Британия терең
мамлекетинин идеологияларынын бири – бул, «ачык коом» (open society) түшүнүгү. Ал жөнүндө мындай деп айтылат: ачык
коом түшүнүгү ишке ашканда, эркиндик менен демократияны негиз туткан жана
зордук-зомбулукка карата
толеранттуу, ачык-айкын бир мамлекет келип чыгат. Бирок чыныгы максат
«ачык-айкындуулук» түшүнүгүн колдонуу аркылуу адамдар менен идеологиялык жана
диний топторду аңдуу жана Британия терең мамлекетинин аларды көзөмөлдөөсүнө
шарт түзүү. Ошондой эле, өлкөлөрдүн үстүнөн гегемония орнотуу; «кызгылт-сары
төңкөрүш» (оранжевая революция), «бархат төңкөрүшү» (бархатная революция) деген
сыяктуу ысымдар менен жумшартууга аракет кылынган көтөрүлүштөрдүн жана
революциялардын пайдубалын түзүү; өлкөлөрдүн өзүнүн элин колдонуп, тымызын
төңкөрүштөрдү жасоо ачык коом идеологиясынын негизин түзөт. Бул идеология тынчтыкчыл
жана либералист көрүнүп, стратегиялык өлкөлөргө кирген, андан соң ал өлкөлөрдүн
бүт баарын коогалаңдар, экономикалык кризистер жана туруксуздуктар каптаган.
Мунун эң негизги мисалдарынын бири – кооптуу натыйжалары дагы деле уланып
жаткан Араб жазы.
Түркиядагы Гези паркындагы
окуялар сыяктуу ишке ашырылган же пландоо этабында токтотулган толкундоолордун
артында да ачык коом идеологиясы турат. Буга алдыда далилдери менен токтолобуз.
Ачык коомдун
теоретиктери бул идеологияны иштеп чыгууда да «эркиндик жана демократия» деген
көз бойомой сөздөрдү колдонушкан жана «ачык коом» термини эркиндик менен
демократиянын маанилүү бир шарты катары чагылдырылган. Британия терең
мамлекетинин карамагындагы аналитикалык борборлор «ачык коом» деген аталышта
сансыз чогулуштарды өткөрүп, сансыз отчетторду даярдашкан. Британия терең
мамлекетинин карамагындагы маалымат каражаттары «ачык коом» идеясын болушунча
көкөлөтө макташкан. Британия терең мамлекетинин кошоматчылары дээрлик күн сайын
бул сөздөрдү колдонуп, «прогрессивдүү өлкө болуу үчүн ачык коомдун канчалык
маанилүү экендигин» тынымсыз кайталашкан. Ачык коомдун кандай мааниге келээрин
көп адамдар билбейт, бирок интеллектуалдуу, демократияны жактаган кишилердей
көрүнүү үчүн бул сөздү ооздорунан түшүрүшпөйт.
![]() |
| Британия терең мамлекети баштаган зомбулуктар бактысыз элге ансайын бактысыздык алып келүүдө. |
![]() |
| Ачык коом теоретиктеринин пландары Лондондун көчөлөрүнө да жетүүдө. |
Эркиндик жана демократия,
албетте, абдан маанилүү эки түшүнүк жана бул түшүнүктөр чыныгы мааниде Куран
тарабынан жакталып, Куранда эң идеалдуу сүрөттөлгөн. Ошондуктан бул
түшүнүктөрдү жактап, аларды коргоо биз мусулмандардын ыйык милдети.
Ошондуктан бул
жердеги максат – Британия терең мамлекетинин «эркиндик жана демократия» сыяктуу
эки маанилүү жана керектүү түшүнүктү өзүнүн тымызын максаттарына колдонуп
жатканына көңүл буруу. Британия терең мамлекети анын каалаганын жасабаган
адамдарды бат эле «демократияга каршы», «эркиндикке каршы», «илимге каршы» деп
мөөрлөп коюуда. Натыйжада ал кишилер «караңгы, эски түшүнүктөгү кишилер» деп
аталып, бат эле элден бөлүнүп калышууда. Бул стратегияны түшүнгөн терең
мамлекеттин кызматчылары адамдарга кечиктирбей мөөр басуу жолун тандашууда.
Мындай мөөр басуу ыкмасы бир эле адамдарга эмес, кээ бир өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө
да колдонулууда.
«Ачык коом»
идеясы Австрия тектүү, британиялык философ Карл Раймунд Попперге таандык.
Поппер жаш кезинде марксисттик философияны кабыл алып, Австриянын Социал-демократ
эмгекчи партиясына мүчө болгон. Кээ бир жолдоштору куралдуу кагылышууда каза
болгон соң, марксизмден жүз бурган деп айтылат.410
![]() |
| Ачык коом идеясынын автору Карл Поппер жана анын "Ачык коом жана анын душмандары" аттуу китебинин биринчи басылмасы. |
Поппер 1937-жылы
Жаңы Зеландияга жайгашып, ал жерде дүйнөгө атын чыгарган, «The Open Society and
Its Enemies» (Ачык коом жана анын душмандары) аттуу китебин жазган. 1946-жылы
Британияга көчүп барып, Британия терең мамлекети абдан маани берген Лондон
экономика мектебинде (London
School of Economics) иштеп
баштаган. Лондон университетинде да профессорлук кылган Поппер 1965-жылы ханыша
Елизавета II тарабынан «рыцарь» наамын алып, 1982-жылы кайра эле ханыша
тарабынан Ардак достук медалы менен сыйланган.411
![]() |
| Британия терең мамлекети өзгөчө маани берген Лондон экономика мектеби митингдер эң көп өткөрүлгөн жерлердин бири. Поппер сабак берген окуу жайы анын идеяларын жактаган кишилерди тарбиялап чыгарууда. |
Попперден соң
ачык коом идеологиясынын ишке ашыруучусу катары Джордж Сорос пайда болгон.
Сорос Поппердин кооптуу идеологиясын азыркы заманга ылайыкташтырып, «түстүү
революциялар» деген аталышта дүйнөгө кыйроолорду жана бөлүнүп-жарылууларды алып
келген көтөрүлүштөрдү ойлоп чыгарган. Төмөнкү саптардан бул жөнүндө тереңирээк
маалымат ала аласыз.
Ачык коом идеологиясы жана дарвинизм
![]() |
| Поппердин "Объективдүү илим: эволюциялык подход" аттуу китеби |
Бир кездерде
коммунист болгон Карл Поппер чындыгында «ачык коом» идеясы аркылуу, мамлекеттик
көзөмөл болбогон, үй-бүлө жана адеп-ахлактык баалуулуктар жок кылынган, коммуна
системасына таянган коомдук жашоону, тагыраак айтканда, кайра эле коммунисттик
системаны кыялданган. Эволюция көз-карашын эл арасында жайылтууну жана
ачык-айкындуулукту шылтоолоп коомдун кээ бир бөлүктөрүн көзөмөлгө алып,
коомдорду диний жана руханий бардык баалуулуктардан алыстатууну көздөп,
түпкүрүндө Британия терең мамлекети каалаган коом моделин кыялданган. Бирок
анын модели «коммунизм» сыяктуу кооптуу аттар менен аталбастан, «ачык коом» деп
аталып, заманбап көрүнгөн жана жарнамасында «эркиндик» түшүнүгүн колдонгон,
жасалма идеологиялар аркылуу ишке ашырылат. Бул багытта «эркиндик» деген сөзгө
алданган жаштар колдонулуп, коммунисттик революциялар эми эркиндикти каалаган,
бирок чындыгында алданып калганын билбеген жаштар аркылуу ишке ашырылат.
Ачык коом
идеясынын атасы деп эсептелген Карл Поппер эволюция теориясына ар дайым өтө кызыкканын
жана эволюцияны «чындык катары» кабыл алууга абдан даяр экенин айткан.412 «Дарвиндин эволюция теориясы адамзат
коомдоруна да тиешелүү» деген ойду биринчи жолу айтып чыккан британиялык
антрополог Герберт Спенсердин урматына Оксфорд университетинде «Evolution and The Tree of Knowledge» (Эволюция жана билим дарагы) аттуу бир
сабак берген.
Поппер «илимий
теориялар илимий боло алышы үчүн сөзсүз тастыктоо же четке кагуу мүмкүнчүлүгү
болушу керек» деп айткан.413 Бирок эволюция теориясы
Поппердин бул шартына туура келбейт. Өзү да «дарвинизм
– текшерүү мүмкүнчүлүгү бар илимий бир теория эмес, метафизикалык изилдөө
программасы ... деген жыйынтыкка келдим.»414 деп муну апачык мойнуна алган. Демек,
дарвинизмдин бир дагы илимий далили жок экенин билген. Поппердин дарвинизмди
«nontheist», б.а. Кудайсыз бир теория деп сыпаттап, аны жакташына дарвинизмдин анын
ойлоп тапкан идеологиясына жасалма пайдубал түзүшү себеп болгон.415 (Аллахты аруулайбыз.)
Поппер «ачык
коом» идеясын коммунизм менен фашизмге каршы ойлоп тапкан деген сөздөр чындыкка
дал келбейт. «Ачык коом» модели – коммунизмдин таттуу сөздөр менен, жаңы
пакетке оролуп, сунушталган формасы. Ыкмаларынын коммунизмдин ыкмаларынан,
кыялындагы коомдук жашоонун коммунизмдин кыялындагы коомдук жашоодон эч кандай
айырмасы жок. Коммунисттик идеологиянын жумушчулардын (пролетарлардын)
революциясы же элеттиктердин революциясы аркылуу ишке ашырууну пландаганын
легалдуу көрүнгөн жарандык көтөрүлүштөр аркылуу ишке ашырууну көздөйт. Коммунизм
сыяктуу, тапсыз, эрежесиз коомду түзүүнү каалайт.
Ошондой эле,
ачык коом алгач эволюцияны жактап, андан соң адеп-ахлак, үй-бүлө жана мамлекет
деген түшүнүктөрдү билбеген бир коммуна коомун сүрөттөө аркылуу толугу менен
коммунисттик коомдук жашоону көздөйт. Динсиз жана жыныстык мамиледе эч кандай
чекти билбеген, адеп-ахлактык бардык баалуулуктарды унуткан коом Маркстын
кыялындагы коом болгон. Ачык коомдун теоретиктери да жашыруун түрдө мына
ушундай жашоо формасын сунушташат. Демократия менен эркиндикти жамынып,
өлкөлөрдө көтөрүлүштөрдү чыгаруу жана зордук-зомбулуктарды күчөтүү коммунизмдин
«революция» идеясынын негизги пайдубалын түзөт.
![]() |
| Карл Поппер ачык коом идеясы аркылуу мамлекеттик көзөмөлсүз, үй-бүлө жана адеп-ахлактык баалуулуктар болбогон бир коом моделин кыялданган. |
Ачык коомдун
теоретиктери мындай революцияларды «тынчтыкчыл» деп атаганы менен, иш жүзүндө
такыр башкача болууда. Бир эле революцияларда эмес, көтөрүлүш жана нааразылык
акцияларында да канчалаган мал-мүлктөр талкаланып, ал өлкөгө көп жылдар бою оор
кыйынчылыктарды, жакырчылыкты жана бактысыздыкты алып келүүдө. Ачык коом идеясы
кайсы жерге жетсе, ошол жердин баары дээрлик саздакка айланууда.
Ачык коом идеологиясы жана гомосексуализм
Британия терең
мамлекети 4 кылымдык дүйнөгө өкүмдарлык кылуу аракетинен соң, руханий
байланыштары алсыз болгон коомдорду оңой жута алаарын, руханий байланыштары
күчтүү коомдордон болсо каршылык көрөөрүн түшүнгөн. Ошондуктан көздөлгөн
өлкөлөрдүн руханий баалуулуктарын алсыздатуу анын негизги максатына айланууда.
![]() |
| Британия терең мамлекетинин гомосексуализмди жайылтуу аракеттери көптөн бери уланууда. |
Ушул себептен Британия терең мамлекети коомдордун руханий байланыштарын алсыздата турган жана аларды руханий баалуулуктардан алыстата турган иш-чараларга өзгөчө маани берет. Алардын бири адеп-ахлактык бузулуу жана гомосексуализм.
Кээ бир уюмдар «ачык коом» түшүнүгүн пайдалануу аркылуу гомосексуализмге дүйнөнүн бүт тарабында колдоо көрсөтүп, бул багытта массалык маалымат каражаттарын да колдонууда. Максат – гомосексуализмди өзгөчө диний, адеп-ахлактык жана руханий жактан күчтүү коомдорго кабыл алдырып, аларды бузулууга (дегенерацияга) түртүү.
Гомосексуализм
үч Ибрахимдик дин (иудаизм, христиан жана ислам диндери) тарабынан тең тыюу
салынган, күнөө иш болгондуктан, ага үгүттөөнү руханий баалуулуктарды
алсыздатуунун жана бузулууга түртүүнүн бир жолу катары көрүшүүдө.
Тиешелүү уюмдар
ушул максатта гомосексуализмди колдоо пропагандаларын жүргүзүп, ар кандай
иш-чараларды уюштурууда. Ачык коом идеясын колдогон бир фонддун сайтында бул максатта
көптөгөн макалалар жана кабарлар жарыяланган. Алардын кээ бирлеринин темалары
төмөнкүдөй болгон: «Ирландияда гомосексуалдардын үйлөнүшү», «Кыргызстанда
гомосексуалдарга берилген укуктар», «Чыгыш Африкада гомосексуалдардын
укуктарынын корголушу», «Россияда гомосексуалдардын укуктары үчүн күрөшкө үндөө»,
«Чыгыш Европада гомосексуалдардын укуктарынын жакталышы», «Кенияда
гомосексуалдардын укуктары үчүн күрөш», «Грузияда гомосексуалдар үчүн эр жүрөк
кадам», «Молдовада гомосексуалдардын укуктары», «Бириккен Улуттар Уюмунда
гомосексуалдардын укуктары».416
![]() |
| Ачык коом идеологдорунун гомосексуализмди пропагандалоо үчүн жарыялаган жаңылыктарынан мисалдар. |
Көңүл бурган болсоңуз, бул жерде аты аталгандардын көпчүлүгү мусулмандар басымдуулук кылган өлкөлөр; кээ бирлери болсо Россия сыяктуу мээлөөгө алынган өлкөлөр. Мунун максаты руханий баалуулуктарын бекем сактаган элдерди эң кыска жол менен руханий жактан алсыратып, коркунуч катары көрүлгөн өлкөлөрдө болсо өкмөттөрдү ичинен бузуу.
Мисалы,
уюмдардын бири «Адилеттүүлүктүн T абалы» деп аталган бир
долбоордун максатын өз табиятын бузуп, коомдун бузулушуна бир топ салым кошкон
«транссексуалдарды коомчулукта күчтөндүрүү» деп сүрөттөгөн. Бул долбоордун
алкагында транссексуалдарга юридикалык көмөк көрсөтүлүп, социалдык тармактарда
иш-чаралар уюштурулган.417
«Түркиядагы ЛГБТ
кыймылы» ачык коом идеологдору тарабынан колдоого алынган бир долбоор деп
билдирилген. Бул долбоордун алкагында Британия кеңеши (British Council) аркылуу Түркияга алынып келинген гомосексуал
британиялык актерлор Иэн МакКеллен жана Майкл Кэшман менен болгон маектешүүдө
гомосексуализм пропагандасына өзгөчө басым жасалган. МакКеллен «ЛГБТ активисттери чындап ынтымактуу болсо,
коомду, мекемелерди жана көз-караштарды өзгөртө ала турган бир күчкө ээ болот» деп,
ачык коомдун максатын жарыялаган.418
![]() |
| Британия кеңеши аркылуу Түркияга алынып келинген гомосексуал британиялык актерлор Иэн МакКеллен жана Майкл Кэшман |
Түркиялык журналист Аднан Өксүз ачык коом идеясын жактаган кээ бир уюмдар тарабынан материалдык көмөк көрсөтүлгөн Түркиядагы бейөкмөт уюмдардын тизмесинин аныкталганын белгилеп, бул жөнүндө мындай деп жазган:
Бархат
революциялары жана коогалаңдары чыккан өлкөлөрдүн баарында Соростун аты алдыңкы
планга чыгат. Кара мүртөз пландарды ишке ашырган ушул Джордж Соростун фонду
2015-жылы Түркиядагы бейөкмөт уюмдарга толук 4,3 миллион лира колдоо көрсөткөн.
Анын колдоосу менен 18 миллион лиралык долбоорлор ишке ашырылган.419
Бул кабарда
айтылышынча, ачык коом системасын жайылткан Джордж Сорос колдоо көрсөткөн уюмдардын
арасында Стамбулдагы гомосексуалдардын көмөктөшүү ассоциациясы, Хаос
гомосексуалдык маданий изилдөөлөр жана көмөктөшүү ассоциациясы, Эл аралык
ачык-айкындуулук ассоциациясы жана «Кызгылт жашоо» (Pembe Hayat) гомосексуалдардын көмөктөшүү ассоциациясы сыяктуу уюмдар да бар.
![]() |
| Аднан Өксүздүн маалыматтары боюнча, Соростун Түркияда колдогон мекемелеринин арасында гомосексуал бирикмелер жана фонддор да бар. |
![]() |
| Джордж Сорос маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарында гомосексуалдарды колдогон сөздөрдү айтып, фонддору аркылуу мындай иш-аракеттерге колдоо көрсөтүүдө. |
Британия терең мамлекетинин түпкү максатынын дал ушундай экенин унутпаш керек. Буга чейин да айтылгандай, «эркиндик», «демократия» ураандарын Британия терең мамлекети «жамынчы» катары гана колдонуп келүүдө. Британия терең мамлекети бул ураандардын артына жашынуу аркылуу мамлекеттерди жана элдерди бүлгүнгө түртүүнү чечкен.
Демократия жана
эркиндик баалуулуктары Ислам дининде эң таамай сүрөттөлгөн жана чыныгы Исламды
жактаган ар бир адам чыныгы демократияны жана чыныгы эркиндикти да жактайт.
Мынчалык эркин демократия моделин дүйнө али көрө элек. Адамдар чыныгы Исламдын
бул тарабын толук билбегени үчүн, башка жактан изденишүүдө. Бирок
көңүлдөрүндөгү эркиндикти башка жактан эч качан таба алышпайт.
Джордж Сорос жана финансы желеси
Поппердин «ачык
коом» идеясынын бүгүнкү күндөгү негизги жактоочусу – бул, Джордж Сорос.
Венгрияда төрөлүп, 1947-жылы Британияга көчүп барган Сорос, аты көбүнчө
Британия терең мамлекети менен бирге эскерилген, Лондон экономика мектебинде (London School of Economics) билим алган. Сорос студент кезинде ошол
окуу жайдагы мугалими Поппердин идеясын кабыл алып, дүйнөнүн төрт бурчунда
«ачык коомдорду түзүү» багытында иш-аракеттерди жүргүзүүчү уюмдарды ачкан.420
![]() |
| Джордж Соростун Малайзияда Лондон экономика мектебинде (London School of Economics) сүйлөп жаткан учуру |
![]() |
| Соростун "Quantum" фондунун логотиби |
Соростун
дүйнөлүк финансылык рыноктордо «Quantum Fund NV» аттуу инвестициялык фонд (хедж-фонд) болуп саналган офшордук фирма
аркылуу спекуляция (божомолдорго таянып, алып-сатуу иштерин) жүргүзөөрү
белгилүү. (Хедж-фонд: салым жасоо мүмкүнчүлүгү бир гана сапаттуу (бай)
инвесторлорго берилген супер байлардын инвестициялык фонду.)
Ушул
хедж-фонддун кардарларынын, б.а. инвесторлорунун болжол менен 11-14 миллиард
долларлык капиталын башкараары айтылат. Ал инвесторлордун эң белгилүүлөрүнүн
бири, Соростун айтуусу боюнча, Европанын эң бай кишиси, Британия ханышасы
Елизавета.
Сорос өзү «Quantum» фондуна жетекчилик кылбайт. Ал «Quantum» фондунда Нью-Йорктогу «Soros Fund Management»
компаниясы аркылуу расмий инвестициялык консультант катары эмгектенет.
Ошондуктан, кимдир бирөө Соростун «Quantum» фондундагы
операцияларын ашкерелөөнү кааласа, Сорос «мен болгону инвестициялык
консультантмын» деп кутулуп кете алат.
Бул фонддун
башкаруучулар кеңешинде Американын жарандары жок; кардарларынын арасында да АКШнын
жарандары аз. Ошондуктан АКШнын да бул фондду текшерүү укугу жок. Фонддун
жетекчилери британиялык жана швейцариялык финансисттер. Ошондой эле, Сорос өзү
Американын жараны болгону менен, иш-аракеттеринин көпчүлүгү Британияга
багытталган. Күчтүү байланыштарынын дээрлик бүт баары Лондондо. Соростун сэр
Джеймс Голдсмит жана лорд Ротшильд менен болгон бизнестик карым-катнаштары аны
Британиянын саясатында Тэтчер өкмөтүнүн ички чөйрөсүнө киргизген.
![]() |
| Соростун Британиянын саясатындагы таасирине шарт түзгөн сэр Джеймс Голдсмит (солдо) жана лорд Ротшильд (оңдо) |
Соростун ачык
коому менен Британия терең мамлекетинин эң негизги мекемелеринин бири Чатем
Хаустун идеялары жана иш-аракеттери бири-бирине толук дал келет. Чатем Хаус
менен Ачык коом фонддорунун биргелешип уюштурган иш-чараларында Европада
туруксуздук421,
Афган көтөрүлүшү422,
Түркменистандын ички жана тышкы саясаты423, Европа Союзунун Лиссабон саммитинен
кийинки Африка боюнча тышкы саясаты424, Кения жана Уганда425, Украина426, Британиянын Чыгыш Азиядагы ролу427 деген сыяктуу дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы
саясаттар талкууланат. Чатем Хаустун Марокко жөнүндө уюштурган бир иш-чарасынын
темасы «Мароккодо ишке ашырыла турган ачык коом долбоору үчүн аныкталган саясий
жана социалдык-экономикалык максаттар» деп белгиленген.428
![]() |
| Александр Сорос |
Чатем Хаус менен
Ачык коом фонддору биргелешкен иш-чараларды уюштуруу менен эле чектелишпейт.
Эки уюмдун ортосунда финансылык байланыштар да бар. Мисалы, Чатем Хаус өзүнүн
интернет баракчасында аларга демөөрчүлүк кылган маанилүү кишилердин тизмесине
Ачык коом фонддорунун глобалдык башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Александр
Соросту да киргизген.429 Александр Сорос –
Джордж Соростун уулу. Мындан тышкары, Ачык коом фонддору Чатем Хаус жүргүзгөн
көптөгөн программаларды финансылоодо да колдонулат.430
Көрүнүп
тургандай, Сорос жана ага караштуу «ачык коом» идеясы толугу менен Британия
терең мамлекети тарабынан калыпка салынат. Бул идеяны коомдорго сиңирүү
жолдорун да толугу менен Британия терең мамлекети иштеп чыгат. Ачык коомдун
атынан жасалган иштерди карап көргөнүбүздө, алардын баарынын Британия терең
мамлекетинин көзөмөлүндө ишке ашкандыгын байкайбыз.
Сорос жана жарандык революциялар
Поппердин ачык
коому «саясий бийликти кан төкпөстөн кулатууга боло турган» бир коомдук
модельди жактайт. Башкача айтканда, эң негизги максат – саясат жана саясий
лидерлер. Бул долбоор Британия терең мамлекети тарабынан системалык түрдө
жүргүзүлгөн «өкмөттөрдү кулатуу» планы үчүн иштелип чыккан бир сунуш. Бирок,
өзүн зомбулукка каршы бир киши катары көрсөткөн Поппер жабык коомго айлануу
ыктымалдыгы болгондо, күч колдонууну легалдуу деп эсептеген.431 «Жабык коомго айлануу ыктымалдыгы» болсо өтө
салыштырмалуу түшүнүк. Өкмөткө ар кандай себепти көрсөтүп бул айыпты тагууга
болот жана андан соң ачык коом моделинин мыйзамчылары үчүн ар кандай
зордук-зомбулук легалдуу нерсеге айланат.
Идеялык
пайдубалы Поппер тарабынан түзүлгөн «жарандык революциялар» Сорос баш болгон
Ачык коом теоретиктери тарабынан «түстүү революциялар» деген аталыш менен ишке
ашырылды. Бул ат дагы атайын тандалган. Түстүү революция деп атоо аркылуу бул
иштерди кан төгүлбөгөн, тынчтыкчыл митингдер катары көрсөтүү максат кылынган.
Адамдарга зыянсыз нерседей көрсөтүлгөн бул иш-аракеттер чындыгында өлкөлөргө
кан, бүлгүн жана көз жашын гана алып келүүдө. Британия терең мамлекетинин
тымызын оюнун бул жерден да көрүүгө болот.
![]() |
| Карл Поппер менен Джордж Сорос чогуу тамактанууда. |
Ушул күнгө чейин
ачык коомдун тарапкерлери түрткү болгон коогалаң, митинг жана революциялардын
дээрлик бүт баарында кан төгүүлөр болгон. Араб жазы жана анын олуттуу
натыйжалары, албетте, мунун эң таамай жана эң муңдуу мисалы.
Ачык коомдун
«максаты» да кайра эле коомдорго «эркиндик жана демократия алып келүү».
Британия терең мамлекетинин бул баалуулуктарды пайдаланып, тарых бою кандай
көтөрүлүштөрдү баштаганы, канчалык чоң геноциддерге себеп болгону, кантип
жасалма туруксуздуктарды пайда кылып, бийликтерди алмаштырганы белгилүү.
Сорос фонду
Британия терең мамлекетинин мына ушул максаттарын азыркы заманда ишке ашыруу
үчүн пайда болгон бир фонд. «Ачык коом» түшүнүгү болсо буга кыска жол менен
алып бара турган бир шылтоо. Бул түшүнүк боюнча, жетиштүү деңгээлде ачык эмес
өкмөттөр менен коомдор ачык болууга мажбурланат. Бул этапта жарандар «өздөрүнүн
өкмөтү тарабынан басым астына алынганына» ишендирилип, аларга ар кандай күч
колдонуу аракеттери легалдуу көрсөтүлөт.
Эл, албетте, нааразычылыгын
билдирип, демократиялык укуктарын талап кыла алышы керек жана ал үчүн керек
учурда митингге да чыгып, колундагы бардык легалдуу укуктарын каалагандай
колдоно алышы зарыл. Элдин эркин болушу, өз ойун каалагандай айтып,
нааразычылык укугун колдонушу демократиянын бир талабы жана бактылуу, бейпил,
эркин коомдордун түптөлүшүнүн бир сыры.
Бирок, албетте,
бүт баары мыйзамдын жана укуктун чегинде болушу керек. Анткени, мыйзам
чегиндеги талаптар гана легалдуу. Бир талап коюу учурунда мыйзамдын чегинен
чыгып, мыйзамсыздык башталганда, укук тебеленет жана бул коомдук тартипти
бузганы үчүн, мамлекет кийлигишүүгө милдеттүү болот.
Британия терең
мамлекетинин мыйзамдуу талаптар менен мыйзамсыз иш-аракеттердин ортосундагы ичке
сызыкты тебелеп, нааразычылыктарды көтөрүлүшкө, көтөрүлүштөрдү болсо
революцияга айландыруу боюнча абдан тажрыйбалуу кызматкерлери бар. Бир катар
жаштардын мыйзамдуу талаптарын шылтоолоп башталган нааразычылык акцияларын
легалдуулуктан чыгарып, көтөрүлүшкө айландыруу ыкмасын ошол кишилер ишке
ашырат. Балкандардагы окуялардан Венесуэладагы көтөрүлүштөргө, ал тургай,
Түркиянын Гези паркындагы окуяларга чейин, көптөгөн көтөрүлүштөр ушул ыкма
аркылуу ишке ашырылган. Сорос менен байланышы бар кишилердин жана уюмдардын
Гези паркындагы окуяларда активдүү иш алып баргандыгы көптөгөн документтер
аркылуу далилденген.
Мында мээлерди
башкаруу ыкмасы колдонулуп, элге «жасай турган кадамдары» көрсөтүлүп турган.
Бул ыкманын натыйжасында элдин бир бөлүгү чындыгында каалабаган нерселерин
жактап, нааразы болбогон нерселерден арызданып башташкан. Ошентип алар эркин
ойлоно албаган, Британия терең мамлекети белгилеген багытты көздөй бет алган
жана көбүнчө эмнеге нааразы экенин да билбеген, кыжырдуу бир массага айланган.
Британия терең мамлекетинин пропаганда жана провокация ыкмалары бул кишилерге
абдан масштабдуу колдонулгандыктан, жалган маалыматтардын жана каралоо
пропагандаларынын натыйжасында ал кишилер «элди басым астына алган начар
бийликтин, ал тургай, диктатуралык режимдин астында жашап жатабыз» деп ишенип
калышкан.
Өзгөчө үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө колдонулган бул ыкмалар, тилекке каршы, көптөгөн өлкөлөрдө себепсиз кандуу көтөрүлүштөрдүн башталышына алып келген.
Өзгөчө үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө колдонулган бул ыкмалар, тилекке каршы, көптөгөн өлкөлөрдө себепсиз кандуу көтөрүлүштөрдүн башталышына алып келген.
Сорос бул ыкманы
алдамчы бир тактика катары колдоноорун «The Bubble of American Supremacy»
(Америка үстөмдүгүнүн көбүгү) аттуу китебинде мындайча мойнуна алган:
Душман
өлкөлөрдө эркиндик жалынын өчүрбөй сактап туруу үчүн жарандык коомдорго колдоо
көрсөтүү керек. Өкмөттүн таасирине каршылык көрсөтүү аркылуу массаларда «өкмөт
бийлигин кыянаттык менен пайдаланып жатат» деген кооптонууну пайда кылууга
болот.432
Бул жерде анын
эки сөзүнө көңүл буруу керек. Алардын бири «душман өлкөлөр» деген сөзү. Демек,
Сорос менен анын жолдоштору белгилүү өлкөлөрдү алгач «душман» деп жарыялашат.
Бул абдан кеңири категория. Россия, мурдакы Советтер Союзуна кирген өлкөлөр,
Балкандар, террористтик топтор абдан күчөгөн бир катар Африка өлкөлөрү жана, ал
тургай, бардык Ислам өлкөлөрү Сорос тарабынан бул топко киргизилүүдө.
Экинчиси болсо
«душман өлкөлөрдө жарандык коомдорго колдоо көрсөтүү керек» деген сөзү. Демек,
«душман» деп белгиленген өлкөлөрдө ал өлкөнүн жарандары өкмөткө каршы чыгууга
үгүттөлөт. Башкача айтканда, көтөрүлүш же жарандык согуш чыгаруунун аракети
көрүлөт. «Эркиндик жалынын тутантуу» деген сөз болсо кандуу көтөрүлүштөрдү
жаап-жашыруу үчүн колдонулган. Иш жүзүндө Британия терең мамлекети эч качан
эркиндикти каалаган эмес.
Бул окуялар келип
чыкканда, ага түрткү болгон кишилер менен уюмдар көшөгөнүн артында калып,
кандуу окуяларга аралашпайт жана ал үчүн жоопко тартылбайт; ал өлкө болсо өз
элине курал көтөргөн өлкөгө айланып, жок кылынат.
Бир илимий
макалада Соростун «түстүү революциялар» деп аталган элдик кыймылдар аркылуу
бийликтерди алмаштыруудагы ролу төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Сорос
сыяктуу кээ бир ишкерлердин жана NED, NDI сыяктуу көптөгөн
бейөкмөт уюмдардын (жарандык коомдордун) натыйжалуу жана уюшкан иш-аракеттери
аркылуу көптөгөн өлкөлөрдө студенттик жана элдик кыймылдар уюштурулуп, кээ бир
өлкөлөрдө революция процесси ийгиликтүү аяктап, керектүү бийлик алмашуулары
ишке ашырылган.433
Түстүү революция үчүн негизинен акча жана пропаганда талап кылынат. Сорос менен анын жолдоштору мунун экөөсүн тең камсыз кылышат. Мындан тышкары, шайлоолордун алдында бийликтин легитимдүүлүгүн жоготуу үчүн массалык жана уюшкан нааразычылык акцияларын өткөрүү, оппозициядагы партияларды коалиция курууга үндөө же аларга кысымчылык көрсөтүү массалык митингдердин алдында өткөрүлчү иш-чараларга кирет. Ошондой эле, жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттары аркылуу эркиндикке байланыштуу бийликти сындоо кампаниясын баштоо, шайлоолордо бурмалоолор жасалаары жөнүндө коомчулукта күмөндөрдү пайда кылуу революциянын алдында жүргүзүлгөн иш-чаралардын экинчи бөлүгүн түзөт.434
Нааразычылык
акциялары ушунчалык дисциплиналуу уюштурулгандыктан, эки сааттын ичинде өлкөнүн
200 аймагында, бир учурда баштала алат. Көрүнүп тургандай, көбүнчө массалык
акцияларды уюштуруу, пропаганда аркылуу бийликти каралоо жана Британия терең
мамлекетине жакпаган бийликти сырттан эмес, ичтен кулатуу ыкмасы колдонулат.
«Режимди
алмаштыруу» иш-аракеттеринин биринчи кадамы пропагандадан башталат. Бул жөнүндө
1927-жылы АКШда Эдвард Бернейс тарабынан жазылган, Гитлердин эң негизги
китебине кайрылуу жетиштүү болот:
![]() |
| Гитлер тарабынан активдүү колдонулган Эдвард Бернейстин китеби. |
Кичинекей
бир ядро чоң массаларды башкара алат. Эгер массалардын кыймыл механизмин жана
багыттарын түшүнсөк, чоң массаларды аларга «сездирбестен» башкара алабыз.
Коомду ар
тараптан изилдөө абдан орчундуу. Маалыматтар чогултулуп, кайсы топтун кандай
сезимде экендиги, кайсы сөз айтылса, кандай түшүнүлөөрү аныкталышы керек. Жаңылыктар
максатталган массага ылайыкташтырылып берилиши керек... Сөздөр, үндөр жана
сүрөт-тасмалар эң мыкты пландалган бир башкаруунун инструментери болбосо, эч
бир ишке жарабайт.435
Фашист Гитлердин
өзүнүн идеологиясын жайылтып, адамдарды роботтоштуруу аркылуу геноциддерге жана
кыргындарга көндүрүү үчүн колдонгон эң негизги китеби бүгүнкү күндө Британия
терең мамлекети тарабынан толугу менен турмушка ашырылууда. Массалар «эч
нерсени сезбестен» керектүү багытка бет алышууда жана ал үчүн «сөздөр, үндөр,
сүрөт-тасмалар», б.а. бардык пропаганда материалдары колдонулууда.
2014-жылы
Москвадагы үчүнчү эл аралык коопсуздук конференциясында Россиянын Куралдуу
күчтөрүнүн башчысы Валерий Герасимов «түстүү революциялар» деп аталган
кыймылдар жөнүндө төмөнкүлөрдү айткан:
«Түстүү
революциялар» НАТО менен АКШнын контролунда, максатталган өкмөттөрдү кулатуу
үчүн пландалган жаңы бир «согуш» формасы. «Демократияны жайылтуу» шылтоосу
менен өлкөлөргө коркунуч туудурууда. АКШ менен Европа бул салттык эмес, жаңы
согуш формасы аркылуу «тынчтыкчыл жолдор менен режимди алмаштыруу стратегиясын»
Россиянын айланасындагы өлкөлөрдө ишке ашырууда. Түстүү революциялардын
тынчтыкчыл активисттеринин артына жашынган куралдуу күчтөр бар. Жана «түстүү
революция» керектүү натыйжаны бербегенде, куралдуу легионерлер ишке киришет.
Сирия менен Ливияда ушундай болду.436
![]() |
| Сорос жана ачык коом идеологдору каржылаган түстүү революциялардын мисалдары. Украина, Грузия, Югославия, Кыргызстан, Ливия. |
Булар эң таамай айтылган сөздөр. Британия терең мамлекети «тынчтыкчыл, түстүү революция» деп, кооз сөздөр менен алдаганга аракет кылганы менен, артта куралдуу жоокерлер даяр турушат. Бир канча нааразычылык митингинен соң, кезек ошолорго келет жана Британия терең мамлекети «түстүү революция» деп кийлигишкен жердин баарында кан суудай агат.
Жогоруда да
айтылгандай, «ачык коом идеологиясы коммунизмге каршы бир идеология катары
пайда болгон» деп айтылат. Бирок, эң кызыгы, көтөрүлүштөрдү уюштургандардын
көпчүлүгүн марксисттер түзүүдө. Көтөрүлүштөрдө көбүнчө марксист, маоист топтор
жана коммунисттик террор уюмдары колдонулууда.
Британия терең
мамлекетинин калп эле «коммунизмге каршы» саясат жүргүзөөрүн жарыялап, бирок иш
жүзүндө коммунизмдин пайдубалын даярдап жатканын жогоруда айтканбыз. Мындай
көрүнүштү түстүү революция деп аталган Соросчул революциялардан да байкоого
болот. Поппердин өмүр баянындагы «мурда коммунист болуп, кийин антикоммунистке
айланган» деген бөлүгү алдыңкы планга чыгып, «коммунизмди жакшы билип, бирок
ишке ашыруудан баш тарткан» өзгөчөлүгү аны Европа менен АКШнын колдоосун таба
турган кишиге айландырган. Анын ойлоп чыгарган «ачык коому», бир жагынан,
антикоммунисттердин колдоосун алып, экинчи жагынан, коммунист согушчандарга
көшөгөнүн артынан колдоо көрсөтөт.
![]() |
| Грузиядагы (жогоруда) жана Ливиядагы (төмөндө) революциялар. |
АКШнын конгресси
постсоветтик өлкөлөрдө жана Балкандарда «түстүү революцияларды» уюштурган
Сороско финансылык колдоо көрсөткөнү үчүн, мурдакы президент Обаманын үстүнөн
иликтөө иштеринин жүргүзүлүшүн талап кылган. Сенаторлор Обаманын зомбулукчу «солчул топторго» акчалай колдоо
көрсөткөнүн айтып, АКШнын «демократияны жайылтуу» максатындагы кийлигишүүлөрүн
да тездик менен токтотушун талап кылышкан.437
Ушул сыяктуу
ыкмалар Түркиянын Гези паркындагы окуяларда да колдонулган. Анда Гези
паркындагы окуяларды бир заматта коммунисттик көтөрүлүшкө айландыруу аракети
көрүлүп, Стамбулдун Таксим майданы коммунисттик желектер менен коммунисттик
манифесттерге толтурулган. Коммунист көтөрүлүшчүлөр ал аймакты «куткарылган
аймак» деп жарыялашканын айтышкан. Джордж Сорос бир жолу Түркияга келгенде,
Гези паркындагы окуяларда митингчилерге колдоо көрсөткөнүн өз оозу менен
мойнуна алган.438
Түстүү
революциялар деп аталган Соросчул революцияларда негизги шылтоо катары
экономикалык өнүкпөгөндүк жана жакырчылык, саясий эркиндиктердин чектелиши,
саясий күчтүн белгилүү бир топтун колуна чогулушу, коррупциянын күчөшү жана
адам укуктарынын тебелениши сыяктуу себептер колдонулат. Байкаган болсоңуз,
булар жалпы элди көкүтө турган маселелер. Бирок түстүү революциялар ишке ашкан
өлкөлөрдү караганыбызда, бийлик алмашканы менен бул маселелердин дагы деле
чечилбегенин, бирок Соросчулдардын буга эч унчукпай калганын көрөбүз. Бул
чыныгы максаттын аталган маселелерди чечүү эмес, Британия терең мамлекети менен
кызматташууга ыңгайсыз бийликтерди алмаштыруу экендигин көрсөтөт.
![]() |
| Түркиядагы Гези паркындагы окуялар. |
Дүйнөдө,
албетте, адам укуктары абдан тебеленген, диктатуралык режимдер бар. Коррупцияга
аралашкан өкмөттөр да бар. Жогоруда да айтылгандай, элдин митингге чыгып,
нааразычылыгын билдириши – алардын табигый, демократиялык укугу. Бирок мындай
маселелер зордук-зомбулук жана кандуу революциялар менен чечилбейт. Чечүү
жолдорун укуктун жана демократиянын ичинен издөө керек. Дүйнөлүк масштабдагы
таасирдүү мекемелер менен адам укуктарын коргоо уюмдарынын аракеттери жана сот
системасы бул маселени чече алат.
Мындан тышкары, бейөкмөт
уюмдардын «диктатура» же «коррупция» жөнүндөгү айыптоолорду көбүнчө атайылап
чыгараарын да унутпоо керек. Британия терең мамлекетинин чыныгы операциясы бүт
адамдар каалаган демократия, ачык-айкындуулук, теңдик сыяктуу түшүнүктөрдүн
артына ийгиликтүү жашынууда. Элди көтөрүлүшкө алып чыгуунун чыгымы азыраак жана
коомчулуктун нааразычылыгын туудуруу ыктымалдыгы да төмөнүрөөк. Британия терең
мамлекетине караштуу бейөкмөт уюмдардын (жарандык коомдордун) көкүтүүлөрү
демейде ар дайым Британия терең мамлекетинин кызыкчылыктарына кызмат кылат. Адамдардын
бакубаттыгы, эркиндиги, өлкөдө демократиянын орношу сыяктуу нерселер Британия
терең мамлекетин иш жүзүндө такыр кызыктырбайт, ал тургай, буларды Британия
терең мамлекети эч жактырбайт.
![]() |
| Мурсини кээ бир иш-аракеттери үчүн сындоого болот. Бирок шайлоо менен бийликке келген президент төңкөрүш аркылуу кулатылып, учурда камакта жатат. |
![]() |
| Египеттеги Сиси төңкөрүшү Британия терең мамлекети тарабынан уюштурулган түстүү революциянын бир мисалы. Сүрөттө Сиси Британия терең мамлекетинин карамагындагы кишилердин бири Тони Блэр менен. |
Сорос жана Балкандардын бөлүнүшү
Соростун Польша,
Сербия, Грузия жана Украинада бийликтерди кулатууга салым кошкон жаштардын
уюмдарын каржылаганы белгилүү.440 Сербияда
«Отпор» (каршылык көрсөтүү), Грузияда «Кмара» (жетишет), Украинада «Пора»
(убакыт келди) жана Кыргызстанда «Бирге» аттуу жаштардын уюмдарына зор
финансылык колдоо көрсөткөн. Бүт Чыгыш Европа жана мурдакы советтик өлкөлөрдө
жок дегенде 19 фонд ачылган. Мурдакы Югославияда «тынчтыкчыл» көрүнүү үчүн
эркиндик жана адам укуктары жөнүндөгү ырларды ырдаган Джоан Баэз сыяктуу
ырчылардын тынчтык концерттерине демөөрчүлүк кылган.
Бирок чындык
башка. Сорос фондунун 1989-жылдан бери Чыгыш Европанын өнүккөн экономикаларына
колдонулган «шок терапиясына» жоопкер экендиги аныкталган. (Шок терапиясы:
кризис чыгарылып, өлкөнүн эли коркутулганда, экономикада кадимки шарттарда
колдонулбай турган кээ бир аша чапкан саясаттардын жүргүзүлүшү.) Сорос өзүнө
окшогон азуулуу финансы мекемелеринин Чыгыш Европадагы эбегейсиз байлыктарды
абдан төмөн бааларга талап-тоношуна жол берген, эң акылсыз экономикалык иш-аракеттерге
пландуу түрдө колдоо көрсөткөн. Натыйжада Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн
экономикалары кыска убакытта ошол финансылык мекемелердин көзөмөлүнө кирген
жана, ал тургай, Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жетегине киргизилип, толугу
менен сырттан көз-каранды болуп калган.
Соростун
1990-жылдардын башында Югославияга ЭВФ менен кызматташып, шок терапиясын
жүргүзүшү 1991-жылы июньда өлкөдө согуштун келип чыгышына себеп болгон
экономикалык кризиске көмөкчү болгон.
АКШнын мурдакы
тышкы иштер министринин орун басары Лоуренс Иглбергер, АКШнын мурдакы
Белграддагы элчиси жана Сербиянын коммунисттик партиясынын лидери Слободан
Милошевич – Соростун достору.
![]() |
| Югославия |
Югославиядагы
бул оюнду жазуучу, аналитик Бану Авар төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Югославия
1950-80-жылдары Европанын эң ири экономикаларынын бири болгон. Инвестициялар
биринин артынан экинчиси келген. Кирешелери тынымсыз өсүп турган. Бир жагынан
СССР менен, экинчи жагынан «Кошулбагандар кыймылынын» (Движение неприсоединения)
мүчөлөрү менен соода жүргүзчү. Бир күнү баары тескериге айланды... Батышта
билим алган адистер айлананы каптады... Тымызын мекемелерди ээлей башташты...
Дүйнөгө
ачылуу программасын ишке ашырышмак... Алгач завод-фабрикалар жабылды,
паракорчулук, коррупция абдан күчөдү. Жумушсуздар армиясынан люмпендер чыкты...
Андан соң этникалык жана диний бөлүнүү сценарийи ишке ашырылды.
Профсоюздар
бөлүндү. Чет өлкөлүк капитал профсоюздардын кыймылын этникалык топторго
бөлүштүрмөк... 1990-жылы сот системасына чабуул башталды... Конституциялык сот
жоюлуп, көзөмөл Юстиция министрлигине тапшырылмак.
Бүт тарапты
ЦРУнун (CIA) тыңчылары каптады. Саясат менен
экономика колго киргизилип, билим берүүгө да чабуул башталган... Жаңы муундар
Соростун мууну болушмак...
Массалык
маалымат каражаттары толугу менен алардын карамагына өтүп, Югославия жок
кылынып жатканда, адамдарга «күлгүн кызыл сериал» көрсөтүлмөк!
Ал ортодо
армия бөлүнүп жарылды. Куралдуу этникалык топтор түзүлүп, андан соң согуштурулду...
Алгач сербдер хорваттар менен салгылашып, анан Боснияга чабуул жасалмак.
Бөлүнүү
«динди» колдонуу аркылуу жасалды. Бир референдум менен Босниянын бөлүнүү чечими
чыкты, андан соң кыргынга алынды. Бул «бирин-бирине жок кылдыруу» саясаты деп
аталат!
Жана убагы
келгенде, сахнага Бириккен улуттар уюму чыкты. Алгач кыргынды карап отурушту,
анан өздөрүнүн оюнун сахнага алып чыгышты.
Капиллярдык
операцияны Соростун балдары башкарды. Ачык коом фонду, «Отпор» аттуу уюмдар
процессти көзөмөлдөп, калыптандырды...441
Бүгүнкү күндө
Сорос фондунун Боснияда, Хорватияда жана Словенияда борборлору ачылган. Ошондой
эле, Сербия Белградда «Сорос Югославия фондун» ачкан.
Мындай
мисалдарды Сорос иш-аракет жүргүзгөн Чыгыш Европадагы 19 аймактын бүт баарынан
келтирүүгө болот. Эгер толеранттуулук кылына берсе, Соростун жана Isles клубунун финансылык глобалисттеринин саясий күн
тартиби жаңы бир согуштун, ал тургай, дүйнөлүк согуштун пайдубалын түзүшү
мүмкүн.
Бархат революцияларынын башка актерлору
Британия терең
мамлекетинин карамагындагы бейөкмөт уюмдар (жарандык коомдор) өлкөлөрдү кулатуу
үчүн ар кандай ысымдар менен да иш-аракет жүргүзгөн. Массалык маалымат
каражаттары менен социалдык тармактар бул багытта эң негизги провокация
куралдары катары колдонулат. Социалдык тармактар аркылуу элди көкүтүү абдан эле
оңой. Өзгөчө бул ыкма биринчи жолу колдонулган учурларда элдин социалдык
тармактардан бир эле #эркиндик же #демократия хэштегдерин көрүшү да жетиштүү
болгон. Британия терең мамлекетинин ал өлкөнүн ичинен тандаган кошоматчы тыңчылары
да көбүнчө активдүү салым кошушат. Алар көптөгөн телеканалдарга байланышка
чыгып, ар кайсы гезиттерге интервью берип, социалдык тармакта Британия терең
мамлекетине кошоматчылык кылуу аркылуу өлкөлөрүндөгү абалды болушунча
жамандашат. Көптөгөн чагымчыл уюмдар күч колдонууга үгүттөп, митингге катышууну
каалаган кээ бир тыңчылар менен чагымчылдарды уюштуруу милдетин аркалашат. Бул
мыйзамсыз «аткаруучулар» көтөрүлүштөрдүн коомчулук менен байланыш тарабын
уюштурушат.
Көбүнчө окуя
күнөөсүз кээ бир жаштардын бул провокацияларга ишенүүсүнөн башталат. Британия
терең мамлекети кыска убакыт аралыгында ал топтордун арасында өлкөдөгү
маргиналдуу, коммунист, анархист, фашист топторду да ишке киргизет. Көчөдөгү
митингге зордук-зомбулукту ошол анархист топтор алып келет.
ОТПОР
Бул
профессионалдуу революционер уюмдардын арасындагы эң кеңири тараган топтордун
бири –Сербиядан келип чыккан, ОТПОР аттуу каршылык көрсөтүү уюму.
Көз-карандысыз байкоочулар «ОТПОР мурдакы Югославия, Сербия, Грузия, Болгария,
Украина, Египет, Бразилия жана Түркия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө оппозициячыл
уюмдарды даярдыктан өткөрүү жана логистикалык колдоо көрсөтүү аркылуу төңкөрүш
аракеттерин жана ички башаламандыктарды уюштурган» деп айтышат. Британия терең
мамлекетинин 50 өлкөдө, ОТПОРдун филиалы «CANVAS» менен бирге, көтөрүлүштөрдү
жана массалык башаламандыктарды чыгарганы жөнүндө далилдер көп.
ОТПОРдун лидери
Иван Маровичтин айтуусу боюнча, ОТПОРдун түптөлүшүнө керектүү финансылык
каражат америкалык бизнесмен Джордж Соростун Ачык коом институтунун көмөктөшүү
фондунан (OSIAF) келген.442
Геосаясий
серепчи Тони Карталуччи ОТПОР жөнүндө төмөнкүдөй кызыктуу факттарды айткан:
![]() |
| Иван Марович |
Карл Гибсон жана
Стив Хорн тарабынан жазылып, Occupy.com сайтында
жарыяланган бир илимий макалада ОТПОРдун эл аралык финансылык, саясий жана
чалгындоо багытындагы байланыштары каралган жана WikiLeaks документтеринин негизинде төмөнкүдөй маалыматтар келтирилген:
Сербиядагы Срджа
Поповичти көп кишилер 1990-жылдардан бери Чыгыш Европада жана башка аймактарда
режимдердин өзгөрүшүнүн башкы архитектору жана ОТПОРдун негиздөөчү мүчөлөрүнүн
бири катары таанычу... Попович жана ОТПОРдун CANVAS аттуу филиалы бир учурда АКШнын өкмөтүнөн тышкары, Голдман Сакстын (Goldman Sachs) жетекчилиги жана Стратфор аттуу жеке чалгындоо
компаниясы менен тыгыз байланышта болгон. Поповичтин жубайы да бир жыл
Стратфордо иштеген.444
Поповичтин
2004-жылы айткан төмөнкү сөздөрү Соросчул көтөрүлүштөрдүн чыныгы маңызын ачык
айгинелейт:
Катуу
өтчүдөй көрүнгөн бир митингде эң алдыга жаш кыздарды чыгаргыла, баарына ак
кийим кийгизгиле, анан полициянын кол салуусун күткүлө; жыйынтык «кепилденген
болот»; бир канча соккудан соң сөзсүз бир аз, же тилекке каршы бир топ кан
төгүлөт; б.а. ак кийимдерде кыпкызыл тактар пайда болот. Албетте, бул
сүрөтчүлөргө эң мыкты сүрөткө тартуу мүмкүнчүлүгүн берет, алар тарткан сүрөттөр
дүйнөнүн төрт бурчунда жарыяланат. Кааланбаган режимди кулатууда мындан мыкты
нерсе жок.445
![]() |
| ОТПОР муштуму менен башталган нааразылык акциялары "тынчтыкчыл" сыпаты менен башталып, бирок бүт баары зордук-зомбулукчул акцияларга айланган. |
Бир нерсени
билүү керек; өкмөттөрдү кулатууну, өлкөлөрдү бөлүүнү жана кандуу
кагылышууларды, ал тургай, жарандык согуштарды уюштурууну көздөгөн бул массалык
митингдер – бир катар маалымат каражаттары тарабынан сүрөттөлгөндөй күнөөсүз
митингдер эмес, Британия терең мамлекетинин жана анын тымызын уюмдарынын
өлкөлөрдү ичинен кулатып, өзүнө каратууну көздөгөн, кылдат пландалган
долбоорлору.
Аты аталган
кызматчы мекемелер жана алардын иштеп чыккан идеологиялары толугу менен
Британия терең мамлекетине таандык. Бул мекемелер Британия терең мамлекети таңуулаган
иштерден башкасын жасай алышпайт. Ошондуктан бул жерде кээ бир кишилер жана
мекемелер жөнүндө сөз кылынганы менен, түпкү максаттын Британия терең мамлекети
экендигин эч качан унутпоо керек.
Стратфор
Борбору АКШнын Техас штатында жайгашып, глобалдык чалгындоо жана изилдөө иш-аракеттерин жүргүзгөн Стратфор (Strategic Forecasting – Стратегиялык прогноздоо) аттуу мекеме улуттук жана эл аралык маалымат каражаттарында АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (CIA) менен байланыштуу бир мекеме катары кабыл алынат.
«Көмүскө ЦРУ»
деп да аталган бул мекеме Түркиядагы 15-июльдагы төңкөрүш аракети учурунда
президент Режеп Таййип Эрдогандын учуу маршрутун социалдык тармакта ар мүнөт
сайын бөлүшүп, президентке кол салуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн. Ошол түнү бул мекеме
өзгөчө твиттерден укмуш көп бөлүшүүлөрдү жасаган. Бул мекеменин ачык эле мындай
иштерге барышына Британия терең мамлекетинин төңкөрүштүн ийгиликтүү болооруна
толук ишенүүсү себеп болгон.
447
447
Стратфор ошол
түнү АКШнын MSNBC каналынын «президент Эрдоган Германиядан
башпаанек сурап жатат» деген жалган кабарын да твиттер эсебинен бөлүшүп,
карама-каршы пикирлерге себеп болгон. 2016-жылы 16-июльда, б.а. төңкөрүш
аракетинин эртеси күнү эрте менен бөлүшкөн бир жаңылыгында болсо Стратфор
«Эрдоган 1999-жылы армия тарабынан камакка алынган» деген сөздөрдү айткан.
Урматтуу Эрдогандын «зордук-зомбулук менен диний же улуттар аралык кастыкты
күчөткөнү» үчүн камалганын жарыялаган.
Бул сөздөрдүн
бирөөсү да чындыкка туура келбейт. Стратфор Британия терең мамлекетинин кол
алдында болгондуктан, Түркияны провокацияга ачык, оор абалда турат деп ойлоп,
жалган маалыматтарды таратуудан да тартынган эмес.
Анын
бөлүшүүлөрүндө президент Эрдоган 2000-жылдар бою «армиянын күчүн азайтуу
аракеттерин көрдү» деп айтылган жана «президент армияга карата мурдатан калган
жеке кастыктары менен мамиле кылган» дегендей ишара кылынып, президент менен
армиянын ортосунда бир карама-каршылык бардай көрсөтүүгө аракет кылынган.
Максат бул чыккынчы төңкөрүш аракетинин жоопкерчилигин президент Эрдоган менен
Түркиянын армиясына жүктөө болгон жана өлкөнүн ичинде башаламандык менен
белгисиздиктердин уланышы көздөлгөн.
Стратфордун
Түркияны каралоо пропагандалары негизи жаңы бир көрүнүш эмес. Бул мекеме
2014-жылдын 10-августундагы шайлоодо болжол менен 21 миллион (52%) добуш менен
президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоган жөнүндө «добуштардын 13,3%ына
туура келген 5 миллион 412 миң 423 добуш менен жеңишке жетишти» деп айткан. Бул
сөздөрүнө көптөгөн нааразычылыктар билдирилген соң, бул бөлүшүүсүн өчүргөн.448
Албетте, бул
мекеменин чыныгы жыйынтыктарды билбей калуу ыктымалдыгы жок. Бул Британия терең
мамлекетинин карамагындагы мекемелердин каралоо пропагандаларынын эң ачык
мисалдарынын бири. «Анализ» деген аталыш менен жарыяланган мындай кара ниеттүү
жалгандар Түркияда натыйжа бербейт. Британия терең мамлекетинин учурдагы эң чоң
тынчсыздануусу да мына ушунда. Түркия бул тымызын пропаганда торунун тузагына
түшпөй келүүдө жана түшпөйт дагы.
Түркиядагы
Йылдыз техникалык университетинин Саясат таануу жана эл аралык мамилелер
бөлүмүнүн профессору, доктор Нуршин Атешоглу Стратфор сыяктуу социалдык
тармактарда пропагандалык бөлүшүүлөрдү жасаган аналитикалык борборлорго маани
бербөө керек экенин белгилеп, мындай деген:
Мен бир
илимпоз катары бул мекеменин бир эле президент Эрдоган жөнүндөгү негизсиз,
айыптоочу мүнөздөгү кабарларына эмес, ал жерде чыккан эч бир кабарга маани
бербөө керек деген ойдомун. Эл аралык коомчулукка таасир этүү максатында ушул
сыяктуу көптөгөн кабарлар жарыяланат. Ар бир адам эле ойлонуп, чындыкты иликтей
бербейт. Ансыз да, алардын максаты жалган, манипуляциялык бир көз-карашты
коомчулукка жайылтуу.449
Стратфор,
ошондой эле, ФЕТӨ уюмунун дүйнөгө жайылышынын идеологиялык пайдубалын түзгөн
мекеме катары да белгилүү. Викиликстин (Wikileaks) документтери боюнча,
Стратфор ФЕТӨ уюму менен медиа-өнөктөштүк багытында иш-аракеттерди жүргүзгөн.450
«Көмүскө ЦРУ»
деп аталышы Стратфордун чыныгы жүзүн жашырбашы керек. Жогоруда да айтылгандай,
ЦРУ (CIA) да Британия терең мамлекетине баш ийген кишилер тарабынан курулган
жана АКШнын бардык таасирдүү мекемелери, билип же билбестен, каалап же
каалабастан, Британия терең мамлекетине кызмат кылат. Ошондуктан бул
мекемелердин тымызын саясаттары жөнүндө сөз кылынып жатканда, булардын баарынын
артында Британия терең мамлекетинин тураарын унутпаш керек.
Ачык коомдун бир оюну: ачык-айкындуулук!
«Отчеттуулук» ачык
коомдун жактоочуларынын оозунан эч түшпөгөн бир түшүнүк. Ошондуктан «ачык коом»
менен бирге тараган бир түшүнүк бар: ачык-айкындуулук. Британия терең
мамлекетинин кол алдындагы мекемелер бул түшүнүккө өзгөчө маани берип, эч
оозунан түшүрүшпөйт. Алардын ою боюнча, өлкөлөрдүн, мамлекеттик мекемелердин,
диний, коомдук жана чыгармачыл бардык бирикмелердин ар бир иш-аракети апачык
көрүнүп турушу жана, ал тургай, отчет алынып турушу зарыл.
Жабык уюмдар,
албетте, баарыбызды тынчсыздандырат, бирок бул жерде башка бир оюн бар. Алардын
планы боюнча, бардык өлкөлөр, бардык бийликтер жана кандайдыр бир идеалдын
тегерегинде чогулган бардык топтор Британия терең мамлекетинин башкаруусуна
жана кийлигишүүсүнө ачык болуп калат; максат элди толугу менен көзөмөлгө алуу.
Мисалы, Чатем Хаус Кытай мамлекетинин жардамдарынан1 Анголада алынган кирешелерге2 чейин канчалаган маалыматтарды билет жана, ал
тургай, алардын баарын көзөмөлдөп турат. Бул мекемеге бул укукту кимдин бергени
жана кайсы укугу менен башка өлкөлөрдүн жеке иштерине кийлигишээри табышмак.
Бирок «ачык-айкындуулук идеологиясына» таянып, дүйнө жүзүнө каратып туруп мунун
баарын жасап жатат.
Өзгөчө акыркы
убактарда Түркияда «ачык коом» идеологиясынын негизинде «диний жамааттарды жана
диний агымдарды айкындатуу» талабы Британия терең мамлекетинин ар кайсы
кошоматчы мекемелери, билип же билбестен, алардын таасири астында калган кээ
бир кишилер жана телеканалдарга чыккан серепчилер тарабынан кайра кайра айтылууда.
Айкындатуунун максаты болсо – эч кандай мыйзамсыз иштерди жасабаган
мусулмандарды эртеден кечке аңдып, бардык мусулмандарга потенциалдуу
кылмышкердей мамиле кылуу. Заманбап мамлекеттерде бардык мекемелер, фонддор
жана уюмдар мыйзам тарабынан көзөмөлгө алынат. Бирок эч бир кылмышка аралашпаса
да, «күтүүсүз кылмыш жасашы мүмкүн деген фобияны» пайда кылып, жарандардын
эркиндигин чектөө акылга сыйбайт. «Диний жамааттар менен агымдарды
айкындатуунун» түпкү максаты – күнөөсүз мусулмандарды мыйзамсыз түрдө
обочолонтуп, ак ниеттүү жамааттарды артынан түшүп, аңдуу жана тыңшоо саясатын
баштоо. Ушундайча мусулман жамааттарда тынчсызданууну пайда кылып,
мусулмандардын биримдигине бөгөт коюуга аракет кылынууда. Жамааттардын Британия
терең мамлекетинин көзөмөлүнө өтүп, терең мамлекеттин талаптарын аткарган
мекемелерге айланышы күтүлүүдө. Буга каршы чыккандардын жазаланаары ишара
кылынып, ынтымакташкан күнөөсүз мусулман топторду бөлүп, жаруу, кичирейтүү жана
алсыратуу саясаты ишке ашырылууда.
Бирок ар дайым, ар
бир мекемеден ачык-айкын болууну талап кылган ачык коомдун теоретиктери менен
Чатем Хаус сыяктуу Британия терең мамлекетинин карамагындагы мекемелер өздөрүнө
келгенде, купкуялык көшөгөсүнө жашынышууда. Бул мекемелер жана алардын
бутактарына байланыштуу ачык-айкын эч нерсе жок. Мисалы, Чатем Хаус анда
өткөрүлгөн конференцияларда, семинарларда жана чогулуштарда колдонулган
маалыматтарды жана ал жерде айтылган сөздөрдү жарыялоого тыюу салган. Бул тыюу,
мурда да айтылгандай, «Чатем Хаус эрежеси» (Chatham House rule) деген ат менен
белгилүү. Эрежени бузгандардын Чатем Хаус менен байланышы үзүлөт жана ал
кишилердин чогулуштарга катышуусуна бөгөт коюлат.3 Эреже ушунчалык катуу.
Ачык коом
идеясынын жактоочулары да долбоордун колдоочусу катары Чатем Хаус эрежесине баш
ийишет. «Ачык-айкындуулук» деген ураан менен бүт дүйнөнүн маалымат берип
турушун талап кылып, дүйнө жүзүнө муну кабыл алдырышууда, бирок өздөрү болсо
укмуш жашыруундук менен дүйнөнү башкарышууда. Негизи ачык-айкындуулук алгач
ушул мекемелерден башталышы керек. Алгач бул түшүнүктү чыгарган тараптар
ачык-айкын болуп, чогулуштары, кирешелери жөнүндөгү бардык маалыматтарды ачык
жарыялап, ачык-айкындуулуктун эмне мааниге келээрин өздөрү үлгү болуп
көрсөтүүлөрү зарыл.
Бирок эч качан
мындай кылышкан эмес жана келечекте да кылбачудай көрүнүүдө. Анткени, бул
мекемелер Британия терең мамлекетинин көрсөтмөлөрүнүн негизинде иштешет жана
андан келген жашыруун буйруктарды ишке ашырышат. «Ачык-айкындуулук» Британия
терең мамлекетинин тымызын ойлоп чыгарган дагы бир контрольдоо жана коркутуу
системасы. Бул шылтоого таянып, каалаган бийликти же мекемени айыптай алат же
аларга карата кысымчылык көрсөтө алат. Бул өзгөчө диний жана адеп-ахлактык
өнүгүүлөргө бөгөт коюу, сооптуу иштерди жасаган мекемелерге бут тосуу, элди
бийликтен алыстатып, бийликти жаман көрсөтүү максатында чыгарылган бир түшүнүк.
Британия терең мамлекети өкмөттөрдөн белгилүү уюмдарды кысымчылыкка алууну
талап кылып, ал уюмдар менен өкмөттүн мамилесин солгундатууну жана натыйжада
өкмөттү жалгыздатууну көздөөдө. Лидерлери динчил болгон өлкөлөргө карата да коркутуу
саясаты активдүү жүргүзүлүүдө. Учуру келгенде, ал өлкөлөргө «жетиштүү деңгээлде
ачык-айкындуулукту камсыз кылган жок, демек террордук уюмдарга колдоо
көрсөтүүдө» деген сыяктуу айыптоолор тагылып баштоодо. Каралоо пропагандасынын
чеги болбогондуктан, Британия терең мамлекети бетбактык менен ушундай
жалааларды жабууда. Ошондуктан Британия терең мамлекети чыгарган
«ачык-айкындуулук» айыптоолоруна этияттык менен мамиле кылуу керек.
1. Myth
Busting? The Transparency of Chinese Aid,
https://www.chathamhouse.org/publications/papers/view/178337
2. Reaping
the Revenue in Angola: Extractive Industries Transparency and Governance,
https://www.chathamhouse.org/events/view/193821
3. Chatham
House Rule, https://www.chathamhouse.org/about/chatham-house-rule
Түркиянын Гези паркындагы окуяларга Ачык коомдун таасири
Поппер «Ачык коом жана анын душмандары» аттуу
китебинде «ачык коом» түшүнүгүн төмөнкүчө сүрөттөйт:
Тоталитардык
башкаруулар мажбурлуу, ал тургай, сөзсүз түрдө басымды жана зордук-зомбулукту
колдонот. Мындай тоталитардык режимдерге каршы бир жол бар. Чындык эч кимдин
жеке менчигине айланбаган бир жол. Ар түрдүү жарандар ар кандай көз-карашка ээ
болгон жана мындай айырмачылыктардын жана мындай көп түрдүүлүктүн бирге жашашын
камсыз кыла турган мекемелерди талап кылган бир жол. Жарандардын укуктарын ошол
уюмдар коргоп, сөз жана тандоо эркиндигин да ошол уюмдар кепилдикке алат.
Мындай коомдук уюмдарга бир ысым ыйгаруу керек болсо, аны «ачык коом» деп
атасак болот.451
Бул жердеги
сүрөттөө боюнча, бархат революциясы же түстүү революция деп аталган жана
бийликтерди алмаштырган көчө төңкөрүштөрү аркылуу жарандардын укугун мамлекет
эмес, уюмдар коргогон, мамлекетке тиешелүү нерселерди ошол уюмдар кепилдикке
алган бир система жакталууда жана ошондуктан түпкүрүндө «мамлекеттин кереги
жок» деген идеяга таянууда. Буга таянып Поппер коммунизмден баш тарткан,
мурдакы бир коммунист болуп көрүнүп, бирок иш жүзүндө коммунизм каалаган
«мамлекетсиз коом» моделин жактаган. Бул стратегия алсыз, бөлүп жарууга жана
алсыратууга ыңгайлуу көрүнгөн өлкөлөргө операция жүргүзүү максатында ишке
ашырылууда. Алардын бири, балким Британия терең мамлекети үчүн эң маанилүүсү
Түркия болгон.
![]() |
| Стамбулдагы Гези паркындагы окуялар |
Тарых бою
Түркияга карата ар кандай оюндар ойнолгон, албетте. Ачык коомдун түстүү
революция мисалын болсо Гези паркындагы окуялардан көрүүгө болот. Гези
паркындагы окуялардын баскычтарын, убактысын жана ишке ашуу этаптарын
караганыбызда, ал окуялардын бир планга таянганы ачык көрүнүп турат.
Бир нерсени
белгилей кетүү керек: түрк эли жана өзгөчө түрк жаштары Түркиядагы
демократиянын алкагында каалагандай эркин. Жаштардын өзгөчө айлана-чөйрөгө жана
жашылдандырууга байланыштуу маанилүү маселелерде өз ойун билдириши,
бак-дарактардын ордуна имараттардын курулушуна каршы чыгып, демократиялык
укуктарын колдонушу мактоого арзыйт. Демократияда өкмөт жаңылыштык кетиргенде,
элдин эскертүү берүүсү абдан маанилүү. Өзгөчө бул окуя жаштардын
бак-дарактарга, айлана-чөйрөгө жана сулуулукка болгон мамилесин көрсөтүп, бул
багытта кайдыгерлик кылбай тургандыгын билдирүүлөрү жагынан маанилүү.
![]() |
| Стамбулдагы Гези паркындагы окуялар |
Бирок окуялардын
жүрүшүн жана убакыттарын караганыбызда, бул жакшы ниеттин ачык коомдун
тарапкерлери тарабынан тескери максатта колдонулганын көрөбүз. Жаштардын
бак-дарактарды коргоо максатында өткөргөн тынчтыкчыл митинги акырындап
зомбулукчул революция аракетине айландырылган. Процесс ачык, айгине ишке
ашырылган. Бул толугу менен соросчулдардын ыкмасы.
![]() |
| Гези паркындагы окуялардан пайдаланып, терең мамлекет гомосексуализм жана румилик пропагандасын жүргүзгөн. |
Түркияда буга
окшогон коомдук окуялардын «өкмөткө каршы» акцияларга айландырылышы, албетте,
таң калаарлык эмес. Британия терең мамлекети анын көрсөтмөлөрүн укпаган Режеп
Таййип Эрдоганды премьер-министр кезинде эле бийликтен кулатууну көздөгөн. Ал
тургай, анын тарапкерлерин да пассивдештирүүгө аракет кылган.
Мисалы,
2010-жылы ачык коом уюмдарынын генералдык директору болуп дайындалган Арье
Найер ачык коом фондунун Түркиядагы башкаруучулар кеңешинин башчысы Жан Пакерге
мындай деген: «сен Түркияда АК партияга
(Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясына) абдан жакын киши катары белгилүүсүң.
Бирок биз АК партияга оппозиция болууну каалайбыз. Ошондуктан сенин ачык
коомдун Түркиядагы башкаруучулар кеңешинин башчылыгынан кетишиңди каалайбыз.»452 Андан
соң негиздөөчүсү болгону үчүн, чогулуштарга чакырылышы керек болгон Жан Пакер, уставга
карабастан, чогулуштарга чакырылган эмес жана уюм ушул себептен
текшерүүчүлөрдүн текшерүүлөрүнө кабылган.453
Жаштардын Гези
паркындагы ак ниеттүү талабы соросчулдар тарабынан пайдаланылып, соросчул
революциялардын архитекторлору өздөрүнүн ыкмасын колдонгон жана Гези паркындагы
митингдердин төртүнчү күнүнөн баштап майдандарда коммунисттик желектер менен
коммунисттик топтордун зордук-зомбулуктары алдыңкы планга чыккан. Стамбулдагы
Таксим майданынын коммунисттик топтор менен PKK террордук уюмунун тарапкерлери
тарабынан «куткарылган аймак» деп жарыяланышын Түркия өкмөтү жоопсуз калтырган
жок жана ошентип Түркияга ойнолгон дагы бир ыпылас оюн жокко чыгарылды. Коммунист,
анархист топторду жана PKK террордук уюмун колдонуу, албетте, Соростун
классикалык тактикасы. Жогоруда да айтылгандай, Сорос фонду Гези паркындагы
окуяларга колдоо көрсөткөнүн жашырган да эмес. Бирок колдоонун масштабы,
албетте, алар айткандан алда канча чоң көлөмдө болгон.
Соросчул
революцияларга кызмат кылган бейөкмөт уюмдарга байланыштуу изилдөөлөрү менен
таанымал, профессор Бурханеттин Жан бул уюмдардын Альберт Эйнштейн институтунун
негиздөөчүсү Джин Шарп тарабынан сунушталган ыкмаларды колдонуп, ийгиликке
жетээрин белгилеген. Шарптын «The
Politics of Nonviolent Action» (Зомбулуксуз кыймыл саясаты) жана «From Dictatorship to Democracy» (Диктатурадан
демократияга) аттуу китептеринде сүрөттөлгөн ыкмаларды 10 топко чогултууга
болоорун айткан Жан башында уюмга бир сөздөн турган бир ысым ыйгарылып,
жаштарды жана студенттерди ошонун тегерегине чогултуу сунушунун айтылганын
белгилеген.
![]() |
| Гези паркындагы окуяларда коммунисттик афишалар менен бирге гомосексуалисттик афишалардын орун алышы мунун артында Британия терең мамлекетинин турганын далилдейт. |
![]() |
| Джин Шарп жана китеби. |
Анын айтуусу
боюнча, Джин Шарптын сунуштаган жол картасы төмөнкүдөй:
n Жаштарды уюштуруп, ал уюмга ат коюу.
n Жөнөкөй жана таасирдүү
бир ураан иштеп чыгып, аны жайылтуу.
n Улуттук жана эл аралык
маалымат каражаттарынын колдоо көрсөтүүсү.
n Эл аралык фонддордун
жана бейөкмөт уюмдардын акчалай колдоо көрсөтүүсү.
n Элдин митингге чыгышына
эң ыңгайлуу учур болуп саналган шайлоо процессин колдонуп, шайлоонун алдында
даярдыктарды жүргүзүү. Шайлоодон алты ай мурда «шайлоодо бурмалануулар болот»
деген күмөндөрдүн бар экенин айтып, кооптонууну пайда кылуу жана шайлоого
карата күмөндөрдү күчөтүү.
n Чыңалууну күчөтүү.
Экономикалык манипуляция жасоо.
n Этникалык жана диний
айырмачылыктарды козгоп, адамдарды бири-бирине көкүтүү.
n Системага нааразы
болгондорду бир топко бириктирүү. Элге сөзү өтө турган жана бийлик четке
түрткөн атактуу кишилерди алдыңкы планга чыгаруу.
n Армиянын жана
коопсуздук күчтөрүнүн арасынан тарапкерлерди чогултуу же жок дегенде аларды
нейтралдаштыруу. Бийликке болушпоосун, жок дегенде окуяларга кийлигишпөөсүн
камсыз кылуу. Бул адамдардын эр жүрөгүрөөк болушуна шарт түзүп, катышуучулардын
санын көбөйтөт.
n Тарапкерлерди көчөдөн
кетирбей кармап, бийликтин абройун жана эркин майтаруу. Көчөдөн митингчилер
үзүлбөсө, бийлик жалгыздайт. Бийликтин тарапкерлери азайат.454
![]() |
| Гези паркындагы окуяларда коммунисттик афишалар менен бирге гомосексуалисттик афишалардын орун алышы мунун артында Британия терең мамлекетинин турганын далилдейт. |
Этникалык жана
диний айырмачылыктар Осмон империясынан бери Британия терең мамлекети тарабынан
дайыма, эң көп колдонулуп келген бир жагдай болгон. Британия терең мамлекетин
кайсы бир өлкөнүн жарандарынын бакубаттыгы же алардын укуктары такыр
кызыктырбайт; аларды провокация максатында гана колдонот. Ошондуктан азчылыктар
эң бакубат жашаган учурларда да аларды көкүтүүгө аракет кылган. Акылман
элибиздин көпчүлүк бөлүгү бул провокацияларга алдырбастан, Британия терең
мамлекетинин оюнун таш каптырган. Бирок Британия терең мамлекети көбүнчө PKK
уюмунун тарапкерлерин көкүтүү жана бир гана ошолорду алдыңкы планга чыгаруу
аркылуу ошолорду гана азчылыктардын өкүлү катары чагылдырууга аракет кылган.
Гези паркындагы окуяларда PKK уюмунун мүчөлөрү активдүүлүгүн көрсөткөн жана
алар «бийликтен тажаган күрттөр» деп чагылдырылган. (Күрт бир туугандарыбызды
аруулайбыз.)
Эл арасынан
тандалган, карама-каршы көз-караштагы, атактуу кишилер Гези паркындагы
окуяларда дал сүрөттөлгөндөй алдыңкы планга чыгарылган жана алар өзгөчө
Британия терең мамлекетинин карамагындагы бир катар ири маалымат каражаттарында
дээрлик күн сайын жарыяланып турган. Британия терең мамлекети алдаган
кишилерин, пландалгандай көчөдөн кетирбей кармаганга аракет кылды, бирок
ийгиликке жете алган жок. «Көчөдөн митингчилер үзүлбөсө, бийлик жалгыздайт»
деген планы тескериге айланды. 2016-жылдын 15-июлундагы чыккынчы төңкөрүш
аракетинен соң, адамдар тескерисинче бийликке колдоо көрсөтүү максатында
митингдерге чыгышты.
![]() |
| Гези паркындагы окуялар зомбулукчул акцияларга айланышы үчүн PKK уюмунун митингдерге чыгышы Соростун планы. |
Эл аралык маалымат
каражаттары тарабынан көрсөтүлчү колдоонун ачык коом үчүн белгиленген жол
картасынын маанилүү бир баскычы экенин жогоруда карадык. Гези паркындагы
окуяларда буга абдан басым жасалды. Жалган маалыматтар укмуш жогорку деңгээлге
жетти. Эң активдүүсү, албетте, Британиянын маалымат каражаттары болду.
Британиянын эң
көп окулган гезиттеринин бири «Guardian»
«Стамбулдагы нааразылык акциялары түрк жазынын уруктарын сээп жатат» деген
теманы колдонгон. Ричард Сеймур бул макаласында «Стамбулдагы кичинекей парктын
жок кылынышына нааразылыгын билдирген митингдер режим үчүн өзгөчө кырдаалга
айланды жана потенциалдуу түрк жазынын
пайдубалы болушу мүмкүн» деп жазган.
![]() |
| Гези паркындагы окуялар учурунда жарыяланган кабарлар. |
«Financial Times» Даниэль Домби тарабынан
даярдалган кабарында «оппозициячыл саясатчылардын жана кээ бир серепчилердин
Таксимдеги нааразылык акцияларын өкмөттүн барган сайын күчөгөн кысымчыл
башкаруусунун бир натыйжасы катары баалашаарын» белгилеген.
«Financial Times» бул окуялар учурунда Стамбулда болгон бир
британиялык профессордун жазган катын жарыялаган. Данди университетинин
Энергетика, мунайзат жана тоо-кен мыйзамдары жана саясаты кафедрасынын башчысы,
профессор Питер Кэмерон бул катында түрк өкмөтүн «Советтер сыяктуу мамиле жасап
жатат» деп айыптаган.
«BBC» бул окуялар учурунда Стамбул биржасында 10%дан
ашуун төмөндөө болду деп жарыялаган жана түрк лирасы да кунун жоготту, бул
«инвесторлорду кооптондуруп жатат» деп айткан.
Нааразылык акциялары учурунда көңүлдөрдү бурган «кыймылсыз киши» (duran adam) нааразылыктын
бир формасы болгону менен, негизи өзүнөн-өзү келип чыккан эмес. «Кыймылсыз
киши» акциясын баштаган Э.Г.нын мурда соросчул революцияларды башынан өткөргөн
Сербияда көп жолу болгону жана ал жерде көптөгөн акцияларга катышканы
аныкталган. Ал төмөнкү акцияларга катышкан:
«Body» (дене) 22. Festival Grad Theatre City Budva, Ukus Mora Budva, Montenegro (Монтенегро)
«Scar» (жараат) 12. International Festival of Choreographic Miniatures, Raša Plaovic, Belgrade (Белград)
Мындан тышкары,
Гези паркындагы окуялар учурунда Германиянын бир жараны Стамбулдун Таксим
майданында пианино ойногон. Албетте, музыка абдан жагымдуу нерсе жана ар дайым
аны колдоо керек. Бирок бул киши Украинада жана башка соросчул революция
аракеттеринде да алдыңкы планда жүргөн, демек мындагы максат такыр башка
болгон.455
![]() |
| "Кыймылсыз киши" акциясы ачык коомдун ыкмаларынын бири. |
![]() |
| "Кыймыл киши" акциясы сыяктуу, пианино ойногон немец пианист да ачык коомдун бир стратегиясы. Немец пианист мындан мурда Украинада жана башка Сорос акцияларында да башкы рольду ойногон. |
![]() |
| Биринчи жолу Югославияда пайда болгон муштум формасындагы ОТПОРдун эмблемасы кийинчерээк Египет жана Түркияда колдонулган. Ыкмалар, актерлор жана оюндар өзгөрбөйт. |
Гези паркындагы
окуялар учурунда коопсуздук кызматына жиберилип, андан ары сотко өткөрүлгөн бир
жазууда «Түркияда сербиялык ОТПОР жана сербиялык CANVAS уюмдары тарабынан бир
элдик кыймылды уюштуруу аракетинин көрүлгөнү жана бул уюмдардын Түркияда атайын
даярдыктан өткөрүү иштерин жүргүзгөнү» айтылган. BBC каналынын бул кабардан соң
ОТПОР жана CANVAS уюмдарын актоо аракеттери өзгөчө көңүлдү бурган. Бирок бул
аракеттер учурунда дагы бир жагдай аныкталган: Сербиядагы CANVAS уюмунун лидери
Попович BBC каналына 2012-жылы, б.а. Гези паркындагы окуялардан бир жыл мурда
Стамбулда уюштурулган эл аралык коопсуздук жана терроризм темасындагы бир
конференцияга катышканын айткан. Ал конференцияны Стамбулда британиялык Рейтер
(Reuters) фонду уюштурган.
Сорос колдоо
көрсөткөн революциялар менен Гези паркындагы окуялардын бардык процесстери
окшош болгон. Жаштар социалдык тармак аркылуу уюшкан жана окуяларга эң чоң
колдоону Британия менен АКШнын маалымат каражаттары көрсөткөн. Сербияда ОТПОР
тарабынан башталган акциялар Британиянын жана АКШнын маалымат каражаттарында
түз эфирде көрсөтүлгөн. Гези паркындагы окуяларда да митингдер «CNN
International» каналынан дээрлик 24 саат түз эфирден жарыяланып турган. Ар бир
секундасына миллиарддаган каражат коротулган бул каналдын Түркиядагы
митингдерге эмне үчүн мынчалык маани бергени олуттуу суроолордун бири.
Социалдык
тармактарды анализдөө системасынын негиздөөчүсү Йасин Кесендин айтуусу боюнча,
2013-жылы 31-майда, т.а. Гези паркындагы окуялар күчөгөн мезгилде 15.247.000
твит жазылган жана анын беш миллиону чагымчыл максаттагы жалган маалыматтардан
турган.456 Бул жалган твиттердин биринде Евразия
марафонунун катышуучуларынын сүрөтү «митингчилер массасы көпүрөдөн өттү» деген
билдирүү менен бирге жарыяланып, Босфор көпүрөсүнөн Таксим майданына бараткан
кишилердей чагылдырылган.
Белгилүү
маалымат каражаттарынын бир бөлүгү да мындай жалган маалыматтарга колдоо
көрсөткөн. CNN International Режеп Таййип Эрдогандын элге кайрылуусунан
тартылып алынган кадрларды «өкмөткө каршы чыккан митингчилер» деп жарыялаган.457 Социалдык тармактарда армия кийлигишкени жатат
деген жалган ушактар таратылган. Көчөлөрдө жүздөгөн адам өлдү деген жалгандар
ооздон оозго айтылып, Ирак жана Сириядагы зомбулуктардан тартылып алынган
сүрөттөр Стамбулдун Таксим майданында болгондой чагылдырылып, провокация
аракеттери көрүлгөн.
Жалган
маалыматтарды таратуу плансыз бир стратегия эмес. Жалган маалыматтарды таратуу
ыкмалары көбүнчө абдан кылдат пландалат жана ушул сыяктуу акциялар учурунда
кеңири колдонулат. Көбүнчө бул ыкма элди оңой көкүтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Бирок Британия терең мамлекети түрк элинин акылмандык менен мамиле кылаарын
эске алган эмес, сыягы.
![]() |
| Бул сүрөттө жалган маалымат таратуунун бир мисалы чагылдырылган. |
![]() |
| Бул сүрөттө жалган маалымат таратуунун дагы бир мисалы чагылдырылган. Чет өлкөдө бир кеменин пропеллеринен жараланган кишинин сүрөтү "полиция тарабынан танка менен тебелетилди" деп жарыяланган. |
Сорос фондунун Түркиядагы башка оюндары
![]() |
| Карен Фогг жана Догу Перинчектин китеби. |
Карен Фогг
окуясы бул аракеттердин бир мисалы. Европа Союзунун Түркиядагы өкүлү болуп
дайындалган Карен Фоггдун түрк саясатчы Догу Перинчек тарабынан жарыяланган бир
катар электрондук каттары Түркияга байланыштуу кеңири масштабдуу пландардын
жүзүн ачкан. Перинчек бул кишинин «Британиянын
чалгындоо кызматтарынын эң жогорку деңгээлинде жайгашканын» белгилеген. Каттардын
ашкереленишинин натыйжасында Фогг кызмат мөөнөтүнүн бүтөөрүнө 1,5 жыл калганда
Түркиядан кетүүгө мажбур болгон.
Перинчек
каттардын анализине карап, төмөнкүдөй жыйынтыктарды чыгарган:
Карен
Фоггдун электрондук каттары Европа Союзу менен Түркиянын мамилелеринин
рентгенин берет.
Европа
Союзунун стратегиялык максаты: түрк мамлекетинен жана тарыхынан өч алуу.
Маданий
тармактагы милдет: Түркия жаштарынын улуттук иденттүүлүгүн бузуу.
Саясий милдеттер:
борборлору Кипр, Эгей, Диярбакыр болгон автономдуу мамлекеттерди куруу.
Колдонула
турган күчтөр: «уктап жаткан иттер».
Уюшуу: Карен
Фогг желеси.
Иш-чаралардын
формасы: тынчтыкчыл оппозициядан коомдук жарылууларга.
Уюшуу жана
иш-аракет жүргүзүү формасы: жашыруун, тымызын, коддорду, сырсөздөрдү колдонуу
аркылуу.458
Бул электрондук
каттардан дагы бир жыйынтык келип чыгат: Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР)
жана ошол кездеги ТКТРнын президенти Рауф Денкташка каршы жүргүзүлгөн
пропаганданы Карен Фоггдун соросчул бейөкмөт уюмдар менен биргелешип жасаганы
аныкталган.
Догу Перинчек
электрондук каттар колуна тийген соң, бир катар маалымат жыйындарын өткөрүп,
анда мындай деп билдирген:
Мадам Фогг,
колго тийген жети миңдей электрондук каттын мазмунуна караганда, өкүлчүлүк
милдетинин чегинен алда качан чыгып кеткен; Түркияда иш жүзүндө бешинчи кол
кыймылын уюштуруу аракеттерин жүргүзүп, бул багытта журналисттер, илимпоздор,
бейөкмөт уюмдар жана кээ бир бюрократтар менен бир «желе» түзгөн жана чоң
каражаттар менен түзүлгөн топтор Британиянын
кызматчыларына айланган.459
Бийликке каршы
желелерге байланыштуу Соростун аты аралашкан дагы бир жагдай болсо 2017-жылы
июльда Стамбулдагы Чоң аралда (Büyükada) өткөрүлгөн көтөрүлүш чогулушу болгон.
Бул чогулуш Гези паркындагы окуялардан жана 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш
аракетинен соң, жаңы бир көтөрүлүштү баштоо максатында уюштурулуп, чогулушта PKK
менен DHKP-C уюмдарынын кызматташтыгы талкууланган. Чогулуш учурунан алынган
карталарда Түркиянын чыгыш жана түштүк-чыгыш аймагы Түндүк Ирактагы жана
Сириядагы күрттөр жашаган жерлер менен бириктирилип, жаңы бир аймак катары
чийилген. Ал аймактарга террордук топтордун ысымдары ыйгарылган. Ошондой эле,
бул картада Иранга караштуу белгилүү аймактар да бир чек аранын ичинде
көрсөтүлгөн.460
Бул чогулушта «Bylock»
программасынын колдонулушуна байланыштуу түшүндүрмөлөрдүн берилиши бул
чогулуштун ФЕТӨ менен да байланыштуу экендигин көрсөткөн жана абдан кеңири
масштабдуу бир план экендиги аныкталган. Кармалгандардын арасынан ФЕТӨнүн
мүчөсү катары сот айыбы тагылган кишилердин чыгышы да бул абалды тастыктаган.461
Бул багытта
тиешелүү иликтөөлөр жүрүп жатат. Бирок буга байланыштуу дагы бир маалымат
аныкталды. Бул чогулушка катышкан кишилердин бирөөсүнүн Соростун уюмдарында
кеңешчилик кызматын аткараары белгилүү болгон. Ал кишинин компьютеринен
чогулушка тиешелүү документтер жана андагы сүйлөшүүлөр алынды. Ал документтерде
мындай деп айтылган:
• Референдум учурунда максат белгилүү
болчу, «жок» жыйынтыгын алуу эле. Эмичи? Эми биз көтөрүлүштүн өзүнөн-өзү чыгышын
күтүп отура албайбыз. Бир саясий программабыз болушу керек.
• Биз AKPнын (Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын) лидерин ээрчиген
түзүлүштөрдү эмес, түздөн-түз өндүрүүчүлөрдү колдонуп, бул экономикалык
системаны, капиталды кулатууга муктажбыз.
• Бизге колдоо көрсөткөн бейөкмөт уюмдар
ж.б. менен сүйлөшүп, бир Элдик курултай уюштуралы. Пилоттук аймак катары
Кадыкөйдө бир аянтча түзүлсүн.462
Көрүнүп
тургандай, мындагы негизги максат - Түркияда бийликти кулатуу, өлкөнүн
экономикасын толугу менен талкалоо жана өлкөнү бөлүктөргө бөлүү. Буга «пландуу
бир карама-каршылык» кыймылын уюштуруу аркылуу жетүүгө болот деп ойлошкон.
Бирок пландары таш капты.
Компьютерден
чыккан төмөнкү план ачык коомдун алкагында Түркияны кантип башаламандыкка
түртүү максатынын коюлганын апачык далилдеп турат:
Биз
карама-каршылыктын өзүнөн-өзү чыгышын күтүп отура албайбыз. Адилеттүүлүк
митингдерин райондордо өткөрөлү. Жумушунан айдалган мугалимдер менен
семинарларды уюштуралы. 3 лирага идиш алып сынды, кайра кайтар деп митингдерди
уюштурсак болот. Күн сайын митинг өткөрүшүбүз зарыл.
Ой-пикирлер
менен, жөө жүрүштөр менен муну Стамбулга жайылтууга аракет кылалы. Балким ... жай
айын да активдүү акцияларга айландыра алабыз. Гези паркында да ушундай эле
болчу. Абдан күчтүү эле, согушчан эле, бирок өчүп калды. Биз өндүрүүчүлөрдү
колдонуп, бул экономикалык системаны кулатышыбыз керек. Булардын баарын
жасайлы. ... Бизге колдоо көрсөткөндөрдүн баары менен сүйлөшүп, бир программа
иштеп чыгалы. Программа бирөө эле, AKPдан (Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынан)
кутулуу. Көчөгө чыгуу жана уюшуу маанилүү, бирок булар бир курал. Биздин максат
- AKP.463
Бул окуя
2016-жылы 15-июльдагы төңкөрүш аракети учурунда Чоң аралдагы (Büyükada) «Splendid»
отельде өткөрүлгөн жашыруун чогулушту эске салган. Төңкөрүш аракети жүрүп
жаткан учурда эки күнгө созулган ал чогулушка ЦРУнун кеңешчиси, америкалык
профессор Генри Барки баш болгон, көпчүлүгү чет өлкөлүк, эл аралык
серепчилерден жана мугалимдерден турган 17 киши катышкан.
Кызматкерлердин
айтуусу боюнча, командасы менен атайын бир бөлмөдө таң атканга чейин төңкөрүшкө
байланыштуу жаңылыктарды көргөн Барки АКШ менен тынымсыз телефондук
сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле, отель кызматкерлеринен «CNN International»
жана «Voice of America» менен түз байланышка чыгуу үчүн керектүү даярдыктардын
көрүлүшүн суранган.
Отельдеги
жашыруун чогулушка катышкан дагы бир кызыктуу ысым Европа Союзунун Жакынкы
Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын жооптуусу, European Council of Foreign
Relations (ECFR) уюмунун мүчөсү Элли Геранмайе болгон. Геранмайе төңкөрүш
аракети көрүлгөн түнү твиттерден жиберген чагымчыл билдирүүсүндө: «Эрдоган FaceTime аркылуу «CNN Türk»
каналына байланышка чыгып, элди көчөгө чыгууга үндөдү. Ал ортодо өзү коопсуздук максатында кошуна өлкөгө кетип жатат»
деген сөздөрдү айткан.464
![]() |
| "Splendid" отель |
Генри Барки отельдеги бир кызматкерге: «Түркияга биринчи жолу келгенимде HSBC жарылды. Экинчисинде Гези паркындагы окуялар башталды. Эми болсо төңкөрүш аракети болду» деп, бул окуяларга тиешеси бар экенин мойнуна алган. 2016-жылы 19-июльда отельден кетип баратып, сурап-билүү бөлүмүнө (reception) бетине «Пенсильвания» (ФЕТӨ террордук уюмунун лидери Фетхуллах Гүлендин жашаган штаты) деп жазылган бир коңгуроону калтырып кетиши да атайын бир белги болгон.465
АКШнын Тышкы иштер министрлигинде жана ЦРУда иштеген, Жакынкы Чыгыш боюнча адис жана «мелүүн» Ислам теоретиги Элен Барки (Генри Баркинин жубайы) да ЦРУнун жогорку даражадагы кызматкерлеринин бири. Барки ЦРУнун Жакынкы Чыгыш боюнча дагы бир адиси Грэм Фуллер менен бирге «Түркиянын күрт маселеси» аттуу китеп жазган. Түркиядагы «PKK» аттуу сепаратисттик террордук уюмдун лидери Абдуллах Өжаланга качкында жүргөндө Италияга кабыл алынышы үчүн сунуштоо катын жазган да Генри Барки болгон. Грэм Фуллер болсо ФЕТӨ лидери Фетхуллах Гүленге «грин-карт» (green card) берилиши үчүн Пенсильваниядагы федералдык сотко сунуштоо катын жазган. Фуллер, ошондой эле, АКШнын маалымат каражаттарындагы Гүленди мактап, жактаган жалындуу макалалары менен да белгилүү.466
15-июльдагы
төңкөрүш аракети учурунда 1919-жылы Стамбулду басып алуу учурунда
британиялыктар тарабынан армиянын штабы катары колдонулган «Splendid» отелинин
база катары тандалышынын да символикалык мааниси болгон.
![]() |
| Генри Баркинин Грэм Фуллер менен жазган "Түркиянын күрт маселеси" аттуу китеби (оңдо), Фуллер да Барки сыяктуу ФЕТӨ кыймылын мактаган макалаларды жазган (солдо). |
Стамбулдун Чоң
аралындагы 15-июльдагы төңкөрүш чогулушун коомчулукка биринчи болуп жарыялаган
жана аралга болгон тыңчылардын агымын ошол күндөн баштап кылдат көзөмөлгө алган
депутат Орхан Делигөз бул чогулуштардын АКШнын ЦРУ (CIA) жана Британиянын MI6
тыңчыларынын жетекчилиги менен өткөрүлөөрүн, тыңчылардын аралда
британиялыктарга тиешелүү көптөгөн виллаларды жана 4 отельди колдоноорун, ал
отельдердин жашыруун бөлүктөрү бар экенин, акыркы чогулуштун ошол бөлүктөрдө
өткөрүлгөнүн кабар берген.467
Көздөлгөн өлкө: Түркия
Британия терең
мамлекети - Аз. Мехди (ас)дын акыр заманда чыгаарын жана элге Стамбулдан
көрүнөөрүн эң жакшы билген бир дажжал комитети. Ошондуктан бул аймакта
өкүмчүлүк кылган улуу Осмон империясын алсыратып, бөлүү иш-аракеттери жана
андан кийин бул аймакта ойнолгон оюндар плансыз, өзүнөн-өзү келип чыккан
нерселер эмес. Түркияны ар дайым мээлеп келишкен.
Түркиянын
башынан өткөргөн төңкөрүштөрү, Кипр маселеси, митингдер, оңчулдар менен
солчулдардын кагылышуулары, меморандумдар, экономикалык кризистер, Гези
паркындагы окуялар, 2014-жылдын 6-7-октябрындагы окуялар, 2016-жылдын
15-июлундагы төңкөрүш аракети жана дагы канчалаган аракеттердин баары Түркияны
кулатуу үчүн жасалган. Түркия Британия терең мамлекетинин канчалаган
аракеттерине, башынан өткөргөн аскердик төңкөрүштөргө, экономикалык кризистерге
жана эмбарголорго карабастан, ар дайым аман калып, барган сайын күчтөнүп келе
жаткан жалгыз өлкө.
Аллах Түркияны
коргоодо. Британия терең мамлекетинин Түркияга багытталган бир оюну да
ийгиликке жетпейт. Бирок түрк эли мындай оюндардын үзгүлтүксүз уланаарын,
Британия терең мамлекетинин Түркияны бөлүп, алсыратуу пландарын мындан ары да
улантаарын билиши керек. Муну билгенде, болуп жаткан окуялардын өзүнөн-өзү
келип чыкпаганын, элди бири-бирине тукурууга аракет кылган интригалардын
артында ар дайым Британия терең мамлекетинин турганын аныктоо мындан да жеңил
болот. Муну билсек убакыт жагынан да, мүмкүнчүлүк жагынан да, күч жагынан да
утабыз.
Британия терең
мамлекетинин өлкөлөрдү бөлүү стратегиясынын мээримсиздик, күмөн саноо, бөлүнүү,
жек көрүү жана руханий боштук түшүнүктөрүнө таянаарын эстен чыгарбоо керек.
Ошондуктан элибизди жок жерден күмөнгө салган, таш боордукту жайылтууга жана,
эң негизгиси, бизди руханий баалуулуктардан алыстатууга аракет кылган бардык
кыймылдардын дажжалдын кыймылы экенин түшүнүү зарыл. Мындай учурларда түрк эли чечкиндүүлүгүн
жана акылмандыгын көрсөтүп, өзгөчө өлкөнүн ичинен тандалган тыңчы кошоматчылардын
жүзү кара чагымчыл аракеттеринен алыс болушу керек. Өлкөбүздүн аймагында
Британия терең мамлекетинин оюндары ойнолуп баштаганда биз ар дайым
ынтымагыбызды чыңдашыбыз зарыл. Түрк эли тандалган өлкөнүн тандалган эли экенин
унутпашы керек.
Бул аймакта эзилгендерди
коргоо сыпаты да түрк элинин мойнуна жүктөлгөн. Тарых муну тастыктаган жана
бүгүнкү күндө кыйналган качкындардын өлкөбүздөн башпаанек табышы муну дагы бир
жолу далилдеди. Ошондуктан түрк элинин мамлекети менен, желеги менен, ыйманы
менен бүтүн бойдон бек турушу абдан маанилүү. Бул Жакынкы Чыгыштын кыйналып
жаткан бардык өлкөлөрүнө күч-кубат берет. Ушул себептен, тектүү элибиз
мойнундагы жоопкерчиликти сезип, кара ниеттердин пландарына жол бербеши керек.
Бул оңчул-солчул маселеси же бул партия-тигил партия маселеси эмес. Мекенибиз
жана элибиз үчүн бир жакадан баш чыгарышыбыз зарыл.
Британия терең
мамлекетинин оюндарын билүү, албетте, өлкөбүздүн улуттук биримдигин бекемдейт.
Британия терең мамлекети бир өлкөнү кулаткысы келгенде, алгач анын руханий
баалуулуктарын, андан соң улуттук биримдигин жок кылууга аракет кылат. Демек,
руханий баалуулуктарыбызды бекемдеп, мекен үчүн баарына даяр экенибизди
көрсөтүшүбүз зарыл. 15-июльдагы төңкөрүш аракетинин планы башынан аягына чейин
Британия терең мамлекети тарабынан иштелип чыккан.
Бул аракетинде
элибиздин акылмандыгына толук күбө болгон Британия терең мамлекети бош турбастан,
башка ыкмаларды колдонуп көрүүнү улантат. Британия терең мамлекетин жеңилүүгө
дуушар кылуу түрк элинин тагдырына жазылган. Ошондуктан коркунучтун кайдан
келээрин жакшы билип, ар дайым сак болуу керек.
Улуу жол башчы
Ататүрктүн төмөнкү сөздөрү түрк элинин көз-карашын эң таамай чагылдырган:
Элибиз
курган мамлекеттин тагдырына, эгемендүүлүгүнө эч кимдин колун тийгизбейбиз.
Элибиздин кызыкчылыктарына байланыштуу маселелерде чет өлкөлүктөрдүн ойлорунун
мааниси жок. Биз багытыбызды чет өлкөлүктөрдүн көз-караштарына тууралоо
алсыздыгын жаман көргөндөрдөнбүз! (Нутук - 1927)
Улуу Раббибиз
мындай деп билдирген:
Жакшы шаардын
өсүмдүгү Раббиңдин уруксаты менен чыгат; жамандан болсо куураганы гана чыгат.
Биз шүгүр кылган бир коом үчүн аяттарды ушинтип ар кандай түрдө чечмелейбиз.
(Аьраф Сүрөсү, 58)
Бархат революциясынын кандуу жыйынтыгы: Араб жазы
«Диктаторлордон
кутулуу», «эркиндик үчүн күрөш», «демократия кыймылдары» деген сыяктуу ураандар
менен башталып, бүт дүйнөгө «араб дүйнөсүнүн боштондук күрөшү» деп
чагылдырылган араб жазы көтөрүлүштөрү чындыгында Британия терең мамлекетинин
тымызын оюндарынын бири болчу. Өкүнүчтүүсү, араб дүйнөсүнүн көпчүлүк бөлүгү бул
тымызын оюндун тузагына түшүп, натыйжада миллиондогон мусулмандар шейит болду
жана өлкөлөр Британия терең мамлекетинин карамагындагы мекемелер тарабынан
басып алынып, террордук уюмдар күчөдү.
«Араб жазы» деп
аталган көтөрүлүштөр негизи Британия терең мамлекетинин «элдик кыймылдарды»
уюштуруу аркылуу өлкөлөрдү ичинен кулатуу стратегиясынын маанилүү бир мисалы.
Анткени, бул көтөрүлүштөрдү башынан өткөргөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө бийликтер
алмашып, Британия терең мамлекети максатына жетти; бирок мусулман элдер ички
кагылышуулардын ортосунда калды. Бул көтөрүлүштөрдү башынан өткөргөн өлкөлөрдү
караганыбызда, бүт баарында кооптуу туруксуздуктардын жана башаламандыктын
уланып жатканын көрөбүз. Бул өлкөлөрдүн бирөөсү дагы соросчулдар убада кылган «эркиндик
жана демократияга» жете алган жок. Бир туугандардын бири-бирине болгон жек
көрүү сезими менен террордун күчөшүнөн башка эч кандай натыйжа алынган жок.
Соросчулдар
тарабынан пландалган «араб жазы» долбоорунун идеясы Збигнев Бжезинскийге
таандык. Анын долбоору «Global Political Awakening» (Глобалдык саясий ойгонуу)
деп аталган. Бул долбоор боюнча, телевизордон баштап социалдык тармактарга
чейин, бардык маалымат каражаттары колдонулуп, миллиондогон адамдар бир
максатты көздөй багытталат, калганын соросчулдар тарабынан азгырылган
студенттик топтор менен бейөкмөт уюмдар жайгарат. Массалык көтөрүлүшкө
«демократиялашуу» деген ысым ыйгарылат. Араб элдерине кеңири масштабдуу
«боштондук» убада кылынган. Бирок эч кандай боштондук берилбестен, тескерисинче
өлкөлөрдүн Британия терең мамлекетинин карамагындагы финансылык уюмдарга болгон
көз-карандылыгы ансайын өсөт.
Араб жазы – бул,
жалданма аскерлер ар кайсы кейипке кирип, көптөгөн өлкөлөрдө партизандык согуш
жүргүзгөн, Британия терең мамлекетинин ар кайсы бутактары ошол жалданма
аскерлерди жана тыңчыларды колдонуп өлкөлөрдү башаламандыкка бөлөгөн Жакынкы
Чыгышты бөлүп жаруунун жаңы стратегиясы. Бул стратегиядан күтүлгөн жыйынтык
толук алынбаса да, көпчүлүк бөлүгү алынды. Сириянын учурдагы абдан кейиштүү
абалы Британия терең мамлекетинин мүдөөлөрүн толук чагылдыра алат. Ливия болсо
«гуманитардык кийлигишүү» деген шылтоо менен НАТО коалициясы тарабынан дагы
деле бомбаланып, жалданма аскерлер тарабынан жүргүзүлгөн жашыруун операциялар
эч токтоосуз уланууда. Өлкөдө туруктуу бир өкмөт жок жана улам ар кайсы топ
өзүн өкмөт деп жарыялоодо. Мунайзатты бөлүшүү күрөштүн бир бөлүгүн түзүүдө,
бирок негизги үлүштү Британия терең мамлекети алууда.
![]() |
| Араб жазы окуялары. |
Wikileaks
документтеринде ашкереленген электрондук каттар араб жазынын кеңири масштабдуу
бир долбоордун алкагында ишке ашырылып жаткандыгынын маанилүү далилдерин
көрсөткөн. Ливияда көтөрүлүштөр күтүлгөн жыйынтыкты берээр замат, ошол кездеги
тышкы иштер министри Хиллари Клинтонго жакын курбусу Сидни Блюментальдан
төмөнкүдөй кат келген:
Эң
биринчиден браво! Каддафи кулатылаары менен каерде болбогун, ошол замат
камеранын алдына чык. Элдин баарына бул тарыхый көз ирмем деген сезимди
тартуула. Басым жасашың керек болгон эң негизги сүйлөм төмөнкүдөй болушу керек:
«ийгиликтүү стратегия»...
Бул
ийгиликтүү стратегиянын артында эмне үчүн АКШнын тургандыгына кененирээк
токтол. Биз бир кеңири масштабдуу адамзат драмасына бөгөт койдук. Каддафи
апрельде 2000ден ашуун адамды өлтүрдү. Бенгазиде жашаган он миңдеген, ал
тургай, жүз миңдеген адамды өлүм менен коркутту. ... Бул Батыш союзундагы
кызматташтыктын өз ара максаттарыбызды ишке ашыра алаарынын бир далили.468
![]() |
| Хиллари Клинтондун "ийгиликтүү стратегиясы" катары көрсөтүү максатында даярдалган Ливия революциясы өлкөнү өтө оор абалга алып келди. |
Бул жерде
айтылган «ийгиликтүү стратегиянын» бир эле материалдык зыяндары төмөнкүчө: араб
жазын башынан өткөргөн өлкөлөр көтөрүлүштөр башталган 2011-жылы 55 миллиард
доллар зыянга учурашты. 2014-жылкы HSBC баяндамасы боюнча, Египет, Ливия, Ирак
жана Сириядагы араб жазынын чыгымы 800 миллиард долларга жеткен.469 Көтөрүлүштөрдөн кийин экономика толугу менен
токтоп, Ирак дээрлик террордун уюгуна айланды, Сирия болсо курал-жарак
өнөр-жайынын негизги рыногу болуп калды. Эл жегенге нан, ичкенге суу таппай, ал
тургай, ачарчылыктан көз жумгандар болду; бирок миллиарддаган долларлык
курал-жарактар кардарсыз калган жок.
Жалданма
аскерлердин жайгаша турган жерлери кагылышуулардын алдында аймакка чалгындоого
келген Британия терең мамлекетинин кызматчылары тарабынан аныкталат. Кечээ күнү
Иракта Аль-Каиданын атынан согушкандар бүгүн Сирияда YPG уюмунун атынан согушуп
жатышат. Алар үчүн согушкан тараптын идеологиясынын эч кандай мааниси жок.
Аларды бир гана алган акчалары кызыктырат. Кээде террордук уюмдар Британия
терең мамлекетине кызмат кылган топтор катары пайда болушат. Китептин кийинки
томунда Британия терең мамлекети менен террордун байланышын карап, бул багытта
абдан маанилүү маалыматтарга токтолобуз.
Азыркы учурдагы
АКШ менен YPG уюмунун союзу мунун эң ачык мисалдарынын бири. АКШнын жалданма армиясы
катары кызмат кылган YPG уюму бүт дүйнөнүн көз алдында, ачык эле АКШ тарабынан
колдоого алынып, келишимдер аркылуу эң заманбап курал-жарактарга ээ болууда.
![]() |
| АКШ Сирияда "YPG" уюмун өзүнүн жалданма армиясы катары көрүүдө. Бирок АКШ мунун Британия терең мамлекетинин оюну экенин али биле элек. |
Россиянын
президенти Владимир Путин 2015-жылы 28-сентябрьда БУУнун генералдык
ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө мындай деди:
Социалдык
жана саясий өзгөрүүнү каалаган аймактын эли өтө жаман алданды. Жашоолору жакшырбастан,
тескерисинче параличке (шалга) айланды жана бардык улуттук мекемелери кулады.
Демократиянын жана өнүгүүнүн ордуна, эми оор жакырчылык жана социалдык апааттар
менен алышып жатышат. Адам укуктары мындай турсун, адам өмүрүнүн да баркы
калган жок... Кылганыңар өзүңөргө жактыбы? Кылганыңарды танууну уланткыла...
Эми Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада пайда кылынган бош жерлерди
террористтер каптады.470
Путин да Британия
терең мамлекетинин оюнун толугу менен билип турат жана бул сөздөрү менен аны эң
таамай сүрөттөгөн.
Араб жазында Эл
аралык кризис тобу
Өзгөчө араб жазы
окуялары учурунда активдүү иш-аракет жүргүзгөн International Crisis Group (Эл
аралык кризис тобу) – өзүн жарандык уюм деп атаган, бирок Британия терең
мамлекети тарабынан каржыланаары белгилүү болгон аналитикалык борборлордун
бири. Эл аралык кризис тобунун жылдык бюджети 15 миллион доллардан ашат. Бул
уюмга, мындан тышкары, Соростун Ачык коом институту да акчалай колдоо көрсөтөт;
аны Джордж Сорос да, уулу Александр Сорос да берет. Джордж Сорос, ошондой эле,
бул фонддун башкаруучулар кеңешинин мүчөсү.Уюмду Эд Хусейн, Эрик С. Эдельман жана Генри Барки менен бирге Түркия жөнүндө баяндамаларды даярдаган, 15-июльдагы төңкөрүш аракетин 2 жыл мурдатан баяндамасында сүрөттөп, ага колдоо көрсөткөн, ошондой эле, 1995-жылы Түркиянын он жылдын ичинде бөлүнөөрүн айткан, АКШнын Түркиядагы мурдакы элчиси жана Эл аралык мамилелер кеңешинин (CFR) мүчөсү Мортон Абрамовитц негиздеген.
Эл аралык кризис
тобу АКШдагы Карнеги эл аралык тынчтык фондунун (Carnegie Endowment for
International Peace) бир бутагы болуп саналат. Кризис тобунун жылдык 15 миллион
долларлык бюджетинин жарымы көпчүлүгү НАТОнун мүчөлөрүнөн турган көптөгөн
өлкөлөрдүн өкмөттөрүнөн келет.
Британиялык лорд
Крис Паттен топтун мурдакы тең төрагаларынын бири болгон. Паттен мурда Privy
Council уюмуна мүчөлүк кылган. Фонддун азыркы жетекчиси Жан-Мари Геэнно
2000-2008-жылдары БУУнун тынчтык күчтөрүнө жетекчилик кылган. Араб жазы
окуялары учурунда Араб өлкөлөрү лигасынын жана БУУнун Сириядагы атайын элчиси
болуп кызмат кылган. Андан мурдакы жетекчиси, Австралиянын мурдакы тышкы иштер
министри Гарет Эванс болсо кыскача мазмуну «эгер
бир өлкөдө оппозициячыл бир топ Батыштан жардам сураса, аны басып алууга болот»
деген мааниге келген «Коргоо жоопкерчилиги» (RtoP) мыйзамынын архитектору.
Эл аралык кризис
тобу өзгөчө Африкада иш-аракет жүргүзүп, Сьерра-Леонедеги шайлоого 10 миллиард
доллар топтогон жана кийинчерээк бул каражаттын жеңген тарапты окутууга
коротулганы айтылган. Бул окутуу көбүнчө аймактагы Британия терең мамлекетинин
үстөмдүгүнүн жакшы билинишине багытталат. Бул топ андан соң Израиль-Палестина,
Иран, Афганистан баш болуп, бүт дүйнөдө иш-аракеттерди жүргүзгөн. Канчалаган
баяндамаларды даярдап, бул өлкөлөргө байланыштуу көптөгөн сунуштарды киргизген
жана ал сунуштар көбүнчө ишке ашырылган. Афганистанга кийлигишүүгө үндөп, ал
жердеги аскерлердин санын көбөйтүүнү сунуштаган. Косоводо этникалык зомбулуктар
баштала электе жана бул жөнүндө эч кандай белгилер жок кезде, бир канча жума
алдын ала «этникалык зомбулуктар башталат» деп эскертүү жасаган. Эл аралык
кризис тобуна айтылган эң негизги сын-пикирлердин бири – бул, анын көбүнчө
согушка үндөшү.
Эл аралык кризис
тобу АКШнын Боснияга болгон кийлигишүү максатынын Босниянын элин куткаруу эмес,
«Атлантика союзун тарап кетүүдөн сактап калуу» болгондугун мойнуна алган.471
![]() |
| Картада араб жазы окуялары болуп өткөн өлкөлөр чагылдырылган. |
Америкалык жазуучу Диана Джонстон Эл аралык кризис тобу жөнүндө мындай дейт:
![]() |
| Джордж Сорос Эл аралык кризис тобунда сөз сүйлөө учурунда. |
Соростон 1
миллион доллар алган Эл аралык кризис тобу 1996-жылы февральда Сараевого келип,
АКШнын жетекчилиги астында өткөрүлгөн Дейтон сүйлөшүүлөрүнө байкоочулук кылган.
Кризис тобунун долбоор жетекчилигине тандалган киши болсо Британиянын Кувейттин
басып алынышын алдындагы Багдаддагы кишиси сэр Теренс Кларк болгон.
Балкандардагы окуялар учурунда Эл аралык кризис тобу көбүнчө «Косово чоң
мамлекеттердин башкаруусунун астында калышы керек» деген ойду жактаган. Топ
1998-жылы ок атпоо режими жарыяланганына карабастан, «Косово Белграддан
бөлүнүшү керек» деген пропаганданы уланткан жана Рамбуйе сүйлөшүүлөрүнөн соң НАТОнун
басып кирүүсү боюнча олуттуу пландарды түзүп баштаган. Кайрадан бомбалоо
коркутуулары Милошевичти келишимге кол коюуга мажбурлайт деп ишенген.473
Кризис тобу,
ошондой эле, Сербиянын да НАТО тарабынан басып алынышын сунуштаган. Анын
максаты Косовону НАТОнун контролунда тутуу болгон.474 Ошондой эле, бул топ араб жазы окуяларын да
башынан аягына чейин колдогон.475
Булактар:
410. Stanford
Encyclopedia of Philosophy “Karl Popper”,
https://plato.stanford.edu/entries/popper/
411. The
Philosophy of Karl Popper,chttp://www.stoa.org. uk/topics/popper/kp1.pdf
412. Karl
Popper, (1976), Unended Quest. An Intellectual Autobiography, LaSalle, IL: Open
Court, s. 167
413. Karl
Raimund Popper’in Bilim Felsefesi Nedir?, http://
www.felsefe.gen.tr/karl_raimund_popper_bilim_felsefesi.asp
414. Karl
Popper, (1976), Unended Quest. An Intellectual Autobiography, LaSalle, IL: Open
Court, s. 168
415. Popper,
a.g.e., s. 172
416. https://www.opensocietyfoundations.org/search?key=
LGBT
417. Adaletin
T Hali, https://aciktoplumvakfi.org.tr/projeler/adaletin-t-hali/
418. Türkiye’de
LGBTİ hareketi, https://aciktoplumvakfi.
org.tr/projeler/turkiyede-lgbti-hareketi/
419. Adnan
Öksüz, “Soros’tan Dudak Uçuklatan Destekler Kime!”, Milli Gazete, 5 Ocak 2016,
http://www.milligazete.com.tr/sorostan_dudak_ucuklatan_destekler_kime/adnan_oksuz/kose_yazisi/27727
420. Open
Society Foundations, “George Soros” https://www
.opensocietyfoundations.org/people/george-soros
421. “Keynote
Conversation: Europe and the Arc of Instability”,
https://www.chathamhouse.org/london-conference-2015/agenda/keynote-conversation-europe-and-arc-instability
422. “Afghan
Insurgency: Political Options and Humanitarian Implications”,
https://www.chathamhouse.org/ events/view/156077
423. Turkmenistan’s
Domestic and Foreign Policy, https:// www.chathamhouse.org/publications/papers/view/180329
424. “The
EU’s Africa Foreign Policy after Lisbon”, https://
www.chathamhouse.org/events/view/179149
425. “Kenya
and Uganda: Countering Terrorism with Human Rights Abuses?”,
https://www.chathamhouse. org/events/view/187309
426. “Ukraine:
Yanukovych is Caught in His Own Trap”,
https://www.chathamhouse.org/media/comment/view/196135
427. “Does
Britain Matter in East Asia?”, https://www.
chathamhouse.org/publication/does-britain-matter-east-asia
428. “An
Emerging Morocco in a Changing Regional Environment”,
https://www.chathamhouse.org/events/ view/157137
429. “Giving
Circles and Groups”,
https://www.chathamhouse.org/philanthropic-support/giving-circles-and-groups
430. Chatham
House’un Uluslararası hukuk programı bunun bir örneğidir. Ayrıntılı bilgi için
bakınız:
https://www.chathamhouse.org/about/structure/international-law-programme/funding;
Rusya ve Avrasya programı, Açık Toplum Vakıflarının fonladığı Chatham House
programlarından birisidir. Ayrıntılı bilgi için bakınız: https://www.chathamhouse.org/about/structure/russia-eurasia-programme/funding
431. Rahmi
Şeyhoğlu, “Açık Toplum ve Karl Raimund Popper, TASAV, Makale No. 8 / Mart 2014,
s. 15 http://
tasav.org/usr_img/yayinlar/makaleler/makale_15_shy_8_popper_Seyhoglu_son.pdf
432. “İşte
Derin Darbenin Kodları”, Milli Gazete, http://
m.turkiyegazetesi.com.tr/gundem/43541.aspx
433. Suat
Tayfun Toprak, “Medya Bağlamında Renkli Devrimler ve “Arap Baharı” Süreçlerinin
Karşılaştırmalı Analizi”, Eskişehir Osman Gazi Üniversitesi İİBF Dergisi,
Aralık 2014, 9 (3), s. 234
434. Y.
Bostan (2005), “Doğu Avrupa ve Kafkaslar ‘da Renkli Devrimler: Süreç analizi”,
Ekopolitik, STK Dosyası, s. 10
435. Banu
Avar, Zemberek, Remzi Kitabevi, 2016, s. 102
436. Avar,
a.g.e., s. 106
437. “Soros’un
Çocukları Yandı”, Yeni Şafak, 16 Mart 2017,
http://www.yenisafak.com/dunya/sorosun-cocuklari-yandi-2628989
438. George
Soros’tan ‘Gezi’ itirafı, http://www.star.com.tr/
guncel/george-sorostan-gezi-itirafi-haber-1068455/
439. Mısır
Cumhurbaşkanı Sisi İngiltere’de gösterilerle karşılandı, BBC, 5 Kasım 2015,
http://www.bbc.com/ turk ce/haberler/2015/11/151105_sisi_londra_gosteriler
440. Suat
Tayfun Toprak, Medya Bağlamında “Renkli Devrimler” ve “Arap Baharı”
Süreçlerinin Karşılaştırmalı Analizi, Eskişehir Osman Gazi Üniversitesi İİBF
Dergisi, Aralık 2014, 9 (3), s.240
441. Banu
Avar, Yugoslavya Dersleri, Kasım 2010,
http://banuavar.com.tr/yugoslavya-dersleri/
442. “Paralar
Soros’tan mı?”, Yeni Asya, 15 Haziran 2013,
http://www.yeniasya.com.tr/gundem/paralar-soros-tan-mi_156803
443. Tony
Cartalucci, CIA Coup-College, Activist Post, 18 Şubat 2011,
http://www.activistpost.com/2011/02/cia-coup-college.html
444. Carl
Gibson ve Steve Horn, “Wikileaks Docs Expose Famed Serbian Activist’s Ties to
‘Shadow CIA'”, In These Times, 2 Aralık 2013,
http://inthesetimes.com/uprising/entry/15945/wikileaks_docs_expose_famed_serbian_activists_ties_to_shadow_cia
445. Banu
Avar, Zemberek, Remzi Kitabevi, 2016, s. 89
446. Andrew
Korybko, Hybrid Wars: The Indirect Adaptive Approach to Regime Change,
Institute For Strategic Studies and Predictions,
https://orientalreview.org/wp-content/uploads/2015/08/AK-Hybrid-Wars-updated.pdf
447. “ABD’li
özel istihbarat kuruluşu Stratfor’dan darbe yönlendirmeleri”, Milliyet, 28
Temmuz 2016,
http://www.milliyet.com.tr/abd-li-ozel-istihbarat-kurulusu-gundem-2285537/
448. a.g.m.
449. a.g.m.
450. “WikiLeaks:
Stratfor, Gülen cemaatiyle medya ortaklığı için çalıştı”, T24, 3 Mart 2012,
http://t24.com.tr/
haber/wikileaks-stratfor-gulen-cemaatiyle-medya-ortakligi-icin-calisti,198424
451. Nihal
Bengisu Karaca, “Soros’un İtirafı”, Habertürk, 12 Kasım 2015, http://www.haberturk.com/yazarlar/nihal-bengisu-karaca/1152108-sorosun-itirafi
452. “Açık
Toplum Vakfı’ndan Can Paker’e zehir zemberek sözler”, Hürriyet, 15 Ağustos
2013,
http://www.hurriyet.com.tr/acik-toplum-vakfindan-can-pakere-zehir-zemberek-sozler-24510759
453. Nihal
Bengisu Karaca, Soros’un İtirafı, Habertürk, 12 Kasım 2015,
http://www.haberturk.com/yazarlar/nihal-bengisu-karaca/1152108-sorosun-itirafi
454. Nihal
Bengisu Karaca, “Soros’un İtirafı”, Habertürk, 12 Kasım 2015,
http://www.haberturk.com/yazarlar/nihal-bengisu-karaca/1152108-sorosun-itirafi
455. “O
piyanist Ukrayna’da ortaya çıktı”, Hürriyet, 24 Nisan 2014,
http://www.hurriyet.com.tr/o-piyanist-ukraynada-ortaya-cikti-26268400
456. “Taksim
için atılan bu tweet pes dedirtti!”, Vitrin Haber, 2 Haziran 2013,
http://www.vitrinhaber.com/gundem/taksim-icin-atilan-bu-tweet-pes-dedirtti-h2911.html
457. “CNN
International’dan Kazlıçeşme fotoğrafı için özür”, Hürriyet, 15 Temmuz 2013,
http://www.hurriyet.com.tr/cnn-internationaldan-kazlicesme-fotografi-icin-ozur-23730158
458. Doğu
Perinçek, Karen Fogg’un E-Postaları, Kaynak Yayınları, 2002
459. Perinçek,
a.g.e.
460. “Büyükada’daki
sır toplantının amacı belli oldu”, Takvim, 20 Temmuz 2017,
http://www.takvim.com.tr/guncel/2017/07/20/buyukadadaki-sir-toplantinin-amaci-belli-oldu
461. “Büyükada’da
2. gezi toplantısı”, Akşam, 7 Temmuz 2017,
http://www.aksam.com.tr/guncel/buyukadada-2-gezi-toplantisi/haber-640432
462. “Büyükada’daki
ihanet zinciri”, Güneş, 20 Temmuz 2017,
http://www.gunes.com/gundem/buyukada-daki-ihanet-zinciri-805355
463. A.g.m.
464. Erhan
Öztürk, “O gece bu otelde CIA mesaideydi!”, Sabah, 26 Temmuz 2016,
http://www.sabah.com.tr/gundem/2016/07/26/o-gece-bu-otelde-cia-mesaideydi
465. A.g.m.
466. Graham
Fuller, “The Gulen Movement Is Not a Cult — It’s One of the Most Encouraging
Faces of Islam Today”, Huffington Post, http://www.huffingtonpost.com/
graham-e-fuller/gulen-movement-not-cult_b_1111 6858.html
467. “Büyükada’daki
sır toplantıda yeni detaylar! Otelin arka kısmında”, Internet Haber, 11 Temmuz
2017,
http://www.internethaber.com/buyukadadaki-sir-toplantida-yeni-detaylar-otelin-arka-kisminda-1792058h.htm
468. “Hillary
Clinton’s Libyan Fingerprints”, ConsortiumNews, 7 Temmuz 2016,
https://consortiumnews.com/ 2016/07/07/hillary-clintons-libyan-fingerprints/
469. Lizzie
Dearden, “Arab Spring ‘cost affected countries $830 billion’, report claims”,
Independent, 15 Aralık 2015, http://www.independent.co.uk/news/world/middle-east/arab-spring-cost-affected-countries-830-billion-report-claims-a6774421.html
470. Banu
Avar, Zemberek, Remzi Kitabevi, 2016, s. 133
471. “No
Early Exit: NATO’s Continuing Challenge in Bosnia”, Crisis Group, 22 Mayıs
2001, http://old.crisisgroup.org/en/regions/europe/balkans/bosnia-herzegovina/110-no-early-exit-natos-continuing-challenge-in-bosnia.html
472. Michael
Barker, “Imperial Crusaders For Global Governance”, Swans, 20 Nisan 2009,
http://www.swans. com/library/art15/barker18.html
473. ICG,
“Intermediate Sovereignty as a Basis for Resolving the Kosovo Crisis”, 9 Kasım
1998. (Bu rapor, the Public International Law and Policy Group tarafından grup
adına hazırlanmıştır. Bu kurum da Soros tarafından kurulan Carnegie’e aittir);
ICG, “Kosovo: The Road to Peace”, 12 Mart 1999,
https://www.crisisgroup.org/europe-central-asia/balkans/kosovo/kosovo-road-peace
474. “Milosevic’s
Aims in War and Diplomacy”, ICG, 11 Mayıs 1999,
https://www.crisisgroup.org/europe-central-asia/balkans/serbia/milosevics-aims-war-and-diplomacy
475. Tony
Cartalucci, “International Crisis Group Sweating over Syria”, Land Destoyer
Report,http://landdestroyer.blogspot.com.tr/2011/05/international-crisis-group-sweating.html





























































Hiç yorum yok:
Yorum Gönder