Гарвард
университетинде иштеген, саясий илимдердин профессору Сэмюэл Хантингтон
1993-жылы «Foreign Affairs» журналында
жарык көргөн «The Clash of Civilizations» (Маданияттардын кагылышуусу) аттуу
макаласына кызыгуулар көп болгон соң, бул эмгегин кеңейтип, 1996-жылы «The Clash of Civilizations and Remarking of
World Order» (Маданияттардын кагылышуусу жана дүйнөлүк тартиптин жаңыдан
түзүлүшү) аттуу китепке айландырган. Бул китеп 11-сентябрьдагы теракттан соң
кайрадан көңүлдөрдү өзүнө буруп, көптөгөн коомдук тармактардын илимпоздору
тарабынан терең изилдене баштады.
Хантингтон
«маданияттардын кагылышуусу» деген түшүнүк аркылуу жакынкы жылдары эл аралык
биримдиктердин маданияттардын негизинде түзүлөөрүн, ошондуктан ыктымалдуу
кагылышуулардын ар башка маданияттардын ортосунда келип чыгаарын айткан.
Хантингтондун китебинин биринчи бөлүмүндө дүйнөнү кайра башынан түзгөн үч
түрдүү карта чийилген. Башкача айтканда, маданияттардын ортосунда сөзсүз
кагылышуулардын келип чыгаары жана бул согуштардын натыйжасында дүйнөнүн
картасы өзгөрүп, майда мамлекеттердин пайда болоору сүрөттөлгөн.
Чындыгында бул
идеянын Бернард Льюиске таандык экендиги белгилүү. Льюис «Британия
олигархиясынын белгилүү чыгыш таануучусу» жана «кризис жарым айы жана
маданияттардын кагылышуусу доктриналарынын негиздөөчүсү» деп сүрөттөлөт. Бирок
Британия терең мамлекети өзүнө караштуу бул ысымдын бул багыттарда ашкере
болушун каалаган эмес. Ошондуктан анын идеяларынын баарын Збигнев Бжезинский
менен Сэмюэл Ф. Хантингтон алып чыккан.
Кагылышуулардын идеологу: Бернард Льюис
![]() |
| Бернард Льюис |
Маданияттардын
кагылышуусу гипотезасын биринчи жолу Бернард Льюис айткан. Льюис 1990-жылы «The Atlantic Monthly» журналындагы «The
Root of Muslim Rage» (Мусулмандардагы кыжырдануунун тамырлары) аттуу
макаласында иудей-христиан маданияты менен мусулман маданиятынын сөзсүз согушка
алып бараарын айткан. Хантингтон маданияттардын кагылышуусу жөнүндөгү макаласын
мындан 3 жылдан кийин жарыялаган. Льюис бул макаласында төмөнкүдөй сөздөрдү
айткан:
Ислам башка
диндер сыяктуу ... кээ бир доорлордо өзүнүн жолдоочуларынын жүрөгүн
кыжырдануу менен зордук-зомбулукка
толтурган. Тилекке каршы, ... азыркы учурда Ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгү ошол
доордон өтүп жатат жана бул кыжырдануунун ... көпчүлүк бөлүгү бизге
багытталган.476
Льюис бул
макаласында Христиан дини менен Ислам дүйнөсүнүн 14 кылымдан бери тынымсыз
согушуп келгенин айтып, «акыркы 300
жылдан бери Ислам курчоо астында, анын себеби – чоочун ой-пикирлердин,
мыйзамдардын жана жашоо мүнөздөрүнүн аны каптап кетиши» деген. Льюис «бул чоочун, ыймансыз жана элдешкис
күчтөрдүн Исламдын эгемендүүлүгүн кулатышына, коомун бөлүп жарышына жана
аягында ыйык жайдын купуялыгына кол узатышына каршы сөзсүз катуу бир кыжырдануу
келип чыгат. Жана, албетте, бул кыжырдануу эң биринчиден миң жылдык душманды
көздөй багытталат жана күчүн байыркы туруктуу ишенимдерден алат» деп
айткан.
Льюис бул
макаланын «маданияттардын кагылышуусу» аттуу бөлүгүндө Исламдык
фундаментализмдин күчөшүнүн чоң бир кагылышууга алып бараарын жана АКШнын «бул
боштондукка чыккан кыжырдануунун жана кекенүүнүн бутасына айланаарын» белгилеп,
сөзүн мындайча уланткан: «аныгы, көз
алдыбыздагы абал жана кыймыл-аракеттер буга тиешелүү мамлекеттердин күн
тартибинин жана саясатынын чегинен бир топ чыгып кетти. Учурдагы абалдын
маданияттардын кагылышуусу экендиги анык; балким акылсыздыктыр, бирок байыркы
бир душмандан биздин иудей-христиан салтыбызга, светтик доорубузга жана экөөнүн
дүйнөлүк масштабга тарашына каршы тарыхый бир реакция көрсөтүлүүдө.»477
Льюис бул
сөзүндө иудей-христиан салтына жана светтик түзүлүшкө мусулмандардын каршылык
көрсөтөөрүн жана натыйжада эки тараптын ортосунда бир тирешүү келип чыгаарын
айткан. Бирок чыныгы Ислам дини, Льюис айткан Иудаизм менен Христиан динине эч
качан «байыркы бир душман» болгон эмес. Пайгамбарыбыз (сав)дын доорунда
иудейлер менен христиандар мусулмандар менен достошуп, ынтымактуу жашаган,
бири-биринин жанын жана укугун коргогон, дүйнө тарыхынын эң адилеттүү системасы
орнотулган. Мындан кийин да Курандагы Исламдын нуру менен чыныгы мусулмандар ар
дайым иудейлер жана христиандар менен биримдик жана ынтымакта болушат.
Ислам
коомдорунун 300 жылдан ашуун убакыттан бери курчоо астында калганы жана өзгөчө
диний фанатизм балээсинин мусулмандардын арасында атайылап жайылтылганы чындык.
Мунун коомдордо агрессияны пайда кылып жатканын да көрүп жатабыз. Бирок муну
жасаган тымызын кол – бул, Британия терең мамлекети. Ошондуктан Льюис айткан
чоочун ой-пикирлер менен мыйзамдар – Британия терең мамлекетинин ой-пикирлери
жана мыйзамдары. Акыркы кылымдарда Исламдын эгемендүүлүгүнө колун созгон бир
гана Британия терең мамлекети болду жана анын натыйжасында чоң жаңылыштык
кетирилип, Ислам маданияттарынын ичинде кыжырдануу жана агрессия көбөйдү.
Льюис жаңылган
нерсе – бул, анын «бул кыжырдануу сели дүйнөнү айыккыс бир балээни көздөй алып
барат жана бул жек көрүү өзгөчө христиандар менен иудейлерге багытталат» деген
сөздөрү.
Албетте,
Британия терең мамлекетинин көкүтүүлөрүнө алданып, фанатизм балээсине кабылган
жана ушул себептен иудей (еврей) жана христиан бир туугандарыбызды жек көргөн
мусулмандардын саны аз эмес. Бирок Курани Карим мындай түшүнүктү четке
каккандыктан, чыныгы мусулмандардын идеологиясы жана акылмандыгы фанаттардын
үстүнөн сөзсүз үстөмдүккө ээ болот. Мусулмандар бири-бири менен да, христиан
жана иудейлер менен да биримдикке келет жана бул биримдик, Льюис ойлогондун
тескерисинче, дүйнөгө кагылышуу менен согушту эмес, тынчтык менен ынтымакты
алып келет.
Ошентип Британия
терең мамлекетинин Ислам маданиятын булгоо аракеттерине бөгөт коюлуп, Ислам
коомдору акыйкат динде көрсөтүлгөн эркиндик, ынтымак, кубаныч жана үмүт жолуна
түшүшөт.
Азыркы учурда
Ислам өлкөлөрү дегенде көбүнчө агрессия, жек көрүү, согуш сыяктуу түшүнүктөр
эске түшсө, жакынкы жылдары Ислам дегенде сапат, заманбаптык, искусство,
сулуулук, илим, билим жана тынчтык сөздөрү эске түшөт.
Дүйнө Британия
терең мамлекети белгилеген жолдо эмес, Мехдиликтин жолунда баратат. Британия
терең мамлекетинин теоретиктери бүт күчтөрдүн үстүндө Аллахтын турганын сөзсүз
көрүшөт:
... Кабарыңар
болсун, жаратуу да, буйрук берүү да (бир гана) Ага тиешелүү. Ааламдардын Рабби
Аллах кандай Улук. (Аьраф Сүрөсү, 54)
Бернард Льюисти
кээ бир чөйрөлөр америкалык деп билишет, чындыгында ал Британияда төрөлгөн. Британияда
тыңчыларды даярдаган Лондон университетиндеги Чыгыш жана Африка изилдөөлөрү
мектебинде (SOAS) окуган жана 1974-жылы АКШга көчүп барганга чейин, 30 жыл ушул
окуу жайда профессор болуп иштеп, келечектин тыңчыларын даярдаган. Льюис,
мындан тышкары, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Британиянын аскердик чалгындоо
кызматында иштеген.
Кыскасы, Бернард
Льюистин Британия терең мамлекети менен тыгыз байланышы бар. Терең мамлекеттин
эң маанилүү витриналарынын жана өкүлдөрүнүн бири.
1961-жылы SOAS
окуу жайынын профессору кезинде чыгарган «The
Emergence of Modern Turkey» (Заманбап Түркиянын пайда болушу) аттуу
китебинде өз оюнда Ататүрктү жана Ататүрктүн улуттук мамлекетти түптөө салтын
сындаган. «Түрк эли» деген түшүнүктүн 19-кылымда пайда болгонун айтып, түрк
элин улуттук баалуулуктарынан алыстатуу стратегиясын жүргүзгөн. Бирок бул
курулай убаракерчилик Түркия Республикасынын эшигинен да кире алган жок.
1967-жылы Чатем
Хаустун журналында жарыяланган макаласында ассасиндерге таяндырып, жан
кечтилердин жардырууларынын Исламга туура келээрин айткан.478 Ал кезге чейин бир жолу да мусулман жан кечти
жардыруусу болгон эмес.
Бернард Льюистин
Америкага көчүп барган соң, Джимми Картер, Рональд Рейган, Джордж Г.У. Буш,
Билл Клинтон жана Джордж У. Буш сыяктуу АКШ президенттеринин саясаттарын
белгилегендердин бири болгондугу айтылат.
2001-жылы Foreign Affairs журналында чыккан
макаласында болсо Бен Ладенди ассасиндер салтынын заманбап өкүлү деп
сүрөттөгөн.
Льюис Иракка кол
салуунун артындагы эң таасирдүү кишилердин бири катары кабыл алынат.
Терең мамлекетке
караштуу бардык аналитикалык борборлордун белгилүү өзгөчөлүгү Льюисте да бар.
Бернард Льюис иш жүзүндө Исламга каршы катуу күрөш жүргүзгөнү менен, румиликтин
эң алдыңкы жактоочуларынын бири болгон. Льюистин Мевлянанын ырларын камтыган «Music of a Distant Drum» (Алыстагы
добулбастын музыкасы) аттуу бир ыр китеби да бар.
Бүгүнкү күндө
мусулман өлкөлөрдү бөлүп жарган карталардын баштапкысы «Бернард Льюис планынын»
картасы болгон. Льюистин бул планы Жакынкы Чыгышты бөлүп жаруу идеясына таянган
кыялдарды күчөткөн. Алардын эң белгилүүсү америкалык дипломат Генри Киссинджерге
таандык.
Американын тышкы
саясатынын алдыңкы насаатчысы Киссинджер 2014-жылы дүйнөдөгү ресурстардын
адилетсиз бөлүнүшүнүн өлкөлөрдүн ортосундагы айырмачылыкты көбөйткөнүн айткан.
Мындан улам, Американын үстөмдүгүн Америкага кооптуу боло турган өлкөлөрдү
бөлүп жарып, жаңы майда өлкөлөрдү түзүү аркылуу гана сактап калууга болоорун
баса белгилеген. Киссинджердин айтуусу боюнча, андан соң дүйнө жүзүн
башаламандык каптайт жана аны башкара турган «терең колдор» ишке киришет.
![]() |
| Генри Киссинджер |
Киссинджердин
бул себептерге таяндырган эсептөөлөрү боюнча, биринчи бөлүшүү согушунда
мамлекеттердин саны 50 болсо, экинчи бөлүшүү согушунда 100гө чыккан. Азыркы учурда
болсо дүйнөдө 200дөн ашуун мамлекет бар. Киссинджер бир канча он жылдан соң
дүйнөдө 1000 мамлекет болушу мүмкүн деп айткан. Киссинджердин ою боюнча,
миңдеген майда мамлекеттер пайда болот да, дүйнө «оңой» жана «каалагандай»
башкарылып калат.
Диалектикалык
материализм түшүнүгүнөн келип чыккан жана акыйкат диндерге жана адамдын жаралуу
максаты болгон сүйүү, абийир, адамгерчилик сыяктуу баалуулуктарга такыр туура
келбеген «маданияттардын кагылышуусу» көз-карашы мына ушундай балээлердин
идеологиясы. Көңүл бурган болсоңуз, Британия терең мамлекети тарабынан
башкарылган бир катар идеологдор менен жазуучулар, өзгөчө Британия терең
мамлекетине караштуу уюмдарды жана маалымат каражаттарын колдонуу аркылуу,
элдердин аң-сезимине сиңирүү керек болгон көз-караштарды ушинтип жайылтышат.
Британия терең мамлекетине караштуу абройлуу маалымат каражаттары мындан
керектүү ишараны алса, көздөлгөн өлкөлөрдөгү тыңчылар менен кошоматчылар
керектүү иш-аракеттерди жүргүзө башташат жана бул идеялар «модага»
айландырылып, аң-сезимдерге сиңирилет.
Коомдор,
аң-сезимдер, саясатчылар буга даярдалып, улуттук иденттүүлүгү жок кылынган
жаштар керектүү жолго салынып, бир канча сыйкырдуу сөздөр колдонулган соң,
өлкөлөрдү жана мамлекеттерди кулатуу көп деле кыйынчылыкты туудурбайт. Бүгүнкү
күндө университеттерде да шумдук бир көз-караштай окутулган, ал жөнүндө
канчалаган илимий диссертациялар жазылган, көптөгөн профессорлор тарабынан
сааттар бою талкууланган «маданияттардын кагылышуусу» идеясынын түпкүрүндө
мээлерге сиңирилген бир уу экендигин эч ким айта албоодо. Коомдордун
кагылышуусу, өзгөчө мусулмандардын иудейлер (еврейлер) менен христиандардын
душманына айланышы бул «психологиялык операциянын» натыйжасында элдерге
нормалдуу нерседей сезилип баштоодо. Адамдар бул жалганчы идеологиянын таасири
менен, мамлекеттердин сөзсүз майда бөлүктөргө бөлүнөөрүнө ишенип башташууда же
жок дегенде, «бул маселеге сөзсүз туш болобуз» деген ишенимге туш болушууда. Бөлүнгөн
өлкөлөр, майдаланган элдер кан төгүүлөрдү ансайын көбөйтүп, агрессияны жана
кекенүүнү күчөтүүдө. Натыйжада дүйнө жүзүндө бир туугандык руху жоголуп,
кагылышуулар күчөөдө.
Аллах бүт
ааламды сүйүү менен жараткан. Эгер бир киши чыгып «бакубаттыкка жетүү үчүн
коомдор бири-бири менен жаңжалдашуусу керек» десе, сөзсүз билип же билбестен,
дажжалдык системага кызмат кылып жаткан болот. Адамдар жана коомдор бири-биринен
алыстап, бөлүнүп, майдалануу аркылуу эмес, ынтымакташып, биримдикке келип,
жакшылардын биримдигин колдоо аркылуу бакубаттыкка жете алышат.
Дүйнө адамдар
бири-бирине достугун көрсөтүп, ошол аркылуу ааламдын жаралуу максатын сезсин
деп ушундай мекен кылып жаратылган. Буга карама-каршы келген аймактардын
баарында кан төгүүлөрдүн тынымсыз уланып жатышы, башаламандыктардын такыр
токтобошу жана элдердин үмүтсүздүккө түшүшү маанилүү бир эскертүү.
Зордук-зомбулуктан жана бөлүнүүдөн тынчтык менен бейпилдикти күтүүгө болбойт. Бул
чоң алдамчылык. Дээрлик бүт дүйнө жүзү ушундай аңкоолукка алданып, ушунчалык
чоң жалаага ишенди.
Дүйнөнүн
бейпилдигин каалаган адамдардын баары Раббибиздин төмөнкү чакырыгына кулак
төшөшү керек:
Силердин араңарда
сооп иштерге чакырган, жакшылыкка үндөгөн жана жамандыктан кайтарган бир коом
болсун. Мына ошолор кутулууга жетишет. Апачык далилдер келгенден кийин бөлүнүп
майдаланган жана пикир келишпестикке түшкөндөр сыяктуу болбогула. (Али Имран
Сүрөсү, 104-105)
Бернард Льюистин
идеологияларынын экөөсү Жакынкы Чыгышта турмушка ашырылган. Алардын биринчиси
«кризис жарым айы», экинчиси болсо «ливандашуу».
«Кризис жарым айы»
Джимми Картер
1976-жылы ноябрьда президент болуп шайланганда, Картердин аудитору жана Улуттук
коопсуздук кеңешчиси Збигнев Бжезинский Бернард Льюисти көшөгөнүн артындагы
стратегиялык кеңешке алып келген.
Льюистин,
Британия чалгындоо кызматынын Советтер Союзунун түштүк тарабындагы бардык
кошуна өлкөлөрүндө ар кандай террордук уюмдарды колдоо планы «Crescent of
Crisis» (Кризис жарым айы) деген аталыш менен же «Бернард Льюис планы» деген ат
менен белгилүү болгон. Бул пландын негизинде Советтер Союзун Американын
көзөмөлүндөгү мусулман өлкөлөр тарабынан сөзсүз курчоого алуу максаты коюлган.
Льюис планынын схемасы «Кризис жарым айы: Иран жана барган сайын туруксуздашкан
аймак» деген аталыш менен Time журналынын
1979-жылдын 15-январындагы нускасынын сырткы бетинен орун алган. Башкы макала Збигнев
Бжезинскийдин бир сөзү менен башталып, төмөнкүдөй сүйлөмдөрдү камтыган: «бир кризис кемеси Инд океанынын жээктерин
бойлой сүзүп баратат; бул аймактын морт социалдык, саясий түзүлүшү биз үчүн
абдан маанилүү. ... Келип чыга турган саясий башаламандыкты биздин
баалуулуктарыбызга душман жана душмандарыбызга дос элементтер менен толтурууга
болот.»479
Time журналындагы бул макала «Кризис жарым айы» тарапкерлеринин күтүлгөн бул
башаламандыкты өзүнүн геосаясий кызыкчылыктары үчүн колдонгусу келгенин абдан
ачык сүрөттөгөн:
Узун мөөнөттө
бул «жарым айда» пайда кылынган химияда Батышка мүмкүнчүлүктөр да келип чыгышы
мүмкүн. Ислам, албетте, социализм менен шайкеш келет; бирок Кудайды тааныбаган
коммунизмге душман. Советтер Союзундагы мусулмандар учурда саны боюнча дүйнөдө
бешинчи орунда турат. 2000-жылы чек ара мамлекеттердеги мусулман калк Россияда
үстөмдүк кылган славян элементинен ашат. Россиянын түштүк чек арасындагы
Исламдык демократияларга толерантсыз бир Курандык динчилдик чек арадан өтүп,
бул саясий жактан басым астына алынган Совет өлкөлөрүнө кирип, Кремльге
көйгөйлөрдү пайда кылышы мүмкүн... Чечүү жолу кандай гана болбосун, АКШ
Киссинджер айткандай «геосаясий учурду» кармашы зарыл. Кризис жарым айында
тартипти орнотууда бизге мына ушул эң чоң көмөкчү болот.480
![]() |
| Збигнев Бжезинский |
Time журналынын бул
саны жарыялангандан бир канча айдан кийин жана Советтер Союзу Афганистанга кол
салып баштардан 6 ай мурун, АКШнын президенти Картер Бжезинский тарабынан
даярдалган бир жашыруун буйрукка кол коюп, афган моджахеддерге тымызын жардам
көрсөтүп баштаган.
Льюистин Советтер Союзуна кошуна мусулман өлкөлөрдө башаламандык
чыгаруу планы мына ушундайча ишке киргизилген. Афганистандагы радикалдуу топтор
колдоого алынган жана өлкөгө алгач бул пландан тынчсызданган Советтер Союзу,
андан соң АКШ кол салган. Ошентип өлкө ичинен эч чыга албаган коркунучтуу бир
балээге түртүлгөн.
Афганистан Британия терең мамлекети үчүн маанилүү стратегиялык аймакта
жайгашкан. Орто Азиянын бардык байлыктарынын борборунда. Геосаясий жактан бүт
Азияны камтыйт. Афганистанды өзүнө караткан бир өлкө Кытай, Иран жана Индиянын
чек араларына жетип, Россияга жакындап калат. Орто Азиянын мунайзатын жана Инд
океанынын соода жолдорун башкара алат. Ушул жана ушуга окшогон себептерден улам
Афганистан ар дайым Британия терең мамлекетинин көздөгөн өлкөлөрүнүн бири болуп
келген жана байкуш афган эли эч токтобогон зулумдуктар менен күрөшүүгө мажбур
болгон.
![]() |
| Бжезинский президент Джимми Картерди 1979-жылы афган согушчандарга тымызын жардам берүүгө көндүргөн. |
Жазуучу Джозеф Брауда «кризис жарым айы» түшүнүгүнүн Британия терең
мамлекетинин бир долбоору экендигин төмөнкүчө белгилеген:
Улуттук
коопсуздук кеңешчиси Збигнев Бжезинскийдин «кризис жарым айы» чындыгында
улуттук мамлекеттерди кулатуу үчүн иштелип чыккан Британиянын бир планы болгон.
«Бернард Льюис планы» катары белгилүү болгон бул долбоор Жакынкы Чыгыштан
Индияга чейинки аймактагы бардык өлкөлөрдү этникалык, мазхабдык жана тилдик
негизге таянып, майда бөлүктөргө бөлүүнү көздөгөн.481
Льюис АКШга
барып, көптөгөн АКШ президенттеринин кеңешчиси болуп иштеп баштаган соң, араб
дүйнөсүнө басым жасаган. Льюистин АКШга барган учуру Ливандагы жарандык согуш
учуруна дал келген. Льюис Ливандагы башаламандыкты өзүнүн моделине эң ылайыктуу
көрүп, муну бүт араб дүйнөсүндө ишке ашырууну сунуштаган. Кийинчерээк ишке
киргизилген бул сунуш «ливандашуу теориясы» деп айтылат. Ливандагы жарандык
согушка Британия терең мамлекетинин таасири астындагы кишилердин бири, АКШнын
улуттук коопсуздук кеңешчиси жана тышкы иштер министри Генри Киссинджердин
түрткү бергенин эске салалы. Эсиңиздерде болсо, Киссинджердин максаты дүйнө
жүзүн майда мамлекеттерге бөлүп жаруу болгон. Бул максатты ишке ашыруу Жакынкы
Чыгыштан башталган.
«Ливандашуу»
1992-жылы Перс
булуңундагы согуштан көп өтпөстөн, Бернард Льюис CFR уюмуна караштуу Foreign Affairs журналында Жакынкы Чыгышта
«улуттук мамлекет доорунун аягына чыкканын» айтып, эми бүт аймактын көпкө
созулчу «ливандашуу» процессине кирээрин жана аймакта бир туугандардын
жаңжалынын, кээ бир жерлерде агрессиянын жана башаламандыктын өкүм сүрөөрүн
белгилеген.
Льюис
«ливандашуу» деп, Ливандагы жарандык согуштан кийин мамлекеттик бийликтин алсыз
болуп калышын жана бул бийлик вакуумун жаңжалчыл, агрессиялуу мазхабдардын,
уруулардын, аймактардын жана партиялардын ээлешин атаган.
Льюис бул
процессти «панарабизмдин өчүшү» деп атаган. Льюистин айтуусу боюнча: «бийликтегилердин жөндөмсүз зомбулугунун
жана аларга сырттан сиңирилген майнапсыз идеологиялардын ордуна, жакшыраак,
реалдуураак жана үмүттүүрөөк бир нерсени издегендер үчүн Исламдык
фундаментализм жагымдуу бир альтернатива көрүнүп барган сайын күчтөнөт.
Исламчылдар мамлекеттин көзөмөлүнөн тышкары бир желе курушат, ... режимдин
катаалдашуусу бул фундаменталисттерге атаандаштарын жеңүүгө ансайын чоң күч
берет.»482
Льюис Жакынкы
Чыгышта күткөн сценарийин болсо төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Жакынкы
Чыгыштагы мамлекеттердин көпчүлүгү ... жакынкы тарыхтын жасалма түзүлүштөрү жана
мындай процесске (ливандашууга) туруштук бере албайт. Эгер борбордук бийлик белгилүү
деңгээлге алсыздаса, чыныгы жарандык коом, чыныгы улуттук иденттүүлүк биримдиги
болбогондуктан же улуттук мамлекетти баарынан жогору койгон бир берилүү сезими
болбогондуктан, абалды сактап кала албайт. Мамлекет бөлүнүп, анын ордун Ливанга
окшоп жаңжалчыл, агрессиялуу мазхабдардын, уруулардын, аймактардын жана
партиялардын башаламандыгы ээлейт.483
Учурда бул жерде
айтылгандардын ишке ашып жатканын жана процесстердин дал Льюис сүрөттөгөндөй
жүрүп жатканын көрүүгө болот. Жакынкы Чыгыштагы Түркиядан тышкаркы кээ бир
өлкөлөрдө бекем ыймандык күчтүн жана күчтүү улуттук иденттүүлүктүн болбошун
Британия терең мамлекети тымызын пайдаланууда. Британия терең мамлекети бул
мамлекеттерди сактап турган жалгыз күчтүн борбордук бийликтин гегемониясы
экенин алда качан түшүнгөн. Бийлик жоюлаары менен, кыска убакытта Жакынкы
Чыгыштын Британия терең мамлекети көздөгөн кейипке келээринен эч күмөн
санабайт.
Ушул митаам
түшүнүк араб жазынын пайдубалын түзгөн. Соросчул төңкөрүштөр жасалып, Жакынкы
Чыгыш өлкөлөрүндө бийлик вакууму келип чыгат жана улуттук биримдикти сактай
турган эч бир баалуулук калтырылбагандыктан, башаламандыктар, жаңжалдар жана
согуштар бүт тарапты каптайт.
Льюистин
1998-жылы CFR уюмуна тиешелүү Foreign
Affairs журналында жарыяланган «Licence to Kill: Osama bin Laden's
Declaration of Jihad» (Өлтүрүү уруксаты: Усама бен Ладендин жихад жарыялашы)
аттуу макаласында Усама бен Ладенди болушунча мактаган. Льюис Усама бен
Ладендин иудейлерге жана кресттүүлөргө каршы жихад жарыясын «укмуш
чечендик, араб поэзиясынын жана адабиятынын шедеври» деп атаган жана «бул чыгарма батыштыктар билбеген бир
тарыхка шилтеме жасап жатат» деп мактоолорду жаадырган.
Көптөгөн
террордук уюмдардын лидерлери сыяктуу, Усама бен Ладендин да Британия терең
мамлекетинин тымызын долбоору экенин бул жерде эске салалы. Бен Ладен ар кандай
убадалар менен Британия терең мамлекетинин ыпылас ишин аткарып, андан соң кайра
эле ушул терең мамлекет тарабынан жок кылынган кишилердин бирөөсү гана. Британия
терең мамлекетинин «террор» картасы муну менен эле чектелбейт. Дүйнөнү канга
бөлөгөн террордук уюмдардын көпчүлүгү Британия терең мамлекетинин долбоору
катары пайда болгон же Британия терең мамлекети кийин бул уюмдарга сиңип, аларды
колдоп кубаттаган. Муну бул китептин 3-томунда тереңирээк карайбыз.
Булактар:
476. Bernard
Lewis, “The Roots of Muslim Rage”, The Atlantic, Eylül 1990,
https://www.theatlantic.com/magazine/archive/1990/09/the-roots-of-muslim-rage/304
643/
477. A.g.m.
478. “Bernard
Lewis”, Eir Strategic Studies, 25 Ocak 2002, s. 46,
http://www.larouchepub.com/eiw/public/2002/
eirv29n03-20020125/eirv29n03-20020125_044-samuel _p_huntington.pdf
479. Iran:
Crescent of Crisis, Time, 15 Ocak 1979, http:// content.time.com/time/magazine/article/0,9171,9199
95,00.html
480. A.g.m.
481. Joseph
Brewda, “New Bernard Lewis Plan Will Carve up the Mideast”, EIR strategic
Studies, 30 Ekim 1992, s. 26, http://www.larouchepub.com/eiw/public/1992/
eirv19n43-19921030/eirv19n43-19921030_026-new_ bernard_lewis_plan_will_carv.pdf
482. Bernard
Lewis, “Rethinking the Middle East”, Foreign Affairs, Sonbahar
1992,https://www.foreignaffairs.com/
articles/middle-east/1992-09-01/rethinking-middle-east
483. Lewis,
a.g.m.






Hiç yorum yok:
Yorum Gönder