиясы (декларациясы) бул биримдикке да пайдубал түзгөн. Бул биримдиктин Британия терең мамлекетинин эки негизги мүчөсү тарабынан иштелип чыгышы бул чалгындоо желесинин эмне максатта түзүлгөнүн түшүнүүгө жардам берет. Биз ойлогондой эле, бул чалгындоо желесинин борбору Британия. Рузвельт доорунда АКШнын кантип Британия терең мамлекетинин пешкасына айландыруу аракеттери көрүлгөнүн эске алганда, бул идеянын Британия терең мамлекетинен келип чыкканын оңой эле түшүнүүгө болот.

Булактар:

320.     Doç. Dr. Sait Yılmaz, Küresel Sermaye ve Türkiye, s. 3; http://www.academia.edu/7647531/K%C3%BCresel_ Sermaye_ve_T%C3%BCrkiye
321.     Peter Cross, “William ‘Wild Bill’ Donovan: America’s Spymaster in WWII”, Warfare History Network, 11 Nisan 2017, http://warfarehistorynetwork.com/daily/ wwii/william-wild-bill-donovan-americas-spymaster-in-wwii/
322.     Mehmet Ali Çavuş, “Kontrollü darbenin alası”, Yenigün, 22 Temmuz 2017, http://www.gazeteyenigun.com. tr/yazarlar/mehmet-ali-cavus/kontrollu-darbenin-l-si/34621/
323.     John Coleman, 300’ler Komitesi, çev. Mert Akcanbaş, İstanbul: Destek Yayınları, 2014, s. 147
324.     Tim Ross, Andrew Gilligan ve Robert Mendick, “CIA torture: Tony Blair and Jack Straw ‘must account for what they knew'”, The Telegraph, 13 Aralık 2014, http://www.telegraph.co.uk/news/uknews/defence/ 11292428/CIA-torture-Tony-Blair-and-Jack-Straw-must-account-for-what-they-knew.html
325.     Rod McGuirk, “Scientist claims WMD ‘censors'”, News24, 14 Şubat 2005, http://www.news24.com/ World/News/Scientist-claims-WMD-censors-200 50214
326.     McGuirk, a.g.m.
327.     Nick Hopkins, “UK gathering secret intelligence via covert NSA operation”, The Guardian, 7 Haziran 2013, https://www.theguardian.com/technology/2013/jun/07/uk-gathering-secret-intelligence-nsa-prism
328.     Snowden leaks ‘worst ever loss to British intelligence’, BBC, 11 Ekim 2013, http://www.bbc.com/news/uk-244 86649
329.     “UK intelligence work defends freedom, say spy chiefs”, BBC, 7 Kasım 2013, http://www.bbc.com/news/uk-politics-24847399
330.     Husna Haq, “Dünyanın beş yasak bölgesi”, BBC, http://www.bbc.com/turkce/haberler/2016/04/1604 14_vert_tra_en_gizli_yerler
331.     Ewen MacAskill, Julian Borger, Nick Hopkins, Nick Davies ve James Ball, “GCHQ taps fibre-optic cables for secret access to world’s communications”, The Guardian, 21 Haziran 2013, https://www.theguardian.com /uk/2013/jun/21/gchq-cables-secret-world-communications-nsa
332.     “UK ‘spied on UN’s Kofi Annan'”, 26 Şubat 2004, BBC, http://news.bbc.co.uk/2/hi/uk_news/politics/3488 548.stm
333.     Scott Shane, “No Morsel Too Minuscule for All-Consuming N.S.A.”, New York Times, 2 Kasım 2013, http:// www.nytimes.com/2013/11/03/world/no-morsel-too-minuscule-for-all-consuming-nsa.html
334.     Ewen MacAskill, Julian Borger, Nick Hopkins, Nick Davies ve James Ball, “GCHQ taps fibre-optic cables for secret access to world’s communications”, The Guardian, 21 Haziran 2013, https://www.theguardian.com /uk/2013/jun/21/gchq-cables-secret-world-communications-nsa
335.     What is Five Eyes?, Privacy International, https://www. privacyinternational.org/node/51
336.     A.g.m.
337.     A.g.m.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...