23 Ocak 2019 Çarşamba

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР КЕҢЕШИ (CFR)

CFR  уюмунун логотиби

«Council on Foreign Relations» (CFR) Чатем Хаустун АКШдагы бутагы деп айтылат. CFR дүйнөдөгү жогорку деңгээлдеги жетекчилерди, тышкы саясат менен байланыштуу мекемелердин көпчүлүк бөлүгүн башкарат. Америкадагы жана дүйнөдөгү көптөгөн тышкы саясат жана стратегия борборлорун CFR көзөмөлдөйт. Бирок бул көбүнчө Британия терең мамлекетине баш ийген Чатем Хаус тарабынан жүргүзүлөт. Ошондуктан CFR мекемесине Британия терең мамлекети чыгарган чечимдерди АКШда ишке ашыруу милдети жүктөлгөн.
АКШнын тышкы саясатындагы радикалдуу өзгөрүүлөрдүн көпчүлүгү CFR мекемесинен чыгат. Мисалы, Сэмюэл Хантингтондун «Маданияттардын кагылышуусу» аттуу долбоору ушул жерде даярдалып, Батыш менен Исламдын ортосунда бир кагылышуунун болоорун божомолдогон китеби ушул жерден дүйнөгө жайылтылган. CFR мекемесинин массалык маалымат каражаттарына да таасири чоң. Мекеме маалымат каражаттарындагы мүчөлөрү аркылуу атактуу гезиттердин бир бөлүгүн жана ал жерлерде иштеген бир катар кишилерди коомдук пикирди башкаруу максатында колдонууда. New York Times, Washington Post, Time, Newsweek, Life, New York Post, New York Herald Tribune сыяктуу ири гезиттердин көптөгөн кызматкерлерин көзөмөлдөөдө.
Аналитикалык борборлордун медиа күчү негизги пропаганда элементи болуп саналат. Британия терең мамлекети медиадагы өзүнө караштуу кишилерди сөзсүз пропаганда максатында пайдаланат. Американы Британия терең мамлекети маанилүү бир шайман катары көргөндүктөн, ага байланыштуу чечимдердин жана аларды ишке ашыруунун да мааниси чоң. Ушул себептен Америкадагы бир катар абройлуу массалык маалымат каражаттарынын кээ бир кишилерине мажбурлуу бир система түзүлгөн. Алар Британия терең мамлекети берген кабарларды сөзсүз жарыялоого мажбур.
Америкалык тилчи жана философ Ноам Хомский түрк тилине «Medya Denetimi» (Медианы көзөмөлдөө) деп которулган китебинде «демократиялык тоталитаризм» түшүнүгүнө аныктама берип, Америкада жашыруун тоталитаризмдин кантип иштээрине байланыштуу ачык мисалдарды келтирген. Ал мисалдарда айтылгандай, Американын башкаруучулары бир тармакта чечим чыгарганда, мисалы, кандайдыр бир өлкөгө кийлигишүүнү каалаганда медианын күчтүү сыйкырын колдонуп, алгач элди бул чечимге даярдашат. Америка кол сала турган, Британия терең мамлекети белгилеген бута (өлкө) алгач элге жамандалат. Ал үчүн массалык маалымат каражаттары аркылуу ачык пропаганда же кээде жашыруун психологиялык үгүттөөлөр жүргүзүлөт. Аягында эл басып алынган өлкөнү «жугуштуу оору», ал жерде кыргын жасагандарды болсо «баатыр» катары көрүп калат.
Ноам Хомский
Хомский «көндүрүү» деп атаган бул ыкманын эң маанилүү мисалы президент Вудро Вильсон учурунда болгон дейт. Ал «заманбап өкмөттүн алгачкы пропаганда операциясы» деп атаган бул мисалды кыскача Америка элин өлкөнү Биринчи дүйнөлүк согушка киргизүүгө көндүрүү деп атоого болот. Хомский бул окуяны төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Эл ашыкча эле пассивдүү болчу жана Европанын согушуна кошулууга эч кандай себеп көргөн эмес... Өкмөттө «Creel комиссиясы» деп аталган пропаганда комиссиясы түзүлгөн. Ал комиссия алты айдын ичинде пассивдүү элди немецтерге байланыштуу бүт нерсени жок кылууну, немецтердин таш-талканын чыгарууну, согушка катышып, дүйнөнү куткарууну каалаган, кыжырдуу, согушту эңсеген бир элге айландыра алган.361
Уолтер Липпман
Хомский сүрөттөгөн тоталитардык система CFR мекемесинин жетекчилеринин жалпы көз-караштарынан да апачык көрүнүп турат. Китептин 1-томунда Вильсон принциптеринин жазылышына салым кошкон, Черчилльдин «кансыз согуш» концепциясын дүйнөгө биринчи болуп тааныткан жана CFR мекемесине жетекчилик кылган, Британия терең мамлекетинин терең ысымдарынын бири Уолтер Липпман менен таанышканбыз. Хомский Липпмандын Америкада 20-кылымдын башында колдонула баштаган «медиа аркылуу коомду башкаруу» ыкмасынын эң алдыңкы жактоочусу болгондугун айткан. Хомский Липпманды «Америкадагы журналисттердин эң тажрыйбалуусу» деп атаган жана, анын ою боюнча, Липпман «элди көндүрүү, б.а. жаңы пропаганда ыкмалары аркылуу элге каалабаган нерсесин кабыл алдыруу» теориясын иштеп чыккан.362 Липпман мамлекетти «акылдуу жана жоопкерчиликтүү атайын бир топ» гана башкарышы керек жана элди чечим алуу механизмине эч качан жакындатпоо керек деген көз-карашта болгон. Липпмандын ою боюнча, калк «жол билбеген үйүрдөй». «Жол билбеген үйүр» бийликке аралашпастан, четте карап турушу керек. Хомский Липпмандын мындай тоталитардык көз-караштарынын Лениндик теорияга да абдан окшошоорун белгилеген.

Эдвард М. Хауз жана 1912-жылы жазган китеби.

Американын мурдакы президенти Вудро Вильсондун кеңешчиси, CFR мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Эдвард М. Хауздун жактаган идеологиясы да Британия терең мамлекетинин CFR мекемесин кантип өзүнүн идеологдору аркылуу башкараарын далилдейт. Хауз 1912-жылы жазган «Philip Dru: Administrator» аттуу романында ачык түрдө социалисттик-тоталитардык системаны идеалдаштырган. Китеп Америка элитасында абдан атактуулукка жетип, Вильсон менен Рузвельтке илхам булагы болгон. Хауз коомду жана өзгөчө экономиканы «уруксаты бар» адамдар көзөмөлгө алган, тоталитардык системаны сүрөттөгөн. Америкалык тарыхчы Юстас Муллинс «The Secrets of the Federal Reserve» (Федералдык резервдик системанын сырлары) аттуу китебинде бул китепке шилтеме жасап, Хауз сүрөттөгөн системанын классикалык марксисттик-лениндик системадан айырмасыз экендигин айтып берген. Китепте келечекте Федералдык резервдик системанын (ФРС), б.а. Борбордук банктын негизделээри эң көп айтылган нерселердин бири болгон. Чындап эле ошондой болуп, бир жылдан соң Борбордук банк (ФРС) иштеп баштаган.363

Рокфеллер фондунун 100 жылдык өнүктүрүү программаларынын логотибинде гомосексуализмди
чагылдырган түстөр колдонулган. Бул стратегия Британия терең мамлекетине тиешелүү.

1927-жылы CFRды каржылаган акционерлердин катарына Рокфеллер үй-бүлөсү кошулган. Андан соң Рокфеллер CFRдын артындагы эң чоң күчкө айланган. CFR бүт натыйжалуу стратегияларын ошондон кийин ишке ашырган. 1939-жылы CFR мекемеси АКШнын Тышкы иштер министрлиги үчүн изилдөө жүргүзүп, сунуштарды киргизиши үчүн бир келишим түзүлгөн. Рокфеллер фонду бул изилдөөлөрдүн чыгымдарын өз мойнуна алган. Бул келишим Британия терең мамлекетинин АКШнын саясаттарын түздөн-түз багыттоодо маанилүү бир көзүрүнө айланган.
1945-жылы Бириккен улуттар уюмунун чогулушуна катышкан АКШ делегациясынын 40тан ашуун мүчөсү CFR мүчөлөрүнүн арасынан тандалган. Саясий байкоочулар 1945-жылдан кийин АКШнын саясаты толугу менен CFRдын колуна өткөн деп бир добуштан кабыл алышат. Бүгүнкү күндө кээ бир Америкалык жазуучулар CFRды «Рокфеллер үй-бүлөсүнүн саясий мекемеси» деп аташат.
Питер Кольер менен Дэвид Горовиц «The Rockefellers: An American Dynasty» (Рокфеллерлер: Америка династиясы) аттуу китебинде CFRдын АКШнын саясатындагы өкүмдарлыгы жөнүндө мындай дешкен:
Үчтүктөр комиссиясынын логотиби
Рокфеллерлер финансылык күчтүн саясий күчкө пайдубал боло алаарын түшүнүшөт. Кийин саясий күч финансылык күчтү көбөйтөт. Ошентип CFR, б.а. Эл аралык мамилелер кеңеши түзүлгөн. Дэвид Рокфеллер кийинчерээк ага жетекчи болгон ... Кеңештин бир миң алты жүз мүчөсү бар. Жогорку финансы чөйрөлөрү, университеттер, саясат, соода, гезит-журнал жана телевизор чөйрөлөрүнөн... Көпчүлүгү атактуу кишилер. Көп атактуу эместери да эң күчтүү кишилерден тандалган. Кеңеш негизделгенден кийин элүү жыл бою жашыруун болууну каалап, жашыруун болгон. 1972-жылы анын жашыруун көшөгөсү профессор У.С. Скоусендин «бестселлер» (эң көп сатылган) китеби аркылуу бир аз ачылган. Ошондой эле, New York Times жана New Yorker басылмаларында эки макала жарыяланган. Анда айтылышынча, CFR АКШнын ички жана тышкы мамилелеринде көп жылдардан бери «мамлекеттин үстүндөгү күчтүн» ролун аткарууда. Тышкы жардамдардан НАТОго чейин, бүт иштерге аралашууда.
Фердинанд Ландберг «The Rockefeller Syndrome» (Рокфеллер синдрому) аттуу китебинде «CFR менен байланышы бар кишилер Американын рынокторунда менчиги барлардын дээрлик бүт баары» деп айткан.364
Дэн Смуттун "Көрүнбөс өкмөт"
аттуу китеби
Дэн Смут «Invisible Government» (Көрүнбөс өкмөт) аттуу китебинде мекеменин АКШнын тышкы саясатындагы эбегейсиз ролуна терең токтолгон. Анда айтылышынча, CFR жогорку деңгээлдеги башкаруучу элиталарды өзүнө мүчө кылып алуудан тышкары, тышкы саясатка байланыштуу мекемелердин да көпчүлүгүн башкарып турат. Америкадагы тышкы саясат менен байланыштуу башка көптөгөн ассоциация жана мекемелер да CFRдын көзөмөлүндө. Американын тышкы саясатында чоң роль ойногон башка аналитикалык борборлор да чындыгында CFRга баш ийет.
Бул мекеме тарабынан жылына эки жолу жарыяланган жана дүйнөнүн эң таасирдүү басылмасы деп кабыл алынган «Foreign Affairs» аттуу журнал болсо саясий актуалдуу маселелерди жана АКШнын саясатын аныктайт. Журналдын интернет баракчасына күн сайын көптөгөн макалалар жарыяланат. АКШнын тышкы саясатындагы радикалдуу өзгөрүүлөрдүн көпчүлүгү «Foreign Affairs» журналына жарыяланган соң ишке ашырылат. Мисалы, кансыз согуштун башында АКШнын негизги стратегиясын түзгөн «containment plan» (Советтердин жайылышына бөгөт коюу деген мааниге келген «токтотуу планы») CFRдын мүчөсү Джордж Кеннан тарабынан «Foreign Affairs» журналына жарыяланган соң ишке ашырылып баштаган. Мындан тышкары, көп жылдар бою актуалдуу болгон, Сэмюэл Хантингтондун «Маданияттардын кагылышуусу» аттуу, келечекте Батыш менен Исламдын ортосунда бир кагылышуу болоорун божомолдогон макаласы да ушул журналда жарыяланган.
Китептин 1-томунда терең каралган, Британия терең мамлекетинин активдүү мекемелеринин бири деп айтылган Үчтүктөр комиссиясы (Trilateral Commission) кээ бир багыттарда CFR менен биргелешип иш алып барат. Үчтүктөр комиссиясынын максаты – мамлекеттердин жана коомчулуктун саясий чечимдерине таасир тийгизүү жана элдерди, өкмөттөрдү, финансы системаларын Британия терең мамлекетинин карамагындагы банктарга жана фирмаларга багыттоо. Максатка жетүү үчүн алгач элдерди көз-каранды кылып, каршы чыккандардын оозун жабуу керек жана «демократия» урааны менен чыгып, тымызын ыкмалар менен демократияны жок кылуу зарыл. Түпкү максат болсо дүйнө жүзүндө жалгыз мамлекетти (жалгыз бийликти), жалгыз акчаны жана чындыгында эч бир акыйкат динге туура келбеген, бир гана Британия терең мамлекетинин кызыкчылыктарына кызмат кылган жалгыз динди орнотуу. Дагы бир максат – АКШнын саясий күчүн бир канча банктын жана бир канча фирманын колуна тапшыруу.
Китептин биринчи бөлүмүндө айтылгандай, жазуучулар, макалалар жана китептер бул багыттагы пропаганданын күчтүү мүчөлөрү болуп саналат. Үчтүктөр комиссиясы, CFR менен бирге, 1975-жылы Сэмюэл Хантингтонго «The Crisis of Democracy» (Демократиянын кризиси) деген аталышта бир китеп жаздырып, коомдук пикирди ушул тарапка бурууну көздөгөн. Бул иш-чара элдин парламентке, өкмөткө жана жергиликтүү бийликтерге таасирин азайтып, демократия түшүнүгүнүн, саясий плюрализмдин жана саясий активдүүлүктүн жогорулашына бөгөт койот. Элди оңой башкарыла турган, максатсыз жана ыймансыз массаларга айлантуу максат кылынган.
Дэвид Рокфеллер
«Hangi Dünya Düzeni?» (Кайсы дүйнөлүк тартип?) аттуу китепте бул төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Бүгүнкү күндө дүйнөнү глобалдык финансылык мафия башкарып жатат. 1921-жылы 29-июльда Нью-Йоркто негизделген Эл аралык мамилелер кеңеши (CFR) дүйнө жүзүнүн жалгыз мамлекетке баш ийишин көздөгөн. Атактуу Ротшильддер да, Рокфеллерлер да, Морган да анын негиздөөчүлөрүнөн. Американын бардык президенттери, финансылык мекемелеринин жетекчилери, Дүйнөлүк Банктын жетекчилигине дайындалгандар, Бириккен Улуттар Уюмун башкаргандар Эл аралык мамилелер кеңеши менен байланышта. Киссинджер да, Холбрук да, ата-бала Буштар да, Клинтон да, Кеннеди да, Обама да алардын кишилери. Жаңы дүйнөлүк тартип – эң жогорудагылар тарабынан иштелип чыккан бир система. Максат – маданияты бир (жалгыз), укук системасы бир, армиясы бир, желеги бир, дини бир болгон бир дүйнөлүк мамлекетти куруу. Ал мамлекет масондук түзүлүш тарабынан башкарылат.
... Дэвид Рокфеллер кыскача минтип сүрөттөгөн: «элдердин өзүн-өзү башкаруу укугу дүйнөлүк банкирлердин жана интеллектуалдык элитанын колуна өтөт. Негизги принцибибиз ушундай!»365

Стивен А. Куктун CFR уюмунун Түркиядагы өкүлү кезинде Түркиянын президентине
карата жазган сын-пикирлери CFRдын социалдык тармактагы баракчасында үзгүлтүксүз жарыяланды.
15-июльдагы төңкөрүш аракетинен соң CFR Фетхуллах Гүленди актоо аракеттерин жасады жана
"Египетте жана Түркияда тунуке диктатура" деген сыяктуу макалаларды жарыялады.

Булактар:

361.     Noam Chomsky, Media Control, Seven Stories Press, 2002, s. 11; https://chomsky.info/mediacontrol01/
362.     Noam Chomsky, Medya Denetimi: Immediast Bildirgesi, Çev. Şen Süer, 1.b., İstanbul: Tüm Zamanlar Yayıncılık, Ekim 1993, s. 32
363.     Eustace Mullins, The Secrets of the Federal Reserve, Bridger House Publishers Inc., 1983, s. 36-37
364.     Martin Mann, “Congress Ignores Dirty Money Laundering”, The Spotlight, 6 Aralık 1999, http://libertylobby.org/articles/1999/199912.html
365.     Banu Avar, Hangi Dünya Düzeni?, 20. Baskı, Remzi Kitabevi, 2009, s. 25-26

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...