Чоң согуштар жана дүйнөлүк үстөмдүк
Согуштар көбүнчө
белгилүү чөйрөлөрдүн бийлигин күчтөндүрүү жана белгилүү аймактардын
казыналарына ээ болуу максаттарын көздөйт. Бул согуштардын билинген тарабы. Көп
билинбеген тарабы болсо – бул, кээде согуштардын атайын, белгилүү бир максатты
көздөп иштелип чыгышы.
«Жогорку акыл Британия терең мамлекетинин чыныгы
жүзү» аттуу китептин
1-томунда чоң кыйроолорго себеп болгон Биринчи дүйнөлүк согуштун кантип
Британия терең мамлекети тарабынан пландалганын караганбыз. Согуштун алдында
Осмон империясына дос болуп көрүнгөн Британиянын, терең мамлекеттин планынын
негизинде, кантип бир заматта тигил тарапка өтүп кеткенин жана Осмон империясын
кулатуу планын кантип ошол согуш аркылуу ишке ашырганын далилдеп көрсөткөнбүз. Ошондуктан
бул саясаттын натыйжасында Биринчи дүйнөлүк согуштан бир гана Британиянын жеңиш
менен чыккандыгы да таң калаарлык эмес. Антанта өлкөлөрү согуштун
жеңүүчүлөрүндөй көрүнгөнү менен, негизги үлүштү Британия алып, стратегиялык
аймактарды ээлеп алган жана өнөктөштөрүн (союздаштарын) колдонуп, Мосул сыяктуу
келечекке байланыштуу терең пландарынын негизги борборлорун караткан. 600
жылдык чоң Осмон империясы болсо дал Британия терең мамлекети пландагандай кулаган.
![]() |
| Биринчи дүйнөлүк согуш Британия терең мамлекетинин долбоору болгон. Сүрөттө: Экинчи дүйнөлүк согушта Британиянын согуш учактары. |
Тарыхтын агымын
караганыбызда, дүйнөдөгү бүт согуштардын, ички кагылышуулардын жана
бөлүнүүлөрдүн артында кайра эле Британия терең мамлекетинин турганын көрөбүз.
Жалпысынан караганда мындай согуштардан жана кагылышуулардан ар дайым Британия
терең мамлекети пайда көргөн. Британия терең мамлекети өзүнүн максатына ылайык
Британиянын гегемониясын кеңейтип, байыткан жана көп өлкөлөрдү колониялаштырып,
көптөгөн жумушчу күчүнө ээ болгон.
Дүйнөдө эң көп
аймакты ээлеген Британия империясы негизи кулап жок болгон эмес, болгону жаңы
шарттарга ыңгайлашкан. Жаңы колониализм системасы Британия терең мамлекетинин
дүйнөгө үстөмдүк кылышына шарт түзгөн. Мындагы негизги ролду согуштар ойногон.
Экинчи дүйнөлүк
согуш алардын бири.
Эсиңиздерде
болсо, Биринчи дүйнөлүк согуштан соң бир гана Осмон империясында эмес, жеңилген
башка мамлекеттерде да Британия терең мамлекетинин буйруктары аткарылып,
Германия Версаль келишиминин негизинде дээрлик бүт байлыгын британдыктарга
тапшырган. Версаль келишими оор шарттары менен Германиянын байлыгына,
экономикасына жана элине чоң сокку уруп, бул чоң өлкөгө оор жаракат алып
келген. Мунун натыйжасында Германияда Расисттик партия күчтөнүп, эч күтүүсүз
бийликке келген. Андан соң Экинчи дүйнөлүк согуш жакындап баштаган.

Hiç yorum yok:
Yorum Gönder