Биринчи дүйнөлүк
согуш уланып жатканда, Британия терең мамлекетинин планына ылайык Жакынкы
Чыгышка байланыштуу бир канча карталар иштелип чыккан. Согуш жылдарында
даярдалган 6 жашыруун келишимден кабарыбыз болбосо, балким булардын баарын
апыртма же ойдон чыгарылган сөздөр деп айтмакпыз. Эгер Сайкс-Пико келишимине
кол койгон тараптардын бири болгон Россия менен батыштын ортосунда пикир
келишпестик келип чыкпаганда, балким тымызын пландардын масштабын эч качан
билмек эмеспиз.
Биринчи дүйнөлүк
согуш аяктап, Жакынкы Чыгыш дал кабинеттерде пландалгандай сызгыч менен
бөлүндү. Бул Жакынкы Чыгышты башкарууну көздөгөндөрдүн пландарына жол ачуу
менен бирге, келечек урпактарга да илхам булагы болду. Британия терең мамлекети
тарабынан чыгарылып, «башкарылма хаос» деп аталган бул термин мына ушул
илхамдан келип чыккан жана Жакынкы Чыгышты зордук-зомбулуктарды жана
кагылышууларды колдонуп, мындан да майда бөлүктөргө бөлө турган жана мындан да
көп кан төгө турган тымызын пландардын бирине айланган.
АКШ президенти
Билл Клинтонго кеңешчилик кылган подполковник Ральф Питерс 2006-жылы «Жаңы
Жакынкы Чыгыш долбоору» деген аталышта бир план иштеп чыккан. Питерс «Armed
Forces Journal» (Американын куралдуу күчтөрү) журналына жарыяланган «Кандуу чек
аралар: мындан жакшыраак бир Жакынкы Чыгыш кандай болмок?» аттуу макаласында «демократияны жайылтып, терроризмдин тамырын
курутуу үчүн Жакынкы Чыгыштын чек араларын кайрадан карап чыгуу керек» деген
чакырык жасаган. Анда айтылышынча, Жакынкы Чыгыш дээрлик дагы 20 бөлүккө
бөлүнүшү керек эле. Белгилүү бир максатты көздөгөн бул карта боюнча, Ирак
шииттер менен сунниттерге бөлүнүп, бир Күрдистан мамлекети түзүлмөк, Армениянын
аймагы кеңейип, Ирандын түндүгүндө азерилер менен белуджилердин мамлекети пайда
болмок, Меккеде Ватиканга окшогон жаңы бир мамлекет келип чыкмак жана Сириянын,
Ливандын жана Иорданиянын чек аралары кайра башынан белгиленмек.484
Жаңы Жакынкы
Чыгыш картасы 2006-жылдан соң АКШ өкмөтү менен НАТОнун чөйрөлөрүндө айланып
баштаган. Дүйнөнү, мамлекеттерди жана элдерди буга даярдоо үчүн картаны ачык
жарыялоодон да тартынышкан эмес. Бул карта НАТОнун Коргонуу окутуу бөлүктөрүнүн
окуу программасында да колдонулган.
Питерс «тарых бизге жасалма чек аралардын ар дайым
туруксуздукка алып келээрин жана арадан миңдеген жылдар өтсө да, этникалык
негизге таянган чек аралардын тандалаарын көрсөттү» деген көз-карашты
карманган. Жасалма чек аралардын ар дайым туруксуздукка алып келээри анык.
Бирок бул туруксуздукту токтотуунун жолу – ансайын бөлүнүү эмес, тескерисинче
биригүү.
Бирок, башкарылма
хаос, албетте, Питерс айткан жакшы бир ниет менен чыгарылган эмес. Биринчи
дүйнөлүк согуштан кийин жасалма чек аралар менен бир туугандарды бөлүү Жакынкы
Чыгыштын элине канчалык зыяндуу болсо, бул долбоор да ошончолук зыяндуу болмок.
Ральф Питерс АКШнын Коргоо министрлигинде Чалгындоо жетекчисинин орун басарлык
кызматында иштеген, аскердик журналдарга АКШнын тышкы саясаты боюнча сансыз
стратегиялык макалаларды жазган бир чалгындоо кызматкери. Мурдакы төрт китеби өкмөттүк
жана аскердик чөйрөлөрдө абдан таасирдүү деп айтылганы менен, чындыгында
подполковник Питерс стратегиялык пландоочулардын Ортоңку Чыгыш боюнча планын
жарыялоо милдетин гана аткарган. Башкача айтканда, план иш жүзүндө Британия
терең мамлекетинин планы болгон.
![]() |
| Мурда (жогоруда) жана кийин (төмөндө). Клинтондун кеңешчиси Ральф Питерс 2006-жылы чийген картасында Жакынкы Чыгыштын 20 бөлүккө бөлүнүшү керектигин айткан. |
Жазуучу Махди
Дарий Наземроая Ральф Питерс жарыялаган бул планды төмөнкүчө анализдеген:
Жылдардын
аралыгында бир канча баскычтардан өткөн бул долбоор Ливан, Палестина, Сирия,
Ирак, Иран булуңу, Иран жана НАТОнун көзөмөлүндөгү Афганистандын чек араларына
чейин созулган аймакта туруксуздук, башаламандык жана зордук-зомбулук «жарым
айын» пайда кылууну камтыйт.
«Жаңы
Жакынкы Чыгыш долбоору» бүт Жакынкы Чыгышты кайрадан кезекке тизүүдө жана
«башкарылма хаостун» күчтөрүн ишке киргизүүдө Ливан бир пайдубал болот деген
планга таянган. Бүт аймакты зомбулук менен согушка бөлөй турган «башкарылма
хаос» АКШ, Британия жана Израиль тарабынан жаңы Жакынкы Чыгыш картасын
өздөрүнүн геостратегиялык зарылдыктарына жана мүдөөлөрүнө ылайык башынан чийип
чыгуу максатында колдонулмак. ...
Жакынкы
Чыгыштын Ливандын Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабындагы жээктеринен жана
Сириядан баштап, Анатолияга (Кичи Азияга), Арабияга, Иран булуңуна жана Иран
түздүктөрүнө чейинки аймакты кайрадан чийип, бөлүктөргө бөлүү англо-американын
көп жылдардан бери келе жаткан экономикалык, стратегиялык жана аскердик
максаттарына туура келет. ...
Жакынкы
Чыгыштагы масштабдуу согуш чек аралардын кайрадан белгиленишине себеп болот
жана бул англо-америкалык кызыкчылыктарга стратегиялык пайда алып келет.
![]() |
| Британия терең мамлекети Жакынкы Чыгышты бөлүү пландарын тынымсыз ар кайсы өлкөлөрдө ишке ашырууда. |
Жакынкы
Чыгыштагы этно-маданий жана диний топтордун ортосунда атайылап кастыкты козутуу
аракеттери ар дайым системалуу түрдө жүргүзүлүп келген. Чындыгында булар өтө
кылдат пландалган, тымызын чалгындоо иш-аракеттеринин бир бөлүгүн түзөт.485
Наземроая бул
балээни сүрөттөп жатып, «эң жаманы Жакынкы Чыгыштагы кээ бир өлкөлөр менен кээ
бир кишилер бул чыккынчы планга колдоо көрсөтүп жатат» деп айткан. Кошоматчы
система дүйнө жүзүнө да, мусулман элдерге да мына ушундай зыяндарды алып
келүүдө. Кээ бирлери Британия терең мамлекетинен кандайдыр бир кызыкчылыктарды
алууну көздөсө, кээ бирлери бул стратегия жана долбоорлорго моюн сунууда.
Мындай өлкөлөр менен кишилерди Британия терең мамлекетинин колдоп кубаттап,
алдыңкы планга чыгарып жатканы да белгилүү.
Көп жылдар бою
тымызын стратегиялык пландар менен түзүлгөн Левант аймагы (Жер ортолук деңиздин
чыгыш жээктери) Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, башкарылма, алсыз бир аймак
бойдон калтырылган. Мунун артында Британия терең мамлекети турат. Бүгүнкү күндө
маселени тереңирээк карап, Жакынкы Чыгыштын маселелерине эмне үчүн ар дайым
батыштын аралашып келгенин иликтөө зарыл. Эмне үчүн батыш Жакынкы Чыгышты бөлүү
пландарын тынымсыз түзүп келүүдө?
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн
ички башаламандыктары аймактын элинен мурда батышты кызыктырат. Жакынкы Чыгыш
темасындагы чогулуштар Европанын борбор шаарларында европалыктар тарабынан
өткөрүлөт. Жакынкы Чыгыштын бүт тарабында батыштын аскердик базалары, батыштын
бомбалоочу учактары жайгашкан. Жакынкы Чыгышка байланыштуу чечимдерди чыгара
турган Жакынкы Чыгыштын лидерлери менен Жакынкы Чыгыштын калктары болсо эч
көрүнбөйт.
Жакынкы
Чыгыштагы бардык чечимдерди «чоң агаларга» тапшырып, батыштын үстөмдүгүн кабыл
алган массалар «башкарылма хаос» сыяктуу зыяндуу пландардын иштелип чыгышына да
унчукпай отурушууда. Бирок план ушунчалык чоң болгондуктан, Британия терең
мамлекетинин кызматкерлери жашыруун чогулуштарда Жакынкы Чыгышты туруксуздуктан
чыкпай тургандай кылып бөлүп жарууну пландашууда. Бул план батыш үчүн гана
«башкарылма» болот. Түпкү максат согуштар жана зомбулуктар токтобогон аймакты
майда бөлүктөргө бөлүп, тынчтыкты орнотуу эмес.
Ошондуктан
Жакынкы Чыгыш буга карама-каршы стратегия жүргүзүшү керек. Батыштын
демократиясын, эркиндигин жана достугун кубануу менен алып, Британия терең
мамлекетинин бөлүп жаруу пландарын болсо четке каккан жана бөлүнүүнүн береке
эмес, балээ алып келээрин бир кылымдык тажрыйбадан соң түшүнгөн акылман кишилер
алдыңкы планга чыгышы зарыл. Бул ойгонуу кадырлуу мусулман өлкөлөрүнө карата
ушундай жүзү кара пландарды түзгөн Британия терең мамлекетине да чоң сабак
болот.
Бир нерсени
унутпаш керек: ушул күнгө чейин адамдар «бөлүнүп, жарылып, жалгыз калсаңар,
маселелер чечилет жана бактылуу жашоого жетесиңер» деп ишендирилишти. Жаңжалды
жана башаламандыкты каалагандар муну ар дайым көзүр катары колдонуп келишти.
Жакынкы Чыгыш элдерине да, батыштын стратегдерине да мунун туура эместигин
далилдөө өз колубузда. Жек көрүүчүлүктү козута турган пландарды иштеп чыккан
дажжал комитетине жек көрүүнү жок кыла турган пландарды ишке ашыруу аркылуу
жооп берүү керек. Көп жылдар бою Британия терең мамлекетинин үстөмдүгүнө жол
берип келген Жакынкы Чыгыш эми тынчтыкты өз колу менен орнотушу зарыл.
Раббибиз ыймандык
күчү бар мусулмандардын «эң жогору» болоорун сүйүнчүлөгөн:
Алсырабагыла,
кайгырбагыла; эгер (чындап) ыйман келтирген болсоңор, эң жогору (жеңүүчү) болгон
силерсиңер. (Али Имран Сүрөсү, 139)
Көңүл бурган
болсоңуз, маданияттардын кагылышуусу көз-карашы да, башкарылма хаос сунушу да
диалектикага таянат. Бул идеологиялардын диалектикалык материалист кишилер
тарабынан чыгарылганы жана Британия терең мамлекетинин «дүйнөнү кыялындагы
коммуна системасына айландыруу» долбоорунун бир бөлүгү экени көрүнүп турат.
Кагылышуулар эч
качан өнүгүүгө алып келбейт жана «хаос» дагы жашоодо кездешпеген бир термин.
Хаос «ааламдагы бүт нерсе өзүнөн-өзү, кокусунан бир жерге чогулган жана
тартипсиз, башаламан кыймылдайт» деген ойду түшүндүрөт. Бул кокусунан пайда
болгон, башаламан система «өз алдынча кыймылдайт жана эч кандай багыты жок» деп
айтылат.
Бирок иш жүзүндө
«хаос» түшүнүгүн диалектикалык материалисттер өздөрүнүн дарвинисттик,
материалисттик көз-караштарына ылайыкташтырып, ойлоп табышкан. Ааламда «хаос»
деген нерсе жок. Ааламда бир дагы көзөмөлсүз нерсе жок. Ар бир атомду Аллах
башкарып турат. Аллах бардык атомдорду жараткан соң, аларды ар дайым башкарып
турууга да кудуреттүү:
Ал асмандарды жана
жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду (Аршка истива кылды). Ал
жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшкөн жана ага көтөрүлүп жаткандын
баарын билет. Силер кайда болсоңор да, Ал силер менен бирге, Аллах
кылгандарыңарды көрүүчү. Асмандардын жана жердин мүлкү (байлыгы) Ага тиешелүү.
(Аягында бардык) иштер Аллахка кайтып барат. (Хадид Сүрөсү, 4-5)
Ааламда,
албетте, жаңжалдар жана табигый кырсыктар да болуп турат. Диалектикалык
материалисттердин жаңылыштыгы – бул окуяларды көзөмөлсүз деп ойлошу. Чындыгында
жаңжалдардын жана кырсыктардын бүт баарын Аллах башкарат. Көзөмөлсүз болуп
жаткандай көрүнгөн окуяларды, кагылышууларды, жер титирөөлөрдү жана согуштарды
Аллах атайын, белгилүү бир максат менен жаратат. Бул дүйнөдө Аллах кооздуктар
менен бирге, кыйынчылыктарды, балээлерди жана сыноолорду да жаратаарын кабар
берген. Дүйнөдөгү окуялар дүйнөнүн жаралуу максатына ылайык ишке ашат.
Ошондуктан
«хаос» деген сөздү колдонуунун өзү туура эмес. Жер жүзүндө же ааламда «хаос»
деген нерсе жок. Жер жүзүндө жана ааламда «кокусунан» болгон бир дагы окуя жок.
Адамдын тагдыры да, ааламдын тагдыры да Аллахтын алдында белгилүү:
Кайыптын ачкычтары
Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыктагы жана
деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт;
кара жердин койнундагы бир даана дан, бардык суулуу же кургак нерселердин баары
(бүт нерсе) апачык китепте бар. (Энъам Сүрөсү, 59)
Британия терең мамлекетинин кагылышуу планы жана жалданма аскерлер
Британия терең
мамлекети өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы зордук-зомбулуктун пайдубалын даярдап
жатканда, анын логистикасынын планын да, албетте, түзгөн. Араб жазы сыяктуу
соросчул революциялардан кийин көптөгөн өлкөлөрдүн башаламандыкка туш болоорун
билет. Араб жарым аралынын бир канча өлкөсүн, жанына Египет сыяктуу башка араб
өлкөлөрүн да кошуп, Катарга каршы тукурса, аймактагы кырдаалдын кандай абалга
келээрин алдын-ала пландаган.
Ушул себептен
Британия терең мамлекетинин ар дайым даяр турган жалданма аскерлери, б.а.
атайын даярдалган террордук уюмдары бар. Ирак басып алынганда, аймакты кыска
убакытта террордук уюмдардын басып кетиши, Сириядагы жарандык согуштун террордук
согушка айланышы муну айгинелеп турат. Жалданма аскерлер керектүү аймактарга
жиберилип, акча үчүн тапшырылган миссияны аткарышууда. Биз кандайдыр бир
идеологиясы бар деп ойлогон террордук уюмдардын көпчүлүгүн толугу менен
Британия терең мамлекети негиздеген. Максат «Ислам мамлекетин куруу» же
өлкөлөрдү басып алуу эмес. Алардын бир гана максаты бар: башаламандык чыгарып,
акчасын алуу.
Албетте, Британия
терең мамлекетинин массалык психологияны жана чагымчылдыкты эң көп колдоноорун
да унутпаш керек. Алардын бир бөлүгүн Британия терең мамлекетинин жалданма
аскерлери түзсө, бир бөлүгүн аларга идеологиялык максатта кошулган башка
кишилер түзөт. Алар чындыгында Британия терең мамлекетинин жалданма аскерлерине
кызмат кылып жатканын билбестен, өздөрүн өлүмгө түртүшүүдө. Дажжалдык системага
кантип кызмат кылып жатышканын эч билишпейт. Болгону алданып калышкан. Британия
терең мамлекетинин пропаганда оюнунун жардамы менен Британия терең мамлекетине
караштуу террордук уюмдар өздөрүнө оңой эле аскер чогулта алышууда.
Статистика
боюнча, акыркы жылдары дүйнөдө болуп өткөн согуштардын 10%ы гана мамлекеттерге караштуу армиялардын ортосунда болгон. Калганы террордук
уюмдарга, эмне экени белгисиз болгон жана тынымсыз атын өзгөрткөн куралдуу топторго
жана санариптик аскерлерге тиешелүү кагылышуулар. Британия терең мамлекетинин
жалданма аскерлеринин бул куралдуу топтордун арасында иш-аракет жүргүзүп,
уюштуруу иштерин жүргүзүшүндө ар кандай жасалма коопсуздук фирмалары
пайдаланылат. Ал фирмаларда көбүнчө Британиянын жана АКШнын пенсиядагы
аскерлери иштейт. Бул фирмалардын Британия терең мамлекети үчүн мааниси чоң,
анткени согуш учурунда жасалган согуш кылмыштары ошол фирмаларга жүктөлүп, эч
ким Британияны же АКШны түздөн-түз айыптай албай калууда. Ошондой эле,
миллиондогон адамдар өлтүрүлүп, анын кылмышкери болсо табылбай калууда.
Алардын бири «Vanity Fair» журналындагы бир макала аркылуу дүйнөгө ашкере
кылынган Эрик Принс аттуу ишкер жана анын «Blackwater» аттуу террордук фирмасы. Абалга жараша атын өзгөрткөн башка террордук
фирмалардай болуп, Принстин террордук фирмасы да алгач Blackwater, анан XE, андан соң Academi деп аталган.
2007-жылы Blackwater фирмасынын жалданма аскерлери Иракта көчөдө бара
жаткан 17 адамды көңүл ачуу үчүн өлтүргөн жана мунун видеосу ачыкка чыккан соң
Принске карата масштабдуу тергөө башталган. Ошол кездеги ЦРУнун жетекчиси
Принсти маалымат каражаттарына ашкерелеген. Принс «Vanity Fair»
журналына берген маегинде
мындай деп айткан: «эң рисктүү аймактарда
өзүм жана фирмам ЦРУга кызмат кылдык. Алар болсо мени автобустун алдына
ташташты.»486
![]() |
| "Blackwater" фирмасынын жалданма аскерлери башаламандык чыккан өлкөлөрдөгү бир катар террордук уюмдарга да көмөк көрсөтүүдө. |
Кылмышкер, киши
өлтүргөн, наркоман жана, ал тургай, соттолгон кишилерден турган аскерлер
Жакынкы Чыгыштагы басып алынган аймактардын бүт тарабында бар. Акча табуудан
башка эч кандай максаты жок жана киши өлтүрүүдөн эч тартынбаган бул кишилердин
мүдөөсү бир гана башаламандыкты күчөтүү. 17 күнөөсүз кишини көңүл ачуу үчүн
өлтүргөн бир психопаттын эмне үчүн жана кантип буга колу барды деген маанилүү
бир суроо турганы менен, тиешелүү органдар муну иликтөөнү көп каалаган жок.
Негизи күн сайын буга окшогон толтура окуя болуп жатат. Принс булардын баары
ашкере болуп, ЦРУну ачык түрдө айыптаганына карабастан, тымызын ишин уланткан.
Афганистанда
Американын ар бир аскерине ар кайсы фирмаларга тиешелүү үч жалданма аскер туура
келет. Иракта Американын ар бир аскерине эки жалданма аскер туура келет.
Бул жалданма
аскерлер кээде радикалдуу террордук топторго, кээде болсо YPG сыяктуу коммунисттик террордук топторго жардам берет. Кээде аты жок
топторду түзүп, коогалаңды күчөтүшөт. Принс жана анын фирмасынын Түркиядагы PKK/PYD уюмдарынын ичине да жайгашканы белгилүү. Academi фирмасынын жалданма аскерлеринин Түркиянын
Чукуржа аймагындагы кагылышууларда PKK уюмуна түздөн-түз
колдоо көрсөткөнү аныкталган.487
2016-жылы «Milli Gazete» гезити Эрик Принстин тымызын Түркияга жасаган
зыяратын жарыялап, Принстин Түркияга эмне үчүн келгенин сураган. Ошол кездеги
АКШнын вице-президенти Байдендин зыяратынын алдында жасалган бул зыярат
эмнегедир көп кишинин көңүлүн бурган эмес. Ошондуктан бул зыяраттын себеби
белгисиз бойдон калган.488 Бирок бир нерсе
белгилүү болгон: АКШда өндүрүлгөн курал-жарактар Blackwater аркылуу Кандильге (PKK уюмунун очогуна) жиберилген. Эми болсо
АКШ бул уюмга эч кандай фирмаларды колдонбостон жана жаап-жашырбастан, ачык эле
курал-жарак жиберүүдө. Анткени, YPG уюму эми болор-болбос
кызыкчылыктар үчүн адамдарды өлтүргөн жана толугу менен киши өлтүргүчтөрдөн
турган АКШнын жалданма канкор армиясына айланды.
Жалданма
аскерлерди саткан фирмалар, албетте, Blackwater менен эле
чектелбейт. Учурда көптөгөн фирмалар өзгөчө Жакынкы Чыгыштын коогалаңдуу
аймактарында түздөн-түз, Түркия сыяктуу коогалаң чыгаруу максаты көздөлгөн
өлкөлөрдө болсо кыйыр жолдор менен иш-аракет жүргүзүүдө.
Мындан
төмөнкүдөй жыйынтык чыгат: Жакынкы Чыгыштагы согуштар эл ойлогондой эркиндик же
көз-карандысыздык үчүн болуп жаткан жок. Жакынкы Чыгыштагы согуштардын
бирден-бир максаты – көбүрөөк жаңжал жана көбүрөөк согуш чыгаруу. Бул жалданма
аскерлердин бирөөсү да согуштун бүтүшүн каалабайт, анткени алар согуштан акча
табышат. Британия терең мамлекетинин максаты да эч качан согушту токтотуу
болгон эмес. Ошондуктан мусулмандардын Сириядагы согушту, Ирактагы террорду
жана Йемендеги кыргынды өзүнөн-өзү токтойт деп күтүшү туура болбойт. Акылман
мусулмандар туура жана чечкиндүү кадамдарды жасамайынча, булар согушту уланта
беришет.
Британия терең
мамлекетинин курал-жарак соодасынын өтө чоң рынок экенин да унутпаш керек.
Британия терең мамлекети согуштар аркылуу бул рынокту атайылап жандантып турат.
Британия терең мамлекетинин ою боюнча, эскирип баштаган курал-жарактар
кандайдыр бир жол менен колдонулуп, ордуна жаңылары сатылышы керек.
Ошондуктан
Британия терең мамлекетинин планы боюнча дүйнөдө эч качан согуш токтобошу
керек. Бул максатта согуш идеологдору адамдарга согушту кабыл алдыра турган
идеяларды улам улам чыгарып, террор фирмалары абдан кирешелүү болгон согуш
рыногунан миллиондогон долларларды тапса, фронтто жалданма аскерлер согушат. Натыйжада
Жакынкы Чыгышта туруксуздук жана күнөөсүз адамдардын өлүмү эч качан токтобойт.
Британия терең мамлекетинин дүйнө түшүнүгү мына ушундай жана бул түшүнүк учурда
активдүү түрдө ишке ашырылып жатат.
![]() |
| 1992-жылы Американын учактарынын Ирактагы учууга тыюу салынган аймакта учуп жүргөн учуру. |
Улуу Раббибиз
дажжал комитетинин ар дайым бузукулук чыгарууну көздөөрүн төмөнкүчө сүрөттөгөн:
... Алардын согушту көздөп тутанткан отторунун
баарын Аллах өчүрдү. Жер жүзүндө бузукулук чыгарууга аракет кылышат. Аллах
болсо бузукуларды сүйбөйт. (Маида Сүрөсү, 64)
Жарандык
кыргындар үчүн ойлоп чыгарылган кын: «коштоочу залал»
2010-жылы Викиликс
(Wikileaks) документтеринен чыккан 2007-жылга тиешелүү бир видео дүйнө жүзүн
нес кылды. Видеодо Американын авиа тобу Багдадда бир жерди атып, 12 кишини
шейит кылган соң, каткырып күлгөнү тартылган. Ал кишилер өлтүргөн 12 киши
жаңылыштык менен өлтүрүлгөн карапайым адамдар болгон; ал тургай, алардын экөөсү
Рейтер (Reuters) кабар агенттигинде иштеген эки ирактык болгон.
Андан кийин
чыккан башка бир видеодо болсо эки «Апач» (Apache) вертолетунун карапайым элди
атканы тастыкталган. Шейит кеткендердин арасында Рейтер кабар агенттигинин 22
жаштагы фотографы Намир Нур-Элдин менен анын айдоочусу да
болгон.489
Ушул сыяктуу
видеолор Иракта кандай көрүнүштөр болуп жатканын бизге бир аз болсо да
көрсөткөнү менен, мындай видеолордун ачыкка чыгышынын, албетте, кээ бир терең
себептери да бар. Алардын биринчиси, Британия терең мамлекетинин карапайым
адамдардын өлүмүн согуштун табигый натыйжасындай көрсөтүү аракети, экинчиси бүт
күнөөнү АКШга жүктөп, багытты АКШга буруу, үчүнчүсү болсо өзүнүн кишилерин,
т.а. Рейтер агенттигинин журналисттерин курмандыкка чалып, өзүн күнөөсүз
көрсөтүү. (Бул журналисттер ирактык болгону үчүн, Британия терең мамлекетинин
аларды эч барктабаганы бул жерде ачык көрүнүп турат.)
Өкүнүчтүүсү,
мындай карапайым адамдардын өлүмү өзгөчө Ирак, Сирия жана Ливия согуштарында
жана бүгүнкү күндө тымызын жүрүп жаткан Йемен согушунда аябай көп кездешүүдө.
Британия терең мамлекетинин жолдоочулары карапайым адамдардын өлүмүн согуштун
«аргасыз натыйжасы» катары көрсөтүп, аны «Collateral Damage» (коштоочу залал)
деп аташкан.
![]() |
| Рейтерс агенттигинин фотографы Намир Нур-Элдин жана айдоочусу атайылап аткыланган. |
Туш келди,
көзөмөлсүз жана таш боордук менен жасалган кыргындарды жеңилдетип, күнөөсүз
көрсөтүү максатында ойлоп табылган бул сөз илимий терминологияга кирген соң,
кызыктай болуп, легалдуу нерсеге айланууда. Ошондуктан «коштоочу залал» деген
сөз менен бирге ар дайым мунун «легалдуу» иш-аракет экендигине сөзсүз басым
жасалат. Башкача айтканда, эч күнөөсүз жарандар бомбалоочу учак менен өлтүрүлөт,
бирок ага эч ким жооп бербейт. Болгону өлгөндөрдүн статистикасы гана
жүргүзүлөт.
![]() |
| Iraq Body Count Project эсептөөлөрү боюнча, 2003-2017-жылдары каза болгондордун саны 178-200 миңге чейин жеткен. Буга көптөгөн курмандыктардын кошулбай калганы да белгиленген. |
![]() |
| Картада Британия терең мамлекетинин пландарынын натыйжасында Иракта эң көп зомбулук болуп өткөн 7 шаар чагылдырылган. Картадагы сандар бул аймактардагы жарандык жоготууларды көрсөтөт. |
Иракта
добуштарды эсептөө долбоорунун (Iraq Body Count Project) изилдөөлөрү боюнча,
2003-жылдын март айынан 2017-жылдын март айына чейин бир эле Иракта
бомбалоолордун жана учкучсуз учактардын чабуулдарынын натыйжасында каза болгон
карапайым адамдардын саны болжол менен 178587 менен 200029дун арасында болгон.490 Аталган мекеме бул эсептөөлөргө кошулбаган
дагы канчалаган жоголгон кишилер бар экенин белгилеген.
Сирияда болсо
2011-жылы март айында башталган жарандык согуштун натыйжасында, Syrian Centre
for Policy Research мекемесинин изилдөөлөрү боюнча, жалпысынан 470 миң адам көз
жумган.491 Syrian Martyrs уюмунун маалыматтары боюнча,
мунун 151888ин карапайым жарандар түзөт. Бул уюмдун маалыматтарынын БУУнун
маалыматтарынан жогорураак чыкканынын себеби болсо, бул уюм жоготууларды өз
ордунда санап, аты-жөнү такталбаган жоготууларды да эсепке киргизген.
Ошондуктан бул маалыматтар чындыкка жакыныраактай көрүнөт.
![]() |
| Бомбаланган өлкөлөрдө шейит болгон карапайым калкты Британия терең мамлекети "коштоочу залал" деп жеңил көрсөтүүгө аракет кылууда. |
Syrian
Observatory for Human Rights уюмунун 2017-жылы мартта жарыялаган отчету боюнча,
кагылышуулар учурунда көз жумган жаш балдардын саны 17411ди, аялдардын саны
болсо 10847ни түзгөн.492
Британиянын
чалгындоо кызматынын маанилүү мүчөлөрүнүн бири Джордж Оруэлл 1946-жылы жазган
бир макаласында «саясий стильдин көбүнчө кабыл
алынгыс нерселерди жактоо» максатын көздөөрүн белгилеген жана «ошондуктан саясий тилде кынга жашыруу,
керектүү ойду чындыктай кабыл алуу жана күмөндүү табышмакты көздөй жолдон чыгуу
элементтери болушу керек» деген.493 Оруэлл
мында негизи Британия терең мамлекети колдонгон тымызын ыкманы сүрөттөгөн.
Дүйнө жүзүнүн көз алдында жасалып жаткан кыргындарга саясий стиль менен бир кын
(тосмо) табылып, дүйнө жүзү ага көндүрүлүп коюлду. Карапайым өлүмдөр ал жерге
себепсиз басып кирген баскынчылардын согушунун «табигый бир натыйжасы» катары
чагылдырылууда. Ошентип Британия терең мамлекетинин бир тымызын стратегиясы
ишке киргизилип, терең мамлекетке «барксыз» көрүнгөн элдер дүйнө жүзүнө да
барксыз көрсөтүлүүдө жана «алардын өлүмү көп деле маанилүү эмес» деген сыяктуу
бир таасир калтыруу аракети жүрүүдө. (Бул аймакта зулумдукка кабылган жана каза
болгон бардык бир туугандарыбызды аруулайбыз.)
![]() |
| Британия терең мамлекети тымызын саясаттары аркылуу дагы канчалаган мусулмандарды шейит кылууну улантат. Буга бөгөт коюунун жалгыз жолу - бул мусулмандардын биримдикке келиши. |
Бул стратегия
ошол эле учурда «мусулмандарды кадыр-барксыз көрсөтүү» стратегиясын да камтыйт.
Көп жылдардан бери Жакынкы Чыгыш элдерине үстөмдүк кылып келген Британия терең
мамлекети аларды акырындап жок кылына турган элдер катары көрөт. Анын максаты
өзгөчө Ислам элдерин жок кылуу болгондуктан, алардын динине, улуттук жана
руханий баалуулуктарына жана улуттук иденттүүлүгүнө сокку уруу аркылуу
максатына оңой жетээрине ишенет. «Коштоочу залал» (collateral damage) деген
сыяктуу жүзү кара терминдер бул максатты жөнөкөйлүштүрүп, кабыл аларлык кейипке
алып келүү үчүн чыгарылган.
Өкүнүчтүүсү,
Жакынкы Чыгыш элдеринин бир бөлүгү бул стратегиянын тузагына түшүп, өздөрүн
барксыз көрүү оорусуна чалдыккан. Бул караңгы дин түшүнүгүн карманып, Исламдын
мусулмандарга тартуулаган улуу кадыр-баркын билбешинен жана Британия терең
мамлекети сыяктуу жүзү кара күчтөрдү чындап эле өздөрүнөн жогору көрүшүнөн
келип чыгууда. Муну жоюу үчүн, кечиктирбестен Британия терең мамлекетинин
дажжал комитети экенин ашкерелөө жана Жакынкы Чыгыш элдерине Ислам дининин
чыныгы маңызын таанытуу зарыл. Чыныгы Исламды таанып, турмушка ашырган
мусулмандар кадыр-барктуу, сапаттуу, аруу, өзүн каранган, акылдуу жана заманбап
болушат. Бир катар Ислам өлкөлөрү бул чындыкты билишпейт, ошондуктан муну
аларга сөзсүз жеткирүү керек. Аларга туура эмес булактардагы Исламды эмес,
Курандагы Исламды түшүндүрүү зарыл.
Улуу Раббибиз
мусулмандарга аларга кадыр-барк алып келе турган Куранды негиз тутууларын
насаат кылган:
...Жок, Биз аларга
өздөрүнүн кадыр-барктарын (зикирлерин) алып келдик, бирок алар өздөрүнүн
зикирлеринен жүз буруп жатышат. (Мүминун Сүрөсү, 71)
Булактар:
484. Ralph
Peters, Blood Borders: How a Better Middle East Would Look, Armed Forces
Journal, 1 Haziran 2006,http://armedforcesjournal.com/blood-borders/
485. Mahdi
Darius Nazemroaya, “Plans for Redrawing the Middle East: The Project for a ‘New
Middle East'”, Global Research, 18 kasım 2006,
http://www.globalresearch.ca/plans-for-redrawing-the-middle-east-the-project-for-a-new-middle-east/3882
486. Adam
Ciralsky, “Tycoon, Contractor, Soldier, Spy”, Vanity Fair, Ocak 2010,
http://www.vanityfair.com/news/ 2010/01/blackwater-201001
487. İsmet
Berkan, “Demokrasiden ayrılmadan mücadelenin anlamı…”, Hürriyet, 22 Ekim 2011,
http://www.hurriyet.com.tr/demokrasiden-ayrilmadan-mucadelenin-anlami-19052169
488. “Erik
Prince gizlice Türkiye’ye gelmiş”, Hedef Halk, 25 Ocak 2016,
http://www.hedefhalk.com/erik-prince-gizlice-turkiyeye-gelmis-643770h.htm
489. Chris
McGreal, “Wikileaks reveals video showing US air crew shooting down Iraqi
civilians”, The Guardian, 5 Nisan 2010, https://www.theguardian.com/world/
2010/apr/05/wikileaks-us-army-iraq-attack
490. “Documented
civilian deaths from violence”, Iraq Body Count database, Retrieved 9 Ocak
2015, https:// www.iraqbodycount.org/database/
491. Priyanka
Boghani, “A Staggering New Death Toll for Syria’s War — 470,000”, PBSonline, 11
Şubat 2016,
http://www.pbs.org/wgbh/frontline/article/a-staggering-new-death-toll-for-syrias-war-470000/
492. “About
465 thousand persons were killed in 6 years of the =Syrian revolution and more
than 14 million were wounded and displaced”, Syrian Observatory for Human
Rights, http://www.syriahr.com/en/?p=62760
493. William
Zinsser, On Writing Well, 2016, s. 14
494. “İran
tarafından sürekli dile getirilen ‘İngiliz Şiiliği’ nedir?”, Fars Haber Ajansı,
20 Ocak 2016, http://tr.f arsnews.com/world/news/13941030000647












Hiç yorum yok:
Yorum Gönder