22 Ocak 2019 Salı

ГАТСТОН ИНСТИТУТУ

Сүрөттө Норвегияда 77 күнөөсүз адамды өлтүргөн Андерс Брейвик жана Утейа аралындагы кыргын
аймактары чагылдырылган.
Брейвиктин мугалими ультра-оңчул блогер Педер Дженсен (Peder Jensen, блог аты Fjordman) Гатстондун
жазуучуларынын бири.



Педер Дженсендин зомбулукка үндөгөн көз-караштарына Ислам душманы Роберт Спенсер да колдоо
көрсөтүүдө. Оң тарапта Гатстон тарабынан жарыяланган, мусулмандарды террорист көрсөткөн сүрөт.
Анда "террористтер кош келдиңер. Курал-жарактарыңарды алып келгиле" деп жазылган.

Гатстон институту өзүнүн интернет баракчасында 2008-жылдын октябрынан бери макалаларды жарыялап келет. Бул фонд 2010-жылдын июнь айынан бери ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө.
Гатстон институту өзүн «абройлуу массалык маалымат каражаттары ийгиликсиз болгон багыттарда эл агартуу иштерин жүргүзүүчү аналитикалык борбор» деп сүрөттөйт. Өзүнүн айтуусу боюнча, бул мыйзамдын үстөмдүгү, адам укуктары, эркин жана күчтүү экономика, өлкөнүн ичинде жана эркин дүйнөдө тынчтыкты камсыз кылуучу армия, энергияда сырттан көз-карандысыздык, жеке эркиндик, эгемендүүлүк жана сөз эркиндиги сыяктуу багыттардагы коркунучтарды элге кабар берүү деген мааниге келет. Гатстон өзүн ушул багыттарда эл агартуу иштерин жүргүзүүгө арнаган бир фонд катары көрсөтүүдө.
Бул жерде айтылган багыттар, албетте, маанилүү жана өзгөчө адам укуктары жана эркиндиктери багытында ар түрдүү фонддордун иш алып барышы жана айтылбагандарды айта турган мекемелердин болушу абдан жакшы көрүнүш. Бирок фонддун жалпы иш-аракеттерин караганыбызда, бул багыттардын атайын элге жагымдуу көрүнүү үчүн тандалганын, иш жүзүндө болсо анын иш-аракеттеринин Британия терең мамлекетинин карамагындагы башка фонддордун иш-аракеттерине окшошоорун көрөбүз.
Гатстондун сайтында көптөгөн кишилердин ой-пикирлери жарыяланат жана алардын көпчүлүгү Исламга каршы экени белгилүү кишилер. Алардын арасында Норвегияда массалык кыргын жасап, 77 күнөөсүз адамды өлтүргөн Андерс Брейвиктин насаатчысы, экстремисттик оңчул блогдун жазуучусу Педер Йенсен (блогдогу аты Fjordman) да бар.401 Бул ысым кийинчерээк тизмеден өчүрүлгөн.
Fjordman тарабынан иштелип чыккан жана «Европага мусулман/араб маданияты коркунуч туудуруп жатат» деген ойду жактаган «Еврабия» аттуу кутум теориясын көбүнчө Исламга каршы көз-караштары менен белгилүү болгон Роберт Спенсер жана Исламды «фашисттик идеологиядан да кооптуу» деп айткан (Ислам динин аруулайбыз), Исламга жана мигранттарга каршы чыккан голландиялык саясатчы Герт Вилдерс колдоого алышат.402 2007-жылы чыгыш таануучу Бернард Льюис «иудейлер Израильге чогулушу керек, анткени мусулмандар Европаны басып алып жатат» деп айткан.403
Иудейлер (еврейлер), албетте, Израильде жашашы керек; ал аймак ыйык жерлер. Тооротто жана Куранда айтылышынча, иудейлердин ыйык жерлерде жашоо укугу бар жана алардын бул аймакта жашашы биз мусулмандарды кубандырат. Бирок иудейлер бул аймакка Льюис айткандай «мусулмандардан качуу» үчүн эмес, ыйык өкүмдү орундатуу үчүн келиши зарыл. Ыйык жерлерге келип, ал жердеги мусулмандар менен ынтымакта жашашы керек. Ислам душмандыгы аркылуу жүргүзүлгөн бул каралоо пропагандасы учурда дүйнөнү карама-каршылыктарга түртүүдө. Иудейлерди көкүтүү үчүн ушундай жүзү кара ыкмалардын колдонулушу Британия терең мамлекетинин кадимки өзгөчөлүктөрүнүн бири.

Гатстондо макалалары көп жарыяланган Бернард Льюистин Жакынкы Чыгышка байланыштуу
пландарын көрсөткөн карта
Дүйнөнүн бардык аймактарына окшоп, Европада да радикалдуу көз-караштагы мусулмандар бар. Алар Исламдын баалуулуктарына туура келбеген, караңгы жашоону «Ислам» деп билишет жана, бир жагынан, Европанын баалуулуктарынан пайдаланып, экинчи жагынан, Европаны жана европалыктарды жек көрүшөт. Бул туура эмес идеологиялык таалимдин кооптуу натыйжасы. Биз да бул түшүнүккө каршы күрөш жүргүзүүдөбүз.
Бирок бул күрөштү аларга душман болуп, аларды жок кылууну пландоо же алардан качып, жаңы, масштабдуу фобияларды пайда кылуу аркылуу жүргүзүүгө болбойт. Мындай ыкмалар радикализмдин булагы болгон кыжырданууну гана күчөтөт. Бул туура эмес идеология Куранга таянып оңдолушу керек жана күрөш ынандыруу, окутуп үйрөтүү жана илимий ыкмаларды колдонуу аркылуу жүргүзүлүшү зарыл.
Бирок муну да унутпаш керек: радикализм түшүнүгүн иштеп чыккан, идеологиялык жактан колдогон жана аны өз максатына жетүүдө пайдаланган ар дайым Британия терең мамлекети болгон. Ошондуктан Британия терең мамлекети эч качан бул балээнин жок болушун каалабайт. Ушул себептен Британия терең мамлекетине кызмат кылган кишилердин тынымсыз провокацияларды чыгарышы жана фобияларды иштеп чыгышы таң калыштуу эмес. Алардын радикализм менен күрөшөбүз деген шылтоо менен пайда болушу да жаңылтпашы керек. Мунун артында өтө чоң бир план бар. Ошондуктан этият болуп, жек көрүү кербенине кошулуп калуудан сак болуу керек жана Британия терең мамлекетин мүмкүн болушунча ашкерелөө зарыл.

Ыйык жерлер үч диндин өкүлдөрү ынтымакта, чогуу жашашы керек болгон өзгөчө бир аймак.
Куран боюнча, иудейлердин (еврейлердин) ыйык жерлерде жашоо укугу бар.
Еврабия түшүнүгүн жана бул түшүнүктөн келип чыккан паникаларды күчөтүү максатында Гатстон институту тарабынан басылып чыккан кээ бир макалалардын темалары төмөнкүдөй: The Islamization of France (Франциянын исламдашуусу), The Islamization of Germany (Германиянын исламдашуусу), The Islamization of Belgium and the Netherlands (Бельгиянын жана Нидерландынын исламдашуусу), Spain: Soon the Muslims Will be Kings of the World (Испания: жакында мусулмандар дүйнөнү башкарат), Britain's Islamic Future (Британиянын исламдык келечеги), UK Islamic Takeover Plot (Британиянын Ислам тарабынан өзүнө каратуу планы), How Islam Conquers Europe (Ислам Европаны кантип басып алууда).404
Гатстон, ошондой эле, Ислам душманы Герт Вилдерстин Голландияда «Марокконун жарандарын азайтуу» чакырыгын жарыялаган. Мындан тышкары, Али Салимдин «Islamic Cannibalism»405 (Исламдык киши жегичтик) жана Соерен Керндин (Soeren Kern) «Child Sex Slavery, Multiculturalism and Islam»406 (Жаш балдардын секс-кулчулугу, көп маданияттуулук жана Ислам) аттуу, түздөн-түз Ислам динин каралаган макалаларын чыгарган.
Кабарчы Хилари Акед бул жөнүндө мындай деп жазган:
2015-жылы январьда Париждеги кол салуулардан болгону бир канча күн өткөн соң, Гатстон Нью-Йорк Таймста толук беттик жарнама чыгаруу үчүн болжол менен 100 миң доллар сарптаган. «Жакшы мусулман АКШнын күчүн колдойт» деген маанини тымызын жол менен жарандарга жеткирүү максатында Гатстондун бул жарнамасында үч мусулмандын экөөсү Америка желегинин жанында турат. Иран, Ирак, Сирия, Нигерия, Египет жана Африкадагы зордук-зомбулуктардан сөз кылган бул жарнама дүйнөдөгү 1,6 миллиарддык мусулмандардан тышкаркы бардык зордук-зомбулуктарды көрмөксөн болгон жана, ошондой эле, бул кагылышууларга таасир тийгизген саясий факторлорду жаап-жашырган. Жарнаманын максаты апачык көрүнүп турат: Гатстон бул зомбулуктарды бир гана себеп менен байланыштырып, баарына Исламды күнөөлөгөн.
«Экстремизмге каршы» бир аракет сыяктуу көрүнгөн бул жарнама бүгүнкү күндөгү антиисламдык расизмдин кантип апачык айтылып жаткандыгынын кадимки бир мисалы болгон. Ал үчүн белгилүү иш-аракеттерди жалпылап, чечкиндүүлүк менен аларды диний идеологияга байланыштыруу жетиштүү болот. Кол койгон 23 өлкөнүн баарынын мусулман өлкөлөр болушу жалпыга багытталган бул айыптоонун негизги маселесин чечпейт. Мында «бардык абийирдүү адамдар» кол коюуга чакырылганы менен, «милдет» сөзү эки жолу мусулмандарга байланыштырылып колдонулгандыктан, башкалардан мурда мусулмандардын зомбулукка каршы экенин далилдеши талап кылынган. Ошондуктан Гатстондун бул жарыясы мусулмандарды айыптоо чакырыгын жасаган, жасалма «мусулман» түшүнүгүнө байланыштуу «Charter of Muslim Understanding» аттуу келишим менен бирдей функцияны аткарган. UKIP партиясынын мүчөсү Джерард Баттен тарабынан дайындалган Израиль тарапкери, консерватор-депутат Роберт Халфон да бул документти «кооптуу» деп тапкан жана аны фашисттик башкаруу учурунда еврейлерди сары жылдыз тагып жүрүүгө милдеттендирген буйрукту көздөй ташталган биринчи кадамга салыштырган.407
Квиллиам фондунун мүчөлөрү Усама Хасан менен Мааджид Наваз да бул декларацияга кол койгондордун арасында болгон.
Албетте, Гатстон сыяктуу фонддордун эң чоң риски – бул, алардын «радикалдуу Ислам менен күрөшүү» шылтоосун жамынып, мусулмандарды жана Исламды коомдук жашоодон алыстатуу саясатын жүргүзүшү. Бул фонддордун бардык иш-аракеттери аягында мусулмандарга белги коюу, айыптоо жана коомдон бөлүү саясатына айланууда. Сыртынан караганда «мусулмандарды радикалдардан бөлүү» максатын көздөгөн иш-аракеттер иш жүзүндө тескериге кетип, бүт мусулмандарды айыптоо иш-чарасына айланууда. Бул фонддор колдогон «мусулмандар» болсо Британия терең мамлекетинин жашоо философиясын, б.а. гомосексуализмди, дарвинизмди жана румиликти жактаган кишилер.
Акед Гатстон сыяктуу фонддордон келип чыккан «коркунучту» төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Брейвикке окшоп жалгыздап теракт жасаган, экстремисттик оңчул террористтерден чыккан коркуу ансыз да белгилүү. Бирок белгилүү абройго жеткен жана жасалма жолдор менен кадыр-баркка ээ болгон Гатстон сыяктуу фонддор бизди андан да көбүрөөк коркутат.408
Гатстондун кирешесинин 2012-жылы 1,1 миллион долларды түзгөндүгү айтылган. 2013-жылдын салык отчетторунда Гатстон жалпы кирешесинин 1 387 104 доллар болгонун билдирген.409 Фонд өзүнүн интернет баракчасында «жеке спонсорлор жана фонддор» тарабынан каржыланаарын белгилеп, көп маалымат бербейт.
Гатстон жана ага окшогон башка мекемелердин киреше булактарына токтолушубуздун себеби, бирдей көз-караштарды жактаган бул фонддор ачык жарыяланбаган бир кол тарабынан каржыланат. Натыйжада Британия терең мамлекети колдогон көз-караштар тездик менен жайылып, керектүү кишилерге жеткирилүүдө.

Булактар:

401.     Jerome Taylor, “Unmasked: the far-right blogger idolised by Breivik”, The Independent, 5 Ağustos 2011,
http://www.independent.co.uk/news/world/europe/unmasked-the-far-right-blogger-idolised-by-breivik-2332696.html
402.     Hilary Aked, “Is Notorious Islamophobic Think Tank Inspiring More Far-Right Terrorism?”, Alternet, 26 Ağustos 2015, http://www.alternet.org/news-amp-politics/notorious-islamophobic-think-tank-inspiring-more-far-right-terrorism
403.     David Machlis, Tovah Lazaroff, “Muslims ‘About to Take Over Europe'”, The Jerusalem Post, 29 Ocak 2007, http://www.jpost.com/International/Muslims-about-to-take-over-Europe
404.     Hilary Aked, “Is Notorious Islamophobic Think Tank Inspiring More Far-Right Terrorism?”, Alternet, 28 Ağustos 2015, http://www.alternet.org/news-amp-politics/notorious-islamophobic-think-tank-inspiring-more-far-right-terrorism
405.     Ali Salim, Islamic Cannibalism, Gatestone Institute, 25 haziran 2013, https://www.gatestoneinstitute.org/3764/islamic-cannibalism
406.     Soeren Kern, “Child Sex Slavery, Multiculturalism and Islam”, Gatestone Institute, 24 Mart 2014, https:// www.gatestoneinstitute.org/4226/uk-child-sex-slavery
407.     Hilary Aked, “One of America’s Most Dangerous Think Tanks Is Spreading Islamophobic Hate Across the Atlantic”, Alternet, 23 Kasım 2015, http://www.alternet.org/investigations/one-americas-most-dangerous-think-tanks-spreading-islamophobic-hate-across-atlantic
408.     A.g.m.
409.     A.g.m.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...