20 Ocak 2019 Pazar

КОРУТУНДУ: ЖАКШЫЛАР СӨЗСҮЗ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТЕТ


Кээ бир адамдар дүйнөдө жамандыктарды күчөткөн бир дажжалдык жогорку акылдын бар экенине күмөн менен карашат. Дүйнөдөгү жамандыктарды көшөгөнүн артындагы топтордун уюштуруп жатканын апыртма деп ойлошот. Көбүнчө мындай адамдар дүйнөнү убактылуу алаксып, өмүр өткөрүү мекени катары көрүшөт.
Чындыгында болсо, жамандар менен жакшылардын күрөшү – бул дүйнөнүн жаралуу максаты. Бул дүйнө, албетте, убактылуу мекен. Бирок адамдын бул дүйнөдөгү кылган иштери аны Куран боюнча жакшы же жаман адамга айлантат. Бул дүйнө жашоосу ушуну айырмалоо үчүн жаратылган. Муну Раббибиз мындайча билдирген:

Ал, амал (иш-аракеттери) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал улуу жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)

Ошондуктан жамандар бул дүйнөгө атайын жаратылат. Адамзат эми жаратылып жатканда Аллахка баш көтөргөн шайтан ушул жамандыктар үчүн атайын жаратылган бир жандык:

Ал айтты: «Раббим, мени жолдон чыгарган нерсең үчүн, ант болсун, мен дагы жер жүзүндө аларга (сага баш көтөрүүлөрүн жана дүйнө байлыктарын) көздөрүнө кооз кылып көрсөтөм жана алардын баарын сөзсүз азгырып жолдон адаштырам. Бирок чын ыкластуу (мухлис) кулдарыңдан башкаларын.» (Хижр Сүрөсү, 39-40)

Шайтан өзүнө аскер тандап, аларды каалагандай башкарып, ошолор аркылуу жамандыктарды жайылтууда. Ошондуктан шайтан лидерлик кылган жогорку акыл адамзат жаралгандан бери иш-аракетин улантып келүүдө жана өзгөчө бүгүнкү күндө билген бардык ыкмаларын колдонууда.
Анткени, Аз. Мехди (ас)дын жытын сезди. Ушул себептен паникага түштү. Согуштарды, көтөрүлүштөрдү чыгарып, адамдарды мекенинен, үй-бүлөсүнөн жана ата журтунан ажыратуу аркылуу бул куттуу инсандын чыгышына бөгөт коюуга болот деп ойлоодо. Аллахтын күч-кудуретин билбегени үчүн, сөзсүз ишке аша турган бул улуу окуяга, т.а. Аз. Мехди (ас)дын чыгышына бут тосуу үчүн өз оюнда чара көрүүгө аракет кылууда. Шайтан жана анын карамагындагы дажжал комитети ушунчалык акылсыз.
Жогорку акылдын бар экенин четке каккан, «эч кандай дажжал комитети жок» деген адамдар Аллахтын бул дүйнөнү жаратуу себебин түшүнбөгөн болот. Аз. Мехди (ас) сөзсүз чыга турган болгондуктан, ал күрөшө турган, Мехдиге каршы бир система да сөзсүз болушу керек. Мындан тышкары, муну четке каккан адам учурда дүйнө жүзүндө болуп жаткан үрөй учурарлык кыйроолор менен балээлерди да көрбөй жаткан болот.
Кыйроолор менен зулумдуктар мындан да көбөйөт. Британия терең мамлекетинин кыжыры мындан да күчөйт жана Аз. Мехди (ас)дын чыгаар жылы жакындаган сайын, ансайын катуу жинденет. Бул куттуу окуяга бөгөт койо алчудай болуп, талкалап, бузуп, жок кылуу үчүн колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланат. Бирок булар көпкө созулбайт. Шайтан башкарган «жогорку акыл» андан алда канча жогору турган, абсолюттук бир Акылга, Улуу Аллахка жолугат. Аллахтын уруксаты менен, Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жана дажжал комитетинин руханий кыйратылышы улуу окуя болот. Улуу Аллах жамандыктардын өкүмчүлүк кылышына эч качан жол бербей турганын дүйнө жүзүнө көрсөтөт.
Раббибиз Курандын бир аятында мындай деп билдирет:

Же жаман иштерди жасагандар өздөрүн ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди жасагандардай болобуз деп ойлошобу? Жашоолору менен өлүмдөрү бирдей (болобу)? Алардын (өз ойлорунда) чыгарган чечимдери кандай жаман. (Жасия Сүрөсү, 21)

Бул дүйнө учурда, өмүрүнүн аягында дажжал комитети башкарган балээлер менен алпурушуп жатканда, дүйнө жүзү боздоп, жамандык бүт тараптан дүйнөнү курчап алганда, «жогорку акыл жок» деп бейкапар жүргөндөр, «Аз. Мехди (ас) келбейт» деп дажжалды да тангандар, «кийин көрө жатарбыз» деп четке чыккандар кыйынчылыктан кутулдук деп ойлошпосун. Жамандыктын күчү жана таасири күчтүү; күтүүсүздөн ар бир адамга келип калышы мүмкүн. Бул ыктымалдыкты билип, жамандыкка туш болгон байкуштар үчүн аракет кылуулары керек экенин түшүнүүлөрү зарыл.
Албетте, эч бир адамдын дажжалдын балээлерине туш болушун каалабайбыз. Бирок дүйнө бардык адамдарды курчаган бир жамандык куюнунун ичине кирип баратат. Азыр «мага эмне» деп, бейкапар отура турган учур эмес.
Аныгы, Мехдинин тарапташтары миллиондогон санда болсо да же аз санда болсо да, сөзсүз жеңишке жетет. Ошондуктан жакшылардын тарабында болууга Аллах эмес, адамдын өзү муктаж (Улуу Раббибизди аруулайбыз). Жакшылардын тарабында болуу – бул, абийирдин үнүн угуп, бул дүйнөдө да, акыретте да, абийири таза болуу. Жакшылардын тарабында болуу – дүйнөдө кордук көрүп жаткандарга үмүттүн оту болуу. Ошондуктан абийиринин үнүн уга алган ар бир адам бул дүйнөдө да, акыретте да сулуулук жана жакшылыктар болсун десе, анда жакшылардын биримдигине кошулуп, жакшылар менен бирге жогорку акылга каршы илимий жана ой-пикирдик күрөш жүргүзүшү керек. Жеңишке жеткире турган бир гана Аллах.

...Канчалаган аз сандагы топ көбүрөөк болгон бир топту Аллахтын уруксаты менен жеңген; Аллах сабыр кылуучулар менен бирге. (Бакара Сүрөсү, 249)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ДАЖЖАЛ КОМИТЕТИ

Дажжал комитетинин тымызын стратегиясы Бул дүйнө жашоосун Улуу Раббибиз жакшылар менен жамандардын илимий, пикирдик күрөш жүргүзө турган...