24 Ocak 2019 Perşembe

ЧЕРЧИЛЛЬ ЖАНА ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШТА БРИТАНИЯНЫН ТЫҢЧЫЛАРЫ


Бул китептин 1-томунда Британия терең мамлекетинин тарых бою тыңчыларды жана кошоматчыларды колдонгонун жана көбүнчө өзүнө каратууну же пайдаланууну каалаган аймактарда тыңчылык иш-аракеттерге басым жасаганын терең караганбыз.
Эсиңиздерде болсо, Осмон империясын кулатууну чечкен Британия терең мамлекети Гертруда Белл жана Т.Э. Лоуренс баш болгон, Осмон империясынын аймагына жиберилген көптөгөн тыңчылары аркылуу тымызын каралоо пропагандасын жайылтып, көтөрүлүштөрдү уюштурган. Мында Осмон империясынын ичиндеги кошоматчыларын да колдонгон жана бул иш-аракеттердин натыйжасында ири империяны кулай турган абалга алып келген. Британия терең мамлекети тымызын уюштурулган тыңчылык иш-аракеттердин ар дайым ага керектүү натыйжаны бергенин көп жолу көргөн. Британия терең мамлекетинин активдүү бир мүчөсү болгон Черчилль бул тажрыйбаны Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда да колдонгон. Өзгөчө Гитлерден жеңилээрин түшүнгөндө АКШны согушка киргизүү үчүн 3 миң тыңчыдан турган бир мекеме түзгөн.

Тыңчылар Белл жана Лоуренс Черчилль менен бирге.

Ал тыңчыларга ар кандай милдеттер жүктөлгөн. Кээ бирлери басып алынган жерлерге жиберилген, кээ бирлери душман өлкөлөрдөгү маанилүү кишилерди жолдон адаштырган, кээ бирлери радио-байланышта иштеген, кээ бирлери болсо каралоо пропагандасында кызмат кылган. Британия терең мамлекетинин ыкмалары көп, ошондуктан Британия терең мамлекетинин тыңчылык стратегиясына бул китептин кийинки бөлүмдөрүндө тереңирээк токтолобуз.
Бул жерде болсо өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жана согуштан кийин кызмат кылган тыңчы жазуучуларды жана аял тыңчыларды карайбыз. Британия терең мамлекетинин ичинде бир катар тыңчылардын өзүнүн тажрыйбаларын башка ат менен китепке айландыруу салты бар жана бул ыкма аркылуу элдерди провокациялоо жана психологиялык башкаруу стратегиясы жүргүзүлөт. Китептер көбүнчө мектептерде жана университеттерде окуу китеби катары окутулат. Кээде болсо тасмага айландырылып, дүйнө жүзүнө жайылтылат. Максат – андагы ойду мүмкүн болушунча көп адамга жеткирүү.
Британия терең мамлекетинин экинчи маанилүү салты болсо – бул, маанилүү кызматтардагы тыңчыларын аялдардан тандашы. Бул эки маанилүү жагдайда алдыңкы планга чыккан ысымдарды карайлы:

Британиянын тыңчы жазуучулары

«Джеймс Бонд» китебинин автору Ян Флеминг

MI6 жашыруун кызматынын тыңчысы Джеймс Бонд жөндөмдөрүн мыкты колдонгон, дээрлик эч качан ката кетирбеген жана өлкөсүн сөзсүз ийгиликке жеткирген бир каарман катары атагы чыккан. Бул персонаж негизи Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Британиянын деңиз чалгындоо агенттигинде кызмат кылган Ян Флемингге тиешелүү. Флеминг андан соң MI6 кызматында иштеген.
Ян Флемингдин кызматы Экинчи дүйнөлүк согуш менен эле чектелген эмес. Согуштан соң Флеминг Британия терең мамлекети ар дайым көздөп келген Түркияга байланыштуу иштерде кызмат кылган. Британия терең мамлекети кайра эле өлкөдөгү азчылыктарды (аз сандуу улуттарды) эзүүнү көздөп, Түркия мамлекетинин тарыхына терең так калтырган 1955-жылдын 6-7-сентябрындагы окуялар келип чыккан. 1955-жылы 6-сентябрьда «Ататүрктүн үйү бомбаланды» деген провокациялуу жалган кабардын натыйжасында бир катар адамдар менен терең мамлекеттин кошоматчылары көчөгө чыгып, аз сандуу улуттардын үйлөрү менен дүкөндөрүн талап-тоноп башташкан. Бул окуялар Лондондо Британия, Греция жана Түркиянын ортосунда Кипр боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан тушта болгон. Кийин түрк тарыхына кара так калтырган бул окуянын Британиянын тыңчысы Ян Флеминг тарабынан уюштурулганы жана бул кабарды тараткан «Стамбул экспресс» (İstanbul Ekspres) гезитинин да ушул максатта пайдаланылганы аныкталган. Кадимки тиражы 20 миң болгон «Стамбул экспресс» гезити 6-сентябрь күнү 290 миң даана басылган. Шашылыш басылган гезит ошол кезде түзүлгөн «Кипр – бул, түрк» аттуу бирикменин (Kıbrıs Türk'tür Derneği) мүчөлөрү тарабынан бүт Стамбулда сатылып, элди кыжырдантуу максатында колдонулган.
Ян Флеминг
«Стамбул экспресс» гезитинин ээси Митхат Перин көп жылдардан кийин берген бир интервьюсунда 6-7-сентябрьдагы окуяларга себеп болгон жалган кабарды басуу учурунда кандай анормалдуу окуяларга туш болгонун айтып берген:
Гезит «Тан» басмаканасында эле. Мен Меркез Ханда элем. Гөкшин (Сипахиоглу) мага чалды. Мындай мындай бир кабар бар деди. «Экинчи басылмасын чыгаралы» деди. «Чыгарбай эле койолу» дедим. «Аба-ырайы да жаман, сатылбай калып калат» дедим. «Макул» деди. Бир аздан соң дилер (сатуучу) чалды. Гезиттердин акчасын алдын ала берем деди. ... Фуат Бүке. Башкы дилер. Басмаканага киргенимде 180 миң басылып да калган экен. Кабарым жок. «Кагазды кайдан таптыңар?» дедим. «Таптык» дешти. Кагазыбыз абдан аз болчу. Анормалдуу бир нерсе болуп жатканын түшүндүм. Барып ротациялык машинадан кагазды токтотуп салдым. «Эмне кылып жатасың?» дешти. Кагазды токтотуп салгам, бирок калыптарды токтотуу оюма келбептир. «Мындан ары баспагыла» дедим. «Макул» дешти. Мен ал жерден чыккан соң кайра улап коюшуптур кагазды.69
Көрүнүп тургандай, гезиттин провокациялуу жалган кабарды камтыган нускасынын басылышын гезиттин ээсине да баш ийбеген тымызын бир кол башкарган. Ал жашыруун кол Британия терең мамлекетинин тыңчысы Ян Флеминг болгон.
Бул провокациялуу кабар түздөн-түз Ян Флеминг тарабынан ойлоп чыгарылып, Британия терең мамлекети тарабынан «ижарага алынган» жогоруда аталган гезит жана бирикме аркылуу жайылтылган (бул бирикмеде жана гезитте ак ниети менен кызмат кылган, Британия терең мамлекетинин ыпылас оюндарынан кабарсыз бир туугандарыбызды аруулайбыз).
Булардын баары жетпегенсип Ян Флеминг 6-7-сентябрь күндөрү өзү уюштурган башаламандыктын дал ортосунда, Стамбулдун Бейоглу Истиклал проспектинде жүргөн. Стамбулга Ататүрктүн үйү жайгашкан Грециядагы Салоники шаары аркылуу келген.
Флеминг муну эч жашырган эмес. Ошол күндөрү Британиянын чет өлкөдөгү чалгындоо кызматынын атынан Стамбулда уюштурулган бир Интерпол чогулушуна «катышканын» жана ошол учурда чогулган элдин арасында калганын айткан. Эң кызыгы, Флеминг бул Интерпол чогулушуна чындыгында эч качан катышкан эмес. Ал жерге келишинин бирден-бир себеби провокация болгон.
6-7-сентябрьдагы окуялардын эртеси күнү Англиянын «Sunday Times» гезитинде «Стамбулда чоң көтөрүлүш» деген темада, окуяларды өз көзү менен көргөндөй сүрөттөп берген бир кабар чыккан. Эмнегедир бул кабарды жазган кишинин аты жазылган эмес. Ян Флеминг өз көзү менен күбө болгон 6-7-сентябрьдагы окуялардан эки жыл өткөн соң Джеймс Бондду жана өзүн бир заматта бүт дүйнөгө тааныта турган «From Russia With Love» (Россиядан сүйүү менен) аттуу китебин жазган. Эң кызыгы, китептеги кызыктуу окуялардын баары Түркияда Стамбулда болуп өтөт.70
Британия терең мамлекети ичинде көптөгөн этникалык топтор жашаган, ар кандай көз-караштагы адамдар менен бүт диндердин өкүлдөрү ынтымактуу жашап келе жаткан Түрк мамлекетин бөлүп-жарууну жана аягында жок кылууну илгертеден бери көздөп келген. Осмон империясын кулатууда бул оюн абдан көп ойнолуп, империянын курамындагы арабдар, индустар, күрттөр жана армяндар Британия терең мамлекети тарабынан көкүтүлгөн.
Бул оюн Осмон империясын кулатканы менен, Британия терең мамлекетинин Түрк мамлекетин бүтүндөй жок кылуу стратегиясы ишке ашкан эмес. Анткени, Мустафа Кемаль Ататүрк менен жоокер досторуна туш болушкан.
Көрүнүп тургандай, Британия терең мамлекетинин бул митаам стратегиясы Түркия Республикасы түптөлгөндөн кийин да улантылган жана Түрк элине эч жарашпаган 6-7-сентябрь окуялары көп улуттуу, көп бир туугандуу өлкөгө терең жараат алып келген. Британия терең мамлекети бул каралоо пропагандасынан соң бүт тараптан чабуулга өткөн жана бул окуялар Түркияда 1960-жылкы төңкөрүштү түптөгөн. Төңкөрүштөр бөлүмүндө муну тереңирээк карайбыз.

Герберт Джордж Уэллс

Герберт Джордж Уэллс
Дагы бир MI6 тыңчысы Г.Дж. Уэллс – Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндө курулган Тегерек столдун (Round Table) мүчөсү. Бул киши «дүйнөнү башкара турган ири жашыруун уюм стратегиясын түзгөндөрдүн» бири.
Уэллс 1880-жылдардын экинчи жарымында табигый-так илимдер боюнча окуусун улантып, ал жерде «Дарвиндин бульдогу» деп аталган Томас Гексли менен таанышкан. Уэллсти Гекслинин дарвинисттик көз-караштары катуу таасирденткен. Анын романдарында эволюционисттик көз-караштар таамай көрүнүп турат. Мальтусту жактаган көз-караштарды да колдогон. Жалгыз дүйнө жана мээни башкаруу пикирлери менен Британиянын чалгындоо кызматтарына кызмат көрсөткөн.
Г.Дж. Уэллс Time Machine (Убакыт машинасы) аттуу китебинде «уктап жаткандар ансайын уктатылат, балким бир бөлүгү жок кылынат; калгандардын келбеттери өзгөртүлүп, үңкүр адамына (троглодит) айланышат жана жер астындагы иштөө лагерьлерине киргизилишет» деп айткан.
Г.Дж. Уэллс The Outline of History (Тарыхтын схемасы) аттуу китебинде болсо Бириккен улуттар уюмунун кандайдыр бир мааниде «өкмөттөр уюму» экендигин айтып, дүйнө негизи бир «адамдар уюмуна» муктаж деген. Башкарууну өлкөлөрдөн борбордук бийликке өткөрүп берүүчү «Дүйнө конституциясына» таянган бир «Дүйнөлүк кошмо мамлекеттер» курулушу керек деген. Ал борбордук бийлик Британия терең мамлекети болмок.
Уэллстин Time Machine (Убакыт машинасы), The Invisible Man (Көрүнбөс адам), The War of the Worlds (Дүйнөлөрдүн согушу) жана толугу менен эволюциянын пропагандасына арналган The Island of Dr. Moreau (Доктор Моронун аралы) аттуу китептери – Британия чалгындоо кызматынын пропаганда борборунун типикалык чыгармаларынан. Уэллстин The Open Conspiracy (Ачык кутум (заговор)) аттуу китеби Британия терең мамлекетинин «бирдиктүү дүйнө тартибин орнотуу» максатын кыялдануу үчүн жазылган.
Бул китептер маанилүү адабий чыгармалар сыяктанып, дээрлик классикалык чыгармалардын катарына киргизилген жана Түркия да кошо, көптөгөн өлкөлөрдүн университеттеринде тандалма китептер катары окутулуп келүүдө. Британия терең мамлекетинин көмүскө туюмду манипуляциялоо ыкмалары өтө тымызын методдор аркылуу өзгөчө жаш муундардын аң-сезимине сиңирилүүдө.

Джон Ле Карре (Дэвид Джон Мур Корнуэлл)

Джон Ле Карре
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, кансыз согуштун эң кызуу мезгилинде Британиянын чалгындоо кызматында иштеген. Британиянын чалгындоо кызматынын салтын улап, бир тараптан адабият менен алектенген. Ле Карре ошол жылдары ойлоп чыгарган Джордж Смайли аттуу токтоо мүнөздүү, апыртмалуу жетишкендиктери жок башкы каарманынын тегерегинде көптөгөн романдарды жазган.
Чыныгы аты Дэвид Джон Мур Корнуэлл болгон. Бернде университетте окуп жүргөн кезде Британиянын чалгындоо кызматына кошулган.
Call For the Dead (Өлүктү чакыруу) аттуу биринчи романын 1961-жылы жазган. Романын MI6 чалгындоо кызматына окутуп, тастыктаткан, бирок алар чыгармаларын тергеме ат (псевдоним) менен жазышын талап кылышкан. Британиянын тыңчысы экендигин ар дайым танып келген жазуучу BBC каналынын 2000-жылы тартылган The Secret Center (Жашыруун борбор) аттуу тасмасында тыңчылыгын мойнуна алган.

Эрик Амблер

Эрик Амблер
MI6 чалгындоо кызматында иштеген. The Mask of Dimitrios (Димитриостун маскасы) жана Journey Into Fear (Коркунучка сапар) аттуу алгачкы романдарында өлкө катары Түркияны алган. The Light of the Day (Күндүн жарыгы) аттуу китебинин негизинде тартылган «Топкапы» (Стамбулдагы хан сарайдын аты) тасмасы бир кездерде эң негизги классикалык тасмалардын катарына киргизилген. «Топкапы» тасмасы да көптөгөн Британиянын чалгындоо кызматынын тасмалары сыяктуу Стамбулда тартылган.


Уильям Сомерсет Моэм

Уильям Сомерсет Моэм
Ян Флеминг, Эрик Амблер сыяктуу, Британиянын MI6 чалгындоо кызматында иштеген дагы бир жазуучу болсо – бул, Уильям Сомерсет Моэм. Биринчи дүйнөлүк согушта Британиянын чалгындоо кызматына кирген. 1917-жылы MI6 тарабынан большевиктик революцияга бөгөт болуу үчүн Москвага жиберилген.
1928-жылы Франциянын Ривьерасынан бир үй алып, бир гана чыгармачылык менен алектенээрин айткан. Негизи, бүт башка тыңчы жазуучулар сыяктуу, романдары аркылуу терең мамлекеттин саясаттарын жайылтууну көздөгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда чыгармаларын Голливудда киного айланткан.



Джордж Оруэлл

Чыныгы атактуулукка Animal Farm (Жаныбарлардын фермасы) жана 1984 аттуу китептери аркылуу жеткен Джордж Оруэлл жаш кезинде колониялык полиция болгон. Кийин жазуучу, социалист болгон. Өмүрүнүн аягында болсо Британиянын жашыруун кызматына тыңчылык кылган.
Джордж Оруэлл
Чыныгы аты Эрик Артур Блэр болгон Джордж Оруэлл Индия колониясынын башкаруусунда иштеген бир англиялык үй-бүлөдө, Индияда 1903-жылы төрөлгөн. Оруэлл кээ бир сөздөрүндө колониализмди жек көрөөрүн билдиргени менен, жергиликтүү калкты жаман көрөөрүн да апачык айткан.
Оруэлл Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда, Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндөгү BBC маалымат каражатынын Индиядагы телеберүүлөрүнүн жетекчилигине дайындалган. Оруэлл Британиянын жана Американын жашыруун кызматтары менен байланыш түзүп, аларга кооптуудай көрүнгөн илим-билимдүү оппозиционерлердин тизмесин берген. Animal Farm жана андан соң терең мамлекеттин коддорун баяндаган 1984 аттуу китептери жана бул китептердин негизинде тартылган тасмалар кансыз согуштун маданият тармагындагы эң чоң операцияларынын бири катары АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (CIA: Central Intelligence Agency) колдоосу менен дүйнө жүзүнө таратылган. Бул эки роман Түркияда Богазичи университети баш болуп, көптөгөн окуу жайларынын даярдоо курсунда окуу китеби катары окутулууда.
Оруэлл Animal Farm аттуу романында «дүйнө башкача болушу мүмкүнбү деп ойлонуу, эркиндикти жана теңдикти издөө, дүйнөлүк тартипти өзгөртүүнү каалоо – эч майнапсыз аракеттер» деген ойду берет. Анын ою боюнча, «биргелешип жаңы бир дүйнө курууга болбойт. Кожоюндар менен кулдар, эзүүчүлөр менен эзилгендер, башкаруучулар менен башкарылгандар ар дайым болот. Мындан кутулуунун жолу жок.»
Англиялык сынчы, жазуучу Раймонд Уильямс Оруэллдин китебинде кедейлерди айбандарга салыштырганына көңүл буруп, бул салыштыруу аркылуу кедейлердин айбандар сыяктуу күчтүү, бирок аңкоо деп эсептелгенин белгилеген. Оруэлл «өздөрүндөгү күчкө акылдары жетпегени үчүн айбандар да, кедейлер да эзиле беришет» деген. Оруэллдин аңкоо түшүнүгү боюнча, айбандарга акыл кирбегени сыяктуу, кедейлерге да акыл кирбейт. Ошондуктан чыныгы өзгөрүү эч качан болбойт деп айтылат.
Оруэлл кедейлерди басмырлаган көз-карашын ачык айтуудан тартынган эмес:
Бала кезимде меникине окшогон үй-бүлөлөрдүн балдарынын дээрлик бүт баары сыяктуу, мен да «жупуну» кишилерди адамдардан төмөн бир түрдөй көрчүмүн. Мектеп окуучусу кезимде да жумушчулар табына (классына) тиешелүү адамдардын инсан экенин көрсөткөн эч бир түшүнүк алган жокмун. Алыстан караганда аларга боорум ооручу; бирок аларга жакын келгенде, аларды кайрадан жек көрүп, кайра эле аларды төмөн көрчүмүн.71

Олдос Хаксли

Олдос Хаксли
Олдос Хаксли «Дарвиндин бульдогу» деп эскерилген, эволюционист Томас Генри Гекслинин (Хакслинин) уулу болгон. Бир тууганы Джулиан Хаксли Королдук академиядан (Royal Society) Дарвин медалын алган бир эволюционист болгон. Королдук академиянын түптөлүү учурундагы башка мүчөлөрү сыяктуу, Олдос Хаксли да кумса (гомосексуалист) болгон. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Аднан Харун Яхья, Жогорку акыл Британия терең мамлекетинин чыныгы жүзү, 1-том.)
Олдос да, бир тууганы Джулиан сыяктуу, Оксфорддо Британиянын тыңчысы Г.Дж. Уэллстен таалим алган.72 1932-жылы чыккан Brave New World (Эр жүрөк жаңы дүйнө) аттуу романында бүт дүйнөнү башкара турган тоталитардык бир башкарууну, б.а. бир жерден башкарылган бир дүйнөлүк башкарууну сүрөттөгөн. Ал системада адамдар бийлик тарабынан баш ийүүгө программаланган болот. Хаксли китебинин 1946-жылкы чыгарылышынын баш сөзүндө бул жагдайга көңүл буруп: «натыйжалуу басым жасалган системада элдердин зомбулуксуз башкарылып көзөмөлгө алынаарын, анткени адамдар кулчулукту жакшы көрүп калаарын» жазган.
Brave New World аттуу романда элдерди «өз каалоосу менен баш ийдирүү» үчүн колдонулган кээ бир ыкмалар сүрөттөлгөн: эң алгач тарых толугу менен жок кылынган. Дүйнөлүк өкмөттү башкарган бир эки жогорку деңгээлдеги башкаруучудан тышкары эч ким тарыхты билбейт. Ошондуктан адамдар дүйнөдөгү коомдук система ар дайым ушундай болуп келген деп ойлошот. Ушул себептен аны башка системалар менен салыштыра алышпайт. Чыныгы эркиндикти билишпегени үчүн, кулчулукта жашап жатышканын да байкашпайт.
Brave New World романында элдерди баш ийдирүү үчүн дагы бир ыкма катары адамдардын ойлонуусуна бөгөт коюу ыкмасы колдонулат. Ал үчүн эки чара ойлоп табылган: эркин, чексиз жыныстык мамиле жана «сома» деп аталган ырахат тартуулоочу бир баңгизат. Адамдар күндүз белгилүү убакыттарда дүйнөлүк өкмөт каалаган жумуштарды жасап, калган убакыттарын болсо жыныстык катнаш жана сома менен өткөрүшөт. Мындан тышкары, дүйнөлүк өкмөттүн расмий идеологиясын аң-сезимдерге сиңирүү үчүн колдонулган «сезим-тасма» аттуу бир кинотеатр бар. Жаңы дүйнөнүн адамдары эркин жыныстык мамиленин пайдубалы болгон «ар ким ар кимге тиешелүү» принциби сакталып, «сома» үзгүлтүксүз таратылып турса, өздөрүн бактылуу сезишет жана бийликке толук моюн сунушат. Романдын бир жеринде дүйнөлүк өкмөттүн бир «текшерүүчүсү» элдер жөнүндө мындай дейт:
Жаманбы? Жок, эч андай деп ойлошпойт. Тескерисинче, бул аларга жагат. Өтө жеңил жана жаш баладай жөнөкөй. Мээге жана булчуңдарга эч күч келбейт. Жети жарым саат оңой, чарчатпаган жумуш. Андан соң ар бирине сома, оюндар, чексиз жыныстык катнаш, сезим-тасмалары. Дагы эмне керек? ... Учурда дүйнө туруктуу. Адамдар бактылуу; каалаганына жете алышат, жете албай тургандарын болсо эч каалашпайт. ... Ушунчалык программаланып калышкандыктан, учурдагы жашоо калыптарын эч өзгөртө алышпайт. Ал ортодо бир нерсе көңүлдөгүдөй болбой жатса, анда сома бар.73
Хакслинин бүт бул сүрөттөөлөрү бир караганда фантазиядай көрүнөт. Бирок негизи бул Британия терең мамлекетинин көзөмөлүндө жашыруун, тоталитардык бир өкмөттүн кантип иштей турганын сүрөттөгөн бир модель. Бул модель боюнча, тымызын тоталитаризм жүргүзгөн дүйнөлүк өкмөт үч ыкманы колдонууда: тарыхты өзгөртүү, эркин жыныстык мамиле аркылуу адеп-ахлакты жок кылуу жана адамдарга мээ жууй турган, башты маң кыла турган ырахаттарды тартуулап, аларды сезими жок, ойлонбогон, пассивдүү жандыктарга айлантуу. Бул ыкманын натыйжасында адамдардын мээси иштебей калат жана ошондуктан оңой эле моюн сунуп беришет.
Уэллс жана ага замандаш көптөгөн жазуучулар сыяктуу, Хаксли да өз оюнда калктын санынын өсүшүнө тынчсызданып, «ашыкча массаларды» жок кылуу керек же жок кылууга болбосо, анда аны контрольдоо керек деген. Элдерди психологиялык жактан программаланган машиналарга айлантуу аркылуу бул «маселени» чечүүгө болот деген. Британия терең мамлекети ушул сыяктуу караңгы кишилердин коркунучтуу ой-пикирлерин адамдардын аң-сезимине сиңирүү аркылуу дүйнөгө кыялындагы системаны орнотууну максат кылган.

Экинчи дүйнөлүк согушта аял тыңчылар

Аял тыңчылар Британия терең мамлекети тарабынан ар дайым маанилүү бир көзүр катары колдонулган. Британия терең мамлекети өзгөчө Биринчи дүйнөлүк согуштун алгачкы жылдарынан баштап бир гана чалгындоо максатында эмес, элдерди каргашаларга, көтөрүлүштөргө, ал тургай, бөлүнүүлөргө алып баруу максатында да аял тыңчыларды колдонгон. Кийинчерээк Америкада да бул модельдин негизинде Women’s Army Corps – WAC (Аялдар армиясынын мекемеси) түзүлгөн.

Америкадагы Аялдар армиясынын мекемеси Британия моделин үлгү алып негизделген.
Атайын операциялар башкармалыгы (SOE) Черчилль тарабынан негизделип, көптөгөн аял тыңчыларды даярдаган.

Экинчи дүйнөлүк согуш, албетте, Британия терең мамлекети аялдарды абдан натыйжалуу колдонгон бир период болгон. Черчилль чалгындоо иш-аракеттери үчүн атайын бир башкармалык түзүп, аны «Атайын операциялар башкармалыгы» (The Special Operation Executive – SOE) деп атаган. Тарыхчы Джон Смит бул башкармалык жөнүндө мындай дейт:
Черчилль армиядан, деңиз флотунан жана аба күчтөрүнөн тышкары, төртүнчү бир күчтү да каалаган. Ал топ немецтерге зыян келтирип, тынчын алмак жана союздаштардын жеңишке жетүү ыктымалдыгын жогорулатмак. SOE бул милдетти чындап аткара алган.74

Вирджиния Холл (төмөндө солдо) жана башка аялдар роботтошуп, абдан айоосуз болуп калышкан.
Көпчүлүгү милдетин аткарган соң Британия терең мамлекети тарабынан өлтүрүлгөн.

Бул милдетти аткаруу үчүн аялдар атайын даярдыктан өтүшкөн. Катуу даярдыктан өтүп, көрүнүшү эркектерге окшошуп калган бир катар аялдар жагымсыз жана таң калаарлык бир таш боордук менен, терең мамлекеттин тыңчысына айландырылган. Киши өлтүрүү жана бомбалоо сыяктуу иштерди эч ойлонбой аткарышкан. Ар бир тыңчы жанында «L pill» (L таблетка) деп аталган жана ичкен адамды бир канча мүнөттө өлтүрө алган мышьяк капсулаларын алып жүргөн. Бул капсулалар кийимдердин ичине тигилген жана кармалып калчу болсо «сырларды» айтпоо үчүн ушуну ичип өзүн-өзү өлтүрүшү керек болгон. Өзгөчө радиооператорлордун өмүрү 6 жумадан ашкан эмес.75
Тыңчылар бомбаларды орнотуу, уурулук кылуу, жасалмаларды жасоо, саботаж жана тымызын өлтүрүү даярдыктарынан өтүшкөн.
Согуштан кийин бүт имараттары бузулуп жок кылынганы үчүн, көп жылдар бою жашыруун сакталган Британиянын Атайын операциялар башкармалыгына байланыштуу маалыматтар жакында гана бир даректүү тасма аркылуу ачыкка чыкты. Согуш учурунда жана согуштан кийин ал жерде 3000дей тыңчынын даярдыктан өткөндүгү аныкталды.76
SOE даярдаган аялдардын өзгөчөлүгү
эркекке окшошуп, кыска чачтуу болушу
жана муздак көз-карашы.
Британия терең мамлекетинин даярдоо лагерьлеринде атайын даярдыктан өткөн тыңчылар жана алардын ар кайсы өлкөлөрдө даярдаган кошоматчылары Британия терең мамлекети тарабынан толук колдоого алынган. Жазуучу Бану Авар мындай аялдарды төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Глобалдык гиеналар «аялга» өзгөчө маани беришет. Аял бир коомдун кыймылдаткыч күчү. Башкача айтканда, мекенин, элин сүйгөн аялзаты форматты белгилөөчүлөр үчүн абдан «кооптуу». Глобалдык мафия биринчи кезекте максатталган өлкөлөрдөгү аялдардын «иденттүүлүгүн жок кылууну», «улуту жок аял» форматын таңуулоону же «глобалдык кызыкчылыктар» үчүн күрөшкөн «аял роботторду» пайда кылууну көздөйт.77
«Аял роботтор» сөзү Британия терең мамлекети тарабынан колдоого алынган аялдарды эң таамай сүрөттөй алат. Анткени, Британия терең мамлекетине баш ийген аял тыңчылар берилген тапшырмаларды өз өлкөлөрүнүн туруктуулугу үчүн эмес, Британия терең мамлекетинин колдоосунда болгону үчүн аткарышкан. Чындыгында төмөндө карала турган аял тыңчылардын көпчүлүгү британиялык эмес, бирок Британиянын чалгындоосуна кызмат кылышкан. Ар кайсы өлкөлөрдөн тандалган кошоматчылар болсо, бул сөздөрдө апачык сүрөттөлгөндөй, өз эли менен өз мекенине дээрлик душмандай караган, жеке кызыкчылыктары үчүн алданып калууга жана Британия терең мамлекетине баш ийүүгө даяр болгон адамдардан түзүлгөн.
Ушул себептерден улам, Британия терең мамлекети үчүн өзгөчө жакынкы жылдары тыңчыларды табуу жана ал тыңчылардын бир бөлүгүн аялдардан түзүү эч кыйынчылык жараткан эмес.
Британиянын аял тыңчылары улгайган кезде.

Британиянын аял тыңчылары.



Энн-Мэри Уолтерс

Энн-Мэри Уолтерс

Жарым швейцариялык жарым француз Энн-Мэри Уолтерс Женевада чоңойгон. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Британияда атайын түзүлгөн WAAF (Women Auxilary Air Force – Көмөкчү аялдар аба күчтөрү) мекемесинде иштеп баштап, андан соң 19 жашында Черчилльдин Атайын операциялар башкармалыгына кирген. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда активдүү кызмат кылган. Жашыруун аты Колетта (Colette) болгон. Көп жылдардан кийин Германияга каршы жүргүзгөн тыңчылык иш-аракеттерин Moondrop to Gascony (Гаскониге ай тамчысы) аттуу китебинде жарыялаган.78



Кристин Гранвиль

Кристин Гранвиль
Черчилльдин «ишенген сүйүктүү тыңчысы» деп айтылган Кристин Гранвиль чындыгында Польшадан болгон. Чыныгы аты Мария Кристина Янина Скарбек. Гитлер Польшаны басып алган кезде Британиянын жашыруун кызматы тарабынан тыңчы кылып дайындалган. Каршылык күчтөрүн уюштуруп, немецтерге каршы күрөшүү жана маанилүү жерлерге партизандык кол салууларды ишке ашыруу милдети тапшырылган. Тыңчы кезинде көптөгөн командирлерди жолдон азгыруу тапшырмасын аткарып, Британиянын жашыруун кызматы тарабынан пайдаланылган. Кызматы бүткөн соң, Гранвиль бир отельдин бөлмөсүндө кайра эле Британия терең мамлекетинин мүчөлөрү тарабынан бычакталып өлтүрүлгөн.79


Вера Аткинс

Вера Аткинс
Британия терең мамлекетинин аял тыңчыларынын бири Вера Аткинс да Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда кызмат кылган. Ян Флемингдин Джеймс Бонд китебиндеги Мисс Манипеннинин ушул аялдан алынгандыгы айтылат. Аткинс чындыгында Румынияда төрөлгөн. 1933-жылы Лондонго көчүп барып фамилиясын өзгөртүп, Британиянын чалгындоо кызматына иштеп баштаган. Ал да Черчилльдин жашыруун армиясы деп айтылган Британиянын Атайын операциялар башкармалыгына кызмат кыла баштаган. Черчилльдин АКШны согушка киргизүү аракеттери учурунда Рузвельт ал кездеги Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (CIA) жетекчиси Уильям Донованды иликтөө жүргүзүшү үчүн Европага жиберген. Черчилль Вера Аткинстен болсо Уильям Донован менен мүмкүн болушунча көп убакыт өткөрүшүн талап кылган.80


Вирджиния Холл

Вирджиния Холл
Американын жараны Вирджиния Холл Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Британиянын Атайын операциялар башкармалыгына кызмат кылып, андан соң Борбордук чалгындоо башкармалыгында кызматын уланткан. Гестапо Холлду Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда «союздаштардын эң кооптуу тыңчысы» деп атаган.



Нур Инайят Хан

Нур Инайят Хан
Нур Инайят Хан – Британиянын чалгындоосуна кызмат кылган, теги индиялык бир тыңчы. Атасы суфий лидери Хазрат Инайят Хан Батышта суфизмди жайылткан бир мусулман болгон. Нур Инайят Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Лондондо Черчилль негиздеген Атайын операциялар башкармалыгында тыңчы болгон. 1944-жылы немецтердин колуна түшүп, Дахау концлагеринде өлтүрүлдү деп айтылган. Бирок кийинчерээк Нур Инайяттын Британия терең мамлекети тарабынан атайылап немецтерге тапшырылганы жана атайылап өлүмгө жиберилгени аныкталган.81 Британия терең мамлекети өзүнүн ыпылас операцияларын жаап-жашыруу үчүн өзүнүн кызматкерлерин сатып кетүүдөн эч качан кайткан эмес. Бул окуяны жабуу үчүн өлгөндөн кийин Нур Инайятка Британиянын жана Британия шериктештигинин жарандарга берчү эң чоң медалы болгон «Георг Крести» (George Cross) медалы ыйгарылган. Андан соң Англиянын Гордон аянтында Нур Инайяттын эстелиги тургузулуп, баатыр катары таанытылган.


Нэнси Уэйк

Нэнси Уэйк
Жаңы Зеландияда төрөлгөн Нэнси Уэйк да Черчилльдин Атайын операциялар башкармалыгында тыңчы катары кызмат кылган аялдардын бири. Англиялыктар тарабынан тыңчылык жана саботаж боюнча даярдыктардан өткөрүлгөн. Согуштун акыркы айларында Нормандия чабуулу учурунда 7000 аскердин куралданышына жардам берип, аларга лидерлик кылган. Оккупацияда калган Франция өлкөсүндө көп жолу курал-жарак, акча жана код компастарын таратып, көп жолу кармалып калуудан кутулуп кеткен. Качуу жөндөмү абдан күчтүү болгондуктан, фашисттер «la Souris Blanche» (Ак чычкан) деп ат коюшкан, кийин өзүнүн өмүр баянын жазган романына да ушул ысымды ыйгарган. Өмүр баяндар жазуучусу Питер Фитц Симонстун ою боюнча, Гестапо тарабынан эң көп изделген ысымдардын башында турган. Уэйк «менимче, эң жакшы немец – бул, өлгөн немец ... Өтө көп немец өлтүрдүм, андан да көбүрөөк өлтүрбөгөнүмө абдан өкүнөм» деген сөздөрү менен белгилүү.82

Виолетта Шабо

Виолетта Шабо
Францияда төрөлгөн Виолетта Шабо да Черчилльдин Атайын операциялар башкармалыгында тыңчы болуп иштеген. Шабонун да согуш учурунда фашисттердин колуна түшүп, концлагерьге алып барылып, ал жерде өлтүрүлгөнү айтылган. Бирок кийинчерээк анын да ыпылас операцияларын жаап-жашыруу максатында Британия терең мамлекети тарабынан немецтерге өткөрүлүп берилгени аныкталган. «Георг Крести» (George Cross) медалы ыйгарылган сейрек аял тыңчылардын бири. Бул сыйлыкты биринчи болуп алган Нур Инайят Ханга окшоп, Виолетта Шабо да бул сыйлыкты өлгөндөн кийин алган. Бул жерде Британия терең мамлекетинин аял тыңчыларын немецтердин колуна түшүртүп, өлүмүнө себеп болуп, андан соң аларды эң бийик даражалар менен сыйлоо адатын ачык байкоого болот.


Перл Корниоли

Перл Корниоли
Британиялык бир үй-бүлөдөн келген Перл Корниоли Францияда чоңойгон. Согуш учурунда Британиянын Атайын операциялар башкармалыгына кошулган. Чабармандык (курьердик) милдетин аткарган Корниоли эч макияж кылбай, эркектерге окшошуп жүргөнү менен, өзүн косметикалык каражаттардын сатуучусу катары көрсөтүп, керектүү бүт жерлерге кире алган. Корниоли партизандык согуштун адиси. Белгилүү убакыт токойлуу аймакта жашап, жардыргыч заттарды камсыздаган. Немецтер аны кармаган кишиге 1 миллион франк берилээрин убадалаган афишаларды бүт тарапка таратышкан.83



Одетт Хэллоуз

Одетт Хэллоуз
Францияда төрөлгөн Одетт Хэллоуз кийин Англияга барып, Британиянын чалгындоосуна кызмат кылып баштаган. «Георг Крести» сыйлыгын алган аял тыңчылардын бири. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Британиянын тыңчысы экендиги билинип калганы үчүн, Гестапо тарабынан оор кыйноолорго алынган. Бул жөнүндө өзү мындай деген: «гестапонун штаб-квартирасынан чыкканымда бутумдун манжаларында бир дагы тырмак калган эмес эле. Бирок ошондо да эч нерсе айтпай койдум.»84





Норин Бакстер

Норин Бакстер
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Черчилльдин жашыруун армиясында кызмат кылгандардын бири – Норин Бакстер. Бакстерге жашыруун тыңчыларды кооптуу тапшырмаларга жиберээрден мурда даярдыктан өткөрүү милдети жүктөлгөн. Бакстер тыңчыларды даярдыктан өткөрүүдө чоң роль ойногон. Өзү айткандай, ал кишилер бир адамды эч ойлонбой өлтүрө ала турган, коддорду чечмелей ала турган жана жардыргыч заттар боюнча адистерге айланышкан. Алардын көпчүлүгү Европанын басып алынган аймактарына жиберилген жана дээрлик жарымы кайткан эмес.
Бакстер ал тыңчыларды даярдоодо, кээде аларды жолдон азгыруу үчүн бир сүйүктүү катары жиберилгенин да эскерүүлөрүндө айтып берген. Ал даярдыктан өткөргөн бөлүктөн Францияга тыңчы кылып жиберилгендердин саны 400 болсо, алардын 39у аял болгон.85


Эми Елизавета Торп (Бетти Пэк)

Эми Елизавета Торп
Жашыруун аты Синтия деп айтылган Торп Америкада төрөлгөн жана Британиянын чалгындоосуна кызмат кылган. Британия элчилигинин экинчи катчысына турмушка чыгып, Британиянын жарандыгын алган. Топтогон чалгындоо маалыматтарынын арасында немецтер бүт билдирүүлөрүн шифрлеген «Энигма» аттуу аппараттын өзгөчөлүктөрү да болгон. Көбүнчө немец жана польшалык жогорку кызматтагы кишилерди жолдон азгырууда колдонулган. Өлгөндө «Time» журналы ал жөнүндө «уктоочу бөлмөсүн Джеймс Бонд Береттасын колдонгондой колдончу» деп жазган. Торп «эки байыркы кесипти, т.а. тыңчылык менен сойкулукту бириктирүүдөн эч бушайман болбогонун» айткан жана «согуштарда кадыр-барктуу ыкмалар менен жеңишке жетүүгө болбойт» деген.86
Британия терең мамлекетинин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда өзгөчө аял тыңчыларды колдонгонун тереңирээк карашыбыздын себеби, терең мамлекет бул салтын бүгүнкү күндө да улантууда. Британия терең мамлекети азыркы учурда да кайсы бир өлкөдө башаламандык чыгарууну каалаганда, мамлекеттерди жана өкмөттөрдү кулатууну чечкенде, шантажга жана коркутууларга барууну көздөгөндө, көбүнчө кошоматчы аял тыңчыларын пайдаланууда. Болор-болбос кызыкчылыктарга алданган жана көбүнчө Британияга суктануу менен караган мындай кошоматчылар өзүнүн улуттук, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын эч ойлонбой тебелей ала турган барксыз, төмөн адамдардан турат. Бүгүнкү күндө мындай комплекстүү (өзүн кемтик сезген) тыңчыларды таануу негизи көп деле оор эмес. Анткени, алар өздөрүнүн Британия терең мамлекетине кызмат кылаарынын билинишинен ырахат алышат. Британия терең мамлекетине берилгендигин сөздөрүндө, интернеттеги бөлүшүүлөрүндө Черчилльге жана Британияга болгон суктануусун көрсөтүү аркылуу, румилик (Мевляна Руминин жолун) менен кумсалыкты (гомосексуализмди) жактоо аркылуу же пил сыяктуу символдорду колдонуу аркылуу көрсөтүүгө аракет кылышат. Британия терең мамлекети мындай адамдарды оңой гана аныктап, өз кызыкчылыктарына пайдаланат жана көбүнчө кызыкчылыгы бүтөөр замат «сатып» же жок кылып салат. Экинчи дүйнөлүк согуштагы аял тыңчылардын тагдыры муну ачык айгинелеп турат.

Булактар:

69.    Taha Kıvanç, 6-7 Eylül’de Ne Oldu? -1-, Yeni Şafak, 7 Eylül 2005, http://www.yenisafak.com/arsiv/2005/eylul/07/tkivanc.html; “Fehmi Koru: 6-7 Eylül’de ne oldu, İngiliz parmağı varsa MI6 ajanı Ian Fleming herhangi bir rol oynadı mı?”, T24, 6 Eylül 2016, http://t24.com .tr/haber/fehmi-koru-6-7-eylulde-ne-oldu-ingiliz-parmagi-varsa-mi6-ajani-ian-fleming-herhangi-bir-rol-oynadi-mi,358612
70.    Lemi Özgen, “6-7 Eylül Olayları ve James Bond”, HThayat, 3 Eylül 2015, http://www.hthayat.com/yazarlar/lemi-ozgen/1031152-6-7-eylul-olaylari-ve-james-bond
71.    Ahmet Erhanlı, “George Orwell: Sömürge Polisi, Sosyalist, Muhabir”, Ürün,https://urundergisi.com/maka leler.php?ID=227
72.    “In The Shadow Of The Counterculture Revolutıon: Radical Change & Counterculture: Huxley, Esalen & Human Potential Movement”, Tavistock Agenda, http://tavistockagenda. iwarp.com/whats_new_43.html
73.    Aldous Huxley, Brave New World, 6. Bölüm, https:// www.huxley.net/bnw/sixteen.html
74.    “Beaulieu’s World War II ‘spy school’ remembered”, BBC, 29 Kasım 2010, http://news.bbc.co.uk/local/ hampshire/hi/people_and_places/history/newsid_9236000/9236954.stm
75.    A.g.m.
76.    “My secret life in Winston Churchill’s spy school”, Mirror, 2 Mayıs 2010, http://www.mirror.co.uk/news/uk-news/my-secret-life-in-winston-churchills-spy-218421
77.    Banu Avar, Zemberek, Remzi Kitabevi, 2016, s. 154
78.    Simon Mawer, “Special Agents: The Women of SOE”, The Paris Review, 21 Mayıs 2012, https://www.theparisreview.org/blog/2012/05/21/special-agents-the-women-of-soe/
79.    “The Spy Who Loved: The Secrets and Lives of Christine Granville by Clare Mulley – review”, The Guardian, 3 Ağustos 2012, https://www.theguardian.com /books/2012/aug/03/spy-loved-granville-mulley-review
80.    Erika Jarvis, “Five Badass Female Spies Who Deserve Their Own World War II Movie”, Vanityfair,http://www.vanityfair.com/hollywood/2016/11/allied-world-war-2-female-spy-movies
81.    “British SOE Agents executed at Dachau”, https://www. scrapbookpages.com/DachauScrapbook/BritishSOEagents.html
82.    WWII spy heroine who inspired Charlotte Gray movie dies aged 98… and her only regret was ‘not killing more Germans’, Daily Mail, 8 Ağustos 2011, http://www. dailymail.co.uk/news/article-2023775/WWII-spy-heroine-Nancy-Wake-inspired-Charlotte-Gray-movie-dies-aged-98.html#ixzz4hZSSusON
83.    Erika Jarvis, “Five Badass Female Spies Who Deserve Their Own World War II Movie”, Vanityfair, http:// www.vanityfair.com/hollywood/2016/11/allied-world-war-2-female-spy-movies
84.    “Odette Hallowes, 82, A British Agent Tortured by Nazis”, New York Times, 21 mart 1995, http://www.nytimes.com/1995/03/21/obituaries/odette-hallowes-82-a-british-agent-tortured-by-nazis.html
85.    “My secret life in Winston Churchill’s spy school”, Mirror, 2 Mayıs 2010, http://www.mirror.co.uk/news/uk-news/my-secret-life-in-winston-churchills-spy-218421
86.    Daniel Bates, “She used the bedroom the way James Bond used a Beretta.’ How seductress Betty Pack stole the secrets that helped defeat the Nazis – now Jennifer Lawrence is tapped to portray the ultimate honey trap spy”, Daily Mail, 5 Temmuz 2016, http://www.dailymail.co.uk/news/article-3674051/She-used-bedroom-way-James-Bond-used-Beretta-seductress-Betty-Pack-stole-secrets-helped-defeat-Nazis-Jennifer-Lawrence-tapped-portray-ultimate-honey-trap-spy.html

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...