Европа
Биримдигинин курулуу максаттары жана бул багыттагы Черчилльдин аракеттери
каралган жогорудагы бир бөлүмдө бул биримдиктин негизи Британия терең мамлекети
тарабынан Советтер Союзуна окшош бир системаны түзүү үчүн курулганын далилдеп
көрсөткөн элек. Британия терең мамлекетинин пландарын караганыбызда түпкү
максаттын сөзсүз коммунизмде айтылган «коммуна системасына кайтуу» катары
сүрөттөлгөнүн көрөбүз.
Негизи «коммуна
системасына кайтуу» дарвинист, материалисттердин туура эмес ишенимин
чагылдырган туура эмес бир гипотеза гана. Тарыхта эч качан коммуна системасы
деген бир доор болгон эмес. Адамдар коммуна болуп жашаган, аялдар, ал тургай,
балдар да топтун бардык мүчөлөрүнө тиешелүү болгон, жапайы система тарыхтын эч
бир доорунда болгон эмес. Бул туура эмес гипотеза үй-бүлө, адеп-ахлак, дин
сыяктуу баалуулуктарды кийин пайда болгон деп эсептеген материалисттик
көз-карашка таянат. Бул көз-караштын бир дагы илимий далили жана таянычы жок.
Тарыхта жашап
өткөн бардык адамзат коомдору өздөрүнүн маданияттарын курган. Ал коомдордун
баарына Жараткандан пайгамбарлар жана акыйкат китептер келген жана бүт баары ошол
акыйкат диндер аркылуу дин, адеп-ахлак, үй-бүлө сыяктуу руханий баалуулуктарды
билип, турмушка ашырып жашашкан. Коммунисттик философиянын «алгачкы общиналык
коомго» ишендирүү аракетинин максаты – адамзат «жапайы бир доордон» өткөн деген
калпты жайылтуу жана эволюция теориясына психологиялык пайдубал түзүү. Тарыхтын
эч бир этабында кездешпеген мындай жапайы доор келечекте да эч качан болбойт.
Бирок Британия
терең мамлекети бардык пландарын ушундай келечекти кыялданып иштеп чыккан. Жана
бул багытта эки жүздүү саясат жүргүзүүдө, тагыраак айтканда, сыртынан караганда
коммунисттик партияларга, режимдерге жана кишилерге каршыдай көрүнгөн
саясаттарды жүргүзүп, көшөгөнүн артынан коммунизмге колдоо көрсөтүүдө. Европа
Союзу сыяктуу дүйнөнүн негизги биримдиктерин ушул максатта түзгөн.
Албетте,
Британия өкмөтү да, Британия эли да, Европанын башка элдери да түпкү максаттын
мындай экенин билишпейт. Аларга карата алдоо стратегиясы жүргүзүлүүдө.
Ошондуктан Британия терең мамлекетинин негизги максатын билбестен, көрсөткөн
жолунда бара жатышат. Бирок бул бир эле Европа үчүн эмес, бүт дүйнө үчүн абдан
кооптуу.
Эң биринчиден
муну белгилей кетүү керек: тарыхта империализмге каршы күрөшү менен алдыңкы
планга чыгып, коммунисттик философиянын пайдубалын түзгөн бир катар идеологдор
негизи империалисттик системанын, тагыраак айтканда, Британия терең
мамлекетинин таалимин алган. Мында алгач Карл Маркска токтолуу керек.
Буржуазиянын жалындуу душманы Маркс Британиянын эң ири буржуазиясы деп атоого
боло турган банкир Ротшильд жана ага окшогон башка кишилер менен тыгыз мамиледе
болгон. Америкалык жазуучу Юстас Муллинс бул жөнүндө мындай дейт:
Маркстын
экономикалык көз-караштары Лондон ситидеги (City of London) банктардын жана
өзгөчө Ротшильд банкынын (The House of Rothschild) көз-караштарына толук шайкеш
болгон; ошол сыяктуу, Карл Маркстын Москвадан эмес, Лондондон чыгышы да
кокустук болгон эмес. Ротшильддер тарабынан Россия падышасынын Европа жана
Нью-Йорк банктарында сакталган 1 миллион долларынын алынып келишинин орус
большевиктердин жеңишине кошкон салымы да кокустук болгон эмес. Маркстын Женни
фон Вестфаленге үйлөнүү аркылуу Британиянын ак сөөктөрү менен тыгыз мамиледе
болгонун да көп киши билбейт.510
Муллинс да баса
белгилегендей, булардын эч бири кокустук эмес. Карл Маркс Германияда төрөлгөнү
менен, 1849-жылы Лондонго барган жана бардык атактуу китептери ошол жерден
басылып чыккан. Британияга жаңы барган кезде Британиянын премьер-министри лорд Пальмерстон
колдоо көрсөткөн. Пальмерстон Крым согушунун жана Америкадагы жарандык согуштун
архитектору катары белгилүү. Маркстын көз-караштары британиялык экономист Адам
Смиттен таасирленген.511 Кызыгы, Смит жапайы
капитализмдин жактоочусу. Чындыгында Маркстын экономикалык көз-караштары Лондон
ситидеги (City of London) банктардын жана Ротшильд банкынын (The House of
Rothschild) иш-аракеттерине шайкеш келет.
![]() |
| Маркс жубайы менен Лондондо, 1869-ж. |
Маркс менен
бирге коммунисттик идеологияны иштеп чыккан Фридрих Энгельс да буржуазиянын
өкүлү. Атасы белгилүү текстиль фабриканты болгон. Энгельстин өмүрүнүн көпчүлүк
бөлүгү Британияда өткөн. Энгельстин «Англиядагы
жумушчу классынын абалы» аттуу эң белгилүү китеби жана Маркстын «Капиталы» (Das Kapital) Британияда жазылып,
Британияда жарык көргөн. Экөө биргелешип жазган «Коммунисттик манифест» да биринчи жолу Британияда басылган.
Маркс
макалаларында көбүнчө Британия империализмин мактаган. Британиянын Индияны
басып алуусу учурунда өлтүрүлгөн миңдеген адамды «эч кандай мааниси жок, бул
кыйыр түрдө ааламдык адилеттүүлүктү жана бактылуулукту алып келет» деген.
(Өлтүрүлгөн күнөөсүздөрдү аруулайбыз.)
Большевиктердин
лидери Ленин да көп жыл Британияда жашаган. Партиянын «Искра» гезити Британияда
басылып, Россияга тымызын алынып келген.512 Ленин «Материализм
жана эмпириокритицизм» аттуу китебин Британия музейинин (British Museum)
китепканасында жазган.513 Китепканага кирүү үчүн
атайын уруксат талап кылынат; Ленинге көп жыл бою мындай уруксат берилген. Ал
кезде китепканалар жашыруун кызматтар тарабынан жолугушуу жана маалымат алуу
жайы катары колдонулган. Китепкананын журналдарынан Лениндин китепканага
жүздөгөн жолу киргенин көрүүгө болот. Ленин китепканада көп жолу кичинекей
конференцияларды да өткөргөн. Георгий Плеханов, Максим Литвинов, Лев Троцкий жана
Максим Горький сыяктуу коммунист лидерлер да китепкананын туруктуу
колдонуучуларынан болгон.
Көптөгөн
жазуучулар Лениндин капитализмди кулатууну көздөгөн эң негизги эмгектерин
капитализмдин сепили болгон Британияда жазганына таң калышат. Мамлекеттик
колдоосуз мынча ишти жасоо мүмкүн эмес дешет. Бирок алар Лениндин большевиктик
революциясынын бүт пайдубалынын Британия терең мамлекети тарабынан даярдалганын
билишпейт.
Ленин менен
Сталин биринчи жолу 1907-жылы Лондондо жолуккан. Жолуккан жеринин аты «Crown
Tavern», б.а. «Королдук тавернасы» болгон.514 Ленин менен Троцкий большевиктик революцияны
Лондондо уюштурган. Троцкийге Британия чалгындоо кызматынын тыңчысы жана
курал-жарак соодагери Александр Парвус идеологиялык таалим берген.515 Большевиктик революцияны болсо Джейкоб Шифф,
Морган бүлөсү, Рокфеллер бүлөсү, National City Bank, Ротшильд бүлөсү жана лорд
Альфред Милнер сыяктуу британиялык кассалар каржылаган.516
Большевиктердин
Россия социал-демократ эмгекчилер партиясы эң негизги конгресстеринин баарын
Лондондо өткөргөн. 1907-жылкы конгресске 300дөн ашуун коммунист делегат
катышкан.517 Бул партия кийин Советтер Союзунун
Коммунисттик партиясына айланган.
1917-жылы
Рокфеллер берген чоң өлчөмдөгү акча каражаты колдонулуп, 300гө жакын
революционер Нью-Йорктон Россияны көздөй жолго чыккан.518 Жолдо бул революционерлер Канаданын чалгындоо
кызматы тарабынан кармалганда, Британиянын премьер-министри Ллойд Джордж
кийлигишип, революционерлерди бошоттурган.
Британия терең
мамлекетинин большевиктерди уюштуруудагы эң негизги максаты Россия империясын
революция аркылуу кулатып, жарандык согушка түртүү болгон. Аягында максат ишке
ашып, Россияда падышалык кулаган жана падыша менен анын үй-бүлөсү өлүм жазасына
тартылып, канчалаган адамдарды өлтүргөн коммунисттик Советтер Союзу түзүлгөн.
Британия терең мамлекетинин бул чабуулунун натыйжасында бир муун чоң
кыргындарга дуушар болду. Аягында Британия терең мамлекети максатына жетип,
коммунисттик бийлик өлкөдөгү туруктуулукту жок кылды. Жогоруда айтылгандай,
Британия терең мамлекетинин максаты – Европада да ушул сыяктуу бир ыкманы
колдонуп, жаңы федералдык коммунисттик режим түзүү.
АКШнын чалгындоо
кызматынын мурдакы кызматкери д-р Джон Коулман бул алдамчы дипломатияны
төмөнкүчө сүрөттөгөн:
![]() |
| Россия революция жылдарында |
Мен көп
жылдардан кийин окуган документтерде Де Голль падыша Николай IIге жана орус
калкына каршы ийгиликтүү уюштурулган алдамчы дипломатияны апачык эске салып, OSS
(Office of Strategic Services) мекемесинин жетекчиси Аллен Даллести сындаган.
Британия,
Франция жана Америка союздаш күчтөрүнүн 1918-жылы 23-июньда америкалык генерал-майор
Фредерик Пул тарабынан Мурманскге жайгаштырылышы тузактын негизги бөлүгүн
түзгөн. Максат, сыртынан караганда, большевиктерге каршы күрөштө орустарга
жардам берүү болгон. Союздаш күчтөр 2-августта кагылышуулар жүрүп жаткан Архангельскти
көздөй жөнөгөндө француздар чындап эле бул жерге большевиктерге кол салуу үчүн
келдик деп ишенишкен; ошентип ал жерде кагылышуу болуп өткөн. Бирок негизи бул
жакка жиберилген күчтөрдүн үч максаты болгон:
(a) Британия менен Американы большевиктер
менен күрөшүп жаткандай көрсөтүү,
(b) Орус армиясынын аймактагы курал-жарак жана
ок-дары сакталган чоң кампасын коргоо,
(c) Ленинди чет өлкөлүк армиялардын мизин
кайтарууга аракет кылган ата мекендин куткаруучусундай көрсөтүп, элдин
колдоосун алышына көмөкчү болуу.519
Коулман большевиктик
революцияга Британиянын чалгындоо кызматынын кантип материалдык жана
логистикалык колдоо көрсөткөнүн төмөнкүчө баяндаган:
Лондондогу Уайтхолл
(Whitehall) архивдеринен мен изилдей алган документтерде MI5 кызматынын экинчи
муун тыңчыларынын бири (Джордж Александр) Хиллдин иш-аракеттери жөнүндө көп
нерселер айтылган. Хиллдин атасы байкашымча падыша Николай IIнин доорунда
Салоники (Грециядагы бир шаар) менен байланыштары бар иудей (еврей) соодагерлер
тобунда абдан активдүү болгон. Хиллдин Лондондо жашаган Джордж аттуу уулу MI5
кызматынын большевиктерге колдоо көрсөткөн Уолл-стрит жана Лондон сити финансисттеринин
чабарманы (курьери) болгон. Акча Лондондогу театр тобунун сүймөнчүгү болгон Максим
Горький аркылуу жеткирилген. 1916-жылы MI6 кызматына кирип, MI6 кызматынын
жетекчиси сэр Мэнсфилд Камминг тарабынан Салоникиге жиберилген. Хилл
Салоникиден Каммингге большевиктер он жылдап даярданган, жакындап калган
революция тууралуу жаңылыктарга байланыштуу чалгындоо маалыматтарын билдирген.
1917-жылы 17-ноябрьда Камминг Хиллди Москвага жиберген жана ал жерде Хилл Александр
Гельфанд Парвустун кеңеши менен Лев Троцкийге жекече көмөк көрсөткөн.
Хилл Троцкий
экөө негиздеген ГРУнун (Башкы чалгындоо башкармалыгынын) пайдубалын түзгөн бир
аскердик чалгындоо планын даярдаган.520
![]() |
| Ленин |
Көрүнүп тургандай, Британия терең мамлекети башынан баштап дүйнө жүзүнө калп айткан. Дүйнөдөгү коммунисттик режимдер толугу менен Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндө жана анын колдоосу менен орногон. Бүт пайдубалы түзүлүп, аскердик жана финансылык бардык колдоолор көрсөтүлгөн. Коммунист лидерлер Лондондо таалим алып, эң негизги чыгармаларын Лондондо сатышкан. Британия терең мамлекетинин карамагындагы Британия чалгындоо кызматынын колдоосуна ээ болуп, каалаган жерден каалагандай маалыматтык жана логистикалык колдоо ала алышкан жана ошентип тарыхтагы эң залим системалардын бирин негиздешкен.
Неокоммунизм
бүгүнкү күндө дагы деле Британия терең мамлекети тарабынан колдоого алынып, кубатталып
келүүдө. Европада коммунизмдин жактоочулары абдан күчтөнгөн абалда. Алар Европа
Биримдигин коммунисттик союзга айландырууну кыялданышууда. АКШда өмүр таржымалы
толугу менен коммунизм менен байланыштуу болгон Барак Обама Британия терең
мамлекетинин колдоосу менен эки жолу президенттикке шайланды жана АКШдай
коммунизмге каршы бир өлкөдө көптөгөн коммунистчил системалар өнүктүрүлдү. (Бул
жөнүндө тереңирээк маалыматты китептин 1-томунан таба аласыз.) Андан соң кайра
эле Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндөгү Хиллари Клинтонду президенттикке
алып келүү үчүн абдан күчтүү лоббирлөө (сүрөө) жана пропаганда аракеттери жасалды,
бирок Британия терең мамлекети кээ бир күтпөгөн жагдайларга туш болду.
Аналитикалык борборлордун Трампты каралоо пропагандаларына, Лондондон
кубатталган Хиллари Клинтонду колдогон лоббилерге жана медианын күчтүү
колдоосуна карабастан, Дональд Трамп АКШнын жаңы президенти болуп шайланды. Бул
Британия терең мамлекети үчүн күтүүсүз бир окуя болду. Бул мындан ары дүйнөнүн
Британия терең мамлекетинин пландарынын негизинде эмес, Мехдиликтин негизинде
калыптанаарынын бир далили.
Албетте,
Британия терең мамлекети кол куушуруп отуруп калган жок, Дональд Трампка карата
кысымчылыктарды жана санкцияларды алда качан баштады. Биринчи күнү эле Британия
терең мамлекети тарабынан Трамптын столуна Черчилльдин айкели жайгаштырылды.
Жыйынтыктар жарыяланаар замат тымызын операциялар башталып, Соростун ыкмасы
болгон элдик көтөрүлүштөр тутантылды жана «балким натыйжа берет» деген үмүт
менен жарандык революция аракеттери уюштурулду. Кыска убакыттан соң, Американын
маалымат каражаттарында бул нааразылык акцияларынын артында да Соростун тураары
айтылып, көтөрүлүшкө айланган митингдер «кызгылт көк революция» деп аталды.521 Трамп президенттикке шайланган соң, АКШда
шайлоодо мыйзам бузуулар болду деген сөздөр абдан күчөп, бир жагынан элдин
бейпилдиги бузулса, экинчи жагынан, ар кандай ыкмалар аркылуу Россия айыпталып,
Россияга карата АКШ конгресси тарабынан бекитилген санкциялардын пайдубалы
даярдалды.
![]() |
| Жаш кезинде социалист болгон Барак Обама Британия терең мамлекетинин колдоосу менен экинчи мөөнөт президент болуп шайланып, көптөгөн коммунисттик системаларга пайдубал түздү. |
![]() |
| Трамп бийликке келээр замат башталган "кызгылт көк революция" ачык коомдун кадимки бир ыкмасы. Революциянын түсү атайын гомосексуализмге басым жасоо максатында тандалган. |
Неокоммунизмдин атын жамынган бир курал: Фабиан коому
Британия терең
мамлекетинин механизмин түшүнүү үчүн Фабиан коомун (Fabian Society) жана бул
коомдун идеологиясын түзгөн фабианизмди да тереңирээк кароо керек.Фабианизм термини «Фабиан коому» аттуу бир бирикмеден келип чыккан. Бул бирикме 1884-жылы 4-январьда Лондондо «The Fellowship of the New Life» (Жаңы жашоо коомунун) бир бутагы катары түзүлгөн.522 Бирикме мүчөлөрүнүн жардамы менен кыска убакытта илимий тонду жамынып, чогулуштарын көп жылдар бою Лондондун борборундагы Стрэнд-роуд көчөсүнүн абдан атактуу имараты болгон Эссекс Холлдо (Essex Hall) өткөргөн.523
Түптөлгөн
күнүнөн баштап Британиянын саясатына аралашып баштаган Фабиан коомунун мүчөлөрү
өзгөчө Лейбористтер (Жумушчулар) партиясында үстөмдүк кылышкан. 1923-жылы 20дан
ашуун Фабиан коомунун мүчөлөрү Британиянын парламентинен орун алып, алардын 5сү
Лейбористтер партиясынан чыккан Британиянын мурдакы премьер-министри Рамсей
Макдональддын министрлер кабинетине кирген.524
Азыркы учурда да көптөгөн Фабиан коомунун мүчөлөрү Британияда маанилүү мамлекеттик кызматтарда иштеп жатат. Тони Блэр, Гордон Браун, Робин Кук, Джек Стро, Дэвид Бланкетт учурдагы белгилүү фабианист саясатчылардын кээ бирлери.525
![]() |
| Рамсей Макдональд |
Фабианизм –
Британия терең мамлекетинин өзүнө ылайыкташтырып түзгөн Британия христиандыгы,
Британия шииттиги же Британия либерализми (ачык коом) сыяктуу көптөгөн
инструменттеринин бири. Ошондуктан фабианизмди «Британия социализми» деп атасак
эч жаңылыштык болбойт. Бул бирикме түпкүрүндө социалисттик коомду түзүү
максатына таянат.
1903-1908-жылдары
Британияда социалисттик көз-караштардын популярдуулугунун жогорулашы менен
бирге, Фабиан коому да чоңойгон жана бул жылдардын аягында мүчөлөрүнүн саны үч
эсеге көбөйүп, 2500 кишиге жеткен. 1912-жылы Университеттик социалисттик
федерация деген аталыш менен бирикменин студенттик бөлүмү ачылган жана Биринчи
дүйнөлүк согуш башталганда бул топтун мүчөлөрүнүн саны 500дөн ашкан.526
Фабиан коомунун
аргументтерин карай турган болсок, ар дайым социализмди жана коммунизмди
жактаганын көрөбүз. Фабиан коомунун санариптик китепканасында мындай деп
белгиленген: «Маркс Британиядагы жумушчу
класстын кыймылына чындыгында өтө чоң салым кошту жана ошол кезден бери таасир
тийгизүүнү улантууда. Тарых жөнүндө тереңирээк түшүнүк берди жана жумушчу
класстын өздөрүнүн доорундагы тарыхын чечмелешине жана өздөрүн түшүнүшүнө
көмөкчү боло турган бир пайдубалды түздү.»527
Санариптик
китепканадагы башка бир фабианисттик чыгармада болсо мындай деп айтылат:
«...
социалисттик механизмдерден кандайдыр бир жол менен пайдалана алуу үчүн, кишинин
анын натыйжасында келип чыга турган жашоо жөнүндө маалыматы болушу керек деп
ойлойм. Коммунизм же социализм дегенде эмнени айтып жатканыбызды түшүндүрүп
берүүгө уруксат бериңиз. Жалпы социализм менен коммунизмдин ортосунда менимче
эч бир айырма жок. Коммунизм негизи социализмди толуктайт: социализм согушкер
болуудан кутулуп, жеңишке жеткенде, коммунизм болот.»528
![]() |
| Бернард Шоу жана анын учурда музейге айланган үйү |
Фабиан коому социалисттик көз-караштарын жарыялаган күндөн баштап ошол доордун таасирдүү кишилерин өзүнө тарткан. Алардын арасында Джордж Бернард Шоу, Г. Дж. Уэллс, Анни Безант, Грэм Уоллес, Чарльз Марсон, Сидней Оливер, Оливер Лодж, Рамсей Макдональд жана Эммелин Панкхерст бар. Бертран Рассел да, кийин чыгып кеткени менен, бир кездерде бирикменин мүчөсү болгон.
![]() |
| Фабийдин болжолдуу сүрөттөрү менен кошо пил сүрөтүнүн кошо чагылдырылышы да кызык көрүнүш. |
Бирикменин аты
римдик генерал Квинт Фабий Максим Веррукоз тарабынан колдонулган Фабиан
стратегиясынан таасирленип коюлган. Фабий атактуу генерал Ганнибал жетекчилик
кылган душмандар армиясына түздөн-түз кол салуунун ордуна, аларга карата кыянаттык
жана алсыратуу тактикаларын колдонгон жана ошентип душманды чарчатуу аркылуу
акырындап жеңишке жеткен.529
Мындан
таасирленип ишке ашырылган стратегия Фабиан коомунун алгачкы китептеринин
биринин башкы бетинде төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Учурда көп
кишилер аны сындаганына карабастан, Фабийдин Ганнибал менен болгон согуштагы
ыкмасын колдонуп, сабырдуулук менен күтүшүңөр керек. Бирок учуру келгенде
Фабийдей күчтүү сокку урушуңар зарыл. Болбосо күткөнүңөр майнапсыз жана
ийгиликсиз болот.530
Бул жерде Фабийдей болуп, фабианисттердин да учурдагы системаны алсыратып, системаны өздөрүнүн идеалына ылайыкташтыра турган кадамдар жасаары, убактысы келгенде чечүүчү соккуну урууну пландаганы апачык сүрөттөлгөн. Бул ошол эле учурда Лениндин «бир кадам алдыга, эки кадам артка» стратегиясынын ишке ашырылышын сүрөттөөдө. Бул стратегияны чагылдырган дагы бир символ болсо – бирикменин «козу терисин жамынган бөрү» символу.
Өздөрүнүн
сүрөттөөлөрүнөн жана символдорунан да апачык көрүнүп тургандай, Фабиан коому
чыныгы талкалоо максатын жаап-жашырууну «согуш тактикасы» катары көрүүдө. Бул
тактика Британия терең мамлекетинин көп колдонгон ыкмасы. Осмон империясын да
Британия терең мамлекети дал ушул ыкманы колдонуп кулаткан.
Лейбористтер
партиясынын лидери, Британиянын мурдакы премьер-министри Тони Блэрдин саясатын
фабианисттик саясаттын эң конкреттүү мисалдарынын бири деп айтууга болот. Блэр
солчул көз-караштагы Лейбористтер партиясынын лидери катары премьер-министрлик
кызматына дайындалган, бирок жүргүзгөн саясаты оңчулдарга абдан жакын болгон.
Иракты басып алуу чечимин чыгарган жана АКШнын Республикалык партиясынын лидери
Джордж Буштун Иракты басып алышына шарт түзгөн Тони Блэр болгон. Блэр жалган
маалымат аркылуу Иракты басып алуу операциясын баштатып, 1,2 миллион адамдын
каза болушуна, миллиондогон калкы бар өлкөнүн кан, зомбулук жана террор
саздагына кабылышына, экономикасы кыйрап, туруктуулугун толугу менен жоготушуна
себепчи болгон киши. Андан соң Блэр, мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, кечирим
сурап Иракты басып алуунун жоопкерчилигин өз мойнуна алган жана өзүн чынчыл,
алданып калган премьер-министрдей көрсөткөн. Андан кийин да кызмат кылууну
уланткан, кийин болсо гомосексуалдардын жактоочусуна айланган. «Tony Blair Faith Foundation» аттуу бир фонд түзүп, өз оюнда Исламды
ичинен бузууга аракет кылган.
Кыскасы,
Британия терең мамлекетинин саясаты кайсы тарапты жаңсаса, терең мамлекеттин
көзөмөлүндөгү Блэр да ошол тарапка өтүүдө.
Блэрдин солчул
көз-караштагы бир партиянын өкүлү катары саясатка активдүү аралашкан соң,
бизнеске кирип, кээ бир трансулуттук ишканалар менен көптөгөн өлкөлөргө
консалтингдик (кеңешчилик) кызмат көрсөтүшүн көптөр «козу терисин жамынган
бөрү» мисалы деп аташкан.531 Социалист болуп көрүнүп
капиталисттик иштерди жасаганы үчүн, Блэрдин бул иш-аракеттерин
социалисттик-коммунисттик философиянын жактоочулары катуу сындаган. Бирок
чындыгында бул дагы коммунисттик тактика болгон.
Фабианисттер
колдонгон «козу терисин жамынган бөрү» символу кийинчерээк туура эмес түшүнүүлөргө
жол ачууда деген себеп менен фонд тарабынан алып салынган. Фабиан коомунун
учурдагы символу – бир бутун уруу үчүн жогору көтөргөн, ачуулуу ташбака.532 Ачуулуу ташбаканын астындагы «when I strike, I strike hard» (урганымда
катуу урам) деген жазуу фабианисттердин жай, акырын барып, көздөгөнүн бир
сокку менен кулатуу стратегиясын сүрөттөйт.
Жазуучу Джон
Пердьюнун ою боюнча, «Фабиан коомунун
ташбака логотиби бул уюмдун акырын, байкатпастан социализмге өтүү каалоосун,
эмблемасындагы козу терисин жамынган бөрү символу болсо бул максатка жетүү үчүн
колдонгон ыкмасын чагылдырат».533 Урулган «катуу сокку», албетте, Лениндин
«бир кадам алдыга, эки кадам артка» философиясындагы коммунисттердин алдын
көздөй ташташы керек болгон күчтүү кадамын да чагылдырат.
Фабиан коому
колдонгон белгилүү символдордун бири – «фабиан терезеси» деп айтылган бир
витраж (көркөм айнек). Фабиан терезеси бирикменин эң негизги лидери Бернард Шоу
тарабынан витраж чебери Кэролайн Тауншендге (Caroline Townshend) 1910-жылы жасатылган. Витраждагы фигура Фабиан
коомунун жетекчилери Бернард Шоу, Сидней Вебб жана Эдвард Пиздин «жаңы дүйнөнү
курууга жардам берүүлөрүн» чагылдырат. Витражда Фабиан коомунун эмблемасы
болгон койдун терисин жамынган бөрү символу да орун алган. Витраждын ылдый
жагында дуба кылып жаткандай тизелеп турган адамдар жайгашкан. Алар ошол
кездеги Фабиан коомунун жетекчилери жана алдыңкы ысымдары. Сол жак четтеги
Г.Дж. Уэллс башкаларды шылдыңдап жаткандай түшүрүлгөн. Сүрөттө
чагылдырылгандардын арасында сол жактан үчүнчү катарда Толстойдун китептерин
которгон Фабиан коомунун мүчөсү Эльмер Моод жана оң жак четте витражды жасаган Кэролайн
Тауншенд жайгашкан.534
![]() |
| Тони Блэр витраждын алдында сүрөткө түшүүдө |
Витраждын жогору
жагында бир дөшүнүн үстүндө чокко айланган дүйнөнү колдорундагы барскандар
менен калыпка салып жаткан эки темир уста орун алган. Ал эки темир уста Сидней
Вебб менен Эдвард Пиз. Козу терисин жамынган бөрү символу темир усталардын дал
артында жайгашкан. Ылдыйда тизелеген кишилердин ортосунда үстү-үстүнө тизилген
китептер турат. Китептердин аттарында «Индустриалдык демократия», «Соода
бирикмесинин тарыхы», «Британиянын жергиликтүү башкаруусу», «Фабиан трактаттары
жана макалалары» деген сыяктуу фабианисттик көз-караштарды чагылдырган темалар
камтылган. Витраждын темасы менен фигурадагы кишилер фабианисттерге тиешелүү
болгону менен, толугу менен мистикалык көрүнүштө жасалган. Бул фабианизмдин
диний ишеним сыяктуу кабыл алынаарын же жаңы дүйнөнүн фабианизм ишениминин
негизинде түзүлөөрүн чагылдырат.
Витраж Бернард
Шоунун төрөлүшүнүн 150 жылдыгында Тони Блэрдин витраждын алдында сүрөткө түшүшү
менен кайрадан коомчулуктун көңүлүн бурду.535
Британия терең мамлекетинин жана Фабиан коомунун бирдиктүү максаты: дүйнөгө үстөмдүк кылуу
Фабиан коому
дүйнөлүк масштабда коммунисттешкен бир коомду түзүүнү көздөйт. Ал тургай,
фабианисттердин негизги максаттарынын бири – Лейбористтер партиясы, Социалист
интернационал жана Бириккен улуттар уюму сыяктуу кээ бир ири уюмдар аркылуу
социалисттик дүйнө өкмөтүн куруу.536
Бул максат
Британиядагы негизги фабианисттик уюм болуп саналган Лейбористтер партиясынын
манифестинде төмөнкүчө белгиленген:
Лейбористтер
партиясы, күчтүү Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк өкмөткө айланышынын негизи
катары, чыгыш-батыш кызматташтыгын түзүү багытындагы узун мөөнөттүү ишенимин
бекем сактады... Биз үчүн дүйнөлүк өкмөт түпкү максат, жана Бириккен улуттар
уюму бир инструмент.537
Бул сөздөр,
жогоруда айтылгандай, Бириккен улуттар уюмунун да Британия терең мамлекети
тарабынан чындыгында ушул максат үчүн негизделгенин көрсөтүүдө.
![]() |
| Фабиан коому тарабынан басылып чыккан социалисттик китептер |
Тымызын пландар кандай
гана болбосун, Бириккен улуттар уюму билип же билбестен, Британия терең
мамлекетинин бул максатына кызмат кылбайт, өлкөлөрдү тынчтыктын астында
бириктирип, ыпылас пландарды токтотуу үчүн ынтымакты бекемдейт деп үмүттөнөбүз.
Фабианисттер бир
эле жумушчуларды же пенсионерлерди эмес, коомдун бүт бөлүгүн көзөмөлгө алууга
аракет кылышууда. Муну менен эле чектелбестен, Британиянын бардык жарандарын «өз
пайдасы» үчүн өзүнө каратып, көзөмөл астына алууну көздөшөөрүн айтышкан.538 Бул максатта саясаттан тышкары, билим берүүнү,
маданиятты, экономиканы, укук системасын жана, ал тургай, медицина жана дин
тармактарын да башкарууга аракет кылышууда. Ал үчүн бири-бири менен байланыштуу
ар түрдүү фабианисттик уюмдар түзүлгөн. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
Билим берүү: London School of Economics (Лондон экономика мектеби) сыяктуу университет жана окуу жайлар.
Маданият: Жаңы доор кыймылы, Борбордук искусство жана кол чеберчилик мектеби, Leeds искусство клубу, Фабиан искусство тобу жана сахна
коому.
Экономика: London School of Economics (Лондон экономика мектеби) жана Royal Economic Society (Королдук экономика бирикмеси).
Укук: «Холдейн» (Haldane) социалисттик адвокаттар бирикмеси.
Медицина: Социалисттик медицина бирикмеси.
Дин: Жумушчулардын чиркөө кыймылы (кийинчерээк аты Социалисттик чиркөө кыймылы
деп өзгөртүлгөн), Христиан социалисттик кресттик жүрүшү, Христиан социалисттик
лигасы жана Христиан социалисттик кыймылы.539
Фабианисттердин бул
аракеттери аркылуу акырындык менен коомду калыптандырууну көздөгөн бир долбоор түзүлгөн.
Кеңири масштабдуу бул долбоор фабианисттерге күнүмдүк жашоонун бүт тармактарына
кирүү мүмкүнчүлүгүн берген. Фабианисттердин колундагы бул кеңири шарттар динди
коомдук жашоодон толугу менен ажыратууну каалаган Британия терең мамлекетине
чоң мүмкүнчүлүктөрдү берген.
Фабианисттер динге
каршы дарвинизмдин пропагандасын жүргүзүшөт. Лондон экономика мектебинин (London School of Economics) санариптик китепканасында ондогон
дарвинизм семинарлары тууралуу жаңылыктар орун алган.540 Фабианисттер Британия терең мамлекетинин
гомосексуализмди жактоо жана жайылтуу миссиясына да салым кошушат.541 Бул багыттагы эң белгилүү киши - жогоруда
көптөгөн далилдер келтирилген Тони Блэр.
Фабианисттер
негизделген күндөн баштап коомдук аң-сезимди калыптандыруу милдетин аткарып
баштаган. Бул миссиянын түпкү максатында демократияга орун жок. Белгилүү атеист,
Фабиан коомунун белгилүү аял мүчөлөрүнүн бири Анни Безант цивилизация үчүн
демократиянын ордуна, «тандалма (элиталык) социализм» шарт экенин айткан:
![]() |
| Лондон экономика мектебинде гомосексуализм пропагандалары (тарыхта жана учурда) |
Фабианисттер
негизделген күндөн баштап коомдук аң-сезимди калыптандыруу милдетин аткарып
баштаган. Бул миссиянын түпкү максатында демократияга орун жок. Белгилүү атеист,
Фабиан коомунун белгилүү аял мүчөлөрүнүн бири Анни Безант цивилизация үчүн
демократиянын ордуна, «тандалма (элиталык) социализм» шарт экенин айткан:
Көпчүлүктүн
добушу аркылуу башкарылган, сандар аркылуу багыт берилген демократиялык
социализм эч качан ийгиликке жете албайт. Кызмат аркылуу башкарылган, акыл
аркылуу багыт берилген чыныгы ак сөөктүк (аристократиялык) социализм
цивилизациянын (маданияттын) жолундагы кийинки кадам болот.542
Фабианисттер империалисттик колониализмден келип чыккан Түштүк Африкадагы Англия-Бур согушунда Британия терең мамлекетинин зомбулукчу саясатына колдоо көрсөткөн. Себеби фабианисттер Бурлар сыяктуу өздөрүнөн төмөн көргөн улуттарды империя доорунда «маданияты төмөн» элдер деп кабыл алышкан.543 (Бардык кара түстүү бир туугандарыбызды аруулайбыз.)
Фабианисттер империалисттик колониализмден келип чыккан Түштүк Африкадагы Англия-Бур согушунда Британия терең мамлекетинин зомбулукчу саясатына колдоо көрсөткөн. Себеби фабианисттер Бурлар сыяктуу өздөрүнөн төмөн көргөн улуттарды империя доорунда «маданияты төмөн» элдер деп кабыл алышкан.543 (Бардык кара түстүү бир туугандарыбызды аруулайбыз.)
Британия терең мамлекетинин негизги борборлорунун бири: London School of Economics
Лондон экономика
мектебин (London School of Economics) Фабиан коомунун төрт мүчөсү, Беатрис
Вебб, Сидней Вебб, Грэм Уоллес жана Джордж Бернард Шоу Генри Хатчинсондун (Henry Hutchinson) Фабиан коомуна бөлгөн каражаттарын колдонуп
курушкан. Бүгүнкү күндө Фабиан коому менен Лондон экономика мектеби бири-бири
менен тыгыз кызматташтыгын улантууда. Бул окуу жайдын Фабиан коомуна тиешелүү
көптөгөн документтерди жана сүрөттөрдү камтыган бир архиви бар. Мындан тышкары,
атактуу Фабиан витражы да ушул окуу жайда.1
Бул окуу жайы
Британия терең мамлекети менен байланыштуу көптөгөн жергиликтүү жана чет
өлкөлүк ишкерлерди, саясатчыларды жана илимпоздорду даярдаган бир окуу жайга
айланган.
Алардын бири
капиталисттик дүйнөнүн белгилүү ысымдарынын бири Дэвид Рокфеллер. Рокфеллер
жашыруун фабианист болгон. Гарвард университетинде фабианисттик социализмди
мактап диссертация жазган жана Фабиан коомуна тиешелүү Лондон экономика
мектебинде солчул экономика багытында билим алган. Рокфеллер бүлөсү
1920-жылдардан баштап Лондон экономика мектеби сыяктуу көптөгөн фабианисттик
долбоорлорду каржылаган.2
1. Fabian Society, The Fabian Story,
http://www.fabians.org.uk/about/the-fabian-story/Ioan Ratiu, The Milner-Fabian
Conspiracy: How an International Elite is Taking Over and
2. Destroying Europe, America and the World,
Richmond, Free Europe Books; 1. Baskı, 2012 ISBN 978-0957426207
Британия терең мамлекетинин эл аралык фабиан желеси
Фабиан коомунун
мүчөлөрү кээде демократиялык баалуулуктар жана эркиндик жөнүндө сөз кылганы
менен, коомдун чыныгы жүзү андай эмес. Фабиан коомунун түпкү максатынын
коммунисттик диктатура экени бирикменин мүчөлөрү тарабынан айтылган сөздөрдөн
жана бирикменин иш-аракеттеринен айгинеленген.
Фабиан коомунун
эки алдыңкы мүчөсү Сидней Вебб менен Бернард Шоу 1931-жылы Советтер Союзун зыярат
кылган. Шоу бул зыяратында лорд жана леди Астор менен бирге Сталин менен болжол
менен үч сааттык жолугушуу өткөргөн. Шоу бул жолугушуу учурунда да,
жолугушуудан кийин да Сталинге жана анын канкор режимине мактоолорду жаадырган.544
Вебб Россиядагы
коммунизмдин ийгиликтери жөнүндө «Советтик
коммунизм: жаңы бир маданият» деген темада пропагандалык макала жазган. Шоу
1948-жылы каза болоордон эки жыл мурда «Сталин мыкты фабианист» деп айткан.545
![]() |
| Бернард Шоу бир социалисттик митингде (оңдо) жана Москвага барганда (төмөндө) |
![]() |
| Джавахарлал Неру |
Британиядан бөлүнүп, эгемендүүлүккө ээ болгон соң фабианисттик экономика системасын кабыл алган Неру Индиянын экономикасын толугу менен өзү башкарып, өзү жөнгө салган бир экономикага айланткан. Неру башкарган кезде Индияда жеке ишкердүүлүккө жана жеке менчик укугуна колдоо көрсөтүлгөн эмес жана уруксат алуу татаалдаштырылган. Жеке ишкердүүлүккө жогору салыктар коюлуп, ишканалар улутташтырылган. Бул жакыр элге ансайын жакырчылык алып келген.547 Белгилүү фабианисттердин бири Анни Безант Нерунун кеңешчиси болгон жана Индиянын Улуттук конгрессинде төрайымдык да кылган.548
Британия терең
мамлекети фабианисттер аркылуу башкарган өлкө бир эле Индия эмес.
![]() |
| Мухаммад Али Джинна |
Осмон империясы кулаган соң Британия терең мамлекети, белгилүү болгондой, Жакынкы Чыгышка тездик менен басып кирген, бирок кийинчерээк аймактагы өлкөлөрдөн расмий түрдө чыгып кеткен. Анткен менен, жергиликтүү саясатчылар менен болгон байланыштары аркылуу өз таасирин уланткан. Мындай байланыштар дайыма фабианисттик мектеп аркылуу түзүлгөн. 20-кылымдын баштарында Фабиан коомунун теоретиктери Жакынкы Чыгышта араб социализмин жактаган Баас (Араб социалисттик кайра жандануу партиясы) кыймылына илхам берген.550 Баас көз-карашы менен бирге фабианизм өзгөчө араб өлкөлөрүндө коммунисттик көз-караштын өкүмчүлүк кылышына жана, ошондой эле, бул аймактардын Британия терең мамлекетинин гегемониясына киришине шарт түзгөн.
Баас кыймылынын
негиздөөчүсү Мишель Афляк фабиан социалист болгон. Афляктын көз-караштары Салах
ад-Дин Битар жана Заки аль-Арсузинин көз-караштары менен бирге араб дүйнөсүндө
Ирак менен Сириядагы диктатуралык режимдерди пайда кылган.551 Араб социализминин белгилүү ысымдарынын бири
египеттик Салама Муса да 1909-жылы фабианисттерге кошулуп, Фабиан коомунун
жалындуу мүчөлөрүнүн бири болгон.552 Фабианисттик социализм Жакынкы Чыгыш
өлкөлөрүндөгү ири өнөр-жай ишканаларын, транспорт тармагын, банктарды, ал
тургай, импорт жана экспорт режимдерин да көзөмөлгө алган.553
![]() |
| Салама Муса (жогоруда), Мишель Афляк (төмөндө) жана Баас партиясынын логотиби |
1889-жылы
Америкадагы Гарвард университети сыяктуу көптөгөн окуу жайларында фабианисттик
социализм билим берүү материалдарына кирип баштаган. 1908-жылга чейин Гарвард,
Принстон, Нью-Йорк, Колумбия жана Пенсильвания университеттеринде Фабиан
коомунун филиалдары пайда болгон. Андан соң бул окуу жайлардан чыккан профессорлор
Американын мамлекеттик кызматтарын ээлеп, Вашингтонго коммунизмдин уруктарын
себишкен.554
Америкадагы
фабианисттик кыймыл билим берүү жана жеке ишкердүүлүк тармактары менен эле
чектелген эмес. Америкадагы Фабиан коому 1895-жылы февральда Бостондо белгилүү
христиан социалисттердин бири У.Д.П. Блисс тарабынан негизделген жана бул топ «The American Fabian» аттуу бир журнал чыгарган. Ошондой эле, кичинекей
китептер сериясын да жарыялаган. Ошол тушта Тынч океандын жээктеринде,
Калифорниянын тегерегинде социалист активист Лоуренс Гронлунддун таасири менен
дагы бир ушундай уюм негизделген.555
Британия терең
мамлекетинин фабианизм аркылуу АКШга таасири өзгөчө Демократиялык партия
бийликке келгенде абдан даана сезилет. Американын акыркы президенттеринин бири
Барак Обама да фабиан-социалист. АКШнын Эл өкүлдөр палатасында көп санда
фабиан-социалист бар.556 Республикалык партиянын
мүчөсү Аллен Вест «Huffington Post» сайтына берген маегинде
Демократиялык партиянын Американын конгрессиндеги 80дей мүчөсүнүн коммунист
(фабианист) экенин айткан.557
![]() |
| Араб өлкөлөрүндөгү фабианист-социалисттер ал өлкөлөрдө Баастын күчтөнүшүнө жана социалисттик пайдубалдын негизделишине шарт түзүшкөн. |
![]() |
| Оксфорд университетинде Фабиан коомунун конференциясы |
Фабианизмдин
таасирин Италиядан да көрүүгө болот. «Giustizia e Liberta»
аттуу антифашисттик
топтун негиздөөчүсү Нелло Росселли менен анын бир тууганы Карло Росселли
жактаган либерал социализм теориясына фабианисттердин таасири абдан чоң.558 Италиядагы дагы бир белгилүү фабианист Адриано
Оливетти аттуу ишкер. Социалист ишкер Адриано Оливетти баштаган Коом кыймылы
федерализм, социал либерализм жана социал демократия менен күрөшүү багытындагы
көз-караштары аркылуу фабианизмге шилтеме жасаган Италиянын партиясына
айланган.559 (Партитократия: саясий процесстерге жарандар
же саясатчылар эмес, бир же бирден көп партия өкүмчүлүк кылган абал.) 2000-жылы
болсо Италиянын Мессина шаарында Сицилия Фабиан коому негизделген.560
Фабианисттик
кыймылдын эл аралык масштабы өлкөлөрдүн лидерлери же башка өлкөлөрдөгү
филиалдары менен эле чектелбейт. Фабианизмдин дүйнөгө белгилүү эл аралык
уюмдарга да таасири чоң. Фабианисттер Улуттар лигасынын жана Бириккен улуттар
уюмунун негизделишине да салым кошкон. Ошентип Британия терең мамлекетинин
стратегиялары глобалдык масштабдагы саясаттарга өз таасирин тийгизген.
![]() |
| Нелло Росселли, бир тууганы Карло Росселли (солдо) жана Адриано Оливетти (оңдо) |
Булактар:
510. Eustace
Mullins, The World Order: A Study in Hegemony of Parasitism, Ezra Pound
Institute of Civilization, 1985, s. 48
511. Margaret
Fay, Johannes Hengstenberg and Barbara Stuckey, “The Influence of Adam Smith on
Marx’s Theory of Alienation”, Science and Society, Vol. 47, Yaz 1983, s.
129-151
512. Bernard
Weinraub, “In London, Too, Lenin Is Remembered”, New York Times, 22 Nisan 1970,
http://www.nytimes.com/1970/04/22/archives/in-london-too-lenin-is-remembered.html
513. V. I.
Lenin, Materialism and Empirio-criticism Critical Comments on a Reactionary
Philosophy, https:// www.marxists .org/archive/lenin/works/1908/ mec/
514. Drink in
the pub where Lenin and Stalin first met, 22 Şubat 2010,
http://www.tiredoflondontiredoflife.com/ 2010/02/drink-in-pub-where-lenin-and-stalin.html
515. Alan
Sennett, Revolutionary Marxism in Spain 1930-1937, Historical Materialism Book,
2014, s. 21
516. 516. Anthony C. Sutton, Wall Street and the
Bolshevik Revolution, Arlington House, 1974
517. V. I.
Lenin, “The Fifth Congress of the Russian Social-Democratic Labour Party”,
https://www.marxists.org/ archive/lenin/works/1907/5thcong/index.htm
518. Deanna
Spingola, The Ruling Elite: The Zionist Seizure of World Power, Trafford
Publishing, 2012, s. 575
519. Dr. John
Coleman, Diplomacy by Deception: An Account of the Treasonous Conduct by the
Governments of Britain and the United States, Bridger House Publishers, 1993,
s. 132
520. Coleman,
a.g.e., s. 134
521. Trump
Just Uncovered Soros’ Plot To Start Violent Revolution To Overthrow Him,
http://www.m2voice.
com/trump-just-uncovered-soros-plot-start-violent-revolution-overthrow/
522. Edward
R. Pease, A History of the Fabian Society. New York: E.P. Dutton & Co.,
1916
523. “The
History of Essex Hall by Mortimer Rowe, Lindsey Press, 1959, chapter 5”.
Unitarian.org.uk. Archived from the original on 16 January 2012. Retrieved 2
January 2012
524. Fabian
Society, The Fabian Story, http://www.fabians.org.uk/about/the-fabian-story/
525. “The
Fabian Society: a brief history”, The Guardian, 13 Ağustos 2001,
https://www.theguardian.com/politics/ 2001/aug/13/thinktanks.uk
526. Kevin
Morgan, Labour Legends and Russian Gold: Bolshevism and the British Left, Part
1. London: Lawrence and Wishart, 2006; s. 63
527. John
Groser (1950), “Does socialism need religion?”, Fabian Tract No.284, s. 9
https://digital.library.lse. ac.uk/collections/fabiansociety/tractssubject
528. William
Morris (1903), “Communism”, Fabian Tract No.113. s. 11-12,
https://digital.library.lse.ac.uk/collections/fabiansociety/tractssubject
529. Encyclopedi
Britannica, Quintus Fabius Maximus Verrucosus,
https://www.britannica.com/biography/Quintus-Fabius-Maximus-Verrucosus
530. Quoted
in A.M. McBriar, Fabian Socialism and English Politics, 1884–1918. [1962]
Cambridge: Cambridge University Press, 1966; s. 9. http://www.fabians.
org.uk/about/the-fabian-story/
531. “Blair’den
popülist siyasete karşı enstitü”, Anadolu Ajansı, 2 Aralık 2016,
http://aa.com.tr/tr/dunya/blairden-populist-siyasete-karsi-enstitu/698101?amp=1
532. Rachel
Verdon, Lyme Disease and the SS Elbrus, Elderberry Press LLC, Oakland / Oregon,
ISBN 978-1-934956-43-4, s. 57
533. Jon B.
Perdue, The War of All the People: The Nexus of Latin American Radicalism and
Middle Eastern Terrorism (1st ed.). Washington, D.C.: Potomac Books., 2012, s.
97, ISBN 1597977047
534. “The
Fabian Window”, http://www.lse.ac.uk/alumni
/LSEConnect/LSEMagazine/pdf/summer2006/FabianWindow.pdf
535. “Wit,
wisdom and Windows”, BBC, http://news.bbc. co.uk/1/hi/magazine/4944100.stm
536. Ioan
Ratiu, The Milner-Fabian Conspiracy: How an International Elite is Taking Over
and Destroying Europe, America and the World, Richmond, Free Europe Books; 1st
edition, 2012 ISBN 978-0957426207
537. İşçi
Partisi’nin 1964 manifestosu
538. Fabian
News, Eylül 1897
539. Ioan
Ratiu, The Milner-Fabian Conspiracy: How an International Elite is Taking Over
and Destroying Europe, America and the World, Richmond, Free Europe Books; 1st
edition, 2012 ISBN 978-0957426207
540. https://digital.library.lse.ac.uk/search?q=Darwin
541. https://digital.library.lse.ac.uk/search?q=LGBT
542. Annie
Besant, The Future Socialism, Bibby’s Annual (reprinted by Adyar Pamphlet)
543. Bernard
Semmel, Imperialism and Social Reform: English Social-Imperial Thought
1895–1914 (New York: Anchor, 1968), s. 61
544. Victoria
Drey, “Bernard Shaw: ‘I can’t die without having seen the USSR'”, Russia
Beyond, 26 Temmuz 2016,
https://www.rbth.com/arts/literature/2016/07/26/bernard-shaw-i-cant-die-without-having-seen-the-ussr_615147
545. Ioan Ratiu,
The Milner-Fabian Conspiracy: How an International Elite is Taking Over and
Destroying Europe, America and the World, Richmond, Free Europe Books; 1st
edition, 2012 ISBN 978-0957426207 s. 85-86
546. B.K.
Nehru (Spring 1990), “Socialism at crossroads”, India International Centre
Quarterly, 17 (1): 1–12. JSTOR 23002177
547. Padma
Desai and Jagdish Bhagwati (April 1975). “Socialism and Indian economic
policy”, World Development, 3 (4): 213–21. doi:10.1016/0305-750X(75)90063-7
548. Dunham,
William Huse (1975), From Radicalism to Socialism: Men and Ideas in the
Formation of Fabian Socialist Doctrines, 1881–1889, History: Reviews of New
Books. 3 (10): s. 263 http://www.tandfonline.com/
doi/abs/10.1080/03612759.1975.9945148
549. Michael
Barr (March 2000). “Lee Kuan Yew’s Fabian Phase”. Australian Journal of
Politics & History. 46 (1): 110–26. doi:10.1111/1467-8497.00088
550. Amatzia
Baram (Spring 2003) “Broken Promises”, Wilson Quarterly, Woodrow Wilson
International Center for Scholars.
551. L. M.
Kenny (Winter 1963–1964). “The Goal of Arab Unification”. International
Journal. 19 (1): 50–61. JSTOR 40198692. doi:10.2307/40198692
552. Kamel S.
Abu Jaber (Spring 1966) “Salāmah Mūsā: Precursor of Arab Socialism”. Middle
East Journal. 20 (2): 196–206. JSTOR 4323988
553. Amatzia
Baram (Spring 2003) “Broken Promises”. Wilson Quarterly. Woodrow Wilson
International Center for Scholars.
554. “Fabian
Socialism, Get Ready – Like It Or Not, Here It Comes!”, Before It’s News, 23
Ocak 2015, http://beforeitsnews.com/new-world-order/2015/01/fabian-socialism-get-ready-like-it-or-not-here-it-comes-3586.html
555. William
D.P. Bliss (ed.), The Encyclopedia of Social Reforms. Third Edition. New York: Funk and
Wagnalls Co., 1897; s. 578.
556. “Fabian
Socialism, Get Ready – Like it or Not Here it Comees!”, Before it’s news,
http://beforeitsnews.com
/new-world-order/2015/01/fabian-socialism-get-ready-like-it-or-not-here-it-comes-3586.html
557. “Allen
West: I’ve ‘Heard’ 80 House Democrats Are Communist Party Members”, Huffington
Post, 11 Nisan 2012. http://www.huffingtonpost.com/2012/04/11/
allen-west-democrats-communist-party_n_1417279 .html
558. Leo
Valiani, Socialismo liberale. Carlo Rosselli, tra Critica Sociale e Fabian
Societ, http://www.criticasociale. net/index.php?&lng=ita&function=rivista&pid=page&year=2009&id=0004176&top_nav=archivio_2009&sintesi=1
559. Erik
Jones ve GianFranco Pasquino, Italian Politics, Oxford University Press, 1. Baskı 2015 ISBN 978-0-19-966974-5
s.458
560. Sicilian
Fabian Society, http://www.fabiana.it/blog/ ?p=1


























Hiç yorum yok:
Yorum Gönder