Экинчи дүйнөлүк
согуш бир гана согушкан мамлекеттерге эмес, согушка катышпаган Жакынкы Чыгыш
өлкөлөрүнө да кыйроолорду алып келген.
1941-жылы майда
Ирак Британия тарабынан; 1941-жылы июньда Сирия Франция-Британия бириккен
күчтөрү тарабынан; Иран болсо Британия-СССР бириккен күчтөрү тарабынан басып
алынган. Иран Экинчи дүйнөлүк согушта бейтараптуулугун (нейтралдуулугун)
жарыялаган. Бирок ошого карабастан, СССР менен Британия «Гитлер Иран
башкаруусунан чалгындоо маалыматтарын алып жатат» деген шылтоо менен 1941-жылы
26-августта Иран жерине басып кирген. 4 жылга созулган баскынчылык мөөнөтүндө
миңдеген ирандык каза болуп, көчкөнгө мажбурланышкан. Ахмадинежаддын
жардамчыларынын бири Хамид Бегаи «Россия менен Британиянын Экинчи дүйнөлүк
согуш учурундагы Иранды 5 жылга басып алышы өлкөнү 50 жыл артка тарткан жана
бул өлкөлөр Иранды басып алып апаатка себеп болушкан» деп айткан.53
![]() |
| 1941-жылы Ирак Британия жана Франция тарабынан басып алынган. |
1942-жылы
ноябрьда Британиянын аскердик күчтөрү америкалыктар менен бирге Марокко менен
Алжирди басып алган. Согуштан кийин деле Британия мурда башкарган жерлерин
башкарып кала берген.
![]() |
| Британия жана Америка күчтөрү Алжирде (жогоруда), 1942-жылы Мароккого Американын аскерлеринин кириши (төмөндө). |
Жогоруда да
айтылгандай, «кансыз согуш» түшүнүгүн Британия терең мамлекети чыгарган.
Ошондуктан кансыз согуш жылдарында дүйнөдөгү шарттар дал Британия терең
мамлекети каалагандай болуп, Британия Россия коркунучунан АКШ аркылуу корголгон
жана дүйнө жүзүндө Британия терең мамлекетине пайдалуу өзгөрүүлөр болгон.
Кансыз согуш жылдарында Батыштын Араб дүйнөсүндөгү саясий жана стратегиялык
кызыкчылыктарын коргоо жоопкерчилигин да Британия терең мамлекети өзүнө алган.
Албетте, бул кызыкчылыктар бир гана Британия терең мамлекетине кызмат кылып
келе жатат. Жакынкы Чыгыштын мунайзаттары, рыноктору, соода жолдору жана
инвестициялары бир гана Британия терең мамлекетине кызмат кылган. Британия
терең мамлекети эч качан уруксат бербей турган, сөз жүзүндөгү «Араб
мамлекеттеринин көз-карандысыздыгы жана биримдиги» сыртынан колдоого алынып, ал
үчүн жасалма бир пайдубал даярдалган. Бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгышта бул
пайдубалдын кандай коркунучтуу натыйжаларга алып келгенин өз көзүбүз менен
көрүп жатабыз. Британия терең мамлекети тарабынан жасалма жол менен уюштурулган
«Араб жазы» кыймылдары учурда Жакынкы Чыгыштын канга бөлөнүшүнө себеп болду.
Элге демократия убада кылынып, бирок ордуна кыйроо келди. Муну уюштурган жана
мындан эң чоң пайда тапкан Британия терең мамлекети болду. Бул темага алдыда
терең токтолобуз.
![]() |
| "Араб жазы" Британия терең мамлекети тарабынан уюштурулган Жакынкы Чыгышты бөлүп, эзүү стратегиясынын бир бөлүгү. |
Бир чындыкты
унутпаш керек: пландар канчалык чоңдой көрүнсө да, жер бетинде бузукулук
чыгаргандар Улуу Раббибизден жашына алышпайт. Аллах аларга болгону бир аз
мөөнөт берет.
Алардын арасында ага
ишенгендер бар жана ага ишенбегендер да бар. Раббиң бузукулук чыгаргандарды
жакшыраак билет. (Йунус Сүрөсү, 40)
Булактар:
53. “İran: 2. Dünya savaşında zarara uğradık”,
Haber 7, 27 Ağustos 2010, http://www.haber7.com/dunya/haber/
594887-iran-2-dunya-savasinda-zarara-ugradik




Hiç yorum yok:
Yorum Gönder