21 Ocak 2019 Pazartesi

5-БӨЛҮМ: 20- ЖАНА 21-КЫЛЫМДЫН ЖАСАЛМА ИДЕОЛОГИЯЛАРЫ ЖАНА АНЫН ИШКЕ АШЫРУУЧУЛАРЫ. ЖАҢЫ ДҮЙНӨЛҮК ИДЕОЛОГИЯЛАР БРИТАНИЯ ТЕРЕҢ МАМЛЕКЕТИНИН ЧЫГАРМАСЫ


Идеология – коомдорду башкаруу үчүн колдонулган, өтө күчтүү бир курал. Туура идеологиялар кыска убакытта дүйнөгө достукту, сүйүүнү жана тынчтыкты алып келе алса, туура эмес идеологиялар коомдорду терроризмге, анархизмге, ал тургай, согуштарга алып барат. Экинчи дүйнөлүк согуштун себеби сыртынан караганда фашисттик идеология болгон. Советтер Союзундагы ачарчылыктарга коммунисттик идеология себеп болгон. Диалектикалык материализм коомдорду согушка түрткөн «кагылышуу» түшүнүгүнүн пайдубалын түзгөн. Диний фанатизм идеологиясы террористтерди пайда кылды. Дарвинисттик идеология коомдорду кулга айлантып, колониалдык системанын пайдубалын түзгөн. Коомдорду азаптарга түрткөн идеологиялар өзүнөн-өзү пайда болгон эмес, бир дажжал комитетинин пландуу жана уюшкан иш-аракеттеринин натыйжасында келип чыккан. Иштелип чыккан идеологиялар дажжал комитетинин кызматкерлери, кошоматчылары, массалык маалымат каражаттары жана фонддору аркылуу системалуу түрдө жайылтылып, пропагандаланган жана коомчулук акырындап алардын таасирине кирген. Андан соң, Британия терең мамлекетинин пландары толугу менен ишке аша баштаган.
Идеологиянын күчүн илгертеден бери колдонуп келген Британия терең мамлекети жакшынын ордуна жаманды, пайдалуунун ордуна пайдасызды, сүйүүнүн ордуна зордук-зомбулукту, үлгүлүү адеп-ахлактын ордуна бузукулуктарды жайылта турган ыкмаларды иштеп чыккан. Идеологияны жайылтуунун эң натыйжалуу жолу – бул, пропаганда. Геноциддерди жасаган лидерлер, коммунизм үчүн теракттарды уюштурган топтор, «биз башкалардан жогорубуз» деп массалык кыргындарды жасаган кишилер пропагандадан келип чыккан.
Бүгүнкү күндө мындай идеологиялардын масштабы андан да чоңойду. Учурда согуш, кылмыш, динсиздик, наркомания сыяктуу адамзаттын табиятына туура келбеген нерселердин баары ар кандай «мода» сөздөр аркылуу жайылтылууда.
Идеологияларды жайылта турган топтор ар дайым белгилүү. Бул милдет Британия терең мамлекетинин карамагындагы ар кандай кызматчы мекемелерге, аналитикалык борборлорго, тыңчыларга, кошоматчыларга жана бир катар маалымат каражаттарына жүктөлгөн. Мисалы, «маданияттардын кагылышуусунда» кооптуу согуш планы сүрөттөлгөн, бирок пропаганда хору аны «келечектин кемчиликсиз планы» катары чагылдырган. Мындай иш-аракеттер дээрлик бүт дүйнө жүзүнүн Британия терең мамлекетинин жаңы идеологияларына ишенишине шарт түзгөн.
Эми Британия терең мамлекети тарабынан иштелип чыккан жана анын карамагындагы уюмдар аркылуу жайылтылган бул идеологияларды бир-бирден карайлы.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...