АКШлык тарыхчы
Патрик Дж. Бьюкенен «Churchill, Hitler and the Unnecessary War» (Черчилль, Гитлер жана
керексиз согуш) аттуу китебинде Черчилльдин согуштарда өзгөчө куралсыз калкка
көрсөткөн зомбулуктарына анын жашоо философиясы себеп болгондугун далилдеп
көрсөткөн.
Досу Виолет Бонэм
Картер Черчилльдин өлөөргө жакын үмүтсүз бир атеистке айланганын белгилеген. Ал
өлүмдү «толук жок болуу», ал эми түбөлүк жашоону болсо «кабыл алынбай турган
бир ыктымалдык» деп эсептеген.54
Албетте, бул
атеисттердин баары ырайымсыз деген мааниге келбейт; дүйнөдө жер жүзүнө жакшылык
алып келүүнү каалаган атеисттер да, албетте, бар. Ошондой эле, ишенүү же
ишенбөө ар бир адамдын өз эрки. Бул жерде биз Британия терең мамлекетинин ырайымсыз
мүчөсүнө айланган Черчилльдин жашоо философиясынын аны массалык кыргындарда
башкы рольго алып келгенин айтып жатабыз.
Тарыхчы Бьюкенен
Черчилльдин көз-караштарынын Гитлерге окшошоорун жана Черчилльдин Great Contemporaries (Улуу замандаштар) аттуу китебинде
Гитлерге болгон суктануусун аргасыздан мойнуна алганын белгилеген.
Черчилльдин ою
боюнча, коомдогу алсыз адамдар жок кылынышы керек. Ал үчүн энергиялуу, жогорку
жана күчтүү таптар көбөйүшү зарыл.55 Бул
дарвинисттик көз-караш Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарда кандын суудай
агышынын пайдубалын түзгөн. Черчилль менен жолдоштору өз ойлорунда «алсыз жана
керексиз» көрүлгөн элдерди массалык түрдө кырып салууга эч кандай адамдык,
адеп-ахлактык, философиялык же укуктук тоскоолдук жок деп ойлошкон. Өзгөчө
Экинчи дүйнөлүк согушта куралсыз адамдарды массалык кыруунун негизги себеби
ушул болгон. Бүт баарынын артында Черчилль менен анын терең мамлекетке тиешелүү
жолдоштору турат.
Черчилль
Британия өкмөтүнө «жогорку расаны коргоо жана алсыз индивиддерди коомдон
алыстатып жок кылуу» багытында бир программа сунуштаган. Ал программанын
Гитлердин Германияда ишке ашырган фашисттик программасынан эч кандай айырмасы
болгон эмес.
![]() |
| Британия терең мамлекети уюштуруп, 4 миллиондон ашуун адам көз жумган Бенгалия ачарчылыгында да Черчилль башкы рольду ойногон. |
Черчилль да,
Дарвин сыяктуу, арабдарды, негрлерди, аборигендерди, Ыраакы Чыгыштагы сары
расаны өз оюнда «төмөнкү раса» деп сыпаттаган.56 «Индеецтер менен аборигендерге жамандык
кылынды деп эсептебей тургандыгын, ал окуяларда болгону жогорку раса келип бүт
нерсени тартып алгандыгын» айткан.57 (Аты
аталган расаларды аруулайбыз). Британия терең мамлекети өз колу менен уюштурган
Бенгалия ачарчылыгында 4 миллиондон ашуун адам көз жумган. Черчилльдин бул
жөнүндө ал кездеги Британиянын Индиядан жооптуу министри Лео Америге айткан
сөзү мындай: «мындан ары койондордой
төрөй алышпайт».58 (Кадырлуу индиялык бир туугандарыбызды бул
сөздөрдөн аруулайбыз). Амери андан бир жыл өткөн соң, көз-карашы жагынан
Черчилльдин Гитлерден көп деле айырмасы жок экендигин айткан.59 Амери менен Индиянын губернатору Черчилльге
Бенгалияда тамак-аш запастарын элге чыгаруу талабын коюшканда, Черчилль бир
телеграф аркылуу «андай болсо Ганди эмне
үчүн дагы эле өлө элек» деп жооп берген.60
Черчилль
Афганистанда айылдарды өрттөгүлө деп буйрук берген жана бир айыл да калбасын,
каршы чыккандар ошол замат өлтүрүлсүн деген. Төмөнкү сөздөр Черчилльге
тиешелүү: «пуштундарга бир сабак берүү
керек жана биздин абдан залим адамдар экендигибизде эч кандай күмөн жок.» Черчилльдин
ою боюнча, мындай сабак берүү «абдан маанилүү» болгон, анткени анын ою боюнча,
пуштундар «ак расанын жогору тураарын түшүнүшү» керек болчу.61 (Кадырлуу Афган бир туугандарыбызды
аруулайбыз)
![]() |
| Аборигендерге жасалган зулумдуктарды Черчилль "жогорку расанын бүт нерсени тартып алышы" деп сүрөттөгөн. |
Британия терең
мамлекетинин Британиянын кол алдындагы Палестина аймагын бөлүп-жаруу планы
сүйлөшүлгөн 1937-жылкы Пиил (Peel) комиссиясында болсо
Черчилль Палестина эли жөнүндө мындай деген: «ал жерде канчалык көп убакыттан бери жашаса жашасын, ит кепеси
жөнүндөгү акыркы чечимди кепеде жашаган иттердин алышын кабыл ала албайм.»62 (Кадырлуу палестиналык бир туугандарыбызды
аруулайбыз)
Кариб
аралдарындагы Британия колонияларынан Британияга мигранттардын келишине бөгөт
коюу үчүн болсо Черчилль бир ураан чыгарган. Ал ураан мындай болгон: «Keep England White» (Англияны ак бойдон сактап калалы).63 1930-жылкы япон-кытай согушу жөнүндө болсо
«сары адамдардын согушуна кызыкпай тургандыгын» айткан.64
«Англияны ак
бойдон сактап калууну» жана өлкөсүндө бир гана күчтүү адамдардын жашашын
каалаган Черчилль өз оюнда «төмөнкү раса же алсыз адам» катары көргөн адамдарды
башка колониялардагы топтоо лагерьлерине (концлагерь) жиберген.
![]() |
| Черчилль "Англияны ак бойдон сактап калалы" деген ураанды чыгарган. Бул ураан Британияда расизмдин күчөшүнө себеп болгон. |
Эсиңиздерде
болсо, Биринчи дүйнөлүк согушта түрк аскерине каршы газ колдонолу деген да ушул
расист Черчилль болгон. Газ колдонуунун адамзатка каршы кылмыш экендигин кабыл
алган, бирок түрк элин «адам» деп эсептегенге болбойт деген. (Кадырлуу түрк
элин аруулайбыз.) Бул жөнүндө тереңирээк маалыматты китептин 1-томунан ала
аласыз.
Черчилль
көз-карашы жагынан, албетте, фашист Гитлерден эч айырмаланбайт. Бирок зомбулук
жагынан 20-кылымдын эң залим жан кыйгычы болгон Гитлерди да басып өткөн. Гитлер
6 миллион адамдын каза болушуна жооптуу болсо, Черчилль 1899-1965-жылдардын
арасындагы 66 жыл бою, колониялардагы кыргындар да кошо, мындан алда канча көп
адамдын өлүмүнө себеп болгон. Черчилль башкарган кезде англиялыктар Азияда,
Африкада жана Латын Америкада 7000 концлагерь курушкан. Черчилль кылган
мыкаачылыктарын өз оозу менен кабыл алгандардын бири. Ал мындай деген: «Абдан залим кишилер экендигибизге эч кандай
күмөн жок.»65
Мүнөзү
классикалык бир дарвинист фашистти эске салган Черчилль италиялык фашист Муссолинини
мындай деп мактаган:
Фашизм бүт
дүйнөгө чоң кызмат кылды... Эгер италиялык болгонумда, күмөнсүз, башынан баштап
сенин жаныңда болмокмун.66
Черчилль, ал
доордун дарвинист фашисттерине окшоп, өз оюнда төмөн деп ойлогон расаларды жок
кылуу үчүн согуштун зарылдыгына ишенген. «Согуш
эң мыкты эскертүүчү»67 деген сөздөр Черчилльге
тиешелүү жана ал доордо эмне үчүн согуштардын жана кыргындардын мынчалык көп
болгонун да таамай түшүндүрөт. Черчилль, ошондой эле, согуш жылдары эң бактылуу
күндөрүн өткөргөнүн айткан, садист мүнөздүү бир киши болгон. Англиялык жазуучу Дэвид
Ирвинг Черчилльдин өмүр бою, ар дайым бузуку иштерге кол койгонун айткан жана
шаарларды, эстеликтерди, искусство чыгармаларын, элдерди, чек араларды,
монархияларды жана аягында өз өлкөсүнүн империясын талкалаганын белгилеген.
Ирвинг сөздөрүн мындайча уланткан:
Бомбалоо
саясаттары Голландия, Франция, Бельгия, Чехословакия, Германия жана Скандинавияда
бир миллион куралсыз калктын өлүмүнө себеп болгон. Бул аны кайгырткан деп
айтканга болбойт. Тескерисинче, жыйырма беш жыл мурда Парламент аянтына жакын
жердеги жашыруун уюмдун согуш штабындагы бир тур учурунда Дрездендин
талкаланышынын стереоскопиялык сүрөттөрүнүн согуш учурунда келген зыяратчылар
үчүн даярдалган сыймык бурчунда көргөзмөгө коюлганын көрдүм. Бул Гитлердин
Освенцим же Бухенвальддагы түстүү сүрөттөрдү келген зыяратчылар үчүн дубалга
илип коюшу сыяктуу бир көрүнүш эле.68
Черчилльди жана
анын иш-аракеттерин карап жатканда, анын канчалык залим жана фашист түшүнүктө
болгонун жакшылап анализ кылуу зарыл. Бул дажжалдык түшүнүк Британия терең
мамлекетинин түшүнүгү. Адамдарды жек көргөн бул түшүнүк Британия терең
мамлекетине массалык кыргындарды жасатып, атом бомбаларын таштаткан. Бул
тымызын системаны жакшылап таанып билүү, анын чектерин түшүнүү жана түздөн-түз
дажжалдын (тажаалдын) атынан пайда болгонун эч качан унутпоо зарыл. Аны бир
гана Мехди (Махди) кыймылы жеңе алат.
![]() |
| Британия терең мамлекети уюштурган Бенгалия ачарчылыгы 20-кылымдын эң чоң жырткычтыктарынын бири. Буга Черчилльдин расисттик түшүнүгү пайдубал болгон. |
Булактар:
54. Patrick J. Buchanan, Churchill, Hitler, and
“The Unnecessary War”: How Britain Lost Its Empire and the West Lost the World,
Three Rivers Press, 2009, s. 400
55. Buchanan, a.g.e., s. 400
56. Buchanan, a.g.e., s. 402
57. “Let’s Talk About the ‘Ugly Briton’: Shashi
Tharoor on Winston Churchill”, The Disorder of Things, 28 Ekim 2015,
https://thedisorderofthings.com/2015/10/28/lets-talk-about-the-ugly-briton-shashi-tharoor-on-winston-churchill/
58. Patrick J. Buchanan, Churchill, Hitler, and
“The Unnecessary War”: How Britain Lost Its Empire and the West Lost the World,
Three Rivers Press, 2009, s. 403
59. Buchanan, a.g.e., s. 403
60. Patrick J. Buchanan, Churchill, Hitler, and
“The Unnecessary War”: How Britain Lost Its Empire and the West Lost the World,
Three Rivers Press, 2009, s. 404
61. Con Coughlin, “How Winston Churchill got his
taste for war”, The Telegraph, 27 Nisan 2013, http://www.
telegraph.co.uk/history/10022399/How-Winston-Chur chil
-got-his-taste-for-war.html
62. Peel Commission Report, proof copy of
Churchill’s evidence: Churchill papers, 2/317
63. “The Crimes of Winston Churchill”, The
Crimes of Britain,
https://crimesofbritain.com/2016/09/13/the-trial-of-winston-churchill/
64. Boris Johnson, The Churchill Factor: How One
Man Made History, Riverhead Books, 2015, s. 141
65. Mark Curtis, The Great Deception:
Anglo-American Power and World Order, Pluto Press, 1998, e-book
66. “Winston Churchill ‘ordered assassination of
Mussolini to protect compromising letters'”, The Telegraph, 2 Eylül 2010,
http://www.telegraph.co.uk/history/world-war-two/7978285/Winston-Churchill-ordered-assassination-of-Mussolini-to-protect-compromising-letters.
html
67. David Irving, Churchill’s War: I – The
Struggle For Power, Avon Books, 2003, s. xvi
68. Irving, a.g.e., s. xii




Hiç yorum yok:
Yorum Gönder