Квиллиам фонду
дүйнөнүн алгачкы «экстремизмге каршы аналитикалык борбору» деген ураан менен,
2008-жылы маалымат каражаттарында аты чыгып баштаган. Фонддун эки негиздөөчүсү
Эд Хусейн менен Мааджид Наваз жана азыркы жетекчиси Номан Бенотман мурда
радикалдуу уюмдарга мүчө болгон, радикалдуу көз-караштагы кишилер. Американын
Британия терең мамлекетинин карамагындагы аналитикалык борборлорунун бири Рэнд
Корпорэйшндын «Deradicalization
of Hardcore Islamists»
(Экстремист исламчылдарды радикализмден алыстатуу) программасына окшоп
либералдыкка багыт алышкан жана радикализмге каршыдай көрүнүп иш-аракет
жүргүзүшүүдө. Радикализмди сындоо шылтоосу менен чындыгында Исламга каршы күрөш
жүргүзүлүүдө. Ислам менен дарвинизмди, Ислам менен гомосексуализмди, Ислам
менен румиликти байланыштыруу үчүн болгон аракеттер көрүлүүдө. Квиллиам фонду –
Чатем Хаустун көзөмөлүндө иш алып барган, Британия терең мамлекетинин
карамагындагы мекемелердин бири.
Квиллиам фонду «The Guardian» гезитинде «өкмөт тарабынан бир канча каражаттар
аркылуу колдоо көрсөтүлгөн бир мекеме» деп сүрөттөлгөн.366 Ушул эле гезит башка бир иликтөөсүндө Квиллиам
фондунун өкмөттүн «Зомбулукчул экстремизмдин алдын алуу» фондунан 700 миң фунт
стерлинг, Коопсуздук жана террор менен күрөшүү бюросунан болсо 400 миң фунт
стерлинг каражат алгандыгын аныктаган.367
Квиллиам
фондунун АКШдагы каржы булактары болсо төмөнкүчө:
![]() |
| Квиллиам фондунун логотиби жана учурдагы жетекчиси Номан Бенотман |
Джон Темплтон фонду: Квиллиам фондуна 1 миллион доллар берүүдө. Бул
фонд согушту жактаган евангелист христиандарды жана Буштун Жакынкы Чыгышка
кийлигишүү кампанияларын да каржылаган. «Акылдуу долбоор» көз-карашынын («Аалам
акылдуу долбоор менен жаратылган» деген көз-караштын) тарапкерлерине мурда
колдоо көрсөтсө, кийин аны токтоткон. Фонддун жетекчиси – Ирак согушунун
негизги жактоочуларынын бири Джек Темплтон. Фонд АКШдагы ашыкча оңчул «Tea Party» кыймылын да каржылайт.
Брэдли фонду: фонддун 2001-2009-жылдардын аралыгында исламофобияны
жактаган аналитикалык борборлорго берген жардамынын 5 миллион 370 миң долларды
түзгөндүгү белгилүү. Америкадагы мусулмандардын өкүлчүлүктөрүнүн бири CAIR мекемеси (Америка Исламдык мамилелер кеңеши) Брэдли фондун мусулмандарга
каршы стереотипти жана жек көрүүнү пайда кылуучу уюмдардын бири деп атаган.
Гатстон институту: Квиллиам фонду менен биргелешкен иш-чараларды
өткөрөт. Бул институт Исламга каршы бир мекеме катары белгилүү.
«GEN NEXT» кыймылы: колдогу маалыматтар боюнча, Квиллиам фонду бул
уюмдан 800 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат алууда. Квиллиам фондунун мүчөсү
Мааджид Наваз «Radical» аттуу китебинин аягында «Gen Next» фондуна атайын ыраазычылыгын билдирген.
Эранда (Eranda) фонду: Квиллиам
фонду бул уюмдан 300 миң доллар жардам алууда. Бул фонд Ротшильддердин
карамагында.
«Stuart Family» фонду: Квиллиам фондуна 300 миң доллар каражат бөлгөн.
Бул фонд дагы АКШнын согушту колдогон Республикалык партияны кубаттаган
фонддордун бири. Бул сумма «Stuart
Family» фонду тарабынан
бөлүнгөн эң ири өлчөмдөгү каражат.
Ар кандай
фонддорго ар кайсы мекемелердин колдоо көрсөтүшү, албетте, табигый көрүнүш.
Бирок бул жерде таң калтырганы – Квиллиам фондунун көбүнчө Исламга каршы чыккан
же Жакынкы Чыгыштагы согушту колдогон фонддор тарабынан каржыланышы.
Чатем Хаус менен Квиллиам фондунун байланышы
![]() |
| Хасан Хасан |
Бул эки
мекеменин байланыштарын изилдеп көргөнүбүздө, экөөнүн жетекчилеринин
ортосундагы тыгыз пикир алмашууну жана стратегиялык кызматташтыкты байкайбыз.
Эки мекеме биргелешкен конференцияларды уюштуруп, окшош дүйнө көз-караштарын
колдошот. Радикализмге каршы иш-аракеттерди жасайбыз деп жарыялашканы менен,
иш-чараларынан чыныгы максаттын Ислам ааламын алсыздантуу экендиги апачык
көрүнүп турат. Бул жагдай экөөнүн ортосундагы кызматташтыктын Британия терең
мамлекетинин буйругу менен башталып, анын буйругу менен улантылып жаткандыгын
тастыктайт.
Чатем Хаустун
интернет сайтында Квиллиам фондунун негиздөөчүсү Мааджид Навазга арналган
атайын бир баракча бар. Аны бир гана мүчөлөр окуй алат жана ал аркылуу
мекеменин бардык мүчөлөрү Квиллиам фондунун негиздөөчүлөрү менен биргелешип иш
алып барылаарынан кабардар болушат.
Чатем Хаус менен
Квиллиам фондунун ортосунда тыгыз кызматташтык бар. Мисалы, Квиллиам фондунун
негиздөөчүлөрүнүн бири Эд Хусейн Лондондо Чатем Хаус уюштурган «Британиянын
өлкө ичинде жана чет өлкөдө террор менен күрөшүү күн тартиби» аттуу бир
конференцияга баяндамачы катары катышкан. Квиллиам фондунун жетекчиси жана
Башкаруу кеңешинин мүчөсү Номан Бенотман болсо Лондондо «Front Line Club» аттуу мекеме уюштурган бир конференцияга Чатем
Хаустан Маха Аззам менен бирге катышкан. Бенотман BBCнин журналисти модераторлук кылган башка бир конференцияга Чатем Хаустан
сэр Ричард Далтон менен катышкан. Чатем Хаустун мүчөсү жана Жакынкы Чыгыш,
Түштүк Африка программасынын изилдөөчүсү Хасан Хасан Квиллиам фонду даярдаган
баяндамаларды жарыялайт. Хасан, ошондой эле, Квиллиам фондунун негиздөөчүсү Эд
Хусейнге анын макалаларын социалдык тармактарда бөлүшүү аркылуу колдоо көрсөтөт.
![]() |
| Чатем Хаустун мүчөсү Хасан Хасандын Эд Хусейндин ИГИЛ жана Ислам радикализми жөнүндөгү баяндамасына байланыштуу жана Эд Хусейнге байланыштуу бөлүшүүлөрү |
![]() |
| Социалдык тармактардан Чатем Хаус менен Квиллиам фондунун өтө тыгыз байланышын көрүүгө болот. |
Жарандык
коомдордун бүт адамзатка пайда алып келе турган сүйүүнү жана тынчтыкты орнотуу
үчүн биргелешип иш алып барышы, бири-бири менен кызматташып, пикир алмашуусу,
албетте, мактоого татыйт. Бирок эгер кээ бир мекемелер Британия терең
мамлекетинин көзөмөлүндө, анын талаптарын аткаруу кызматын аркалаган болсо,
коомдорго мунун зыяны абдан оор болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай аналитикалык
борборлордун ушул максатта биргелешип уюштурган конференцияларын жана алардын
мазмунун ашкерелөө – абийирдик жана адамдык бир жоопкерчилик.
![]() |
| Fronline Clubдагы чогулушка Чатем Хаустан Маха Аззам менен Квиллиам фондунун учурдагы жетекчиси Номан Бенотман чогуу катышкан. |
Квиллиам фондунун радикализмге каршы күч колдонуу провокациялары
Квиллиам фонду мурда
өздөрү да радикал болгон кишилер тарабынан негизделген, «радикализмге каршы»
бир фонд катары белгилүү. Фонд сыртынан караганда «радикализмге каршы чыккан
мусулмандар» жетекчилик кылган, абдан маанилүү миссиясы бар бир мекемедей
көрүнгөнгө аракет кылат. Анткени, радикализмдин чыныгы чечүү жолу
мусулмандардын колунда. Тагыраак айтканда, радикализмдин чечүү жолу Курандагы
чыныгы Исламда.
Бирок Квиллиам
фондунун чыныгы жүзү такыр башка. Жалпы иш-аракеттерине жана байланыштарына
караганда, бул фонд радикализмди жок кылууну шылтоолоп, башкаларды
мусулмандарга тукуруу миссиясын аткарууда. Мисалы, бул багытта тасмалар аркылуу
ар кандай пропаганда ыкмалары иштелип чыккан. Мындай пропаганда тасмаларын
тарткан «Verbalisation» фирмасынын ээси Свен Хьюз. Свен Хьюз
Британиянын тышкы иштеринин жана НАТОнун Афганистандагы психологиялык
операциялардан жооптуу бөлүктөрүнүн жетекчиси. Фирманын экинчи жетекчиси Дэвид
Стенхоуп болсо Британиянын Коргоо министрлигинин психологиялык операциялар
башкармалыгында 6 жыл иштеген. Фирманын башка кызматкерлери Стив Татхэм менен
доктор Джейми Макинтош Британия өкмөтүнүн кыскача «OSCT» деп аталган «Коопсуздук жана террор менен күрөшүү башкармалыгын» негиздөө
мыйзамын жазган кишилер. Макинтош 2011-жылы даярдаган «Keeping Britain Safe» (Британиянын коопсуздугун сактоо) аттуу
баяндамасында зомбулуксуз радикализм менен терроризмдин ортосунда эч кандай
айырма жок деп айткан. Бул көз-караш Чатем Хаус менен Квиллиам фондунун негизги
философиясы.
Буштун
учурундагы Улуттук коопсуздук (Homeland Security)
министри Майкл Чертоффтун жеке коопсуздук фирмасынын жетекчиси Чад Свит (Chad Sweet) Квиллиам фондунун АКШдагы Башкаруу кеңешинин
мүчөсү. Майкл Чертофф болсо Американын абдан көп талкууларды жараткан, белгилүү
«Террор менен күрөшүү мыйзамын» даярдаган кишилердин бири. Бул мыйзам террор
менен күрөшүүдө күч колдонууга абдан басым жасаган жана мунун негизинде
Афганистан, Ирак жана Сирия баш болгон, көптөгөн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жер
менен жексен кылынды.368
Чад Свиттен
кийин анын ордун Кортни Ла Бау ээлеген. Ал Египеттеги Мубарак режиминин
жашыруун кассасы болгон бир фонддун жетекчисинин орун басары. Бул фонд кийин
Сиси төңкөрүшүн да каржылаган.369
Квиллиам
фондунан Чарли Купер бир баяндамасында ДАИШтин (ИГИЛ) боевиктери жөнүндө «европалыктардын уюмга оңой киришинин
себептеринин бири Түркияга эч кыйынчылыксыз барып, бир автобус менен чек ара аймактарына
жете алышы» деп айткан жана «террор» деген аталыш менен Британия терең
мамлекетинин Түркияны каралоо пропагандасы жүргүзүлгөн.370 Ушул жана ушуга окшогон буюртма баяндамалар
Британия терең мамлекетинин кыска, орто жана узун мөөнөттүү долбоорлорунун
идеялык пайдубалын даярдайт.
Квиллиам фонду
Британия терең мамлекетинин карамагындагы мекеме болгондуктан, Британия терең
мамлекетинин идеологиялык пайдубалын жактоону көздөйт. Британиялык
мусулмандарды контрольдоо максатында иштелип чыккан «PREVENT» долбоорунун идеясы ушул фонддон чыккан деп айтылат.371 Квиллиам «Британия Исламы» (British İslam) деп аталган жаңы дин моделин Түштүк Чыгыш Азиядагы
мусулман өлкөлөр баш болуп, бүт Ислам дүйнөсүнө жайылтуу багытында иш-чараларды
жүргүзгөн фонддордун бири. Фонд Тышкы иштер министрлигинин «Projecting British Islam» (Британия Исламын долбоорлоо) аттуу
конференциялар сериясынын активдүү катышуучусу. Бул конференциялар Түркия да
кошо, 15 мусулман өлкөдө уюштурулган.372 Түркиядагы конференция 2008-жылы 10-14-ноябрьда
Бахчешехир университетинде өткөрүлгөн.373
Квиллиам фондунун
иш-аракеттеринен анын Британия терең мамлекетинин аналитикалык борборлор
аркылуу пропагандалаган мажбурлуу идеологияларынын ачык колдоочусу экендиги
көрүнүп турат. Алсак, дүйнөлүк масштабда гомосексуализмди жайылтуу жана аны
кадимки бир көрүнүштөй көрсөтүү, румиликти пропагандалоо аркылуу
гомосексуализмди колдоо Квиллиам фондунун иш-чараларында жана чогулуштарында
алдыңкы планда турат. Ошондой эле, дарвинисттик идеологияны колдоп,
пропагандалоо да фонддун иш-чараларында маанилүү орунду ээлейт. Квиллиам фонду
Британия терең мамлекетине баш ийгендиктен, терең мамлекеттин бул саясатын,
билип же билбестен, дал өзүндөй ишке ашырууда.
![]() |
| Квиллиам фонду Projecting British Islam (Британия Исламын долбоорлоо) конференция сериясынын активдүү катышуучусу. Картада конференция өткөрүлгөн өлкөлөр чагылдырылган. |
Фонддун
2008-жылдан бери Британиянын өкмөтүнө, полиция органдарына, дипломаттарга,
саясатчыларга, жазуучуларга, жарандык коомдорго жана расмий мекемелерге,
илимпоздорго, аналитикалык борборлорго, журналисттерге жана эл аралык уюмдарга
Ислам менен күрөшүү жолдору жөнүндө чалгындоо маалыматтарын үзгүлтүксүз берип
келээри айтылууда. Өзгөчө лорддор палатасы жана эл өкүлдөр палатасы менен Эл
аралык мамилелер комитети такай чогулуштарды уюштуруп, Квиллиам фонду менен
идеологиялык кызматташтыктын багыттарын аныкташууда.
Квиллиам фондунун Британиянын өкмөтүнө таасири
Квиллиам фонду
Британия өкмөтү менен ар кандай себептер аркылуу тынымсыз жолугушуп турат.
Албетте, мунун эң негизги себеби – бул фонддун Британия терең мамлекетине баш
ийиши жана Британия өкмөтүнө арналган «сунуштардын» ушул фонддор аркылуу
жеткирилиши.
Квиллиам фондунун
негиздөөчүлөрүнүн бири Эд Хусейн 2009-жылы Британиянын өкмөтүнө теракттардын
алдын алуу максатында эч бир кылмышка айыпталбаган жана эч бир кылмышка
шектелбеген, күнөөсүз мусулмандарды аңдып, алардын артынан тыңчы салуу керек
деп сунуш киргизген жана ал программа «PREVENT» деп аталган.
Квиллиам фонду менен байланышы бар Гаффар Хусейн аттуу киши «PREVENT» программасынын жетекчилигине дайындалган. Андан
бир жылдан кийин, Квиллиам фондунун өкмөткө бир тизме бергендиги жана ал
тизменин ичиндеги кишилерди жана топторду террористтер менен идеологиясы бирдей
деп белгиленгендиги аныкталган. Чындыгында болсо, тизмедеги кишилердин
көпчүлүгү тынчтыкты жактаган мусулмандар болгон.374 Квиллиам фондунун өкүлдөрү өздөрүнөн тышкары,
бардык мусулман уюмдарды жана кишилерди радикалдуу көз-караштагы, Аль-Каидага
окшош уюмдар жана кишилер деп көрсөтүшкөн. Эд Хусейн «PREVENT» программасынын алкагында жүргүзүлгөн тыңчылык иш-аракеттерин өзүнүн
макалаларында ар дайым жактап келүүдө.
«The Guardian» гезити бул тизменин чындыгында теракттарга катышкан шектүүлөрдөн эмес,
күнөөсүз адамдардан тураарын аныктаган соң, Эд Хусейн өкмөттүн бул тизмеге
таянып, аңдуу иштерин жүргүзүшүн «адеп-ахлактык жактан туура» деп чыккан.375
Фонддун берген
кээ бир маалыматтары боюнча, 2015-жылдын июнь айында лорддор палатасынын
мүчөсү, Эл аралык мамилелер комитетинде либерал-демократтардын башчысы баронесса
Кишвер Фолкнер конференциянын ачылышында Мааджид Наваз менен жолугушкан. Андан
соң фонд 2015-жылы июльда Британиянын өкмөтүнө саясий сунуштарды камтыган докладын
баяндаган. Бул конференцияга министрлер, Квиллиам фондунун негиздөөчүсү Мааджид
Наваз жана фонддун ошол кездеги жетекчиси Харас Рафик катышкан. 2015-жылы
июльда, мындан тышкары, Квиллиам фондунда «Ислам динин өзгөртүп түзүү» жана
дарвинизмди пропагандалоо милдетин аркалаган Усама Хасан менен фонддун
мүчөлөрүнүн бири Никита Малик лорддор палатасында дагы бир конференцияга
катышкан. Усама Хасан да, Эд Хусейн менен Мааджид Навазга окшоп, мурда
радикалдуу уюмдарга аралашкан киши.
2014-жылы мартта
Квиллиам фондунун негиздөөчүсү Мааджид Наваз Британиянын эл өкүлдөр палатасына
«Дин жана зордук-зомбулук» аттуу бир конференцияга барса, 2014-жылы июньда
кайрадан эл өкүлдөр палатасында Кейт Ваздын (бул кишинин гомосексуал экендиги
белгилүү) чакыруусу менен интернетте экстремизм менен күрөшүү конференциясына
катышкан. Фонддун бир өкүлү Гаффар Хусейн 2014-жылы ноябрьда Британия парламентинин
тышкы иштер комитетинен сэр Ричард Оттауэй жетекчилик кылган Квиллиам фондунун
«Ислам мамлекети» аттуу докладын эл өкүлдөр палатасына баяндап берген. Квиллиам
фондунун ошол кездеги жетекчиси Харас Рафик 2015-жылы 13-октябрьда Британиянын
премьер-министри Дэвид Кэмерондун чакыруусу менен ушуга окшогон башка бир
конференцияга катышкан. Рафик 2015-жылы ноябрьда Британия парламентинин мүчөсү
баронесса Сандип Верма менен бирге «Ислам мамлекети жана аялдар» аттуу
конференцияга катышкан. 2016-жылы февральда эл өкүлдөр палатасынын парламент
жана коргонуу комитетинин башчысы доктор Джулиан Льюис менен бирге «Ислам
мамлекетинин балдары» аттуу конференция өткөрүлгөн. Квиллиам фондунун жетекчиси
Номан Бенотман менен фонддун изилдөөчү кызматкери Никита Малик барган
конференцияга депутат Хейзел Блеарс да катышкан.
АКШдагы жана
Европадагы коопсуздук кызматкерлерине Квиллиам фонду тарабынан маал-маалы менен
«дерадикализация семинарлары» өткөрүлүп турган. Британияда Квиллиам фондунун
көз-караштары Социалдык биримдик борбору (CCS) жана Саясат биржасы
сыяктуу көптөгөн оңчул аналитикалык борборлор тарабынан да кабыл алынган.
Жогоруда айтылган «дерадикализация» семинарлары радикалдык уюмдардын кылган
иштери үчүн Ислам динин айыптоого жана гомосексуализм сыяктуу күнөө иштерди
пропагандалоо аркылуу мусулмандарга кадимки көрүнүштөй көрсөтүп, өз ойлорунда
Исламды бузууга багытталган.
Бул жерде бир
канчасы гана мисал келтирилген мындай жолугушуулар жана конференциялар Британия
терең мамлекетинин буйругу менен Квиллиам фондунун системалык түрдө Британиянын
өкмөтүнө багыт берип жаткандыгын айгинелеп турат. Терең мамлекеттин саясаттары
ушул фонддор аркылуу өкмөттөргө жеткирилүүдө. Фонддор да, өкмөттөр да Британия
терең мамлекетинин таасиринен чыга албай келүүдө. Британия терең мамлекетинин максаты
– Ислам динин бузуп алсыздантуу жана мусулмандарды жолдон адаштырып
пассивдештирүү.
Бирок Британия
терең мамлекетинин Ислам динине багытталган бул тымызын пландарынан эч кандай
майнап чыкпайт, тескерисинче Ислам дини Куранда кандай сүрөттөлсө, дал ошондой
көрүнүшү менен жайылат жана адамдар демократиянын, тынчтыктын жана сүйүүнүн туу
чокусу болгон чыныгы Исламды чын жүрөктөн кубануу менен кабыл алышат. Бул Улуу
Раббибиздин сөзсүз аткарыла турган убадасы:
Аллах араңардан
ыйман келтиргендерге жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада
кылган: Эч күмөнсүз, алардан мурдакыларга кандай «күч жана бийлик» берген болсо,
аларга да жер жүзүндө ошондой «күч жана бийлик» берет, алар үчүн тандап
жактырган динин аларга бекемдеп, орнотот жана аларды коркууларынан кийин
бейпилдикке айландырат. Алар бир гана Мага ибадат кылышат жана Мага эч нерсени
шерик кошушпайт. Ким мындан кийин чындыктан баш тартса, дал ошолор – бузукулар.
(Нур Сүрөсү, 55)
Аллахтын бул
убадасы Тоорот менен Забурда да айтылган:
Ант болсун, Биз
Зикирден (Тоороттон) кийин Забурда да: «Эч күмөнсүз, Жерге Менин салих (чын
ыкластуу) кулдарым мураскор болушат» деп жаздык. (Анбия Сүрөсү, 105)
Квиллиам фондунун жетекчилери
Мааджид Наваз
Мааджид Наваз
фонддун эки негиздөөчүсүнүн бири. Мурда радикалдуу топторго мүчө болуп, кийин
болсо «радикализм менен күрөшүүнү» шылтоолоп, Исламга жана динчилдерге каршы
күрөшө баштаган.
Квиллиам фондун
негиздеп, андан соң ага жетекчилик да кылган Наваз фонд түптөлгөн күндөн баштап
Британиянын өкмөтү менен тыгыз мамиледе болгон жана Европадагы жана АКШдагы
расмий мекемелер менен да байланыштарын бекемдеген. 2008-жылы 21-ноябрьда биринчи
баяндамасын Британиянын өкмөтүнө жасап, андан соң АКШнын өкмөтүнө жана
европалык, америкалык мамлекеттик кызматкерлерге радикализм темасында бир
семинар берген. Ошондой эле, Америка сенатынын улуттук коопсуздук комитетинде
белгилүү неокондордун бири Зейно Баран менен бирге «Хизб ут-Тахрир жана
радикализм» темасында баяндама жасаган.
Фонддун экинчи
негиздөөчүсү Эд Хусейн экөө Британиянын полиция кызматтары менен кызматташып,
террор менен күрөшүү багытында эл аралык бир конференция уюштурган. Мааджид
Наваз өзгөчө Британиянын лорддор палатасынын эл аралык мамилелер комитетинен
колдоо алып, Британиянын өкмөтүнө сунуштарды камтыган докладдарды баяндоодо.
Мааджид Наваз
менен Эд Хусейн башка өлкөлөрдө да иш-аракеттерди жүргүзүп, Афинада грек жана
британиялык дипломаттарга, саясатчыларга жана жазуучуларга семинар өткөрүшкөн.
Венада дипломаттарга, илимпоздорго, аналитикалык борборлорго жана мусулман
лидерлерге баяндама жасашкан. Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун борборунда, Брукингс
институтунда жолугушууларды өткөрүп, Конгресстин имаратында расмий өкүлдөргө семинар
өткөрүшкөн. Бул жолугушуулар сыртынан караганда радикализмге каршы жүргүзүлгөн
иш-чаралардай көрүнгөнү менен, иш жүзүндө бүт баарында Ислам динин каралоо
аракеттери жасалган.
![]() |
| Сүрөттөрдө мурда радикал болгон Мааджид Наваздын туткунга алынган учуру чагылдырылган. Мурдакы радикалдарды "Британия Исламы" деген ат менен алдыңкы планга чыгаруу терең мамлекеттин бир тактикасы. |
Мааджид Наваз
менен Гаффар Хусейн АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин жана Адилет
министрлигинин кызматкерлерине радикализм боюнча семинар өткөрүшкөн.
Баяндамалар көбүнчө радикализмди айыптоо шылтоосу менен Ислам динин айыптоого
багытталган. (Ислам динин аруулайбыз.) Баяндаманын аягында Ислам дини реформага
муктаж деген ой айтылып, ал үчүн гомосексуализм сыяктуу күнөө иштер жана
дарвинизм, румилик сыяктуу идеологиялар менен Исламды байланыштыруу керек деген
сунуштар берилген.
Мааджид Наваз BBC каналында пакистандык транссексуал Асифа Лахор менен бирге катышкан бир
программада «бир жыныстуу (гомосексуалдык) нике Исламда бар» деп айтканга чейин
барган. Бул толугу менен жалган. Мааджид Наваз башка көптөгөн макалаларында
гомосексуализмди жактаган араб же иран тектүү жазуучулардан жана акындардан
мисал келтирет. Алардын бири Иран тектүү акын Абу Нуваз. Квиллиам фонду
уюштурган гомосексуализмге арналган көргөзмөнүн аты «Unbreakable Rope», б.а. «үзүлбөс жип».376 Бул гомосексуал Абу Нуваздын эркек
сүйүктүүсүнө жазган ырынын аты.
Наваз Сомалиде
туулган активист Аяан Хырси Али менен бирге иш алып барат. Хырси Али – Ислам
динин өзүнчө «нигилистикалык өлүм культу» деп атаган жана Ислам динин аскердик
ыкма болобу, кандай жол менен болсо да «талкалоо керек экенин» айткан киши.
![]() |
| Мааджид Наваз жана пакистандык транссексуал Асифа Лахор BBC каналында |
Наваздын Түркия
жөнүндөгү көз-караштары да Британия терең мамлекетинин Түркияга байланыштуу
тымызын пландарына шайкеш. Жазгандарынан бул апачык көрүнүп турат:
Түркия президент Таййип Эрдогандын жаңы Осмон
империясы жөнүндөгү кыялдары жана улуулук көз-караштары менен жарылып жатканда, үч коркунучка бөгөт коюуга мажбур:
өлкөнүн качкындарга толуп-ташышы, Асаддын душман режими менен карама-каршы
келүү жана чек араларында көз-карандысыз күрт аймагынын пайда болушу.377
Партизандарга
каршы кыймылыбыздын маанилүү бир бөлүгү катары ирактык жана сириялык күрттөрдү
кошуп алышыбыз керек. Бул Түркиядагы союздаштарыбызды тынчсыздандырат жана
Ирактын башчыларын да чоочутат. Бирок күрттөр кургактыкта ДАИШке каршы согуша
турган бирден-бир натыйжалуу күч экендигин көп жолу далилдешти.
Бул эгер бир күрт мамлекетин куруу деген мааниге
келсе, анда ал курулушу керек. Түндүк Африкадагы Тунис сыяктуу дагы деле бүтпөгөн бир эксперименттен
тышкары, бир күрт мамлекети Жакынкы Чыгышта жападан жалгыз демократиялык,
секулярдык көпчүлүгү мусулмандардан турган бир мамлекет боло алат. Аймакка
саясий жана диний жактан үлгү болушу мүмкүн. Биздин бүгүнкү күнгө чейинки
дипломатиябыз бул мүмкүнчүлүктөрдү кечирилгис даражада унутта калтырды.378
Түрктөргө күрттөр менен келишимге келип,
президент Режеп Таййип Эрдогандын жаңы Осмон империясы мүдөөсүнөн артка кайтышы
жана аймактагы исламчылдарга жагынууну
токтотушу үчүн басым жасоо керек.379
Көрүнүп
тургандай, Наваз Британия терең мамлекетинин тили менен сүйлөп, «PKK» сөзүнүн ордуна, системалык түрдө «күрттөр» сөзүн колдонууда. Ошентип, бир
жагынан, PKK уюмун легалдуу көрсөтүүгө аракет кылса,
экинчи жагынан, Түркияны «этникалык тазалоо жүргүзгөн бир өлкөдөй» чагылдырууну
көздөөдө.
Наваз буга
кошумча катары, социалдык тармактарда PYD (Partiya Yekîtiya
Demokrat: Демократиялык биримдик партиясы) жана YPG (Yekîneyên Parastina Gel: Элдик коргонуу кошуундары) уюмдарынын
командирлерин мактап, PKK тарабынан башкарыла турган бир Күрдистан
мамлекети пайда болушу үчүн пропаганда жүргүзүүдө. Байкаган болсоңуз, Наваздын
бул сөздөрү Чатем Хаустун жогорудагы баяндамасына коендой окшош.
Көрүнүп
тургандай, Наваз Британия терең мамлекетинин саясаттарын апачык пропагандалоодо
жана «күрттөр» деген сөздү атайын колдонуп, PKKга Түркияда жол ачуу зарылчылыгын айтып чыгууда. Максат Түркиянын түштүк-чыгышын
толугу менен PKKга берип, Түркияны бөлүнүп-жарыла турган
бир өлкөгө айландыруу. Түркияга качкындардын келишин да бир балээдей көрсөтүп,
Түркия абдан оор абалда калгандай сүрөттөөдө. Чындыгында болсо качкындардын
өзүнүн берекеси бар. Албетте, сириялык бир туугандарыбыздын өз мекенин таштап
кетүүгө мажбур болушу кайгылуу окуя. Бирок шарттар мажбурлаган соң, качкындарды
коноктоо Түркиянын кадыр-баркын өстүрдү. Бул Аллахтын түрк элине береке берүү
үчүн жараткан бир сый-жакшылыгы. Түркияга келген сириялык качкындардын кыска
убакытта Түркиянын жарандыгына кабыл алынып, бул өлкөнүн расмий жараны катары
өмүр жолун улантышын тилейбиз. Бул ошол эле учурда качкындардан Түркияга бир
кризис келишин үмүт кылган Британия терең мамлекетине жана анын кызматчыларына
да сонун сабак болот.
Түрк элинин жана
түрк өкмөтүнүн бул жөнүндөгү көз-карашы, албетте, эч качан Британия терең
мамлекетинин карамагындагы уюмдардын көз-карашына дал келбейт. Ошондуктан
Наваздын бул жөнүндөгү ойлоруна түрк эли эч көңүл бурбайт. Мындай ойлор көбүнчө
Британия терең мамлекетине кошоматчылык кылууну эңсеген кээ бир кишилерге багыт
берүү үчүн айтылат. Ал кишилер Түркияга каршы пропаганда жүргүзүү үчүн Наваз
сыяктуу кишилердин чакырыктарына кулак төшөшөт жана өз мекенине кыянаттык
кылышат.
Мааджид Наваздын китептеринде жазган көз-караштары
Наваз өзүнүн
өмүр таржымалына арналган «Radical:
My Journey Out Of Islamist Extremism»
(Радикал: Исламдык экстремизмден чыгуу сапарым) аттуу китебинде бала кезинен башынан өткөргөн
депрессияларын, Исламдын атын жамынып кайсы жерлерге барып кандай эки
жүздүүлүктөрдү кылганын, таш боор, өзүмчүл мүнөзүн жана башкаларга көрүнүүнү
канчалык жактыраарын айтып берген.
![]() |
| Мааджид Наваздын китептери |
«Румини абдан
жакшы көрөм» деген, дүйнөгө белгилүү атеист Сэм Харрис менен бирге жазган «Islam and the Future of Tolerance»
(Ислам жана толеранттуулуктун келечеги) аттуу экинчи китебинде болсо динге туура келбеген,
ал тургай, тыюу салынган иш-аракеттерди жактап, ошол тыюу салынган иш-аракеттер
аркылуу динчилдер ынтымакка келе алышат деген. Жаңы атеисттик агымдын
жактоочуларынын бири жана Ислам динин душманындай көргөн Сэм Харрис бул китепке
биринчи кезекте Мааджид Навазды колдоо максатында салым кошкондугун белгилеген.
Албетте, Исламга душмандык кылган кишинин бул колдоосу Исламга каршы дүйнөлүк
масштабда жүргүзүлгөн идеологиялык күрөштүн бир бөлүгү.
Мааджид Наваз
динге болгон көз-карашын «Радикал»
аттуу китебинде төмөнкүчө билдирген:
Дин же
адеп-ахлактык себептер кошулганда, таш боор, өзүмчүл иш-аракеттерди жасоо оңой
болуп калат. Анткени, мындайда киши адеп-ахлактык беткаптын (масканын) артына
жашынат.380
Наваз ушул
сыяктуу сөздөрү менен «динчилдик беткабын кийип, кээ бир эки жүздүү же өзүмчүл
иш-аракеттерди оңой эле жасаганга болот» деп айыптап, чын ниеттүү динчилдерди
да күмөн астында калтырган. Мындай сөздөрү аркылуу Наваз өз оюнда динди
өкүмдөрү аткарылбай турган, туура эмес бир ишеним формасы катары көрсөтүүгө
аракет кылган. (Ислам динин аруулайбыз.)
Курандагы
акыйкат дин адамдарды мыкты кулк-мүнөзгө, сүйүүгө, боорукердикке,
адилеттүүлүккө жана чынчылдыкка багыттоочу эң бекем жол. Наваз жана ага
окшогондор кыялындагы динсиз жашоого динчилдиктин тонун кийип жеткилери келет.
Ошондуктан эки жүздүүлүк кылышып, анын жоопкерчилигин болсо динге шылтаганга
аракет кылышат. Ушул себептен чыныгы маселе дин тарабынан ыйык тутулган
адеп-ахлактык баалуулуктарды кабыл албаган өздөрүндө. Бул түшүнүктө мыкты
адеп-ахлактын «беткап» бойдон калышы, албетте, таң калыштуу эмес.
Мындай түшүнүк
көбүнчө ичинен Исламга кекенген, бирок динчил көрүнүп көбүрөөк кадыр-баркка
жетүүнү көздөгөн кишилерде көп кездешет. Мындай кишилер бул ыкма менен
динчилдерге да зыян тийгизе алгандыктан, Британия терең мамлекетинин
максаттарына билип туруп же билбестен кызмат кылышат. Ушул сыяктуу китептердин
көбүнчө дүйнөгө белгилүү атеисттер тарабынан колдоого алынышынын негизги себеби
да ушунда.
Мааджид Наваз
баш болгон Квиллиам фондунун кызматкерлерин колдогон атеисттердин бири –
австралиялык атеист жазуучу Куртенэ Дж. Верлеман (Courtenay J. Werleman). Верлемандын, Аллахты аруулайбыз, «God Hates You» (Кудай сени жек көрөт) аттуу китебинде жана бардык башка
китептеринде Аллахка, динге, ыйыктарга карата сый-урматка туура келбеген
көптөгөн сөздөрү бар.
![]() |
| К.Дж. Верлеман |
«Жаңы атеисттер»
аттуу агымдын жактоочуларынын бири К.Дж. Верлемандын Ислам, Куран,
Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) жана мусулмандар жөнүндө да абдан адепсиз жана
укуксуз сөздөрү бар. Белгилүү болгондой, атеисттер – Аллахтын бар экенине
ишенбеген кишилер. Муну көбүнесе ачык айтышат жана көбүнчө динчилдерге эч
кандай кысымчылык көрсөтүшпөйт. Жаңы атеисттер агымынын мүчөлөрү болсо Аллахка
жана динге ишенбөө менен эле чектелбестен, динчилдерди толук басымга алып, бүт
диндерди жер жүзүнөн жок кылуу керек деген сыяктуу зомбулукчу бир түшүнүктү
жакташат. Ал тургай, араларынан кээ бирлери мусулмандар баш болуп, бардык
динчил адамдарга зордук-зомбулук көрсөтүү керек дешет.
Динди жана
динчилдерди эч жактырбаган К.Дж. Верлеман сыртынан Исламдык бир уюмдай көрүнгөн
Квиллиам фондун болсо эч ойлонбостон колдоп келүүдө. Верлеман менен Квиллиамды
румилик жана дарвинизм бириктирип турат. Дээрлик бардык макалаларында жана
сөздөрүндө өз оюнда динчилдерди шылдыңдап, дин жөнүндө адепсиз сөздөрдү айткан
Верлеман, Квиллиам фондунун мүчөлөрүнө окшоп, социалдык тармактардан Руминин
сөздөрүн бөлүшүп, дарвинизмди жактоодо жана гомосексуализмге колдоо көрсөтүүдө.
Мааджид Наваз Исламда гомосексуализмге тыюу салынган эмес деген туура эмес
көз-карашты жактап, Руминин гомосексуализмге байланыштуу жазгандарынан мисал
келтирсе, К.Дж. Верлеман болсо «анда
илимий жактан кемчиликтүү, байыркы бир китепке ишенгени үчүн, 21-кылымда
гомосексуализмге толеранттуулук көрсөтпөгөн жана душмандык кылган кишилерди
эмне үчүн кечиребиз? Кечирбешибиз керек!» деп, бул уятсыз көз-карашты
жактоодо.381 (Ыйык Куранды аруулайбыз.)
Көрүнүп
тургандай, Куранда кездешпеген, адеп-ахлаксыз бир түшүнүктү мусулмандарга
таңуулоо бул чөйрөлөрдүн негизги максаты. Чындыгында болсо, Аллах тарабынан
адамдарга дүйнөдөгү эң идеалдуу жашоонун жол башчысы катары тартууланган Ислам
дини ыймандуулардын жашоо сапатын жана кулк-мүнөзүн эң жогорку деңгээлге
чыгарат. Бүт адамзатка тынчтык тартуулай турган сүйүү жана жогорку адеп-ахлак,
демократия, эркиндик, искусство жана сулуулук, булардын баары Ислам дининде эң
мыкты сүрөттөлгөн. Куранда бүт нерсенин эң маңыздуу жана эч кемчиликсиз
түшүндүрмөлөрү камтылган. Улуу Раббибиз бир аятында мындай деп билдирген:
(Бул Куран) ойдон
чыгарыла турган бир сөз эмес, өзүнөн мурдакылардын тастыктоочусу, бүт нерсенин
«ар кандай абалда түшүндүрмөсү» жана ыйман келтире турган бир коом үчүн бир
хидаят (туура жол) жана мээрим. (Йусуф Сүрөсү, 111)
Бирок Мааджид
Наваз «менин чыныгы көз-карашым боюнча,
Ислам согуштун же тынчтыктын дини эмес, бир дин. Башка диндер сыяктуу ыйык
сөздөрдү жана көп адамдар ашыкча проблемалуу чечмелей ала тургандай бөлүмдөрдү
камтыйт» (Ислам динин жана Куранды аруулайбыз) деген сөздөрү аркылуу
чындыгында Ислам динине терс көз-карашта экендигин апачык белгилеген. Бул
Британия терең мамлекетинин Ислам динине жана мусулмандарга карата жүргүзгөн
негизги саясатына толук дал келет. Исламдын атын жамынып Исламга кол салгандар
болсо Британия терең мамлекетинен эң көп колдоо табат.
Наваз твиттер
баракчасында Аз. Исага жана Аллахка байланыштуу мусулмандарды капаланта турган
карикатураларды бөлүшөт. (Улуу Раббибизди жана Аз. Иса (ас)ды аруулайбыз.) Дин
жөнүндө шылдың сөздөрдү чыгарып, карикатурага окшогон сүрөттөр аркылуу дин
менен күрөшүү саясаты Британия терең мамлекетинин негизги ыкмаларынын бири.
Буларды өзгөчө «мусулман» катары таанылган кишилер аркылуу жасатуу терең
мамлекеттин пропаганда согушунун негизги куралы. Бул кээ бир мусулмандарды
аңкоолукка жана «шылдыңчыл болуунун эч кандай зыяны жок» деген түшүнүккө көнүктүрөт.
Анткен менен, бул массалык алдамчылык жана жүзү кара манипуляция.
Мааджид Наваз
атеист жана Ислам душманы Сэм Харрис менен жазган китебинде диалектикалык жана
материалисттик көз-караш менен, тарых бою диндер бийликтегилердин чечими менен
өнүгүп келген дегенге чейин барган. Анын китебиндеги сөздөрү төмөнкүдөй:
Ислам
тарыхында мутазила сыяктуу, Куранды Аллахтын эзелтен келген сөзү эмес дегендер
болгон. Бүгүнкү күндө ирандык мусулман философ Абдулкерим Соруш да ушул ойду
айтат. Мутазила бир топ атактуулукка жеткен, бирок албетте, кайсы доктринанын
жеңишке жетээрин кайра эле бийлик чечкен ... Мындай көрүнүш Никей (Изник)
кеңешинде жана Рим империясынын христиан динин кабыл алышында да орун алган
жана натыйжада христиан дини Европага тараган. Империянын саясий чечимдери
кайсы доктриналардын ортодоксалдык көз-караш болоорун аныктай алат. Исламда да
дал ушундай болгон.382
«Диндин кандай
болоорун саясий чечимдер аныктайт» деген сөз көбүнчө адамдарды динден
алыстатууга аракет кылган материалисттик көз-караш тарабынан айтылат. Мындай
сөздөр аркылуу материалисттер динди материалисттик түшүнүккө айлантып, жок
кылууну көздөшкөн. (Акыйкат диндерди аруулайбыз.) Чындыгында болсо, акыйкат
диндер метафизикалык. Улуу Аллах дүйнөнү жана адамдарды кандай метафизикалык
жараткан болсо, диндерди да ошондой жараткан. Метафизикалык күч, байкашса да,
байкашпаса да, бул сөздөрдү айткандардын баарын ороп, курчап турат. Бул жерде
«ортодоксалдык» деп айтылган акыйкат дин бир гана Аллахтын колунда жана адамдардын
чечимдери аны өзгөртө албайт. Ошондуктан көбүнчө өздөрүнүн туура эмес
түшүнүгүнөн чыга албаган жана Аллахтын бар экенин көрүп туруп, кичинекей
акылдары менен бул чындыкты четке кагууну көздөгөндөр гана акыйкат диндерге
карата ушундай материалисттик сөздөрдү айтышат. Бирок муну менен өздөрүн өздөрү
гана алдашат.
Раббибиз муну
бир аятында төмөнкүчө кабар берген:
(Өз ойлорунда)
Аллахты жана ыйман келтиргендерди алдашат. Бирок алар өздөрүн гана алдап
жатышат жана (муну) билишпейт. (Бакара Сүрөсү, 9)
Эд Хусейн
Квиллиам
фондунун негиздөөчүлөрүн, кызматкерлерин жана ал кишилер менен жакын мамиледеги
кишилердин өмүр таржымалын, жазгандарын, социалдык тармактардагы бөлүшүүлөрүн
карап көргөнүбүздө кызыктуу бир көрүнүштү байкайбыз: ар кайсы өлкөлөрдө, ар
кандай социалдык чөйрөлөрдө жашап жаткандай көрүнгөн бул адамдардын баары бир
философияны жакташат жана, эң негизгиси, ошол философияны жайылтууга болгон
аракетин жумшашат.
Бул кишилердин
түшүнүктөрү жана сөздөрү бири-бирине абдан окшош. Ал тургай, колдонгон
сүйлөмдөрү да бирдей. Шилтеме жасаган жазуучулары жана акындары, колдонгон
сүрөттөрү, мактаган кишилери, бүт баары бирдей. Көбүнчө өздөрүн төмөн сезген
бул кишилердин ал сезимин жашыруу үчүн, өздөрүн адамдардан жогору коюп сүйлөөрү
байкалып турат. Булар көбүнчө бири-бири менен ачык же тымызын байланышта
болушат. Бири-бирин мактап, жарнама кылышат жана макалаларын жана жоромолдорун
бөлүшүү аркылуу бири-бирине колдоо көрсөтүшөт.
![]() |
| Ар кандай топторго кошулуу үчүн келбетин көп өзгөрткөн Эд Хусейн |
Эч күмөнсүз, бул
уюмду толук түшүнүү үчүн, анын борборунда жайгашкан кишилердин бири, Квиллиам
фондунун негиздөөчүсү Эд Хусейндин философиясын жана иш-аракеттерин өзүнчө
карап чыгуу керек. Эд Хусейндин өмүр таржымалын, салым кошкон долбоорлорун, байланыш
чөйрөлөрүн кененирээк изилдеп көргөндө, домино эффектиндей болуп, бүт чындыктар
кашкайып көрүнөт.
Эд Хусейн
Квиллиам фондунун экинчи негиздөөчүсү. Бангладеш тектүү бир үй-бүлөнүн мүчөсү
жана чыныгы аты Мухаммед Махбуб Хусейн. Пайгамбарыбыз (сав)дын «Мухаммед» деген
атынан уялганы үчүн, анын ордуна «Эд» ысымын колдонууну чечкен. Мурда радикал
болгон жана Хизб ут-Тахрир уюмуна мүчөлүк кылган.
Өзүнүн
китептеринде өзүн «Исламдын рухун жоготкон», «Куран менен байланышы калбаган»,
«Исламды саясий максаттары үчүн колдонгон», «эки жүздүү жана эки рухтуу» адам
деп сыпаттаган.
![]() |
| Колу кандуу Блэр куклалары жана согушка каршы митингдер |
Хусейн 2010-жылы
Америка терең мамлекетинин тышкы саясатка багыт берүүчү аналитикалык борбору CFRга (Council on Foreign
Relations) даражалуу мүчө
болуп кошулган. Азыркы учурда болсо Ирак согушунда жана миллиондогон
мусулмандын өлүмүндө алдыңкы рольду ойногон Тони Блэр тарабынан курулган Тони
Блэр Ыйман фондунда даражалуу кеңешчи жана стратегия башчысы болуп
эмгектенүүдө. Бирок дагы деле Квиллиам фондунун Британиядагы консультативдик
кеңешинин мүчөсү жана фонддун АКШдагы бутагынын кеңешчиси. Фонддун баракчасында
Эд Хусейн жөнүндө «Британиянын массалык маалымат каражаттары, өкмөтү, саясий
жана жарандык коомдору жана диний уюмдары менен тыгыз мамилелерин улантат» деп
жазылып турат.
![]() |
| Эд Хусейн бир жагынан мечиттин ичинде сүрөткө түшүп, экинчи жагынан мусулмандарды аңдуу керек дейт. |
Жакын мамиледе
экендигин мойнуна алган «Британиянын массалык маалымат каражаттары, өкмөтү,
саясий жана жарандык коомдору жана диний уюмдарынын» негизи Британия терең
мамлекетинин бутактары экендигин айтуунун да кажети жок.
Эд Хусейнди
өзүнүн фондуна караштуу аналитикалык борбордун жетекчилигине дайындаган Тони
Блэр болсо Квиллиам фондуна өкмөттөн каражат бөлүнүшү үчүн лоббизм (басым)
жасаган кишилердин бири.
Бул кыска өмүр
таржымалынан көрүнүп тургандай, Эд Хусейн Британия терең мамлекетинин көптөгөн
уюмдары менен тыгыз байланышта.
Мурда Хизб
ут-Тахрир сыяктуу бир канча радикалдуу уюмдарга аралашышы аны азыркы деңгээлге
алып келгендер үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгон. Бул аркылуу «Ислам дүйнөсүн жакшы
билген, мусулмандарды чындап тааныган киши» имиджи оңой эле түзүлгөн. Бул имидж
Ислам дүйнөсүнө пропаганда жүргүзүүдө да, батышка пропаганда жүргүзүүдө да
маанилүү бир курал боло алат. Батышка «карагыла, бул киши мусулмандардын ички
дүйнөсүн билет, алардын арасынан келген, муну жакшылап пайдалангыла» десе,
Ислам дүйнөсүнө болсо «бул силерге чоочун эмес, тартынбастан аны менен мамиле
түзгүлө» деп айтылат. Ошентип ал бүт жерде ээн-эркин иш-аракет жүргүзө алат.
Хусейн 2003-2005-жылдары Дамаскта жана Джиддада жашаган. Ал тушта аймактагы
мусулман уюмдарга, топторго жана кишилерге байкоо жүргүзүп, кимдер менен
байланыш түзүү керек экенин, кимдерди кантип колдонууга болоорун аныктаган. Аны
кийинчерээк мусулмандарга каршы пайдаланган.
Сауд Арабиясында
жүргүзгөн анализдерин китебинде төмөнкүчө баяндаган:
Сауд
Арабиясында жүргөндө, түпкү тегимдин азиялык экенин эч билдирген жокмун. Эчки
сакалым жана араб тилинде жакшы сүйлөгөнүм үчүн, көп кишилер мени араб деп
эсептешчү. Мени «чыныгы сауд» деп ойлошчу. Чыныгы тегимди жашырганым үчүн, ала
албай турган көптөгөн маалыматтарды ала алдым.
Мындан улам
кийин Сауд Арабиясынын өкмөтү Эд Хусейндин өлкөгө киришине тыюу салган.
«Көптөгөн
өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана өкмөт мүчөлөрү менен тыгыз байланыштары бар
жана эл аралык стратегиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн киши» имиджи Эд Хусейнге
кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берген. Негизи Британия терең мамлекети тарабынан
түзүлгөн бул имидж Эд Хусейнге өзгөчө Ислам өлкөлөрүндө бул аналитикалык
борборлордун көз-карашына жакындоо потенциалы бар кишилерди аныктоо жана аларга
багыт берүү мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Ошентип Эд Хусейн Ислам өлкөлөрүндө жана
батышта каалагандай иш-аракет жүргүзүп, аны менен кызматташа турган кишилерди
аныктап, аларды керектүү тарапка багыттоодо. Алгач мындай кишилер менен
конференцияларды уюштуруу же интернеттен жана социалдык тармактардан түздөн-түз
байланышуу аркылуу мамиле түзгөн.
Көбүнчө
иш-аракет жүргүзүлө турган өлкөгө ар кандай кызматташтык сунуштары жасалып, ал
өлкөгө жардам берип жаткандай көрүнүшөт. Андан соң, өзүмчүл кишилерге эл аралык
аренада карьера жасоо мүмкүнчүлүгү сунушталып, алар колго алынат. Белгилүү
убакыттан соң ал кишилер өз өлкөлөрүнө каршы тыңчылык кылып башташат.
Эд Хусейн ойлоп
тапкан, жогоруда каралган «PREVENT» программасы да негизи бул аналитикалык
борборлордун мусулмандарга болгон көз-карашын айгинелеп турат. Бул долбоор
мусулмандардын ар бир кадамын көзөмөлдөп, аларды басмырлоого багытталган. Эч
бир кылмышка аралашпаган мусулмандар да кошо, бардык мусулмандардын артынан
тыңчылык кылууну көздөгөн бул долбоорду бир эле мусулмандар эмес, адам
укуктарын жогору койгон бардык адамдар да катуу сындаган.
Бул жерде бир
нерсени белгилөө керек: ар бир мамлекет өлкө коопсуздугу үчүн жарандарынын
иш-аракеттери жөнүндө маалымат алуу укугуна ээ. Бирок бул эч кимге адамдардын
конституциялык эркиндигин тебелөө укугун бербейт. Бүт жарандык кыймылдар
өлкөлөрдүн конституциясынын негизинде, мыйзам чегинде көзөмөлгө алынышы керек,
бирок күнөөсүз кишилерге потенциалдуу кылмышкердей мамиле кылууга болбойт. Ошондуктан
адамдарды, өзгөчө мусулмандарды күтүүсүз кылмыш жасап жиберчүдөй көрүп, ал
кишилердин жеке жашоолоруна чейин күнү-түнү аңдуу жүргүзүү мыйзамга туура
келбейт. Мындай мыйзамсыз долбоорлорду терең мамлекет гана ойлоп табышы мүмкүн.
Либерти адам укуктары тобунун жетекчиси Шами Чакрабарти Эд Хусейн иштеп чыккан
бул долбоор жөнүндө мындай деген:
Бул долбоор
– азыркы заманда Британиядагы күнөөсүздөрдүн көз-караштарына жана ишенимдерине
багытталган эң ири тыңчылык программасы. Бул күнөөсүздөргө багытталган маалымат
чогултуу программасы, жана адамдардын иш-аракеттерине эмес, бир гана ишенимине
карап жүргүзүлгөн тыңчылык программасы.383
Мындай
иш-аракеттин мусулмандарга жакындай көрүнгөн бир фонд аркылуу жүргүзүлүшү
ансайын күмөндүү. Апачык көрүнүп тургандай, бул фонддор көшөгөнүн милдетин
аткарууда жана жашыруун түрдө Британия терең мамлекетинин өзгөчө мусулмандарга
багытталган кысымчылык саясаттарын ишке ашырууда.
Түркиядагы 15-июль төңкөрүш планы жана Эд Хусейн
Эд Хусейн жана
анын чөйрөсү Бириккен Араб Эмираттары, Иордания, Египет сыяктуу өлкөлөрдө
ээн-эркин жүрүп, каалаган ишин жасашат. Бул топту кызыктырган өлкөлөрдүн бири,
албетте, Түркия. Демократиясыз жолдор менен өкмөттү кулатууну, урматтуу
президент Режеп Таййип Эрдоганды бийликтен кетирүүнү жана натыйжада Түркиянын
саясатын каалагандай башкарууну көздөгөн чөйрөлөрдүн бул ойлорун ар кандай
платформаларда айтып чыгышууда.
Алардын бири –
Түркиянын 2014-жылдын 30-мартындагы жергиликтүү шайлоолорунун алдында Эд
Хусейн, Генри Барки, Түркиядагы АКШнын мурдакы элчилери Эрик Эдельман жана Мортон
Абрамовитц тарабынан жарыяланган баяндама. Түркияга карата сансыз
коркутуп-үркүтүүлөр камтылган бул баяндамада урматтуу президент Режеп Таййип
Эрдоганга аскердик төңкөрүш жасоо керек деп айтылган жана 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракети алдын-ала майда-баратына
чейин сүрөттөлгөн.
Бул баяндаманын
кээ бир бөлүмдөрү төмөндө берилди. Аларды жакшылап эсте тутуу зарыл:
![]() |
| Эрик Эдельман, Мортон Абрамовитц, Эд Хусейн жана Генри Барки. Бул кишилер даярдаган Түркия жөнүндөгү баяндамада 15-июльдагы төңкөрүш аракети 2 жыл мурда сүрөттөлгөн. |
«Bipartisan Policy» уюмунун «Turkey's Local Elections»(Түркиянын жергиликтүү шайлоолору) аттуу баяндамасы
Баяндамада
урматтуу Режеп Таййип Эрдоганга карата айтылган негизсиз сөздөр (урматтуу президентти аруулайбыз)
2011-жылы
Эрдогандын амбициялары Исламдык консерватордук кыймылдын ичинде бир
кагылышуунун келип чыгышына себеп болду. Эрдоган андан мурдакы эки жылын бир
кездеги жакын сырдашы президент Гүлдүн түбүн
казуу менен өткөргөн эле. Эрдоган өзү
көз арткан бул орунга Гүлдүн кайрадан шайланышына бөгөт коюуну көздөгөн.
Бирок гүленчилер Эрдоганды өздөрүнө
карата барган сайын күчөп бараткан бир коркунуч катары көрүшкөндүктөн,
Гүлдү Эрдогандын бийлигин токтото ала турган бир киши катары көрүп, ага катуу
колдоо көрсөтүштү. ... Гүлен кыймылы жана Гүл экөө тең Эрдоган күчтөнүп
баратканынан улам, учурдагы орундарынан ажырап калбоо үчүн, Эрдогандын амбицияларын тизгиндеп токтотуу максатында
биригишти.
Эрдоган көрүнүшүнө
караганда бийликте калуу үчүн барган сайын күчөп, дүйнөнүн башка автократтарынын жолунан баратат. Түрк эли ошондой
лидерге чыдайбы жана Эрдоган Владимир Путин же Виктор Янукович сыяктуу
лидерлерге окшоп калабы, бул алдыбыздагы жылдардын негизги суроосу.
Түркияда башаламандыктар жана көтөрүлүштөр орун алат деген сөздөр
Түркия
туруктуулукка эмес, башаламандыкка жана туруксуздукка баратат жана өлкөнүн
туруктуулукка жетээрден мурда чоң
көтөрүлүштөргө туш болоору анык
көрүнүп турат.
Адилеттүүлүк жана
өнүгүү партиясынын жогорку даражалуу мүчөлөрү, вице-премьер-министрлер Али
Бабажан жана Бүлент Арынч ачык таризде Эрдогандын
акылсыз, авторитардык жана исламчыл мамилесинен алыс болууга аракет
кылышты.
Коррупция боюнча
иликтөөлөр кыскасы Эрдоганды коргонууга түрттү. Мурда бийлигин күчтөндүрүү үчүн
иштелип чыккан катаал башкаруу
багытындагы кадамдары эми анын бийликтен түшүшүнө бөгөт койо алууда. Мындай
шартта кысымчыл жана авторитардык
ыкмаларды мындан да көбүрөөк колдонуу менен гана бийликте кала алат жана
коомчулуктан аны айыптаган далилдерди жашыра алат.
ФЕТӨ (FETÖ) кыймылынын
макталышы
Фетхуллах Гүлен
кыймылы чындыгында бир саясий күч эмес.
Негизи бийликке жетүүгө аракет кылып
жаткан жок жана шайлоолорго талапкерлерди даярдап жаткан жок; саясий партия
эмес. Бирок Түркиянын саясатында эң негизги
күчтөрдүн бири экендиги анык чындык. ...
Гүлен кыймылы
Эрдоганды мыйзамсыз жана коррупцияга
аралашкан бир диктатор катары сынга алып, Эрдоган, анын үй-бүлөсү жана эң жакын достору жөнүндөгү айыптоолорго
байланыштуу далилдерди жарыялап баштады. ...
Ушул кезге чейин
иштеп жаткан мыйзамдар ушул багытта көрүнүүдө; бирок Гүлен тобунун массалык
маалымат каражаттары, мамлекеттик мекемелери жана өзгөчө мамлекеттик
кызматтардагы мүчөлөрү турган кезде бул миссия аягына чыкпайт. Ошондуктан
негизги маселе Эрдогандын Гүлен тобуна
тиешелүү маалымат каражаттарын жаап пикир келишпестикти күчөтүү же, ал тургай,
көптөгөн гүленчилерди камакка алуу жолуна барып барбастыгында. ...
Тескерисинче, Гүлен кыймылынын стратегиясы жергиликтүү
шайлоолор аркылуу өзүн сактап же кулап калуу максатын көздөп жаткан жок; ал
тургай, бул узун мөөнөттүү стратегия аркылуу ЭРДОГАНДЫН ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА УЛУТТУК МАСШТАБДА ЛЕГИТИМДҮҮЛҮГҮ ЖОК КЫЛЫНАТ.
Жергиликтүү шайлоолор болсо пландын бир
бөлүгү гана. Ошондуктан AK партия (Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы)
шайлоодон жеңип чыкса, бул Эрдоган балээден кутулду деген мааниге келбеши
керек. Тескерисинче, бул шайлоолорду алдыдагы президенттик жана парламенттик
шайлоолордо мындан да күчтүү
кагылышуулар болоорунун бир жарчысы катары көрүүгө болот. Негизи жергиликтүү
шайлоолор эгер Эрдогандын жана AK партиянын
болжолдонгондон алсызыраак экендигин көрсөтсө, чындыгында маанилүү болот. Ал
үчүн үч негизги критерий бар: (1) жалпы добуштардан алган үлүшү; (2) Стамбул
шаарындагы шайлоолор; (3) Анкара шаарындагы шайлоолор.
Экономикалык кризиске үндөө
Ошентип экономикалык кризис бир эле AK партияга добуш берүүнү каалабагандарга эмес, Эрдогандын негизги колдоочуларынын чөнтөгүнө да заматта сокку урат.
Негизи ЭРДОГАНДЫН КУЛАШЫНА ТҮРТКҮ БОЛО
ТУРГАН ЭҢ КҮЧТҮҮ ФАКТОР ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИС БОЛОТ, анткени бул ошол эле
учурда AK партиядагы саясатчылардын анын жанынан
массалык түрдө алысташына себеп болушу мүмкүн. Эрдогандын сөздөрү менен
саясаттары Түркия инвестициялык жагымдуулугун жоготкон учурда инвесторлорду
ансайын көбүрөөк коркутуп, Эрдоган ачык
эле от менен ойноп жатат.
250 жаран
шейит болгон 15-июльдагы чыккынчы төңкөрүш аракетине көрүлгөн даярдыктар
Түркиянын шайлоо
айлампасынын бир катар факторлордон көз-каранды экендиги көрүнүп турат. Алардын
негизгилери өкмөткө багытталган коррупция иликтөөлөрү жана өлкөнүн экономикалык
абалы. АРМИЯНЫН САЯСАТТА КАЙРАДАН КҮЧҮН
КОЛДОНУП КОЛДОНБОШУ жана Батыш дүйнөсүнүн мамилеси да негизги факторлордун
катарында.
Ошондуктан Эрдогандын
кылмышка байланышы бар экенин көрсөткөн жана аны айыпкерге айланткан залал
келтирүүчү далилдер, сыягы, 30-марттагы жергиликтүү шайлоолордон кийин да
жарыялана берет жана бул президенттик шайлоо жакындаган сайын жогорулайт. Ушул себептен AK партия жергиликтүү шайлоолордо ийгиликке жетсе
да, бул Эрдоган коркунучтан кутулду деген мааниге келбеши керек. Тескерисинче, Эрдоганды кетирүүнү көздөгөн системалуу аракеттер улантыла берет жана,
ал тургай, МЫНДАН ДА КҮЧӨЙТ. Узун мөөнөттө элге мамлекеттин башында
коррупциянын жана авторитардык режимдин орногонун тынымсыз далилдер менен
эскерте берүү Эрдогандын эл алдындагы абалын жана айланасындагылардын ынтымагын
бузат, жана натыйжада өлкөнү башкаруу
жөндөмүн начарлатат.
15-июльдагы төңкөрүш аракетине ишараттар
Гүленчилердин
жалпылай коркушу жогорку даражалуу
аскерлердин Эрдоганды сатып кетпешине жетиштүү болобу? 1960-жылкы төңкөрүштү
полковниктердин жана жогорку чиндүү аскерлердин жасагандыгын эске алганда,
АРМИЯДАГЫ ГҮЛЕНЧИЛЕРДИН, ЭГЕР ГҮЛЕН КЫЙМЫЛЫНА КАРАТА ЧОҢ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛСА, ӨЗ
АЛДЫНЧА БИР НЕРСЕНИ БАШТОО РИСКИ БАРБЫ? Бул суроолорго азырынча жооп берүү
кыйын болушу мүмкүн, бирок бул Түркиянын
келечегинде маанилүү рольду ойнойт. Кененирээк перспективадан караганда
түрк мамлекетинин ичиндеги пикир келишпестиктер, чалгындоо кызматынын Эрдоганга
баш ийиши жана гүленчилердин соттогу жана полициядагы орду АРМИЯНЫН ТҮРКИЯНЫН ИЧКИ ИШТЕРИНЕ КАЙРАДАН КИЙЛИГИШҮҮСҮНӨ КЕРЕКТҮҮ
ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮП ТУРАТ. Түркиядагы байкоочулар азыртадан эле АРМИЯДАГЫ
ПОЛКОВНИКТЕРДИН МАМИЛЕЛЕРИНДЕ МААНИЛҮҮ БИР ӨЗГӨРҮҮ БАР ЭКЕНДИГИН БАЙКАШУУДА,
өткөн жумаларда жарандар менен болгон алакаларында кайрадан өздөрүн ишенимдүү
алып барышты. Бул буга чейинки бир канча жылда көп байкалган эмес.
Эрдогандын
чындыгында шайланган султан же бир Ислам
лидери болууну чечкенден бери МАМЛЕКЕТТИН БАШЫНДАГЫ КҮНДӨРҮ САНАЛА БАШТАДЫ. Бийлигин
бекемдөө үчүн ар бир жасаган кадамы легитимдүүлүгүн жоготуп, чөйрөсүнүн да,
элдин да колдоосунун чоң бөлүгүнөн ажырады. Барган сайын кызыктай жүрүм-турумдары көбөйүп, дүйнөгө болгон
көз-карашы кутумдарга (заговор) таянганы үчүн, жакын саясий өнөктөштөрү аны
барган сайын чоңураак жүк катары көрүшүүдө.
Эрдогандын бул
жагымсыз процессти артка кайтара алаарына ишенүү үчүн эч бир себеп жок. Негизи
анын бийликте калышынын жападан жалгыз
жолу толугу менен кысымчыл жана авторитардык бир модельди колдонушу; мунун
натыйжасында он жыл мурда демократиялашуудан алган упайлары ансайын азайат.
Мындай кадамдар эл аралык рынокторду жана батыштык күчтөрдү ансайын алыстатат.
Ал бийликтеги күчүн катуулаткан сайын, бийлик анын колунан батыраак сыйгаланып
чыгып кетет. ЭРДОГАН АЯГЫНДА МАЖБУРЛУУ
ТҮРДӨ СЫРТКА АЙДАЛАТ, бирок ошого чейин Түркияга канчалык зыян алып келет,
мына ушул негизги маселе.
Президенттен
Британия терең мамлекетинин сөзүнө кириши талап кылынууда
Эрдоган канчалык
көбүрөөк кыйналса, Америка Кошмо Штаттары менен Европанын позициясы ошончолук
таасирдүү болот. Жеке жана, ошондой эле, коомчулукта белгилүү батыштык саясатчылар тарабынан айтылган сын-пикирлерди Эрдоган
жана анын өкмөтү эске алышы керек. Эрдоган ушул кезге чейин оппозиция менен
авторитардык тактикаларды колдонуп күрөшүп келди, анын негизги көздөгөнү – саясатта
өзүн сактап калуу. Бирок бүгүнкү күндөгү эл
аралык колдоого болгон муктаждыгы автократияны көздөгөн каалоолорун басып
кетиши мүмкүн.
Бул баяндама
2014-жылдын март айында жарыяланганы менен, көрүнүп тургандай, 2016-жылдын
15-июлундагы чыккынчы төңкөрүш аракетинин пайдубалын дээрлик толугу менен
сүрөттөп берген. Бул төңкөрүш аракетинин ФЕТӨ (Фетхуллахчы террор уюму) тарабынан
жасалаары апачык айтылган жана, ал тургай, 1960-жылдагыга окшоп полковник
чининдеги кишилер тарабынан жасалаары да белгиленген. Британия терең
мамлекетинин «Түркиядагы байкоочуларынын» армияда өзгөрүүлөр болуп жатканы
жөнүндөгү «байкоолору» сүрөттөлүп, Британия терең мамлекетинин төңкөрүш
даярдыктары кыйытма түрдө ашкереленген.
![]() |
| Түркиядагы 2016-жылдын 15-июльдагы төңкөрүш аракети учуру. |
Баяндамадагы
сүйлөмдөргө караганда бул төңкөрүш «сөзсүз ийгиликке жетет» деп күтүлгөн.
Урматтуу президент Режеп Таййип Эрдогандын «мамлекеттин башындагы күндөрү
саналуу калды» деп айтылган. Бул Британия терең мамлекетинин планы болгон жана
пландын ишке ашыруучулары анын алдында эч кандай тоскоолдук жок деп ойлошкон.
Төңкөрүш аракетинен 2 жыл мурда бир баяндамада булардын баарын тартынбастан,
апачык жазышы өздөрүнө канчалык ишенгенин айгинелеп турат.
Бул маалыматтар
Эд Хусейн менен анын жолдошторунун түрк мамлекетине, түрк элине жана Түркиянын
президентине болгон көз-карашын таамай чагылдырат. Алар элдин эркин тандоосун
эч сыйлабаган, шайланган президентти төңкөрүш жолу менен кетирүүнү көздөгөн
кишилер. Бирок өзгөчө таң калтырганы 15-июльда элге ок аткандарга, мажилистин
жана атайын операциялар башкармалыгынын имараттарын бомбалагандарга, танкалар
менен элди тебелегендерге колдоо көрсөткөн Эд Хусейндин 15-июльдан соң,
тартынбастан мажилиске келиши болду. Урматтуу президентибиз Эрдоган жөнүндө
абдан ыпылас сөздөрдү айткан, ар ким менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп президентти
төңкөрүү аракеттерин жасаган, Түркияда ички башаламандыктарды чыгарууну
сунуштаган Эд Хусейндин өзүн Түркияны сүйгөн кишидей көрсөтүүгө аракеттениши эч
кимди жаңылтпашы керек.
Анткени, Эд
Хусейндин Түркия өкмөтүнө жана президент Эрдоганга каршы иштери бул баяндама
менен эле чектелбейт. АКШнын Түркиядагы мурдакы элчилери Эрик Эдельман жана Мортон
Абрамовитц менен бирге даярдаган «Түркияда
автократиянын мыйзамдашуусу: мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөр» аттуу дагы бир
баяндамасында да президент Эрдоган жөнүндө көптөгөн жалган жалаалар айтылган.
Бул баяндаманын дагы бир кызыктуу тарабы, анда ФЕТӨнүн пикирлери абдан көп
кездешет. «Соттордун жана прокурорлордун жогорку коллегиясы» жөнүндөгү мыйзамда
ФЕТӨнүн таасирин азайтуу багытында киргизилген өзгөртүүлөр, твиттерде ачылган
жасалма жалаакор эсептерди жабуу үчүн твиттердин жетекчилигине жасалган
мыйзамдуу кайрылуулар жана Улуттук чалгындоо агенттигинде (MİT) кызматкерлердин санынын көбөйтүлүшү сыяктуу жагдайлар баяндамада ФЕТӨ
мүчөлөрүнүн аргументтери менен, бир жактуу сынга алынып, Түркия жөнүндө жалган
жалаалар айтылган.
Шайлоо аркылуу
бийликке келген AK партиянын жана президент Эрдогандын элдин
мүдөөсүн көздөшү Британия терең мамлекетине ушунчалык катуу тийгендиктен, бул
бийликти төңкөрүү үчүн «экономикалык кризис» ыктымалдыгы да айтылган. Түркия
менен Россиянын мамилелерин атайын бир учак кырсыгын колдонуп бузуу жана андан
соң доллардын курсун көтөрүү аркылуу бул стратегиялар ишке ашырылган. Түркия өкмөтү
менен түрк эли бул оюнга жол берген жок. Президент жана өкмөт бул оюнду байкап,
Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди
жөнгө салды. Төңкөрүш аракетинен соң башталган кризис даярдыктары да кайра эле
президенттин, өкмөттүн жана түрк элинин акылмандыгы менен таш капты. Ошол
туштагы биздин «колдогу долларларды саталы, үйлөрдүн ижарасын жана
инвестицияларды түрк лирасы менен жүргүзөлү» деген чакырыктарыбыз көп өтпөстөн
президентибиз тарабынан да айтылды. Инвесторлорубуз жана элибиз бул чакырыкка
кулак төшөп, Британия терең мамлекетине унутулгус сабак берди.
![]() |
| 15-июльдагы төңкөрүш аракеттеринен соң Эд Хусейн Түркияда эркин жүрүүдө. |
Бул баяндамалар
Британия терең мамлекетинин баш ийдиргиси келген өлкөлөргө карата пландарды
түзүп, аны өзүнүн кызматчылары аркылуу түздөн-түз ишке ашыраарын айгинелеп турат.
Бирок Британия терең мамлекети түрк элинин ыйманынын күчүн жана мекенге болгон
сүйүүсүн эске алган эмес. Бул улуу күч Түркия жөнүндөгү пландарды таш каптырды.
ФЕТӨнүн (гүленчи террордук уюмдун) желдеттерине да, экономикалык кризиске да,
чыккынчы төңкөрүшкө да жол берилген жок.
Өздөрүнө «пилди»
символ кылып тандаган Британия терең мамлекетинин өкүлдөрүнө карата Куранда
мааниси терең бир ишарат айтылган:
Раббиңдин пил
ээлерин кандай кылганын көргөн жоксуңбу? Алардын иштеп чыккан пландарын
текке кетирбедиби? (Фил Сүрөсү, 1-2)
Эч күмөнсүз,
Улуу Аллах бул дажжал системасынын бардык оюндарын текке кетирет. Британия
терең мамлекети Түркиянын эшиктеринин аларга жабык экенин түшүнгөн чыгаар.
Түркия – Мехди (ас) чыга турган жер, Ислам дүйнөсүнүн кутулуу борбору, дүйнө
жүзүндөгү тынчтыктын булагы. Аллах Түркияга байланыштуу эч бир оюнга жол берген
жок жана бербейт.
Улуу Раббибиз
аяттарында мындай деп билдирген:
Чындыгында алар бир
тузакты пландап даярдап жатышат; Мен дагы бир план түзүп даярдап жатам. Сен
каапырларга бир мөөнөт бер, бир аз убакыт бер. (Тарык Сүрөсү, 15-17)
Түркияга
байланыштуу тымызын пландарды камтыган бул баяндама өзгөчө түрк
интеллигенттерине жана бардык түрк элине маанилүү бир далил болушу керек. Бул
баяндама жана аналитикалык борборлордо Британия терең мамлекетинин көрсөтмөсү
менен алынган ушул сыяктуу чечимдер өлкөлөрдүн келечегине байланыштуу кооптуу
пландарды камтыйт. Ал пландар абдан кандуу жолдор менен ишке ашырууга аракет
кылынат. Түрк элинин бул пландардын бүт баарын текке кетириши Британия терең
мамлекетин абдан ачууланткандыктан, төңкөрүш аракети ийгиликсиз аяктаган соң,
теракттар жана өзгөчө PKK террору күчөдү. Британия терең
мамлекетинин пешкалары ишке киргизилип, ар кандай стратегиялар аркылуу Түркияны
алсыздантуу аракеттери башталды.
Ошондуктан түрк
эли ар дайым сергек болушу керек. Коркунуч бүткөн жок. Британия терең мамлекети
Түркияга абдан маани берүүдө. Түркия жөнүндө негизсиз жоромолдорду жасаган,
Түркияны каралоо иштерин жүргүзгөн жана мындайларга колдоо көрсөткөн ар бир
киши жана ар бир мекеме кылдат иликтениши керек. Британия терең мамлекетинин
көп багыттуу иш алып бараарын, анда негизинен тыңчыларды жана кошоматчыларды
колдоноорун жана кошоматчыларды болор-болбос кызыкчылыктарга алдап, бүт нерсени
жасатаарын унутпаш керек.
Эд Хусейндин өзү жөнүндөгү моюнга алуулары
Квиллиам фонду
2008-жылы түптөлөөрдөн бир жыл мурун, Эд Хусейн «Islamist»
(Исламист) аттуу бир
китеп чыгарган жана ал китеби аркылуу бүт дүйнөгө таанылган. Дүйнөлүк масштабда
пропаганда кылына турган фонддор жана кишилер жөнүндө алгач ушул сыяктуу
китептердин чыгарылышы белгилүү ыкмалардын бири. Мындай китептердин мазмуну
алдын-ала белгилүү болот жана өзгөчө бир катар маалымат каражаттары тарабынан
бүт дүйнөгө жарнама кылынат. Ошентип ал кишилер «атактуулукка» жетет жана
алардын кийинки иш-аракеттери ошол атагы аркылуу дүйнөгө таанытылат.
Рынокко
чыгарыла турган бардык пропаганда китептери сыяктуу, Эд Хусейндин «The Islamist» китеби да кээ бир топтор тарабынан бир катар
ревизиядан өткөрүлгөн. Британиялык жазуучу Нафез Ахмед бул китепке байланыштуу
төмөнкүдөй маалыматтарды берген:
2013-жылдын
аягында Хусейндин «Исламист» китебинин «иш жүзүндө Уайтхоллдо (Королдук
сарайында) башка бирөө тарабынан жазылгандыгын» айткан Ички иштер
министрлигинин мурдакы жогорку даражалуу бир кызматкери менен маектештим.
Ал кызматкер
мага Джек Строу жана Гордон Браун менен «абдан жакын мамиледеги» бир
мамлекеттик кызматкер тарабынан ага 2006-жылы долбоор Эд тарабынан жазылган,
бирок өкмөт тарабынан «кооздолгон» деген маалымат берилгенин айтып берди.
Кызматкер ага «китептин жок дегенде 5 долбоорун (караланган вариантын) көрдүм.
Акыркысы баштапкысынан абдан эле айырмалуу болчу» дептир.
Булак
долбоордун толугу менен саясий, бийликчил маанайда өзгөртүлгөнүн айтыптыр.
Расмий түрдө жарыяланаардан мурда, Эд Хусейндин долбооруна кошумчаларды жасаган
кеңештин арасында премьер-министрлик, бирдиктүү терроризмди анализдөө борбору,
чалгындоо кызматтары, тышкы иштер жана ички иштер министрлигинен жогорку
даражалуу кызматкерлер да болгон экен.
Бул сөздөрдүн
туура же туура эместигин Эд Хусейнден көп жолу сурадым, бирок жооп берген жок.
Хусейндин чыгармаларына «көмүскө автор» катары өкмөттүн салымын билип
билбестигин, өзү да «Радикалды» жазууда ушул сыяктуу тажрыйбаларды башынан
өткөргөнүнө карабастан, Наваздан да сурадым. Ал да жооп берген жок.384
Нафез Ахмед
китеп жарыяланаардан бир жыл мурда, Эд Хусейндин таң калаарлык бир уюшкандык
менен «дүйнөгө таанытылганын» болсо төмөнкүчө сүрөттөгөн:
(Эд
Хусейндин) Хизб ут-Тахрирге каршы манифести «The Islamist» китебинин жазылышында ага көмөкчү болгон. Китеп, ошондой эле, өкмөт
тарабынан эң жогорку деңгээлде экспертизадан өткөрүлгөн.
Британия
өкмөтүнүн китеп 2007-жылы жарыяланаардан бир жыл мурда Хусейн менен жеке,
тымызын мамиледе болушу Квиллиам фондунун негиздөөчүсүнүн расмий өмүр баянында
коомдук радарга түшөөрдөн көп жылдар мурун, Уайтхоллдогу Королдук сарайына
камалганын көрсөтөт. Ал мындай жогорку деңгээлдеги байланыштарды кантип түзө
алган?385
Бул сөздөрдөн
атайын бир пландын негизинде рынокко чыгарылганы апачык көрүнүп турган бул
китепте Эд Хусейндин өмүрүнүн бир баскычында Исламдан алыстаганын жана ыйманын
жоготконун апачык жарыялашы жана румиликти кабыл алып, гомосексуализм жана
эволюция көз-караштарын колдогондугу көңүлдү бурат. Британия терең мамлекети атайын
пропагандалаган түшүнүктөр мурда «радикал» болгон бир киши аркылуу ушундайча
провокация кылынган. Бул провокациядан керектүү натыйжаны алуу үчүн бул китеп
жөнүндө жүздөгөн анализдер, маектер жана макалалар жарыяланып, олуттуу
иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Китепке Британиянын терроризмди анализдөө борбору,
жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер, чалгындоо кызматтары, тышкы иштер
жана ички иштер министрликтери тарабынан кошумчалар жасалганы көп айтылат.
![]() |
| Эд Хусейн жана анын китеби |
Эд Хусейндин бул
китепте «ыйманын жоготуп бараткан бир мусулман» катары көрсөтүлүшү атайын
тандалган стратегия. Ушундайча мусулмандарга бир жол көрсөтүлүп, радикализм
сыяктуу Исламга тиешеси жок бир түшүнүк аркылуу Ислам дини айыпталууда (Исламды
аруулайбыз). Бул стратегиянын негизинде Хусейн китебинде «Аллахка болгон ишениминен ажыраганын, Исламдын ыйык китеби менен
байланышын жоготконун, эки жүздүү жана эки мүнөздүү киши экенин» өз сөздөрү
менен айткан:
(Бул жерде
айтылган сөздөрдүн баарынан Аллахты, Исламды жана Куранды аруулайбыз.)
Андан соң Ал
үчүн жашашыбызды каалаган бир Аллахка ишене албай калдым. Негизи Аллахты эми
«Ал» деп да ойлобой калдым... Аллахты адамдар ойлоп тапкан, адамдардын бир
тыянагы.386
Хизб уюмунун
ичинде активдүүрөөк роль ойноп баштаганымда, Аллахка жакындыгым эң төмөнкү
деңгээлге түштү. Жашоомдогу Аллах, ата-энемдин мага белеги эле, Андан ажырадым.
Чөйрөмдөгү абалымды сактап калуу үчүн сырттан караганда динчилдей көрүнчүмүн,
бирок динчил мусулман болбой калган элем.387
Исламдын
ыйык китеби менен болгон байланышымды жоготкон элем.388
Эки башка
жашоом бар эле: жеке жашоомдо абдан эркин ойлончумун. Исламчылдардын арасында
болсо алардын «бир тууганы элем». ... Дагы эле эки жүзүм, эки мүнөзүм бар эле.389
Исламды
руханий бир жол катары кабыл кыла албай калганмын.390
Бир нерсени
белгилей кетүү керек: бир киши ыймансыз болушу жана Аллахка ишене албашы
мүмкүн. Бул анын өз эрки жана мында эч ким эч кимге басым жасабашы керек.
Ыймандуу же ыймансыз болсун, ар бир адам коомдун арасында эркин, каалагандай
жашаганга, башкалардан сый-урмат көргөнгө татыктуу; эч ким ишениминен улам обочолонуп,
сын-пикирге кабылбашы керек. Бул баарынан мурда Куран тарабынан бизге
үйрөтүлгөн бир чындык:
Динде мажбурлоо
(жана басым жасоо) жок. (Бакара Сүрөсү, 256)
Жана айткын:
«Акыйкат Раббиңерден; эми каалаган ыйман кылсын, каалаган ыймансыз болсун.»
(Кехф Сүрөсү, 29)
Эми сен насаат
айтып-эскерт. Сен болгону бир насаатчы-бир эскертүүчүсүң. Аларга «кысым
көрсөтүп, басым» жасабайсың. (Гашия Сүрөсү, 21-22)
Бул жерде Эд
Хусейндин ыйманын жоготкону жөнүндөгү моюн алууларын ашкерелөөдөгү максатыбыз
башка. Бул сөздөрдү айткан киши өзүн мусулман катары көрсөтүп, мусулмандарды
куткаруу үчүн жолго чыкканын айтууда, бирок ошол эле учурда атеизм
пропагандасын жүргүзүүдө. Ошондой эле, Аллахты, Куранды жана Исламды айыптап
(Улуу Раббибизди, ыйык китебибиз Куранды жана Исламды аруулайбыз), бүт
мусулмандарды потенциалдуу террорист катары көрүп, башкаларга да ошондой
көрсөтүүдө жана, ал тургай, Британия өкмөтүнө мусулмандардын артынан аңдуу
керек деп сунуш киргизүүдө.
Өзүн «мусулман»
атап, бирок мусулмандарга каршы иштерди жасаган бир кишинин Исламга жана
Аллахка болгон ишеними жөнүндөгү чыныгы ойлору маанилүү жана билиниши керек. Муну
билгенде адамдар анын сөздөрүн да ошого жараша баалашат. Өзгөчө мусулмандар
анын сөздөрүнө алданышпайт. Ошондуктан бул жерде ыймансыздыкты же ыймансыз
адамдарды эмес, мусулмандай көрүнүп көз-караштары мусулмандыкка туура келбеген
жана ал ойлорун жайылтууну көздөгөндөрдү сындап жатабыз.
Китебинде
лицейде окуп жүргөн кезде Джамаат-и Ислами кыймылына колдоо көрсөткөнүн айткан
Эд Хусейн, өзүнүн айтуусу боюнча, кийинчерээк Хизб ут-Тахрирге кирип, анын
чогулуштарына үзгүлтүксүз катышкан. Анын айткандары боюнча, Хусейндин Хизб
ут-Тахрирдеги иш-аракеттери Британия терең мамлекети тарабынан колдоого алынып,
анын мүчөлөрүнүн маектери гезит, телевизорлорго чыгарылган. Эд Хусейн китебинде
муну апачык белгилеген:
Британия
Хизбге пикирлерин жарыялоо жана тартынбастан мүчө топтоо эркиндигин берди. Хизб
Британияда мыйзамдуу, бирок араб дүйнөсүндө мыйзамсыз бир уюм эле. Британия мамлекети
жок болушун кааламайынча, жок болмок эмес.391
Бул сүйлөмдөрдө
көптөгөн радикалдуу уюмдардын түздөн-түз Британия терең мамлекетинин
көзөмөлүндө экендиги моюнга алынган.
Эд Хусейн «MI5 эмне кылганыбызды, эмнени жактаарыбызды албетте эң мыкты билет, бирок
ошентсе да, бизге Британияда иш-аракет жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө»392 деп өздөрүнө
көрсөтүлгөн колдоо жөнүндө сөз кылган. Ал уюмдун ичинде Эд Хусейн эмнегедир
өзүнүн башка мусулмандардан жогору экендигине ынанган:
Эми
тааныган, билген башка мусулмандар сыяктуу эмес, алардан жакшыраак жана
жогорураак элем.393
Андан соң Эд
Хусейн кызыктуу бир моюнга алууну жасаган:
Мындай
алдамчылыктар бир гана Британиядагы ыймансыз башчыларга багытталган эмес эле.
Мусулмандардын арасында да эки жүздүү, митаам профессионалдар болчубуз.
![]() |
| Эд Хусейн Хизбут Тахрирде жүргөн жылдары MI5 жана Британия медиасынын аларга үзгүлтүксүз колдоо көрсөткөнүн белгилеген. |
Бул сөздөр
Британия терең мамлекетинин кыялындагы мусулман портретин эске салат. Британия
терең мамлекети көбүнчө өзүнө тартуу үчүн, «текебер, бой көтөргөн,
митаамдыгынан улам эки жүздүүлүк кылганын мойнуна ала алган, ыйманы алсыз мусулман
мүнөзүн» алдыңкы планга чыгарат. Бул жердеги сөздөр да ыйманы жана кулк-мүнөзү
алсыз кээ бир мусулмандарга үлгү катары көрсөтүлүүдө. Анткени, Британия терең
мамлекетине жакындаган кишилердин жана топтордун жалпы өзгөчөлүгү, алар өз
ойлорунда чын ыкластуу мусулмандарды акылсыз деп эсептешет. Өздөрүн болсо укмуш
генийбиз деп ишенишет. (Бардык чын ыкластуу мусулмандарды аруулайбыз.)
Эд Хусейн
китебинде Британиянын маалымат каражаттарынын ал кезде аларга кантип колдоо
көрсөткөнүн төмөнкүчө айтып берген:
Британиянын
маалымат каражаттарынын бизге көп пайдасы тийди: араб диктаторлор кырк жыл
мурда тыюу салган бир топтун профилин көтөрүү үчүн абдан тынчсызданышты.
Британия болсо ... Хизбге жаңы бир дем берди. Маалымат каражаттарынын
кызыгуусунан улам бизди кубаныч бөлөдү; жана эми өлкөнүн төрт тарабындагы
Британия университеттеринде өзүбүздү көрсөтө баштадык. Андан соң бир
колледждеги Исламдык топтун жетекчилиги менен чектелбестен, Британиянын эң
белгилүү окуу жайларындагы амбициялуу студенттер желесинин бир бөлүгүнө
айландым...394
Эң биринчиден,
Британиянын чалгындоо кызматынын жана маалымат каражаттарынын өздөрү үчүн
кооптуу көрүнгөн бир уюмга жол бербеши анык. Терең мамлекетке кызмат
кылмайынча, сыртынан караганда радикалдуу же экстремисттик сыяктуу көрүнгөн бир
мусулман уюм Британиянын аймагында эч качан иш-аракет жүргүзө албайт. Бул уюм
терең мамлекеттин Британиядагы мусулмандардын арасына тыңчыларды
жайгаштырышына, алардын өзүн, үй-бүлөлөрүн жана жакын чөйрөлөрүн таанышына жана
алар жөнүндө бардык жашыруун маалыматтарды чогултушуна эң ыңгайлуу болгону
үчүн, Британия терең мамлекети бул уюмга колдоо көрсөткөн.
Негизи мунун
чыныгы жүзү мындан да терең. Буга окшогон радикалдуу уюмдарды түздөн-түз
Британия терең мамлекети уюштурат. Буга китептин 3-томунда тереңирээк
токтолобуз.
Квиллиам фондунун идеологиялары
Британия терең
мамлекетинин дээрлик расмий идеологияларына айланган гомосексуализм, дарвинизм
жана румилик, мурда да айтылгандай, өзгөчө Ислам дүйнөсүн бузуу жана руханий
жактан алсыздатуу максатында системалуу түрдө жайылтылууда. Бул саясаттын
негизги ишке ашыруучулары аналитикалык борборлор.
Квиллиам фонду
өзгөчө негиздөөчүлөрүнүн гомосексуализмге, дарвинизмге жана румиликке көрсөткөн
күчтүү колдоосу жана бул багытта жүргүзгөн иш-аракеттери менен таанымал. Өзгөчө
фонддун социалдык тармактар аркылуу жүргүзгөн пропагандалары көздөлгөн
кишилерге жетип жатат жана бул аналитикалык борборлорго жагынууну көздөгөн бир
катар кошоматчылар да аларга колдоо көрсөтүп жатышат.
Фонд бул багытта
жалпысынан төмөнкүдөй иш-аракеттерди жүргүзүүдө:
Квиллиам фондунун гомосексуализм пропагандасы
Куранда
гомосексуализмге апачык тыюу салынган жана Аьраф Сүрөсүндө «уятсыздык» (80-
жана 81-аяттар) деп айтылган. Бул фонддун Аллах билдирген бул ачык өкүмгө
карабастан, эмне үчүн гомосексуализмди жактап, аны пропаганда кылаарын сөзсүз
иликтеп көрүү керек.
Квиллиам фонду
2016-жылы 27-апрельде уюштурган «Unbreakable Rope»
(Үзүлбөс жип) аттуу конференцияда гомосексуализм, Куранга жана Исламга
карама-каршы келгенине карабастан, апачык колдоого алынып, кадыресе нерседей
көрсөтүүгө аракет кылынган. Конференцияга Британиянын өзүн мусулмандай
көрсөтүүгө аракет кылган гомосексуалдары баяндамачы катары катышкан. Мында бул
гомосексуалдарды алдыңкы планга чыгаруу аркылуу Ислам менен гомосексуализмди
байланыштыруу аракети көрүлгөн. Бул пропаганда аркылуу мусулмандарды бузуу жана
руханий күчүн азайтуу максат кылынган.
Бул пропаганда
операциясы конференцияга тандалган баяндамачылар жана Ислам менен
гомосексуализм сөздөрүн жанаша эскерүү аркылуу жүргүзүлгөн. Британия терең
мамлекетинин аң-сезимдерге багыт берүү оюндарынын көбүнчө ушундай ыкмалар менен
жүргүзүлөөрүн унутпоо керек.
![]() |
| Квиллиам фондунун гомосексуализм пропагандасынан мисалдар. |
Квиллиам фонду,
мындан тышкары, «Исламдагы жыныстык мамилелерди изилдөө» аттуу көргөзмө да
уюштурган. 2016-жылы 10-марттан 8-июньга чейин созулган бул көргөзмөдө мусулман
аялдарды басмырлоого жана аларды шылдыңдоого аракет кылган көптөгөн сүрөттөр орун
алган.
Көргөзмөнү
Квиллиам фонду менен бирге уюштурган «Free Word Centre» аттуу
уюмдун баракчасында бул конференция Британия терең мамлекетинин Ислам
өлкөлөрүнө байланыштуу пландарын чагылдырган таризде төмөнкүчө таанытылган: «Британияда ЛГБТ мусулмандарды кемсинтүү
иш-аракеттерине жана алардын эркиндигине коюлган чектөөлөргө нааразылыгын
билдирүүнү каалагандар бул иш-чарага катышат. Британиялык мусулмандар
гомосексуализмге 0% толеранттуулук көрсөткөнү үчүн,
конференцияда азчылыктын ичиндеги азчылыктын үнүнө кулак төшөлөт. Британиядагы
бир жыныстуу никеге бирдей укуктардын берилишин тастыктаган мыйзамдын
негизинде, ЛГБТ мусулмандар изилденип, талкуулар жүргүзүлөт.»395
![]() |
| "Unbreakable Rope" конференциясында көргөзмөгө коюлган "мусулман аял" портреттери |
![]() |
| "Unbreakable Rope" конференциясындагы гомосексуализмди пропагандалоо максатын көздөгөн сүрөттөр. |
Дүйнө жүзүндө
мусулмандар күн сайын массалык кыргындарга, кыйноолорго, зордук-зомбулуктарга
жана айоосуз жырткычтыктарга туш болуп жаткан учурда Квиллиам фондунун булардын
баарын көрмөксөн болуп, кежирдик менен болгон аракетин гомосексуализм темасына
арнашы таң калтырбай койбойт. Бул көрүнүш фонддун күн тартибинин жана
максатынын кимдер тарабынан аныкталаарын ачык айгинелеп турат.
Квиллиам фонду иш-чараларын
Исламдын атынан жүргүзүп жаткандай көрүнүү үчүн, конференцияларынын жарнамасына
же жарыясына көбүнчө диний мазмундагы сөздөрдү кошот. Ошентип дин үчүн
иш-чараларды уюштуруп жаткандай көрүнүп, бирок Курандын өкүмдөрүнө карама-каршы
келген көз-караштарды жактайт.
Мисалы,
2016-жылы 15-мартта Квиллиам фонду башка бир фонд менен бирге «диндер аралык
кызматташтык» аттуу кайра эле гомосексуализмди пропагандалаган бир конференция
уюштурган. Квиллиам фондунун мүчөсү Хайдар Заки бул конференцияны баракчасында «биз баалуулуктарыбыз үчүн көкүрөгүбүздү
тостук, артка бир кадам да таштаган жокпуз, эң маргиналдууларга колдоо көрсөтүп
жатабыз. ЛГБТ жана алардын укуктары» деп таанытып, чыныгы мүдөөнүн Исламдын
баалуулуктары эмес, ЛГБТларды жактоо экендигин ачык түрдө жарыялаган.396
Квиллиам
фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири Мааджид Наваз 2014-жылы BBCдеги бир программада болушунча гомосексуализмди пропагандалаган. «Мусулман
да, гомосексуал да болуу мүмкүнбү?» деген темадагы программада Наваз «никеге чейинки жыныстык мамилеге жана бир
жыныстуу (гомосексуал) никеге каршы чыгуу диний караңгылык» деп айткан жана
мусулмандар гомосексуалдык мамилелердин жана бир жыныстуу никенин бардык
түрлөрүн кабыл алышы керек деген.397
![]() |
| Мааджид Наваз жана гомосексуализм пропагандасы |
Мааджид Наваз 2016-жылдын
13-апрелиндеги макаласына болсо «Заманбап мусулмандар эмне үчүн гомосексуалдык
мамилелерден коркушат? Мусулмандардын алтын доорунда мындай болгон эмес» деп
тема койгон.398 Пайгамбарыбыз (сав)дын дооруна шилтеме жасап,
Пайгамбарыбыз (сав)га апачык жалаа жабылган бул макалага эки эркектин эриндери
менен өбүшүп жаткан сүрөтү коюлган. Наваз макаласында «көптөгөн Ислам аалымдары
гомосексуализмди кадыресе көрүнүш катары кабыл алат» деп, мисал катары Румини
көрсөткөн. Мевляна Джалаладдин Руми деп айтылган кишинин чыгармаларында Шамс
Тебризиге болгон ашыктыгын баян кылышын өз оюнда гомосексуализмди жактоо үчүн
бир далил катары колдонгон. Мурда да белгиленгендей, сыягы, Мевлянага тиешелүү
деп айтылган чыгармалар кийин өзгөртүлгөн же мындай сөздөр ал чыгармаларга
кийин кошулган. Мындан тышкары, Наваздын бул макаласында айтылган
«гомосексуализмди мактаган Ислам аалымдары» иш жүзүндө кайра эле Британия терең
мамлекети тарабынан алдыңкы планга чыгарылган жасалма «аалымдар». Ал кишилердин
көз-караштарынын бирөөсү да Куранга туура келбейт. Ошондуктан Курандын же
Исламдын атын жамынып гомосексуализмди Ислам дини менен байланыштыруу
аракеттери толугу менен жараксыз.
Көрүнүп
тургандай, Британия терең мамлекетинин эки идеологиясы бири-биринин
толуктоочусу катары колдонулууда: Куранда тыюу салынган гомосексуализм менен
Ислам динин байланыштыруу аракети көрүлүп, бул максатта румиликке шилтеме
жасалган. Бул оюндан этият болуу керек!
![]() |
| Гомосексуализм пропагандалары |
![]() |
| Гомосексуализм пропагандалары |
![]() |
| Гомосексуализм пропагандалары |
![]() |
| Гомосексуализм пропагандалары |
![]() |
| Гомосексуализм пропагандалары |
![]() |
| Гомосексуализм пропагандалары |
![]() |
| Гомосексуализм пропагандалары |
![]() |
| Гомосексуализм пропагандалары |
Аң-сезимдерди
башкаруу конференциясы: «Unbreakable Rope»
![]() |
| Асифа Лахор Ария Алага Хакан Куреши Питер Татчелл Мэтт Огстон |
Тыюу салынган
гомосексуализмди Ислам дини менен байланыштыруу максатын көздөгөн пропаганда
операциясынын бир мисалы «Unbreakable
Rope» (Үзүлбөс жип) аттуу
конференция болгон. Конференциянын баяндамачылары төмөнкү кишилерден түзүлгөн:
Асифа Лахор (Asifa Lahore): Британиянын эң белгилүү транссексуалдарынын
бири. Гомосексуалдыгы жана гомосексуализм темасындагы театр рольдору менен
белгилүү.
Ария Алага (Aria Alagha): Лондондо жашайт, социалдык тармак адиси жана
гомосексуал. Үй-бүлөсү Ирандан. Мусулман дүйнөсүндө гомосексуалдарды кадыресе
кабыл алдыруу багытында иш-чараларды жүргүзөт.
Хакан Куреши (Khakan Qureshi): 22 жашынан бери гомосексуалдык кылаарын айтат.
Макалалары, катышкан программалары, сүйлөгөн сөздөрү аркылуу мусулмандардын
арасында гомосексуализм темасын козгогон кишилердин бири.
Питер Татчелл (Peter Tatchell): Британиянын эң белгилүү гомосексуалдарынын
бири. Бир катар өлкөлөрдө бир жыныстуу никелерди легалдаштыруу багытында уюшкан
иш-чараларды жүргүзөт.
Мэтт Огстон (Matt Ogston): гомосексуал көңүлдөшү өз өмүрүн кыйган соң,
анын атынан түзгөн фонду аркылуу гомосексуализмди легалдаштыруу багытында
иш-чараларды жүргүзөт.
Квиллиам фондунун дарвинизм жана румилик пропагандасы
Квиллиам фонду илимге
туура келбеген көз бойомочулуктарга таянган эволюция теориясын пропагандалоо
багытында көптөгөн иш-чараларды жүргүзөт. Бул максатта дүйнөнүн көптөгөн
өлкөлөрүнөн эволюционист илимпоздорду чакырып, конференцияларды өткөрүү аркылуу
дарвинизмди пропаганда кылат. Бирок бул багыттагы негизги иш-аракеттери Ислам
дини менен эволюция теориясын байланыштырууга арналган. Ал үчүн кайра эле
мусулмандардын арасынан максатка ылайыктуу адамдар тандалып алынат жана ал кишилер
өздөрүн мусулман көрсөтүп, эволюцияны жакташат, ал тургай, «Куранда эволюция
айтылган» деген калпты мусулмандарга таңуулоого аракет кылышат.
Фонд, мындан
тышкары, өзүнүн өкүлдөрүн Ислам өлкөлөрүнө жиберип, эволюция жөнүндө
баяндамаларды жасатат. Өздөрүн мусулман атаган кишилер атайылап Исламга
байланыштуу сөздөрдү колдонуп, «бүт баары кокусунан пайда болгон» деген калпты
университеттерде, билим берүү мекемелеринде семинарлар жана конференциялар
аркылуу жайылтууга аракет кылышат.
2008-жылдан бери
Квиллиам фондунда негиздөөчү-кеңешчи катары иштеген Усама Хасан «Исламда
эволюция бар» деген көз-карашты пропагандалоо милдети жүктөлгөн кишилердин
бири. 2013-жылы 5-январьда «Мусулмандар эволюцияны туура эмес түшүнүштүбү?»
аттуу бир конференция өткөргөн Хасан 2013-жылдын 29-январында «University of the Third Age» (U3A) университетинде
«Ислам жана эволюция теориясы» аттуу бир конференция уюштурган. Хасан эволюция
теориясына каршы чыккандарды илимден кабарсыз кишилер деп айыптаган. Дүйнөнүн
эң чоң көз бойомочулугу болгон эволюция теориясын «илимий чындык» катары
көрсөтүп, эволюцияга ишенбегендерди болсо «эволюциянын душманы» катары
чагылдыруу аркылуу өз оюнда пропаганда жүргүзүүгө аракет кылган.
Квиллиам
фондунун жетекчилиги менен жүргүзүлгөн бул Исламга каршы пропаганда
операциясына Британиянын белгилүү маалымат каражаттары колдоо көрсөтөт. Мисалы,
Усама Хасандын эволюция жөнүндөгү макаласы Британиянын «The Guardian» гезитинде жарыяланган.
![]() |
| Хасан "Ислам жана эволюция теориясы акыйкаты" аттуу баяндамасын жасап жатып, эволюция теориясына тарыхта колдоо көрсөткөн кишилерди санап, Румиден да мисалдар келтирген. |
Эволюция көз
бойомочулугун Ислам дүйнөсүнө жайылтуу долбооруна милдеттендирилген Усама Хасан
2014-жылы майда Түркиянын Эрзурум шаарындагы Ататүрк университетинде өткөрүлгөн
эл аралык конференцияга да катышкан. 500 студент катышкан конференцияда «Islam and the Theory/Fact of Evolution» (Ислам жана Эволюция теориясы/акыйкаты)
аттуу баяндама жасаган. Ислам өлкөлөрү менен өткөргөн жолугушууларында, өзү
жөнүндө берген маалыматтарында өзүн «шейх» деп атаган Усама Хасан жаратылууну
жана илимди четке каккан пикирлерди айтуу менен, Исламга жана илимге каршы
иш-аракеттерди жүргүзүүдө.
Усама Хасан
Эрзурумдагы Ататүрк университетинде жасаган баяндамасында Пайгамбарыбыз
(сав)дын атын колдонуп, «адамдардын примитивдүү жашоо формаларынан эволюция
болгону жөнүндөгү Мухаммеддик теория» деген сөздөрдү айткан. [Пайгамбарыбыз (сав)ды аруулайбыз.] Чындыгында болсо, Пайгамбарыбыз (сав) Курандагы
аяттар аркылуу Аллахтын бар экендигинин жана Анын жаратуу далилдерин көрсөтүп,
Аллахтын асмандар менен жерди бир заматта жараткандыгын бүт адамзатка баян
кылган.
Квиллиам фонду,
мындан тышкары, Ислам өлкөлөрүндө көптөгөн расмий жана жеке мекемелер менен
байланыш түзүп, Исламдын маңызына карама-каршы келген дарвинисттик идеологияны
конференциялар аркылуу болгон күчү менен пропагандалоодо.
![]() |
| Квиллиам фондунун эволюция пропагандалары |
Квиллиам фонду
Ислам жана илим тармагында иш-чараларды жүргүзүп жаткандай көрүнүү үчүн, өзгөчө
мусулмандарга таасирдүү боло турган көптөгөн уюмдар менен байланыш түзүүгө
аракет кылууда. Бул максатта «Muslim Science» аттуу бир
уюм менен биргелешип иш алып барууда. Фонд илимий жана диний темаларда
мусулмандардын арасында абройлуу көрүнүшү үчүн, Британия терең мамлекетинин аны
атайын колдоого алгандыгы бул жерде көрүнүп турат. Ислам жана илим темасындагы
конференциялар болсо көбүнчө университеттерде уюштурулуп, эволюция менен Ислам
динин байланыштыруу максатын көздөөдө. Британия терең мамлекети акча,
атак-даңк, бийлик, кадыр-барк сыяктуу дүнүйөлүк кызыкчылыктар менен өзүнө
тарткан көптөгөн мусулман көрүнүшүндөгү фонддор, уюмдар жана илимпоздор бул
конференцияларда Ислам динине карама-каршы пикирлерди айтып, баяндама жасашат.
2013-жылы 18-20-январьда
Париж университетинде жана «Muslim-Science» уюму менен бирге Лондон университетинде
уюштурулган «Ислам жана илим» аттуу конференциялар мунун кээ бир мисалдары. Бириккен
Араб Эмираттары, Пакистан, Египет, Франция, Британия жана АКШдан катышкан баяндамачылар
атеисттик жана анархисттик философиянын пайдубалын түзгөн эволюция теориясы
жөнүндө баяндамаларды жасашкан.
Бул
конференциялар сериясында Усама Хасан эволюция теориясынын тарыхы жөнүндө
баяндама жасап, «эволюция көз-карашы Ислам маданиятында кылымдардан бери болгон»,
«Руми жана Ибн Халдун сыяктуу ойчулдар эволюция теориясын колдогон» деген
сөздөрдү айткан.
Чындыгында
болсо, Ибн Халдундун мусулман эмес, материалист бир социолог болгонун, эч бир
көз-карашынын Куранга жана Исламга туура келбей турганын элдин баары билет.
Ошондуктан Ибн Халдундун эволюция жөнүндөгү көз-караштарынын Ислам жагынан эч
бир баалуулугу жок. Ибн Халдундун атынын арабча болушунан пайдаланып, аны Ислам
ойчулундай көрсөтүү жана ал аркылуу эволюция теориясына жол ачууга аракет кылуу
болгону пропаганда ыкмаларынын бири.
![]() |
| Эволюция жалганын Ислам менен байланыштыруу аракеттери |
Усама Хасан
эволюция көз бойомочулугуна колдоо табуу максатында Румиден мисал келтирүү
менен, негизи Британия терең мамлекетинин философиялык планынын да жүзүн ачкан.
Британия терең мамлекети уюштуруп, колдоого алган топтордун жана кишилердин
Руми философиясын кабыл алышынын негизги себеби – бул, коомдорду чыныгы
Исламдан алыстатуу жана Ислам дүйнөсүндө гомосексуализм менен дарвинисттик
философияны жайылтуу.
Усама Хасан
2013-жылы 30-ноябрьда Квиллиам фондунун атынан дагы бир конференцияга катышып,
«мусулман креационисттер (жаратылууну жактагандар) илимди четке кагып жатат» деген
жалаасын кайра кайталаган. Хасандын бул жалааларынын тескерисинче, бүгүнкү
күндө мусулмандар илимий чындыктар аркылуу жаратылуунун далилдерин көрүшүүдө.
Ааламды жоктон бар кылган Аллах бул жаратылуунун илимий пайдубалдарын да
жараткан. Бул далилдер бүт тарабыбызды курчап турат. Бүгүнкү күндө илимдин
бардык тармактары «жоктон жаратылууну» далилдеди. Палеонтологдор тарабынан
табылган 700 миллиондон ашуун калдыктар (фоссилдер) организмдердин бир заматта
пайда болгонун жана эч бир өзгөрүүгө дуушар болбогонун далилдөөдө. Генетика
илими менен молекулярдык биология болсо бир даана белоктун да кокусунан пайда
болбой турганын, бир даана белок пайда болушу үчүн 60тан ашуун белоктун бир
учурда жана бир жерде бар болушу керек экенин көрсөттү. Бул илимий чындык
Куранга дал келет. Ошондуктан Хасандын демагогиясы чындыкка жатпайт. Мусулман
креационисттер Курандан көргөндөрүн илимий далилдерден да көрүшүүдө. Эволюция
теориясы толугу менен илимге карама-каршы келсе, жаратылуу толугу менен илимге
дал келет.
Илимдин бардык
тармактары ааламдын кыймылында, организмдердин денелеринде жана жашоо
системаларында, атомдун түзүлүшүндө, клетканын ичинде жана айлана-чөйрөбүздүн
бүт тарабында кереметтүү чен-өлчөм, тартип жана акыл бар экендигин көрсөтөт. Акылы
жана абийири менен караган ар бир адам үчүн бул улуу акылдын Аллахка тиешелүү
экендиги айдан ачык. Аллах чексиз чеберчилигин ааламда математикалык кереметтер
аркылуу чагылдырган. Улуу Аллах бул акыйкатты Курандын көптөгөн аяттарында
билдирген. Ал аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Асмандарды жана
жерди (үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп
гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
Асмандарды жана
жерди жараткан Аллахтын алардын окшошун жаратууга күчү жетээрин көрбөй жатышабы
жана алар үчүн күмөнсүз бир мөөнөт (ажал) белгилеген. Зулумдук кылгандар болсо
каапырчылыкта гана өжөрлөнүштү. (Исра Сүрөсү, 99)
Квиллиам
фондунун дагы бир конференциясы кайра эле Усама Хасандын жетекчилиги астында
2015-жылдын 12-13-февралында Стамбулда уюштурулган. Джон Темплтон фондунун жана
Түрк илимий тарых мекемесинин колдоосу менен өткөн конференцияга Экмеледдин
Ихсаноглу башчылык кылган. Ислам жана илим темасында узатылган суроолорго жооп
бериши үчүн түзүлгөн жумушчу топко Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Британия,
Катар, Түркия, Иордания, АКШ, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдүн көптөгөн
университеттеринен илимпоздор киргизилген. Конференциянын жыйынтыгында
жарыяланган жана Усама Хасан өзү редакторлук кылган 230 беттик отчеттон көрүнүп
тургандай, конференция «Исламдын» атын жамынып дарвинизмге колдоо көрсөтүү
максатын көздөгөн.
Отчетто Экмеледдин
Ихсаноглу Осмон империясында эволюция көз-карашынын өнүгүү этаптарын баяндап,
түрк интеллигенттердин биологиялык эволюция менен тааныштырылганын, эволюция
теориясы жөнүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү, социал-дарвинисттик түшүнүктүн жана
эволюция талкууларынын кантип башталганын, эволюциянын (жасалма) далилдеринин
жана табигый тандалуунун кантип окуу китептерине киргенин айтып берген. Дарвинизмди
пропагандалоо максатында даярдалган бул отчетто «эволюция теориясы заманбап
көз-караш катары кабыл алынат» деп айтылган жана Аллахтын жаратуусунун далилдери
жөнүндө эч сөз кылынган эмес. Эч бир абзацта же эч бир бетте эволюция теориясын
тастыктаган бир дагы илимий далилдин жоктугу, 700 миллиондон ашуун фоссилдин
бүт баарынын жүз миллиондогон жыл бою эч бир өзгөрүүгө дуушар болбогон
организмдердин калдыктарынан тураары жана бир даана белоктун да өзүнөн-өзү эч
качан пайда болбой тургандыгы айтылган эмес.
Конференциядан
соң жарыяланган жана Экмеледдин Ихсаноглу менен Усама Хасан тарабынан кол
коюлган «Стамбул декларациясы» аттуу билдирүү бул иш-чаранын максатынын
эволюция теориясына колдоо көрсөтүү экендигин тастыктаган. Анда мындай деп
айтылган:
(Куранга туура
келбеген сөздөрдөн Аллахты жана Исламды аруулайбыз.)
Куран бир
илимий Китеп (же илимий чындыктардын Китеби) катары окулбашы керек.
Курандан
илимий кереметтерди (же далилдерди) табуу иш-аракеттери зыяндуу; илимге жана
динге, экөөнө тең бирдей зыян алып келиши мүмкүн.
Биологиялык
эволюциянын илимий акыйкаттарын жана анын ичинде илимий жактан четке кагылгыс
адамдын эволюциясын, алар жөнүндө айтылган бардык сөздөргө жооп берүү аркылуу
Ислам теологиясына жана салтына шайкеш келтирүүгө болот.
Илим
Аллахтын бар экенин далилдей албайт жана тескерисин да далилдей албайт.
Чындыгында
болсо, Куран – көптөгөн илимий чындыктарды, ал тургай, биздин заманыбыздагы
ачылыштарды 1400 жыл мурдатан кабар берген, Аллахтан келген кереметтүү бир
китеп. Бардык илимий далилдер Курандагы чындыктарга дал келет. Ошондуктан
Курандын көптөгөн аяттарында өтө чоң кереметтер камтылган.
Көрүнүп
тургандай, бул декларацияга кол койгондор үчүн негизги маселе алардын «теориясынын»
Куранга туура келбеши болгон. Жасалма теориялары Куранга туура келбегени үчүн,
Куранды четке кагышкан жана өздөрүнүн жасалма теориясын «Ислам идеологиясы»
деген аталыш менен ойлоп чыгарылган жаңы бир динге байланыштырууга аракет
кылышкан. (Ислам динин аруулайбыз.)
Бул декларацияга
кол койгондор абдан жаңылышат: Куран илимдин далилдерин көрсөтүүдө жана илим
Аллахтын бар экендигин апачык, миллиондогон факттар менен далилдөөдө.
Кокустуктарды
жана эволюцияны чындык деп ойлогондорго Аллах мындай деп кайрылган:
Силердин Аллахтан
башка сыйынгандарыңар – Аллах алар жөнүндө эч бир далил түшүрбөгөн,
силер менен аталарыңар ат коюп алган нерселер гана. Өкүм бир гана
Аллахка тиешелүү. Ал Өзүнөн башкага кулчулук кылбагыла деп буйруган. Туптуура
дин мына ушул, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт.» (Йусуф Сүрөсү, 39-40)
Ага моюн сунулган
соң, Аллах жөнүндө (калп эле) далилдерди келтирип, талашып-тартышкандардын
далилдери Раббилеринин Кабатында жараксыз... (Шура Сүрөсү, 16)
Квиллиам
фондунун иш-аракеттерин караганыбызда, фонддогу бардык иш-чаралардын
«мусулмандарды реформалоо» аракети сыяктуу чагылдырылганын көрөбүз. Фонддун
расмий жарыяларында «жаңы бир түшүнүк менен адам укуктарын жана демократиялык
маданиятты жайылтуу иш-аракеттерин жүргүзөбүз» деп айтылат. Бирок, алардын
«реформа», «жаңы түшүнүк» деп, кооз сөздөр аркылуу мусулмандарга таңуулоого
аракет кылган нерселери – бул, «дарвинизм, румилик жана гомосексуализм» сыяктуу
Куранга толугу менен карама-каршы иштер жана философиялар.
Эгер бул жерде
айтылган реформа «диндин маңызына кайтууну жана Исламдын чыныгы баалуулуктарын
түшүндүрүп, жайылтууну» көздөгөндө, Квиллиам фондунун бардык иш-чараларынан
Аллахка болгон ыймандын бекемделгенин, Курандын кереметтерине, ыймандын
далилдерине жана Курандын аяттарына орун берилгенин көрмөкпүз. Бирок
Квиллиамдын мүчөлөрүнүн макалаларынан, фонддун иш-чараларынан жана социалдык
тармактагы баракчаларынан Аллахтын аяттарын көбүнчө жолуктура албайбыз.
Фонддун
негиздөөчүсү Мааджид Наваз китебинде «мен
идеал катары бардык мусулмандардын же реформаны көздөгөн мусулмандар, же
болбосо паспортунда гана мусулман деп жазылган катардагы жарандар болушун
каалаар элем» деп, чын ыкластан ыймандуу болууну насаат кылган эмес.
«Реформаны көздөгөн мусулман» деген сөз Наваздын түшүнүгүндө гомосексуализм
сыяктуу күнөө иштерди жактаган, дарвинизм жана румилик сыяктуу Исламга каршы
философияларды кабыл алган, натыйжасыз, пассивдүү жана кандайдыр бир мааниде
динге каршы кишилерди түшүндүрөт. Эд Хусейн бул максатын төмөнкүчө билдирген:
Мусулмандардын
саясий көз-карашына реформа жүргүзүп, суфизм (румилик) сызыгынын тегерегинде
салттык шарият илимибизди жаңылашыбыз керек.399
Бул аракеттердин
кара ниеттүүлүгүнүн далили Куранда апачык: Куранда эволюция жок. Бир белок да
кокусунан, өзүнөн-өзү пайда боло албайт. 700 миллиондон ашуун фоссил
организмдердин бүгүнкү күнгө чейин эч өзгөрбөгөнүн көрсөтүп, бүт организмдердин
жаратылганын жарыялоодо. 700 миллион фоссилдин арасында эволюциянын болгонун
далилдеген бир дагы фоссил жок. Жиндердин, периштелердин жана Аз. Муса (ас)дын
жыланга айланган асасынын эч бир эволюциясыз бир заматта жаратылышы сыяктуу,
адам да, башка организмдер да бир заматта жаратылган. Илимдин бардык тармактары
бул акыйкатты тастыктоодо. Курандагы жана илимдеги апачык далилдерге
карабастан, Ислам менен дарвинизмди байланыштырууга аракет кылуудан эч бир
майнап чыкпайт.
Мааджид Наваз
Исламга каршы чыккан, белгилүү атеист Аяан Хирси Али менен катышкан бир
программада «Аз. Мухаммеддин бардык кылгандарын
колдобойм» деген жана дарвинисттерге окшоп, Аллахтын бүт нерсени «Бол»
деген буйругу менен бир заматта жаратканын четке кагып, адамдарды айбандардын
бир түрү деп атаган. Программада мындай деп айткан: «... эки экстремизмдин ортосунда бир тең салмактуулук табууга аракет кылдым.
Бирок адамдар – комплекстүү айбандар.»400
![]() |
| Ислам душманы Аяан Хирси Али жана Мааджид Наваз |
![]() |
| Наваз эки атеист Ричард Доукинс жана Билл Махер менен (ортодо), Мааджид Наваз жана атеист Сэм Харрис (төмөндө). |
Бул кишилерге эң
көп Исламга каршы чыккан, атеист, дарвинисттердин колдоо көрсөтүшү да бекеринен
эмес. Мааджид Наваз Ислам душманы, атеист Сэм Харристен соң, эң чоң колдоону
дагы бир Ислам душманы, атеист жана дарвинист Ричард Доукинстен алган. Сөздөрүндө
«адамдардын диндерине чабуул жасоо керек.
Менимче, ар бир мүмкүнчүлүктө динге чабуул жасап сүйлөө керек» деген жана «өлкөгө киргизиле турган сириялык жана
ирактык качкындарды тандоодо Исламга болгон ишенимин жоготкондорду биринчи
кезекке коюу керек» деп айткан Доукинс сайтында Мааджид Навазды мактап
тааныштырган жана социалдык тармактагы баракчасында катталуучуларын
Британиядагы шайлоолордо Навазга добуш берүүгө үндөгөн. Доукинс төмөнкүдөй твит
(твиттерде билдирүү) жазган:
Партияга
эмес, кишиге добуш берүү мүмкүнчүлүгүм болгондо, Хэмпстед менен Килбернден
Мааджид Навазга добуш бермекмин.
Ричард
Доукинстин атеист Аяан Хирси Али менен Мааджид Навазга байланыштуу башка бир
твити болсо төмөнкүдөй:
Эки сонун
адам, эки чыныгы баатыр: Мааджид Наваз жана Аяан Хирси Али.
Мааджид Наваз
Доукинс менен жолугушкан соң, Аллах жана Ислам жөнүндөгү ой-пикирлерин
төмөнкүчө билдирген: «эми сенин жаныңдан
чыгып баратканда, чачтарым ак, башым маң, суроолорум жана күмөндөрүм бар, рухум
Аллах менен согушууда...» (Аллахты жана Исламды аруулайбыз)
Мааджид Наваздын
бир твитинде болсо мындай деп айтылган:
Ричард
Доукинс жана Сэм Харрис. Сэм менен болгон маегим менен абдан сыймыктанам. Мага
мындан да жакшы келечекке үмүт берүүдө.
Наваздын
румиликти мактаган сөздөрү болсо төмөнкүдөй:
Руми устат,
Афганистанда төрөлгөн, перс тектүү бир киши жана Түркияда көз жумган. Анын
китептерин окуудан эч тажабайм.
Руминин
жолун жолдоого абдан дилгирмин.
Румини жакшы
көрөм. Муну эскерүүлөрүмдө жазганмын, эгер мен жөнүндө кандайдыр бир нерсе билгениңде,
муну да билмексиң.
![]() |
| Ричард Доукинс жана Мааджид Наваз байланышы |
![]() |
| Мааджид Наваздын румилик пропагандасы |
![]() |
| Ричард Доукинс менен Мааджид Наваздын байланышы |
![]() |
| Британия терең мамлекетинин карамагындагы кишилер Руминин сөздөрүн көбүнчө социалдык тармактарда жашыруун ишарат берүү үчүн колдонушат. |
![]() |
| Румилик пропагандасы |
![]() |
| Квиллиам фондунун румилик пропагандасы |
![]() |
| Британия терең мамлекетинин "гомосексуал румилер" пропагандасы түздөн-түз Ислам дүйнөсүнө багытталган. |
Булактар:
366. Ben
Quinn, “Tommy Robinson link with Quilliam Foundation raises questions”, The
Guardian, 12 Ekim 2013, https://www.theguardian.com/uk-news/2013/
oct/12/tommy-robinson-quilliam-foundation-questions-motivation
367. Vikram
Dodd, “Spying morally right, says thinktank”, The Guardian, 16 Ekim 2009,
https://www.theguardian.com/uk/2009/oct/16/spying-morally-right-says-thinktank
368. Eric
Lichtblau, “Nominee Is Hard Charger on Legal War on Terror”, The New York
Times, 12 Ocak 2005,
http://www.nytimes.com/2005/01/12/politics/nominee-is-hard-charger-on-legal-war-on-terror.html
369. Nafeez
Ahmed, “How Violent Extremists Hijacked London-Based ‘Counter-Extremism’ Think
Tank”,Alternet, 28 Nisan 2015, http://www.alternet.org/world/
how-violent-extremists-hijacked-london-based-counter-extremism-think-tank
370. Jonathan
Owen, “Islamic State: British fighters make up a quarter of foreign jihadists”,
The Independent, 20 Ağustos 2014, http://www.independent.co.uk/news/
world/middle-east/islamic-state-backgrounder-british-fighters-make-up-a-quarter-of-foreign-jihadists-9681547.html
371. Jonathan
Githens-Mazer – Robert Lambert, “Quilliam on Prevent: the wrong diagnosis”, The
Guardian, 19 Ekim 2009,
https://www.theguardian.com/commentisfree/belief/2009/oct/19/prevent-quilliam-foundation-extremism
372. “What is
the ‘British Islam’ debate all about?”, 5 Pillars, 8 Şubat 2016, http://5pillarsuk.com/2016/02/08/what-is-the-british-islam-debate-all-about/
373. https://www.google.com/maps/d/viewer?hl=en_US&m
id=1gDKdv8np5oFWf4BZsA3qoKTn3LQ&ll=18.4796089478043%2C51.328125&z=4
374. Katie
Engelhart, “Revealing Quilliam, the Muslim Destroyers of the English
Far-Right”, Vice, 10 Ekim 2013, https://www.vice.com/sv/article/jm9eqy/quilliam
375. Vikram
Dodd, “Spying morally right, says thinktank”, The Guardian, 16 Ekim 2009,
https://www.theguardian. com/uk/2009/oct/16/spying-morally-right-says-thinktank
376. “The
Unbreakable Rope – An Exploration of Sexuality in Islam”, Free Word Centre,
https://www.freewordcentre.com/whats-on/exhibitions/unbreakable-rope
377. Maajid
Nawaz, “How Obama Lost the Mideast to Putin”, The Daily Beast, 23 Şubat 2016,
http://www.thedailybeast.com/how-obama-lost-the-mideast-to-putin
378. Maajid
Nawaz, “How to Beat Islamic State”, The Wall Street Journal, 11 Aralık 2015,
https://www.wsj.com/articles/how-to-beat-islamic-state-1449850833
379. Maajid
Nawaz, “How ISIS Suckered the West”, Kataeb, 4 Aralık 2015,
https://www.kataeb.org/articles/2015/12/ 04/how-isis-suckered-the-west
380. Maajid
Nawaz, Radical: My Journey Out Of Islamist Extremism, Lyons Press, 2013, s. 121
381. CJ
Werleman, God Hates You…: Making Sense of The Bible, iBooks
382. Maajid
Nawaz, Sam Harris, Islam and the Future of Tolerance: A Dialogue, Harvard
University Press, 2015, s. 64-65
383. Andrew
Hough, “Anti-extremism scheme ‘spying on muslims'”, The Telegraph, 17 Ekim
2009, http://www.
telegraph.co.uk/news/uknews/terrorism-in-the-uk/6353035/Anti-extremism-scheme-spying-on-muslims.html
384. Nafeez
Ahmed, “The circus: How British intelligence primed both sides of the ‘terror
war'”, Middle East Eye, 27 Şubat 2015, http://www.middleeasteye.net/columns/
circus-how-british-intelligence-primed-both-sides-terror-war-55293733
385. Nafeez
Ahmed, “The circus: How British intelligence primed both sides of the ‘terror
war'”, Middle East Eye, 27 Şubat 2015, http://www.middleeasteye.net/columns/
circus-how-british-intelligence-primed-both-sides-terror-war-55293733
386. Ed
Husain, The Islamist: Why I Became an Islamic Fundamentalist, What I Saw
Inside, and Why I Left, Penguin Books, 2009, s. 181
387. Husain,
a.g.e., s. 143
388. Husain,
a.g.e., s. 183
389. Husain,
a.g.e., s. 167
390. Husain,
a.g.e., s. 173
391. Husain,
a.g.e., s. 89
392. Husain,
a.g.e., s. 115
393. Husain,
a.g.e., s. 41
394. Husain,
a.g.e., s. 103
395. “Taking
Creative Action Against Prejudice”, Free Word Centre, 21 Nisan 2916,
https://www.freewordcentre. com/whats-on/creative-action
396. “LGBT
& straight Muslims march at Pride London”, Peter Tatchell Foundation, 27
Haziran 2015, http:// www.petertatchellfoundation.org/lgbt-straight-muslims-march-at-pride-london/
397. BBC3
‘Free Speech’ ‘Can you be Gay and Muslim?’ Maajid Nawaz vs Abdullah al
Andalusi, Youtube, https:// www.youtube.com/watch?v=DJI7D5hU-mU
398. Maajid
Nawaz, “Why Does Gay Sex Scare Modern Muslims? It Didn’t in the Golden Age”,
The Daily Beast, 13 Nisan 2016,
http://www.thedailybeast.com/why-does-gay-sex-scare-modern-muslims-it-didnt-in-the-golden-age
399. Maajid
Nawaz, Radical: My Journey Out Of Islamist Extremism, Lyons Press, 2013, s. 216
400. Maajid
Nawaz ve Mehdi Hasan, “Age of extremes: Mehdi Hasan and Maajid Nawaz
debate”,Newstateman, 4 Temmuz 2012, http://www.newstatesman.com/
politics/politics/2012/07/age-extremes-muslim-mehdi-hasan-maajid-mawaz

















































Hiç yorum yok:
Yorum Gönder