23 Ocak 2019 Çarşamba

ТОНИ БЛЭР ЖАНА ИРАКТАН КЕЧИРИМ СУРАШЫ


Тони Блэрдин 1997-жылы майда Британиядагы шайлоодо Лейбористтер (Жумушчулар) партиясынын жетекчиси жана премьер-министр болуп бийликке келиши менен, Британия терең мамлекетинин Ислам дүйнөсүнө каршы жүргүзгөн идеологиялык согушу башка бир этапка өттү. Бул бийлик алмашуудан соң жүз миңдеген күнөөсүз аялдардын, жаш балдардын жана эркектердин оор зулумдуктарга кабылышына Тони Блэрдин дарвинисттик, материалисттик көз-карашы чоң таасирин тийгизди. Блэр 2003-жылы Британиянын чалгындоо кызматтары даярдаган жасалма баяндамаларга таянып, «Иракта массалык кыйратуучу куралдар бар» деп жарыялады жана АКШ менен биргелешип Ирак өлкөсүнүн кандуу жол менен басып алынышына себепчи болду. «The Guardian» гезити «ORB» аттуу бир изилдөөчү фирманын жалпы Иракка жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча Иракта 1,2 миллион адамдын шейит болгонун жарыялады.356 Бул кыргындан көп жыл өткөн соң Тони Блэр CNN каналындагы бир программада туура эмес чалгындоо маалыматын алгандыгын мындайча мойнуна алды:
Бизге келген чалгындоо маалыматы туура эмес болгону үчүн кечирим сурадым деп айтсам болот. Мындан тышкары, пландоодогу кээ бир катачылыктар жана, албетте, режимди жок кылаарыбыз менен кандай өзгөрүүлөр болуп кетээри жөнүндө туура эмес пикирде болгонубуз үчүн да кечирим сурайм.357
Бир миллиондон ашуун күнөөсүз адамдын «туура эмес чалгындоо маалыматы себептүү» өлтүрүлүшүнүн, өлкөнүн талкаланып, бөлүнүп-жарылышынын жана ал өлкөнүн дагы эле жарандык согуштан кутула албашынын эң негизги жоопкерлеринин бири болгон Тони Блэрдин бул сөздөрү Британиянын саясатында Британия терең мамлекетинин канчалык таасирдүү экендигин далилдейт. Анткени, бул согуш адамдардын өлүмү жана өлкөнүн талкаланышы менен эле чектелген жок. Баскынчылык учурунда миллиондогон карапайым адамдар майып болду, сансыз зордуктоо окуялары катталды, ооруканаларда жана басып алынган аймактарда акылга сыйбас кыйноолор жасалды, 2 миллион адам качкынга айланды жана 4,5 миллион бала үй-бүлөсүз калды. Мындан тышкары, Иракты басып алуу ДАИШ (ИГИЛ) сыяктуу террордук уюмдардын пайда болушуна шарт түздү.
Тони Блэр өкмөтүнүн 2003-жылкы Ирак согушунан мурунку жана кийинки чечимдерине байланыштуу эң масштабдуу иликтөө жыйынтыктарын камтыган жана 7 жыл кызыгуу менен күтүлгөн Чилкот отчетунда Блэрге карата көптөгөн оор сын-пикирлер айтылган. Отчетту даярдаган иликтөө комиссиясынын башчысы сэр Джон Чилкот отчетто «аскердик операция акыркы тандоо болгон эмес» деп айткан.

Блэр 1997-жылы шайлоодон жеңишке жеткенде, эч ким Ирактын башына чоң балээ келээрин сезген эмес.
Терең мамлекетке баш ийген Блэр 1,2 миллион мусулмандын шейит болушуна жооптуу.

Отчет жарыяланган соң, журналисттерге жолуккан Блэр: «шылтоолорду айтпастан бардык жоопкерчиликти мойнуна алаарын жана элдин баары ойлогондон да көбүрөөк кайгыруу жана бушаймандык сезимдерин сезип жаткандыгын» айтып, кечирим сураган.358
Блэр минтип кечирим сурап жатканда, Британия Ирактын мунайзаттарын тоноону улантып жаткан. Британиянын «The Guardian» гезити ошол кездеги АКШ жана Британия өкмөттөрүнүн Иракты басып алаардан мурда жана Саддам Хусейнди кулаткан соң, Ирактагы мунайзат резервдерин башкаруу боюнча катуу соодалашууларды жүргүзгөндүгүн ашкерелеген.359

Иракты басып алуунун шылтоосу "элге эркиндик алып келүү" болгон. Бирок натыйжанын кандай
болгону айтпаса деле түшүнүктүү.

Джон Чилкот жана анын отчету
Чилкот отчетунда Британиянын ошол кездеги премьер-министри Тони Блэрдин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Дэвид Мэннингдин АКШнын ошол учурдагы Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен 2002-жылдын 9-декабрындагы болгон сүйлөшүүсүндө «британиялык фирмаларга Ирактын мунайзат өнөр-жайында жана башка тармактарында бирдей оюн талаасын түзүү маанилүү» деп белгилегени айтылган.
Кол салуудан эки ай мурда Британия өкмөтүнүн жооптуу жетекчилери Британиянын мунайзат гиганты «Бритиш Петролеумдун» (BP: British Petroleum) өкүлдөрүн өкмөттө кабыл алып, Ирактын энергетика тармагы боюнча божомолдору жөнүндө маалымат алган. 2009-жылы болсо бул фирма жетекчилик кылган консорциумга өлкөнүн түштүгүндөгү Румайла мунай кенинен мунайзат чыгарууга уруксат берилген.360
Көрүнүп тургандай, маселе «(жок эле) ядролук куралдарды жок кылуу», «демократияны орнотуу», «элдин бакубаттыгын көтөрүү» эмес. Башынан бери эле маселе Жакынкы Чыгышты бөлүп-жаруу процессин баштоо жана андан соң аймактын эң негизги казынасына, тагыраак айтканда, мунайзат резервдерине кол салуу болгон. Иш жүзүндө да ошондой болду. Британия учурда Ирактын мунайзаттарын дээрлик толук ээлеп алды. Саддамдын Британия терең мамлекети тарабынан бир пландын негизинде чыгарылып, анан кайра эле терең мамлекет тарабынан жок кылынышы сыяктуу, учурдагы бул аймактагы ДАИШ жана PKK террордук уюмдары да бир долбоордун негизинде чыгарылган жана терең мамлекет тарабынан пайлаланылууда. Ошондуктан аймакта дагы деле туруктуулук жок жана бул бир гана Британия терең мамлекетинин пайдасына. Ошентип Британия терең мамлекетинин коркунучтуу Ирак планы күтүлгөн натыйжаны бергендей көрүнүүдө.

Тони Блэрдин идеологиясынын булагы: Гладстон

Гладстон жана Тони Блэр

Британия терең мамлекетинин түздөн-түз мусулмандарга багытталган планында Тони Блэр, байкап же байкабастан, абдан чоң роль ойноду. Ал премьер-министр кезинде терең мамлекет Британиянын аскердик жана жарандык мекемелерин каалагандай башкарды.
Блэр кайрылууларында саясий илхамын дарвинисттик идеологияга жакындыгы жана түрк душмандыгы менен белгилүү болгон, Британиянын мурдакы премьер-министри Уильям Юарт Гладстондон алаарын айткан. Китептин 1-томунда кеңири айтылгандай, Гладстон – түрк элине жана мусулмандарга сансыз акараттарды келтирген, кара мүртөз саясатчы. Гладстондун «түрктөр – адамзаттын адам катарына кошулбаган үлгүлөрү. Маданиятыбыздын жаркын келечеги үчүн аларды Азиянын кырларына кайра сүрүшүбүз керек же Анатолияда жок кылышыбыз керек. Түрктөрдүн жамандыктарын жоюунун бир гана жолу бар: аларды жок кылуу» деген сөздөрү абдан оор сөздөр. (Кадырлуу түрк элин аруулайбыз). Блэрдин Гладстон сыяктуу расист-шовинист көз-караштагы бир кишиден үлгү алаарын айтышы абалдын канчалык олуттуу экендигин көрсөтөт.1
Британиянын «The Economist» журналы Тони Блэрдин тышкы саясатта Уильям Юарт Гладстондун ар бир кадамын туурагандыгын белгилеген жана ортодогу окшоштуктан улам аны «Гладстондун арбагы» деп атаган.2

1. Ahmet İhsan, Matbuat Hatıralarım, İstanbul: A. İhsan Matbaası, 1931, s. 57
2. "Britain: Gladstone's Ghost", The Economist, vol: 351, issue: 8121 (29 May 1999), s. 54


Тони Блэр менен Чатем Хаустун ортосундагы стратегиялык кызматташтык

Тони Блэр премьер-министрлик кызматынан кеткен соң, аналитикалык борборлор жана фонддор аркылуу дарвинисттик идеологияны жайылтууну жана Британия терең мамлекетинин негизги ыкмаларынын бири болгон гомосексуализм пропагандасын жүргүзүүнү улантты. Бул иш-чараларын өзү негиздеген Тони Блэр Ыйман фонду (Tony Blair Faith Foundation) аркылуу жана башка фонддорго да өз пикирлерин билдирүү аркылуу жүргүзүүдө. Тони Блэрге жана анын фондуна эң көп колдоо көрсөткөн уюм болсо Чатем Хаус.

Тони Блэр Ыйман фондунун баракчасында "Сауд Арабиясы, Иран жана Йемен үчүн жарышуу" аттуу макалада
Чатем Хаустун баяндамасы орун алган. Көбүнчө бул уюмдар тыгыз кызматташышат.

Тони Блэр саясий тажрыйбасынан улам, Британия терең мамлекети пландаган кадамдарды ишке ашырууда өлкө башчыларына жана мамлекеттик лидерлерге таасир тийгизе ала турган бир фигура катары колдонулууда. Ошондуктан Блэр Чатем Хаус уюштурган чогулуштарга үзгүлтүксүз түрдө баяндамачы катары чакырылып, аналитикалык борбордун интернет баракчасына сүрөттөрү тынымсыз жарыяланып, макалалары менен баяндамалары жарнамаланып, колдоого алынган.
Тони Блэр саясаттан кеткен соң, 2008-жылы ачылышы белгиленген Тони Блэр Ыйман фонду аркылуу, «Жаңы саясат дин» деп, иш-чараларын «дин багытында» улантаарын айткан. Уюштурулган иш-чараларда кеңешчилик кызматы үчүн миллион долларлык акыларды алууну улантууда жана бир жолку сөз сүйлөө акысын 500 миң долларга чейин көтөрүүдө. Мунун максаты – «Тони Блэр абдан пайдалуу жана адамзатка керектүү изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат, Британия жетекчилиги дагы эле анын көз-караштарына маани берет жана мамлекетке сөзү өтүмдүү инсан» деген имиджди бекемдөө.


Чатем Хаустун сайтында Тони Блэрдин иш-аракеттери жана макалалары үзгүлтүксүз жарыяланат.
Бул иш-аракеттердин натыйжасында, Британия терең мамлекетине баш ийдирилген Блэр аркылуу терең мамлекеттин бардык мажбурлуу идеологиялары пропагандаланууда. Алардын арасында аскердик операция чечимдерин коомчулукка кабыл алдыруу, гомосексуализм жана румилик пропагандасын жүргүзүү сыяктуу нерселер бар. Мисалы, Чатем Хаустун «Туура адамдарга ишенүү» деп аталган баяндамасында Тони Блэрдин Иракка, Афганистанга жана Африка өлкөлөрүнө «гуманитардык кийлигишүү» деген шылтоо менен күч колдонуу чечимдерин колдой тургандыгы белгиленген. Блэрдин бул колдоосу бул аналитикалык борборлор тарабынан шилтеме катары колдонулууда. Чатем Хаус буга байланыштуу Тони Блэрдин тышкы саясаты жөнүндө даярдаган баяндамасын интернет сайтына жарыялаган.
Британия терең мамлекети тарабынан тынымсыз алдыңкы планга чыгарылган Блэрге гомосексуализмди пропагандалоо милдети да жүктөлгөн. Блэр Британиянын «Attitude» аттуу белгилүү гомосексуализм журналына көп жолу маек берген. Журнал «Британиянын эң көп сатылган гомосексуализм журналы» деп кабыл алынат. Тони Блэрдин журнал менен биринчи маеги 2005-жылы чыккан. Журнал бул маекти социалдык тармагынан бүт гомосексуал окурмандарына «Тони Блэр премьер-министр катары тарыхта биринчи жолу гомосексуал басылмага маек берди» деп жарыялаган.
«Жарандык өнөктөштүк» деп аталган маекте «көп жылдык иш-аракеттердин жыйынтыгында жана бир урпак алмашкан соң гомосексуалдардын укуктары бир кишинин жана анын өкмөтүнүн жардамы менен натыйжага ээ болду. Бир гомосексуализм журналына биринчи жолу маек берген бир премьер-министр катары Тони Блэр дагы бир жолу «Attitude» журналына гомосексуалдардын укуктарын кантип коргогонун жана католик ишенимин айтып берди» деп, Тони Блэрдин бүт диндер тарабынан тыюу салынган жана Аллах наалат айткан гомосексуализмге көрсөткөн колдоосу баяндалган. Байкаган болсоңуз, бул жерде гомосексуализм католик ишеними менен бирге айтылууда. Бул Британия терең мамлекетинин гомосексуализмди диндер менен байланыштыруу оюнунун дагы бир мисалы. Блэрдин премьер-министрликтен кетээр замат протестанттыктан католиктикке өтүшү да күмөндөрдү күчөткөн. Анткени, Британия терең мамлекети ишеними бекем жана койгон чектери так аныкталган католик динине да гомосексуализмди киргизүү долбоорун ишке ашырууга аракет кылууда. Сыягы, Блэр да буга өз салымын кошуп жатат.

Тони Блэр гомосексуализм пропагандасына чоң салым кошкондордун бири.
Гомосексуал маалымат каражаттарына маек берген алгачкы премьер-министр болгон.

Тони Блэр гомосексуализмге маалымат каражаттары аркылуу колдоо көрсөтүү менен эле чектелбестен, саясий байланыштарын да гомосексуалдарды уюштуруу максатында колдонууда. «ЛГБТ Жумушчулар партиясы» тарабынан уюштурулган бир тамакка гомосексуалдарды чогулткан жана «ЛГБТ укуктарын алдыга жылдыруу аракеттери менен сыймыктана алышат» деп, социалдык тармактагы эсебинен бардык гомосексуалдарга колдоо көрсөтөөрүн билдирген.

Премьер-министрликтен кеткен соң, алгач "ыйман фонду" менен чыгып, анан гомосексуалдардын иконасына
айланышы Британия терең мамлекетинин бир тактикасы.

Премьер-министрликтен кеткен соң, алгач "ыйман фонду" менен чыгып, анан гомосексуалдардын иконасына
айланышы Британия терең мамлекетинин бир тактикасы.
ЛГБТ Жумушчулар партиясы өзүнүн баракчасында Тони Блэрдин пикирлерин окуп турууну сунуштаган жана «Британияда гомосексуалдардын укуктарына өзгөртүүлөрдү киргизген Премьер-министр бүт дүйнөгө үлгү болууда» деп Блэрдин гомосексуалдарга көрсөткөн колдоосун баса белгилеген.
Тони Блэр, мындан тышкары, «Gay Times» (Гомосексуалдардын убагы) аттуу бир журналдын башкы бетине «гомосексуалдардын иконасы» деп жарыяланган. Муну «The Independent» гезити «Тони Блэр акыркы 30 жылдын гомосексуал иконасы» деген аталыш менен, «France 24» болсо «Британиянын мурдакы премьер-министри Тони Блэр «гомосексуалдардын иконасы» деп аталды» деген аталыш менен жарыялаган.
Көрүнүп тургандай, «Куранды түрктөрдүн колунан алышыбыз керек» деген Гладстонду пир туткан Британиянын мурдакы премьер-министри Тони Блэрге терең мамлекеттин жасалма идеологияларын пропагандалоо милдети жүктөлгөн. Билип же билбей туруп аткарып жаткан кызматтарына 1909-жылы түптөлгөн, Осмон империясын бөлүп-жаруу чечимин чыгарып, аны ишке ашырган, Сайкс-Пико картасын чийдирген Тегерек столдун (Round Table) уландысы болгон Чатем Хаус сыяктуу уюмдар да өз салымын кошууда. Британия терең мамлекетинин буйругу менен, дүйнөнү терең мамлекеттин кызыкчылыктарына ылайык, белгилүү бир калыпка салууну көздөгөн бул уюмдун чыныгы жүзүн ашкерелөө ушул себептен абдан маанилүү.


Булактар:


356.     “Irak’ta Kaç Milyon Sivil Öldü?”, Yeni Şafak, 16 Eylül 2007, http://www.yenisafak.com/dunya/irakta-kac-milyon-sivil-oldu-68967
357.     “Tony Blair Irak Savaşı İçin Özür Diledi”, En Son Haber, 25 Ekim 2015, http://www.ensonhaber.com/tony-blair-irak-savasi-icin-ozur-diledi-2015-10-25.html
358.     “Chilcot raporunda Blair’e sert eleştiriler”, BBC Türkçe, 6 Temmuz 2016, http://www.bbc.com/turkce/dunya/2016/07/160706_iraq_chilchot_rapor
359.     “Alçaklar sadece petrol paylaşımında anlaşamamış”, Yeni Söz, 10 Temmuz 2016, http://www.yenisoz.com.tr/alcaklar-sadece-petrol-paylasiminda-anlasamamis-haber-14269
360.     “İngiltere ve ABD’nin alçak pazarlığı”, Dünya ve Gerçekler, 9 Temmuz 2016, http://www.dunyavegercekler.com/haber/39729-ingiltere-ve-abdnin-alcak-pazarligi.html

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...