Британия терең
мамлекети өзүнүн карамагындагы аналитикалык борборлор аркылуу манипуляция
стратегиясын жүргүзүүдө. Бул стратегия боюнча, өлкөлөрдүн жана мамлекеттердин
күчү согуш жана кыйроолор аркылуу эмес, өздөрүн-өздөрү кулата турган
стратегиялар аркылуу кетирилет. Бийликти алсыздандыруу, экономикаларды кризиске
түртүү, адамдардын маанайын түшүрүү жана улуттук, руханий баалуулуктардан
алыстатуу, нааразычылыктарга шарт түзүп, аны көтөрүлүштөргө айландыруу булардын
кээ бирлери. Британия терең мамлекети Экинчи дүйнөлүк согуштагы тактикаларын
башка ыкмалар менен улантууда жана жаңыча тыңчы стратегиясын колдонуу,
көз-каранды топторду түзүү, коркутуу жолу менен бийликти мажбурлоо аркылуу
каалаганын жасатууда.
Британия терең
мамлекетинин манипуляция ыкмасы көбүнчө коомдордун алсыз тараптарын колдонуу
жана күчтүү тараптарын алсыздатуу принцибине таянат. Мындай ыкмаларды иштеп
чыгуу үчүн Тависток жеке мамилелер институту негизделген жана андан соң ал
механизмдерди башка аналитикалык борборлор ишке ашырган. Эми буларга тереңирээк
токтололу.
Аналитикалык борборлордун очогу:Тависток адамдык мамилелер институту
Китептин
1-томунда терең каралган, 1921-жылы негизделген Тависток институту – Британия
терең мамлекети тарабынан дүйнөнү башкаруу максатында колдонулган фонддордун
бири. Фонд Биринчи дүйнөлүк согуштан чыккан британиялык аскерлердин согуш
шокторун изилдөө максатында 1921-жылы Бедфорд Дюк Тавистоктун Лондондогу
имараттарынын бирөөсүндө негизделген. Институтка Британия армиясынын
Психологиялык согуш бөлүмүнүн башчысы сэр Джон Роулингс Риз жетекчилик кылган.
Институт жана анын иш-аракеттери Британиянын эң жашыруун сырларынын бири бойдон
сакталууда.
Биринчи жана
экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Психологиялык согуш уюму катары иштеп келген
Тависток тобу Рокфеллер фондунун ири суммадагы жардамдары аркылуу 1946-жылы
милдеттери кеңейтилип, кайрадан түзүлгөн. Рокфеллер Тавистокко психологиялык
согуш боюнча изилдөөлөрдү кеңейтүү жана ишке ашыруу милдеттерин тапшырган.
Институттун
изилдөөлөрүнө ошол тушта Лондонго келип, принцесса Бонапарт тартуулаган бир
сарайга жайгашкан Зигмунд Фрейддин «адамдын кыймыл-аракеттерин башкаруу»
жөнүндөгү эмгектери илхам булагы болгон. Институт бул идеологиянын дүйнөдөгү
борборуна айлануу максатында негизделген.
Бүгүнкү күндө
институттун Сассекс университети, Стэнфорд изилдөө институту, Эсален институту,
Массачусетс технология институту (MIT), Хадсон институту,
Мурас (Heritage) фонду, Стратегиялык жана эл аралык
мамилелерди изилдөө борбору (CSIS), АКШнын Тышкы иштер
кызматкерлери таалим алган Аба күчтөрү чалгындоо кызматы, «RAND» жана «Mitre Corporation»
фирмалары, «Мон Пелерин» (The
Mont Pelerin) фонду, Үчтүктөр
комиссиясы, Дитчли фонду, Рим клубу сыяктуу институт жана жашыруун фонддор
менен байланыштары бар.
Учурда фонд
Британия терең мамлекетинин карамагындагы көптөгөн аналитикалык борборлордун
негизги түптөлүү борбору катары кызмат кылууда. Британия терең мамлекетине баш
ийген мекемелердин бири болуп саналган Рим клубу менен да тыгыз байланышы бар
жана НАТОнун түптөлүшүндө да маанилүү рольду ойногон.
Тависток
жөнүндөгү жалпы аныктамаларды карасак, Тависток Рим клубу менен биргелешип,
дүйнөнүн калкын алдын-ала белгиленген бир багытка, «жамааттык, социалисттик
жалгыз дүйнө диктатурасына» багыттоо үчүн пропаганда жүргүзүү жана кризис
чыгаруу тармактарында иш алып барат деген аныктамалар бар. Бул уюм Корея
согушунда биринчи жолу эксперимент кылынган, массалык мээ чайкоо ыкмаларын
иштеп чыккан. Иштелип чыккан «көпчүлүктү (массаны) башкаруу ыкмалары» тымызын
жана элге сездирбестен, Америка калкына эксперимент кылынган жана алардын
психологиялык кыймыл-аракеттери каттоого алынган.340
Тавистоктун
травма аркылуу адамдарды салттык ишенимдеринен ажыратуу жана андан соң ал
кишилерди кайрадан калыптандыруу жолдорун изилдеп жаткандыгы белгилүү. Алыстан
акмалоо (Remote Viewing) сыяктуу темалардын адиси, жазуучу Тим Рифат
муну «Microwave Mind Control»
(Микротолкун аркылуу мээни башкаруу) аттуу китебинде төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Микротолкундуу
курал-жарактар жана аларды мээни башкарууда колдонуу боюнча изилдөөлөр
1950-жылдары Тавистокто башталган. Бул британиялык мекеме Британиянын элин
аларга байкатпастан, мээлерди башкаруу аркылуу каалаган тарапка багыттоо
ыкмаларын изденген.341
![]() |
| Курт Левин |
Тавистоктун
жалпы аныктамасында, мындан тышкары, «ар бир адамдын жеке инсандыгын жок кылып,
аларды команданын оюнчусуна айландырууну көздөгөн программаларга» колдоо
көрсөтөөрү айтылат. Бул таң калыштуу эмес, анткени жаңы дүйнө системасында
индивидуалдуулук (жеке инсандык) керексиз нерсе. Кыймыл-аракеттери белгилүү
болгон жана эч нерсе сурабастан айткан нерселерди аткарууга программаланган бир
элди башкаруу ар дайым оңой. Көмүскө туюм менен байланыштуу программаларга
ансыз да «оңой башкарыла турган калкты» түзүү аракеттери камтылат.
Жүрүм-турум
илимдери боюнча программалар Тавистокту АКШнын эң таасирдүү мекемесине
айланткан. 1933-жылы Тавистокко жетекчи болуп дайындалган германиялык мигрант Курт
Левин мигрант тыңчыларды душмандардын арасына киргизип, Гарвард университетинде
иштелип чыккан пропаганда иш-чаралары аркылуу Американын элин АКШнын Германияга
каршы согушка кошулушуна даярдоого аракет кылган.342 АКШнын Биринчи дүйнөлүк согушка кошулушунун
толугу менен Британия терең мамлекетинин долбоору экендигин китептин 1-томунда
терең караганбыз.
![]() |
| Курт Левиндин түпкү туюмду башкаруу максатында жүргүзгөн эксперименттери |
1938-жылы
Рузвельт чалгындоо багытында АКШнын эгемендүүлүгүн Британияга тапшырган бир
жашыруун келишим түзгөн. Чалгындоо мекемелерине арналган мурдакы бөлүмдө
айтылгандай, бул келишимди ишке ашыруу үчүн АКШ генерал Уильям Донованды
Черчилль түптөгөн Атайын операциялар жетекчилигин (SOE) жана Жашыруун чалгындоо кызматын (SIS) учурда ЦРУ (CIA) деп аталган Стратегиялык кызмат офисине (Office of Strategic Service – OSS) айландырышы үчүн Лондонго жиберген. OSS жана CIA мекемелеринин бардык программаларына
Тависток жол башчылык кылган. Рузвельт менен Черчилльдин бардык аба чабуулдары
Тавистоктун лабораторияларындагы эксперименттердин негизинде жүргүзүлгөн.343
Учурда Тависток
ар кайсы аналитикалык борборлор, бейөкмөт уюмдар, университеттер жана массалык маалымат
каражаттары аркылуу коомдук пикирди калыптандыруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө.
«Манипуляция ыкмаларын колдонуу аркылуу батышты бириктирип турган адеп-ахлак
түзүлүшүн жок кылууга аракет кылып жатат» деп сындаган чөйрөлөр да бар.
Үй-бүлөнүн ынтымагын бузуп, руханий байлыктарды жок кылып, улуттук сезимдерди
начарлата турган ыкмалар Тависток тарабынан системалык түрдө ишке ашырылууда. Бул
ыкмаларга эл арасында гомосексуализм сыяктуу күнөө иштерди пропагандалоо,
Румилик сыяктуу Куранга карама-каршы келген агымдарды жайылтуу, адамдардын
коркуу жана кыжырдануу сезимдерин күчөтүү, дарвинизмди колдоп жайылтуу сыяктуу
иш-аракеттер кирет.
Рэнд Корпорэйшн
(RAND Corporation) жана «Urban Institute» сыяктуу аналитикалык борборлор да Тависток менен
байланышта. Өзгөчө АКШнын саясий кыймылдарында маанилүү роль ойногон бул
аналитикалык борборлор саясий процесстерге маанилүү салым кошушат. АКШ
өкмөтүнүн маанилүү, стратегиялык мекемелерине анализдерди жана изилдөөлөрдү
жүргүзүшөт. Бул уюмдардын Тавистоктон кеп-кеңеш алышы негизги буйруктардын
Британиядан келээрин далилдейт. Британия терең мамлекети АКШнын тышкы саясатын ушинтип
кээ бир уюмдар аркылуу керектүү нукка салат. Ошентип АКШнын тышкы саясаты АКШ
түптөлгөндөн бери Британия терең мамлекети тарабынан башкарылып келе жатат.
Тавистоктун манипуляция ыкмалары
Шок жана паника аркылуу оңой башкарып алуу: бул стратегия АКШ менен Британиянын 2003-жылы
март, апрель айларында Жакынкы Чыгыштагы жана өзгөчө Ирактагы аскердик
кийлигишүүсүнүн пайдубалын түзгөн бир теория. «Шок жана паниканын» 1945-жылкы
Хиросима жана Нагасаки бомбалоолоруна «ядролук эмес бир альтернатива» болоору
күтүлгөн. Башкача айтканда, бул ыкма ядролук бомба колдонулбастан, атом
бомбаларындай натыйжа бере турган бир аскердик кийлигишүүнү түшүндүрөт. Бир
көрсөтмөдө бул стратегия төмөнкүдөй сүрөттөлгөн:
Бул
курал-жарактардын таасири шок жана паника аркылуу катардагы Япония жарандарынын
маанайын жана Япония жетекчилеринин көз-карашын өзгөртүүгө жетиштүү болгон.
Япондор бир учактагы кыйратуучу күчтүн масштабын болжолдой алышкан эмес. Бул
аларды паникага салган.344
Бул стратегияны
сүрөттөгөн башка булактарда шок жана паниканы пайда кылуу үчүн, курал-жарак
күчүнөн тышкары, пропаганда операцияларынын да кеңири масштабда жүргүзүү керек
экендиги айтылат жана керек учурда «алдамчылык, башаламандык, туура эмес жана
кем маалымат берүү ыкмаларын колдонуу» сунушталат.345
Согушта психологиялык күрөш: мында адамдардын аң-сезиминен тышкары,
душмандын эркин да толук башкарып алуу жана душманды кыймылдай албай турган же
жооп бере албай турган абалга алып келүү максатталат. Американын мурдакы
чалгындоо кызматкери д-р Джон Коулман бул сөздөрдүн Британия армиясынын
Психологиялык согуш бөлүмүнүн адис теоретиги Джон Роулингс Риздин сабактарында
жана окуучулардын аң-сезимин калыптандыруу максатында колдонулган китептерде
орун алганын баса белгилеген.
Массалык маалымат долбоору: АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аскердик психологиялык согуш багытында адистешкен
тыңчыларды колдонуу сыяктуу тактикаларды колдонгон бир «массалык медиа»
иш-чарасына он миллиарддаган доллар инвестиция жасаган. Д-р Джон Коулмандын
айтуусу боюнча, USAID Америка өкмөтүнүн Тависток менен келишим
түзгөн жүздөгөн агенттиктеринин бири.346
Пропаганда катары көңүл ачууну колдонуу: бул стратегияны иштеп чыккандардын ою
боюнча, жаштар «көңүл ачуу» багытындагы билдирүүлөрдөн башка багыттагы
билдирүүлөргө караганда азыраак сак болушат. «Көңүл ачууну колдонуу аркылуу
пропаганда жүргүзүү» ыкмасы USAID агенттигинин эл аралык деңгээлде элдерди
башкаруу аракетинин негизги бөлүгүнө айланган.347
Журналисттер коллективи: эл аралык уюмдарды жана алардын саясаттарын
башкарган күчтүү, бай өлкөлөрдө ал уюмдардын жасалма (ширма) ролдору жөнүндөгү
изилдөөлөргө ишенимдүү булак болуп беришет. Тависток институтунун жана
аналитикалык борборлордун көпчүлүгүнүн жетекчилери Тавистоктун Коомдук илимдер
тармагында иштеген кызматкерлеринен таалим алышкан.348
Тависток, мындан
тышкары, «геноцидге» окшогон түшүнүктөрдү чыгарган «постмодерн психологиялык
согуштарды», пропаганда аркылуу ар кандай үгүттөө ыкмаларын, партизандык согуш
учурунда психологиялык операцияларды жана массалык мээ чайкоо иш-аракеттерин
камтыган манипуляция системасына ээ. Бул тактикалар чалгындоо мекемелерине жана
бир катар аналитикалык борборлорго үйрөтүлөт. Согуш, көтөрүлүш жана нааразылык
учкундары ушул тактикалар аркылуу тутандырылат жана адамдар «кадимки шарттарда
кабыл албай турган нерсени» ушул тактикалардын натыйжасында кабыл ала башташат.
Жаштар тымызын ыкмалар аркылуу ушундай манипуляцияларга кабылып, көңүл ачуу
жаатындагы бардык тармактарда мээ чайкоо тактикаларынын бирөөсүнө туш
болушууда. Бул жаштардын гомосексуализмге көнүгүшүнө, баңгизат колдонгондордун
көбөйүшүнө, улуттук баалуулуктардан алысташына жана, ал тургай, бархаттык
революция баштоо керек болгон өлкөлөрдө көтөрүлүшчү топтун пайда болушуна себеп
болууда.
Тавистоктун
манипуляция ыкмалары көптөгөн аналитикалык борборлордун колдонмо китепчесине
айланган. Алардын кээ бирлерин карайлы.
Булактар:
340. Erol Bilbilik, İşgal Örgütleri, CIA, NATO,
AB, 2 Basım, Asya Şafak Yayınları, İstanbul 2008, s. 17-29
341. “Tavistock Institute for Global
Manipulation”, 1:20, https://www.youtube.com/watch?v=vZG0b02zCdg
342. Erol Bilbilik, İşgal Örgütleri, CIA, NATO,
AB, 2 Basım, Asya Şafak Yayınları, İstanbul 2008, s. 17-29
343. Bilbilik, a.g.e., s. 17-29
344. John Coleman, The Tavistock Institute For
Human Relations: Shaping the Moral, Spiritual, Cultural, Political and Economic
Decline of the United States, Global Review Publications, 2006, s. 90
345. Coleman, a.g.e., s. 90
346. Coleman, a.g.e., s. 92
347. Coleman, a.g.e., s. 92
348. Coleman, a.g.e., s. 94


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder