Чыныгы аты «Royal Institute of International Affairs» (Королдуктун Эл аралык
мамилелер институту) деп аталган Чатем Хаус биринчи жолу 1919-жылы Париж
тынчтык конференциясында уюштурулган расмий эмес бир тегерек стол (Round Table) учурунда айтылган. Бир жылдан кийин расмий түрдө
негизделген бул мекеме алгач «British Institute of International Affairs» (Британия Эл аралык
мамилелер институту) деп аталып, Королдуктун жарлыгын алган соң аты «Royal Institute of International Affairs» (Королдуктун Эл аралык
мамилелер институту) деп өзгөргөн. Осмон империясын майда бөлүктөргө бөлгөн
Париж конференциясында бул мекемени түзүү чечимин чыгаргандардын арасында Джон
Д. Рокфеллер, Джон Морган, Эндрю Карнеги, Майер Ротшильд жана Сесиль Родс
сыяктуу кишилер болгон. Булардын көпчүлүгү, эсиңиздерде болсо, көбүнчө Британия
терең мамлекети менен бирге эскерилет.
![]() |
| 1943-жылы Чатем Хауста өткөрүлгөн, согуштан кийин кайрадан оңдоо боюнча чогулуш. |
![]() |
| Тегерек столдун түзүлүшүн чагылдырган схема |
Дагы бир тегерек
стол учурунда болсо муну бир уюм эмес, бири-бири менен байланышы бар бир качан
уюм кылып түзүү чечими чыгарылган. Бул чечимдин негизинде «Royal Institute of International Affairs» мекемесинин Британия шериктештигинде
жана дүйнө жүзүндө көптөгөн бутактары пайда болгон. Алардын арасында дээрлик
бүт баары Париж конференциясында пландалган Америкадагы «Council on Foreign Relations» (CFR - Эл аралык
мамилелер кеңеши), «Australian
Institute of International Affairs» (Австралия Эл аралык мамилелер институту), «South African Institute of International
Affairs» (Түштүк Африка Эл аралык мамилелер институту), «Pakistan Institute of International Affairs» (Пакистан Эл аралык
мамилелер институту), «Canadian International Council» (Канада Эл аралык кеңеши) сыяктуу мекемелер бар.
![]() |
| Чатем Хауста дээрлик бардык лидерлер болгон. Британиянын мурдакы премьер-министри Маргарет Тэтчердин Чатем Хаустан чыгып бараткан учуру. |
Бул мекемелерди лорд
Альфред Милнер жетектеген. Ал Бальфур декларациясынын экинчи автору жана
китептин 1-томунда аны менен жакшылап таанышканбыз. Америкалык жазуучу Юстас Муллинс
Милнер менен «Royal Institute
of International Affairs»
мекемесинин ортосундагы байланышты төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Милнер
түптөгөн тегерек стол (Round
Table) «Royal Institute of International Affairs» (RIIA) жана «Council on Foreign Relations» (CFR) мекемелерине
айланды ... Негизи Париж тынчтык конференциясын башкарган Барон Эдмон де
Ротшильд, өмүрүнүн эң чоң ийгилиги катары, бул топтор аркылуу дүйнөлүк тартипти
орнотту.349
Бул мекеменин
Париж конференциясында жашыруун түптөлүшүнө Биринчи дүйнөлүк согуштан соң
дүйнөдө жашыруун бир тартипти орнотуу максаты себеп болгон. Биринчи дүйнөлүк
согуш учурунда жашыруун түрдө кол коюлган Сайкс-Пико келишиминдеги карталарды
чийген, Париж конференциясында Севр келишимин жазган дал ушул топ болгон.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Жакынкы Чыгыштагы чек аралар Чатем Хаус
тарабынан аныкталган.350
Бул салт дагы
деле уланууда. Жакынкы Чыгыштагы азыркы өзгөрүүлөр дагы толугу менен Чатем
Хауста чыгарылган чечимдердин негизинде болуп жатат. Бул мекемеге чакырылган
бир катар лидерлер, кээ бир саясатчылар, жарандык коомдордун мүчөлөрү,
маданияттын өкүлдөрү, жазуучулар, бүт баары ал жерде чыгарылган жашыруун
чечимдерге баш ийүүгө мажбур. Жакынкы Чыгышка жана дүйнө жүзүнө байланыштуу
чечимдер бул имаратта бир кеңеш тарабынан тиешелүү кишилерге айтып берилет жана
ал чечимдерди аткаруу талабы коюлат. Чатем Хаустун чогулуштарына чакырылган
мүчөлөр гана катыша алат. Ал жердеги сүйлөшүлгөн сөздөр жана жасалган иштер
жашыруун; эч качан башкаларга айтылбашы керек. Көбүнчө сүйлөшүлгөн маселелер
эле эмес, катышуучулардын аттары да сыр бойдон калат.
Чатем Хаус маалымат
каражаттарында дүйнөнүн терең мамлекетинин «стратегиялык-интеллектуалдык мотор
кызматын аткарган мекеме» деп сүрөттөлөт. Британияга тиешелүү бир мекемедей
көрүнгөнү менен, бул уюмдун Британия терең мамлекетинин дүйнөлүк масштабдагы
идеологиялык согушунун ишке ашыруучусу экендиги жөнүндө күчтүү бир ишеним бар.
«Чатем Хаус эрежеси» менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр сыртка чыгарылбайт. Ошондой
эле, бул эреже боюнча, баяндамачылардын аттары жашыруун сакталат. Чогулуштарда
өзгөчө Ислам ааламында дарвинизм жана румилик сыяктуу негизсиз философияларды
жана гомосексуализм сыяктуу күнөө иштерди жана адеп-ахлактык бузулууну күчөтүү,
өлкөлөрдү бөлүп-жаруу пландарын ишке ашыруу чечимдери кабыл алынат. Албетте,
бул чечимдердин бүт баарында негизги рольду Британия терең мамлекети ойнойт. Чатем
Хаус бүт нерсенин борборундай көрүнгөнү менен, негизи Британия терең
мамлекетинин пландарын жана чечимдерин аткарууга мажбур болгон мекемелердин
бири.
Бул аналитикалык
борбор, ошондой эле, Британия терең мамлекетинин «расалык жогорулугун»
көрсөткөн бир ак сөөк колледжи катары кабыл алынат. Анткени, борборунда
Королдук үй-бүлөсүн жана Лорддор палатасын камтыган ак сөөктөр жайгашкан жана
коопсуздук кызматкерлеринин арасынан MI5, MI6 сыяктуу
чалгындоо кызматтарын жана Scotland
Yard (Лондон полиция)
кызматын көрүүгө болот.
Ал тургай,
Эксетер университетинин, Оксфорд жана Кембридж университеттеринин жетекчилери
да көбүнчө бул желеге мүчө болушат. Британия терең мамлекети бул билим берүү
мекемелеринде жаш кадрларды терең мамлекеттин идеологиясына ылайык даярдоону жана
терең мамлекеттин стратегияларын ишке ашыра турган ал кадрларды башка
өлкөлөрдүн керектүү мамлекеттик кызматтарына, өлкө жетекчилигине, аналитикалык
борборлорго, фонддорго жана билим берүү мекемелерине жайгаштырууну көздөйт.
Өлкөлөргө
байланыштуу көптөгөн жашыруун иштерде Чатем Хаустун ысымы көп эскерилет.
Мисалы, Түркиянын түштүгүндө бир күрт мамлекетин куруу идеясынын Чатем Хаустан
чыккандыгы жөнүндө көптөгөн маалыматтар бар. Түркиянын тогузунчу президенти
Сулейман Демирель муну биринчилерден болуп жарыялаган. Демирель «бир күрт мамлекетин түзүү аракети келе
жатат, даяр болуу керек...» деген соң,
«...Миттеран айым жана лорд Эвебери британиялыктардын «think-tank» мекемеси Чатем Хауста апачык күрт мамлекетин
жакташты. Мунун далилдери бар. Британиянын Тышкы иштер министри Хердго айттым.
Сыртта бир нерсени, өз араларында башка нерсени айтышат. Иракта бир күрт
мамлекети түзүлүшү мүмкүн. Буга даяр болушубуз керек, бул багытта бүт
ыктымалдыктарды карап чыгышыбыз зарыл» деп айткан.351
Чатем Хаус Түркиядагы
2015-жылдын 7-июнундагы шайлоонун алдында Түркия жөнүндө маанилүү бир анализ
жасаган. Бул шайлоонун жыйынтыгында бир дагы партия өкмөт курганга жетиштүү
добуш ала алган жок жана Түркия 13 жылдан соң кайрадан коалициялык өкмөт куруу
ыктымалдыгына туш болду. Бул абалды Британия терең мамлекети бийлик вакууму
катары баалап, күтүүсүздөн Түркияга операция жүргүзүү аракеттерин баштаган. Эң
кызыгы, Чатем Хаустун жарыялаган баяндамасы бул бийлик вакуумун алдын ала
билгендей таризде болгон. Баяндамада жалпысынан мындай деп айтылган:
![]() |
| Түркиядагы 2015-жылкы шайлоонун алдында даярдалган Чатем Хаустун Түркия жөнүндөгү баяндамасында PKK уюмуна автономия берүү керек деп жазылган. |
Түркиянын абалы Осмон империясынын акыркы
күндөрүнө окшошууда. AKP (Адилеттүүлүк жана
өнүгүү партиясы) өкмөтүнүн PKK (Partiya Karkeren Kurdistan: Курдистан
жумушчу партиясы) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү чоң бир мүмкүнчүлүк. Эл аралык
укук жагынан да ылайыктуу шарттар түзүлдү. Өзгөчө Долмабахче сарайындагы
биргелешкен билдирүү маанилүү бир көзүр болду. AKP бийликтен кетсе да, айырмасы жок. Ал чогулушту AKP жасаган деп эч ким айта албайт. Түркия мамлекети жооптуу.
(PKKга автономия берүү) жагдайы талкууланбашы керек. Түркия буга мажбур. Батыш өлкөлөрүнүн позициясы ушундай болушу керек.
Артка кадам таштоого болбойт. Чек
араларды белгилөө этабына келдик. PKK/HDP (HDP: Элдик демократиялык партия) чек араларды белгилөө шарты менен белгилүү
компромисстерге барышы мүмкүн. Чек аралардын белгилениши жана аймактын
күрттөргө таандык деп кабыл алынышы абдан маанилүү бир баскыч. Эне тил,
коопсуздук органдары ... сыяктуу жагдайлар абдан маанилүү маселелерден эмес. Чек ара кабыл алынса, эне тил, коопсуздук
жана сот органдары сыяктуу маселелер ансыз да чечилет. PKK жетекчилиги менен батыштын көз-карашы бир.
Аймактагы эң
негизги маселе – бул, күрт мамлекетинин курулушу. АКШда 2016-жылкы шайлоодо
бийликке сөзсүз Республикалык партия келчүдөй болуп турат. Республикалыктар
күрт мамлекетин жана Иранды токтотуу багытында катаал саясат жүргүзөт. Бул
багытта даярдыктар башталды. Алдыңкы жылдары АКШда туруксуздук өсөт.
Туруксуздук өскөн сайын АКШ тышкы саясатта зомбулукчу стратегия жүргүзөт.
Өзгөчө Жакынкы Чыгыш жана Түркия көңүл чордонунда. Сирия темасында да
сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аймактагы саясат боюнча АКШ менен Европанын ортосунда
кээ бир маселелер жаралса да, АКШ-Британиянын
саясаттары ишке ашат. Севр сыяктуу бир кырдаал түзүлөт. АКШда Республикалык
партиянын бийликке келиши даярдалган пландардын ишке ашырылышына кепилдик
болот.
Түркия Республикасы коюлган талапты аткарууга
мажбур. Аткарбаса эл аралык укук кийлигишет. Буга жетиштүү мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. PKK расмий түрдө таанылды. ТҮРКИЯ КАРШЫ ЧЫКСА,
САНКЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ СӨЗ БОЛО БАШТАЙТ. АЛ ТУРГАЙ, САНКЦИЯЛАРДЫН БОСОГОСУНДА
ТУРАБЫЗ.352
Бул жерде «Түркия
Республикасы коюлган талапты аткарууга мажбур» деген сүйлөмдөгү «коюлган
талаптын» эмнелиги жана бул талапты «кимдин койгондугу» айдан ачык. «Коюлган
талап» PKK мамлекетинин курулушу, «талап койгон»
тарап болсо Британия терең мамлекети.
Бул сөздөрдү
абдан кылдат карап чыгуу керек. Бул жерде айтылышынча, Түркия PKK уюмуна моюн сунат жана Британия терең мамлекетинин бүт буйруктарын
аткарууга мажбур болот.
Аллахка шүгүр, «PKK террору – Британия терең мамлекетинин Түркияны бөлүп жаруу планы» деген
эскертүүлөрүбүз максатына жетип, Түркия өкмөтүнүн жана урматтуу
президентибиздин даанышмандыгы жана элибиздин акылмандыгы себептүү Түркия
мындай туруксуздукка туш болгон жок. Британия терең мамлекетинин сөзсүз ишке
ашат деп ойлогон Түркияны бөлүү планы күтүүсүздөн тескериге айланды.
Президентибиз урматтуу Режеп Таййип Эрдоган Британия терең мамлекетинин
басымдарын тоготпой, бул тузакты тескери бурду. Түркияга операция жасаганга дагы
бир жолу мүмкүнчүлүк берилген жок.
Айтылган
«санкциялар» да көп кечиккен жок жана Түркия 2016-жылдын 15-июлунда чыккынчы
төңкөрүш аракетине кабылды. Бирок Британия терең мамлекети дагы бир жолу күтүүсүз
жагдайга, тагыраак айтканда, түрк элинин эр жүрөктүүлүгүнө туш болду. Түрк
элинин ыйманы жана шок кылган эр жүрөктүүлүгү Британия терең мамлекетинин
бардык пландарын талкалады. Түркияга байланыштуу мындай пландардын эч биринен
майнап чыкпайт. Британия терең мамлекети жакында муну толук түшүнөт.
Чатем Хаустун баяндамаларында
түрктөр менен күрттөрдүн ортосунда эч тынымсыз пикир келишпестиктер болуп
жаткандай көрсөтүлгөн. Китептин 1-томунда жок жерден пайда болгон «күрт
маселеси» түшүнүгүн да Британия терең мамлекетинин ойлоп тапкандыгын жана күрт
бир туугандарыбызды каалабаганына карабастан, өз мекенинен ажыратуу саясатынын
тымызын ишке ашырылып жаткандыгын далилдеп көрсөткөнбүз. Бул долбоор бүгүнкү
күндө да уланууда жана Түркиянын бөлүүчү (сепаратисттик) террор уюмуна каршы
жүргүзгөн күрөшү атайын бурмаланып, «түрктөр менен күрттөрдүн ортосунда бир
маселе» бардай чагылдырылууда. Бул багытта негизги милдет кайра эле Чатем
Хауска жүктөлгөн.
Чатем Хаустун
бардык баяндамаларында «PKK» же «террор уюму» деген сөздөрдүн ордуна ар
дайым «күрттөр» деген сөз колдонулат. 2011-жылкы баяндамасында «күрт маселеси араб жазы сыяктуу бир
төңкөрүшкө айланышы мүмкүн» деп айтылган. Бул баяндамадан соң Стамбулдун
Гези паркындагы окуялар жана 6-8-октябрьдагы окуялар келип чыкты. Бул окуяларга
PKK түздөн-түз катышты.
Чатем Хаустун
бул баяндамасында, мындан тышкары, төмөнкүлөр айтылган:353
Күрт
маселеси Түркиянын дагы деле бир элге айлана албаганын көрсөтөт.
Түркия
унитардык мамлекет түзүлүшүнөн улам, башка мусулман өлкөлөргө үлгү боло албайт.
Сириядагы
күрт калкы араб улутчулдугу жана Баас режими тарабынан көп жылдар бою эзилди.
Ошондуктан Түндүк Иракка окшогон, автономдуу аймакка айланууну каалайт.
ДАИШ (ИГИЛ)
менен түздөн-түз согушкан жалгыз уюм – бул, PYD (Partiya Yekîtiya Demokrat: Демократиялык биримдик партиясы). PYD уюмунун идеологиялык лидери Абдуллах Өжалан. Барзани Сириядагы башка бир
уюмду Күрт улуттук кеңешин колдойт. PYD болсо өз чечими менен
кантондорду түздү.
PYD Өжаландын коммунисттик түзүлүшүн таштап,
демократиялык конфедерализм моделине өттү.
Рожава
аймагындагы легитимдүү конституция Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары
боюнча декларациясына туура келет. Эркиндик боюнча кошуна өлкөлөрдө кездешпеген
статьялар бар. Өлүм жазасын алып салган. Жыныстык дискриминацияга бөгөт койот.
Күрт
маселесин чечүү үчүн жергиликтүү башкаруу системасы түзүлүп, губернаторлор аймактан
шайланышы керек.
PYD күрт аялдардын саясатта көбүрөөк болушун
камсыз кылат.
Түркия
Европа Биримдигине эртерээк кирүү үчүн, PKK менен тынчтык
процессин алдыга жылдырышы керек.
Күрттөр эгер
аймакта күчтүү болгусу келсе, PKK, PYD жана Барзани
биригиши зарыл.
PYD уюмунун Рожава башкаруусу – PKK менен Өжаландын демократиялык конфедерация идеологиясынын ишке ашырылган
абалы. Демократиялык конфедерализмде улут, мамлекет жана капитализм доору
бүтөт. Светтик (дин аралашпаган) принципке жана аял-эркек теңдигине таянган
жаңы бир мамлекет модели түзүлүшү керек.
![]() |
| PKK |
Бүгүнкү
күндө PYD уюмунун 50 миң аскери бар. Түркия өз
өлкөсүндөгү күрттөргө көбүрөөк укуктарды берүүгө мажбур болбоо үчүн, PYD уюмуна каршы чыгууда. Сириялык топтор «Түркия ушул себептен радикалдуу
топторго колдоо көрсөтүп жатат» дешүүдө.
6-8-октябрьдагы
окуялар күрттөрдүн Түрк мамлекетине дагы деле ишенбестигин көрсөтүүдө. Түрк
мамлекети күрттөрдүн укуктарын тааный турган алгылыктуу бир план иштеп чыга
алган жок.
Иран
Түркияга бул саясаттарда колдоо көрсөтүүдө. Пежактын (PJAK) Иранда автономияга ээ болушуна жол бербөөдө.
Чатем Хаустун баяндамасындагы
бул сүйлөмдөр ачык эле PKK уюмунун Түркиянын аймагында бир мамлекет
курушун кубаттап, PKK террордук уюмуна ачык түрдө колдоо
көрсөтүүдө. «Түркия дагы деле бир элге айлана алган жок» деп, Түркияны бөлүнгөн
бир өлкөдөй көрсөтүүдө, «унитардык түзүлүш Түркияны башка мусулман өлкөлөргө
үлгү боло албай турган абалга алып келди» деп өлкөнү федерацияга айланууга
үгүттөөдө жана Түркияда Рожавага окшош бир кантон түзүлүп, ал жерде PKK уюмунун мамлекет курушуна шарт түзүлсүн деп сунуштоодо.
Түркияны бөлүүнү,
террордук уюмду күчтөндүрүүнү жана ушундайча Түркияны жана аймактагы башка
өлкөлөрдү жок кылууну көздөгөн бул чыккынчы план түздөн-түз Британия терең
мамлекетинин долбоору. PKK уюмун коммунизмди таштап, адам укуктарын
жана тең укуктуулукту сыйлаган «үлгүлүү бир модельдей» сүрөттөп, бул кандуу
террордук уюмду тымызын план аркылуу түрк мамлекетинин, түрк элинин жана
мекенинин ичине киргизүүгө аракет кылышууда. «Демократиялык конфедерализм»
деген жасалма ысым ойлоп чыгарылууда, бирок ошол эле учурда «улут, мамлекет
жана капитализм доору бүттү» деп, сөз оюндары аркылуу кайра эле коммунизм
сүрөттөлүүдө. Бул Британия терең мамлекетинин элди жана саясатчыларды канчалык барксыз
көрөөрүн да далилдеп турат.
PKK уюмуна жер берүү амбициясы – Британия
терең мамлекетинин көп жылдык кыялы. Муну Британия терең мамлекети Севр
келишиминен кийин жарым калган бир маселе катары көрөт. Британия терең мамлекети
болгон күчү менен Түркияны бөлүүнү көздөөдө. Учурда согуш аркылуу ишке ашырыла
албаган бул чыккынчы план террордук уюмдар жана аларды колдогон аналитикалык
борборлор аркылуу турмушка ашырылууда. Бирок чечкиндүү, ыймандуу жана Түркиянын
аймагына эч кимди киргизбеген түрк эли эске алынбай калган. Бул план, Аллахтын
уруксаты менен, эч качан ишке ашпайт.
Улуу Аллах
аяттарында мындай деп билдирген:
Алар тузактуу бир
план түзүштү. Биз да (алардын тузагына каршы) алар байкабаган бир тузак курдук.
Эми сен алар курган тузактын жыйынтыгын кара... (Немл Сүрөсү, 50-51)
Дагы бир нерсени
баса белгилөө керек: Британия терең мамлекетинин чыныгы максаты PKK уюмун мамлекеттүү кылуу эмес. Британия терең мамлекети PKK уюмун пайдаланып Түркияны бөлүүнү жана коммунист-анархист-террорист уюмга
колдоо көрсөтүү аркылуу бүт аймакты туруксуздукка түртүүнү көздөөдө. Британия
терең мамлекети PKK уюмун бир пешкадай эле көрөт. Британия
терең мамлекети пайдаланып бүткөн соң аны да бир бурчка ыргытат.
![]() |
| Түркиянын аймагында Күрдистан мамлекетин куруу долбоору башынан бери Британия терең мамлекетине тиешелүү. Бул эч качан ишке ашпайт. |
Чатем Хаустун чогулуштарында көндүрүү турлары
Британия терең
мамлекети майда-чүйдө, жеке кызыкчылыктарын көздөгөн жана кадыр-баркка жетүүнү
эңсеген бир катар кишилерди пайдалануунун жолдорун эң жакшы билет: болор-болбос
кызыкчылыктар менен алдоо жана британиялыктар аларды барктагандай көрсөтүү. Бул
максатта жогоруда аты аталган аналитикалык борборлордогу жашыруун чогулуштарга көп
кишилер чакырылат. Бул чогулуштарга көптөгөн атактуу гезиттердин, чоң
мамлекеттердин жетекчилеринин жана белгилүү дипломаттардын катышышы көз
бойогонго зор салым кошот. Андан соң чакырылган кишилерди көндүрүү бир топ
жеңил болот. Жазуучу, саясатчы Онур Өймен «Bir
Propaganda Silahı Olarak Basın» (Пропаганданын бир куралы катары
маалымат каражаттары)
аттуу китебинде муну төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Кансыз согуш
бүткөн соң чет элдик журналисттерди көндүрүү татаалдашты. Ар кайсы темада ар
бир өлкөдөн ар кандай көз-караштар чыга баштады. Мындай шарттарда журналисттерди
кантип багыттоого болот? Болгондо да, эми маалымат каражаттарын бир темада
багыттоо жетиштүү болбой калган. Дүйнөнүн ар кайсы маселелерине чет элдик
журналисттерди чоң мамлекеттердин көзү менен каратуу керек болгон. Бул
үзгүлтүксүз иштеген бир механизм болушу жана дүйнөнүн бүт тарабына таасир
тийгизиши керек эле.
Таасир
астына алынган журналисттерден негизинен жазган макалаларында жана радиодогу
жана телеберүүдөгү программаларында элдин көз-карашын чоң мамлекеттердин
өкмөттөрү каалаган багытка буруу талап кылынмак. Чоң мамлекеттердин саясаттары
менен журналисттердин өлкөлөрүнүн саясаттары бири-бирине дал келсе, чоң деле
көйгөй жаралмак эмес. Бирок дал келбей калса, же болбосо, чоң мамлекеттер бир
өлкөнүн өкмөтүн белгилүү бир тарапка багыттоо үчүн ал өлкөлөрдүн маалымат
каражаттарын таасири астына алууна көздөсөчү?..354
Дагы бир
ыкмада болсо таасирдүү журналисттер ар кандай чогулуштардын шылтоосу менен чет
өлкөлөргө чакырылган. Көбүнчө чет өлкөлүк белгилүү инсандар катышкан мындай
чогулуштарга чакыруу катын алуу дагы кээ бир журналисттер тарабынан зор
кесиптик ийгилик катары кабыл алынат ... Бул чогулуштарда элге айтылбаган кээ
бир маалыматтар жашыруун түрдө айтылат. Мындай чогулуштардын бири Лондондогу Чатем
Хаус чогулуштары. Ал жердеги сүйлөшүүлөрдүн эрежеси төмөнкүдөй: чогулуштарда
айтылган көз-караштарды макалаңарда жана сүйлөгөн сөздөрүңөрдө колдонсоңор
болот, бирок бул көз-караштардын кимге таандык экендигин айтканга болбойт.
Ошентип булагы көрсөтүлбөгөн көз-караштар аркылуу көптөгөн өлкөлөрдө
коомчулукка «маалымат жеткирилип», керектүү коомдук пикир пайда кылынат.
Көптөгөн
өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынын жетекчилерин жана чет өлкөлүк журналисттерди
бир-бирден же тобу менен чакырышат. Аларга өлкөлөрүн тааныштырышат.
Саясатчылар, ишкерлер жана коомдун лидерлери аркылуу өлкөлөрүнүн көз-караштарын
чагылдырышат...355
Британия терең
мамлекети жүздөгөн саясатчылар менен журналисттерди ушинтип көндүргөн соң,
аларды ишенимдүү бир кызматкери катары пайдаланып баштайт. Бул коомдук
кыймылдарды, өкмөттөрдү жана, ал тургай, мамлекеттерди башкара турганчалык
деңгээлге жетиши мүмкүн. Медиа (маалымат каражаттары) аркылуу төңкөрүш
чакырыктарын жасоого болот, медиа аркылуу саясатчыларды «тарбиялоого болот»
жана медиа аркылуу көтөрүлүштөрдү баштоого болот. Ошондуктан бир катар маалымат
каражаттары, аналитикалык борборлор сыяктуу, илгертеден бери Британия терең
мамлекетинин эң негизги бутагын түзүп келген. Бул стратегия азыр деле
натыйжалуу уланууда.
Булактар:
349. Eustace Mullins, The World Order: Our
Secret Rulers, s. 50-51
350. Banu Avar, “Sevr Mimarlarından Ödül”, 9
Kasım 2010, http://banuavar.com.tr/sevr-mimarlarindan-odul-banu-avar/
351. Hürriyet, 25 Ocak 1994
352. “Batı’nın 7 Haziran sonrası Türkiye
projesi”, Aydınlık Avrupa, 4 Mayıs 2015, http://www.aydinlikavrupa.eu/
index.php/dunya1/8199-bati-nin-7-haziran-sonrasi-turkiye-projesi.html
353. “Turkey and the Middle East: Internal
Confidence, External Assertiveness”, Chatham House, Fadi Hakura, Europe
Programme, November 2011 – https://www.
chathamhouse.org/publications/papers/view/179761
354. Onur Öymen, Bir Propaganda Silahı Olarak
Basın, 2. Baskı, Remzi Kitabevi, 2014, s. 376-377
355. Öymen, a.g.e., s. 378







Hiç yorum yok:
Yorum Gönder