New Horizons
![]() |
| "New Horizons" фондунун логотиби |
Британиялык «New Horizons» фонду да, Квиллиам фондуна окшоп «Исламды
реформалоо» максатында пайда болгон. Жогоруда аталган бардык аналитикалык
борборлор сыяктуу, бул дагы дарвинизмди, гомосексуализмди жана румиликти
жактайт. Конференцияларына Квиллиам фондунун мүчөлөрү тынымсыз катышып, Усама
Хасан эволюция пропагандасын жүргүзөт. Фонддун социалдык тармактагы
баракчасында Усама Хасандын: «Ислам жана
илим жумушчу тобундагы аалымдар адамдын эволюциясы көз-карашынын Исламга туура
келээрине байланыштуу эч кандай маселе жок дешүүдө» деген, эволюция көз
бойомочулугу менен Ислам динин байланыштырууга аракет кылган сөздөрү орун
алган.
«New Horizons» фонду 2016-жылы «British Islam 2016» (Британия Исламы 2016) аттуу бир конференция
уюштурган жана конференцияда гомосексуализмди колдогон баяндамачыларга сөз
берилген. Квиллиам фондунун мүчөсү Усама Хасан конференциядагы баяндамасында
Лут коомун мисал келтирип, «Куранда көп
түрдүүлүк жана тең укуктуулук жөнүндө аяттар бар. Демек ким ЛГБТ мусулмандарды
четке түртө алсын?» деп, Куранда гомосексуализмге жол берилгендей таризде
сүйлөгөн. Чындыгында болсо, Курандагы Лут коому гомосексуал коом болгону үчүн
наалат угуп, эскертүү алган жана аягында кыйроого дуушар болгон.
Фонддун
жетекчиси Дилвар Хусейн да Руми философиясынын жактоочуларынын бири.
RAND Corporation
![]() |
| Рэнд Корпорэйшн логотиби |
Тависток
институту жана Чатем Хаус менен түздөн-түз байланышта экендиги далилденген
америкалык бир фонд. АКШнын саясаттарын бардык деңгээлде башкарып, жөнгө салышы
менен белгилүү.
Рэнд Корпорэйшн
(RAND Corporation) 1980-жылдардын башында Коопсуздук жана
ички башаламандыктар тобун түзгөн. Бул топко үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндөгү
көз-карандысыздык жана демократия күрөштөрүн талдай турган конференцияларды
жана изилдөөлөрдү жүргүзүү милдети жүктөлгөн.
Бул аймактардагы
окуялар кылдат изилденип, жыйынтыгында АКШнын Тышкы иштер министрлигине багыт берүүчү
отчеттор сунушталат. Жалпысынан консервативдүү көз-караштагы бул аналитикалык
борбор да, бул көз-караштагы башка фонддор сыяктуу, Жакынкы Чыгышта согуштун
жана кагылышуулардын болушун каалайт.
ЦРУнун мурдакы Жакынкы
Чыгыш боюнча башкы аналитиги, ЦРУга түздөн-түз баш ийген Улуттук чалгындоо
кеңешинин мурдакы жетекчисинин орун басары жана Түркия боюнча адис Грэм Фуллер,
ЦРУнун Түркиядагы бөлүгүнүн мурдакы башчысы, Картер президент кезде Улуттук
коопсуздук кеңешинин мүчөсү Пол Хенце (Paul Henze), АКШнын
Түркиядагы мурдакы элчиси Джеймс Спейн, АКШнын Вьетнамдагы жана Анкарадагы
мурдакы элчиси Роберт Комер жана Мортон Абрамовитц Рэнд Корпорэйшндин мурдакы
адистеринен.


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder