Жогоруда
каралган аналитикалык борборлордун кээ бир негизги өзгөчөлүктөрү бар. Алардын
кээ бирлери көбүнчө өзүн мусулман атаган, өзгөчө мурда радикалдарга аралашкан
кишилер тарабынан негизделген. Бүт баары өз оюнда «радикализм менен күрөшүү
жана анын ордуна жаңы мусулмандык долбоорун иштеп чыгуу» максаты менен
түзүлгөн.
Бул фонддор алардын
«жаңы мусулман долбоору» деп атаган бир планын ишке ашырууга аракет кылышууда.
Исламды «реформалоо» деген шылтоо менен, Ислам жана илим тарабынан толук четке
кагылган эволюция теориясын, Ислам тарабынан тыюу салынган жана «ыпыластык» деп
аталган гомосексуализмди жана Исламга толугу менен карама-каршы келген
румиликти мусулмандарга кабыл алдыруу аракети жүрүүдө.
Христиан динин
өз каалоолоруна ылайык өзгөртүп, «англиканизм» деген аталыш менен жаңыдан түзүп
чыкканы сыяктуу, Исламды да ошондой ыкмалар менен өзгөртүп, Британия Исламын
түзүп чыгууга аракет кылышууда.
Алар каалаган
мусулмандар болсо Исламдын баалуулуктарынан, Курандын аяттарынан жана ыйман
акыйкаттарынан алыстаган, гомосексуализмди жана дарвинизмди жактаган, Ислам
дини менен эч кандай байланышы жок, бир гана мусулмандарды бузуу милдетин
аткарган кишилер болушу керек.
Гомосексуализмди
жактаган, Жаратуучуга эмес эволюцияга ишенген, адал менен арамды билбеген бир
жашоо философиясын кабыл алган, б.а. ыйманынан толук ажыраган кишилерди
Британия терең мамлекетинин опоңой жутаары жана аларды оңой эле өзүнө кошоматчы,
тыңчы кылып алаары бышык.
![]() |
| Күнүмдүк жашоодогу көп нерселерде гомосексуализм пропагандасы бар. |
Курандын
принциптеринен алыстап, ар түрдүү бузукулукка ачык болуп калган дин модели
негизи Британия терең мамлекетинин атайын бир долбоору. Бул долбоор бир катар
чөйрөлөргө абдан жагымдуу сезилгендиктен, жогоруда аты аталган фонддор
«Британия Исламы» деген бул кызыктай жашоо моделин жайылтуу үчүн, Британия
өкмөтү баш болгон көптөгөн тараптардан каражат алышууда. Бул фонддорго каражат
берген башка ассоциациялар болсо, баары Исламга душмандык кылган топтор.
Бул фонддор
тынчтыкчыл мусулмандар да кошо, бардык мусулмандарды аңдуу, алардын артынан тыңчылык
кылуу сыяктуу иш-аракеттерде негизги рольду ойношууда. Өкмөттөргө берген
сунуштары колдоо таап, анын натыйжасында мусулмандарга абдан чоң кыйынчылыктар
туулууда, ал эми аларга болсо чоң финансылык колдоолорду алып келүүдө.
Мусулмандарды аңдуу саясаты, мындан тышкары, бул фонддорго чоң жеңилдиктерди да
берүүдө.
Бул аналитикалык
борборлор, билип туруп же билбестен, Британия терең мамлекетинин долбоорлорун
ишке ашырышууда. Үч түшүнүк, б.а. дарвинизм, гомосексуализм жана румилик атайын
тандалган түшүнүктөр. Бул түшүнүктөргө өзүн мусулман көрсөткөн кишилердин жана
уюмдардын колдоо көрсөтүшү бул пландын эң негизги бөлүгүн түзөт. Максат Исламды
бурмалап татаалдаштыруу жана мусулмандарды болсо пассивдүү, алсыз, адеп-ахлагы
начарлаган кишилерге айландыруу. Ал тургай, Наваздын айтуусу боюнча,
мусулмандар эч нерсеге кийлигишпей, «бир гана паспортунда мусулман деп
жазылганын» жетиштүү көрүшү керек. Дарвинисттик идеология менен
гомосексуализмдин көбүнчө агрессия жана зордук-зомбулук менен коштолоорун эске
алганда, мунун дагы бир максатынын мусулмандарды зордук-зомбулукка түртүү
экенин байкоого болот. Натыйжада мусулмандардын биригип, бир күчкө айланышы
жана ынтымакташып маселелерди чечиши абдан оор болуп калат. Бул Британия терең
мамлекетинин кылымдардан бери келе жаткан негизги мүдөөсү.
Бул фонддордун
Британиянын жана АКШнын тышкы саясатын башкарышы өтө чоң рисктерди пайда
кылууда. Бул өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери Британия терең мамлекетинин
көз-караштарын колдонгондуктан, ал мекемелердин сунуштары көбүнчө мусулман
өлкөлөрдү аңдуу жана мусулмандарга каршы күч колдонуу саясатына басым жасоодо
жана көбүнчө сөзсүз ишке ашырылууда. Мындан тышкары, сунуштардын арасында мусулман
өлкөлөрдө дарвинизмди жана гомосексуализмди пропагандалоо сунуштары да бар. Бул
багытта көптөгөн мусулман өлкөлөрдө «Британия Исламы» деген аталыштагы
конференциялар өткөрүлдү. Ал өлкөлөрдүн өкмөттөрүндө бул фонддор менен
кызматташкан кишилер бар. Кээде өлкөлөрдүн премьер-министрлери да алар менен
кызматташууга мажбур болууда.
Бул аналитикалык
борборлордун дагы бир өзгөчөлүгү – бул, алардын тыңчы жана кошоматчы табуу
стратегиясы. Өзгөчө мусулман өлкөлөрдөн тандалып алынган көп кишилер бат эле
аналитикалык борборлордун колуна өтүп, байкабастан Британия терең мамлекетинин
жасалма идеологиясынын жоокерлерине айланышууда. Алар өз өлкөсүнө кыянаттык
кылган кишилер. Керек учурда аналитикалык борборлорго жашыруун маалыматтарды
жиберип, ал тургай, кээде өз өлкөсүндө көтөрүлүш, митингдерди чыгаруу милдетин
да аткарышууда.
Мындай кишилер
көбүнчө болор-болбос кызыкчылыктар үчүн бардык баалуулуктарын сатып жибере
турган, начар кишилер. Ансыз да Британия терең мамлекети алардын ошол мүнөзүн
байкап, ошого жараша тандап алган. Британия терең мамлекетинин кызматкерлери
алардын майда-чүйдө кызыкчылыктарга заматта алданаарын жана бир канча мактоо
менен бүт маселенин чечилээрин жакшы билишет. Ошондуктан мындай кишилер өзгөчө
социалдык тармактар аркылуу аныкталып, бир канча «бөлүшүү» жана «жактыруу»
белгилерин басуу менен «абдан маанилүү кишилер экендигине» ынандырылат. Белгилүү
убакыттан соң ал кишинин, терең мамлекеттин кызматкерлери тарабынан жазылган,
макалаларынын гезиттерде жарыяланышы же жогоруда аталган аналитикалык
борборлордун чогулуштарына угуучу катары катышышы да жетиштүү болот. Андан соң,
ал киши Британия терең мамлекетинин куралына айланат.
Тыңчы,
кошоматчыларды табуу стратегиясы аркылуу Британия терең мамлекети өзгөчө
мусулман өлкөлөрдө көптөгөн кызматчыларга ээ болууда. Ал кызматчылар аркылуу
өзгөчө гомосексуализм жана румилик пропагандасы жүргүзүлүүдө.
Бир нерсени
белгилөө керек: албетте, бардык аналитикалык борборлор бирдей эмес. Дүйнөдө
көптөгөн аналитикалык борборлор бар жана алардын көпчүлүгү пайдалуу максаттарга
кызмат кылышууда. Мындан тышкары, жогоруда аты аталган аналитикалык борборлордо
да көз-карашы жакшы, ак ниеттүү кишилер, албетте, бар.
![]() |
| Мультфильмдерден да гомосексуализм пропагандаларын көрүүгө болот. Диснейленддин жети түскө бойолушу да мунун бир мисалы. |
Маселе бир катар
борборлордун Британия терең мамлекетине кызмат кылууга мажбур болушунда. Ал
уюмдар же башынан баштап ошондой мажбурдук менен курулган, же кийинчерээк бул
милдетти аткарууга мажбурланган. Кадимки шарттарда акылы жайында болгон эч бир
мусулман дарвинизмге ишенбейт; эч бир нормалдуу мусулман Куранда ачык, так
далилдер менен тыюу салынган гомосексуализмди жактабайт. Аллахтан корккон эч
бир мусулман «биздин жолубузда арам да, адал да жок» деген бир түшүнүктү кабыл
албайт.
Эгер кандайдыр
бир фонд өзүн мусулман көрсөтүп, бирок Курандан да көбүрөөк гомосексуализм
жөнүндө сөз кылып жатса, анда ыпылас бир оюн ойноп жаткан болот. Эң
өкүнүчтүүсү, жогоруда аты аталган фонддор дал ушул оюндун так ортосуна түшүшкөн.
Мусулмандар
этият болушу керек. «Модерн Ислам» Ислам динин маңызынан алыстатып, учурдагы көз-караштарга,
жашоо формасына же адеп-ахлак түшүнүгүнө ылайыкташтыруу эмес. «Модерн Ислам»
Исламды социализм, коммунизм, материализм, дарвинизм, румилик сыяктуу негизсиз
философиялар менен чечмелөө аракети да эмес. Жана «Модерн Ислам» эч качан
гомосексуализм сыяктуу уятсыз иштерди Исламга кошуу аракети эмес.
![]() |
| Дүйнөдөгү эң белгилүү имараттар жети түскө бойолуп, гомосексуализм пропагандасында курал катары колдонулууда. |
«Модерн Ислам»
негизсиз калптардан жана фанатизмден тазаланган, бир гана Куранга таянган
Исламдын бүт доорлордун аң-сезим деңгээлинен эсе-эсе жогору бир модерндик
түшүнүгүнө ээ экендигин билдирет. Тагыраагы, Исламдын модерндиктен да жогору
экендигин түшүндүрөт. «Модерн Ислам» адамдар Куранды эң туура түшүнүп, эң таза
жана чын ыкластан турмушка ашырган кезде ачыкка чыга турган, эч кемчиликсиз
система. Демократиянын жана эркиндиктин чыныгы борбору.
![]() |
| Бул карталар 1989-жылдан 2017-жылга чейин гомосексуализмдин Европа масштабында канчалык ылдам көбөйгөнүн далилдейт. |
Ошондуктан
«Исламда реформа жүргүзөбүз» деп пайда болгондордун бул сөздөрүнөн да бир
тузакты байкоого болот. Ислам реформага муктаж бир дин эмес. Исламдын өзү
модерн; Ислам тынчтыктын булагы; Ислам – бул, сулуулукта, искусстводо жана
илимде эң жогорку чекке жетүү; Ислам демократиянын жана эркиндиктин сепили;
Ислам – бул, сый-урмат, сүйүү, мээрим жана ынтымак. Бир адам чындап
радикализмди жоюп, Исламга кызмат кылууну кааласа, адамдарды Исламдын маңызына,
б.а. Куранга үндөшү керек. Эгер Куранга чакырбаса, Куран аяттарынан сөз
кылбаса, Исламды кемчиликтүү көрүп, өз оюнда аны сындап жатса (Ислам динин
аруулайбыз), ал тургай, Исламга карама-каршы бардык идеологияларды жана бузукулуктарды
«Исламдын атын жамынып» пропагандалоого аракет кылып жатса, анда Британия терең
мамлекетинин оюнуна кызмат кылып жаткан болот.
Адамдардын
көпчүлүгү бул оюндан кабарсыз. Аналитикалык борборлордун кайсы максатка кызмат
кылып жатканын билишпейт. Ошондуктан биздин максат – аң-сезимдерди ачып,
дүйнөлүк масштабдагы бул оюнга бөгөт коюу. Бир акыйкатты билүү керек: атайылап
Исламга багытталган оюндар сөзсүз ийгиликсиз аяктап, кыйроого дуушар болот.
Британия терең
мамлекети бардык акыйкат диндердин жана чыныгы динчилдердин артындагы
Метафизикалык Күчтү көрүүдөн баш тартууда. Бирок, дажжал комитети бул
кереметтүү акыйкатты көрмөксөн болсо да, чындык баары бир ачыкка чыгат.
Тагыраак айтканда, бир күнү сөзсүз жер жүзүнө Ислам, мусулмандар жана бардык
жакшы адамдар өкүмдар болушат. Мусулмандарды бөлүп-жаруу, аңдуу,
зордук-зомбулуктарга жана бузукулуктарга түртүү саясаттары дүйнөнүн жана
Британия терең мамлекетинин кошоматчыларынын көз алдында талкаланып жок болот.
Дажжал сөзсүз жеңилет жана Аллахтын тарапташтары СӨЗСҮЗ ТҮРДӨ жеңишке жетет.
Ким Аллахты, (Анын)
элчисин жана ыйман келтиргендерди дос (вели) тутса, эч шек жок, жеңишке жете
тургандар – бул, Аллахтын тарапташтары. (Маида Сүрөсү, 56)
Аллах жазып койгон:
«Ант болсун, Мен жеңишке жетем жана элчилерим да.» Чындыгында, Аллах – эң кудуреттүү,
күчтүү жана баарынан жогору. (Мүжаделе Сүрөсү, 21)
![]() |
| Гомосексуализм кыймылдарынын мыйзамдуулугун аныктаган мыйзамдарды көрсөткөн карта. 1- эң мыйзамдуу болгон аймактар; 5- мыйзамсыз деп кабыл алынып, өлүм жазасына тартылган аймактар. |






Hiç yorum yok:
Yorum Gönder