Британия
шииттиги жана Британия сунниттиги түшүнүктөрү Британия терең мамлекети
тарабынан мусулмандарды бөлүп жаруу максатында иштелип чыккан идеологиялар. Бул
идеологиялар менен бул багыттагы өзүнүн тыңчыларын колдонуп, Британия терең
мамлекети сунни (суннит) мусулмандар менен шиит мусулмандардын ортосунда
чыр-чатак чыгарууну жана Жакынкы Чыгышты мазхаб согуштары аркылуу канга бөлөп,
майда бөлүктөргө бөлүүнү көздөөдө. Өкүнүчтүүсү, жасалма түрдө ойлоп чыгарылган
бул түшүнүктөр Жакынкы Чыгыштагы бир катар чөйрөлөргө өз таасирин тийгизип,
өзгөчө Ирак жана Сирия сыяктуу башаламан аймактарда жарандык согуштарды
күчөтүүчү бир факторго айланды. Мазхаб күрөшү Британия терең мамлекетинин Ислам
коомчулугун кулатуу үчүн ойлоп чыгарган эң тымызын пландарынын бири.
![]() |
| Аятолла Али Хаменеи |
Тилекке жараша, кастык
күчөтүлүп жаткан учурда коркунуч жөнүндөгү эскертүүлөрүбүз дарегине жетти жана
Британия терең мамлекети биринчи кезекте бузукулук чыгарууну көздөп жаткан Иран
өлкөсүндө акылман кишилер чыгып, керектүү сөздөрдү айтышты. Иран Ислам
Республикасынын диний лидери Хаменеи баш болгон Ирандын лидерлери, илимпоздор
жана адистер бул бузукулуктун жасалма түрдө ойлоп чыгарылган «Британия
шииттиги» экендигин айтышып, акылман мусулмандарды буга каршы илимий күрөш
жүргүзүүгө үндөштү.
Ирандын эл
аралык жана аймактык маселелер боюнча адиси Сеййид Хади Эфкахи Исфахан
университетинде өткөрүлгөн «Чыныгы Ислам» аттуу симпозиумда Британия шииттигин «Ислам биримдигинин омурткасына тийген октун
бытырандысына» салыштырып, мындай деген:
Дарыгерлер
ал октун бытырандысын чыгарууда абдан этият болбосо жана диний башкармалыкка
(илгерки баалуу Исламдык бийликтердин жолун улантуу үчүн Иранда түзүлгөн,
мыйзамдардын жана реформалардын негизги багыттарын белгилеген, динге чакыруу
жана жардам көрсөтүү иш-аракеттерин жүргүзгөн бир мекеме) байланыштуу болгон
Лондон шииттиги маселесине этият мамиле жасалбаса, шииттиктин тулку боюна
урулган чоң соккуга айланат.
Эфкахи сөздөрүн
төмөнкүчө уланткан:
Британия
шииттиги маселеси учурдагы эң негизги жана эң кооптуу маселелердин бири.
Анткени, саясий маселелерди каалагандай анализ кылууга болот, ал эми Лондон
шииттиги болсо абдан кылдат маселе.
Эфкахи Британия
шииттигин жамынгандардын максатын төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Алар
массалык маалымат каражаттары аркылуу пайда болушту жана маалымат
каражаттарынын бычагы кылычтан да курч жана таасири да күчтүү. Кылыч денени
көздөйт, уулуу калемдер болсо сүйүү жана жек көрүүгө таянат, б.а. жүрөктү
көздөйт.494
Бул сүрөттөөлөр
таамай айтылган. Мазхаб күрөшү Британия терең мамлекетинин Ислам коомчулугун
кулатуу үчүн ойлоп чыгарган эң тымызын пландарынын бири. Ислам коомчулугунун
бир бөлүгү бул оюнга алданып, мазхаб жаңжалдары жок жерден Жакынкы Чыгыштын бир
бөлүгүн канга бөлөдү.
Негизи Британия
шииттиги жана Британия сунниттиги оюнун Осмон империясынын ичиндеги араб
көтөрүлүштөрүн козгогон Гертруда Белл менен Т. Э. Лоуренс баштаган. Кылымдар
бою чогуу жашаган бир туугандар бул оюндун натыйжасында биринчи жолу бири-бири
менен жаңжалдашып баштаган. Жакынкы Чыгыштагы бул бөлүнүү 1921-жылы Каирде тымызын
өткөрүлгөн конференцияда «40 каракчынын» Жакынкы Чыгыштын жаңы чек араларын белгилешине
шарт түзгөн. (Бул жөнүндө тереңирээк маалыматты бул китептин 1-томунан таба
аласыз.)
![]() |
| Уинстон Черчилльдин жетекчилиги астында 1921-жылы өткөрүлгөн жашыруун Каир конференциясы. Сүрөттө Белл жана Лоуренс сыяктуу тыңчыларды Черчилльдин жанынан көрүүгө болот. |
Бул стратегиядан
мурда тарыхта эч качан суннит-шиит жаңжалы болгон эмес жана мындай мазхаб
күрөшү катталган эмес. Осмон империясынын ичиндеги шииттер менен сунниттер
британиялыктарга каршы биргелешип согушкан жана бул биримдик Кут-эль-Амаре
жеңишин алып келген.
Калкынын басымдуу
бөлүгү шииттерден турган Иран өлкөсү калкынын көпчүлүгү сунниттерден турган
Түркия менен 400 жылдан бери тынчтыкта жашап жатат жана эки өлкөнүн ортосундагы
чек ара дүйнөнүн эң байыркыларынын бири. Британия терең мамлекетинин оюну ушул
эки тектүү өлкөгө гана таасир тийгизе алган жок жана терең мамлекеттин
канчалаган аракеттерине карабастан, Түркия менен Ирандын достугу бекемделип
уланып келүүдө. Ушул эки өлкө гана Жакынкы Чыгышта Британия терең мамлекетинин
тымызын аракеттерине карабастан, туруктуулугун чыныгы мааниде сактап келе
жатат.
Биринчи дүйнөлүк
согуштун алдында башталган бул оюн Жакынкы Чыгышты жакшылап бөлүп жаруу үчүн
кеңейтилип, Иранга жасалган бир операцияга айланган. Иранда 1979-жылы болгон
революциядан соң, Ирандан Британияга миграциянын күчөшү Британия терең
мамлекетинин Иран боюнча жаңы бир стратегия иштеп чыгуусуна себеп болгон.495
![]() |
| 1979-жылы Британия терең мамлекетинин көзөмөлү астында ишке ашкан Иран революциясынан соң Британияга качкан ирандыктардын бир бөлүгү Иранга каршы тыңчы катары колдонулушкан. |
Британияга көчүп
барган ирандыктардын бир бөлүгү материалдык же билим алуу максатында барганы
менен, араларында өтө көп Иранга каршы кишилер болгон. Алардын бир бөлүгү кыска
убакытта Британия терең мамлекетинин Иранга каршы колдоно турган тыңчыларына
айланган.
Алардын арасында
«гулат» деп аталган, кээ бир шиит имамдар лидерлик кылган радикалдуу агымдын
мүчөлөрү маанилүү орунду ээлейт. Британияда жашаган имамдардын өздөрүнө
караштуу телевизор каналдары аркылуу пропагандалаган бул агымы ал өлкөдөгү
байланыштарынан улам «Британия шииттиги» деп аталат.
Британия шииттиги
деп аталган бул кыймылга Британияда жашаган бир катар шиит имамдар да кошулат.
Алар шиит эместерди «Аллахка ширк (шерик) кошкондор» деп эсептеп, телевизор
каналдарында Аз. Абу Бакр (ра), Аз. Умар (ра), Аз. Осмон (ра), Аз. Айша (ра)га,
мусулмандар кадырлаган инсандарга жана ыйыктарга тынымсыз акараттарды айтышат.496 (Кадырлуу халифаларыбызды, Аз. Айша (ра)ны
жана сахабаларды аруулайбыз.)
Сеййид Хади
Эфкахи Британия шииттеринин өздөрүн гана чыныгы мусулман деп эсептеп, аларды
ээрчибеген башка шииттерди да жолдон адашкандар катары көрүшөөрүн белгилейт.
Эфкахинин
айтуусу боюнча, бул кишилердин дагы бир эң негизги өзгөчөлүгү – сунниттерди
(ахли суннаны) жек көрүү. Бул топтордун 17 TV аттуу 24 саат иштеген спутниктик
телеканалы бар. Имам Хусейн 1-2-3, Баки, аль-Энвар 1-2, Зехра, эль-Мехди,
Хатиже TV, Эбал Фазл Аббас, Teen Ch 4, Fedek сыяктуу аттар менен аталган бул
каналдарда өздөрүнөн башкаларга карата агрессивдүү телеберүүлөр жарыяланууда.497
Программаларда
бир жагынан шиит-суннит жаңжалы көкүтүлсө, экинчи жагынан динчил шииттик
жамандалат. Анткени, бул топтун сунниттерге (ахли суннага) болгон кастык
мамилесин Ирандын лидери Хомейни жана Ирандын учурдагы диний лидери Али Хаменеи
эч качан колдогон эмес.
Бул агымдын
лидерлеринин бири, Британияда жашаган Муджтаба Ширазинин «сунниттерди өлтүрүү
парз» деп фатва (чечим) чыгарышы чыңалууну күчөткөн. Буга жооп катары, Ирактагы
шииттердин диний лидери Аятолла Систани акылмандык менен, «Ирактагы сунниттерди
коргоо керек» деп чакырык жасаган. Ширази менен анын жолдоштору Исламга ылайык
тынчтыкка үндөгөн Аятолла Систанини «каапыр» деп жарыялаган. Ошондой эле,
Хаменеиге карата да оор акараттарды айтышкан.
Эфкахи шииттерге
таандык кийин пайда болгон кээ бир үрп-адаттарды да күмөндүү деп эсептейт.
Алардын арасында Аз. Умар (ра) шейит кылынган күндүн Британия шииттери
тарабынан майрам катары белгилениши, «канжар урууга» үндөө (канжар уруу – бул,
кээ бир шииттердин Кербеладагы окуяларды элестетүү максатында өздөрүн чынжырлар
менен уруп же кылыч, канжарлар менен баштарына уруп кандарын агызуу аземи) жана
Ахли Бейт (Пайгамбарыбыз (сав)дын үй-бүлөсүнө караштуу) аялдарынын чөлдөгү
машакаттуу сапарын чагылдыруу шылтоосу менен аялдарды тикендердин үстүнөн
бастыруу салты бар.
Эфкахи
шиит-суннит ынтымагын бузуу максатында шииттерге кийинчерээк киргизилген мындай
үрп-адаттардын артында кимдердин тураарын да изилдөө керек дейт. Эфкахинин
айтуусу боюнча, акыркы убактарда мындай салттарга абдан маани берилүүдө.
Коомдук иш-чараларды Британия терең мамлекетинин ар дайым натыйжалуу бир курал катары
колдонуп келгени чындык.
![]() |
| Шиит аалымдардын бир бөлүгү "канжар уруу" сыяктуу үрп-адаттарды да Британия шииттигинин бир стратегиясы деп эсептешет. |
Иран Ислам
Республикасынын диний лидери Аятолла Али Хаменеи 2013-жылы Гадир Хум майрамында
калың элге кайрылуу жасап, суннит-шиит мазхабдарынын өкүлдөрү бири-бирине
акарат айтуудан алыс болушу керек экенин белгилеген. Ал сөзүн төмөнкүдөй
уланткан:
Шииттикти
жамынып башка Ислам мазхабдарынын сезимдерин көкүтүү Британия шииттигинин иши.
Бул болсо аймакта чоң кыйроолорго жана кан төгүүлөргө себеп болгон ИГИЛ (ДАИШ)
жана Нусра сыяктуу АКШ менен Британиянын тыңчылык кызматтарына караштуу катаал
террордук топтордун пайда болушуна алып келет. Ахли суннанын ыйыктарына акарат
айтуу Британия шииттигинин иши.498
Аятолла Али
Хаменеи өз сөзүндө Британия шииттигинин өкүлдөрүнөн Муджтаба Ширази жана Ясир
Хабиб сыяктуу кишилердин Британиянын MI6 чалгындоо кызматынын көзөмөлүндө
экенин жана мазхаб согуштарын көкүтүү максатында колдонулуп жатканын да айткан.
Андан соң, Ирандын жетекчилиги 2015-жылы январьда «суннит жана шиит
мусулмандардын ортосунда карама-каршылык чыгарып жатат» деген себеп менен бул
кишилерге тиешелүү 17 TV спутниктик каналынын телеберүүлөрүн токтоткон.
Аятолла Али
Хаменеинин төмөнкү сөздөрү абдан маанилүү:
Шиит,
суннит, бардык Ислам мазхабдары карама-каршылык чыгаруудан алыс болушу керек
жана Аз. Пайгамбардын (сав), Курандын жана Каабанын бар экенинин биримдикке багыттаарын
унутпаш керек.499
Дүйнөлүк Ахли
Бейт Курултайынын жетекчиси Аятолла Шебустери болсо Британия шииттиги жөнүндө: «душман бүгүнкү күндө Ислам ааламында
сунниттерге кас шиит фанатизмин түзүү аракетин жүргүзүүдө. Британия шииттиги
бидат жана негизсиз ишенимдер аркылуу мусулмандарды өлтүрүү үчүн душмандарга шылтоолорду
таап берүүдө» деп айткан.500
Көрүнүп
тургандай, Британия терең мамлекетинин жасалма Британия шииттигин жайылтуу
стратегиясы 1979-жылдан кийин барган сайын күчөп, Жакынкы Чыгышка чоң
балээлерди алып келди. Иранда Аятолла Хаменеи баш болгон акылман мусулмандар
бул балээни ошол замат түшүнүп, өзгөчө шиит-суннит деп бөлүнбөө зарылдыгына
басым жасап, бул оюнду бузууга аракет кылышты. Иран лидерлеринин бул акылмандыгы
албетте кубантат. Бирок жетиштүү эмес. Британия терең мамлекети тутантып жаткан
бул балээни токтотуу үчүн бүт Ислам ааламы, суннит-шиит баары биригип бул оюнду
бузушу керек.
![]() |
| Режеп Таййип Эрдоган |
Президент Режеп
Таййип Эрдогандын бул оюнду бузуу багытында айткан сөздөрү да кубантат.
Урматтуу президент Ислам кызматташтык уюмунун XIII саммитиндеги кайрылуусунда
мындай деди:
Дайыма айтып
келгенимдей, менин диним сунниттик да эмес, шииттик да эмес; менин диним Ислам.
Мен, 1 миллиард 700 миллион бир тууганым сыяктуу, бир гана мусулманмын. Башка
айырмачылыктардын баары бул ишенимимден, бул сыпатымдан кийин турат.501
Урматтуу
президент түрк-араб жогорку билим берүү конгрессинин жабылуу аземиндеги
кайрылуусунда болсо мындай деди:
Тилекке
каршы, Ислам дүйнөсү бүгүнкү күндө шииттик жана сунниттик коркунучунун алдында
турат. Мен муну Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде да айттым. Биздин шииттик деген динибиз жок. Биздин
сунниттик деген да динибиз жок. Булар жолдор. Биздин булардын үстүндө жалгыз динибиз бар. Ал Ислам жана биз бир мусулман катары бир туугандыгыбызга эч качан көлөкө түшүрбөшүбүз
керек.502
Бул сөздөр абдан
маанилүү, анткени Британия терең мамлекети бул багытта бир эле Иранда эмес,
Түркияда да ар кандай аракеттерди жасады. Өзгөчө 2016-жылдын 15-июлундагы
төңкөрүш аракети учурунда бул аракеттер абдан күчөп, төңкөрүш аракетинен көп
өтпөстөн өлкө масштабында ар кандай шылтоолор менен Иранга каршы провокациялар
жасалды. Иранга жана шииттерге багытталган кеңири масштабдуу долбоор көптөгөн
эскертүүлөрүбүздүн жана Британия терең мамлекетинин оюнун ашкере кылуубуздун
натыйжасында таш капты.503
Сэмюэл
Хантингтон Британия терең мамлекети тарабынан иштелип чыккан бул оюнду «Age of
Muslim Wars» (Мусулман согуштары доору) деп атаган. Бул оюндун планы боюнча,
мусулман өлкөлөр бири-бири менен согушуп, Жакынкы Чыгыштын жаңы картасындагы
чек аралар шиит-суннит өзгөчөлүгүнө карап белгиленет. Жакынкы Чыгышта Иран,
Ирак, Ливан, Бахрейн, Йемен сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө шиит мусулмандар да,
суннит мусулмандар да бар. Демек, Жакынкы Чыгыштын жаңы картасында тектүү
мамлекеттерди бөлүп, Британия терең мамлекети пландагандай майда өлкөлөргө
айландыруу максаты көздөлүүдө.
Бүгүнкү күндө
Жакынкы Чыгыш үчүн чыныгы коркунуч жарандык согуштар да, террордук уюмдар да
эмес. Эң чоң коркунуч мусулмандардын ортосундагы мээримсиздик жана мазхаб
жаңжалдары. Мазхабдарга бөлүнүү – Британия терең мамлекетине жана анын
колдоочуларына аймакта эч кыйынчылыксыз провокация чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берген
бир элемент жана Ислам ааламын бөлүп, майда, алсыз бөлүктөргө ажыратуу үчүн
колдонулуучу эң натыйжалуу курал.
Мазхаб
жаңжалдарынын жана андан чыккан зомбулуктардын биринчи жолу Ирак өлкөсү жалган
шылтоолор менен басып алынган соң пайда болгонун белгилөө керек. Британия терең
мамлекети Британия шииттиги жана Британия сунниттиги саясатын мына ошондо
баштаган. Мазхабдардын ортосундагы айырмачылыктар ошол жылдан соң жырткычтыкка
айланды. Өзүн-өзү жардырган террористтер биринчи жолу ошол жылдары пайда болду.
Ирак менен Сирия ошондон кийин мазхабдык аймактарга бөлүндү. Йемендеги
кагылышуулар ошондон кийин чыкты. Кылымдар бою чогуу жашаган ар кайсы мазхабдын
өкүлдөрү бир заматта бөлүнүп, жарылып, бири-бири менен согушуунун босогосуна
келишти.
![]() |
| Мазхаб кагылышуулары жана жан кечтилер биринчи жолу жасалма бир шылтоодон келип чыккан Ирактын басып алынышынан соң пайда болду. |
Бул планды бузуу
мусулмандардын колунда. Британия шииттиги жана Британия сунниттиги деген
жасалма түшүнүктөргө таянган жана Исламга тиешеси жок душмандык оюндарына жол
бербөө зарыл. Бул оюнду бузуу үчүн шииттер менен сунниттер биримдик түзүшү
керек. Өзгөчө шиит бир туугандарыбыз менен суннит бир туугандарыбыздын чогулуп,
шиит жана суннит өлкөлөрдүн биримдигин жана жаңы достук келишимдерин түзүшү,
мусулмандардын маселелерин биргелешип чечиши Британия терең мамлекетине чоң
сокку болот. Мындай биримдиктер ачык жарыяланып, бекем болушу зарыл.
Түркия менен
Ирандын биримдиги бул багытта маанилүү бир кадам болот. Бул эки өлкөнү Британия
терең мамлекети көптөн бери көздөп келүүдө. Бул эки өлкөнүн тектүү тарыхы,
ыйманы, улуттук сезимдери жана чечкиндүүлүгү илгертеден бери Британия терең
мамлекетин тынчсыздантып келген. Терең мамлекет тарыхта көп жолу Түркия менен
Ирандын ортосунда пикир келишпестиктерди көкүткөн, бирок эки өлкөнүн
акылмандыгы менен ыйманы буга бөгөт койгон. Мындан ары биримдикти ансайын
бекемдеп, буга өзгөчө басым жасоо зарыл. Түркиянын президенти Режеп Тайиип
Эрдогандын Ислам кызматташтык уюмунун саммитиндеги сөздөрү бул жагынан абдан
маанилүү. Президент «мазхабдарга бөлүнүү
– бул фитна (хаос). Суннит да, шиит да эмесмин, мусулманмын» деп бардык
Жакынкы Чыгыштын лидерлерине үлгү болду.504
Мазхаб жаңжалына
кирген чөйрөлөрдүн арасында өзгөчө Куран Исламын жайылтуу багытында кеңири
масштабдуу агартуу кампаниясын баштоо керек. Ислам дининин мусулмандарга Куран
аркылуу келгенин, мусулмандардын бир гана Курандан сурак берээрин, ошондуктан
Пайгамбарыбыз (сав)дын эч бир мазхабда болбогонун түшүндүрүп, бүт
мусулмандардын бир тууган экенин далилдери менен айтып берүү зарыл.
Мусулмандар
катары акыретте бир гана Куран китебинен суракка алынабыз. Улуу Аллах бул
акыйкатты Курандын бир аятында төмөнкүчө кабар берген:
Жана күмөнсүз ал
(Куран) сага жана коомуңа чындыгында бир зикир. Силер (андан) сураласыңар.
(Зухруф Сүрөсү, 44)
Шиит акылмандар
Британия шииттиги жөнүндө эмне дешет?
Эл аралык Жамаатуль
Мустафа университетинин ректору Аятолла Арафи:
Бирок
өкүнүчтүүсү, радикализмди, мазхабдарга бөлүнүүнү, кагылышууну жана ар кандай
касташууну көкүтүүгө аракет кылган бир агым пайда кылынган. Ал агымды «Британия
шииттиги» десек да болот, анткени кылымдардан бери Ислам менен күрөшүп келе
жаткан англичандардан азыктанышууда. Англичандардын логистикалык жана финансылык
колдоосу менен азыктанган бул топ Ахли Бейт таалимине эң оор сокку урууда.505
Имам Мехди
медресесинин жетекчиси Аятолла Рухуллах Горхи:
Британия
шииттиги улгайган колонизатор тарабынан күн сайын жаңы бир кейипте пайда болууда
жана илгертеден бери Ислам дүйнөсүн жок кылууну жана мусулмандардын ынтымагын
бузууну көздөөдө жана ал үчүн өлкөсүнүн ичиндеги жана сыртындагы бардык
актерлорун колдонууда.506
Ислам
мазхабдарын жакындатуу мекемесинин баш катчысы Аятолла Эраки:
Британия
шииттиги агымы Саддам өкмөтү кулагандан кийин мусулмандардын биримдигинен корккону
үчүн, Иран жана Ирак коомуна кирүү үчүн болгон аракетин жумшады. Анын негизги
максаты Азрети Хусейн (ас)дын эң чоң мурасы катары зулумдукка каршы согушкан
жана адилеттүүлүктү көздөгөн чыныгы шииттикке каршы, Ислам тонун жамынган
жасалма шииттикти жайылтып, шииттиктин маңызын жок кылуу болгон.507
Маданий ыңкылап
жогорку жыйынынын мүчөсү Хасан Рахимпор Эзкади:
Британия
шииттиги бул багытта суннит жана шиит мүнафыктарды (эки жүздүүлөрдү) колдонуп,
дүйнөдөгү мусулмандардын ынтымагын бузуу аракеттерин жүргүзүүдө. Бул топтун
шииттикке тийгизген зыяны шииттердин башка душмандарынын тийгизген зыянынан
көбүрөөк.508
«Британия
шииттиги» аттуу китептин автору Салих Касими:
Дүйнөлүк
согуштан кийин колонизатор күчтөр Ислам дүйнөсүн өзүнө каратып, өз
кызыкчылыктарын коргоону көздөдү. Бул максатка бүгүнкү күндө да улантылып
жаткан макро стратегиясыз жетүү мүмкүн эмес болчу. Жана бул стратегиянын
максаты Ислам дүйнөсүнүн ынтымагын бузуп, Ислам мазхабдарынын ортосундагы биримдикти
бузуу.509
Булактар:
495. Kathryn
Spellman, Religion and Nation; Iranian Local and Transnational Networks in
Britain, Berghahn Books, 2004, Oxford
496. http://touch.hurseda.net/Dunya/173456-ingiliz-Siiligi-
Siyonizm-kadar-tehlikeli.html. İngiliz Şiiliğinin perde arkası (21 Mayıs 2015),
497. http://intizar.web.tr/darut-takrib/haber/1813/ingiliz-siiliginin-perde-arkasi
498. “Hamaney:
Ehl-i Sünnet’e hakaret etmek İngiliz Şiiliği’dir”,
http://www.timeturk.com/hamaney-ehl-i-sunnet-e-hakaret-etmek-ingiliz-siiligi-dir/haber-295079
499. “Makasın
İki Ağzı; Amerikan Sünniliği-İngiliz Şiiliği”, Ehl-i Beyt Alimleri Derneği, 18
Aralık 2016,
http://www.ehlibeytalimleri.com/amerikan-sunniligi-ve-ingiliz-siiligi-makasin-iki-agzi-gibiler-_d11340.html
500. “İngiliz
Şiiliği en kısa zamanda ortadan kaldırılmalıdır”, İntizar, 15 Mart 2015.
http://intizar.web.tr/guncel/
haber/1570/ingiliz-siiligi-en-kisa-zamanda-ortadan-kaldirilmalidir#.WZRE-3cjHxQ
501. “Erdoğan:
‘Benim dinim Sünnilik de değildir Şiilik de değildir…'”, Milli Gazete, 14 Nisan
2016, http://www.
milligazete.com.tr/haber/943983/erdogan-benim-dinim-sunnilik-de-degildir-siilik-de-degildir
502. “Erdoğan:
‘Bizim Şiilik diye bir dinimiz yok. Bizim Sünnilik diye bir dinimiz de yok'”,
Mynet, 28 Nisan 2016,
http://www.mynet.com/haber/guncel/erdogan-bizim-siilik-diye-bir-dinimiz-yok-bizim-sunnilik-diye-bir-dinimiz-de-yok-2428869-1
503. Harun
Yahya, Attention: British Shiism, Katheon, 21 Aralık 2016,
http://katehon.com/article/attention-british-shiism
504. “Erdoğan:
Mezhepçilik fitnedir”, Aljazeera Türk, 14 Nisan 2016,
http://www.aljazeera.com.tr/haber/erdogan-mezhepcilik-fitnedir
505. “Ayetullah
Arafi: İngiliz Şiiliği Ehlibeyt Maarifine Vurulan En Ağır Darbedir”, Ehl-i Beyt
Haber, 2 Şubat 2015,
http://www.ehlibeythaber.net/ayetullah-arafi-ingiliz-siiligi-ehlibeyt-maarifine-vurulan-en-agir-darbedir/
506. “İngiliz
Şiiliğinin İç Yüzünü Araştırma Ulusal Sempozyumu’nun raporu”, İntizar, 4 Mayıs
2016,
http://intizar.web.tr/G%C3%BCncel%20Haberler/haber/2426/ingiliz-siiliginin-ic-yuzunu-arastirma-ulusal-sempozyumunun-raporu#.WXlCWdOGPxQ
507. A.g.m.
508. A.g.m.
509. A.g.m.






Hiç yorum yok:
Yorum Gönder