23 Ocak 2019 Çarşamba

4-БӨЛҮМ: АНАЛИТИКАЛЫК БОРБОРЛОР АРКЫЛУУ ДҮЙНӨНҮ БАШКАРУУ


Британия терең мамлекети коргоп колдогон аналитикалык борборлор

Биздин заманыбызда «аналитикалык борборлор» деген бир түшүнүк пайда болгон. Саясий же укуктук жактан өкмөттөрдөн көз-карандысыз болгон, бирок өкмөттөргө жол көрсөтүүчү идеяларды иштеп чыккан мекемелер ушинтип аталат. Бул мекемелердин арасында өкмөттөргө пайдалуу идеяларды иштеп чыгууга аракет кылган ак ниеттүү түзүмдөр да болгону менен, дүйнөлүк масштабда өкмөттөрдөн да таасирдүү күчкө айланган бир катар аналитикалык борборлорго токтолуу керек.
Анткени, Британия терең мамлекети тымызын саясаттарын ушул аналитикалык борборлор аркылуу пропагандалап, дүйнөлүк саясатты ар кандай ыкмалар менен ушул мекемелер аркылуу башкарууда. Бүгүнкү күндө бийликтеги лидерлер, потенциалдуу лидер талапкерлери сыяктуу көптөгөн саясатчылар сөзсүз ушул мекемелердеги жашыруун чогулуштарга катышып, өздөрүн көрсөтүшү керек. Бул Британия терең мамлекетинин саясатчылардын кайсы тарапта экендигин аныктоо стратегиясы. Британия терең мамлекетинин тарабында эмес саясатчылар болсо ушул мекемелердин жабык эшиктеринин артында көндүрүлүшөт.
Бул аналитикалык борборлордо иштеген, Британия терең мамлекетинин тымызын стратегияларынан кабарсыз, чыныгы мекенчилдер да, албетте, бар. Бул жерде мындай кишилерге жана ак ниеттүү мекемелерге эч кандай сөзүбүз жок. Ошондой эле, аналитикалык борборлордун кээ бир багыттарда пайдалуу көз-караштары да жок эмес. Мыйзамдуу, пайдалуу жана диний ынтымакка салым кошкон мындай көз-караштарды ар дайым колдойбуз. Бул жердеги биздин сын-пикирлерибиз Британия терең мамлекетинин тымызын пландарын бир катар аналитикалык борборлор аркылуу ишке ашырууну көздөгөн терең мамлекеттин мүчөлөрүнө жана терең мамлекеттин таасиринде калган кишилерге багытталган. Бул мекемелердин Британия терең мамлекетинин таасиринин астында жасаган иш-аракеттерин ашкерелөө абдан маанилүү. Себеби бир катар аналитикалык борборлордо өткөрүлгөн, алардын сөзү менен айтканда, «үзүрлүү сүйлөшүүлөр» чындыгында бир катар өлкөлөр жөнүндө чыгарылган тымызын чечимдерди түшүндүрөт.
Британиянын тышкы саясатынын Чатем Хаус (Chatham House) аттуу аналитикалык борбордо иштелип чыгаарын учурда элдин баары билет. Бирок көп билинбеген дагы бир маанилүү чындык бар: Чатем Хауста бир эле Британиянын тышкы саясаты эмес, дээрлик бардык өлкөлөрдүн тышкы жана ички саясаттары иштелип чыгат. АКШлык саясатчылар чечим чыгарарда кыскача CFR деп айтылган Эл аралык мамилелер кеңешин (Council on Foreign Relations), Вашингтон институтун (Washington Institute) же Брукингс институтун (Brookings Instute) карашат. НАТОнун аскердик пландары Атлантика кеңешинде (Atlantic Council) иштелип чыгат. ЦРУнун (CIA) артында «көмүскө ЦРУлар» деп айтылган Рэнд Корпорэйшн (RAND Corporation) же Стратфор (Stratfor) сыяктуу аналитикалык борборлор турат. Мурас фонду (Heritage Foundation) жаңы консерваторлордун (неокон: neo-con) жолун аныктайт. Демократ президенттердин тышкы саясаты Америка өнүгүү борбору (Center for American Progress) тарабынан аныкталат. Булардын баары аналитикалык борборлор. Конституциялык укугу жок жана эч кимге жооп бербеген бул мекемелер өкмөттөрдү башкаруучу бир күчкө айланган.
Бул аналитикалык борборлор кагаз жүзүндө идеяларды иштеп чыгуу максатында биргелешкен, калыс жана коммерциялык эмес идея мекемелери деп аталышат. Бирок чындыгында булардын бир бөлүгүнүн пайдубалы Британия терең мамлекети тарабынан түптөлгөн. Ал жерде он миңдеген илимпоздор, жазуучулар, аскерлер жана саясатчылар билип же билбестен, Британия терең мамлекетине кызмат кылышат. Бул бири-биринен көз-каранды, иерархиялык бир система. Пландар эң үстүнөн иштелип чыгып, аналитикалык борборлор тарабынан сунушталат. Элге түшүндүрүлөт. Аналитикалык борборлор бир катар абройлуу маалымат каражаттары менен да байланышта болгондуктан, коомдук пикирди пайда кылууда эң натыйжалуу инструменттер болуп саналат.
Идеялар же пландар аналитикалык борборлорго таңууланат. Мисалы, эч кандай адамдык, абийирдик жана коомдук таянычы болбогон «маданияттардын кагылышуусу» (столкновение цивилизаций) аттуу көз-караш христиандар менен мусулмандардын, мусулмандар менен мусулмандардын жана бир туугандай жашаган этникалык топтордун ортосунда коркунучтуу кагылышууларга пайдубал түздү. Бул гипотезаны бул жасалма согуштан кызыкчылык алууну көздөгөн Британия терең мамлекти чыгарган. Аналитикалык борборлор ушундай учурда кызмат кылышат; ой-пикир жарыяланат жана андан соң аналитикалык борборлор ал пикирге болгон күчү менен колдоо көрсөтүшөт. Аналитикалык борборлор пайдубалды натыйжалуу колдонгондуктан, акылга сыйбаган гипотезалар да пропаганда аркылуу элдердин аң-сезимине сиңирилип, көпчүлүк тарабынан кабыл алына баштайт. Гезиттер, телевизорлор, социалдык тармактар, атактуу кишилер жана массалык психология абдан натыйжалуу колдонулат. Бул Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштардагы «пропаганда» согушунун башкача бир формасы. Аналитикалык борборлордо иштелип чыккан бул пропаганда ыкмалары Жакынкы Чыгышты басып алуунун, ар түрдүү кыргындардын, теракттардан келип чыккан коркуу жана башаламандыктын пайдубалын түзөт. Бул ушунчалык көп кайталангандыктан, адамдарда «он миңдеген километр алыстыктагы, абдан чыгымдуу бир согуштун зарылчылыгы бар беле» деген суроо да жаралбай калат.
Бул жерде сөз кылынган аналитикалык борборлордун бирөөсү дагы ой-пикирлерди өзү чыгарбайт. Алар Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндөгү бардык мекемелер, өкмөттөр жана чалгындоо кызматтары сыяктуу, алдыларына коюлган маалыматтарды жана иш-аракеттерди тастыктоо милдетин гана аткарышат. Кайсы саясатчыны кайсы тарапка багыттоо керек, кандай сырткы саясат жүргүзүү керек же кайсы террордук уюмду колдоо керек деген сыяктуу багыттардын баарын Британия терең мамлекети бул борборлорго билдирип турат. Бул аналитикалык борборлор жашыруун чалгындоо маалыматтарын Британия терең мамлекетинен алышат. Аналитикалык борборлордун ал маалыматка таянып кандай саясат жүргүзөөрүн да кайра эле Британия терең мамлекети аныктайт. Кыскасы, бул борборлордун Британия терең мамлекетинен келген көрсөтмөлөргө каршы чыгуу күчү да, укугу да жок. Бүт баары мажбурлуу түрдө Британия терең мамлекетине баш ийет.
Жазуучу Бану Авар бул мекемелерди төмөнкүчө сүрөттөйт:
Батыштык аналитикалык борборлорду илимий анализдерди жасаган белгилүү адистерди бириктирген, калыс/көз-карандысыз мекемелер деп ойлосоңуз, анда абдан жаңылышасыз. Алар абдан бир жактуу жана абдан көз-каранды. Алар татаал согуштардын эң алдыңкы каармандарынын бири. Эл аралык кризистик топ Брюссель, Лондон, Нью-Йорк жана Вашингтондогу кишилерден турган бир «аналитикалык» борбор. Өздөрүнүн сайтында финансылык демөөрчүлөрүн «өкмөттөр, фонддор, кишилер жана фирмалар» деп көрсөтүшкөн. Бирок ошол эле сайтта өздөрүн өкмөттүк эмес (бейөкмөт) уюм деп аташкан. Акчаларын өкмөттөрдөн алышат, бирок өкмөттөрдөн көз-карандысыз!338
Көрүнүп тургандай, ой-пикирлер «Британия терең мамлекетинен аналитикалык борборлорго, алардан болсо өкмөттөргө» барат. Аналитикалык борборлор менен өкмөттөрдүн Британия терең мамлекетинин талабын аткарбай коюу мүмкүнчүлүгү жок. Тарыхтан бир мисал келтирсек, Биринчи дүйнөлүк согушту токтоткон төрт негизги келишимдин, т.а. Версаль, Севр, Трианон жана Сен-Жермен келишимдеринин тексти 1919-жылы Париж конференциясына катышкан делегаттар тарабынан даярдалган. Ал делегаттар кийинчерээк Британиядагы Чатем Хаусту жана Америкадагы Эл аралык мамилелер кеңешин (CFR) негиздешкен.
Бул аналитикалык борборлор Британия терең мамлекетине кызмат кылган бир топ кишини сөзсүз алууга мажбур. Ал кишилер окуяларга, кишилерге жана өлкөлөргө багыт берүүдө ар түрдүү каналдарды колдонушат. Аналитикалык борборлордун көпчүлүгүндө жаш, амбициялуу, бирок тажрыйбасыз «талдоочуларга» (аналитиктерге) кеңири мүмкүнчүлүк берилишинин негизги себеби ушунда. Ал талдоочулар алдына коюлган ой-пикирлерди айтып чыгууга милдеттүү. Болор-болбос кызыкчылыктарга алданууга ансыз да даяр болушат. Ошондуктан Британия терең мамлекетинин ыңгайлуу пропаганда шайманына айланышат. Алар үчүн CFRдын мүчөсү болуу же бир CFRдын мүчөсүн таануу, Чатем Хауста бир канча сүйлөм болсо да сөз сүйлөө, социалдык тармактарда аналитикалык борборлордун өкүлдөрү тарабынан сөзгө алынуу укмуш кадыр-барктуу нерсе болуп саналат. Мындай адамдар чогулуштар жана маалымат каражаттары аркылуу атагы чыгарылып, аналитикалык борборлордун кызматкерлери катары көрсөтүлөт. Өзгөчө башка мамлекеттен болсо, биринчи кезекте өз өлкөсүнүн Британия терең мамлекетинин кызыкчылыгына туура келбеген саясаттарын сындоо милдети жүктөлөт. Даяр ой-пикирлерди колдонгон даяр жоокерлер десек болот. Ошентип Британия терең мамлекетинин карамагындагы бул аналитикалык борборлор, бир жагынан, саясатчыларга жана өкмөттөргө түздөн-түз таасир тийгизсе, экинчи жагынан, табылган тыңчыларды чалгындоо жана пропаганда максатында колдонушат.
Мунун маанилүү бир мисалы Түркия менен байланыштуу. Айта кетсек, Түркиядагы 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракети эки аналитикалык борбордун өкүлдөрү, ошондой эле PKK (Partiya Karkeren Kurdistan: Курдистан жумушчу партиясы) жана FETÖ (Fethullahçı Terör Örgütü: Фетхуллахчы террор уюму) менен тыгыз байланышы бар, Эрик С. Эдельман (Eric S. Edelman), Мортон Абрамовитц, Генри Барки (Henri J. Barkey) жана Эд Хусейн (Ed Husain) тарабынан 2014-жылы «Bipartisan Policy Center» аттуу бир аналитикалык борборго даярдалган баяндамада абдан терең сүрөттөлгөн.
Кийинки бөлүмдөрдө терең каралган Эд Хусейн аттуу киши өзгөчө 15-июльдагы төңкөрүш аракети учурунда жана андан кийин ашыкча эле Түркияга жагынууга аракет кылып, муну жаап-жашыруу үчүн жан үрөдү. Бирок 2014-жылкы баяндама Түркияда 2016-жылы жай айында ишке ашырыла турган жана Британия терең мамлекети «ийгиликтүү болот деп үмүт кылган» бул чыккынчы төңкөрүш аракетин абдан терең сүрөттөгөн. 15-июльдагы төңкөрүш аракетинин бир «жогорку акыл» тарабынан уюштурулганын окуялар башталгандан эле элдин баары айтып жатты. Бирок бул «жогорку акылдын» Британия терең мамлекети экендигин жана иш жүзүндө аналитикалык борборлордун кээ бир мүчөлөрүн колдонгондугун көп адамдар билген жок.

Аналитикалык борборлор жана мажбурлуу идеологиялар

Британия терең мамлекетинин буйруктарын аткарууга мажбур болгон аналитикалык борборлор сөзсүз түрдө аларга жүктөлгөн идеологиялык пайдубалды түзүүгө милдеттүү. Бул максатта коомдорду башаламандыкка, адеп-ахлактык бузулууга жана атеизмге түртө турган элементтер жана негизги принциптер иштелип чыккан. Аналитикалык борборлорго чогултулган жана пропаганда шайманы катары колдонулган тажрыйбасыз, ач көз кишилер бул борборлордун мүчөсүнө айлануу үчүн негизги идеологияларды кабыл алууга мажбур болушат. Алардын эң негизгиси – бул, дарвинист болуу. Дарвинизмди Британия терең мамлекетине кызмат кылган бардык мекемелер жактайт. Анткени, дарвинизм – Британия терең мамлекети жайылткысы келген бардык балээлердин идеологиялык пайдубалы жана адеп-ахлактык оңолуунун эң чоң душманы.
Бул кишилерге таңууланган экинчи негизги философия болсо – бул, гомосексуализмди жактоо. Куран, Тоорот жана Инжилде «жийиркеничтүү бир ыпыластык» деп сүрөттөлгөн гомосексуализм жашоонун бир көрүнүшүндөй же күнөөсүз бир көз-караштай чагылдырылып, «эркиндиктин» атын жамынып пропаганда кылынууда. Муну коомдордун аң-сезимине сиңирүү милдети да аналитикалык борборлорго жүктөлгөн. Куранда тыюу салынган гомосексуализм тымызын ыкмалар аркылуу коомдордун күнүмдүк жашоолоруна аралаштырылып, байкатпастан кабыл алдырыла баштады. Ал тургай, бул уюмдардын күчтүү басымынын натыйжасында гомосексуализмге каршы чыгуу диний караңгылык катары көрсөтүлүп, гомосексуализмге каршы чыккандар кысымчылыктарга кабылууда. Бир жыныстуу (гомосексуалдуу) никелерге уруксат бербеген диний кызматкерлер (монахтар) жумушунан айдалып, буга каршы чыккан жазуучулар, мугалимдер жана спортчулар жөнүндө каралоо кампаниялары жүргүзүлүүдө. Бул стратегиянын дарвинизмди жайылтуу жана коргоо стратегиясына окшоштугу кызыктуу көрүнүш. Анткени, экөө тең Британия терең мамлекетинин долбоору.

Гомосексуализм кээ бирлер айткандай гендерге байланыштуу бир оору эмес.
Гомосексуализм Куранда тыюу салынган, чоң күнөө.
Британия терең мамлекети коомдорду бузуу үчүн пропагандалоодо.

Аналитикалык борборлорго мүчө болуу үчүн таңууланган үчүнчү негизги философия болсо – бул, Руми болуу. Бул таң калыштуу көрүнүш, анткени бул уюмдардагы динден абдан алыс мусулмандардан тышкары, башка диндин өкүлдөрү, мисалы, христиандар, ал тургай, атеисттер да румиликти жакташат. Бул өзүнчө эле бир мажбурлукка айланган. Албетте, мунун негизги себеби, Мевляна Джалаладдин Румиге тиешелүү деп айтылган чыгармаларда түздөн-түз динсиздикке үгүттөгөн, арамдарды адал деп эсептеген жана гомосексуалдык мамилелерди түздөн-түз жактап, сүрөттөгөн жана эволюция көз-карашын кабыл алган сүйлөмдөр орун алган. Мындай Куранга туура келбеген сүйлөмдөр Британия терең мамлекети орнотууну көздөгөн жашоо мүнөзүнө толук шайкеш келет. Бул китептин 1-томунда да айтылгандай, бул сүйлөмдөрдүн Мевлянага тиешелүү экендигин көрсөткөн так бир далил жок. Бул сүйлөмдөр анын китептерине кийин кошулган болушу ыктымал. Бул жердеги биздин сын-пикирлерибиз Мевлянанын өзүнө эмес, Мевлянанын чыгармалары деп айтылган китептердеги адеп-ахлаксыз насааттарга арналган.
Ошондой эле, Анатолияга тиешелүү Мевлеви агымы да биздин сын-пикирибизден тышкары. Анатолиядагы Мевлеви агымын жана андан келип чыккан адамгерчиликтүү кулк-мүнөздү ансыз да Британия терең мамлекети эч качан кабыл албайт. Британия терең мамлекети Мевлянага тиешелүү деп айтылган китептердеги гомосексуализмди, эволюцияны жана динсиздикти кадимки нерседей көрсөтүүгө аракет кылган, адеп-ахлаксыз түшүнүктү колдонууда.


Бул сүйлөмдөр Британия терең мамлекетинин карамагындагы аналитикалык борборлордун белгилүү мүчөлөрү тарабынан катуу колдоого алынууда. Мындагы Британия терең мамлекетинин максаты – бир жагынан, Ислам динин колдонуп мусулмандарды пассивдештирүү аркылуу адеп-ахлаксыздыкка түртүү болсо, экинчи жагынан, Румиликке жамынып гомосексуализмди жана динсиздикти пропагандалоо.
Төртүнчү негизги философия – бул, динчилдерге каршы чыгуу жана сүйлөгөндө динчилдерди басмырлап сүйлөө. Натыйжада бул кишилерде кызыктай бир текебердик пайда болуп, өз ойлорунда бардык динчилдерди басмырладык деп ойлошууда.
Британия терең мамлекети Руми философиясын гомосексуализм жана дарвинизм менен бирге
жайылтууда. Мунун максаты - мусулмандардын күчүн кетирип, пассивдештирүү.


Мевлянага тиешелүү деп айтылган жана Түркиянын Диний башкармалыгынын
тастыктоосу менен басып чыгарылган китептердин мазмунунан кээ бир мисалдар.



Гомосексуализм пропагандасынын чыныгы жүзү

Гомосексуализмге Куранда да, Тооротто да, Инжилде да толук тыюу салынган. Курандын бул жөнүндөгү аяттары төмөнкүдөй:

Лут болсо коомуна мындай деген эле: «Силерден мурда ааламдардан эч ким кылбаган уятсыз-ыпыластыкты кылып жатасыңарбы? «Чындыгында силер аялдарды коюп, каалоо менен эркектерге жакындап жатасыңар. Чындыгында силер чектен чыккан (адашкан) бир коомсуңар.» (Аьраф Сүрөсү, 80-81)

«Силер адамдардан (жыныстык каалоо менен) эркектерге барып жатасыңарбы? Раббиңер силер үчүн жараткан жубайларыңарды таштап жатасыңар. Жок, силер чектен чыккан коомсуңар.» Мындай деди: «Чындыгында мен силердин бул кылганыңарга кыжырдануу менен каршы чыккандарданмын.» (Шуара Сүрөсү, 165-166-168)

«Силер (ошентсе да) эркектерге жакындап, жол тосуп, бир жерге чогулганыңарда ыпыластыктарды жасай бересиңерби?» Анда коому: «Эгер чын сүйлөп жатсаң, анда бизге Аллахтын азабын алып кел» деген гана жоопту айтышты. (Анкебут Сүрөсү, 29)

Тооротто да гомосексуализмдин күнөө экендиги апачык билдирилген жана Аллах Содом менен Гоморраны бул ыпылас иштери үчүн жер менен жексен кылгандыгын кабар берген:

Алар жатаардан мурда, шаардын эркектери, Содомдун бүт тарабынан жаш, улгайган бардык эркектер, үйдү курчады. Лутка кайрылып: «бүгүн түндө сага келген кишилер кайда?» деп сурашты, «алып кел аларды жаталы». (Жаратылуу 19:4-5)

Рабби Содом менен Гоморранын үстүнө асмандан оттуу күкүрт жаадырды. Ал шаарларды, бүт өрөөндү, ал жердеги адамдардын баарын ... жок кылды. (Жаратылуу 19:24-25)

Аял менен жаткандай бир эркек менен жатпагын. Бул жийиркеничтүү. (Лебилер 18:22)

Бир эркек башка бир эркек менен жыныстык мамиле кылса, экөө тең ыпыластык кылган болот. (Лебилер 20:13)

Инжилдеги гомосексуализмге тыюу салган өкүмдөр болсо төмөнкүдөй:

Андыктан Кудай алардын жийиркеничтүү жыныстык кумарларга батышына жол берип койду... эркектери да аялдар менен болгон табигый катнаштарын токтотуп, бири-бирине (гомосексуалдык катнаш үчүн) кумарданышты. Эркектер эркектер менен уятсыз катнашка барышты жана өз денелеринде бузукулуктарына жараша жаза алышты... Ар кандай адилетсиздикке, жамандыктарга, ач көздүккө жана кекенүүгө берилишти. (Римдиктер 1:26-29)

[Аллах] Содом жана Гоморра шаарларын (гомосексуалдык иштеринен улам) күйгүзүп талкалап соттоду. Ошентип Кудайсыздардын башына келе турган жазаларга бир мисал берди. (2 Петир 2:6)

Таң калыштуусу, Куранда, Тооротто жана Инжилде апачык тыюу салынган гомосексуализмди «реформанын тарапкерлери», өздөрүн демократиянын тарапкери катары көрсөткөндөр, эркиндик үчүн күрөшүп жатабыз дегендер, либералдар, социалисттер, өзүн динчил көрсөткөндөр, бир катар жасалма интеллигенттер, ал тургай, кээ бир университеттер жана бир катар саясатчылар да жактап башташты. Гомосексуализм кандайдыр бир идеология, көз-караш же демократиялык маселе эмес. Ал тургай, гомосексуализм жашоо мүнөзү да эмес. Алар бир жашоо мүнөзүн эмес, тыюу салынган бир иш-аракетти жактап жатышат. Бир катар кишилердин уятсыз жыныстык мамиледе жашашы үчүн пропаганда жасалууда. Эң кызыгы, бул арам ишке абдан кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Мисалы, аялдардын декольте кийинишине, каалагандай эркин жашашына, бойонуп жасанышына абдан каршы чыккан топтор гомосексуалдардын көчөлөрдө кызыктай бойонуп, кызыл-тазыл жана чоң декольтелүү кийимдер менен, ал тургай, жылаңач бойдон жүрүшүнө унчукпай калышууда. Кадимки шарттарда абийири кабыл албай турган бул көрүнүштү айла жок колдошууда. Анткени, бул Британия терең мамлекетинин бир талабы.

Чоң күнөө болуп саналган гомосексуализм дажжал комитетинин буйругу менен
дүйнө жүзүндө демократиянын бир шартындай көрсөтүлүүдө. Митингдер, концерттер,
тасмалар жана жарнамалар аркылуу тымызын пропаганда жүргүзүлүүдө.

Булардын баары коомдорду бузуу үчүн атайын тандалып алынган пропаганда ыкмалары болгондуктан, айланабызда гомосексуализм пропагандасы барган сайын күчөп баратат. Бир тасмадагы эң жакшы көргөн каарманыбыздын эң жакын досу гомосексуал кылып көрсөтүлөт жана анын бул тарабы тасмадагы репликаларда кайра кайра макталат. Ар бир тасмада кандайдыр бир жол менен сөзсүз гомосексуализм пропагандасы жасалат. Компьютер колдонуучулары эң көп колдонулган социалдык тармактагы баракчаларынын белгилеринен да үйлөнгөнү жаткан гомосексуал жуптун быйтыкчаларын көрүшөт. Компьютерге эң көп файл жүктөлчү сайттын арткы фонуна эки гомосексуалдын сүрөтү жайгаштырылат. Концерттер Британия терең мамлекети үчүн гомосексуализм пропагандасына эң ыңгайлуу жерлер болуп саналат. Өзгөчө жаштар көп келген мындай жерлер массалык пропаганда үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк катары көрүлөт. Сахнага чыккан гомосексуал бийчи гомосексуал экенин апачык жарыялап, белгилүү топтор аны «эрдик» катары баалап кол чапкан болсо, пропаганда максатына жеткен болот.
Саясий жана диний талкууларда гомосексуализм пропагандасы «демократиянын» атын жамынып жүргүзүлөт. Толугу менен эркиндикти жактаган бир саясатчы гомосексуализм Аллах «жийиркеничтүү» деп сыпаттаган, тыюу салынган бир иш-аракет деп айтса, «демократиянын касы» деп жарыяланат. Эки эркектин ыпылас мамилесинин демократия менен, албетте, эч кандай байланышы жок. Бирок идеологиялык пропаганда коомдордун аң-сезимин ушундай абалга алып келди. Бүгүнкү күндөгү жасалма «интеллигенттердин» бир бөлүгү гомосексуализмди жактаганда чындап эле эркиндикти жактап жатабыз деп ойлошууда. Британия терең мамлекетинин тынымсыз пропагандасы аларды ушундай айоолуу абалга алып келди.
Пропаганда натыйжа берип, АКШнын бир катар штаттарында жана Европанын бир топ аймактарында бир жыныстуулардын никесин кыюудан баш тарткан монахтар жумушунан айдалып, ал тургай, сотко берилүүдө. Монахтын диний ишениминен улам мындай күнөөгө барууну каалабашы кылмыш деп эсептелүүдө. Ал эми жолдордо, көчөлөрдө ар кандай уятсыздыктардан тартынбаган гомосексуалдардын иш-аракеттери көкөлөтө макталууда. Британия терең мамлекети идеологиялык таалим берген коомдор бүгүн мына ушундай абалга келди.

Терең мамлекеттин тымызын планы - ачарчылыктан көз жумган жаш балдарды унуттуруп,
гомосексуалдарды тынымсыз эске салуу.

Дүйнөдө канчалаган ачарчылыктан, зордук-зомбулуктан кыйналгандар унутулуп, учурда
гомосексуалдарды коргоо акциялары уюштурулууда. Британия терең мамлекетинин
пропаганда ыкмалары мына ушундай натыйжа берүүдө.

Бир нерсени белгилей кетүү керек: бул жердеги сын-пикирлер кайсы бир жеке кишилерге багытталган эмес. Ал тургай, бүгүнкү күндө гомосексуалдарга жасалып жаткан зордук-зомбулуктарга каршыбыз жана чечкиндүүлүк менен айыптайбыз. Идеялык күрөш идеяларга багытталышы керек; идеянын ордуна адамдарга чабуул жасоо жапайы бир стратегия болуп саналат. Бул жерде гомосексуализм иш-аракетинин күнөө экендиги белгиленип, бул күнөөнүн пропагандаланышы сындалууда. Учурда дүйнөдөгү ач жана үйсүз калган жаш балдарга, согушта калып кыйналган элдерге, таяк жеген жана өлтүрүлгөн аялдарга уюштурулбаган колдоо иш-чаралары гомосексуализмге уюштурулууда. Мунун артында өтө тымызын бир пландын тураары айдан ачык.

Аналитикалык борборлордун өз кызыкчылыгын көздөгөн кошоматчылары

Британия терең мамлекетинин кошоматчыларынын эң негизги өзгөчөлүгү - пил сыяктуу терең мамлекетке
тиешелүү символдорду колдонуп, терең мамлекетке колдоо көрсөтөөрүн ишарат кылуу.

Британиянын мурдакы колонияларынын бүт баарында пил символунун алдыңкы планга чыгышы
таң калаарлык. Британия терең мамлекети бүт тарапта үстөмдүккө жетишкенин ушул символдор
аркылуу көрсөткөнгө аракет кылган.

Аналитикалык борборлорго кызмат кылып баштаган тажрыйбасыз кишилер бара бара бул атеизм пропагандасынын таасиринде калып, гомосексуализмди өмүрлөрүнүн бир бөлүгүнө айландырып, бузуку жашоого аралашып кетишүүдө жана андан соң, өздөрүн мусулмандардан, христиандардан, иудейлерден, кыскасы, бүт адамдардан жогору көрүп башташууда. Байкаган болсоңуз, учурда маалымат каражаттарында же социалдык тармактарда аты көп чыккан кээ бир адамдар – ушул борборлордун пропаганда желесин түзгөн кошоматчылары. Алар өлкөлөрдүн тышкы саясатында, гомосексуализм иш-чараларында, нааразылык акцияларында, төңкөрүш аракеттеринде ар дайым алдыңкы планда болушат. Анткени, Британия терең мамлекетинин өзүмчүл жоокерлерине айланышкан.
Бул жоокерлер Британия терең мамлекетинин карамагындагы аналитикалык борборлорго жагынуу үчүн, алардын жашыруун символдорун колдонуп, алардын тили менен сүйлөшөт. Аларды ыраазы кылуу үчүн коомдук жашоолорунда жана социалдык тармактарда колунан келгендин баарын жасашат. Мисалы, алар Британия терең мамлекетинин негизги символдорунун бири болгон «пил» символун абдан көп колдонушат. Символдор аркылуу аларга өздөрүн таанытууну көздөшөт. Аналитикалык борборлор бул символдорду колдонгон адамдардын «алардын тарабында» экенин ошол замат түшүнүшөт.

Буштун учурунда терең мамлекеттин Черчилль символу башкы рольдо болгон. Сол тарапта Нетаньяхуга
берилген Черчилль бюсту. Пентагондо Черчилльдин айкели.

Британия терең мамлекетинин каршылыгына карабастан, президенттикке келген Трамп креслого
отураар замат терең мамлекеттин символу болгон Черчилльдин бюсту жанына келди.
Бул негизи дажжал комитетинин бир коркутуу ыкмасы.
Дагы бир маанилүү символ – бул, «Черчилль». Черчилль – Британия терең мамлекетине абдан берилип кызмат кылган бир башчы. Британия терең мамлекети өзүнүн жашоо философиясын жана башкаруу түшүнүгүн толук чагылдырган Черчилльге болгон сүйүүсүн ар дайым белгилегенден тажабайт. Ошондуктан Британия терең мамлекетинин кошоматчылары да өздөрүнүн дажжал комитетине болгон берилгендигин көрсөтүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктө «Черчилльди» колдонушат. Китептеринин арасына Черчилль менен байланыштуу китептерди, кеңселерине Черчилльдин бюстун коюшуп, ооздорунан Черчилльдин атын түшүрүшпөйт. Черчилльге басым жасоо аркылуу Лондонго «мени колдогула, мен силерденмин» деп ишара кылышат.
Бул багытта колдонулган дагы бир символ – бул, Стамбулдагы Галата мунарасы. Стамбулду басып алган учурда британиялыктар тарабынан база катары колдонулган жана, ал тургай, астыңкы кабатындагы кыйноочу бөлмөлөрдө канчалаган түрк мекенчилдер кыйноого алынган Галата мунарасы Британия терең мамлекетинин жашыруун байланыш кодуна айланган. Бул мунара, албетте, Түркиянын маанилүү бир тарыхый байлыгы. Бул жерде биз бул тарыхый байлыгыбыздын Британия терең мамлекети тарабынан чыккынчылык менен бир символго айландырылганын жана мунун терең мамлекеттин кошоматчылары тарабынан үзгүлтүксүз колдонулуп жаткандыгын сындап жатабыз. Буга китептин 1-томунда кеңири токтолгонбуз.
Ушул жана ушуга окшогон символдор Британия терең мамлекетине көмөк көрсөтүүнү каалагандардын жашыруун байланыш коддору. «Мен силерденмин» деп белги берүүнүн эң ыкчам жолу. Бул ыкманы колдонгондор болор-болбос кызыкчылыктарды көздөгөндүктөн, кыска убакыт ичинде Британия терең мамлекетинин кошоматчыларына жана пайдалуу тыңчыларына айланышат. Аналитикалык борборлор бул белгини ошол замат алып, белги берген кишилерди колдонуп башташат. Белги берген кишилер эгер Түркия сыяктуу абдан маанилүү өлкөлөрдөн болсо, анда терең мамлекеттин кызматкерлери ошончолук кызыкдар болушат. Андан соң, кошоматчылар өз өлкөлөрүнө каршы каралоо пропагандасынын куралына айланышат.

Стамбулдагы Галата мунарасы да Британия терең мамлекетинин бир символуна айланган.

Аналитикалык борборлор тарабынан «өз өлкөсүнө каршы каралоо пропагандасында» пайдаланыла турган «батышты пир туткан» кишилер «Hangi Dünya Düzeni?» (Кайсы дүйнөлүк тартип?) аттуу китепте төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Сөз байлыктары абдан жакыр. Ооздорунан чыккан сөздөр бири-бирине окшош. Жасалма акылмандык... «Өзгөрүү, демократия, эркиндик, адам укугу» деген сөздөрдү кайталашат... Колдоруна берилген бир текстти окуп жаткандай туюлат...
Негизи алар экиге бөлүнөт. Бир канча муун шаарда жашагандар батышты Каабадай көрүп калышкан, колледждерде окуп, Европа же Америкага барууну көздөшөт. Атилла Илхан айткандай, сааттарын батышка карап тууралашкан. ... Батыштагы «губернаторлоруна» (башчыларына) баш ийгенине карабастан, Мустафа Кемал Ататүрктүн атын эскеришет! Элди ар дайым басмырлашат. Өздөрүн өлкөдөгү азчылыктардай (аз улуттардай) сезишет. Түрк болгулары келбей, башка эмне бар болсо ошонун баары болууга даяр турушат.339
Мындай кишилер түрк экенин четке кагып, өз өлкөсүн жамандоо жана мүмкүн болушунча каралоо пропагандасын күчөтүү үчүн «азчылык» тонун жамынышат. Алар өмүрүндө эч качан күрттөрдү, армяндарды же башка аз улуттарды ооздору менен айткандай жакшы көргөн эмес болушу керек; ал тургай, өмүр бою алардын бар экенин деле байкабай жашап келишкен. Бирок бир өлкөнү каралоо керек болгондо, Британия терең мамлекети тарых бою ар дайым азчылыктарды колдонуп келген. Британия терең мамлекети аналитикалык борборлор аркылуу кошоматчы кишилерге муну кармата салат. Ошондуктан мындай кишилердин бүт баарынын Түркияны жамандоо үчүн азчылыктарды колдонуп жаткандыгын көрүүгө болот. Муну өздөрүнчө маданияттуулуктун эң жогорку чеги катары көрсөтүшөт. Британия терең мамлекетинин карамагындагы аналитикалык борборлор зыян берүүнү көздөгөн өлкөлөргө мына ушул стратегияны колдонот.

Булактар:

338.     Banu Avar, Zemberek, Remzi Kitabevi, 2016, s. 134
339.     Banu Avar, Hangi Dünya Düzeni?, 20. Baskı, Remzi Kitabevi, 2009, s. 9

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...