Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы
Бул дүйнө
жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө
турган бир сыноо мекени кылып жараткан. Бул сыноонун талабына ылайык, бул
дүйнөдө тарых бою дажжалдын (тажаалдын) да, жиберилген пайгамбарлардын да тарапташтары
болгон. Бул күрөш тынымсыз уланып келген, бирок биз жашап жаткан доордо
мурдакыдан да күчөдү. Анткени, биз бул дүйнөдөгү жашоонун бүтөөрүнө аз калган
акыр заман доорунда жашап жатабыз.
Дажжал менен
анын тарапташтары бир топ жылдан бери бул доорго даярдык көрүшүп, Аз. Мехди
(ас)дын (Махдинин) чыгышына жолтоо болобуз деп ойлошкон. Бирок Аз. Мехди
(ас)дын чыгышын эч ким токтото албайт. Дажжалдын Аз. Мехди (ас) чыга турган
Түркия өлкөсүн бөлүп-жаруу саясатынын эч ийгиликке жете албашы мунун эң негизги
далилдеринин бири.
«Жогорку акыл Британия терең мамлекетинин чыныгы
жүзү» аттуу китептин
1-томунда Британияда «терең мамлекет» (мамлекетти жана мамлекет башчыларын
башкарган жашыруун топ) катары пайда болгон дажжалдык системанын түрктөргө жана
Түркия жергесине ойногон оюндары каралган жана канчалаган оюндарга мусулман
түрктөрдүн канчалык эрктүүлүк менен туруштук бергени көз алдыга тартууланган.
Китептин 1-томунда Британия терең мамлекетинин алгач пайда болгондон Биринчи
дүйнөлүк согуштун аягына чейинки доордо кандай тымызын саясат жүргүзгөнү жана
дүйнө жүзүндө согуштар, колониалдык империялар, финансылык үстөмдүк жана
интригалар аркылуу кандай таш боордуктарды жасаганы каралган.
Колуңуздагы бул
2-томдо болсо Экинчи дүйнөлүк согуштан бүгүнкү күнгө чейин Британия терең
мамлекетинин интригаларды жана тымызын иш-аракеттерди кантип көбөйткөнүн жана
ар кандай уюмдар, банктар, аналитикалык борборлор, тыңчылар (агенттер), саясий
пешкалар жана дагы көптөгөн терең уюшкан топтор аркылуу дүйнө жүзүнө кантип
үстөмдүк кылганын карайбыз. Бул китепте Британия терең мамлекетинин төңкөрүштөрдү,
түстүү революцияларды, көтөрүлүштөрдү жана жарандык согуштарды уюштуруу аркылуу
мамлекеттерди кантип бөлөөрү жана дүйнөнү кантип оңой башкарыла турган туруксуз
согуш аянтына айландырууга аракет кылаары баяндалат.
Бул тымызын
терең күч «дажжал комитети» катары уюшулган жана дүйнөлүк масштабдагы дээрлик
бүт маселелерге кийлигишет. Коомдук жашоодон билим берүү системасына, саясаттан
искусствого чейин көптөгөн тармактарга таасир тийгизүүчү желеси бар. Жаштар
Британия терең мамлекети түзгөн билим берүү системасынын негизинде билим алып,
Британия терең мамлекетинин бузуку саясатынын бир бөлүгүнө айланышууда жана
өзүмчүлдүккө, максатсыздыкка жана таш боордукка тарбияланышууда. Британия терең
мамлекети дүйнө жүзүндө өкмөт, билим берүү, дин жана үй-бүлө саясаттарын
аныктоочу тымызын бир жогорку акыл катары иш-аракет жүргүзүүдө. Ал аныктаган тымызын
саясат кайра эле тымызын ыкмалар аркылуу адамдардын жашоосуна киргизилүүдө.
Дажжалдын эң чоң
тузагы – бул, адамдарды «өзүнүн жок экендигине» ишендирүү. Ошондуктан Британия
терең мамлекети дайыма жабык эшиктердин артына жашынат. Сыртынан караганда көрүнбөгөнү
менен, бүт дажжалдык иш-аракеттердин артында дайыма Британия терең мамлекети
турат. Колуңуздагы китеп тымызын жашырынган ушул дажжал түзүлүшүн ашкерелейт.
Британия терең
мамлекети жөнүндө сөз кылып жатканда бир маанилүү жагдайды көп жолу эсиңиздерге
салабыз. Британия терең мамлекети – мамлекеттин ичинде уюшкан, мафия сыяктуу
бир механизм. Ошондуктан Британия элинин жана Британия өкмөтүнүн бул мафия
системасына тиешеси жок. Ал тургай, Британия терең мамлекетинин тымызын
иш-аракеттеринин Британия элине жана Британия өкмөтүнө да терс таасирлери абдан
чоң. Британиянын эли жакшы эл жана биздин досубуз. Бул жердеги сын-пикирлердин
аларга тиешеси жок. Биздин максат – дүйнөдөгү бүт элдер менен бирге, Британия
элин да бул тымызын уюшкан топтун терс таасирлеринен куткаруу жана алардын да
күчтөнүп өнүгүшүнө шарт түзүү.
Улуу Раббибиз
акыр заман жөнүндө өтө кубанычтуу бир кабар берген: Мехдинин тарапташтары
(тарапкерлери) сөзсүз жеңишке жетет. Жакшылардын биримдиги жеңип, дажжал
комитетинин пландары сөзсүз бүлгүнгө учурайт. Бул китеп аркылуу дажжал
системасына каршы жүргүзүлгөн күрөш – бул жеңиштин биринчи кадамы. Чыныгы жүзү
ашкереленген ар кандай жалганчы кыймыл сөзсүз жок болот.
Улуу Аллах
Куранда мындай деп билдирет:
Айткын: «Чындык
келди, жалган жок болду. Эч күмөнсүз, жалган жок болуучу.» (Исра Сүрөсү, 81)
Жок, Биз чындыкты жалгандын үстүнө таштайбыз, ал
(чындык) анын (жалгандын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен
болот. (Аллах жөнүндө) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү,
18)

Hiç yorum yok:
Yorum Gönder