![]() |
| Рэндольф Черчилль |
Атамдын
(Уинстон Черчилль) бөлмөсүнө бардым... «Отур сүйүктүү уулум ... кандай
кылаарымды таптым деп ойлойм» деди. Сакал алууну улантып жаткан. Таң калып,
мындай дедим: «Башкача айтканда, жеңилүүдөн кутула алабыз дегиң келип жатабы?» –бул ынандырарлык эле–, «же ал жүзү караларды жеңе алабыз деп
жатасыңбы?» –бул болсо эч ынандырарлык эмес эле. Башын
чайкап мындай деди: «Албетте, аларды жеңе алабыз деп жатам». Мен: «Бул жагдайда
толугу менен сага кошулам. Бирок буга кантип жетүүгө болоорун түшүнө алган
жокмун.» Жүзүн сүртүп, мага бурулду жана өтө чечкиндүүлүк менен мындай деди:
«АКШны согушка киргизем.»8 (Уинстон Черчилльдин уулу
Рэндольф Черчилль)
Черчилльдин уулу
Рэндольф Черчилльдин бул маанилүү сөздөрү – АКШ эмне үчүн Экинчи дүйнөлүк
согушка кирген жана бул согуш кантип миллиондогон жарандардын өмүрүн алган
кандуу азапка айланган деген суроолордун таамай жообу.
Жогорку акыл Британия терең мамлекетинин чыныгы
жүзү аттуу китептин
1-томунда Британия терең мамлекети тарабынан Биринчи дүйнөлүк согуштан баштап
АКШга карата өтө масштабдуу бир пропаганда кыймылынын башталганын далилдери
менен көрсөткөн элек. АКШны Биринчи дүйнөлүк согушка кирүүгө мажбурлоо үчүн бир
каралоо пропагандасы жүргүзүлгөн. АКШга баруучу чалгындоо маалыматтары жана
кабарлар Британия терең мамлекетинин элегинен өтүп, жалган жана провокациялык
маалыматтар аркылуу Америка өкмөтүнө жана Америка калкына карата дезинформация
ыкмасы колдонулган. Бул каралоо пропагандасы Американын 1917-жылы Биринчи
дүйнөлүк согушка киришине шарт түзгөн жана 1918-жылы ноябрьда Германия
жеңилгенин мойнуна алып, согушту токтотууну суранган. АКШнын согушка кошулушу
Биринчи дүйнөлүк согуштун тенденциясын толугу менен өзгөрткөн жана жеңилгени
калган Британия бир заматта согуштун жеңүүчүсүнө айланган.
Ушул эле
стратегия Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда да колдонулган. Британия терең
мамлекети Британиянын бул чоң согуштан жеңиш менен чыга албашын түшүнгөн. Ага
кызмат кыла турган чоң бир күчкө муктаж болгон. Ал күч АКШ эле. Америка согушка
кошулган соң бүт тенденциянын өзгөрөөрүнөн эч күмөн санабагандыктан, терең
ысымдардын бири Черчилль сөзсүз жеңилчүдөй абалда турганына карабастан, Гитлер
менен келишим түзүүдөн баш тартып, согушту уланткан.
Британия тышкы
иштер министри Борис Джонсон кызматка келээр замат Черчилль жөнүндө бир китеп
жазган. Британияда жана АКШда бийликке келгендердин Черчилльди эскерүүсү өзүнчө
эле бир салтка айланган. Бул сөз болуп жаткан лидерликтин Британия терең
мамлекети тарабынан корголоорунун бир мөөрү сыяктуу болуп калган.
![]() |
| Борис Джонсон жана Черчилльди мактаган китеби |
Джонсон The Churchill Factor, How One Man Made
History (Черчилль фактору, Бир адам тарыхты кантип
өзгөрттү) аттуу китебинде Черчилльдин «согушта жеңген тарап болоорун
билгендигин» айткан. Джонсондун айткандары боюнча, Франциядан тынымсыз жаман
кабарлар келип, немец күчтөрү Парижде эч кыйынчылыксыз алга жылып,
француздардын коргонуусун жарып бараткан. Британиянын күчтөрү да бүт
чабуулдарында немецтер тарабынан майтарылган. Австриянын согушка киргизилиши,
Чехословакиянын дээрлик жок кылынышы, Польшанын талкаланышы, Норвегия менен
Даниянын Гитлердин колуна өтүшү, Голландия менен Бельгиянын багынып бериши
Британиянын жеңилээринин белгиси болгон. Джонсон муну кыскача төмөнкүдөй
сүрөттөгөн: «бул британдыктардын, Америкадагы колонияларынан ажырагандан
кийинки, эң басмырланган бир жеңилүүсү болчудай көрүнгөн.» Джонсон бүт баарынын
Черчилльди Гитлер менен келишим түзүүгө мажбурлаганын, француздардан,
италиялыктардан, ал тургай, Гитлердин өзүнөн да кабарлар келгенин, британиялык
саясатчылардын жана Британиянын массалык маалымат каражаттарынын да Гитлерди
жактап баштаганын белгилеген.9 Тирешкен
бир гана Черчилль болгон. Анткени, Британия терең мамлекетинин кепилдигин алган
жана АКШ менен келишим планынын ишке ашаарын билген.
Ал кездеги
АКШнын президенти Рузвельт негизи согушка кирип, Британияга жардам берүүнү
ансыз да каалап жаткан эле. Бирок америкалыктардын 80%ы согушка кирүүнү каалаган эмес. Ал тургай, жалпы АКШ боюнча
британиялыктарды жаман көргөндөр көп болгон.
Черчилльге АКШны
согушка кирүүгө жана Британияга жардам берүүгө көндүрүү милдети жүктөлгөн. Бул
максатка жетүү үчүн ар түрдүү пропаганда ыкмалары жана, албетте, Британия терең
мамлекетинин белгилүү ыкмасы болгон тыңчылар колдонулмак. Бул максатта Черчилль
Америкада «Британия коопсуздук координациясы офисин» курган.10 Британия коопсуздук координациясы офиси
Рузвельтке жана ал кездеги ФБРдин башчысы Дж. Эдгар Гуверге кабар берилип,
Манхэттендеги Рокфеллер имаратында курулган. Бирок Америкада эч ким бул офистин
чыныгы максатын билген эмес.
Негизи башында
нейтралдуу позицияны карманган АКШ Британия терең мамлекети тарабынан курулган
ушул чалгындоо жана пропаганда офисинин күчтүү провокацияларына кабылган жана
Германия АКШны басып алат деген айыңдар бүт тарапка жайылган. Америка бул
согушка кошулбашы керек деген пикирдеги адамдар «фашизм тарапкери» деп
сыпатталган жана мындай кишилер менен уюмдарга карата уяткаруучу кабарлар
чыгарылып, басынтуу аракети көрүлгөн. Американын массалык маалымат
каражаттарында Британияны жактаган кабарлар көбөйгөн. Мында пропаганда аркылуу
Британияга күмөн менен караган Америка калкынын көз-карашын өзгөртүү максат
кылынган.
![]() |
| Черчилль жана Рузвельт |
1941-жылы
октябрьда (жасалма жол менен) бир немец чалгындоочусунун сумкасынан бир карта
«табылган». Ал карта боюнча, Гитлер жакында Американын түштүк чек арасына
келмек. 1941-жылы 27-октябрьда Рузвельт мындай билдирүү жасаган: «бул карта фашисттердин планын көрсөтүүдө,
бир эле Түштүк Американы эмес, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарын да көздөп
жатышат.» Рузвельт Гитлердин өкмөтүнө тиешелүү дагы бир документ табылды
жана ал документте эгер Гитлер жеңсе, фашисттик күчтөрдүн бүт диндерди жок
кылуу планы жазылган деп айткан. Ал план боюнча, бүт чиркөөлөр тартылып алынып,
бүт диний символдор жок кылынат жана дин кызматкерлери болсо концлагерьлерде жазаландырылат.
Чиркөөлөрдүн ордуна фашисттик чиркөөлөр курулат. Чиркөөлөргө Инжилдин ордуна
Гитлердин «Менин күрөшүм» аттуу
китеби коюлуп, диний символдордун ордуна свастика (фашисттик крест символу)
асылат деп айтылган.11
Британия терең
мамлекети Америка элинин өтө талуу жерине тийген: дин. Бул мафия системасы
Америка элинин динчил экендигин жана аларды динине зыян келет деп ойлогондо
гана өздөрүнө тарта алаарын мыкты билген. Адамгерчиликтүү Америка элинин ушул талуу
жери колдонулган жана алар немец өкмөтү чиркөөлөрүбүзгө жана диний
ишенимдерибизге кол салат деп катуу тынчсыздана башташкан. Анткени, бул сөздү
өздөрүнүн президенти айтып жаткан.
Немец өкмөтү
Рузвельттин бул сөздөрүн кескин түрдө четке каккан. Сөз болуп жаткан «жашыруун»
документтердин «эң шалаакы жана эң эки жүздүү көз бойомочулук» экендигин
айткан. Расмий билдирүүнүн уландысы төмөнкүдөй болгон: «Түштүк Американын Германия тарабынан басып алынышы жана дүйнө
жүзүндөгү чиркөөлөрдүн жок кылынып, ордуна Расист социалист чиркөөнүн курулушу
ушунчалык сандырак жана абсурд сөздөр болгондуктан, аларга немец өкмөтүнүн жооп
беришинин да эч кандай мааниси жок.» Ал кездеги пропаганданын жетекчиси Йозеф
Геббельс болсо жазуу түрүндө жиберилген билдирүүсүндө: «Америка президентинин абсурд айыптоолорунун Америка элин тукуруу үчүн
ойлоп чыгарылган чоң бир көз бойомочулук» экендигин айткан.12
![]() |
| АКШны согушка киргизүү афишалары. |
Бир күндөн
кийинки пресс конференцияда бир журналист президенттен ошол жашыруун картанын
бир копиясын сураган. Рузвельт аны берүүдөн баш тарткан, бирок ушундай карта
бар жана ал «өтө ишенимдүү бир булактан келди» деген сөзүнөн кайткан эмес.13
Карта жана
«ишенимдүү булак» жөнүндөгү акыйкаттар Америка эли коркунучтуу согушка
киргизилип, миллиондогон адам жок жерден курман болгон соң гана ачыкка чыккан. Чындап
эле ошондой карта бар эле; бирок ал карта Британиянын чалгындоо кызматынын
Канададагы жашыруун «Station
M» аттуу техникалык
кызматында иштелип чыккан жасалма бир карта болгон. Британиянын Түндүк
Америкадагы чалгындоо операцияларынын жетекчиси Уильям Стефенсон (жашыруун аты
«Intrepid») аны Америка чалгындоо кызматынын
башчысы Уильям Донованга жеткирген. Андан ары президент Рузвельтке жеткен.
1984-жылы чыккан бир биографияда согуш учурунда Британияга тыңчылык кылган Ивар
Брайс «жашыруун карта» интригасын пландаган киши катары атак-даңк талап кылган.
Рузвельт тарабынан тааныштырылган жана бүт диндердин Гитлер тарабынан жок
кылынаары айтылган экинчи документтин да ушундай эле жасалма экендиги ачыкка
чыккан.14
АКШ Деңиз
күчтөрүнүн адмиралы Дж.О. Ричардсон согуштун жүрүшү жөнүндөгү Рузвельт менен
болгон бир сүйлөшүүсүн төмөнкүчө баалаган:
![]() |
| Томас Э. Малдын китеби |
Президент
сыртынан эмне десе десин, андан кайра шайланганга чейин Британия туруштук бере
алса, АКШны согушка киргизүү боюнча толук чечкиндүүлүктү байкадым.15
Голливуд да
пропаганда максатында колдонулган борборлордун бири болгон. Жазуучу Томас Э.
Мал Desperate Deception (Аргасыз алдамчылык) аттуу китебинде бул жөнүндө мындай дейт:
(Америкалык
продюсерлерден Уолтер) Вангер көп тараптуу киши болгон, Версальда атташе болчу,
ошол эле учурда Парамаунт студиясында режиссер эле. Тасмалар коомчулуктун
аң-сезимин калыптандыруунун маанилүү бир инструменти деп ойлочу. Ушунчалык
ишенимдүү болгондуктан, Лорд Лотиан тарабынан британиялык тыңчы Джон
Уилер-Беннетт аны менен Британияны жактаган тасмаларды тартуу темасында
сүйлөшүү үчүн Голливудга жиберилген. 1940-жылы жайында Вангер нацисттик
Германияга ачык каршы болгон эки тасма тарткан. Англиялык режиссер Альфред
Хичкок менен бирге Foreign
Correspondent (Чет өлкөлүк
кабарчы) аттуу тасма тартышкан. Бул тасма Гитлердин д-р Геббельси тарабынан
«пропаганданын шедеври» деп аталган.
Башкача
айтканда, BSCнин (British Security Coordination – Британия коопсуздук координациясы) Америкада саясаттын, кабарлардын жана
көңүл ачуунун дал борборунда жайгашкан ишке жарамдуу, мотивациялуу жана күчтүү тыңчылары,
жардамчы тыңчылары жана өнөктөштөрү бар болгон.16
![]() |
| АКШны согушка киргизүү боюнча пропаганда афишалары. |
Жүргүзүлгөн
сурамжылоолор аркылуу Америка эли барган сайын согушту көбүрөөк жактап
бараткандай таасир бергенге аракет кылышкан. Чындыгында болсо, өзгөчө
1939-1942-жылдардын ортосунда Америкада жүргүзүлгөн коомчулукту сурамжылоо
анкеталарынын баары Британиянын чалгындоо кызматынын, досторунун,
кызматкерлеринин жана тыңчыларынын контролунда жүргүзүлгөн жасалма
сурамжылоолор болгон.17
Томас Э. Мал бул
жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды топтогон:
Эл билген
эмес, бирок Gallup, Hadley
Cantril, Market Analysts Inc. жана Roper фирмалары тарабынан жүргүзүлгөн
анкеталардын баары Американын согушка киришин каалаган чөйрөлөр тарабынан жана
Британиянын чалгындоо тыңчыларынын таасири астында жүргүзүлгөн. Ошондой эле, ал
анкеталарга масштабдуу көзөмөл жүргүзүлүшүн же алардын башка анкеталарга
салыштырылышын да каалашкан эмес.
Жашыруун «BSC эсептери» ... Gallup анкеталары менен байланыштуу үч жагдайды
төмөнкүчө белгилеген: Британиянын чалгындоо кызматы Gallup мекемесинин ичине жайгашты, Рузвельт башкаруусунун да Gallup мекемесинин ичинде Хэдли Кэнтрил (Hadley Cantril) аттуу бир адамы бар эле жана Gallup Британияга каршы жыйынтык берген анкеталарды
жарыялай алган эмес.18
1945-жылы
августта Британия тышкы иштер министрлигинен Дж.Г. Доннелли Британиянын
чалгындоо кызматынын Америка коомчулугуна тийгизген таасирин төмөнкүчө билдирген:
«америкалыктар эч кабарсыз, дүйнөнү
көбүнчө Британиянын терезесинен көрүүгө мажбурланышты.»19
Британиянын тыңчылары
Американын Ак үйүнө, ал тургай, президенттин өзүнө да абдан жакын болушкан.
Британиянын тыңчысы Дэвид К. Найлс Британия коопсуздук координациясы офисинин
жана BSC Fight for Freedom
(BSC эркиндик согушу)
фронтунун Ак үйдөгү байланыш ортомчусу болгон. Сценарист Роберт Эммет Шервуд
болсо BSCнин жетекчиси Уильям Стефенсон менен өтө
тыгыз иштешкен. Ал тургай, президент Рузвельттин сүйлөй турган сөздөрүн ал
сүйлөөрдөн мурда Стефенсонго көрсөтүп турган.20
Британия терең
мамлекетинин пропагандалары жана жасалма кабарлары АКШда өз максатына жеткен. Элдин
көпчүлүгү макул болуп калган. Анан Черчилль союздаш күчтөрдүн биргелешкен
командалыгынын Лондондо эмес, Вашингтондо болушун жана чечимдердин Вашингтондо
алынышын сунуштаган жана ошентип АКШнын согушка жакыныраак болушун каалаган. Бирок
АКШ активдүү түрдө согушка кириши үчүн Американы солк эттире турган бир
эскертүү керек болгон. Ал эскертүү Перл-Харбор чабуулу болгон.
![]() |
| Француз тилинде пропаганда афишасы: "Бириккен Улуттар Уюму эми сөзсүз жеңет." |
АКШ бул
пропаганданын таасиринин негизинде жана согуш күчөп баштаганынан улам Британия
менен Франциянын тарабында болоорун жана аскердик мааниде бул өлкөлөргө бүт
жардамын берээрин айтып, кайсы тарапка өткөндүгүн көрсөткөн. Мурда
нейтралдуулук келишимин түзгөн Япониянын 1941-жылдын 7-декабрындагы Перл-Харбор
чабуулу болсо бүт тең салмактуулуктарды өзгөрткөн. Бул «күтүүсүз» чабуул
чындыгында бир гана Америка эли үчүн «күтүүсүз» болгон. Мунун Британия терең
мамлекети тарабынан пландалганын жана АКШ президенти Теодор Рузвельттин
чабуулду бир ай мурдатан билгенин чалгындоо кызматынын мурдакы кызматкери, доктор
Джон Коулман документтер менен тастыктап көрсөткөн. Д-р Коулман көптөн бери
Британияга кошулуп согушка кирүүнү көздөгөн Рузвельттин Перл-Харбор чабуулуна
уруксат бергенин жана аны согушка кирүүдө маанилүү бир көзүр катары колдонгонун
билдирген. Д-р Коулман Британдык Чыгыш Индия компаниясына (British East India
Company) жана 300дөр комитетине (The Committee of 300) караштуу Тынч океан
байланыштары институтунун 1941-жылы 7-декабрьда Япония тарабынан жасалган
Перл-Харбор чабуулун финансылаганын айткан.21
![]() |
| Чөккөн Аризона кемеси. |
Перл-Харбор чабуулунун
мындан да үрөй учурарлык тараптары бар. Изилдөөчү Джеймс Перлофф Перл-Харбор
жөнүндө көп билинбеген үрөй учурарлык бир чындыкты төмөнкүчө баяндаган:
25-ноябрьда
Япониянын учактары Гавайини көздөй жолгон чыккандан бир саат өткөн соң АКШнын
флоту бир буйрук чыгарып, АКШнын жана союздаштарынын кемелеринин Түндүк Тынч
океандан өтүшүнө тыюу салган. Океандагы бүт соода кемелери да Түштүк Тынч
океанга которулган. Бул буйрук АКШнын батыш жээктерине жайгашкан Россиянын
кемелерине да тиешелүү болгон. Максат апачык белгилүү эле. Эгер бир соода
кемеси кокусунан Япониянын күчтөрүн көрүп калса, Перл-Харборго кабар берип
койушу мүмкүн эле. 1941-жылы Деңиз согуштарын пландоо бөлүмүнүн кызматкери,
америкалык Ричмонд К. Тернер апачык айткандай: «согуш жакындады деп ойлогондо
кемелерди башка тараптарга жылдырганга даяр элек. Кемелерди Торрес кысыгына
жибердик, ошентип Япониянын күчтөрүнүн алдында тоскоолдук калган жок.»22
Бул чара аркылуу
Перл-Харбордогу аскердик базаны көздөй бараткан кемелер атайылап токтотулуп, Япониянын
чабуулун алдын ала байкап кабар бере турган бүт элементтер тазаланган. Бул
Перл-Харбор базасындагы аскерлердин күтүүсүз бир чабуулга кабылышына жана
жоготуунун чоң болушуна шарт түзмөк. Анткени, Британия терең мамлекетинин ою
боюнча, кичинекей бир чатак АКШнын согушка киришине элди көп ынандыра албашы
мүмкүн эле.
![]() |
| Перл Харбор чабуулу |
Америкалык
тарыхчы Джон Уиллард Толанд Рузвельттин АКШнын армиясындагы жогорку даражалуу
офицерлеринин кээ бирлеринин Перл-Харбор чабуулунан бир күн мурда күтүүсүз
жоголуп кеткенин жана алар менен байланыш үзүлүп калганын жазган. Ал кишилер
кийин көп жолу «каерде болгонубуз эсибизде жок» деп көрсөтмө беришкен.23 Толанддын колундагы документтер боюнча,
чабуулдан эки жума мурда аскердик флот бүт документтерди «өтө жашыруун»
классификациясына киргизген жана аскердик флоттун байланыш бөлүмүнүн жетекчиси
бүт командирлерди чабуулдар менен байланыштуу жазууларды жана документтерди жок
кылууга буйруган. Радиооператорлор менен код чечмелегичтер болсо ар кандай
коркутуулар аркылуу ооздору жабылган.24
Британия терең
мамлекети үчүн кыйылган өмүрлөрдүн, аккан кандын, трагедиялардын эч кандай
мааниси жок. Максатына жетүү үчүн өзүнүн жарандарын да, союздаштарын да
өлтүрүүдөн тартынбаган бул таш боор түзүлүш дүйнө жүзүндөгү бүт кандуу иштерин
ушундай дажжалдык көз-караш менен уюштурган.
Пландалган кыргын: Дрездендин бомбаланышы
АКШнын союздаш
күчтөргө кошулуп согушка кириши, албетте, согуштун жүрүшүн өзгөрткөн. Экинчи
дүйнөлүк согуш бир топ кандуу согушка айланган жана, ал тургай, Британия терең
мамлекетинин багыттоосу менен АКШнын аскердик күчтөрү шаарлардын борборлоруна,
б.а. куралсыз карапайым жарандарга чабуул коюп баштаган. 1945-жылы февраль
айында Британиянын эки жана Американын бир флотунун күйгүзүүчү бомбалары
аркылуу Германиянын Дрезден шаарынын борборуна жасалган аба чабуулунун
натыйжасында 135 миң куралсыз адамдар өмүрүнөн айрылган (бул сан 250 миңден
ашат деген маалыматтар да бар. Кээ бир денелер толугу менен жок болуп
кеткендиктен, өлгөндөрдүн саны так аныкталган эмес. Мындан тышкары, ошол тушта
шаарда жүз миңдеген качкындар да болгон. Бул жогорудагы божомолдордун туура
чыгуу ыктымалдыгын жогорулатат).25 Фосфор
бомбаларынан улам Дрезден шаары бир канча күн өрттөнгөн. 28410 имараттын
24866сы жок болгон. Ээриген көчөлөр качууга аракет кылгандарды күйгүзүп,
машиналар чокко айланган.
Дрездендин
бомбаланышы – Британия терең мамлекетинин атайын куралсыз элге багытталган
жырткыч жана адамгерчиликсиз бир чабуулу. Союздаштардын аба күчтөрүнүн
командири, англиялык Чарльз Портал куралсыз калкка багытталган бир бомбалоонун
натыйжасында 18 айдын ичинде 900 миң адам өлүп, 1 миллиондон ашуун адамдын
олуттуу зыян тартаарын, 6 миллион турак жайдын жок болоорун жана 25 миллион
үйдүн жараксыз абалга келээрин эсептеп чыккан жана бул гуманитардык кризисти
пайда кылып, согуштун бүтүшүн ылдамдатат деп ойлогон. Куралсыз калкка чабуул
жасоонун согуш мыйзамына, Женева келишимдерине жана, эң негизгиси, адамдык
абийирге карама-каршы келээри болсо Британия терең мамлекетин эч кызыктырган
эмес.
Атайылап куралсыз
элди бомбалоо согуш убагында жана согуштан соң Британия терең мамлекетине чоң
көйгөйлөрдү пайда кылмак, ошондуктан бомбаланган жерлер аскердик аймак болчу
деген калп кабарлар чыгарылган. Бирок Дрезден шаарында аскердик гарнизон болгон
эмес жана заводдор бомбалоонун негизги максаты болгон шаардын борборунда эмес,
шаардын сыртында жайгашкан.26 1941-жылы
ноябрьда Британиянын бомбалоо башкармалыгынын башкы командири калп эле аскердик
максат катары көрсөтүлгөн аймактарда бир жыл бою атайылап куралсыз элди
бомбалашканын төмөнкүчө мойнуна алган:
Буларды
айтып берген себебим көп убакыттан бери (Британия) өкмөтү ... бүт дүйнөнүн биз
жөнүндө «булардын дагы эле бир аз болсо да абийири бар» деп ойлошун каалады.
Ошондой эле, адамдарды «аскердик максат» деп айтылышын жактырган жерлерге гана
чабуул жасаганыбызга ишендирүүнү көздөдү. Силерге айтаарым, мырзалар, бизде
абийирге эч качан жол жок.27
«Бизде абийирге
эч качан жол жок»... Бул сөздөр Дрезденде куралсыз калкты кырган Британия терең
мамлекетинин дажжалдык инстинктин эң мыкты сүрөттөйт.
![]() |
| Бомбалоодон соң Дрезден шаары |
Дрезден кыргыны
1945-жылы 22-январьда Королдук аба күчтөрүнүн бомбалоо операцияларынын башчысы,
генерал Сидни Осборн Бафтондун маршал сэр Норман Боттомлиге жиберген бир каты
аркылуу башталган28 жана бир канча аскердик баскыч тарабынан
бекитилген соң, 25-январьда Британиянын чалгындоо кызматы тарабынан да колдоого
алынган.29 Кыргындын башкы жоопкери болсо Уинстон
Черчилль болгон.30 Черчилль кыргындын алдында «өлкөсүнүн оор бомбалоочуларынан фашисттердин
мекенине чыныгы мааниде кыйратуучу, жок кылуучу чабуулдарды жасоону» талап
кылган жана, ал тургай, муну «террордук
бомбалоо» деп атаган.31
Черчилль
«фашисттердин мекени» деп ичинде миллиондогон күнөөсүз жаш балдар, аялдар жана
эркектер жашаган Германиянын шаарларын атаган. Черчилль ал шаарларда дайыма куралсыз
калкты көздөгөн. Ал тургай, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда куралсыз калкты
биринчи бомбалаган Черчилль болгон. Терең мамлекеттин бул терең кишиси согуш
жаңы башталганда, премьер-министр кызматына келгендин эртеси күнү Менхенгладбахты
бомбалатып, миңдеген куралсыз калк көз жумган.32
Британия аба
күчтөрүнүн маршалы Чарльз Портал Черчилльге «бүт
чабуул бир чоң шаарга жасалганда гана чоң кыйроого алып келээрин жана эгер ал
шаар ошол кезге чейин салыштырмалуу көп залал көрбөгөн бир шаар болсо таасирдин
ошончолук жакшыраак болоорун» айткан.33 «Жок кылуучу бир террордук бомбалоону»
каалаган Черчилль менен анын куйруктары ушунун негизинде, бомбалоо учурунда кош
сокку жасоону чечишкен. Алгач бомбалоонун биринчи толкуну жасалып, ал соккудан
3 саат өткөн соң, ал жерде куткаруучу топтор келээр замат, бомбалоонун экинчи
толкуну башталат.34 Бул тактика операциянын куралсыз калктан
мүмкүн болушунча көп адамды өлтүрүүнү көздөгөнүн далилдейт. Бир эле тактика
эмес, курал-жарактар да атайын куралсыз калкты кырууга ылайыкталган. Бомбалоодо
жарылуу таасири күчтүү бомбалар биринчи кезекке коюлуп, анын артынан күйгүзүүчү
бомбалар колдонулган.
800дөй учак
катышкан бомбалоонун биринчи күнүндө шаарга 1400 тоннадан ашуун бомба
ташталган. Ал күнү шаарга ташталган күйгүзүүчү бомбалардын көлөмү болсо 1100
тоннадан ашкан.35 Дрезденге ташталган күйгүзүүчү бомбалардын
санынын 650 миңдин тегерегинде экендиги айтылат. Бул шаардагы ар бир жаранга
бирден бомба ташталган деген мааниге келет.36
Суу түтүктөрүнүн
талкаланышы өрт өчүрүү мүмкүнчүлүгүн дээрлик толугу менен жок кылган. Ошентип
шаарды эбегейсиз от бороону каптап, Дрезден отко куйкаланган. Бомбалоо
башталгандан көп өтпөстөн, шаардагы адамдар качаарга жер таппай калышкан, от
шамалдары адамдарды бүт тараптан кууп жеткен. Күйгүзүүчү бомбалардын таасиринен
температура 1500 градуска чыгып, имараттын ичиндегилер же күйүп же болбосо
түтүнгө ууланып көз жумушкан. Сырттагылардын денелери болсо кыска убакытта
куйкаланып көмүргө айланган, ал тургай, толук жок болгон.
![]() |
| Бомбалоодон соң Дрезден шаарынын көрүнүшү |
Арнемде
немецтердин колуна түшкөн соң, Дрезденге алып барылган британиялык парашютчу Виктор
Грегг бомбалоо учурунда күбө болгон коркунучтуу көрүнүштөрүн BBC каналына айтып берген. Грегг бомбалоодон 7 сааттан кийин Альтштадттагы миң
кишилик бир башпаанекке жете алганын айткан. Грегг менен анын жанындагылар
башпаанекке жеткенде, ал жерде бир дагы тирүү жанды көрө алышкан эмес. Ал
тургай, денелер да калган эмес. Денелер башпаанекте ээрип жок болгон. Үч жаштан
кичүү балдар болсо дээрлик бууга айланып кетишкен.37
Журналист
Александр МакКи Америка аба күчтөрүнүн баяндамасында сөз кылынган Дрездендеги
максатталган тизмеге көңүл бурган. Баяндамада максат катары көрсөтүлгөн
аскердик казармалар шаардын сыртында жайгашкан жана чабуул аларга жасалган
эмес. Ошондой эле, баяндамада максат катары көрсөтүлгөн «барак лагерьлеринин»
болсо чындыгында эч кандай аскердик сыпаты болгон эмес. Ал барак үйлөрдө
аскерлер эмес, чыгыштагы СССР армиясынан качкан, качкын немецтер жашашкан.38
МакКи Дрездендин
бомбаланышы жөнүндөгү өзүнүн жеке оюн төмөнкүчө билдирген:
Бомбалоонун
командирлери чындыгында аскердик же экономикалык максаттарды ойлошкон эмес,
анткени Дрезден жөнүндө маалыматтары өтө аз болгон; Британиянын Королдук аба
күчтөрүндө шаардын чыныгы картасы да болгон эмес. Аларга күйгүзүүгө боло турган,
көп адам жашаган бир жер керек болгон жана Дрезден бул критерийлерге толук
туура келген.39
Мындай жарандык
кыргындарды «террордук бомбалоо» деп атаган АКШлык тарыхчы Патрик Дж. Бьюкенен «террордук бомбалоолорду Черчилль баштаган, Америка калыптандырган» дейт
жана сөздөрүн мындайча улантат: «Черчилль
батыш инсанынын варварчылыкка айланышына жол башчылык кылган».40
Албетте,
Черчилль дегенде «Британия терең мамлекетин» түшүнүү керек жана бул эң таамай
сөздөр Дрезден кыргынын жасаган дажжалдык рухтун жырткычтыгын ачык айгинелеп
турат.
Британия терең
мамлекетинин бир чыккынчы планы болгон Дрезден кыргыны Хиросима менен
Нагасакидеги сыяктуу, шаарды бир заматта от жалынга айландырган жана, ал
тургай, эки атом бомбасынан да көбүрөөк адамды өлтүргөн. Бирок башкы рольдо
түздөн-түз Черчилль турганы үчүн, азыраак эскерилет.
Британия терең мамлекетинин Хиросима жана Нагасакидеги кандуу ырым-жырымы
Экинчи дүйнөлүк
согуш бүтөөргө жакын АКШнын согушка кошулушу менен шарттар өзгөрүп, алгач
Италия, андан соң Германия багынган. Ыраакы Чыгышта токтобогон согуш болсо жүз
миңдеген куралсыз калктын өлүмүнө себеп болгон Токионун бомбаланышы, Нагоя,
Йокохома, Осака жана Кобе шаарларынын бомбаланышы жана андан соң эки атом
бомбасынын ташталышы менен аягына чыккан. Бир канча секунданын ичинде Хиросимада
140 миң, Нагасакиде болсо 70 миң куралсыз жаран көз жумган. Радиациядан өмүрүн
жоготкондордун жана майып болгондордун саны болсо мындан алда канча көп.
![]() |
| Кобенин бомбалануу учуру |
Ыраакы Чыгыштагы
бул кеңири масштабдуу зомбулук сыртынан караганда АКШнын колунан чыкканы менен,
арткы планда Британия терең мамлекети турат. Жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган
Токионун бомбаланышы Британия терең мамлекети тарабынан пландалып, терең
мамлекеттин АКШдагы кызматчылары тарабынан ишке ашырылган.
Дүйнөлүк
саясатты иштеп чыккан бул механизм азыркы күндө да ошол бойдон уланып келе
жатат. Лондондон иштелип чыккан пландар АКШлыктар аркылуу ишке ашырылып, анын
натыйжасында дүйнөнүн төрт тарабында кандуу кыргындар улантылууда. Башкача
айтканда, эч нерсе өзгөргөн жок.
Терең
мамлекеттин ишенимдүү кызматкерлеринин бири, америкалык генерал Кертис Лемей
Токионун бомбаланышынын үрөй учурарлык натыйжалары жөнүндө мындай деп
мактанган:
![]() |
| Токионун бомбаланышы (жогоруда жана ортодо, Кобени бомбалоодон соң сакталып калган бир мечит (төмөндө). |
9-10-марттын
түнү биз Токиодо негизи Хиросима менен Нагасакиде бууланып жок болгондордон
көбүрөөк адамды күйгүзүп, кайнатып, куйкаладык.41
Британиялык
капитан Лидделл Харт 1938-жылы Британияда чыккан Propaganda in the Next War (Келээрки согушта пропаганда) аттуу китебинде Американын Европадагы согушка
Америка элинин көпчүлүгү каалабаса да, атайылап киргизилгенин айткан. Жазуучу Джордж
Армстронг Rothschild Money
Trust (Ротшильддин акча империясы) аттуу
китебинде «Propaganda in
the Next War» китеби
жөнүндө мындай дейт:
Белгилүү
болгондой, бул китеп Британия өкмөтүнүн жарым расмий китептеринин бири болгон.
Китептин копиялары болсо Согуш министри Хоар-Балишанын буйругу менен жок
кылынган болушу керек.42
Көрүнүп
тургандай, АКШнын согушка атайылап тартылышы жана Британия терең мамлекетинин
ыпылас оюндары менен атом бомбаларынын ташталышы жөнүндөгү чындыктар тездик
менен жок кылынган. Британия терең мамлекетине баш ийген жогорку кызматтагы
бюрократтар менен саясатчылар ал жылдары бул документтер тарап кетпеши үчүн
кеңири масштабдуу цензура жүргүзүшкөн.
Согуш дээрлик
бүтүп калганына карабастан, бомбалоолордун биринин артынан экинчисинин улантылышы
жана эки атом бомбасынын ташталышы бүгүнкү күндө көптөгөн суроолорду пайда
кылууда. Колго тийген документтер Британиянын жана Американын чалгындоо
кызматтарынын Трумэндин Хиросимага атом бомбасы ташташынан бир канча ай мурда,
япондордун багынып берүүнүн жолдорун издегени жөнүндөгү далилдерин көрсөткөн. Президент
Трумэндын булардын баарын билгендиги да ал далилдердин арасында бар.
![]() |
| Экинчи дүйнөлүк согушта АКШнын Японияга чабуул жасоо чечкиндүүлүгүн көрсөткөн афиша. |
1980-жылы ачыкка
чыккан чалгындоо кызматынын маалыматтары Экинчи дүйнөлүк согуш бүтөөргө жакын Ыраакы
Чыгышка АКШнын кеңири масштабдуу кийлигишүүсүнүн керексиз болгондугун
далилдөөдө. Ал маалыматтар боюнча, Япония 1945-жылы апрель айларынан баштап эле
Москвадагы элчиси аркылуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө аракет кылган.
Япониянын премьер-министри Кантаро Сузуки 1945-жылы 9-августтагы бир
кайрылуусунда Советтер Союзунун согушка киришинин аларды толук чарасыз абалга
түрткөнүн жана согушту улантуунун мааниси жоктугун айткан. Трумэн буларды
билген, анткени АКШ Япониянын кодун андан бир канча жыл мурда сындырган жана
бул багыттагы бүт кат алышууларды окуп турган. 1945-жылы 13-июльда Япониянын
тышкы иштер министри Шигенори Того «шартсыз багынып берүү (бүт эгемендүүлүктөн
баш тартуу, өзгөчө императордун тактан түшүрүлүшү) тынчтыктын алдындагы жалгыз
тоскоолдук» деген.43
Императорду
ордунда сактап калып, дипломатия жолу менен согушту токтотуу максат кылынган.
Жүз миңдеген куралсыз калктын өлүмүнүн кереги жок эле. Бул макулдук эч себепсиз
жерден Рузвельт менен Черчилльдин ортосундагы 1943-жылкы Касабланка
конференциясында жана андан соң Трумэн, Черчилль жана Сталиндин ортосундагы
Постдам конференциясында четке кагылган. Ошондо дагы япондор сүйлөшүүлөр
аркылуу тынчтык жолун издөөнү улантышкан.
Кыскасы, бомба
ташталбаса да согуштун бүтүп калгандыгын ал жылдары АКШ менен Британия да кабыл
алышкан. Черчилль Общиналар палатасындагы бир сөзүндө согушту атом бомбасынын
бүтүргөнүн айтканда, британиялык адмирал Генри Джордж Терсфилд The Times гезитине кат жөнөтүп, согуштарды бир гана кыйроо
менен бүтүрүүгө болбойт деп, Черчилльдин сөзүн четке каккан.44
Американын Согуш
министри Генри Л. Стимсон бул жөнүндө мындай деген:
Негизги
маселе, бомба колдонбостон багынтууга болот беле деген маселе эмес,
дипломатиялык жана аскердик башка бир жол аркылуу эртерээк багынтууга болот
беле деген маселе. 1945-жылы жазында Япония кабинетинин көпчүлүк бөлүгү аягында
келишимге келинген шарттарды чындап кабыл алууга даяр болчу.45
Апачык көрүнүп
тургандай, АКШнын Согуш министри Стимсон дагы АКШ согушту эч керексиз
создуктуруп жатат деген ойдо болгон.
Атом бомбалары
ташталып, Япония багынган соң, АКШ генералы Макартур Япониянын императорунун
руханий лидер катары ордунда калышына уруксат берген. Бирок бул атом бомбасына
негиз түзгөн, мурда АКШ менен Британия тарабынан кабыл алынбаган жалгыз шарт
болгон. Апачык көрүнүп тургандай, тынчтыкка жолтоо болгон себеп императордун
ордунда калуу шарты болгон эмес. Британия терең мамлекети менен, билип же
билбестен, анын колдоосуна кирген АКШ президенти сабак болуучу кандуу чабуул
үчүн шылтоо издешкен.
Президент Трумэндин
башкы аскердик жардамчысы, адмирал Уильям Лихи болсо I Was There (Ошол жерде болчумун) темалуу эскерүүлөрүндө мындай деген:
Менимче,
Хиросима менен Нагасакиде бул варвардык куралдын колдонулушунун Японияга каршы
согушубузда эч кандай материалдык колдоосу жок болчу. Япондор ансыз да жеңилген
болчу жана натыйжалуу деңиз блокадасынан жана кадимки куралдар колдонулган
ийгиликтүү бомбалоолордон улам багынып берүүгө даяр турушкан. Жеке оюм боюнча,
биз бул куралды биринчи колдонгондор катары караңгы доорлордогу варварлардын
этикалык стандарттарын кабыл алдык.46
![]() |
| Нагасаки жана Хиросима |
Генерал Дуайт Д.
Эйзенхауэр болсо 1963-жылы Newsweek журналына
берген бир маегинде мындай деген:
Аларга ал
коркунучтуу нерсени таштоонун кереги жок болчу... сүйлөшүү жүргүзүүгө эч аракет
кылбай туруп, атом бомбасын колдонуу, куралсыз калкты өлтүрүү жана террор
жүргүзүү кош кылмыш болгон.47
Көрүнүп
тургандай, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда атом бомбалары Япония багынууну
чечип, сүйлөшүүнүн жолдорун издеп жаткан кезде ташталган. Британия терең
мамлекети бул сүйлөшүү аракеттерин эң мыкты билген, бирок ошого карабастан атомдук
бомбалоону уюштурган. Анткени, анын тымызын планында Япония менен келишимге
келүү каалоосу болгон эмес; анын планында Японияда өзгөчө куралсыз калкты жок
кылуу жана тең салмактуулуктарды Британия терең мамлекетинин пайдасына өзгөртүү
каалоосу болгон. Дажжалдын системасы – мына ушундай миллиондогон күнөөсүз
адамдын өмүрүн бир канча секундада ала турганчалык залим жана анткор бир
система.
Бир канча секундада келген апаат
Япония Ыраакы
Чыгышта соода жолдоруна ээ, бирок жупуну бир өлкө катары жашаган кезде
Британия-Япония союзу туруктуу уланган. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда жана
согуштан кийин Британиянын премьер-министри Ллойд Джордж менен тышкы иштер
министри лорд Керзон Япония менен келишимди жаңылоону каалашкан. Анткени,
Япониянын күчү өсүп жаткан жана Япония менен пикир келишпестик келип чыкса,
Европа өзүн коргой алмак эмес. Мунун таасири өзгөчө Британиянын Ыраакы
Чыгыштагы колонияларына тиймек.
Экинчи дүйнөлүк
согуш жакындаганда Черчилль Британия-Япония келишиминин ордуна, Британия-АКШ
келишимин каалаган. Ал келишимдин негизинде АКШдан Британиянын Тынч океандагы
жана Азиядагы колонияларын коргоо кепилдиги талап кылынмак.
Америка
Британияны коргоо багытында эч кандай кепилдик берген эмес, бирок 1922-жылы
Британия, Франция жана Япония менен Вашингтон келишимине кол койгон. Ал келишим
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, барган сайын ылдамдап бараткан куралдануу
жарышына чектөө коюу максатында түзүлгөн жана кол койгон өлкөлөрдүн аскердик
флотторунун белгилүү бир чектен ашышына бөгөт койгон. Бирок Экинчи дүйнөлүк
согуш жакындаган кезде бул келишимди бузган тарап Япония болуп, мындан катуу
тынчсызданган тарап болсо Британия терең мамлекети болгон. Япония өзүнүн
аскердик флотун күчтөндүргөн, Британия болсо артында АКШнын кепилдиги
болбогондуктан, Ыраакы Чыгышта Кытай, Япония жана Россиянын алдында жалгыз
калган.
Экинчи дүйнөлүк
согушка келгенде, Британиянын 4 учак кемесине Япониянын 10 учак кемеси,
Британиянын 159 учагына болсо Япониянын 400 учагы туура келген. Согушка
Япониянын кошулушу Британия терең мамлекети үчүн чоң риск болмок. Бирок
күтүлгөндөй эле, Япония согушка кошулган. Британия терең мамлекети Британиянын
аскердик жактан Японияны жеңе албашын эң мыкты билген. Мындан тышкары, Япония
ал кезде Кытайга караштуу Британиянын колониясы Гонконгду басып алган. Британия
терең мамлекетинин кишиси Черчилль Гонконгдун аскердик ыкмалар менен кайра
алына албашын төмөнкүчө белгилеген:
Булардын
баары жагымсыз. Эгер япондор бизге согуш ачса, Гонконгду колубузда сактап
калууга же ал жерди бошотууга эч мүмкүнчүлүгүбүз калбайт. Ал жерде зыян тартып,
курмандарды көбөйтүү өтө акылсыздык болот. Аскердик штабдарды көбөйтүүнүн
ордуна, аларды символикалык санга чейин азайтышыбыз керек... Коргой албай
турган булактарыбызга зыян келбесин. Япония эртерээк Британия империясына согуш
ачууну каалайт жана Гонконгдо эки батальон болсо да, алты батальон болсо да,
Япониянын чечими өзгөрбөйт. Ал жерде батальонубуз азыраак болгондо кандай жакшы
болмок. Бирок эми кандайдыр бир кыймыл-аракет жасасак байкалып калып, коркунуч
туудурат.48
Көрүнүп
тургандай, Черчилль Япониядан Британиянын алсыз экендигин апачык кабыл алган.
Японияны жеңе ала турган жалгыз күч колунда ядролук мүмкүнчүлүктөрү бар АКШ
болгон. Интригалар аркылуу согушка киргизилген АКШ Британия терең мамлекетинин
бул ыпылас жумушун жасамак. План ушундай болгон.
![]() |
| Экинчи дүйнөлүк согуштагы Япониянын курал-жарак боюнча күчтүүлүгү |
АКШ биринчи атом
бомбасын 1945-жылы 6-августта эрте менен «Enola Gay» аттуу бир бомбалоочу учагы менен Япониянын Хиросима шаарына таштаган. 3
күндөн соң, 9-августта болсо экинчи атом бомбасы «Bockscar» аттуу учактан Нагасакиге ташталган. Япониянын шаарлары бул эки бомба
менен өчүп жок болду; ичиндеги жүз миңдеген күнөөсүз адамдары менен бирге.
Атом бомбаларына
чейинки процесс да, атом бомбаларынын коркунучтуу натыйжалары да Британия терең
мамлекети жана ал кездеги терең мамлекет тарабынан колдоого алынган АКШ
командирлери тарабынан абдан жашырылган. Америкалык генерал Дуглас Макартурдун
бомба ташталган аймакка байланыштуу кеңири масштабдуу бир цензура жүргүзгөнү
белгилүү. Японияга ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалаар замат Хиросима менен
Нагасакиге ташталган бомбалардын үрөй учурарлык натыйжаларын далилдеп көрсөткөн
бүт фотосүрөттөрдү чогултуп, жок кылган. Бирок, сакталып калган бир канча сүрөт
трагедиянын масштабын бир аз болсо да көрсөтүп, бул балээнин жашыруун сакталып
калышына бөгөт болгон. Бирок цензура, албетте, ал доорго тиешелүү көп чындыктын
жашыруун калышына шарт түзгөн.49
1995-жылы
Смитсон институту атом бомбалары менен байланыштуу тарыхый документтердин
көргөзмөсүн уюштурууну каалаган. Бирок Британия терең мамлекетинин күчтүү
кысымчылыктарынан улам Смитсон институту трагедиянын мазмуну жагынан маанилүү
бөлүктөрүнүн баарын цензуралоого мажбур болгон. Албетте, цензураланган
бөлүктөрдүн ачыкка чыгышы атом бомбасынын зыяндарын көз алдыга тартуулайт жана
бул жагдай атом бомбасы жөнүндөгү чечимге да суроолорду пайда кылат. Британия
терең мамлекети 70 жылдан ашуун убакыттан бери буга уруксат бербей келе жатат.
Мындан кийин да буга жолтоо болуу үчүн болгон аракетин жумшайт.
Америкалык
доктор жана жазуучу Гэри Колс муну кыскача төмөнкүдөй сүрөттөгөн:
Албетте,
Смитсон тарыхчыларынын башына курал такалган эле, бирок кагылышууда фирма
көзөмөлүндөгү негизги массалык маалымат каражаттары, жана натыйжада коомчулук,
төмөнкү маанилүү тарыхый жагдайды билбей калды: согуш 1945-жылы жазында,
жайкысын атом бомбалары ташталбастан, бүтүшү мүмкүн эле; натыйжада миңдеген
америкалык аскерлер үчүн Окинава кан мончосуна айланмак эмес. Ошондой эле,
Американын Японияга кургактыктан кийлигишүү жасашына муктаждык болмок эмес. Бул
болсо эл аралык согуш кылмышы жана адамзатка каршы кылмыш категориясына кире
турган, коргоосуз куралсыз калкка атом бомбаларынын ташталышын кадыресе
көрсөткөн пропаганда кампаниясынын пайдубалы болгон.50
![]() |
| Хиросимага бомбанын ташталышы жана бомба ташталаардын алдында АКШ аскерлеринин сүрөткө түшүшү. |
Британия терең
мамлекети Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы жана андан кийинки бүт тымызын
иштеринде «АКШны алдыңкы планга түртүү» саясатын жүргүзгөн.
![]() |
| Нагасаки жана Хиросима |
Британия терең
мамлекетин билбеген бир катар тарыхчылар менен жазуучулар «Экинчи дүйнөлүк
согуштан кийин күч тең салмактуулуктары өзгөрүп, дүйнөнү башкарган Британиянын
ордун эми АКШ ээледи» деп туура эмес анализ жүргүзүшөт. Чындыгында болсо, күч
тең салмактуулуктары өзгөргөн эмес. Ал кезде да, андан кийин да арткы пландагы
терең күч дайыма Британия терең мамлекети болуп келген. Британия терең
мамлекети согушуп, зыян тарткан жана айыпталган тарап биздин ордубузга, АКШ
болсун деп, алдыңкы планга АКШны түртүүнү каалаган.
Көңүл бурган
болсоңуз, АКШ коргогон жерлердин баарын иш жүзүндө Британия терең мамлекети
колдонуп келе жатат. Британия терең мамлекети өз оюнда айлакер бир стратегиянын
артына жашынган. Тарыхтын андан кийинки бөлүгүндө АКШ «жалгыз айыптууга»
айланган. Албетте, мында Британия терең мамлекетинин колдоосуна алынган АКШ
президенттери менен мамлекеттик кызматкерлери да, билип же билбестен, чоң роль
ойношкон.
Россияны
Британия терең мамлекети ар дайым чоң бир коркунуч катары көрүп келген. Себеби,
Британия терең мамлекети Россияны өзүнүн классикалык «бөл, майдала, башкар»
стратегиясына таянган империалисттик максаттарынын алдындагы эң чоң тоскоолдук
катары көрөт.
Ошондуктан
Британия терең мамлекети Экинчи дүйнөлүк согушта сөз жүзүндө «союздаш» деп
эсептелген Россияны жеңилүүгө дуушар кылуу үчүн ар түркүн жолдорду издеген. Атом
бомбасы бул жагынан да Британия терең мамлекетине күч берген. Британия терең
мамлекети орустардын 8-августта Японияга согуш жарыялаарын жана андан жеңип
чыгаарын билген. Гонконг баш болуп, Япониядан алына турган согуш олжолорун Россияга
алдырып жиберүүнү эч каалаган эмес. Биринчи атом бомбасы ушул себептен 6-августта
ташталган, башкача айтканда, орустардын согуш жарыялай турган датасынан эки күн
мурун... Ошентип бул олжо орустардан сакталып калган.
Уинстон Черчилль
The Second World War (Экинчи дүйнөлүк согуш) аттуу китебинде Японияга атом бомбасынын ташталышынын
Советтер Союзунан жашырылганын жана Советтердин Япониянын аймагына чабуулга
өтүшүнө бөгөт коюу максатында чабуулдун шашылыш жасалганын кабыл алган.51
Россияга каршы
жасалган бул иш-аракет андан кийинки жылдары АКШ менен Россиянын ортосунда
башталган жана ядролук коркутууларды камтыган кансыз согуштун да башталышы
болгон негизи. Британия терең мамлекети ошентип колун эч нерсеге булгабастан,
эки супер күчтү бири-бирине кайраштырып койгон. АКШнын Россияга каршы чыгышы
Британия терең мамлекетин Россия коркунучунан коргогон. Анткени АКШ Британия
терең мамлекетинин башкаруусуна кирип калган.
Бул жерде
Британия терең мамлекетинин АКШны Россияга атом бомбасын таштоого тынымсыз
үндөп келгенин да белгилей кетүү керек. Жакында ачыкка чыккан Федералдык
иликтөө борборунун (Federal Bureau of Investigation: FBI) каттоолору боюнча, терең мамлекеттин маанилүү пешкаларынын бири Черчилль
«эгер Кремль бир атом бомбасы менен жок кылынса, бул Россиянын тең
салмактуулугун колго алууну жеңилдетет» деген. Черчилль бул багытта АКШны
колдонуп, Россия маселесин өзүнүн көнүмүш залим ыкмалары менен чечүүнү
пландаган. Ал үчүн атайын президент Гарри Трумэнге зыяратка барып, аны
көндүрүүгө аракет кылган. Эки атом бомбасын Британия терең мамлекетинин тилин
алып, Японияга эч ойлонбой таштоону чечкен Трумэн эмнегедир бул жолу акылдуулук
кылып, ал сунуштан баш тарткан.52
Хиросимага
ташталган атом бомбасынан болжол менен 140 миң куралсыз адам көз жумган. Дагы
жүз миңдеген адам оор күйүктөрдөн, радиация ооруларынан, кан рагынан жана
анемиядан кыйналып өлүшкөн. Тирүү калгандардын болсо айыкпас инфекциялардан
улам өмүрлөрү кыскарган. Радиациядан келип чыккан оорулар, рак жана эрте
өлүмдөр кийинки урпактарга да өз таасирин тийгизди жана бул бүгүнкү күндө да
уланууда.
Экинчи дүйнөлүк
согуштун зыяны өтө чоң. 53 миллиондон ашуун киши көз жумган. Мунун 60%ын куралсыз адамдар түзөт. Бул согуш куралсыз карапайым адамдар эч
ойлонбостон кыргынга алынган жана ал кыргындарга эч ким жооп бербеген үрөй
учурарлык бир согуш болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан соң 40 миллион адам өз
мекенин таштап, качкындарга жана көчмөндөргө айланган. Согуштун жалпы чыгымы
1996-жылкы баалар менен эсептелгенде, 8 триллион долларды түзгөн. Шаарлар
өрттөлүп, талкаланып, элдер катуу кыйналган; геноциддер, кыргындар жасалган;
дүйнө жүзү болуп көрбөгөндөй оор күндөргө туш болгон. Бул балээлердин башында
болсо, жогоруда далилдери менен көрсөтүлгөндөй, Британия терең мамлекети
турган.
![]() |
| Атом бомбаларынын натыйжалары |
Согуштан соң
дүйнө дал Британия терең мамлекети пландаган формага келген. Ошол жылдары
дээрлик толугу менен Британия терең мамлекети тарабынан башкарылган Бириккен
улуттар уюму түзүлгөн жана Британия терең мамлекети үчүн абдан маанилүү болуп
эсептелген Россия коркунучу АКШ аркылуу тизгинге алынган. Бул пайдубал «Жаңы
колониализм» механизмине шарт түзгөн. Британия эми империя эмес эле; бирок жаңы
колониализм Британия терең мамлекетине ашыгы менен жетиштүү болчу.
Булактар:
8. Thomas E. Mahl, Desperate Deception:
British Covert Operations in the United States, 1939-44,Brassey’s Intelligence
& National Security Library, 1998, e-book, Introduction
9. Boris Johnson, The Churchill Factor: How
One Man Made History, Riverhead Books, 2015, s. 9-10
10. British Security Coordination, Spartacus
Educational, http://spartacus-educational.com/SPYbsc.htm
11. Mark Weber, “Roosevelt’s ‘Secret Map’
Speech”, Institute For Historical Review, http://www.ihr.org/jhr/v06/
v06p125_weber.html
12. Weber, a.g.m.
13. Weber, a.g.m.
14. Weber, a.g.m.
15. James Perloff, “Pearl Harbor: Hawaii Was
Surprised; FDR Was Not”, New American, 7 Aralık 2016, https://
www.thenewamerican.com/culture/history/item/4740-pearl-harbor-hawaii-was-surprised-fdr-was-not
16. Thomas E. Mahl, Desperate Deception, British
Covert Operations in the United States, Brassey’s Inc., 1998, e-kitap
17. Mahl, a.g.e.
18. Mahl, a.g.e.
19. Mahl, a.g.e.
20. Mahl, a.g.e.
21. Dr. John Coleman, 300’ler Komitesi, çev.
Mert Akcanbaş, İstanbul: Destek Yayınları, 2014, s. 79
22. James Perloff, “Pearl Harbor: Hawaii Was
Surprised; FDR Was Not”, New American, 7 Aralık 2016, https://
www.thenewamerican.com/culture/history/item/4740-pearl-harbor-hawaii-was-surprised-fdr-was-not
23. John Toland, Infamy: Pearl Harbor and Its
Aftermath, Berkley, 1986, s. 320-335
24. Toland, a.g.e., s. 256
25. Bill Brust, Defending Principles: The
Political Legacy of Bill Brust, Labor Publications, 1993, s. 104
26. Gericke, Gerda (26 October 2005). “The
Destruction of Dresden’s Frauenkirche”, Deutsche
Welle,http://www.dw.com/en/the-destruction-of-dresdens-frauenkirche/a-1265990
27. Dominic Selwood, (13 Şubat 2015) “Dresden
was a civilian town with no military significance. Why did we burn its
people?”, The Telegraph, http://www.telegraph.co.uk/history/world-war-two/11410633/Dresden-was-a-civilian-town-with-no-military-significance.-Why-did-we-burn-its-people.html
28. Paul Addison, Crang, Jeremy A., eds. (2006).
Firestorm: The Bombing of Dresden. Pimlico, ISBN 1-84413-928-X, s. 66–68.
29. Frederick Taylor, (2005). Dresden: Tuesday
13 February 1945. London: Bloomsbury, ISBN 0-7475-7084-1, s. 209
30. Taylor, a.g.e., s. 432
31. Dominic Selwood, “Dresden was a civilian
town with no military significance. Why did we burn its people?”, The
Telegraph, 13 Şubat 2015, http://www.telegraph.
co.uk/history/world-war-two/11410633/Dresden-was-a-civilian-town-with-no-military-significance.-Why-did-we-burn-its-people.html
32. Selwood, a.g.m.
33. Bill Brust, Defending Principles: The
Political Legacy of Bill Brust, Labor Publications, 1993, s. 101
34. Marshall de Bruhl, (2006). Firestorm: Allied
Airpower and the Destruction of Dresden. Random House, sf. 203-206.
35. http://www.history.com/topics/world-war-ii/battle-of-dresden
36. Bill Brust, Defending Principles: The
Political Legacy of Bill Brust, Labor Publications, 1993, s. 102-103
37. Selwood, Dominic (13 Şubat 2015). “Dresden
was a civilian town with no military significance. Why did we burn its
people?”, The Telegraph, http://www.telegraph.co.uk/history/world-war-two/11410633/Dresden-was-a-civilian-town-with-no-military-significance.-Why-did-we-burn-its-people.html
38. Alexander McKee, Dresden 1945: The Devil’s
Tinderbox, Granada, 1983, s. 61-62.
39. McKee, a.g.e., s. 63
40. Patrick J. Buchanan, Churchill, Hitler, and
“The Unnecessary War”: How Britain Lost Its Empire and the West Lost the World,
Three Rivers Press, 2009, s. 399
41. Buchanan, a.g.e., s. 399
42. George Armstrong, Rothschild Money Trust,
Bridger House Publishers Inc, 2000, s. 70; Dr. John Coleman, Rothschild
Dynasty, World Intelligence Review, 2006, s. 171
43. Gary G. Kohls, The Hiroshima Myth and the
Glorification of American Militarism, 29 Temmuz 2014,
https://www.lewrockwell.com/2014/07/gary-g-kohls/the-hiroshima-myth-2/;
Hiroşima Miti: ABD Askeri Tarihinin Sayısız Savaş Suçları ve Yalanları, http:
//medyasafak.net/haber/1003/hirosima-miti—abd-askeri-tarihinin-sayisiz-savas-suclari-ve-yalanlari
44. Tulga Buğra Işık, “İkinci Dünya Savaşı’nı
Hiroşima ve Nagazaki’ye yapılan atom bombası saldırıları mı bitirdi?”, Haber
Sol,
http://haber.sol.org.tr/dunya/ikinci-dunya-savasini-hirosima-ve-nagazakiye-yapilan-atom-bombasi-saldirilari-mi-bitirdi
45. Gary G. Kohls, The Hiroshima Myth and the
Glorification of American Militarism, 29 Temmuz 2014, https:
//www.lewrockwell.com/2014/07/gary-g-kohls/the-hiroshima-myth-2/; Hiroşima
Miti: ABD Askeri Tarihinin Sayısız Savaş Suçları ve Yalanları, http://med
yasafak.net/haber/1003/hirosima-miti—abd-askeri-tarihinin-sayisiz-savas-suclari-ve-yalanlari
46. William D. Leahy, I Was There, Whittlesey
House; 1. Baskı, 1950, s. 441
47. “Ike on Ike”, Newsweek, 11 Kasım 1963, s.
107
48. Winston Churchill, The Second World War,
Vol. III, The Grand Alliance (London: Cassell & Co., 1950), s. 157
49. Gary G. Kohls, The Hiroshima Myth and the
Glorification of American Militarism, 29 Temmuz 2014,
https://www.lewrockwell.com/2014/07/gary-g-kohls/ the-hiroshima-myth-2/
50. Kohls, a.g.m.
51. Tulga Buğra Işık, “İkinci Dünya Savaşı’nı
Hiroşima ve Nagazaki’ye yapılan atom bombası saldırıları mı bitirdi?”, Haber
Sol,
http://haber.sol.org.tr/dunya/ikinci-dunya-savasini-hirosima-ve-nagazakiye-yapilan-atom-bombasi-saldirilari-mi-bitirdi
52. Daniel Bates, “Winston Churchill’s ‘bid to
nuke Russia’ to win Cold War – uncovered in secret FBI files”, Daily Mail, 8
Kasım 2014, http://www.dailymail.co.uk/news
/article-2826980/Winston-Churchill-s-bid-nuke-Russia-win-Cold-War-uncovered-secret-FBI-files.html#
ixzz4hLpVpXrW; Thomas Maier, “Churchill Urged US to ‘Wipe Out’ Moskow With a
Bomb”, ICIJ, 28 Ekim 2014, https://www.icij.org/blog/2014/10/churchill-ur
ged-us-wipe-out-moscow-bomb






















Hiç yorum yok:
Yorum Gönder